Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 28-сентябры № 665
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 8-октябрындагы № 454 "Кыргыз Республикасынын Азык-түлүк коопсуздугу боюнча кеңешин түзүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Азык-түлүк менен туруктуу жана үзгүлтүксүз камсыз кылууга байланышкан чечимдерди ыкчам кабыл алуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 8-октябрындагы № 454 "Кыргыз Республикасынын Азык-түлүк коопсуздугу боюнча кеңешин түзүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 1-пунктта:
экинчи абзацтагы "вице-премьер-министри" деген сөздөр "биринчи вице-премьер-министри" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
он экинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин директору;".
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |