Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 1-октябры № 672
Элдик демилге тартибинде демилгеленген "Согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери жана оруктагы эмгекчилер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Элдик демилге тартибинде демилгеленген "Согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери жана оруктагы эмгекчилер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Премьер-министр | Дж.К.Оторбаев |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 1-октябрындагы № 672 токтому менен жактырылган |
Элдик демилге тартибинде демилгеленген "Согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери жана оруктагы эмгекчилер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн КОРУТУНДУСУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык элдик демилге тартибинде демилгеленген "Согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери жана оруктагы эмгекчилер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун карап чыгып, төмөнкүлөрдү белгилейт:
Мыйзамдын долбоору менен "Согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери жана оруктагы эмгекчилер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын согуштук аракеттердин катышуучуларынын категориясына киргизилген адамдардын тизмегин кеңейтүүчү жана алар үчүн кошумча социалдык кепилдиктерди белгилөөчү жаңы жоболор менен толуктоо сунушталат.
Атап айтканда, Мыйзамдын долбоору менен "согуштун майыптары" жана "башка мамлекеттердин аймактарындагы согуштук аракеттерге катышкандар" үчүн "Согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери жана оруктагы эмгекчилер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 14, 15 жана 17-беренелеринде каралган социалдык кепилдиктерди 1999-2000-жылдардагы Баткен окуяларынын катышуучуларына жайылтуу сунушталат, бул негиздеме-маалымкатта келтирилген маалыматтарга карабастан, республикалык бюджеттен кошумча финансы каражаттарын издөөнү талап кылат.
1999-2000-жылдардагы Баткен окуяларынын катышуучулары үчүн социалдык кепилдиктерге карата 2011-2012-жылдары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бул маселе изилденгенин жана жүргүзүлгөн талдоо 1999-2000-жылдардагы согуштук аракеттерге катышкан аскер кызматчыларынын басымдуу көпчүлүгү азыркы учурда активдүү эмгекке жөндөмдүү куракта экендигин көрсөткөнүн белгилей кетүү керек.
Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 167-беренесине ылайык Баткен окуяларынын катышуучуларынын ишкердик иш-аракеттеринен алынган кирешелеринен башка кирешелери жана Кыргыз Республикасынын банктарындагы аманаттар боюнча Баткен окуяларынын катышуучулары алуучу пайыздар киреше салыгы салынбаган кирешелер болуп санала тургандыгын белгилейбиз.
Мындан тышкары "Аскер кызматкерлерин пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык:
- майып болгон адамдарга, эгерде алар кызмат өтөп жаткан мезгилде же кызматтан бошогондон кийин кеминде 3 айдан кийин майып болуп калса же болбосо кызмат өтөө мезгилинде же кызмат өтөө мезгилинде жаракат алуунун, контузия болуунун, мандемдүү болушунун же ооруга дуушар болуунун натыйжасында майып болуп калса майыптык боюнча пенсия дайындалган;
- эгерде баккан адамы кызмат өтөп жаткан мезгилде же кызматтан бошогондон кийин кеминде 3 айдан кийин же болбосо бул мөөнөттөн кийин, бирок кызмат өтөп жаткан мезгилде алган жаракатынын, контузиясынын, мандеминин же оорусунун натыйжасында каза болгон адамдардын үй-бүлөлөрүнө баккан адамынан айрылгандыгы боюнча пенсия дайындалган.
Мында Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 13-ноябрындагы № 511 "Энергия булактарына тариф саясатынын өзгөрүшүнө байланыштуу жарандардын айрым категорияларына акчалай компенсацияларды төлөп берүү жөнүндө" Жарлыгына ылайык төмөнкү категориядагы адамдарга жеңилдиктердин ордуна ай сайын төлөнүүчү акчалай компенсациялар белгиленген:
- аскер кызматынын милдеттерин аткарууда майып болгон аскер кызматчыларынын ичиндеги адамдарга - 7000 сом өлчөмүндө;
- аскер кызматынын милдеттерин аткарууда курман болгон аскер кызматчыларынын үй-бүлөлөрүнө - 1000 сом өлчөмүндө.
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 53-беренеси менен төмөнкүлөр белгиленгенин көңүлгө алуу зарыл:
- жарандарга улгайганда, ооруп, же эмгектенүүгө жараксыз болуп калганда, багар-көрөөрүнөн ажыраганда мыйзамда каралган тартипте жана жагдайларда социалдык жактан камсыз кылуу кепилдиги берилет;
- мамлекеттин экономикалык мүмкүнчүлүгүнө жараша пенсия, социалдык жардам мыйзамда каралган жашоо минимумунан кем эмес өлчөмдө жашоо деңгээлин камсыздайт.
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 21-январындагы № 11 Жарлыгы менен бекитилген 2013-2017-жылдардын мезгилине Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясында төмөнкү адамдарга ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө багытталган социалдык-экономикалык мамилелердин комплекстүү системасын түзүү зарылчылыгы аныкталган:
- ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга жана улгайган жарандарга;
- аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына;
- мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды баккан энелерге;
- эмгекке жарамдуу мүчөлөрдүн кирешелери үй-бүлөнүн коомдук зарыл жашоо деңгээлин камсыз кылбаган үй-бүлөлөргө.
Бул учурда каралып жаткан Мыйзамдын долбоору аталган Улуттук стратегияга толук түрдө шайкеш келбейт.
"Согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери жана оруктагы эмгекчилер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесинин 2-бөлүгү түздөн-түз үзгүлтүксүз согуштук кагылыштарда узакка созулган согуштук аракеттердин жүрүшүндө же натыйжасында майып болуп калган адамдардын категориясын карайт, ал эми 1999-2000-жылдардагы Баткен окуялары аларды бул беренеде каралган окуялардын категориясына киргизүүгө мүмкүндүк берүүчү мүнөздөмөлөргө окшош эмес.
Ошондой эле мындай сунуштар мурда эки жолу каралып (2000 жана 2004-жылдары), бирок четке кагылган.
Каралып жаткан Мыйзамдын долбоорун ишке ашыруу үчүн республикалык бюджетте каржылоо булагы аныкталбаганын кошумча көрсөтө кетүү зарыл.
Баяндалгандарды эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бул Мыйзамдын долбоорун кабыл алуу максатка ылайыксыз деп эсептейт.