Загрузка документа…
КР Ѳкмѳтγнγн
2015-жылдын 3-сентябры № 616
токтому менен
колдонулушу жокко чыгарылган
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2008-жылдын 11-октябры № 574
Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы Аламүдүн
районунун аймагында жайгашкан жерлерди которуу жөнүндө
Жер ресурстарын натыйжалуу пайдалануу максатында, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 20-статьясына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун мамлекеттик администрациясынын Жер бөлүп берүүгө байланыштуу маселелер боюнча республикалык комиссия менен макулдашылган, Чүй облусундагы Аламүдүн районунун аймагында жайгашкан 262,3 га жерди "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Калктуу конуштардын жерлери" категориясына тиркемеге ылайык которуу жөнүндө сунушу кабыл алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун мамлекеттик администрациясы:
- жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизсин;
- төмөнкүлөрдү камсыз кылсын:
жалпы пайдалануудагы жолдорду бөлүү тилкесинин чегинен сыртта жайгашкан зарыл инфраструктура жана инженердик коммуникациялар менен камсыз кылууну эске алуу менен шаар куруунун документтерин иштеп чыгууну;
куруучулар тарабынан объекттерди жана инфраструктураны курууну бекитилген башкы планга жана шаар куруу башка документтерине бекем ылайыкта курууну;
Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы Аламүдүн районунун Байтик, Лебединовка жана Кара-Жыгач айылдык округдарынын айылдарынын чегараларын белгиленген тартипте бекитүүнү;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1991-жылдын 26-июлундагы № 371 токтому менен бекитилген Жер ээлерине жана жер пайдалануучуларга алып коюуга же жер участокторду убактылуу пайдаланууга байланыштуу келтирилген зыяндын жана айыл чарбалык эмес муктаждыктар үчүн жерлерди алып коюу менен байланышкан айыл чарбалык жана токой чарбалык жоготууларынын ордун толтуруунун тартиби жөнүндө жобонун 28-пунктунда каралган учурлардан тышкары, Аламүдүн районунун Кара-Жыгач айылдык округунун аймагындагы 28,1 га жер участогуна "Айыл чарба жерлерин айыл чарбалык эмес муктаждыктар үчүн алып коюуга байланыштуу айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын ордун толтуруунун наркынын убактылуу нормативдерин бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 14-февралындагы № 66 токтому менен белгиленген нормативдерге ылайык айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын ордун толтуруунун наркынын суммасынын төлөнүшүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөржай комплекси жана жаратылышты пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | И. Чудинов |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2008-жылдын 11-октябрындагы
№ 574 токтомуна
тиркеме
┌───────────┬────────────────┬───────────────┬────────────────────────┐
│Айылдык │ Жер │ Жалпы аянты, │ анын ичинде: │
│округдун │участокторунун │ гектар менен ├──────┬────────┬────────┤
│аталышы │ ээлери │ │сугат │ кайрак │маданий │
│ │ │ │айдоо │ айдоо │жайыттар│
├───────────┼────────────────┼───────────────┼──────┼────────┼────────┤
│Байтик │Ногойбаев Н.Т. │ 10,03 │ 3,57│ 6,46 │ │
├───────────┼────────────────┼───────────────┼──────┼────────┼────────┤
│ │Ногойбаева Б. │ 8,7 │ 3,12│ 5,58 │ │
├───────────┼────────────────┼───────────────┼──────┼────────┼────────┤
│ │Сыдыгалиев К.К. │ 9,89 │ 3,6 │ 6,29 │ │
├───────────┼────────────────┼───────────────┼──────┼────────┼────────┤
│ │Нурлан кызы А. │ 9,9 │ 3,48│ 6,42 │ │
├───────────┼────────────────┼───────────────┼──────┼────────┼────────┤
│ │Самакова Т.К. │ 9,89 │ 3,63│ 6,26 │ │
├───────────┼────────────────┼───────────────┼──────┼────────┼────────┤
│ │Саркуева Ж.Т. │ 9,69 │ 3,57│ 6,12 │ │
├───────────┼────────────────┼───────────────┼──────┼────────┼────────┤
│ │Саркуева Ш.Т. │ 6,97 │ 2,55│ 4,42 │ │
├───────────┼────────────────┼───────────────┼──────┼────────┼────────┤
│ │Саркуева С.Т. │ 10,03 │ 3,57│ 6,46 │ │
├───────────┼────────────────┼───────────────┼──────┼────────┼────────┤
│ │Саркуев Т. │ 8,5 │ 8,5 │ │ │
├───────────┼────────────────┼───────────────┼──────┼────────┼────────┤
│ │Тойкеева А.Б. │ 9,76 │ 3,54│ 6,22 │ │
├───────────┼────────────────┼───────────────┼──────┼────────┼────────┤
│ │Исаева Б. │ 6,64 │ 5,66│ 0,98 │ │
├───────────┼────────────────┼───────────────┼──────┼────────┼────────┤
│ │Бардыгы │ 100,0 │ 44,79│ 55,21 │ │
├───────────┼────────────────┼───────────────┼──────┼────────┼────────┤
│Лебединовка│Шерматова Г.Б. │ 17,4 │ 17,4 │ │ │
├───────────┼────────────────┼───────────────┼──────┼────────┼────────┤
│ │Нарынбек уулу У │ 18,7 │ 18,7 │ │ │
├───────────┼────────────────┼───────────────┼──────┼────────┼────────┤
│ │Алиев К.К. │ 13,9 │ 13,9 │ │ │
├───────────┼────────────────┼───────────────┼──────┼────────┼────────┤
│ │Алиева Ж.К. │ 19,0 │ 19,0 │ │ │
├───────────┼────────────────┼───────────────┼──────┼────────┼────────┤
│ │Аскерова А. │ 12,7 │ 12,7 │ │ │
├───────────┼────────────────┼───────────────┼──────┼────────┼────────┤
│ │Дербишалиева К. │ 17,4 │ 17,4 │ │ │
├───────────┼────────────────┼───────────────┼──────┼────────┼────────┤
│ │Койчуманова Э.К.│ 17,2 │ 17,2 │ │ │
├───────────┼────────────────┼───────────────┼──────┼────────┼────────┤
│ │Осмонканова А.М.│ 17,9 │ 17,9 │ │ │
├───────────┴────────────────┼───────────────┼──────┼────────┼────────┤
│Бардыгы │ 134,1 │134,2 │ │ │
├───────────┬────────────────┼───────────────┼──────┼────────┼────────┤
│Кара-Жыгач │Мамлекет │ 28,1 │ │ │ 28,1 │
├───────────┴────────────────┼───────────────┼──────┼────────┼────────┤
│Бардыгы │ 28,1 │ │ │ 28,1 │
├────────────────────────────┼───────────────┼──────┼────────┼────────┤
│Район боюнча жалпы │ 262,3 │178,99│ 55,21 │ 28,1 │
└────────────────────────────┴───────────────┴──────┴────────┴────────┘
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - министри |
М.Исмаилов |