Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 5-октябры № 676
"Кыргыз Республикасынын технологиялык парктарын мамлекеттик колдоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары К.О.Осмоналиев, Р.К.Акназарова, Д.О.Тербишалиев, Р.Н.Жээнбеков, Н.В.Никитенко жана М.А.Султанов тарабынан демилгеленген "Кыргыз Республикасынын технологиялык парктарын мамлекеттик колдоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 5-октябрындагы № 676 токтому менен жактырылган |
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары К.О.Осмоналиев, Р.К.Акназарова, Д.О.Тербишалиев, Р.Б.Жээнбеков, Н.В.Никитенко жана М.А.Султанов тарабынан демилгеленген "Кыргыз Республикасынын технологиялык парктарын мамлекеттик колдоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун карап чыгып, төмөнкүдөй корутундуга келди.
1-берене боюнча:
Мыйзам долбоорунун 1-беренесине ылайык долбоордун жөнгө салуу предмети болуп Кыргыз Республикасынын технологиялык парктарын (мындан ары - технопарк) колдоо боюнча мамлекеттик иш саналат, ал эми Мыйзам долбоорун кабыл алуунун максаты Кыргыз Республикасында технопарктарды уюштуруу, түзүү жана иштеши үчүн укуктук механизмдерди түзүү болуп саналат.
Буга байланыштуу, Мыйзам долбоорун кабыл алуунун максаты анын жөнгө салуу предметине шайкеш келбестигин белгилейбиз.
Мында белгилеп кетчү нерсе, Мыйзам долбоорунун негиздеме-маалымкатына ылайык сунушталган Мыйзам долбоору "Технологиялык парктар (технопарктар) жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен бир пакетте киргизилет. Бирок, "Кыргыз Республикасынын технологиялык парктарын мамлекеттик колдоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору изилдөө үчүн, жогоруда аталган Мыйзам долбоорусуз сунушталды.
3-берене боюнча:
Мыйзам долбоорунун 3-беренесинде берилген "инновациялар" жана "инновациялык иш" түшүнүктөрдү, "Инновациялык иш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында берилген түшүнүктөргө ылайык келтирүү зарыл деп эсептейбиз.
Мыйзам долбоорунун 6-беренесинин 2-бөлүгүнүн биринчи жана тогузунчу абзацтарында инновациялык иш чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аталышын каралып жаткан Мыйзам долбоорунда бирдиктүү терминологияны колдонуу үчүн Мыйзам долбоорунун 3-беренесинин он экинчи абзацында берилген аталышка ылайык келтирүүнү сунуштайбыз. Ушундай эле эскертүү ушул Мыйзам долбоорунун 9-беренесинин 3-бөлүгү жана 17-беренесинин 2-бөлүгүнүн төртүнчү абзацы боюнча берилет.
4-берене боюнча:
"Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесине ылайык келтирүү максатында сунушталган Мыйзам долбоорунун 4-беренесиндеги "жергиликтүү мамлекеттик администрациянын" деген сөздөрдү алып салууну сунуштайбыз.
5-берене боюнча:
Мыйзам долбоорунун 5-беренесинин 3-бөлүгүнүн төртүнчү абзацында белгиленгендей, технопаркты Реестрге киргизүү жөнүндө чечим Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин буйругу менен таризделет жана акысыз негизде Реестрге киргизүү жөнүндө белгиленген үлгүдөгү күбөлүктү берүү менен ырасталат.
Мыйзам долбоорунун 5-беренесинин ушул жобосун толуктап иштеп чыгуу жана толуктоо сунушталууда, анткени күбөлүктүн үлгүсү ким тарабынан берилери жана ким тарабынан бекитери түшүнүксүз.
6-берене боюнча:
Мыйзам долбоорунун 6-беренесинин 3-бөлүгүндө сунушталгандай, эгерде Технопарктардын мамлекеттик реестрине киргизилген технопарк натыйжасыз өнүгүп жатса, 6-берененин 1-пунктунда аныкталган шарттарды камсыздабаса, анда инновациялык иш боюнча мамлекеттик бийликтин ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын сунушу боюнча ал Технопарктардын мамлекеттик реестринен чыгарылышы мүмкүн.
Биздин көз карашыбыз боюнча, Мыйзам долбоорундагы мындай так эмес туюндурмалар укук колдонуу практикасында коррупциялык көрүнүштөрдүн пайда болушуна көмөктөшөт, анткени мындай жоболор жалпыланган болуп саналат жана баалоо мүнөзүнө ээ болушат, тигил же бул кырдаалды тийиштүү субъекттер өзү каалагандай чечмелөөгө мүмкүндүк берет.
Ушуга байланыштуу Мыйзам долбоорунун 6-беренесинин 3-бөлүгүн кайра карап чыгуу сунушталат. Ушундай эле эскертүүлөр Мыйзам долбоорунун 15-беренесинин 1-бөлүгү, 18-беренесинин 1-бөлүгү жана 19-беренесинин 1-бөлүгү боюнча берилет.
7-берене боюнча:
Мыйзам долбоорунун 7-беренесинин жетинчи жана сегизинчи абзацтары Кыргыз Республикасынын Салык кодексинде каралган салык салуунун жана башка төлөмдөрдүн өзгөчөлүгүн белгилөөнү жана Кыргыз Республикасынын Бажы кодексинде каралган атайын бажы режимин белгилөөнү караштырат.
Ошону менен бирге, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 5-беренесине ылайык салыктар ушул гана Кодекс менен белгиленет же жокко чыгарылат, жана Кыргыз Республикасынын салыктык Мыйзамы болуп саналбаган мыйзамдарга салыктык укук мамилелерди жөнгө салуучу ченемдерди киргизүүгө тыюу салынат.
Ошондой эле, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 17-беренесине ылайык, ченемдик мүнөзгө ээ болгон актылар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдорунун формасында чыгарылат. Ыкчам жана ченемдик мүнөзгө ээ болбогон башка учурдагы маселелер боюнча актылар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн буйруктарынын формасында чыгарылат.
Буга байланыштуу, көрсөтүлгөн Мыйзам долбоорунун 7-беренесинин 2-бөлүгүндөгү, 10-беренесинин 1 жана 2-бөлүгүндөгү "ченемдик укуктук актылар" деген сөздөрдү "чечимдери" деген сөз менен алмаштырууну сунуштайбыз.
Мындан тышкары, Кыргыз Республикасы менен Эл аралык валюта фонду тарабынан кол коюлган, 2015-2017-жылдарга экономикалык жана финансылык саясат боюнча Меморандумдун 12-пунктунда каралгандай, Кыргыз Республикасы туруктуу өсүшүн колдоого жөндөмдүү жеке сектордун ишкер климатын жакшыртуу жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн өнүктүрүү үчүн түзүмдүк реформаларды ишке ашыруу максатында салык саясаты чөйрөсүндө төмөнкүдөй чараларды жүргүзүү боюнча милдетти өзүнө алат:
- КНС базасында бошотуулардын санын кыскартуу, анын ичинде кызмат көрсөтүүлөрдүн импорту боюнча жана сатык салыгын акырындык менен жокко чыгаруу жолу менен КНС системасын чыңдоо;
- КНС төлөөчүлөрдү каттоо үчүн чектик деңгээлинен төмөн жүгүртүүсү менен ишканаларга салык салууну жөнөкөйлөтүү жана чакан ишканалар үчүн салыктардын санын 4төн 2ге чейин кыскартуу;
- калган салыктык бошотууларды жокко чыгаруу жана айрым секторлор жана иштин түрлөрү үчүн салык салуунун жеңилдетилген режимдерин киргизүүдөн кармалуу.
Ушундай эле чаралар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 7-июлунда № 455 токтому менен бекитилген 2015-2020-жылдарга Кыргыз Республикасынын фискалдык саясатынын концепциясында каралды.
Мындан тышкары, Кыргыз Республикасында салык салуунун тартиби Кыргыз Республикасынын Салык кодекси менен белгиленген, анда салык салууга бирдиктүү ыкмалар каралган жана бюджетке салыктарды төлөөнүн милдеттүүлүгү, салык салуунун белгилүүлүгү, акыйкаттуулугу, салык системасынын бирдиктүүлүгү, салыктар жөнүндө мыйзамдардын туруктуулугу жана ачык-айкындуулук принциптерине негизделет.
Салык төлөөчүлөрдүн айрым категорияларына берилүүчү ар кандай салыктык жеңилдиктер же бошотуулар салык салуунун негизги принциптеринин бири - бардык субъекттер үчүн бирдей шарттарды түзүүнү жана акыйкаттуулук менен бирдейлик принциби боюнча калган субъекттердин ортосунда салыктык жүктү бирдей бөлүштүрүү механизмин түзүүнү караштырган акыйкаттуулук принцибинин бузулушуна алып келет.
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 21-январындагы № 11 Жарлыгы менен бекитилген, 2013-2017-жылдардын мезгилине Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясында аныкталгандай, салыктык жеңилдиктердин колдонуудагы системасын оптималдаштыруу, негизсиз жеңилдиктерге жана бошотууларга тыюу салуу, ошондой эле салык салуудан четтеп кетүү мүмкүнчүлүктөрүн жоюу салык системасынын киреше потенциалын жогорулатуу жагындагы саясаттын өзүнчө багыты болуп калат.
Белгилеп кетчү нерсе, кандайдыр бир салыктын ставкасын төмөндөтүүдө, жокко чыгарууда же салык төлөөдөн бошотууну берүүдө, алгач бюджеттин кирешесинин түз жоготууларынын ордун толтуруу боюнча тийиштүү альтернативалуу булактарды аныктоо зарыл. Андай болбосо, чектелүү бюджеттик каражаттардын шарттарында бюджеттин киреше бөлүгүнүн азайышы экономикалык жана социалдык терс кесепеттерге алып келиши мүмкүн.
Өлкөдө колдонулуп жаткан орточо салыктык ставкаларда, технопарктын резиденттери болуп саналган субъекттер үчүн салыктык жеңилдиктерди берүү иштин ушул чөйрөсүн өнүктүрүүнүн аныктоочу фактору жана таасирлүү механизми болуп саналбайт. Дүйнөнүн көпчүлүк өлкөлөрүндө технопарктын резиденттерин колдоо бюджеттен даректүү дотацияны берүү жолу менен жүзөгө ашырылат, бул мындай субъекттерди таасирлүү жана натыйжалуу колдоо болуп саналат.
Атайын бажы режимин белгилөө тууралуу (Мыйзам долбоорунун 7, 14, 18-беренелери) белгилеп кетчү нерсе, "Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 303-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып күчүн жоготкон болуп таанылат.
Буга байланыштуу белгилеп кетчү нерсе, Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 202-беренесинин 3-пункту менен аныкталгандай, атайын бажылык жол-жобо Бажы бирлигине мүчө-мамлекеттердин мыйзамдары менен Бажы бирлигинин Комиссиясынын чечими менен аныкталган шарттарга ылайык жана товарлардын категорияларына карата белгиленет.
Ошол эле мезгилде, Бажы бирлигинин Бажы кодексинин 74-беренесинин 2-пунктуна ылайык тарифтик жеңилдиктердин түрлөрү, аларды берүүнүн тартиби жана учурлары ушул Кодекске жана (же) Бажы бирлигине мүчө-мамлекеттердин эл аралык келишимдерине ылайык аныкталат.
Технопарктардын резиденттерине атайын бажы жол-жобосун белгилөө формасында мамлекеттик колдоо чараларын, ошондой эле технопарктардын резиденттерине тарифтик жеңилдиктерди берүү Бажы бирлигинин Бажы кодексинин жана ушул Мыйзам долбоорунун жогоруда белгиленген талаптарын сактоо менен шартталган.
Жогоруда белгиленгендердин негизинде төмөнкүлөр сунушталат:
- 7-берененин жетинчи жана сегизинчи абзацтары алып салынсын;
- 14-берене алып салынсын;
- 18-берененин 5-бөлүгү алып салынсын;
- 18-берененин 6-бөлүгүндө "жана ушул юридикалык (жеке) жак жалпы негизде салык салынууга тийиш, анын ичинде алгачкы каттоо мезгили үчүн" деген сөздөр алып салынсын.
8-берене боюнча:
Мыйзам долбоорунун 8-беренеси караштыргандай, ушул Мыйзамда аныкталган, мамлекеттик колдоо чараларын берүү үчүн технопарктардын резиденттерин тандоо критерийлери жана тартиби ушул Мыйзамга ылайык тийиштүү технопарктардын дирекциялары тарабынан белгиленет.
Ага карабастан, аталган жоболор ченемдик укуктук актылардын мүнөздөмөлөрүнө ээ болушат, анткени юридикалык жактардын укуктарын жана милдеттерин регламенттөөгө багытталат жана нечендеген адамдар тарабынан нечен ирет колдонулуп келет. Ушул себептүү Мыйзам долбоорунун 8-беренесинде белгиленген мамлекеттик колдоо чараларын берүү үчүн технопарктардын резиденттерин тандоо критерийлери жана тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тийиштүү ченемдик укуктук актысы менен белгиленүүгө тийиш.
13-берене боюнча:
Мыйзам долбоорунун 13-беренесинин 1-бөлүгүндө каралгандай, республикалык жана муниципалдык бюджеттердин каражаттары эгерде республикалык бюджет жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен мындай чыгымдарды жүзөгө ашыруу каралса технопарктардын резиденттери болуп саналган ачык акционердик коомдордун уставдык капиталдарына салымдар катары киргизилиши мүмкүн.
Мында "Кыргыз Республикасында бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 40-беренесинде республикалык бюджеттен акча каражаттары бөлүнүп бериле турган чыгымдардын толук тизмеги келтирилген.
13-берененин 1-бөлүгүндөгү "муниципалдык" деген сөздү "жергиликтүү" деген сөз менен алмаштырууну сунуштайбыз.
Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорунун 13-беренесинин 2-бөлүгүндөгү "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик мүлкүн башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан" деген сөздөр алып салынсын, анткени Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун компетенциясына акционердик коомдордун уставдык капиталдарына салым катары муниципалдык мүлктү киргизүү маселеси кирбейт.
17-берене боюнча:
Мыйзам долбоорунун 17-беренесинин жоболору 20-беренеге карама-каршы келерин белгилейбиз, биринчи учурда резиденттердин Реестри инновациялар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүргүзүлсө, экинчи учурда технопарктын дирекциясы тарабынан жүргүзүлөт.
Ошондой эле, Мыйзам долбоорунун 5 жана 17-беренелеринин жоболору менен инновациялар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган үчүн белгилүү милдеттер каралууда.
Ошону менен бирге, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө баш ийген аткаруу бийлигинин органдарынын ишине, ыйгарым укуктарына жана функцияларына тиешелүү кандайдыр бир ченемдерди Мыйзам деңгээлинде бекитүү Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин 87-беренесине жана "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 11-беренелерине карама-каршы келерин белгилеп кетүү керек.
Жогоруда көрсөтүлгөн Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 11-беренесине ылайык, аталган конституциялык Мыйзамда көрсөтүлгөн ыйгарым укуктардын негизинде, функцияларды ишке ашырылышы боюнча министрликтер, мамлекеттик комитеттер, административдик ведомстволор жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын ортосунда бөлүштүрөт, ошондой эле аталган мамлекеттик органдар жөнүндө жобону бекитет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн аталган ыйгарым укуктары Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 90-беренесине негизделет, ушуга ылайык Өкмөт министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, административдик ведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын органдарынын ишин жетектейт жана министрликтер, мамлекеттик комитеттер, административдик ведомстволор жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар Өкмөткө баш ийип иштешет деп аныктаган Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 83-беренесине негизделет.
Мыйзам долбоорунун 17-беренесинин 1-бөлүгүндө "мамлекеттик бийликтин жергиликтүү органдары" деген сөздөрдү "жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары" деген сөздөр менен алмаштырууну сунуштайбыз.
Мыйзам долбоорунун 17-беренесинин 3-бөлүгүндө каралгандай, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ар жыл сайын, отчёттук финансылык жыл үчүн республикалык бюджеттин аткарылышы тууралуу Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизгенден кийин 15 календардык күндүн ичинде ушул Мыйзамда белгиленген мамлекеттик колдоо чараларын технопарктардын резиденттерине берүү жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жөнөтөт. Бирок Кыргыз Республикасынын республикалык жана жергиликтүү бюджеттерин түзүүнүн жана аткаруунун негизги маселелери "Кыргыз Республикасында бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында аныкталган.
Ушуга байланыштуу, Мыйзам долбоорунун 17-беренесинин 3-бөлүгүн кайра карап чыгуу сунушталууда.
18-берене боюнча:
18-берененин 3-бөлүгүндө технопарктын резиденти тийиштүү күбөлүктү берүү менен 5 жылдан ашык мөөнөткө (кийин узартуу мүмкүндүгү менен) акыркы каттоодон өтүүгө тийиш.
Ошону менен бирге, коррупциялык көрүнүштөргө жол бербөө үчүн технопарктын резидентин каттоонун конкреттүү мөөнөтүн көрсөтүүнү сунуштайбыз.
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 6-беренесине ылайык Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, Мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер Кыргыз Республикасынын укуктук системасынын курамдык бөлүгү болуп саналат, андыктан 18-берененин 7-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалышы сунушталууда:
"7. Технопарктардын резиденттеринин кызматкерлеринин эмгектик мамилелерин укуктук жөнгө салуу Кыргыз Республикасынын эмгек жөнүндө мыйзамдары, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, Мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер менен аныкталат.".
19-берене боюнча:
19-берененин 1-бөлүгүндө каралгандай, технопарктын резидентин каттоо тийиштүү салык жана бажы органдарын милдеттүү кабарлоо менен технопарктын дирекциясынын илимий-техникалык кеңешинин сунушу боюнча жокко чыгарылышы мүмкүн.
Коррупциялык көрүнүштөргө жол бербөө максатында ушул беренеде илимий-техникалык кеңеш тийиштүү сунуштарды бере турган так жана толук учурларын көрсөтүү керек.
22-берене боюнча:
Мыйзам долбоорунун 22-беренесинде көрсөтүлгөндөй, ушул Мыйзам он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Бирок Мыйзам долбоорунун 5-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Технопарктардын мамлекеттик реестрин түзүүнүн жана жүргүзүүнүн тартибин белгилейт, ошондой эле Мыйзам долбоорунун 6-беренесинде белгиленген шарттардын сакталышын ырастоочу документтердин тизмегин жана арыздын формасын белгилейт деп көрсөтүлгөн.
Буга байланыштуу ушул Мыйзамды колдонууда укуктук вакуумду болтурбоо үчүн ушул Мыйзам долбоорунан келип чыккан тийиштүү ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгууну Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө тапшыруу жөнүндө жобону караштырууну сунуштайбыз.
Ошентип, Мыйзам долбоорунун 22-беренесинде күчүнө кирүү мөөнөттөрүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан тийиштүү актыларды кабыл алуу мөөнөтүн эске алуу менен белгилөөнү сунуштайбыз.
Жалпысынан Мыйзам долбоору боюнча, Мыйзам долбоорунун текстин "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11 жана 12-беренесинин талаптарын эске алуу менен кайра карап чыгуунун зарылдыгын белгилейбиз.
Жогоруда айтылгандардын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү "Кыргыз Республикасынын технологиялык парктарын мамлекеттик колдоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун айтылган сунуштарды жана эскертүүлөрдү эске алуу менен кабыл алууну мүмкүн деп эсептейт.