Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 14-сентябры № 631
Кыргыз Республикасынын өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин пайдалангандыгы үчүн акы төлөөнүн ставкаларын бекитүү жөнүндө жана Кыргыз Республикасынын өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин пайдалангандыгы үчүн акыны алуунун жана пайдалануунун тартиби
Өсүмдүктөр дүйнөсүнүн ресурстарын натыйжалуу коргоону, сарамжалдуу пайдаланууну жана калыбына келтирүүнү камсыз кылуу максатында, "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 16-беренесине, "Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө" жана "Өсүмдүктөр дүйнөсүн коргоо жана пайдалануу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Кыргыз Республикасынын өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин пайдалангандыгы үчүн акы төлөөнүн ставкалары 1-тиркемеге ылайык;
- Кыргыз Республикасынын өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин пайдалангандыгы үчүн акы алуунун жана пайдалануунун тартиби 2-тиркемеге ылайык.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги:
- өзүнүн чечимдерин ушул токтомго шайкеш келтирсин;
- ушул токтомдон келип чыгуучу чараларды көрсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 13-июнундагы № 306 "Кыргыз Республикасында жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттерин атайын пайдалануу жана атайын уруксат боюнча өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин пайдалануу үчүн акы төлөө жана пайдалануу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |
1-тиркеме
Кыргыз Республикасынын өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин пайдалангандыгы үчүн акы төлөөнүн СТАВКАЛАРЫ
Өсүмдүктөрдүн багыты жана түрдүк аталыштары | Чийки заттын (продукциянын) аталышы | Төлөө ставкалары (сом менен) |
1. Дары өсүмдүктөрү | 1 кг кургак зат үчүн | |
1.1. Агала уу коргошун - Aconitum leucostomum Worosch | тамыры, өзөгү жана жалбырагы | 5,57 |
1.2. Жунгар уу коргошуну - Aconitum songoricum Stapf. | тамыры, гүлдөөчү өсүмдүктүн бүрү | 5,57 |
1.3. Дары гүлкан - Althaea officinalis | тамыры | 1,80 |
1.4. Ак кайың - Betula pendula Roth. | бүчүрү | 5,57 |
1.5. Долоно (ар кандай түрлөрү) - Crataegus, Кнорринг долоносунан башка (Crataegus knorringiana Pojark) | мөмөсү | 1,99 |
1.6. Түркстан мышык тамыры - Valeriana turkestanika | тамыры жана кабыгы | 6,36 |
1.7. Сасык тармал чөп - Thalictrum foetidum L. | жер үстүндөгү бөлүгү | 0,60 |
1.8. Кадимки адырашман - Peganum harmala | жер үстүндөгү бөлүгү | 0,80 |
1.9. Бийик карындыз - Inula helenium | тамыры жана кабыгы | 1,59 |
1.10. Кадимки көк чай чөп - Origanum vulgare L. | жер үстүндөгү бөлүгү | 0,60 |
1.11. Ич алдыргыч кара моюл - Rhamnus cathartica | мөмөсү | 1,19 |
1.12. Тешикчелүү сары чай чөп - Hypericum perforatum | жер үстүндөгү бөлүгү | 0,60 |
1.13. Эки үйлүү чалкан - Urtica dioica | жалбырагы | 1,00 |
1.14. Дары сангуисорбасы - Sanguisorba officinalis | тамыры жана кабыгы | 1,59 |
1.15. Боёчу марена - Rubia tinctorum | тамыры | 3,58 |
1.16. Өгөй эне - Tussilago farfara | гүлдөрү, жалбырагы | 1,99 |
1.17. Дарылык мелисса - Melissa officinalis | жер үстүндөгү бөлүгү | 1,19 |
1.18. Жапалак арча, түркстан арчасы - Juniperus sabina | мөмөсү | 4,18 |
1.19. Жапалак арча, түркстан арчасы - Juniperus turkestanica | бутактары | 11,13 |
1.20. Кадимки жана талаа жалбызы - Mentha silvestris, Mentha arvensis | жер үстүндөгү бөлүгү | 0,64 |
1.21. Чычырканак - Hippophae rhamnoides | мөмөсү | 4,77 |
1.22. Кадимки койчубаштык - Capsella bursa pastoris | жер үстүндөгү бөлүгү | 0,95 |
1.23. Орто патриния - Patrinia intermedia (Horn.) Roem. EtSchult. | тамыры | 4,77 |
1.24. Кадимки пижма - Tanacetum vulgare | гүлү | 1,59 |
1.25. Орточо чымылдык - Paeonia intermedia | жер үстүндөгү бөлүгү, тамыры | 7,16 |
1.26. Чоң бака жалбырак - Plantago major L. | жалбырагы | 0,60 |
1.27. Эрмен шыбак - Artemisi absinthium | жер үстүндөгү бөлүгү, жалбырагы | 0,95 |
1.28. Түркстан кан басымы - Leonurus turkestanica V.Krecz.et Kuprian | жер үстүндөгү бөлүгү | 1,59 |
1.29. Максимович ышкыны - Rheum | тамыры | 3,18 |
1.30. Дары ромашка - Chamomilla recutita | гүл себеттери | 3,98 |
1.31. Тянь-Шань четини - Sorbus tianschanica Franchet. | мөмөсү | 1,43 |
1.32. Түксүз кызыл мыя - Glycyrrhiza glabra | тамыры | 5,57 |
1.33. Ланцет сары мыясы - Thermopsis lanceolata R.Br. | жер үстүндөгү бөлүгү | 0,60 |
1.34. Маршаллов кийик оту - Thymus marschallianus | жер үстүндөгү бөлүгү | 1,59 |
1.35. Кадимки каз таңдай - Achillea millefolium | жер үстүндөгү бөлүгү | 0,95 |
1.36. Кырк муун сыяктуу чекенде (кырк муун чекендеси) - Ephedra equisetina Bge. | бутактары | 2,39 |
1.37. Талаа кырк мууну - Equisetum arvense L. | көбөйүү сабактары | 0,60 |
1.38. Үч белүктүү ит уйгак - Bidens tripartita | жер үстүндөгү бөлүгү | 1,19 |
1.39. Чөл шалфейи - Salvia deserta | жер үстүндөгү бөлүгү | 0,80 |
1.40. Ит мурун (бардык түрлөрү) - Rosa sp | мөмөсү | 1,99 |
1.41. Дары топ баш гүл (папоротник) - Dryopteris filixmas | тамыры | 5,96 |
1.42. Башка түрлөрү (Кыргыз Республикасынын Кызыл китебине киргизилгендерден башка) |
| 0,60 |
2. Тамак-аш өсүмдүктөрү | 1 кг үчүн |
|
2.1. Бөрү карагат (ар кандай түрлөрү) - Berberis heteropoda Schrenk, Кашгар бөрү карагатынан башка (Berberis kashgarica Rupr.) | мөмөсү | 1,94 |
2.2. Жаңгак - Juglans regia | мөмөсү | 2,50 |
2.3. Көгүлтүр кара бүлдүркөн - Rubus caesius L. | мөмөсү | 3,82 |
2.4. Тикенектүү каперс - Capparis spinosa | богогу | 3,98 |
2.5. Кадимкй дан куурай - Rubus idaeus L. | мөмөсү | 3,82 |
2.6. Мейер карагаты - Ribes Meyeri Maxim. | мөмөсү | 2,86 |
2.7. Кадимки мисте - Pistacia vera | мөмөсү | 4,61 |
2.8. Башка түрлөрү (Кыргыз Республикасынын Кызыл китебине киргизилгендерден башка) |
| 1,94 |
3. Техникалык өсүмдүктөр | 1 куб.м кампалык масса үчүн |
|
3.1. Түштүк камышы, камыш - Phragmites australis | өзөгү | 44,84 |
З.2. Жалтырак чий - Achnatterum splendens | өзөгү | 44,84 |
4. Козу карындар | 1 кг үчүн |
|
4.1. Желе турган козу карындар | мөмөлүү жагы | 8,35 |
Эскертүү: Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде каралган учурларды кошпогондо өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин Кыргыз Республикасынын чегинен тышка алып чыгууда Кыргыз Республикасынын өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин пайдалангандыгы үчүн акы төлөө ставкалары белгиленген базалык ставкалардан 4 эсеге көбөйтүлөт.