Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 7-сентябры № 620
Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы Лейлек районунун Кулунду айылдык аймагында жайгашкан жерлерди "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Калктуу конуштардын жерлери" категориясыва которуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы Лейлек районунун Кулунду айылдык аймагынын Ак-Арык, И. Раззаков, Кулунду, Интернационал айылдарынын тургундарынын социалдык маселелерин чечүү максатында, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 20-беренесине. "Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жѳнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине, "Сугат айдоо жерлерин жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы Лейлек районунун Кулунду айылдык аймагында жайгашкан жалпы аянты 21,85 га жер, анын ичинде 19,90 га сугат айдоо (Кыргыз Республикасынын өзгөчө статусу бар айрым чек ара аймактарынын жерлери) жана 1,95 га көп жылдык бак-дарактар ээлеген жер "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Калктуу конуштардын жерлери" категориясына которулсун.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнγн Кыргыз Республикасынын Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты төмөнкүлөрдү камсыздасын:
- жерди эсепке алуу документтерине тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү;
- ушул токтомдун 1-пунктунда аталган жерлерди максаттуу багыты боюнча колдонууну.
3. Настоящее постановление вступает в силу по истечении семи дней со дня официального опубликования.
4. Контроль за исполнением настоящего постановления возложить на отдел агропромышленного комплекса и экологии Аппарата Правительства Кыргызской Республики.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |