Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 8-декабрындагы № 645 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 29-сентябры № 669
Добуш берүү күнү шайлоо участокторунда техникалык кызмат көрсөтүүлөрдү жана жарандарды идентификациялоону камсыздоо үчүн тартылган адамдарга компенсация жана эмгек акы төлөөнүн өлчөмдөрүн белгилөө жөнүндө
(КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 21-декабры № 859 токтомдун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүнү камсыздоо максатында, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Добуш берүү күнү шайлоо участокторунда техникалык кызмат көрсөтүүлөрдү жана жарандарды идентификациялоону камсыздоо үчүн тартылган адамдарга компенсация жана эмгек акы төлөөнүн өлчөмдөрү (салыктарды эсепке алуу менен) 9 000 (тогуз миң) сом өлчөмүндө белгиленсин.
2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттары, Ош шаарынын мэриясы (макулдашуу боюнча) «Кыргыз Республикасынын 2015-жылга республикалык бюджети жана 2016-2017-жылдарга болжолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 11-июлундагы № 151 Мыйзамы менен каралган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын каражаттарынын эсебинен добуш берүү күнү шайлоо участокторунда техникалык кызмат көрсөтүүлөрдү жана жарандарды идентификациялоону камсыздоо үчүн тартылган адамдарга компенсацияны жана эмгек акыны тиркеменин негизинде бөлүштүрүлгөн акча каражаттарына ылайык белгиленген тартипте төлөп беришсин.
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |
Тиркеме
(КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 21-декабры № 859 токтомдун редакциясына ылайык)
№ | Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын аталыштары | Оператор-лордун саны | Төлөмдүн суммасы (сом менен) | Төлөмдүн суммасынан Социалдык фондго чегерүүлөр 17,25 % (сом менен) |
1. | Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги | 56 | 504 000 | 86 940,00 |
2. | Ош шаарынын мэриясы | 477 | 4 293 000 | 740 542,50 |
3. | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты | 1 987 | 17 883 000 | 3 084 817,50 |
4. | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты | 1 010 | 9 090 000 | 1 568 025,00 |
5. | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты | 1 122 | 10 098 000 | 1 741 905,00 |
6. | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты | 684 | 6 156 000 | 1 061 910,00 |
7. | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты | 2 325 | 20 925 000 | 3 609 562,50 |
8. | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты | 518 | 4 662 000 | 804 195,00 |
9. | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты | 1 821 | 16 389 000 | 2 827 102,50 |
Жалпы: | 10 000 | 90 000 000 | 15 525 000 | |
Бардыгы: | 105 525 000 (бир жγз беш миллион беш жγз жыйырма беш миң) сом | |||