Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 8-декабрындагы № 645 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2015-жылдын 21-декабры № 859
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 29-сентябрындагы № 669 "Добуш берүү күнү шайлоо участокторунда техникалык кызмат көрсөтүүлөрдү жана жарандарды идентификациялоону камсыздоо үчүн тартылган адамдарга компенсация жана эмгек акы төлөөнүн өлчөмдөрүн белгилөө жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Ош шаарында добуш берүү күнү шайлоо участокторунда техникалык кызмат көрсөтүүлөрдү жана жарандарды идентификациялоону камсыздоо үчүн тартылган адамдарга компенсация жана эмгек акы төлөө максатында, "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 29-сентябрындагы № 669 "Добуш берүү күнү шайлоо участокторунда техникалык кызмат көрсөтүүлөрдү жана жарандарды идентификациялоону камсыздоо үчүн тартылган адамдарга компенсация жана эмгек акы төлөөнүн өлчөмдөрүн белгилөө жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтомдун тиркемесинде:
- 2-пунктта "435", "3915000" жана "675337,50" деген цифралар "477", "4293000" жана "740542,50" деген тиешелүү цифралар менен алмаштырылсын;
- "Жалпы" деген позицияда "9958", "89622000" жана "15459795,00" деген цифралар "10000", "90000000" жана "15525000" деген тиешелүү цифралар менен алмаштырылсын;
- "Бардыгы" деген позицияда "105081795 (жүз беш миллион сексен бир миң жети жүз токсон беш) сом" деген цифралар жана сөздөр "105525000 (бир жүз беш миллион беш жүз жыйырма беш миң) сом" деген цифралар жана сөздөр менен алмаштырылсын.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | Т. Сариев |