Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 29-сентябры № 668
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 20-августундагы № 568 "Кыргыз Республикасынын тарыхый-маданий мурас объекттерин эсепке алуу, коргоо, реставрациялоо жяна пайдалануу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна толуктоо киргизүү жөнүндө
"Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 27 жана 36-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык, тарыхый-маданий мурастардын объекттери - мурунку "Эркин Too" гезит-полиграфиялык ишканасынын имараты жана мурунку "Соң-Көл" кафесинин и мараты боюнча Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин ведомстволор аралык комиссиясынын 2015-жылдын 6-июлундагы корутундусун көңүлгө алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 20-августундагы № 568 "Кыргыз Республикасынын тарыхый-маданий мурас объекттерин эсепке алуу, коргоо, реставрациялоо жана пайдалануу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын республикалык маанидеги тарыхый жана маданий эстеликтеринин мамлекеттик тизмесинде:
- 70-пункту "тарых, архитектура" деген сөздөрдөн кийин "(жоготулган)" деген сөз менен толукталсын.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөв он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |