Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 5-октябры № 683
“Өрт коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Өрт коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине кароого киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин статс-катчысы ушул мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Өрт коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө
I БӨЛҮМ
ӨРТ КООПСУЗДУГУН КАМСЫЗ КЫЛУУНУН ЖАЛПЫ ПРИНЦИПТЕРИ
1-глава. Жалпы жоболор
1-берене. Ушул Мыйзамды колдонуунун максаттары жана колдонуу чөйрөсү
1. Ушул Мыйзам жарандардын өмүрүн жана ден соолугун, жеке жана юридикалык жактардын мүлкүн, мамлекеттик жана муниципалдык мүлктү өрттөн сактоого багытталган, өрт коопсуздугу жаатында техникалык жөнгө салуунун негизги жоболорун аныктайт жана продукцияларга, корголуучу объекттерге, анын ичинде имараттар менен курулмаларга, өндүрүш объекттерине, өрт-техникалык продукцияларына жана жалпы арналыштагы продукцияларга болгон өрт коопсуздугунун жалпы талаптарын белгилейт.
2. Ушул Мыйзамдын талаптары төмөнкүдөй учурларда милдеттүү түрдө аткарылууга тийиш:
- курулуш объекттерин долбоорлоодо, курууда, профилин кайра өзгөртүүдө, кайра пландаштырууда же реконструкциялоодо, капиталдык оңдоодо, коргоо объекттерин техникалык кайра жабдууда, техникалык тейлөөдө, эксплуатациялоодо жана утилдештирүүдө;
- өрт коопсуздугунун талаптарын камтыган коргоо объекттерине ченемдик укуктук актыларды, техникалык документтерди иштеп чыгууда, кабыл алууда, колдонууда жана аткарууда.
3. Аскердик багыттагы объекттерге, радиоактивдүү жана жарылуучу заттар менен материалдарды өндүрүү, кайра иштетүү, сактоо объекттерине, куралдарды жана жардыруучу каражаттарды жок кылуу жана сактоо, тоо-кен иштетүү, токой объекттерине ушул Мыйзам менен катар Кыргыз Республикасынын өрт коопсуздугу жаатындагы тиешелүү ченемдик укуктук актылардын талаптары да сакталууга тийиш.
2-берене. Негизги түшүнүктөр
Ушул Мыйзамда төмөнкү түшүнүктөр колдонулат:
1) авариялык чыгуучу жер - эвакуация жолуна түздөн-түз сыртка же коопсуз зонага алып баруучу чыгуучу жер (эшик, люк, терезе), ал адамдарды куткаруу үчүн кошумча чыгуучу жер катары колдонулат, бирок зарыл сандагы жана өлчөмдөгү эвакуация жолдорунун жана чыгуучу жерлердин өрт болгондо адамдарды коопсуз эвакуациялоо шарттарына шайкештигин баалоодо эсепке алынбайт;
2) коопсуз зона - адамдар өрттүн коркунучтуу факторлорунун таасирлеринен коргонгон же өрттүн коркунучтуу факторлору жок зона;
3) жарылуу - чөйрөгө энергиянын бөлүнүп чыгышы жана кысылган газдардын пайда болушу менен коштолгон химиялык тез айлануу;
4) жарылууга коркунучтуу аралашма - аба менен күйүүчү газдардын, тез от алуучу суюктуктардын буусунун, күйүүчү чаң же буланын абада тең салмак абалга кыймылсыз бөлүштүрүлгөн абалга өткөндө от алуунун төмөнкү концентрациялык чеги 65 г/м3 чейин жеткен аралашмасы, ал белгилүү концентрацияда жана жарылууга түрткү берүүчү булак пайда болгондо жарылууга жөндөмдүү;
5) коргоо объектинин жарылуу-өрт коркунучу - коргоо объектинин жарылуу пайда болуу жана өрттүн өнүгүү ыктымалдыгы менен мүнөздөлгөн абалы;
6) күйүүчү чөйрө - тутануунун таасиринен от чыгып кетүүгө жөндөмдүү чөйрө;
7) тутануу булагы - күйүүнүн келип чыгышына түрткү болуучу энергиялык таасир этүүчү каражат;
8) имараттардын, курулмалардын жана өрт отсектеринин конструктивдүү өрт коркунучунун классы - имараттардын, курулмалардын жана өрт отсектеринин өрттүн күчөшүнө жана өрттүн коркунучтуу факторлорунун пайда болушуна курулуш конструкцияларынын катыш деңгээли менен аныкталуучу классификациялык мүнөздөмөсү;
9) имараттардын, курулмалардын жана өрт отсектеринин функциялык өрт коркунучунун классы - имараттардын, курулмалардын жана өрт отсектеринин арналышы жана эксплуатациялоонун өзгөчөлүктөрү, анын ичинде аларда жүрүүчү өндүрүштүн технологиялык процесстеринин өзгөчөлүктөрү менен аныкталуучу классификациялык мүнөздөмөсү;
10) сырткы орнотмо - имараттардын сыртында жайгашкан аппараттардын жана технологиялык жабдуулардын комплекси;
11) эвакуацияга зарыл убакыт - өрт чыккан учурдан баштап өрттүн коркунучтуу факторлорунун кесепетинен адамдын өмүрүнө жана ден соолугуна зыян келтирилбей коркунучсуз зонага эвакуациялануу мезгили;
12) коргоо объекти - өрт коопсуздугунун талаптары белгиленген же белгиленүүгө тийиш болгон жеке жана юридикалык жактардын мүлкү, мамлекеттик жана муниципалдык мүлк (аймакты, имараттарды, курулмаларды, транспорт каражаттарын, технологиялык орнотмолорду, жабдууларды, агрегаттарды, буюмдарды жана бөлөк мүлктөрдү кошкондо);
13) кычкылдандыргычтар - күйүүчү заттарга кошулганда реакция берүү, күйүүсүн пайда кылуу, ошондой эле күйүүнүн тездигин шарттаган заттар жана материалдар;
14) өрттүн коркунучтуу факторлору - таасири адамдын жаракат алышына, ууланышына же каза болушуна жана (же) материалдык зыянга алып келүүчү өрт факторлору;
15) жарылуунун коркунучтуу факторлору - таасири объекттердин (курулуштардын) бузулушуна (кыйрашына), жаракат алууга, адамдардын өлүмүнө жана (же) материалдык зыянга алып келиши мүмкүн болгон жарылуу факторлору;
16) өрттүн очогу - өрттүн биринчи күйүп баштаган жери;
17) өрт өчүрүүнүн баштапкы каражаттары - өрттүн алгачкы стадиясында өрт өчүрүү үчүн пайдаланылуучу өрт өчүрүүнүн алып жүрмө же көчмө каражаттары;
18) өрт - материалдык зыян, жарандардын өмүрүнө жана ден соолугуна, коомдун жана мамлекеттин кызыкчылыктарына залал келтирген контролдонбогон күйүү;
19) өрт маалымдагыч - өрт жөнүндө белги берүүгө арналган техникалык каражат;
20) өрт кабарлагыч - адамдарга өрт жөнүндө кабар берүүгө арналган техникалык каражат;
21) коргоо объектинин өрт коркунучтуулугу - коргоо объектинде өрт чыгып кетүү жана өрттүн күчөө ыктымалдуулугу, ошондой эле адамдарга жана материалдык байлыктарга өрттүн коркунучтуу факторлорунун таасир тийгизүүсү менен мүнөздөлгөн абалы;
22) заттардын жана материалдардын өрт коркунучтуулугу - заттардын жана материалдардын күйүү жана жарылуу коркунучу;
23) коргоо объектинин өрт коопсуздугу - коргоо объектинде өрт чыгуу жана өрттүн күчөп кетүү ыктымалдыгынын, ошондой эле адамдарга жана материалдардык байлыктарга өрттүн коркунучтуу факторлорунун таасир тийгизүүсүнүн алдын алуу мүмкүнчүлүгү менен мүнөздөлгөн абалы;
24) өрт депосу - өрт коопсуздугун камсыз кылуу органдарынын объекти, анда өрт коопсуздугун камсыз кылуу органына жүктөлгөн милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон өрт техникасын сактоо жана аны техникалык тейлөө жайлары, жеке курамды жайгаштыруу үчүн кызмат жайлары, өрт жөнүндө кабарларды кабыл алуучу жай, техникалык жана көмөкчү жайлар жайгашкан;
25) өрт отсеги - имараттын (курулманын) өрткө каршы дубал жана өрткө каршы калканч же өрткө туруктуулук чеги бар жабуу менен бөлүнгөн, өрт учурунда өрттүн чектен чыгып таралып кетпешин камсыз кылуучу бөлүгү;
26) заттардын жана материалдардын өрт-жарылуу коркунучу - заттардын жана материалдардын алардын физикалык-химиялык касиеттери жана (же) өрт шартындагы аракеттери менен мүнөздөлгөн, күйүүчү (өрттөнүү коркунучу же жарылуу коркунучу бар) чөйрөнү пайда кылуу жөндөмдүүлүгү;
27) өрт коркунучу (жарылуу коркунучу) бар зона - туюк же ачык мейкиндиктин бөлүгү, анын чектеринде күйүүчү заттар (жарылууга кооптуу аралашмалар) дайыма же мезгил-мезгили менен өтүп турат жана алар мында технологиялык процесстин нормалдуу же өрттүн келип чыгышына өтө кооптуу бузулуу (авария) режиминде болушу мүмкүн;
28) өрт-техникалык изилдөө - өрт коопсуздугунун талаптарынын бузулушун табуу жана аларды жоюу боюнча чараларды көрүү максатында жүргүзүлүүчү изилдөө;
29) долбоордук документтерди өрт-техникалык экспертизалоо - долбоорлоодо ушул Мыйзамдын жана башка укуктук-ченемдик актылардын талаптарын бузуусун (четтөөлөрдү) болтурбоо максатында коргоо объектилеринин долбоордук иш-кагаздарын тиешелүү корутунду берүү менен карап чыгуу жана макулдашуу;
30) өрт автоматикасын башкаруу прибору - өрт өчүрүүнүн жана (же) түтүн чыгаруунун, жана (же) кабарлагычтын, жана (же) башка түзүлүштөрдүн автоматтык каражаттарына башкаруу сигналдарын берүүгө арналган техникалык каражат;
31) өрт автоматикасынын кабылдагыч-контролдоо прибору - өрт маалымдагычтардан сигналдарды кабыл алууну, өрт сигналдарынын шлейфинин, окуялардын жарык индикациясынын жана добуш сигналдарынын бүтүндүгүн контролдоону, өрт автоматикасын башкаруу приборун иштетүүнүн баштапкы импульсун калыптандырууну жүзөгө ашырууга арналган техникалык каражат;
32) конструкциянын отко туруктуулук чеги - от таасир эте баштаган учурдан ошол конструкция үчүн отко туруктуулуктун нормаланган чектик абалдарынын бирине жеткенге чейинки убакыт;
33) өндүрүш объекттери - өнөр жай жана айыл чарбалык багыттагы объекттер, анын ичинде кампалар, инженердик жана транспорт инфраструктурасынын (темир жол, автомобиль, аба жана өткөрмө түтүк транспортторунун), байланыштын объекттери;
34) өрткө каршы бөгөт - имараттын (курулманын) бир бөлүгүнөн башка бөлүгүнө же имараттардын (курулмалардын, жашылдандырылган тилкелердин) араларына өрттүн таралышын алдын алууга арналган имараттын отко туруктуу нормаланган чеги жана конструкциялык курулуш классына ээ көлөмдүү элементи же башка инженердик чечим;
35) өрткө каршы ажырым (өрткө каршы аралык) - өрттүн таралышынын алдын алуу үчүн белгиленген имараттардын жана (же) курулмалардын ортосундагы нормаланган аралык;
36) Өрттөн коргонуунун автоматтык системалары - өрттө адамдарды өз убагында кабарлоо, адамдардын эвакуациялоосун башкаруу, эвакуациялык жолдорду жана бөлмөлөрдү түтүндөн коргоо, өрттү аныктоо жана өчүрүү үчүн арналган техникалык орнотмолордун, системалардын, приборлордун жана жабдуулардын жыйындысы;
37) өрт жөнүндө кабарларды берүү системасы - коргоо объектиндеги өрт жөнүндөгү кабарлоону, кызматтык жана контролдоо-диагностикалык кабарлоолорду байланыш каналдары боюнча берүү жана борборлоштурулган байкоо жүргүзүү пунктунда кабыл алуу үчүн, ошондой эле (кайра байланышуу каналы бар болсо) телебашкаруу командаларын берүү жана кабыл алууга арналган бирдиктүү аракеттенүүчү техникалык каражаттардын жыйындысы;
38) өрт сигналдарынын системасы - бир объектке орнотулган жана жалпы өрт постунан контролдонуучу өрт сигналдарынын орнотмолорунун жыйындысы;
39) өрттүн алдын алуу системасы - коргоо объектинде өрттүн келип чыгуу мүмкүнчүлүгүн жокко чыгаруучу уюштуруу иш-чаралары менен техникалык каражаттардын комплекси;
40) өрттөн коргоо системасы - адамдарды жана мүлктү өрттүн коркунучтуу факторлорунун таасиринен коргоого жана (же) коргоо объектине алардын тийгизген кесепетинен чектөөгө багытталган уюштуруу иш-чаралары менен техникалык каражаттардын комплекси;
41) түтүндөн коргоо системасы - өрт учурунда имараттар менен курулмалардын түтөө коркунучун, ошондой эле анын коркунучтуу факторлорунун адамдарга жана материалдык байлыктарга тийгизүүчү таасиринин алдын алууга же чектөөгө багытталган уюштуруу иш-чараларынын, көлөмдүк-пландоо чечимдеринин, инженердик системалардын жана техникалык каражаттардын комплекси;
42) курулма - көтөргүч, айрым учурларда тосмо конструкциядан турган жана ар кандай түрдөгү өндүрүш процесстерин аткарууга, материалдарды, буюмдарды, жабдууларды сактоого, адамдардын убактылуу турушуна, адамдардын, жүктөрдүн ж.б. орун которуштуруусуна арналган көлөмдүк, жалпак же сызыктуу, жердеги, жер үстүндөгү же жер астындагы курулуш системасы;
43) имараттардын, курулмалардын жана өрт отсектеринин отко чыдамдуулук деңгээли - имараттар, курулмалар жана өрт отсектерине колдонулуучу курулуш конструкцияларынын отко чыдамдуулук чеги менен аныкталуучу классификациялык мүнөздөмөсү;
44) кабарлоо жана эвакуацияны башкаруунун техникалык каражаттары - адамдарга өрт жөнүндө кабарлоого арналган техникалык каражаттардын (кабарлагычтарды башкаруу приборлорунун, өрт кабарлагычтарынын) жыйындысы;
45) технологиялык чөйрө - технологиялык аппаратурада (технологиялык системада) айланган заттар жана материалдар;
46) коргоо объектинин өрткө туруктуулугу - коргоо объектинин өрттүн коркунучтуу факторлору таасир эткенде жана анын экинчи пайда болушунда конструкциялык бүтүндүгүн жана (же) функциялык арналышын сактап калуу касиети;
47) өрт маалымдагычты орнотуу - өрттү табууга, өрт жөнүндө кабарды, атайын маалыматтарды жана (же) өрт өчүрүүчү жана түтүндү чыгаруучу автоматтык орнотмолорду, технологиялык жана инженердик жабдууларды, ошондой эле өрткө каршы башка коргоо түзүлүштөрүн ишке киргизүү командасын иштеп чыгууга жана тийиштүү түрдө берүүгө арналган техникалык каражаттардын жыйындысы;
48) эвакуация - адамдарды өрттүн коркунучтуу факторлору таасир этиши мүмкүн болгон имараттын ичинен сыртка же коопсуз зонага уюшкан түрдө жеткирүү же өз алдынча (өз алдынча эмес) жөнөө (баруу) процесси;
49) эвакуациялоо жолу (эвакуация жолу) - өрт учурунда адамдарды түздөн-түз сыртка же коопсуз зонага алып баруучу жол;
50) эвакуациялык чыгуучу жер - эвакуация жолуна, түздөн-түз сыртка же коопсуз зонага алып баруучу чыгуучу жер.
51) байланыш кызматы - өрт копсуздугун камсыз кылуу органдарынын өрткө каршы мамлекеттик кызматынын (мындан ары - ӨКМК) бөлүмдөрүнүн системасы, ошондой эле өрт коопсуздугун камсыз кылуу органдарында байланышты камсыз кылуу, байланыш каражаттарын натыйжалуу комплекстүү колдонуу жана башкаруу органдарында жана бөлүмдөрүндө ошол каражаттарды квалификациялуу техникалык эксплуатациялоо боюнча иштин түрү;
52) байланыш - бул Кыргыз Республикасынын аймагында ӨКМК системасында башкарууну камсыз кылган бирдиктүү уюштуруу-техникалык комплекси катары иштеген байланыш тармактарынын жана кызматтарынын жыйындысы;
53) байланыш каражаттары - маалыматты чогултуу, иштетүү, топтоо жана бөлүштүрүү процессттерин камсыз кылган техникалык база.
3-берене. Өрт коопсуздугу жаатындагы техникалык жөнгө салуунун укуктук негиздери
Кыргыз Республикасынын Конституциясы, ушул Мыйзам, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдер жана Кыргыз Республикасынын коргоо объекттеринин өрт коопсуздугун камсыз кылуу маселелерин жөнгө салган башка ченемдик укуктук актылар өрт коопсуздугун камсыз кылуунун укуктук негизи болуп саналат.
4-берене. Өрт коопсуздугун камсыз кылуу органдары
1. Кыргыз Республикасынын өрт коопсуздугун камсыз кылуу органдары, ошондой эле Кыргыз Республикасында өрт коопсуздугу жаатында саясат жүргүзгөн өрт коопсуздугун камсыз кылуу боюнча негизги орган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
2. Өрттөрдүн алдын алуунун негизи болуп өрткө каршы алдын алуу жана өрткө каршы ченемдөө саналат, алар өрттү өчүрүүгө жана авариялык-куткаруу иштерин жүргүзүүгө болгон бардык шарттарды камсыз кылат.
3. Жеке жана юридикалык жактардын, менчигинин түрүнө карабай чарба объектилеринин өрт коопсуздугу жаатындагы мыйзамдардын жана укуктук ченемдик актылардын талаптарын аткаруусун контролдоо максатында өрт коопсуздугун сактоого мамлекеттик өрт көзөмөлү жүргүзүлөт.
4. Өрткө каршы объекттик бөлүмү бар ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын аймагында өрт чыккан учурда, ошол бөлүмдүн күчү жана каражаттары менен өчүрүлүшү мүмкүн.
5. Өрт өчүрүү жана авариялык-куткаруу иштерин жүргүзүү максатында мекемелердин, ишканалардын жана уюмдардын объекттик (ведомстволук) өрткө каршы бөлүнүштөрү, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыктыярдуу өрттөн куткаруучу түзүмдөрү, ошондой эле кээ бир мамлекеттик ыйгарым укуктарды жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына берүү тартибинде жана мыйзамдарга ылайык аларга берилген ыйгарым укуктардын чегинде муниципалдык өрттөн куткаруу түзүмдөрү тартылышы мүмкүн.
5-берене. Коргоо объекттеринин өрт коопсуздугун камсыз кылуу
1. Ар бир коргоо объектинин өрт коопсуздугун камсыз кылуу системасы болууга тийиш.
2. Коргоо объектинин өрт коопсуздугун камсыз кылуу системасын түзүүнүн максаты болуп өрттү алдын алуу, адамдардын коопсуздугун камсыз кылуу жана мүлктү өрттөн коргоо саналат.
3. Коргоо объектинин өрт коопсуздугун камсыз кылуу системасы милдеттүү түрдө өрттүн алдын алуу системасын, өрткө каршы коргонуу системасын, өрт чыгып кетүү мүмкүндүгүн болтурбаган жана өрттүн натыйжасында адамдардын өмүрүнө жана ден соолугуна зыян келтирүү коркунучун алдын алууга багытталган, ошондой эле чыккан өрттү жоюуга, адамдарды жана материалдык баалуулуктарды өз убагында жана коопсуз эвакуациялоого жардам берген өрт коопсуздугун камсыз кылуу боюнча уюштуруу-техникалык иш-чаралар комплексин өзүнө камтыйт.
6-берене. Коргоо объектинин өрт коопсуздугунун талаптарына жооп берүү шарттары
1. Эгер ушул Мыйзамдын, өрт коопсуздугу жаатындагы Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларынын милдеттүү талаптары толук көлөмдө аткарылса, коргоо объектинин өрт коопсуздугу камсыз кылынды деп эсептелет.
2. Шаардык, айылдык калктуу конуштарда, жабык объекттерде жана коргоо объекттеринде, менчигинин түрүнө карабай өрт коопсуздугунун чараларын ишке ашыруу бардык юридикалык жана жеке жактар тарабынан жүргүзүлөт.
3. Эксаймактык объекттердин, коргоо, улуттук коопсуздук, жазык-аткаруу системанын, мамлекеттик чек араны коргоо маселесин алып баруучу Кыргыз Республикасынын мамлекеттик ыйгарым укуктуу органдарынын объекттеринин, ошондой эле жер алдында иштөө объекттеринде, темир жол объекттеринде жана шахталарда өрт коопсуздугу ошол мекеменин өз күчү же каражаты, же болбосо өрт коопсуздугун ишке ашыруу чараларынын алкагында Кыргыз Республикасынын өрт коопсуздугун камсыз кылуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдары менен аракеттенүүнүн макулдашылган пландарына ылайык камсыз кылынат.
4. Токой жана тоо аймактарында өрт коопсуздугу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана токой чарба органдарына өрт коопсуздугун камсыз кылуу боюнча мамлекеттик ыйгарым укуктар берилген учурда алардын өз күчү жана каражаттары менен жүргүзүлөт, же Кыргыз Республикасынын өрттү алдын алуу, өрттү өчүрүү жана өрт коопсуздугун камсыз кылууну текшерүү жана көзөмөлдөө жаатындагы мамлекеттик ыйгарым укуктуу органдар менен өз ара аракеттенүүнүн макулдашылган пландарына ылайык өрт коопсуздугунун чараларын ишке ашыруунун алкагында камсыз кылынат.
2-глава. Өрттөрдү жана өрттүн коркунучтуу факторлорун
классификациялоо
7-берене. Өрттөрдү жана өрттүн коркунучтуу факторлорун классификациялоонун максаты
1. Өрттөрдү күйүүчү материалдардын түрлөрү боюнча классификациялоо өрттү өчүрүү каражаттарын колдонуу жаатын белгилөө үчүн пайдаланылат.
2. Өрттү өчүрүү кыйынчылыгына жараша классификациялоо өрткө каршы бөлүмчөлөрүнүн жана башка кызматтардын өрт өчүрүүгө керектүү күч курамын жана каражаттарды аныктоодо колдонулат.
3. Өрттүн коркунучтуу факторлорун классификациялоо адамдарды жана мүлктү коргоого керектүү өрт коопсуздугунун чараларын негиздөөдө пайдаланылат.
8-берене. Өрттөрдү классификациялоо
Өрттөр күйүүчү материалдардын түрлөрү боюнча классификацияланат жана төмөнкүдөй класстарга бөлүнөт:
1) күйүүчү катуу заттар менен материалдардын өрттөнүшү - “А” классы;
2) күйүүчү суюктуктардын же эрүүчү катуу заттар менен материалдардын өрттөнүшү - “В” классы;
3) газдан тутанган өрт - “С” классы;
4) металлдардын өртү - “D” классы;
5) чыңалуудагы электр орнотмолорунун күйүүчү заттары менен материалдарынын өрттөнүшү - “Е” классы;
6) ядролук материалдардын, радиоактивдүү калдыктардын жана радоактивдүү заттардын өрттөнүшү - “F” классы.
9-берене. Өрттүн жана жарылуунун коркунучтуу факторлору
1. Өрттүн адамдарга жана материалдык баалуулуктарга таасир этүүчү коркунучтуу факторлоруна төмөнкүлөр кирет:
- жалын жана учкун;
- жылуулук агымы;
- айлана-чөйрөнүн жогору температурасы;
- күйүүнүн жана заттардын термикалык ажыроосунун уулуу продуктуларынын жогорку концентрациясы:
- кычкылтектин төмөнкү концентрациясы;
- түтүндөн көрүүнүн төмөндөшү.
2. Жарылуунун адамдарга жана материалдык баалуулуктарга таасир этүүчү коркунучтуу факторлоруна төмөнкүлөр кирет:
- жарылуунун максималдуу басымы жана температурасы;
- жарылуу басымынын өсүү ылдамдыгы;
- жарылуу коркунучу бар чөйрөнүн фугастык жана майдалоо сапаты.
Жарылуу менен коштолгон кыйроолордун кыйла мүнөздүү жабыркатуучу факторлору болуп фронттогу кысым жана согуу толкунунун кысуу фазасынын импульсу эсептелет.
3. Өрттүн жана жарылуунун коркунучтуу факторлорун коштоочу көрүнүштөрүнө төмөнкүлөр кирет:
- талкаланган аппараттардын, агрегаттардын, орнотмолордун жана конструкциялардын сыныктары, бөлүктөрү;
- талкаланган аппараттар менен орнотмолордон айлана-чөйрөгө тараган радиоактивдүү жана уулуу заттар менен материалдар;
- конструкциялардын, аппараттардын жана агрегаттардын ток өткөрүүчү бөлүктөрүнө жогорку чыңалуунун өтүшү;
- өрттүн кесепетинен болгон жарылуунун коркунучтуу факторлору;
- өрт өчүрүүчү заттардын таасири.
3-глава. Заттар менен материалдардын өрт-жарылуу коркунучунун
жана өрт коркунучунун көрсөткүчтөрү жана классификациясы
10-берене. Заттар менен материалдардын өрт-жарылуу коркунучун жана өрт коркунучун классификациялоонун максаты
1. Заттар менен материалдардын өрт-жарылуу коркунучунун жана өрт коркунучунун классификациялоо заттар менен материалдарды алууда, пайдаланууда, сактоодо, ташууда, кайра иштетүүдө жана аларды утилдештирүүдө өрт коопсуздугунун талаптарын аныктоо үчүн колдонулат.
2. Курулмалардын, имараттардын конструкцияларына жана өрттөн коргоо системаларына өрт коопсуздугунун талаптарын аныктоо үчүн курулуш материалдарын өрт кооптуулугу боюнча классификациялоо колдонулат.
11-берене. Заттар менен материалдардын өрт-жарылуу коркунучунун жана өрт коркунучунун көрсөткүчтөрү
1. Заттар менен материалдардын өрт-жарылуу коркунучу тандап алуу заттардын (материалдардын) колдонуу шарттарына жана агрегаттык абалына көз каранды көрсөткүчтөр менен аныкталат:
газдар - 25°С температурада жана 101,3 кПа (килопаскаль) басымда каныккан буулардын басымы 101.3 кПа ашкан заттар;
суюктуктар - 25°С температурада жана 101,3 кПа басымда каныккан буулардын басымы 101.3 кПа жетпеген заттар. Суюктуктарга ошондой эле эрүүчү каттуу заттар да кирет, алардын эрүү же тамчы тамуу температурасы 50°Сдан төмөн;
каттуу заттар менен материалдар - эрүү же тамчы тамуу температурасы 50°Сдан жогору болгон жеке заттар же алардын аралашмалык композициялары, ошондой эле эрүү температурасы болбогон заттар (мисалы, жыгач, кездемелер ж.б.у.с.);
чаңдар - бөлүкчөлөрүнүн өлчөмү 850 мкм (микромиллиметр) кичине болгон майдаланган каттуу заттар жана материалдар.
2. Заттар менен материалдардын өрт-жарылуу коркунучунун жана өрт коркунучунун көрсөткүчтөрү курулуш материалдары үчүн колдонулган методдор менен, көсөткүчтөрдүн классификациясын аныктоого жана алар боюнча ченемдик талаптарды киргизүүгө жараша, көрсөткүчтөрдүн номенклатурасына ылайык өрт жана жарылуу коопсуздугун камсыз кылуу системасын иштеп чыгуу үчүн алгачкы маалыматты алуу максатында аныкталат.
Заттар менен материалдардын өрт-жарылуу жана өрт коркунучун мүнөздөөгө көрсөткүчтөр номенклатурасы жана аларды колдонуусу белгиленген тартипте бекитилген улуттук стандарттардын талаптарына ылайык аныкталат.
Өндүрүш, кайра иштетүү, ташуу жана сактоо шартында заттар менен материалдардын өрт-жарылуу жана өрт коркунучун мүнөздөө үчүн көрсөткүчтөрдүн керектүү жана жетиштүү санын объектинин өрт-жарылуу коопсуздугун камсыз кылуу системасын иштеп чыгуучу же стандарттар жана затка (материалга) техникалык шарттарды иштеп чыгуучу аныктайт.
12-берене. Заттар менен материалдарды өрт коркунучу боюнча классификациялоо
1. Заттар менен материалдарды өрт коркунучу боюнча классификациялоо алардын өрттүн же жарылуунун коркунучтуу факторлорун пайда кылуу касиеттерине жана жөндөмдүүлүгүнө негизделет.
Күйгүчтүгү боюнча заттар менен материалдар (курулуш жана текстиль материалдарды эсепке албаганда) төмөнкү топторго бөлүнөт:
- күйбөөчү - абада күйүүгө жөндөмсүз заттар менен материалдар. Күйбөөчү заттар жана материалдар, суу, абадагы кычкылтек же бири - бири менен өз ара аракеттенүүдө күйүүчү продуктуларды бөлүп чыгаруу менен өрт-жарылуу коркунучуна ээ болушу мүмкүн;
- кыйындык менен күйүүчү - тутануу булагы таасир эткенде гана абада күйүүчү, бирок тутануу булагы четтетилгенде өз алдынча күйүүгө жөндөмсүз заттар менен материалдар;
- күйүүчү (күйүп кетүүчү) - өзүнөн өзү от алып кетүүчү, ошондой эле тутануу булагы четтетилгенден кийин өз алдынча күйүүгө жөндөмдүү заттар менен материалдар. Күйүүчү суюктуктар оңой жалындап кетүүчү жана өзгөчө коркунучтуу оңой жалындап кетүүчү деген топторго бөлүнөт, алардын буулары Кыргыз Республикасынын өрт коопсуздугу жаатындагы ченемдик укуктук актылар менен аныкталган төмөн температурада от алып кетет.
2. Заттар менен материалдардын күйгүчтүгүн сыноо тобун аныктоо белгиленген тартипте бекитилген улуттук стандарттардын талаптарына ылайык жүргүзүлөт.
13-берене. Курулуш, текстиль жана булгаары материалдарын өрт коркунучу боюнча классификациялоо
1. Курулуш, текстиль жана булгаары материалдарын өрт коркунучу боюнча классификациялоо алардын өрттүн коркунучтуу факторлорун пайда кылуу касиеттерине жана жөндөмдүүлүгүнө жараша негизделет.
2. Курулуш жана текстиль материалдарынын өрт коркунучу төмөнкү касиеттер менен мүнөздөлөт:
- күйгүчтүгү;
- жалындагычтыгы;
- үстүңкү бетинде жалындын таралуу ылдамдыгы;
- түтүн пайда кылуу жөндөмдүүлүгү;
- күйүү продукттарынын уулуулугу.
3. Күйгүчтүгү боюнча курулуш материалдары төмөнкүлөргө бөлүнөт:
- “Г” - күйүүчү;
- “НГ” - күйбөөчү.
Күйүүчү курулуш материалдары төмөнкүдөй топторго бөлүнөт:
- “Г1” - начар күйүүчү;
- “Г2” - жай күйүүчү;
- “Г3” - нормалдуу күйүүчү;
- “Г4” - күчтүү күйүүчү.
4. Күйүүчү курулуш материалдары (анын ичинде килем түрүндөгү полго төшөгүчтөр) жалындагычтыгы боюнча төмөнкүдөй топторго бөлүнөт:
- “В1” - кыйындык менен от алуучу;
- “В2” - жай от алуучу;
- “В3” - тез от алуучу.
5. Үстүңкү бети боюнча жалындын таралыш ылдамдыгы боюнча күйүүчү курулуш материалдары (анын ичинде килем түрүндөгү полго төшөгүчтөр) жылуулук агымынын беттик тыгыздыгынын чектүү чоңдугуна жараша төмөнкүдөй топторго бөлүнөт:
- “РП1” - таралбоочу;
- “РП2” - начар таралуучу;
- “РП3” - жай таралуучу;
- “РП4” - күчтүү таралуучу.
6. Түтүн пайда кылуу жөндөмдүүлүгү боюнча күйүүчү курулуш материалдары түтүн пайда кылуу коэффициентинин маанисине карата төмөнкүдөй топторго бөлүнөт:
- “Д1” - түтүндү аз пайда кылуучу жөндөмдүүлүктөгү;
- “Д2” - түтүндү орточо пайда кылуучу жөндөмдүүлүктөгү;
- “Д3” - түтүндү күчтүү пайда кылуучу жөндөмдүүлүктөгү.
7. Күйүүчү продуктулардын уулуулугу боюнча күйүүчү курулуш материалдары төмөнкүдөй топторго бөлүнөт:
- “Т1” - аз коркунучтуу;
- “Т2” - орточо коркунучтуу;
- “Т3” - жогорку коркунучтуу;
- “Т4” - өзгөчө коркунучтуу.
8. Курулуш конструкцияларынын өрт коркунучунун класстары курулуш материалдарынын өрт коркунучунун топторуна жараша белгиленген тартипте бекитилген тиешелүү улуттук стандарттар менен аныкталат.
9. Килем сымал полго төшөгүчтөр үчүн күйгүчтүк тобу аныкталбайт.
10. Текстиль материалдары жалындагычтыгы боюнча тез от алуучу жана кыйындык менен от алуучу болуп бөлүнөт.
Курулуш жана текстилдик материалдардын өрт коркунучунун классификациялык көрсөткүчтөрү белгиленген тартипте бекитилген улуттук стандарттар менен аныкталат.
4-глава. Жарылуу-өрт жана өрт коркунучунун көрсөткүчтөрү
жана технологиялык чөйрөлөрдүн жарылуу-өрт жана өрт коркунучу боюнча классификациясы
14-берене. Технологиялык чөйрөлөрдү жарылуу-өрт жана өрт коркунучу боюнча классификациялоонун максаты
Технологиялык чөйрөлөрдүн жарылуу-өрт жана өрт коркунучу боюнча классификациясы технологиялык процессти жүргүзүүнүн коопсуздук параметрлерин аныктоо үчүн колдонулат.
15-берене. Технологиялык чөйрөлөрдүн жарылуу-өрт жана өрт коркунучу боюнча көрсөткүчтөрү
1. Технологиялык чөйрөлөрдүн жарылуу-өрт жана өрт коркунучу технологиялык процессте катышкан заттардын жарылуу-өрт жана өрт коркунучунун көрсөткүчтөрү жана алардын параметрлери менен мүнөздөлөт.
2. Заттардын жарылуу-өрт жана өрт коркунучун баалоо үчүн зарыл көрсөткүчтөрдүн тизмеги белгиленген тартипте бекитилген тиешелүү улуттук стандарттар менен аныкталат.
16-берене. Технологиялык чөйрөлөрдү жарылуу өрт жана өрт коркунучу боюнча классификациялоо
1. Технологиялык чөйрөлөр жарылуу-өрт жана өрт коркунучу боюнча төмөнкүдөй топторго бөлүнөт:
- өрт коркунучу бар;
- жарылуу-өрт коркунучу бар;
- жарылуу коркунучу бар;
- өрт коркунучу жок.
2. Эгерде күйүүчү чөйрөнүн түзүлүшү, ошондой эле өрттүн чыгышы үчүн жетишээрлик кубаттуулуктагы тутануу булагынын пайда болушу мүмкүн болсо чөйрө өрт коркунучу бар чөйрөгө кирет.
3. Эгерде кычкылдандыргычтын күйүүчү газдар, буулар, чаңдар жана аэрозолдор менен түзүлүп, тутануу булагынын пайда болушу жарылууга жана (же) өрткө алып келүүчү аралашмаларынын пайда болушу мүмкүн болсо чөйрө өрт жарылуу-коркунучу бар чөйрөгө кирет.
4. Эгерде абанын күйүүчү газдар, буулар, тез от алуучу суюктуктар жана күйүүчү суюктуктар, күйүүчү аэрозолдор, чаңдар жана булалар менен аралашмасынын пайда болушу мүмкүн болгон, ошондой эле күйүүчү заттар менен болгон белгилүү концентрациясында жана жардыруу булагы пайда болгондо жарылууга жөндөмдүү чөйрө жарылуу коркунучу бар чөйрөгө кирет.
5. Күйүүчү чөйрөсү жана кычкылдандыргычсыз мейкиндик өрт коркунучу жок чөйрөгө кирет.
5-глава. Өрт коркунучу жана жарылуу коркунучу бар зоналарды классификациялоо
17-берене. Классификациялоонун максаты
Өрт коркунучу жана жарылуу коркунучу бар зоналарды классификациялоо электротехникалык жана башка жабдыктарды аталган зонада өрт-жарылуу коопсуздугу менен эксплуатациялоону камсыз кылган аларды коргоо даражасы боюнча тандоо үчүн пайдаланылат.
18-берене. Өрт коркунучу бар зоналарды классификациялоо
1. Бөлмөлөрдүн ичинде жана сыртында жайгаштырылуучу, алардын чегинде дайыма же маал-маалы менен күйүүчү (өрттөнүүчү) заттар жүгүртүлгөн жана нормалдуу технологиялык процессте же анын бузулушунда орун алышы мүмкүн электр орнотмолорунун колдонуу жаатын аныктоо максатында өрт коркунучу бар зоналарды классификациялоо белгиленет.
Объектини өрт коркунучу бар зоналардын классына киргизүү жана өрт коркунучу бар зоналардын чек араларын аныктоо долбоордук документтерге ылайык, ал эми иштелип жаткан объекттер боюнча - ошол объекттердин менчик ээси тарабынан жүргүзүлөт.
Өрт коркунучу бар зоналар төмөнкүдөй класстарга бөлүнөт:
“П-I” класстагы өрт коркунучу бар зона - дүрт этүү температурасы +610С жогору күйүүчү суюктуктар бар жайлардын жери;
“П-II” класстагы өрт коркунучу бар зона - күйүүчү чаң же була топтолуп бөлүнүп чыгышы мүмкүн жайлардын жери;
“П-IIа” класстагы өрт коркунучу бар зона - күйүүчү катуу заттар менен материалдар бар жайлардын жери;
“П-III” класстагы өрт коркунучу бар зона - дүрт этүү температурасы 610С жогору күйүүчү суюктуктар же күйүүчү катуу заттар бар жайлардын сыртындагы жер. Күйүүчү заттар бар аппараттардан туурасы жана тикеси боюнча 5 метрге чейинки бөлмөлөрдөгү же алардын сыртындагы зоналар, бирок технологиялык процесс ачык оттун, ысыган бөлүктөрдүн колдонуусу менен жүрүп, же технологиялык аппараттардын беттеринин температурасы күйүүчү буулардын, чаңдын же булалардын өзүнөн - өзү өрттөнүү температурасына чейин ысыса да, алар электр жабдыктары боюнча өрт коркунучу бар зоналарга кирбейт.
2. Өрт коркунучу бар зоналарды классификациялоо электр орнотмолордун түзүлүшүнүн эрежелерине ылайык классификациялык көрсөткүчтөргө жараша аныкталат.
19-берене. Жарылуу коркунучу бар зоналарды классификациялоо
1. Жарылууга коркунучтуу аралашмалардын болушунун жыштыгына жана узактыгына жараша жарылуу коркунучу бар зоналар төмөнкүдөй класстарга бөлүнөт:
0 - класс - жарылууга коркунучтуу газ аралашмасы дайыма же бир саат бою бар болуучу зоналар;
1 - класс - жабдуулары нормалдуу иштеген режимде аба менен жарылууга коркунучтуу аралашмаларды пайда кылуучу күйүүчү газдар жана тез от алуучу суюктуктардын буулары бөлүнүп чыгуучу жайларда жайгашкан зоналар;
2 - класс - жабдуулар нормалдуу иштеген режимде күйүүчү газдардын же тез от алуучу суюктуктардын бууларынын аба менен жарылууга коркунучтуу аралашмалары пайда болбоочу, бирок технологиялык жабдуу аварияга учураганда же оң болбогондо гана пайда болуучу жайларда жайгашкан зоналар;
3 - класс - күйүүчү чаңдын аба менен болгон жарылууга коркунучтуу аралашмасынын төмөнкү концентрациядагы жалындоо чеги абанын көлөмүнө 65 г/м³ аз болгон жана дайыма болуучу зоналар;
4 - класс - жабдуулар нормалдуу иштеген режимде абада тең салмак абалга өтүүчү жана 65 г/м³ жана андан аз концентрацияда аба менен жарылууга коркунучтуу аралашмаларды түзүүгө жөндөмдүү күйүүчү чаңдар же булалар бөлүнүп чыгуучу жайларда жайгашкан зоналар;
5 - класс - жабдуулар нормалдуу иштеген режимде 65 г/м³ жана андан аз концентрацияда аба менен күйүүчү чаңдардын же булалардын жарылууга коркунучтуу аралашмалары түзүлбөй, бирок күйүүчү чаңдардын же булалардын жарылуу коркунучу бар мындай аралашмаларынын технологиялык жабдуунун аварияга учурашынын же оң эместигинин гана натыйжасында түзүлүшү мүмкүн болуучу жайларда жайгашкан зоналар.
2. Жарылуу коркунучу бар зоналардын классификациялоосу электр орнотмолордун түзүлүш эрежелери менен аныкталат.
6-глава. Электр жабдууларынын өрт жана жарылуу өрт коркунучу боюнча классификациясы
20-берене. Классификациялоонун максаты
Электр жабдууларын жарылуу өрт жана өрт коркунучу боюнча классификациялоо аны коопсуз колдонуу жаатын аныктоо жана ошол жаатка тиешелүү электр жабдууларынын маркировкасын аныктоо, ошондой эле электр жабдууларын иштетүүдө өрт коопсуздугунун талаптарын аныктоо үчүн колдонулат.
21-берене. Электр жабдууларын өрт жана жарылуу өрт коркунучу боюнча классификациялоо
1. Өрт жана жарылуу өрт коркунучунун даражасына жараша электр жабдуулары төмөнкүдөй түрлөргө бөлүнөт:
- жарылуу өрттөн коргоо каражаттары жок электр жабдуулары;
- өрттөн корголгон электр жабдуулары (өрт коркунучу бар зоналар үчүн);
- жарылуудан корголгон электр жабдуулары (жарылуу коркунучу бар зоналар үчүн).
2. Электр жабдууларынын өрт жана жарылуу өрт коркунучунун даражасы деп электр жабдууларынын ичинде тутануу булагы чыккан коркунуч жана (же) тутануу булагынын электр жабдууларынын айланасындагы күйүүчү чөйрөгө таасир этүү коркунучу түшүнүлөт.
Жарылуу өрттөн коргоо каражаттары жок электр жабдуулары өрттөн жана жарылуудан сактоо деңгээли боюнча классификацияланбайт.
22-берене. Өрттөн корголгон электр жабдууларын классификациялоо
1. Өрт коркунучу бар зоналарда колдонулуучу электр жабдуулары ошол электр жабдуусунун конструкциясы менен камсыздалып, жабдуунун ичине суунун киришинен жана сырттан катуу нерселердин түшүп кетишинен корголуу даражасы боюнча классификацияланат.
Өрттөн корголгон электр жабдууларынын классификациясы электр орнотмолордун түзүлүш эрежелери менен аныкталат.
2. Электр жабдууларынын кабыкчасынын коргоо даражасын маркалоо эл аралык коргоо белгисинин (IР) жана эки цифранын жардамы менен жүзөгө ашырылат, алардын биринчиси катуу нерселердин түшүп кетишинен, экинчиси суунун киришинен коргой тургандыгын билдирет.
23-берене. Жарылуудан корголгон электр жабдууларын классификациялоо
1. Жарылуудан корголгон электр жабдуулары жарылуудан коргоо деңгээли, жарылуудан коргоо түрлөрү, топтору жана температуралык класстары боюнча классификацияланат.
2. Жарылуудан корголгон электр жабдуулары жарылуудан коргоо деңгээли боюнча төмөнкүдөй түрлөргө бөлүнөт:
- өзгөчө жарылуу коркунучу жок электр жабдуулары (деңгээли - 0);
- жарылуу коркунучу жок электр жабдуулары (деңгээли - 1);
- жарылууга каршы жогорку бекемдиктеги электр жабдуулары (деңгээли - 2).
3. Жарылуу коркунучу жок электр жабдуулары - бул жарылуудан коргоонун кошумча каражаттары менен жарылуу коркунучу жок электр жабдуулары.
Жарылуу коркунучу жок электр жабдуулары иштин нормалдуу режиминде да, бузулууда да, жарылуудан коргоо каражаттары бузулган учурду кошпогондо, жарылуудан коргоону камсыз кылат.
Жарылууга каршы жогорку бекемдиктеги электр жабдуулары иштин нормалдуу режиминде гана жарылуудан коргоону камсыз кылат (авария жана бузулуу болбогондо).
4. Жарылуудан корголгон электр жабдууларынын температуралык классы, тобу (кичи тобу), жарылуудан коргоонун түрү, деңгээли боюнча көрсөткүчтөрү жана ошондой эле электр жабдууларды маркалоо электр орнотмолордун түзүлүш эрежелери менен аныкталат.
7-глава. Өрт коркунучу боюнча сырткы орнотмолордун классификациясы
24-берене. Өрт коркунучу боюнча сырткы орнотмолорду классификациялоонун максаты
1. Өрт коркунучу боюнча сырткы орнотмолорду классификациялоо өрт чыгуу мүмкүндүгүн алдын алууга жана сырткы орнотмолордо өрт чыккан учурда адамдардын жана мүлктүн өрткө каршы корголушун камсыз кылууга багытталган өрт коопсуздугунун талаптарын аныктоо үчүн колдонулат.
2. Өрт коркунучу боюнча сырткы орнотмолордун классификациясы анын тиешелүү категорияга таандыгын аныктоого негизделет.
3. Өрт коркунучу боюнча сырткы орнотмолордун категориялары капиталдык курулуш жана реконструкциялоо объекттеринин долбоордук документациясында көрсөтүлүшү керек, орнотмолордо да өрт коркунучу боюнча категориялардын белгилери көрсөтүлүшү керек.
25-берене. Өрт коркунучу боюнча сырткы орнотмолордун категорияларын аныктоо
1. Өрт коркунучу боюнча сырткы орнотмолордун категориялары орнотмолордогу күйүүчү заттар менен материалдардын өрт коркунучунун касиеттерине, санына жана технологиялык процесстердин өзгөчөлүктөрүнө карай аныкталат.
2. Өрт коркунучу боюнча сырткы орнотмолордун категориялары белгиленген тартипте бекитилген улуттук стандарттар менен аныкталат.
3. Сырткы орнотмолордун өрт коркунучу боюнча категорияларын аныктоо алардын категорияларга таандыгын “Ан” эң коркунучтуусунан “Дн” эң аз коркунучтуусуна карай ырааттуу түрдө текшерүү жолу менен жүзөгө ашырылат.
4. Өрт коркунучу боюнча сырткы орнотмолор төмөнкү категорияларга бөлүнөт:
- жогорку жарылуу өрт коркунучу (Ан);
- жарылуу өрт коркунучу (Бн);
- өрт коркунучу (Вн);
- орточо өрт коркунучу (Гн);
- төмөндөтүлгөн өрт коркунучу (Дн).
8-глава. Имараттардын, курулмалардын жана жайлардын өрт
жана жарылуу өрт коркунучу боюнча классификациясы
26-берене. Өрт жана жарылуу өрт коркунучу боюнча имараттарды, курулмаларды жана жайларды классификациялоонун максаты
Имараттардын, курулмалардын жана жайлардын өрт жана жарылуу өрт коркунучу боюнча классификациясы өрт чыгуу мумкүндүгүн алдын алууга жана имараттарда, курулмаларда жана жайларда өрт чыккан учурда адамдардын жана мүлктүн өрттөн корголушун камсыз кылууга багытталган өрт коопсуздугунун талаптарын аныктоо үчүн колдонулат.
27-берене. Өрт жана жарылуу өрт коркунучу боюнча имараттардын, курулмалардын жана жайлардын категориялары
1. Өрт жана жарылуу өрт коркунучу боюнча имараттардын, курулмалардын категориялары ошол имараттагы, курулмадагы тигил же бул коркунуч категориясындагы жайлардын үлүшүнө жана жалпы аянтына жараша аныкталат.
Имараттардын, курулмалардын жана өндүрүштүк жана кампалык арналыштагы жайлардын өрт жана жарылуу өрт коркунучу боюнча категориялары капиталдык курулуш жана реконструкциялоо объекттеринин долбоордук документтеринде көрсөтүлөт.
2. Имараттардын, курулмалардын жана жайлардын өрт жана жарылуу өрт коркунучу боюнча категориясы курулуш ченемдери жана эрежелер менен, белгиленген тартипте бекитилген улуттук стандарттар менен аныкталат, аппараттарда жана жайларда жайгашкан күйүүчү заттар менен материалдардын түрүнө, алардын санына жана өрт коркунучунун касиетине, ошондой эле жайдын көлөмдүк-пландоо чечилишине жана анда жүргүзүлүп жаткан технологиялык процесстердин мүнөздөмөсүнө жараша аныкталат.
3. Имараттардын, курулмалардын жана жайлардын категорияларын аныктоо алардын категорияларга таандыгын эң коркунучтуусу “А”дан эң аз коркунучтуусу “Д”га карай ырааттуу түрдө текшерүү жолу менен жүзөгө ашырылат.
Имараттарды, курулмаларды жана жайларды “В1”, “В2”, “В3” же “В4” категорияларына киргизүү өрт оорчулугунун өлчөмүнө жана жайгаштыруу ыкмасына, ошондой эле аны түзүүчү заттар менен материалдардын өрт коркунучтуу касиетине жараша жүзөгө ашырылат.
4. Өрт жана жарылуу өрт коркунучу боюнча өндүрүш жана кампалык арналыштагы имараттар, курулмалар жана жайлар функционалдык дайындоосуна карабастан төмөнкүдөй категорияларга бөлүнөт:
- “А” жогорку жарылуу өрт коркунучу;
- “Б” жарылуу өрт коркунучу;
- “В1 - В4” өрт коркунучу;
- “Г” орточо өрт коркунучу;
- “Д” төмөндөтүлгөн өрт коркунучу.
9-глава. Имараттардын, курулмалардын жана өрт отсектеринин
өрт-техникалык классификациясы
28-берене. Классификациялоонун максаты
1. Имараттарды, курулмаларды жана өрт отсектерин өрт-техникалык классификациялоо өрт коопсуздугунун талаптарын имараттарда, курулмаларда өрт коопсуздугун камсыз кылуу системаларына алардын функциялык дайындоосуна жана өрт кооптуулугуна жараша аныктоо үчүн пайдаланылат.
2. Имараттардын, курулмалардын жана өрт отсектеринин өрткө туруктуулук даражасы, алардын функциялык жана конструкциялык өрт коркунучунун класстары капиталдык курулуш жана реконструкциялоо объекттерине долбоордук документацияда көрсөтүлөт.
29-берене. Имараттарды, курулмаларды жана өрт отсектерин өрт-техникалык классификациялоо
Имараттарды, курулмаларды жана өрт отсектерин классификациялоо төмөнкү критерийлерди эске алуу менен ишке ашырылат:
1) отко туруктуулук даражасы;
2) конструкциялык өрт коркунучунун классы;
3) функциялык өрт коркунучунун классы.
30-берене. Имараттарды, курулмаларды жана өрт отсектерин отко туруктуулук даражасы боюнча классификациялоо
1. Имараттар, курулмалар жана өрт отсектери отко туруктуулук даражалары боюнча I, II, III, IV жана V даражадагы отко туруктуу имараттар, курулмалар жана өрт отсектери болуп бөлүнөт.
2. Имараттардын, курулмалардын жана өрт отсектеринин отко туруктуулук даражасы тийиштүү курулуш ченемдери жана белгиленген тартипте бекитилген улуттук стандарттар менен аныкталат.
31-берене. Имараттарды, курулмаларды жана өрт отсектерин конструкциялык өрт коркунуч классы боюнча классификациялоо
1. Имараттар, курулмалар жана өрт отсектери конструкциялык өрт коркунуч классы боюнча С0, С1, С2 жана С3 болуп бөлүнөт.
2. Имараттарда, курулмаларда жана өрт отсектеринде өрттүн тарап кетүүсүн чектөөгө коюлуучу талаптар ушул Мыйзамдын 75-беренесинде белгиленет.
3. Имараттардын, курулмалардын жана өрт отсектеринин конструкциялык өрт коркунуч классын аныктоо тартиби белгиленген тартипте бекитилген улуттук стандарттарга ылайык аныкталат.
32-берене. Имараттарды, курулмаларды жана өрт отсектерин функциялык өрт коркунуч классы боюнча классификациялоо
1. Имараттар (курулмалар, өрт отсектери жана имараттардын бөлүктөрү - жайлардын же функциялык жактан өз ара байланышкан жайлардын топтору) функциялык өрт коркунуч классы боюнча арналышына, салынганына канча жыл болгонуна, физикалык абалына жана имараттагы адамдардын санына, алардын уктоо абалында болуу мүмкүнчүлүгүнө карай төмөнкүдөй бөлүнөт:
“Ф 1” - адамдар туруктуу жашоочу жана убактылуу болуп туруучу имараттар, анын ичинде:
“Ф 1.1” - мектепке чейинки билим берүүчү мекемелердин, адистешкен карылар жана майыптар үйлөрүнүн (квартиралуу эмес) имараттары, ооруканалар, интернат тибиндеги билим берүүчү мекемелердин жана балдар мекемелеринин уктоочу корпустары;
“Ф 1.2” - мейманканалар, жатаканалар, жалпы типтеги санаторийлер менен эс алуу үйлөрүнүн, кемпингдердин, мотелдердин жана пансионаттардын уктоочу корпустары;
“Ф 1.3” - көп квартиралуу турак үйлөр;
“Ф 1.4” - бир квартиралуу, анын ичинде тосмолонгон турак үйлөр;
“Ф 2” - оюн-зоок жана маданий-агартуу мекемелеринин имараттары, анын ичинде:
“Ф 2.1” - театрлар, кинотеатрлар, концерттик залдар, клубдар, цирктер, трибуналуу спорттук курулмалар, китепканалар жана жабык жайларда келүүчүлөр үчүн эсептелген сандагы отуруучу орундары бар башка мекемелер;
“Ф 2.2” - музейлер, көргөзмөлөр, бий залдары жана ушул сыяктуу жабык жайлардагы мекемелер;
“Ф 2.3” - “Ф 2.1”де көрсөтүлгөн мекемелердин ачык асман астындагы имараттары;
“Ф 2.4” - “Ф 2.2”де керсөтүлгөн мекемелердин ачык асман астындагы имараттары;
“Ф 3” - калкты тейлөө боюнча ишканалардын имараттары, анын ичинде:
“Ф 3.1” - соода ишканаларынын имараттары;
“Ф 3.2” - коомдук тамактануу ишканаларынын имараттары;
“Ф 3.3” - вокзалдар;
“Ф 3.4” - поликлиникалар жана амбулаториялар;
“Ф 3.5” - турмуш-тиричилик жана коммуналдык тейлөө ишканаларынын келип-кетүүчүлөр үчүн эсепке алынбаган сандагы отуруу орундары бар келип-кетүүчүлөр үчүн жайлар;
“Ф 3.6” - көрүүчүлөр үчүн трибуналары жок дене тарбия ден-соолукту чыңдоо комплекстери жана спорттук-машыктыруу мекемелери, турмуш-тиричиликтик жайлары, мончолор;
“Ф 4” - илимий жана билим берүү уюмдарынын, долбоорлоо уюмдарынын, башкаруу органдарынын мекемелеринин имараттары, анын ичинде:
“Ф 4.1” - жалпы билим берүү мекемелери, балдарга кошумча билим берүү мекемелери, кесиптик баштапкы жана кесиптик орто билим берүү мекемелери;
“Ф 4.2” - кесиптик жогорку билим берүү жана адистерге кесиптик кошумча билим берүү (квалификацияларын жогорулатуу) мекемелери;
“Ф 4.3” - башкаруу органдарынын мекемелери, долбоорлоо-конструктордук уюмдары, маалымат жана редакциялык-басма уюмдары, илимий уюмдар, банктар, конторалар, офистер;
“Ф 4.4” - өрт деполору;
“Ф 5” - өндүрүш жана кампа арналыштагы имараттар, анын ичинде:
“Ф 5.1” - өндүрүштүк имараттар жана курулмалар, өндүрүштүк жана лабораториялык жайлар, устаканалар;
“Ф 5.2” - кампа имараттары жана курулмалары, техникалык тейлөө жана оңдоо кызматы жок автомобиль токтоочу жайлар, китеп сакталуучу жайлар, архивдер, кампалар;
“Ф 5.3” - айыл чарбалык арналыштагы имараттар.
2. Өндүрүштүк жана кампа жайлары, анын ичинде “Ф 1” - “Ф 4” класстарына таандык имараттардагы лабораториялар жана устаканалар “Ф 5” классына кирет.
33-берене. Өрт деполорунун имараттарынын классификациясы
1. Өрт деполорунун имараттары арналышына, автомобилдердин санына, жайларынын жана алардын аянттарынын курамына жараша төмөнкүдөй типтерге бөлүнөт:
I – шаардык калктуу конуштарын коргоо үчүн 6, 8, 10 жана 12 автомобилдүү өрт депосу;
II – шаардык калктуу конуштарын коргоо үчүн 2, 4 жана 6 автомобилдүү өрт депосу;
III - уюмдарды коргоо үчүн 6, 8, 10 жана 12 автомобилдүү өрт депосу;
IV - уюмдарды коргоо үчүн 2, 4 жана 6 автомобилдүү өрт депосу;
V – айылдык калктуу конуштарды коргоо үчүн 1, 2, 3 жана 4 автомобилдүү өрт депосу.
2. Өрт депосунун I жана III типтеги имараттары калктуу конуштун же уюмдун аймагынан орун алган өрт коопсуздугун камсыз кылуу боюнча ыйгарым укуктуу органдарынын бөлүмдөрү жайгашкан учурда долбоорлонот.
10-глава. Курулуш конструкцияларынын жана өрткө каршы
бөгөттөрдүн өрт-техникалык классификациясы
34-берене. Классификациялоонун максаты
1. Белгилүү даражада отко туруктуу имараттарда, курулмаларда жана өрт отсектеринде колдонуу мүмкүндүгүн аныктоо үчүн же имараттардын, курулмалардын жана өрт отсектеринин отко туруктуулук даражасын аныктоо үчүн курулуш конструкцияларын отко туруктуулугу боюнча классификациялайт.
2. Курулуш конструкциялары өрттүн өрчүшүнө курулуш конструкциялардын катышуу даражасын жана өрттүн кооптуу факторлорун жаратуу жөндөмүн аныктоо үчүн өрт коркунучу боюнча классификацияланат.
3. Өрткө каршы бөгөттөр өрттүн кооптуу факторлорунун жайылышын алдын алуу ыкмасы боюнча, ошондой эле отко туруктуулуктун керектүү чеги жана өрт коркунучунун классы менен курулуш конструкцияларды тандоо жана өрткө каршы бөгөттөрдүн тешиктерин толтуруу үчүн отко туруктуулугу боюнча классификацияланат.
35-берене. Курулуш конструкцияларын отко туруктуулугу боюнча классификациялоо
1. Имараттар менен курулмалардын курулуш конструкциялары стандарттык сыноо шарттарында алардын өрттүн таасирине жана өрттүн коркунуч факторлорунун таралышына каршылык көрсөтүү жөндөмдүүлүгүнө жараша төмөнкүдөй отко туруктуулук чегине ээ курулуш конструкцияларына бөлүнөт:
- нормага салынбаган;
- 15 мүнөттөн кем эмес;
- 30 мүнөттөн кем эмес;
- 45 мүнөттөн кем эмес;
- 60 мүнөттөн кем эмес;
- 90 мүнөттөн кем эмес;
- 120 мүнөттөн кем эмес;
- 150 мүнөттөн кем эмес;
- 180 мүнөттөн кем эмес;
- 240 мүнөттөн кем эмес;
- 360 мүнөттөн кем эмес.
2. Курулуш конструкцияларынын отко туруктуулук чеги стандарттык сыноо шарттарында аныкталат. Көтөрүүчү жана тосуучу курулуш конструкцияларынын отко туруктуулук чектери стандарттык сыноо шарттарында же эсептөөлөрдүн натыйжасында бир же чектик абалдардын төмөнкү бир нече белгилерине ырааттуу түрдө жетүү убактысы боюнча белгиленет:
- көтөрүү жөндөмдүүлүгүн жоготушу “R”;
- бүтүндүгүн жоготушу “Е”;
- конструкциянын ысытылбаган бетинде температуранын “I” чектик маанилерге чейин жогорулашынан улам же конструкциялардын ысытылбаган бетинен нормадагы аралыкта жылуулук агымынын тыгыздыгынын чектик “W” чоңдугуна жетишинин кесепетинен жылуулук өткөрбөө жөндөмдүүлүгүнүн жоголушу.
3. Өрткө каршы бөгөттөрдүн оюктарын толтуруу үчүн отко туруктуулук чеги бүтүндүгүн жоготкондогу “Е”, жылуулук өткөрбөө жөндөмдүүлүгүнүн “I”, жылуулук агымынын тыгыздыгынын “W” жана (же) түтүн-газ өткөрбөстүгүнүн “S” чектик чоңдугуна жеткенде келет.
4. Курулуш конструкцияларынын отко туруктуулук чегин жана чектик абалдарынын белгилерин аныктоо усулдары белгиленген тартипте бекитилген улуттук стандарттарга ылайык аныкталат.
5. Курулуш конструкцияларынын отко туруктуулук чектеринин шарттуу белгилери чектик абалынын жана тобунун тамга түрүндөгү белгилерин камтыйт.
36-берене. Курулуш конструкцияларын өрт коркунучу боюнча классификациялоо
1. Курулуш конструкциялары өрт коркунучу боюнча төмөнкүдөй класстарга бөлүнөт:
- өрт коркунучу жок “К0”;
- өрт коркунучу аз “К1”;
- өрт коркунучу орточо “К2”;
- өрт коркунучтуу “К3”.
2. Курулуш конструкцияларынын өрт коркунучу боюнча классы жана курулуш конструкцияларын өрт коркунучу боюнча белгилүү бир класска таандык кылуу критерийлеринин сандык маанилери белгиленген тартипте бекитилген улуттук стандарттар менен аныкталат.
37-берене. Өрткө каршы бөгөттөрдүн классификациясы
1. Өрткө каршы бөгөттөр өрттүн коркунучтуу факторлорунун таралуусун алдын алуу ыгына жараша төмөнкүдөй типтерге бөлүнөт:
- өрткө каршы дубалдар;
- өрткө каршы тосмолор;
- өрткө каршы калканчтар;
- өрткө каршы ажырымдар;
- өрткө каршы көшөгөлөр, шторалар жана экрандар;
- өрткө каршы суу тосмолору;
- өрткө каршы минералдаштырылган тилкелер.
2. Өрткө каршы дубалдар, тосмолор жана калканчтар, өрткө каршы бөгөттөрдөгү оюктарды толтуруу (өрткө каршы эшиктер, дарбазалар, люктар, клапандар, терезелер, шторалар, көшөгөлөр) алардын тосуучу бөлүгүнүн отко туруктуулук чектерине жараша, ошондой эле өрткө каршы бөгөттөрдөгү оюктар үчүн каралган тамбур-шлюздар ошол тамбур-шлюздардын элементтеринин типтерине жараша төмөнкүдөй түрлөргө бөлүнөт:
дубалдар 1 же 2-тип;
тосмолор 1 же 2-тип;
калканчтар 1 же 2, же 3, же 4-тип;
эшиктер, дарбазалар, люктар, 1 же 2, же 3-тип;
клапандар, экрандар, шторалар
терезелер 1 же 2, же 3-тип ;
көшөгөлөр 1-тип;
тамбур-шлюздар 1 же 2-тип.
3. Өрткө каршы бөгөттөрдү тигил же бул типке өрткө каршы бөгөттөрдүн элементтеринин отко туруктуулук чектерине жана оюктарды толтуруу тибине жараша таандык кылат жана белгиленген тартипте бекитилген улуттук стандарттарга ылайык аныктайт.
11-глава. Тепкичтердин жана тепкич клеткаларынын
өрт-техникалык классификациясы
38-берене. Классификациялоонун максаты
Тепкичтер жана тепкич клеткаларын, алардын көлөмдүк-пландоо жана конструкциялык чечилишине талаптарды аныктоо максатында, ошондой эле адамдарды эвакуациялоо жолдорунда аларды колдонуу талаптарын аныктоо үчүн классификациялайт.
39-берене. Тепкичтерди классификациялоо
1. Өрттө имараттар менен курулмалардан адамдарды эвакуациялоо үчүн арналган тепкичтер төмөнкүдөй типтерге бөлүнөт:
- тепкич клеткаларындагы ички тепкичтер;
- ички ачык тепкичтер;
- сырткы ачык тепкичтер.
2. Өрт өчүрүүнү камсыз кылууга жана авариялык куткаруу иштерин жүргүзүүгө арналган өрт өчүрүү үчүн тепкичтер төмөнкүдөй типтерге бөлүнөт:
- тик тепкичтер - П1;
- жантаймасы 6:1ден ашык эмес марш тепкичтери - П2.
40-берене. Тепкич клеткаларын классификациялоо
1. Тепкич клеткалары өрт учурунда түтүндөн корголуу даражасына жараша төмөнкүдөй типтерге бөлүнөт:
- кадимки тепкич клеткалары;
- түтөбөөчү тепкич клеткалары.
2. Кадимки тепкич клеткалары жарык берүү ыгына жараша төмөнкүдөй типтерге бөлүнөт:
- “Л1” ар бир кабаттын сырткы дубалындагы айнектелген же ачык оюктар аркылуу табигый жарык кирген тепкич клеткалары;
- “Л2” жабык жердеги айнектелген же ачык оюктар аркылуу табигый жарык кирген тепкич клеткалары.
3. Түтөбөөчү тепкич клеткалары өрттө түтөөдөн сактоо ыгына жараша төмөнкүдөй типтерге бөлүнөт:
- “Н1” түтөбөөчү сырткы аба зонасы аркылуу ачык өткөөл боюнча кабаттан тепкич клеткасына чыккан жери бар тепкич клеткалары;
- “Н2” өрттө тепкич клеткаларына абаны үйлөгөн тепкич клеткалары;
- “Н3” ар бир кабатта дайыма же өрт учурунда аба үйлөнгөнү камсыз кылынган тамбур-шлюз аркылуу чыккан жери бар тепкич клеткалары.
4. Ушул берененин 3-бөлүгүндө көрсөтүлгөн тепкич клеткаларын бийиктиги 28 метр же андан жогору коомдук арналыштагы жана турак-жай имараттарында ушул Мыйзамга, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик-укуктук актыларына, ошондой эле курулуш ченемдерине жана эрежелерине ылайык караштыруу керек.
12-глава. Өрткө каршы техниканын, жабдуулардын
жана жабдыктардын классификациясы
41-берене. Классификациялоонун максаты
Өрт техникасын классификациялоо анын арналышын, колдонуу жаатын белгилөө үчүн, ошондой эле өрт техникасын иштетүүдө өрт коопсуздугунун талаптарын аныктоо үчүн колдонулат.
42-берене. Өрткө каршы техниканы, жабдуулар менен жабдыктарды классификациялоо
Өрт техникасы, жабдуулар менен жабдыктар арналышына жана колдонуу жаатына жараша төмөнкүдөй типтерге бөлүнөт:
1) өрт өчүрүүнүн баштапкы каражаттары;
2) өрт өчүрүүнүн мобилдүү каражаттары;
3) өрт өчүрүүчү орнотмолор;
4) өрт автоматикасынын каражаттары;
5) өрткө каршы жабдуулар;
6) өрттө адамдарды жеке коргоонун жана куткаруунун каражаттары;
7) өрткө каршы шаймандар (механикалаштырылган жана механикалаштырылбаган);
8) өрт сигнализациясы, байланыш жана кабарлоо.
43-берене. Өрт өчүрүүнүн баштапкы каражаттарын классификациялоо жана аларды колдонуу жааты
Өрт өчүрүүнүн баштапкы каражаттары өрт менен күрөшүү максатында колдонууга арналган жана төмөнкүдөй типтерге бөлүнөт:
1) көтөрүп жүрмө жана жылдырылуучу өрт өчүргүчтөр;
2) өрт крандары жана алардын колдонулушун камсыз кылуучу каражаттар;
3) өрт инвентары;
4) тутануу очогун обочолоо үчүн жапкыч, брезент, кийиз, кум.
44-берене. Өрт өчүрүүнүн мобилдүү каражаттарын классификациялоо
Өрт өчүрүүнүн мобилдүү каражаттарына өрт коопсуздугун камсыз кылуу боюнча ыйгарым укуктуу органдын бөлүнүштөрүнүн өздүк курамы колдонуу үчүн арналган транспорт жана транспорттолуучу өрт машиналары кирет. Өрт өчүрүүнүн мобилдүү каражаттары төмөнкүдөй типтерге бөлүнөт:
1) өрт автомобилдери (негизги жана атайын);
2) өрт поезддери;
3) өрт вертолеттору;
4) өрт кемелери;
5) өрт мотопомпалары;
6) ыңгайлаштырылган техникалык каражаттар (сүйрөгүчтөр, чиркегичтер жана тракторлор ж.б.).
45-берене. Өрт өчүрүү орнотмолорун классификациялоо
1. Өрт өчүрүү орнотмолору - от өчүрүүчү заттарды жиберген өрттү өчүрүүнүн стационардык техникалык каражаттарынын жыйындысы.
Өрт өчүрүү орнотмолору өрттү чектөөнү жана жок кылууну камсыз кылууга тийиш.
Өрт өчүрүү орнотмолору төмөнкүдөй бөлүнөт:
- конструкциялык түзүлүшү боюнча - агрегаттык жана модулдук;
- автоматташтыруу даражасы боюнча - автоматтык, автоматташтырылган жана кол менен иштетилүүчү;
- от өчүрүүчү заттардын түрү боюнча - суу, көбүк, газ, порошок колдонулуучу, аэрозолдук жана айкалышкан;
- өчүрүү ыкмасы боюнча - көлөмдүк, үстүңкү, чектелген-көлөмдүк, чектелген-үстүңкү.
2. Өрт өчүрүү орнотмосунун типтери, өчүрүү ыкмасы жана от өчүрүүчү заттардын түрү Кыргыз Республикасынын тиешелүү ченемдик укуктук актылары менен аныкталат.
Мында өрт өчүрүү орнотмосу төмөнкүлөрдү камсыз кылууга тийиш:
- өрттүн күчөшүнүн баштапкы стадиясынын узактыгынан (өрттүн эркин күчөшүнүн чектүү мезгилинен) ашпаган мезгил ичинде иштей баштоосун;
- суу жеткирүүнүн зарыл болгон ургаалдуулугун же от өчүрүүчү заттардын салыштырмалуу сарпталышын;
- ыкчам күчтөр менен каражаттарды аракетке келтирүү үчүн зарыл болгон мезгил ичинде өрттү жок кылуу же чектөө максатында өчүрүүнү;
- иштешинин талап кылынган ишенимдүүлүгүн.
46-берене. Өрт автоматикасынын (сигнализация) каражаттары
Өрт автоматикасынын каражаттары өрттү автоматтык түрдө табууга, ал тууралуу адамдарды маалымдоого жана адамдардын эвакуациялоосун башкарууга, өрттү өчүрүү жана түтүндү кетирүү орнотмолорун автоматтык башкарууга, имараттар менен объекттердин инженердик, технологиялык жана коммуникациялык жабдууларын башкарууга арналган. Өрт автоматикасынын каражаттары төмөнкүлөргө бөлүнөт:
1) өрт маалымдагычтарына;
2) кабыл алгыч-контролдоо өрт приборлоруна;
3) башкаруучу өрт приборлоруна;
4) кабарлоону жана эвакуацияны башкаруунун өрт техникалык каражаттарына;
5) өрт тууралуу маалымдоолорду берүү системаларына;
6) өрт автоматикасынын системаларын куруунун башка приборлоруна жана жабдууларына.
47-берене. Өрттөн адамдарды коргоонун жана куткаруунун жеке каражаттарын классификациялоо
1. Өрттөн адамдарды коргоонун жеке каражаттары коргоо объектинин кызматкерлерин, өрттү алдын алуу жана өчүрүү жаатындагы ыйгарым укуктуу органдын бөлүнүштөрүнүн жеке курамын жана эвакуацияланган жарандарды өрттүн коркунучтуу факторлорунун таасиринен коргоого арналат. Өрттөн адамдарды куткаруу каражаттары өрт коопсуздугун камсыз кылуу боюнча ыйгарым укуктуу органдардын бөлүнүштөрүнүн өздүк курамы жана күйүп жаткан имараттан, курулмадан жарандарды, жердеги, абадагы жана суудагы транспорт каражаттарын куткарууга арналат.
2. Өрттөн адамдарды коргоонун жеке каражаттары төмөнкүдөй бөлүнөт:
- дем алуу жана көрүү органдарын коргоонун жеке каражаттары (обочолоо аракеттеги);
- өрт өчүрүүчүлөрдүн жеке коргонуу каражаттары.
3. Өрттө адамдарды бийиктиктен куткаруу каражаттары төмөнкүдөй бөлүнөт:
- адамдарды куткаруунун жеке каражаттарына;
- адамдарды куткаруунун жамааттык каражаттарына.
13-глава. Өрттү болтурбоо системасы
48-берене. Өрттү болтурбоо системасын түзүүнүн максаты
1. Өрттү болтурбоо системасын түзүүнүн максаты өрттүн келип чыгуу шарттарын четтетүү болуп саналат.
Өрттүн келип чыгуу шарттарын четтетүү күйүүчү чөйрөнүн пайда болуу шарттарын жана (же) күйүүчү чөйрөдө тутануу булагынын пайда болуу (же ага киргизилүү) шарттарын четтетүү аркылуу жетишилет.
2. Коргоо объектиндеги өрттү болтурбоо системаларынын курамы жана функциялык мүнөздөмөсү ушул Мыйзам, Кыргыз Республикасынын өрт коопсуздугу жаатындагы ченемдик-укуктук актылары жана тиешелүү курулуш ченемдери жана эрежелери менен белгиленет.
3. Өрттү болтурбоо системаларынын мүнөздөмөлөрүн изилдөөнүн (сыноонун жана өлчөөнүн) эрежелери жана усулдары белгиленген тартипте бекитилген улуттук стандарттарга ылайык аныкталат.
49-берене. Күйүүчү чөйрөнүн пайда болуу шарттарын четтетүү ыкмалары
Күйүүчү чөйрөнүн пайда болуу шарттарын четтетүү төмөнкү ыкмалардын бири же бир нечеси аркылуу камсыз кылынууга тийиш:
1) күйбөөчү заттар менен материалдарды колдонуу;
2) күйүүчү заттар менен материалдардын массасын жана (же) көлөмүн чектөө;
3) күйүүчү заттар менен материалдарды, ошондой эле бири-бири менен өз ара аракеттенгенде күйүүчү чөйрөнүн пайда болушуна алып келүүчү материалдарды жайгаштыруунун эң эле коопсуз ыкмаларын пайдалануу;
4) күйүүчү чөйрөнү тутануу булагынан обочолоо (обочолонгон отсектерди, камераларды, кабиналарды колдонуу);
5) кычкылдандыргыч жана (же) күйүүчү заттардын чөйрөлөрүндө коопсуз концентрацияны кармап туруу;
6) кычкылдандыргычтын күйүүчү чөйрөдөгү концентрациясынын корголуучу көлөмдө азайтылышы;
7) чөйрөнүн температурасын жана басымын жалындын таралышы болбой тургандай кылып кармап туруу;
8) күйүүчү заттардын жүгүртүлүшү менен байланышкан технологиялык процесстерди механизациялоо жана автоматташтыруу;
9) өрттөн кооптуу жабдууларды өзүнчө жайларга же ачык аянтчага орнотуу;
10) күйүүчү заттардын жайдын көлөмүнө чыгышын четтеткен, же жайда күйүүчү чөйрө пайда болушун четтеткен өндүрүштүк жабдууларды коргоо орнотмолорун колдонуу;
11) технологиялык жабдуулардын жана коммуникациялардын жайларынан өндүрүштүн өрттөн кооптуу калдыктарын, чаң басканын, пырларды жок кылуу.
50-берене. Күйүүчү чөйрөдө тутануу булагынын пайда болуу (же ага киргизилүү) шарттарын четтетүү ыкмалары
1. Күйүүчү чөйрөдө тутануу булагынын пайда болуу шарттарын четтетүү төмөнкү ыкмалардын бири же бир нечеси аркылуу жетишүүгө мүмкүн:
- өрт коркунучу жана (же) жарылуу коркунучу бар зонанын классына, жарылуу коркунучу бар аралашманын категориясына жана тобуна ылайык келген электр жабдууларын колдонуу;
- конструкцияда электр орнотмолорунун коргоп өчүрүүчү таасири тез каражаттарды жана тутануу булагынын пайда болушуна алып келүүчү башка орнотмолорду колдонуу;
- статикалык электр тогунун пайда болушун четтетүүчү жабдууларды жана технологиялык процесстерди жүргүзүү режимдерин колдонуу;
- имараттарды, курулмаларды жана жабдууларды чагылгандан коргоо (чагылган тоскуч) орнотмосу;
- күйүүчү чөйрө менен тийишүүчү заттардын, материалдардын жана беттердин ысыган коопсуз температурасын кармоо;
- күйүүчү чөйрөдө учкун разрядынын энергиясын коопсуз маанилерине чейин чектөөчү ыкмалар менен орнотмолорду колдонуу;
- тез от алуучу суюктуктар жана күйүүчү газдар менен иштегенде учкундан коркунучсуз шайманды колдонуу;
- жүгүртүлгөн заттардын, материалдардын жана буюмдардын өзүнөн өзү ысыктан, химиялык жана (же) микробиологиялык от алып кетүүчү шарттарын жоюу;
- пирофордук заттардын аба менен байланышын болтурбоо;
- жалындын бир көлөмдөн чектеш турган көлөмдөргө таралуу мүмкүнчүлүгүн четтетүүчү орнотмолорду колдонуу.
2. Тутануу булактарынын параметрлеринин коопсуз маанилери белгиленген тартипте бекитилген, тиешелүү улуттук стандарттар менен аныкталган, андагы жүгүртүлгөн заттардын жана материалдардын өрт коркунучунун көрсөткүчтөрүнүн негизинде технологиялык процессти жүргүзүү шарттары менен аныкталат.
14-глава. Өрттөн коргоо системасы
51-берене. Өрттөн коргоо системасын түзүүнүн максаты
1. Өрттөн коргоо системасын түзүүнүн максаты адамдар менен мүлктү өрттүн коркунучтуу факторлорунун таасиринен коргоо жана (же) анын залакасын чектөө болуп саналат.
Адамдар менен мүлктү өрттүн коркунучтуу факторлорунун таасиринен коргоо жана (же) анын залакасын чектөө өрттүн коркунучтуу факторлорунун күчөө динамикасын басаңдатуу менен, адамдарды жана мүлктү коопсуз зонага эвакуациялоо жана (же) өрттү өчүрүү менен камсыз кылынат.
2. Өрттөн коргоо системасы өрт коопсуздугун камсыз кылуу максатына жетүү үчүн зарыл болгон убакыт ичинде өрттүн коркунучтуу факторлорунун таасирине бекем жана туруктуу болууга тийиш.
3. Объекттердин өрттөн коргоо системасынын курамы жана функциялык мүнөздөмөсү Кыргыз Республикасынын тиешелүү ченемдик-укуктук актылары жана тийиштүү курулуш ченемдери жана эрежелери менен аныкталат.
4. Өрттөн коргоонун автоматтык системалары жана өрт насостук станциялары керектөөнүн I категориясы боюнча электр жабдуу менен камсыз кылынууга тийиш.
52-берене. Адамдарды жана мүлктү өрттүн коркунучтуу факторлорунун таасиринен коргоо ыкмалары
Адамдарды жана мүлктү өрттүн коркунучтуу факторлорунун таасиринен коргоо же алардын таасиринин залакасын чектөө төмөнкү ыкмалардын бири же бир нечеси аркылуу камсыз кылынат:
1) өрттүн очогунун чегинен сырткары таралышын чектөөнү камсыз кылуучу көлөмдүк-пландык чечилиштерди жана каражаттарды колдонуу;
2) өрттөн адамдарды коопсуз эвакуациялоо талаптарына жооп берген эвакуация жолдорун куруу;
3) өрттү автоматтык түрдө табуучу (өрт сигнализациясынын автоматтык орнотмолорун), маалымдоочу жана адамдардын эвакуациясын башкаруучу системаларды орнотуу;
4) өрттүн коркунучтуу факторлорунун таасиринен адамдарды жамааттык коргоо системаларын (анын ичинде түтүнгө каршы) жана жеке коргонуу каражаттарын колдонуу;
5) өрттө абаны көтөрмөлөп туруунун, бөлмөлөрдү түтүндөн коргоонун, адамдарды эвакуациялоо жолдорунун жана түтүндү жок кылуунун автоматикалык системаларын орнотуу;
6) отко туруктуулук чеги бар негизги курулуш конструкцияларын жана имараттардын (курулмалардын) талап кылынган отко туруктуулук даражасына жана алардын конструкциялык өрт коркунучунун классына жооп берүүчү өрт коркунучунун көрсөткүчтөрү бар материалдарды колдонуу;
7) курулуш конструкцияларынын отко туруктуулук чегин жогорулатуу үчүн оттон коргоочу курамдарды (анын ичинде антипирендерди жана оттон коргогон сырларды) жана курулуш материалдарын (беттерин каптагычтарды) колдонуу;
8) темир жана темир-бетондук көтөрүүчү конструкциялардын отко туруктуулук чегин жогорулатуу үчүн термикалык коргоолорду (оттон коргоо каражаттарын) колдонуу;
9) өрт коркунучу бар суюктуктардын авариялык куйгучтарын жана күйүүчү газдарды аппараттардан авариялык чыгаргычтарды орнотуу;
10) технологиялык жабдууларда жарылууга каршы коргонуу системасын орнотуу;
11) өрт өчүрүүнүн баштапкы каражаттарын колдонуу;
12) өрт өчүрүүнүн автоматтык орнотмолорун жана суу тосмосун колдонуу;
13) эвакуациялоо жолдорунда күйбөгөн жана оңой менен күйүп кетпеген конструкцияларды жана жасалгоочу материалдарды колдонуу;
14) өрт коопсуздугун камсыз кылуу боюнча ыйгарым укуктуу органдын бөлүнүштөрүнүн ишин уюштуруу.
53-берене. Өрт учурунда адамдарды эвакуациялоо жолдору
1. Ар бир имаратта же курулмада өрт учурунда адамдарды коопсуз эвакуациялоону камсыз кылуучу эвакуациялоо жолдорунун көлөмдүк-пландык чечилиши жана конструкциялык аткарылышы болууга тийиш. Адамдарды коопсуз эвакуациялоо мүмкүн болбогондо, жамааттык коргоо системаларын колдонуу аркылуу адамдарды коргоо камсыз кылынышы керек.
Адамдарды коопсуз эвакуациялоону камсыз кылуу үчүн төмөнкүлөр зарыл:
- керектүү сандагы, өлчөмдөгү жана тиешелүү конструкциялык аткарылыштагы эвакуациялоо жолдорун жана чыгуу жерлерин орнотуу;
- эвакуациялоо жолдору боюнча жана эвакуациялык чыгуу жерлери аркылуу адамдардын тоскоолсуз кыймылын камсыз кылуу;
- маалымдоону жана эвакуациялоо жолдору боюнча адамдардын кыймылын (анын ичинде жарык көрсөткүчтөрүн, добуштук жана сүйлөө маалымдамаларын колдонуу менен) башкарууну уюштуруу.
2. Эгер өрт билингенден баштап адамдарды коопсуз зонага эвакуациялоо процесси аяктаганга чейинки убакыт адамдарды эвакуациялоо үчүн зарыл болгон убакыттан ашпаса, имараттардан жана курулмалардан адамдарды коопсуз эвакуациялоо камсыз кылынган болуп эсептелет.
3. Эвакуациялоо (авариялык) жолдорунун жана чыгуу жерлеринин саны жана өлчөмү боюнча конкреттүү талаптар тиешелүү (мамлекеттер аралык) курулуш ченемдердин жана эрежелердин, белгиленген тартипте бекитилген улуттук стандарттардын эсептери менен аныкталат.
54-берене. Өрттү табуу, маалымдоо жана өрт учурунда адамдардын эвакуациялоосун башкаруу системасы
1. Өрттү табуу (өрт сигнализациясынын орнотмолору жана системалары), өрт учурунда адамдарды маалымдоо жана эвакуациясын башкаруу системасы конкреттүү объекттин шартында адамдардын коопсуз (жол берилген өрт тобокелдигин эске алуу менен) эвакуациялоосун уюштуруу максатында өрт тууралуу маалымдоо системасын иштетүүгө зарыл болгон убакыттын ичинде өрттү автоматтык табууну камсыз кылууга тийиш.
2. Чарба жүргүзүү объекттеринде, функциялык арналышына жана менчигинин түрүнө карабай куралган өрт табуунун жана өчүрүүнүн автоматтык системалары өрт коопсуздугун камсыз кылуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын борбордук байланыш пунктуна (“101” кызматына) кошулуусу керек.
3. Өрттү табуу, ал тууралуу маалымдоо жана өрт учурунда адамдардын эвакуациялоосун башкаруунун автоматикалык системалары менен милдеттүү түрдө жабдылуучу объектилердин тизмеги, ошондой эле аларды монтаждоо боюнча талаптар Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан ошондой эле курулуш ченемдери жана эрежелери менен аныкталат.
55-берене. Өрт учурунда адамдарды жамааттык коргоо системалары жана жеке коргонуу каражаттары
1. Адамдарды өрттүн коркунучтуу факторлорунун таасиринен жамааттык коргоо системалары жана жеке коргонуу каражаттары адамдарга өрттүн коркунучтуу факторлору таасир эткен убакытта алардын коопсуздугун камсыз кылууга тийиш.
Адамдарды жамааттык коргоо системасы өрт мезгилинде же өрттөн коопсуз зонага адамдарды эвакуациялоо үчүн зарыл убакыт ичинде адамдардын коопсуздугун камсыз кылууга тийиш. Бул учурда адамдардын коопсуздугу имараттар менен курулмалардагы өрттөн коопсуз зоналардын көлөмдүк-пландоо жана конструкциялык чечилиши аркылуу (анын ичинде имараттын кабаты менен сыртка аба зонасы аркылуу байланышкан тепкич клеткаларын орнотуу аркылуу), ошондой эле эвакуациялоо жолдорунда өрттүн коркунучтуу факторлорунун таасиринен адамдарды коргоонун техникалык каражаттарын (анын ичинде түтүнгө каршы коргоочу каражаттарды) колдонуу аркылуу жетишилүүгө тийиш.
2. Адамдардын жеке коргонуу (анын ичинде көрүү жана дем алуу органдарын коргоо) каражаттары аларды өрттөн коопсуз зонага эвакуациялоо үчүн зарыл убакыт ичинде же өрттү өчүрүү боюнча атайын иштерди аткаруу үчүн зарыл болгон убакыттын ичинде адамдардын коопсуздугун камсыз кылууга тийиш. Адамдардын жеке коргонуу каражаттары эвакуацияланып жана куткарылып жаткан адамдарды да, өрттү өчүрүүгө катышып жаткан өрт өчүрүүчүлөрдү да коргоо үчүн колдонулууга тийиш.
56-берене. Түтүнгө каршы коргоо системасы
1. Имараттардын жана курулмалардын түтүнгө каршы коргоо системасы күйүү продуктуларын жана ысыктан бузулган нерселерди жок кылуу жана (же) алардын жайылышын алдын алуу жолу менен адамдарды эвакуациялоо үчүн зарыл болгон убакыттын ичинде же өрт күчөгөн жана өрттү өчүрүү убагында өрттүн коркунучтуу таасирлеринен эвакуациялоо жолдорунда жана коопсуз зоналарда адамдарды коргоону камсыз кылууга тийиш.
Көлөмдүк-пландоо жана конструкциялык чечилиштерге жараша имараттардын жана курулмалардын түтүнгө каршы агымдуу-соруучу желдетүү системасы механикалык же табигый түрдө иштей тургандай аткарылууга тийиш. Түтүнгө каршы агымдуу-соруучу желдетүү системасында иштөө ыкмаларына карабай түтүнгө каршы желдетүүнүн автоматтык жана аралыктан кол менен ишке киргизүүчү аткаруу механизмдери жана орнотмолору болууга тийиш.
Имараттар менен курулмалардын көлөмдүк-пландоо чечилиштери күйүүчү продуктулардын өрт болгон жайдын, өрт отсегинин жана (же) секциясынын чегинен сырткары таралууга жол бербеши керек.
Имараттар менен курулмалардын функциялык арналышына жана көлөмдүк-пландоо жана конструкциялык чечилиштерине жараша аларда түтүнгө каршы желдетүүнүн агымдуу-соруучу же соруучу системасы алдын ала каралууга тийиш.
Имараттар менен курулмалардын чегинен күйүү продуктуларын чыгаруу үчүн соруучу желдетүүнү механикалык же табигый соруучу түтүнгө каршы желдетүү орнотмосу жок колдонууга жол берилбейт.
Түтүнгө каршы соруучу желдетүү өрт учурунда күйүү продуктуларын түздөн-түз өрт болгон жайдан, эвакуациялоо жолдорундагы коридорлордон, холлдордон четтетүүнү камсыз кылууга тийиш.
Имараттар менен курулмалардын түтүнгө каршы системасынын агымдуу желдетүү системасы өрт болгон жайга жанаша жайгашкан жайларда, тепкич клеткаларында, лифт холлдорунда жана тамбур-шлюздарда аба берип турууну жана ашыкча басымды түзүүнү камсыз кылууга тийиш.
Имараттар менен курулмаларды түтүнгө каршы коргоо элементтеринин конструкциялык аткарылышы жана мүнөздөмөсү түтүнгө каршы коргоонун максаттарына жараша коопсуз зонага адамдарды эвакуациялоо үчүн зарыл убакыттын же өрт болгон мезгилдин ичинде түтүнгө каршы агымдуу-соруучу желдетүү системасынын бузулбай иштөөсүн камсыз кылууга тийиш.
Имараттар менен курулмалардын түтүнгө каршы агымдуу-соруучу желдетүү системасынын аткаруучу механизмдери менен түзүлүштөрүн автоматтык иштетүү автоматтык өрт сигнализациясы же автоматтык өрт өчүрүүчү орнотмолор иштегенде жүзөгө ашырылууга тийиш.
Имараттар менен курулмалардын түтүнгө каршы агымдуу-соруучу желдетүү системасынын механизмдери менен түзүлүштөрүн аралыктан кол менен иштетүү эвакуациялык чыгуу жерлеринде жана өрт постторунун жайларында же диспетчердик персоналдын жайларында жайгашкан ишке киргизүү элементтери аркылуу жүзөгө ашырылууга тийиш.
Өрттө имараттар менен курулмалардын түтүнгө каршы агымдуу-соруучу желдетүү системасын иштетүүдө жалпы алмаштыруу жана абаны технологиялык желдетүү менен кондиционерлөө системалары милдеттүү түрдө өчүрүлүшү керек.
Аэрозолдук, порошоктук жана газ менен өрт өчүрүүчү автоматтык орнотмолорду жана түтүнгө каршы желдетүү системаларын өрт болгон жайда бир мезгилде иштетүүгө жол берилбейт.
2. Имараттар менен курулмалардын түтүнгө каршы коргоо системасынын курамына, конструкциялык аткарылышына, колдонуу өзгөчөлүктөрүнө жана элементтерин иштетүүнүн ырааттуулугуна коюлуучу талаптар алардын функциялык арналышына жана архитектуралык-пландоо чечилишине жараша ушул Мыйзамга, Кыргыз Республикасынын өрт коопсуздугу боюнча ченемдик укуктук актыларына жана курулуш ченемдери менен эрежелерине ылайык долбоорлоо тапшырмасы менен аныкталат.
57-берене. Имараттар менен курулмалардын отко туруктуулугу жана өрт коркунучу
1. Имараттар менен курулмаларда отко туруктуулук чеги жана өрт коркунуч классы бар негизги курулуш конструкциялары жана имараттар менен курулмаларга талап кылынган отко туруктуулук даражасына жана алардын конструкциялык өрт коркунучу классына ылайык келген өрт коркунучунун көрсөткүчтөрү бар курулуш материалдары колдонулууга тийиш.
2. Имараттар менен курулмалардын талап кылынган отко туруктуулук даражасы жана алардын конструкциялык өрт коркунуч классы ушул Мыйзамдын 75-беренесинде аныкталган.
58-берене. Курулуш конструкцияларынын отко туруктуулугу жана өрт коркунучу
1. Курулуш конструкцияларынын отко туруктуулугу жана өрт коркунуч классы алардын конструкциялык чечилиштеринин, тиешелүү курулуш материалдарын колдонуунун, ошондой эле оттон коргоо каражаттарын пайдалануунун эсебинен камсыз кылынууга тийиш.
2. Курулуш конструкцияларынын талап кылынган отко туруктуулук чеги имараттар менен курулмалардын талап кылынган, белгиленген тартипте бекитилген улуттук стандарттарга ылайык отко туруктуулук даражасына ылайык келүүгө тийиш.
59-берене. Өрттүн очогунан сырткары таралышын чектөө
Өрттүн очогунан сырткары таралышын чектөө төмөнкүдөй ыкмалардын бири же бир нечеси аркылуу камсыз кылынууга тийиш:
1) имараттар жана курулмалардын ортосунда каралган өрткө каршы ажырым;
2) өрткө каршы бөгөттөрдү куруу;
3) өрт отсектерин жана секцияларын куруу, ошондой эле имараттар менен курулмалардын кабаттуулугун чектөө;
4) күйбөөчү жана оңой менен күйбөөчү конструкцияларды жасалгалоочу, жылуулаткыч жана каптагыч материалдарды колдонуу;
5) өрттү табуунун жана өчүрүүнүн автоматтык системаларын колдонуу;
6) өрт учурунда орнотмолор менен коммуникацияларды авариялык өчүрүү жана которуу түзүлүштөрүн колдонуу;
7) өрт учурунда суюктуктардын төгүлүшүн жана жайылып кетишин болтурбоочу же чектөөчү каражаттарды колдонуу;
8) жабдууда отко бөгөт болуучу түзүлүштөрдү колдонуу.
60-берене. Имараттар менен курулмалардагы өрт өчүрүүнүн баштапкы каражаттары
1. Имараттар менен курулмалар белгиленген ченемдерге ылайык өрт өчүрүүнүн баштапкы каражаттары менен камсыз кылынууга тийиш жана алар колдонуу үчүн жеткиликтүү болушу керек.
2. Имараттар менен курулмаларда өрт өчүрүүнүн баштапкы каражаттарын жайгаштыруунун номенклатурасы, саны жана орду күйүүчү материалдын түрүнө, имараттын же курулманын көлөмдүк-пландоо чечилишине, айлана-чөйрөнүн параметрлерине жана тейлөөчү персоналдын жайгашуу ордуна жараша аныкталат жана Кыргыз Республикасынын өрт коопсуздугу жаатындагы тийиштүү ченемдик укуктук актылары менен белгиленет.
Мында имараттын, курулманын өрттөн коргоо системасы (анын ичинде өрттү табуу жана өчүрүү системасы, адамдарды эвакуациялоо жолдору жана түтүнгө каршы коргоо системасы) өрт өчүрүүнүн баштапкы каражаттары иштебей калган учурда өрт өчүрүүгө өрт өчүрүүнүн баштапкы каражаттары менен катышып жаткан тейлөөчү персоналдын коопсуз эвакуациялануу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылууга тийиш.
61-берене. Автоматтык өрт өчүрүү орнотмолору
1. Автоматтык өрт өчүрүү орнотмолору төмөнкүдөй максаттардын бирине же бир нечесине жетүүнү камсыз кылууга тийиш:
- жайда (имаратта) өрттүн коркунучтуу факторлорунун чектүү маанилерине чейин жеткиче өрттү жок кылууга;
- жайда (имаратта) курулуш конструкцияларынын отко туруктуулук чегине жеткиче өрттү жок кылууга;
- жайда (имаратта) корголуучу мүлккө чоң зыян келтирбегендей кылып өрттү жок кылууга;
- жайда (имаратта) технологиялык аппараттардын (орнотмолордун) талкалануу коркунучу келип чыкканга чейин өрттү жок кылууга;
- электр менен жабдуу, газ менен жабдуу, ысык суу менен жабдуу, суу менен жылытуу тармактарын өчүрүүгө, ошондой эле турак үйлөрдөгү жана коомдук имараттардагы авариялык жарыкты күйгүзүүгө.
2. Автоматтык өрт өчүрүү орнотмолору менен корголо турган имараттар, курулмалар, бөлмөлөр жана жабдуулар тизмеси, автоматтык өрт өчүрүү орнотмосунун тиби, отту өчүрүүчү заттын түрү, аны өрттүн очогуна жиберүү ыкмасы жана ошону монтаждоо боюнча талаптар Кыргыз Республикасынын тийиштүү ченемдик укуктук актылары, курулуш ченемдери жана эрежелери менен көлөмдүк-пландоо чечилишине, коргоо объектинин функциялык арналышына жана айлана-чөйрөнүн параметрлерине жараша аныкталат.
62-берене. Өрткө каршы суу менен жабдуу булактары
1. Имараттар менен курулмаларда, ошондой эле уюмдар менен калктуу конуштардын аймактарында өрт өчүрүү үчүн өрткө каршы суу менен жабдуу булактары болууга тийиш.
Өрткө каршы суу менен жабдуу булагы катары табигый жана жасалма көлмөлөр, ошондой эле ички жана сырткы суу түтүктөрү (анын ичинде ичилүүчү, чарбалык-ичилүүчү, чарбалык жана өрткө каршы) пайдаланылышы мүмкүн.
2. Ар бир долбоорлонуп жаткан объектте ушул Мыйзамдын 80-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык 200 метрден ашпаган аралыкта жайгашкан колдонуудагы өрткө каршы суу менен жабдуу булагына (өрт гидрантына) же жаңы долбоорлонуп жаткан гидрантка байланыштуу болууга тийиш.
Өрт өчүрүүчү автомобилдердин сууларга, көлмөлөргө, суу сактагычтарга, жасалма көлмөлөргө жана башка суу артерияларына өтүү үчүн жол (атайын пирс) каралышы керек.
3. Жасалма көлмөлөрдү куруу, табигый көлмөлөрдү пайдалануу жана өрткө каршы суу түтүктөрүн куруу зарылдыгы, ошондой эле алардын параметрлери Кыргыз Республикасынын өрт коопсуздугу боюнча ченемдик укуктук актылары, курулуш ченемдери жана эрежелери менен аныкталат.
63-берене. Өрт коопсуздугунун баштапкы чаралары
Өрт коопсуздугунун баштапкы чаралары өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт:
1) менчиктин түрүнө карабастан чарба объекттеринин өрт коопсуздугун уюштуруучулук-укуктук, финансылык, материалдык-техникалык жактан камсыз кылуу маселелерин чечүү боюнча бардык жеке жана юридикалык жактар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, чарба субъекттери, объекттердин (турак-жайлардын) ээлери тарабынан өрт коопсуздугу жаатындагы мыйзамдардын талаптарынын аткарылышын ишке ашырууну;
2) аймакты өнүктүрүү пландарында жана программаларында каралууга тийиш болгон мамлекеттик, муниципалдык жана жеке менчик объекттеринде (турак-жайларда) өрт коопсуздугун камсыз кылуу боюнча иш-чараларды иштеп чыгууну жана жүзөгө ашырууну, өрткө каршы суу менен жабдуу булактарынын талаптагыдай абалын камсыз кылууну, турак үйлөрдүн жана менчиктин түрүнө карабастан чарба объекттеринин өрт коопсуздугун камсыз кылуу каражаттарын оң абалда кармоону;
3) өрт коопсуздугун камсыз кылуу маселелери боюнча максаттуу программаларды иштеп чыгууну жана аткарылышын уюштурууну;
4) менчиктин түрүнө карабастан чарба объекттеринин калктуу конуштарынын аймагында өрт өчүрүү жана авариялык-куткаруу жумуштарын жүргүзүү үчүн күчтөрдү жана каражаттарды тартуу планын иштеп чыгууну жана анын аткарылышын контролдоону;
5) өрт коопсуздугун камсыз кылуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар менен макулдашуу боюнча өрттү өчүрүүгө жана авариялык-куткаруу иштерин адамдар, чарба объектинин менчик ээси жүргүзүү үчүн күчтөрдүн жана каражаттардын эсебин чыгарууну;
6) менчиктик түрүнө карабастан чарба объекттеринде өрткө каршы өзгөчө режим орнотууну, ошондой эле режим колдонулган учурга өрт коопсуздугунун кошумча талаптарын коюуну;
7) өрт болгон жерге өрт техникасынын тоскоолсуз өтүшүн камсыз кылууну;
8) байланыш жана өрт жөнүндө кабарлоо ишин камсыз кылууну;
9) калктын өрт коопсуздугунун чараларына окутулушун жана өрт коопсуздугу жаатында үгүт иштерин уюштурууну, өрт-техникалык билимдерди таратууга көмөктөшүүнү;
10) жарандар менен уюмдардын ыктыярдуу өрттөн сактоо кызматына катышуусуна, анын ичинде өрт менен күрөшүүгө катышуусуна социалдык жана экономикалык жактан түрткү берүүнү.
II БӨЛҮМ ШААРДЫК ЖАНА АЙЫЛДЫК КАЛКТУУ КОНУШТАРДЫ ДОЛБООРЛООДОГУ ӨРТ КООПСУЗДУГУНУН ТАЛАПТАРЫ
15-глава. Шаар куруу ишинде өрт коопсуздугунун талаптары
64-берене. Шаардык жана айылдык калктуу конуштардын аймактарын пландоодо шаар куруу документтерине коюлуучу талаптар
1. Шаардык жана айылдык калктуу конуштарды пландоо жана курулушу ушул Мыйзамдын, курулуш ченемдердин жана эрежелердин жана өрт коопсуздук жаатындагы Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларынын талаптарын эске алган шаар куруу документтерине, шаарлар менен калктуу конуштардын (деталдуу пландоо долбоору менен) башкы пландарына ылайык жүзөгө ашырылууга тийиш.
2. Шаардык жана айылдык калктуу конуштардын өрт коопсуздугун камсыз кылуу системасынын курамы жана функциялык мүнөздөмөсү долбоордук документтерге “Өрт коопсуздугун камсыз кылуу боюнча иш-чаралардын тизмеги” деген бөлүк түрүндө кирүүгө тийиш.
65-берене. Шаардык жана айылдык калктуу конуштардын аймактарында жарылуу өрт коркунучу бар объекттерди жайгаштыруу
1. Өнөр жай коопсуздугу тууралуу декларация милдеттүү түрдө иштелип чыгуучу (мындан ары - жарылуу өрт коркунучу бар объекттер) жарылуу өрт коркунучу бар заттар жана материалдар өндүрүлүүчү, пайдаланылуучу, кайра иштетилүүчү, жасалуучу, сакталуучу, ташылуучу, жок кылынуучу кооптуу өндүрүш объекттери шаардык жана айылдык калктуу конуштардын сыртына жайгаштырылууга тийиш.
Эгер бул мүмкүн болбогон же максатка ылайык келбеген учурда, объектинин аймагынын сыртындагы адамдарды, имараттарды жана курулмаларды өрттүн жана (же) жарылуунун коркунучтуу факторлорунун таасиринен коргоо боюнча чаралар иштелип чыгууга тийиш. Аймагында “А”, “Б” жана “В” категорияларындагы жарылуу өрт жана өрт коркунучу бар имараттар жана курулмалар жайгашкан башка өндүрүш объекттери шаардык жана айылдык калктуу конуштардын аймагында да, алардын сыртында да жайгаштырылышы мүмкүн.
Көрсөтүлгөн объекттерди шаардык жана айылдык калктуу конуштардын чегинде жайгаштырууда коңшу корголуучу объекттерге өрттүн коркунучтуу факторлорунун мүмкүн болгон таасирлерин, жердин климаттык жана географиялык өзгөчөлүктөрүн, рельефин, дарыялардын агымынын багытын жана шамалдын көбүрөөк соккон багытын эске алуу зарыл. Мында өндүрүш объектинин участогунун чек арасынан “Ф1” - “Ф4” функциялык коркунуч классындагы имараттарга, мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин, жалпы билим берүүчү мекемелердин, саламаттык сактоо жана эс алуу мекемелеринин участокторуна чейинки аралык 50 метрден кем болбоого тийиш.
Курулуш максатында жер участогун бөлүп берүүгө, жайгашуусуна жана жайгаштырууга талаптар, ошондой эле өндүрүш объекттерин кооптуу өндүрүш объекттерине таандык кылуу тартиби Кыргыз Республикасынын өрт коопсуздугу боюнча ченемдик укуктук актылары менен, тиешелүү курулуш ченемдери жана эрежелери менен, ошондой эле белгиленген тартипте бекитилген улуттук стандарттар менен аныкталат.
2. Шаардык жана айылдык калктуу конуштарды аймактык зоналарга бөлүштүрүүдө аларды жайгаштыруу боюнча өрт коопсуздугунун белгиленген тартипте бекитилген тийиштүү стандарттарда каралган талаптары, ошондой эле турак жай, коомдук, өндүрүштүк зоналардын, инженердик жана транспорттук инфраструктура зоналарынын, айыл чарбада пайдаланылуучу зоналардын, рекреациялык арналыштагы зоналардын, өзгөчө кайтаруудагы аймактардын зоналарынын, атайы арналыштагы зоналардын, аскердик объекттер жайгашкан зоналардын жана аймактык зоналардын башка түрлөрүнүн ортосундагы аралыктары сакталууга тийиш.
3. Шаардык жана айылдык калктуу конуштардын турак жай, коомдук-ишкердик жана рекреациялык зоналарынын чегинде “А”, “Б” жана “В” категорияларындагы жарылуу өрт жана өрт коркунучу бар имараттар жана курулмалар аймагында орун албаган өндүрүш объекттерин жайгаштырууга жол берилет. Мында өндүрүш объектинин участкасынын чек арасынан турак жайларга, мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин, жалпы билим берүүчү мекемелердин, саламаттык сактоо жана эс алуу мекемелеринин участкаларына чейинки аралык тиешелүү курулуш ченемдери жана эрежелери, Кыргыз Республикасынын өрт коопсуздугу жаатындагы тийиштүү ченемдик укуктук актылары менен белгиленет.
Адамдарга жана турак жай имараттарына турак жай курулуштарынын чегинде жайгашкан жарылуу өрт коркунучу бар объекттердеги өрттүн жана жарылуунун коркунучтуу факторлорунун таасирин четтетүү мүмкүн болбогон учурда кубаттуулукту азайтууну, ишканалардын же өзүнчө өндүрүштүн профилин кайра өзгөртүүнү же аны турак жай курулуштарынын чегинен чыгарып кетүүнү караштыруу керек.
66-берене. Имараттарга жана курулмаларга киши өтүүчү жолдор, машина өтмө жана кирме жолдор
1. Машина өтүүчү жолдорду долбоорлоодо өрт өчүрүүчү автомобилдеринин кирүү мүмкүндүгүн төмөнкүдөй камсыз кылуу зарыл:
- узата кеткен эки тарабынан (маңдайлаш тарабынан) – турак жай жана коомдук араналыштагы, бийиктиги 28 метрге чейин жеткен имараттарга капталдары туюк (эшик, терезе жок) болсо, ошондой эле эки тарабынан батирлер менен бөлмөлөр жайгашса;
- бардык тарабынан - бийиктиги 28 метрден ашкан коомдук жана турак жай имараттарга, ошондой эле бийиктигине карабай эл көп болуучу жана түнкү мезгилде элдердин жайгашуусу каралган имараттарга жана курулмаларга, стационары бар дарылоо мекемелеринин, окуу жайлардын, мектепке чейинки балдар мекемелеринин имараттарына, оюн-зоок жана маданий агартуу мекемелеринин имараттарына. Бийиктиги 28 метр же андан жогору турак-жай жана коомдук имараттарда капталы туюк болсо, өрт өчүрүүчү атайын техника өтүшүнө 6 метрден кем эмес өтүү жолу ошол туюк каптал жагынан каралышы керек;
5 кабаттуу имараттарда (бешинчи кабаты менен кошо) лоджиялары менен балкондорун өз ара байланыштырган тышкы тепкичтер курулган болсо же коридорлуу пландалган имараттарда 3-типтеги тепкичтер бар болсо, имараттын узатасынан кеткен бир тарабынан эле өрт өчүрүүчү автомобилдердин өтүшүнө жол каралса болот.
Курулуш мезгилинде (объектти эксплуатацияга киргизүүгө чейин) объекттер тийиштүү өтмө жана кирме жолдор менен өрткө каршы бөлүкчөнүн (атайын техниканын) жаңы курулуп жаткан объекттин ар кабатына жана бөлмөсүнө өрттү жоюуда жана авариялык куткаруу иштерин жүргүзүүдө жетишүү мүмкүндүгү менен камсыз кылынышы керек.
Өндүрүш объекттеринин имараттары менен курулмаларына бүткүл узундугу боюнча өрт өчүрүүчү автомобилдеринин кирип келиши камсыз кылынууга тийиш:
бир тарабынан - имараттын же курулманын туурасынын кеңдиги 18 метрге чейин болгондо;
эки тарабынан - туурасынын кеңдиги 18 метрден ашуун болгондо, ошондой эле туюк жана жарым-жартылай туюк короолордун түзүлүшүндө.
Курулуш аянты 10 га же туурасынын кеңдиги 100 метрден ашуун имараттарга өрт өчүрүүчү автомобилдердин бардык тарабынан кирип келиши камсыз кылынууга тийиш.
Имараттар менен курулмаларга өрт техникасы бурула алгыдай аянтчалуу туюк жолдор салынган жана ошол аянтчага өрт гидранттары курулган шартта автомобиль жолунун машина жүрүүчү бөлүгүнүн четинен өндүрүш имараттары менен курулмаларынын четки дубалына чейинки аралыкты 60 метрге чейин узартууга жол берилет. Мында имараттардан жана курулмалардан өрт техникасы бурулуучу аянтчаларга чейинки аралык 5 метрден кем эмес жана 15 метрден ашык эмес, ал эми туюк жолдордун аралыктары 100 метрден ашпоого тийиш.
Өрт өчүрүүчү техника үчүн өтмө жолдордун кеңдиги 6 метрден кем болбоого тийиш.
Имараттын негизги кирме жолу менен бириккен өрткө каршы өтмө жолунун жалпы кеңдигине өтмө жолго кошулган тротуарды камтууга уруксат берилет.
Кирме жолдун ички четинен имараттын дубалына чейинки аралык төмөнкүдөй болууга тийиш:
5-8 м - бийиктиги 28 метрге чейинки имараттар үчүн;
8-16 м - бийиктиги 28 метрден ашкан имараттар үчүн.
Бул зонада тосмолорду жайгаштырууга, электр берүүнүн абадагы линияларын тартууга жана катарлап бак-дарактарды отургузууга жол берилбейт.
Өрт техникасы үчүн өтмө жолдун үстүнө төшөлүүчү катмардын конструкциясы өрт машинасынын огуна 16 тоннадан кем эмес эсептик жүктөмгө ылайык долбоорлонууга тийиш.
2. Туюк жана жарым-жартылай туюк короолордо өрт өчүрүүчү автомобилдер үчүн өтмө жол, ошондой эле токтоп туруучу жерлер каралууга тийиш, алар атайын жарык сигналдардын белгиси (жол белгилери) менен белгиленет.
Имараттардагы өтмө жолдор (аркалар) жазылыгы 3,5 метрден кем эмес, бийиктиги 4,5 метрден кем эмес болуп, ар бир 300 метрден ашпаган аралыкта, ал эми реконструкцияланып жаткан райондордо периметри боюнча курууда ар бир 180 метрден ашпаган аралыкта жайгаштырылууга тийиш.
Калктуу пункттардын тарыхый курулуштарында өтмө жолдорунун (аркалардын) мурдагы өлчөмдөрүн сактоого жол берилет.
3. Туюк кирме жолдор өрт техникасы үчүн өлчөмү 15х15 м кем эмес бурулуу аянтчалары менен аяктоого тийиш, алар атайын жарык сигналдык белгилер (жол белгилери) менен белгилениши керек. Туюк өтмө жолдун эң узуну 150 метрден ашпоого тийиш.
4. Имараттардагы тепкич клеткалары аркылуу киши өтүүчү өтмө жолдорду бири-биринен 100 метрден ашпаган аралыкта жайгаштыруу зарыл. Имараттар бири-бирине бурчтары менен жакындашкан болсо, бет маңдайларынын периметри боюнча өрт гидранттары бар сырткы суу түтүгү орун алган тарабындагы аралык эсепке алынат.
5. Өрт техникасы кирүү үчүн стилобат чатырын колдонууда анын конструкциясы огуна 16 тоннадан кем эмес жүктөмгө эсептелүүгө тийиш.
6. Аз кабаттуу турак жай курулуштарынын (бийиктиги 3-кабатка чейин болгон имараттарды кошкондо) пландык чечилиши өрт техникасынын имараттар менен курулмаларга 50 метрден ашпаган аралыкка кире алышын камсыз кылууга тийиш, мында көчөнүн өтүүчү бөлүгүнүн туурасы 7 метрден кем эмес, ал эми өтмө жолу 3,5 метрден кем болбоого тийиш.
7. Багбанчылык (дача) бирикмелеринин аймактарынын пландоо чечилиши өрт техникасынын топторго бириккен бардык бак участкаларына жана жалпы пайдалануу объекттерине кире алышын камсыз кылууга тийиш.
Багбанчылык (дача) бирикмесинин аймагында көчөнүн өтүүчү бөлүгүнүн кеңдиги 7 метрден кем эмес, кирме жолу 3,5 метрден кем болбогондо кабыл алынат.
67-берене. Айылдык жана шаардык калктуу конуштарды өрткө каршы суу менен жабдуу
1. Шаардык жана айылдык калктуу конуштардын аймактарын долбоорлоодо сырткы өрт өчүрүү үчүн суу менен жабдуу булактары каралууга тийиш.
Өрткө каршы суу менен жабдуунун сырткы булактарына өрт гидранттары бар сырткы суу түтүк тармактары, өрт көлмөлөрү (резервуарлар) кирет. Өрт көлмөлөрү жана резервуарлары суу менен камсыз кылууга ар дайым даяр болушу керек
2. Шаардык жана айылдык калктуу конуштар өрткө каршы суу түтүктөрү өрт гидранттары менен жабдылууга тийиш. Мында өрткө каршы суу түтүгүн чарбалык-ичилүүчү же өндүрүштүк суу түтүгү менен бириктирүүгө жол берилет.
3. Жашоочуларынын саны 5000 адамдан ашпаган калктуу конуштар үчүн, ошондой эле өрткө каршы айланма суу түтүгү жок калктуу конуштарда жайгашкан көлөмү 1000 м³ чейинки өзүнчө турган коомдук имараттар үчүн, жарылуу өрт жана өрт коркунучу боюнча “В”, “Г” жана “Д” категорияларындагы өндүрүшү бар сырткы өрт өчүрүүгө 10 л/с (секундуна литр) суу чыгымдай турган өндүрүш имараттары үчүн, көлөмү 1000 м³ чейин болгон кесек тоют кампалары, көлөмү 5000 м³ чейин минералдык жер семирткич кампалары, радиотелекөрсөтүүлөрдү берүү станцияларынын имараттары, муздаткычтар менен жашылча-жемиштерди сактоочу жайлардын имараттары үчүн өрткө каршы сырткы суу менен жабдуу үчүн табигый же жасалма көлмөлөрдү кароого жол берилет.
4. Тургундарынын саны 50 адамга чейинки калктуу конуштар үчүн, бийиктиги
2 кабатка чейинки курулуш имараттар курулганда, ошондой эле калктуу конуштардан обочо жайгашкан, имаратынын көлөмү 1000 м³ чейинки коомдук тамактануу ишканалары жана калктуу конуштарда жайгашкан аянты 150 м² чейинки соода ишканалары, отко туруктуулугу I, II, III жана IV даражадагы, көлөмү 250 м³ чейинки коомдук имараттар, отко туруктуулугу I жана II даражадагы, көлөмү 1000 м³ чейинки (корголбогон металл же көтөрүүчү жыгач конструкциялуу, ошондой эле полимер жылуулагычтуу, көлөмү 250 м³ чейинки имараттарды кошпогондо) “Д” категориясындагы өрт жана жарылуу өрт коркунучу бар өндүрүштүк имараттар, имаратынын көлөмү 1000 м³ чейинки сезондук универсалдуу айыл чарба азыктарын кабыл алуу-даярдоо пункттары, аянты 50 м² чейинки кампа имараттары үчүн сырткы өрт өчүрүү үчүн суу менен жабдуу каралбайт.
5. Шаардык жана айылдык калктуу конуштарда, ар кандай функциялык арналыштагы, кабаттагы жана көлөмдөгү имараттарда жана курулмаларда сырткы өрт өчүрүүгө сууну чыгымдоо, ошондой эле өрт өчүрүү системасын долбоорлоо жана орнотуу боюнча талаптар өрт коопсуздугу боюнча Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары, курулуш ченемдери жана эрежелерине ылайык аныкталат.
6. Жогорку басымдагы суу түтүктөрүндө стационардык өрт өчүрүү сордургучтар өрт чыккандыгы тууралуу сигнал берилгенден 5 мүнөттөн кеч эмес убакытта сордургучтун иштей башташын камсыз кылуучу түзүлүш менен жабдылууга тийиш.
Төмөнкү басымдагы өрткө каршы суу түтүктөр тармагындагы минимумдук эркин суу басымы (жер бетинин деңгээлинде) өрт өчүрүүдө 10 метрден кем болбоого тийиш.
Жогорку басымдагы өрткө каршы суу түтүктөр тармагындагы минимумдук эркин суу басымы өрт өчүрүүгө сууну толук чыгымдаганда жана өрт түтүгү эң бийик имараттын эң бийик жеринде турганда суунун жыйнактуу агымын 20 метрден кем эмес бийиктикке атылышын камсыз кылууга тийиш.
7. Өрт гидранттарын автомобиль жолдорун бойлото жолдун өтүүчү бөлүгүнүн четинен 2,5 метрден ашык эмес аралыкта, бирок имараттардын дубалдарына 5 метрден жакын эмес аралыкта орнотуу каралат; гидранттарды машина өтүүчү бөлүгүнө жайгаштырууга жол берилет. Мында гидранттарды суу түтүктөр тармагынан бутактап кеткен жерге орнотууга жол берилбейт.
Өрт гидранттарын суу түтүктөр тармагына жайгаштыруу ошол тармак аркылуу тейленген ар кандай имаратта, курулмада же анын бөлүгүндө сырткы өрт өчүрүүгө 15 л/с (секундуна литрден) көп сууну чыгымдоодо 2 гидранттан жана 15 л/с аз чыгымдоодо 1 гидранттан камсыз кылууга тийиш.
8. Багбанчылык (дача) бирикмесинин жалпы пайдалануу аймагында өрт өчүрүүнү камсыз кылуу үчүн участкалар 300 бирдикке чейин болсо сыйымдуулугу 25 м³ кем эмес, 300 бирдиктен көп болсо сыйымдуулугу 60 м³ кем эмес өрткө каршы көлмөлөр же резервуарлар (ар бири сордургуч менен суу алуу жана 2ден кем эмес өрт автомобилинин келүү мүмкүнчүлүгү бар, өрт техникасын орнотуу үчүн аянтчасы менен) каралат.
9. Сырткы өрткө каршы суу түтүктөргө талаптар, ошондой эле өрт гидранттарынын зарыл саны жана жайгаштыруу орду тийиштүү курулуш ченемдери жана эрежелери, өрт коопсуздугу жаатындагы Кыргыз Республикасынын башка тийиштүү ченемдик укуктук актылары менен белгиленет.
16-глава. Шаардык жана айылдык калктуу конуштарда өрттүн
алдын алуу жана өрт өчүрүү мамлекеттик ыйгарым укуктуу органдын бөлүнүштөрүн жайгаштыруу боюнча өрт коопсуздугунун жалпы талаптары
68-берене. Өрттүн алдын алуу жана өрт өчүрүү жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын бөлүнүштөрүн шаардык жана айылдык калктуу конуштарда жайгаштыруу боюнча өрт коопсуздугунун талаптары
1. Өрт коопсуздугун камсыз кылуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын бөлүнүштөрүнүн айылдык жана шаардык калктуу конуштардын аймагына дислокациясынын чыгуу радиусу 25 км. ашык эмес белгиленет, мында биринчи бөлүнүштүн жетүү убактысы 25-40 мүнөттөн ашпоого тийиш, шаардык калктуу конуштарда 5 км ашпаган аралыкка жетүү убактысы 10 мүнөттөн узак болбошу керек.
Ведомстволук өрттөн сактоо кызматтарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыктыярдуу өрттөн сактоо түзүмдөрүнүн, муниципалдык өрттөн сактоо түзүмдөрүнүн дислокациялоо орду тиешелүү чарбалык ведомство, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан аныкталат.
2. Өрт коопсуздугун камсыз кылуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын бөлүнүштөрү өрт деполордун имараттарында жайгаштырылууга тийиш. Шаардык калктуу конуштар үчүн бир күжүрмөн эсептин (бир автоцистернадагы экипаждын) саны 6 адамдан кем болбойт, ал эми айылдык калктуу конуштар үчүн - 4 адамдан кем болбоого тийиш. Шаардык калктуу конуштарда бир өрт депо 100 миң адамды тейлейт, ал эми айылдык калктуу конуштарда - 30 миң адамды.
3. Мамлекеттик өрттүн алдын алуунун жана мамлекеттик өрт көзөмөлүнүн инспектордук курамынын саны Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан калктын санына жана чарба объектилеринин санына жараша белгиленет.
69-берене. Өрт деполоруна өрт коопсуздугунун талаптары
1. Өрт деполору магистралдык көчөлөргө же жалпы шаардык мааниге ээ жолдорго чыгуучу жолу бар жер участкаларында жайгаштырылууга тийиш. Жер участкаларынын аянты өрт деполорунун тибине жараша долбоорлоого берилген техникалык тапшырма менен аныкталат.
2. Өрт депосунун участкасынын аймагынын чегинен коомдук же турак жай имараттарына чейинки аралык 15 метрден, ал эми жалпы билим берүүчү мекемелердин, балдар жана дарылоо мекемелеринин жер участкаларына чейинки аралык 30 метрден кем болбоого тийиш.
3. Өрт деполору кызыл сызыктан ары өрт автомобилдери чыгуучу маңдай жагына чейин 15 метрден кем эмес аралыктагы участкада жайгаштырылууга тийиш, II, IV, V типтердеги өрт деполору үчүн бул аралыкты 10 метрге чейин кыскартууга жол берилет.
4. Өрт депосунун аймагында жайгашуучу имараттар менен курулмалардын курамы, имараттар менен курулмалардын аянттары долбоорлоого берилген техникалык тапшырма менен аныкталат.
5. Өрт депосунун аймагында эки кирүүчү (чыгуучу) жери болууга тийиш. Машина кирүүчү (чыгуучу) дарбазанын кеңдиги 4,5 метрден кем болбоого тийиш.
6. Өрт депосунун аймагында өрт гидранты, спорттук аянтча жана өздүк курам менен машыгууларды өткөрүп туруу үчүн машыгуу мунарасы каралышы керек.
7. Өрт депосунун аймагындагы жолдор менен аянтчалардын бетине катуу төшөлмө төшөлүүгө тийиш.
8. Өрт депосунун чыгуу аянтына каршы көчөнүн өтүүчү бөлүгү жана тротуар айгай белгиси боюнча гараждан чыгуу убагында транспорттун жана жөө жүрүүчүлөрдүн кыймылын токтотууга мүмкүндүк берүүчү светофор жана (же) үн белгиси бар жарык көрсөткүчү менен жабдылууга тийиш. Светофорду өрт депосунун байланыш пунктунан аралыктан күйгүзүү жана өчүрүү каралат.
III БӨЛҮМ ИМАРАТТАР МЕНЕН КУРУЛМАЛАРДЫ ДОЛБООРЛООДО ЖАНА
КУРУУДА ӨРТ КООПСУЗДУГУНУН ТАЛАПТАРЫ
17-глава. Имараттар менен курулмаларды долбоорлоодо өрт
коопсуздугунун жалпы талаптары
70-берене. Курулуш объекттеринин долбоордук документтерине коюлуучу талаптар
1. Имараттар менен курулмалардын, курулуш конструкцияларынын, инженердик жабдуулардын жана курулуш материалдарынын долбоорлоо документтери ушул Мыйзамда, курулуш ченемдеринде жана эрежелеринде, ошондой эле белгиленген тартипте бекитилген улуттук стандарттарда каралган өрт-техникалык мүнөздөмөлөрдү, ошондой эле өрттү өчүрүү жана авариялык-куткаруу иштерин жүргүзүү боюнча күчтөрдүн жана каражаттардын эсебин камтууга тийиш.
2. Өрт коопсуздугунун ченемдик талаптары жок имараттар менен курулмалар үчүн ушул Мыйзамдын талаптарынын негизинде алардын өрт коопсуздугун камсыз кылуунун тиешелүү өзгөчөлүгүн чагылдырган жана зарыл инженердик-техникалык жана уюштуруучулук өрткө каршы иш-чаралар комплексин камтыган атайын техникалык шарттар иштелип чыгууга тийиш.
71-берене. Имараттар менен курулмаларды долбоорлоодо, реконструкциялоодо жана функциялык арналышын өзгөртүүдө өрт коопсуздугунун талаптары
1. Имараттар менен курулмалардын конструкциялык, көлөмдүк-пландоо жана инженердик-техникалык чечилиштери өрт болгон учурда төмөнкүлөрдү камсыз кылууга тийиш:
- өрттүн коркунучтуу факторлорунун таасиринин кесепетинен адам өмүрүнө жана ден соолугуна зыян келтирилгенге чейин аларды коопсуз зоналарга эвакуациялоону;
- адамдарды куткаруу боюнча чара көрүү мүмкүндүгүн;
- имараттар менен курулмалардагы ар кандай жайларга өрттөн сактоо бөлүнүштөрүнүн өздүк курамынын жетүү жана өрт өчүрүү каражаттарын жеткирүү мүмкүндүгүн;
- от өчүрүүчү заттарды өрттүн очогуна берүү мүмкүндүгүн;
- өрттүн коңшулаш имараттар менен курулмаларга тарап кетпешин;
- өрттөн коргоонун заманбап сигнализация системасы болгон учурда электр менен жабдуу, газ менен жабдуу, ысык суу менен жабдуу жана суу менен жылытуу тармактарынын өчүрүү жана авариялык жарыкты берүү (көп кабаттуу турак үйлөрдө - ар бир тепкич клеткаларында жана квартиралардын кире беришинде) каралууга тийиш;
- имараттар менен курулмалар ушул Мыйзамда жана өрт коопсуздугу жаатындагы Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында, курулуш ченемдеринде жана эрежелеринде, ошондой эле белгиленген тартипте бекитилген улуттук стандарттарда каралган өрт коопсуздугунун талаптарына жооп берүүгө тийиш.
2. Имараттарда, курулмаларда жана өрт отсектеринде жарылуу өрт жана өрт коркунучу боюнча “А” жана “Б” категорияларындагы жайлар сырткы дубалдардын жанында, ал эми көп кабат үйлөрдө үстүңкү кабатында жайгашууга тийиш, буга ушул объекттер үчүн ченемдерде жана эрежелерде жана (же) өрт коопсуздугу боюнча ченемдик-укуктук актыларында көрсөтүлгөн учурлар кирбейт.
IV БӨЛҮМ ӨНДҮРҮШ ОБЪЕКТТЕРИНЕ КОЮЛУУЧУ ӨРТ
КООПСУЗДУГУНУН ТАЛАПТАРЫ
18-глава. Өндүрүш объекттерине өрт коопсуздугунун
жалпы талаптары
72-берене. Өндүрүш объекттеринин документтерине коюлуучу талаптар
1. Өндүрүш объекттеринин, анын ичинде имараттардын, курулмалардын жана технологиялык процесстердин документтери ушул Мыйзамда жана өрт коопсуздугу жаатындагы Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында, курулуш ченемдеринде жана эрежелеринде, ошондой эле белгиленген тартипте бекитилген улуттук стандарттарында каралган өрт-техникалык мүнөздөмөлөрдү камтууга тийиш.
2. Өндүрүш объекттеринин өрт коопсуздугун камсыз кылуу системасынын курамы жана функциялык мүнөздөмөлөрү долбоордук документтерде өз алдынча бөлүм түрүндө таризделүүгө тийиш.
73-берене. Өндүрүш объекттериндеги өрт коркунучун талдоо
1. Технологиялык процесстердин өрт коркунучун талдоо технологиялык процессте жүгүртүлүүчү заттар менен материалдардын өрт коркунучунун көрсөткүчтөрүн технологиялык процесстин параметрлери менен салыштырууну карайт.
Агрегаттык абалына жараша технологиялык чөйрөнүн өрт коркунучтуулук мүнөздөмөсү үчүн зарыл жана жетиштүү болгон технологиялык процессте жүгүртүлүүчү заттар менен материалдардын өрт коркунучтуулук көрсөткүчтөрүнүн тизмеги белгиленген тартипте бекитилген тийиштүү улуттук стандарт менен аныкталат.
Технологиялык чөйрөнүн өрт коркунучтуу тутануучу потенциалдык булактарынын тизмеги технологиялык процесстин жана башка тутануу булактарынын параметрлерин заттардын жана материалдардын өрт коркунучунун көрсөткүчтөрү менен салыштыруу аркылуу аныкталат.
2. Өндүрүш объектинде өрт коркунучу бар кырдаалды аныктоо ар бир технологиялык процесстин өрт коркунучун талдоонун негизинде жүзөгө ашырылууга тийиш жана ишке ашырууда өрттүн коркунучтуу факторлору жана өрттүн коркунучтуу факторлорунун таасиринин экинчи кесепеттери жабыркаткан зоналардагы адамдар үчүн коркунуч келип чыгуучу кырдаалды тандоону карайт. Натыйжасында адамдын өмүрү жана ден соолугу үчүн коркунуч пайда болбогон кырдаал өрт коркунучу бар кырдаалга кирбейт.
Ар бир өрт коркунучу бар кырдаал үчүн өндүрүш объектинде өрт коркунучу бар кырдаалдын келип чыгуу жана күчөө себептерин, алардын чыгуу жерин жана ал жердеги адамдардын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч келтирүүчү өрт факторлорду баяндоолор келтирилүүгө тийиш.
3. Өрт коркунучу бар кырдаалдын келип чыгуу себептерин аныктоо үчүн күйүүчү чөйрөнүн пайда болушуна жана тутануу булагынын келип чыгышына алып келиши мүмкүн болгон окуялар белгиленүүгө тийиш.
19- глава. Имараттар менен курулмалардын конструкциялык
өзгөчөлүктөрүнө коюлган талаптар
74-берене. Имараттардын, курулмалардын жана өрт отсектеринин отко туруктуулугуна жана өрт коопсуздугуна коюлган талаптар
1. Имараттардын, курулмалардын жана өрт отсектеринин отко туруктуулук даражасы алардын кабаттуулугуна, функциялык өрт коркунучтуулугуна, өрт отсегинин аянтына жана аларда жайгаштырылган технологиялык процесстердин өрт коркунучтуулугуна жараша белгиленүүгө тийиш.
Курулуш конструкцияларынын отко туруктуулук чектери имараттардын, курулмалардын жана өрт отсектеринин кабыл алынган отко туруктуулук даражасына шайкеш келүүгө тийиш. Имараттардын, курулмалардын жана өрт отсектеринин отко туруктуулук даражасынын жана аларда колдонулган курулуш конструкцияларынын отко туруктуулук чектеринин шайкештиги курулуш ченемдери жана эрежелери, белгиленген тартипте бекитилген тийиштүү улуттук стандарттар менен белгиленет.
Өрткө каршы бөгөттөрдүн оюктарын толтурууну кошпогондо, оюктардын (эшиктердин, дарбазалардын, терезелердин жана люктардын, ошондой эле фонарлардын, анын ичинде зениттик жана башка жапма төшөлгүчтөрүнүн жарык-тунук участкаларын) толтурулушунун отко туруктуулук чектери нормага салынбайт.
Түтөбөөчү “Н1” типтеги тепкич клеткасында “К0” өрт коркунучунун “R 15” классындагы отко туруктуулук чеги менен тепкич аянтчаларын жана марштарын кароого жол берилет.
2. Имараттардын, курулмалардын жана өрт отсектеринин конструкциялык өрт коркунучунун классы алардын кабаттуулугуна, функциялык өрт коркунучуна, өрт отсегинин аянтына жана аларда жайгаштырылган технологиялык процесстердин өрт коркунучуна жараша белгиленүүгө тийиш.
Курулуш конструкцияларынын өрт коркунучунун классы имараттардын, курулмалардын жана өрт отсектеринин кабыл алынган конструкциялык өрт коркунучунун классына ылайык келүүгө тийиш. Имараттардын, курулмалардын жана өрт отсектеринин конструкциялык өрт коркунучунун классы менен аларда колдонулган курулуш конструкцияларынын конструкциялык өрт коркунучунун классынын шайкеш келүүсү белгиленген тартипте бекитилген тийиштүү улуттук стандарттар менен аныкталат.
Өрткө каршы бөгөттөрдүн оюктарын кошпогондо, имараттардын тосуучу конструкцияларынын оюктарын (эшиктерин, дарбазаларын, терезелерин жана люктарын) толтуруунун өрт коркунучу ченемделбейт.
“Ф 1.1” функциялык өрт коркунучундагы имарат үчүн “К0” классындагы сырткы жылуулоо системаларын колдонгондо аларда күйбөөчү материалдарды колдонуу зарыл.
3. Курулуш конструкцияларынын жол берилген отко туруктуулук чектерин жана өрт коркунучунун класстарын аныктоо боюнча сыноо ыкмалары белгиленген тартипте бекитилген тийиштүү улуттук стандарттар менен аныкталат.
75-берене. Имараттарда, курулмаларда жана өрт отсектеринде өрттүн таралышын чектөөгө карата талаптар
1. Имараттардын, курулмалардын жана өрт отсектеринин бөлүктөрү, ошондой эле функциялык өрт коркунучунун ар кандай класстагы жайлары бири биринен ченемделген отко туруктуулук чеги жана конструкциялык өрт коркунучу бар тосуучу конструкциялар, түзүлүштөр жана орнотмолор же өрткө каршы бөгөттөр менен бөлүнүүгө тийиш.
Мындай тосуучу конструкцияларга, орнотмолорго жана өрткө каршы бөгөттөрдүн типтерине карата талаптар жайлардын функциялык өрт коркунучун, өрттүн жүктөмүнүн чоңдугун, имараттардын, курулмалардын жана өрт отсектеринин отко туруктуулук даражаларын жана конструкциялык өрт коркунучунун классын эске алуу менен белгиленет жана ушул Мыйзамдын, өрт коопсуздугу жаатында тийиштүү ченемдик укуктук актылардын, курулуш ченемдердин жана эрежелердин, ошондой эле белгиленген тартипте бекитилген улуттук стандарттардын талаптарына ылайык келүүгө тийиш.
2. Өрткө каршы бөгөттөрдүн функциясын аткаруучу курулуш конструкцияларынын отко туруктуулук чектери жана типтери, оюктарды жана тамбур-шлюздарды толтуруунун аларга шайкеш типтери тийиштүү курулуш ченемдери жана эрежелери, белгиленген тартипте бекитилген улуттук стандарттар менен аныкталат.
Өрткө каршы 1-типтеги бөгөттөр “НГ” күйүү тобундагы материалдан жасалууга тийиш. Өрткө каршы 2-4-типтеги бөгөттөр күйүү тобу “Г1”ден төмөн болбогон материалдардан жасалууга тийиш.
Өрткө каршы бөгөттөрдүн оюктарын тийиштүү толтуруу типтери үчүн отко туруктуулук чектери белгиленген тартипте бекитилген улуттук стандарттардын талаптарына ылайык аныкталат.
3. Өрткө каршы бөгөттөрдөгү терезелер ачылбай турган болушу керек, ал эми өрткө каршы эшиктерде, дарбазаларда, люктарда жана клапандарда өзү жабылуу жана тыгыздалуу үчүн түзүлүштөр болууга тийиш.
Ачык абалда пайдаланылуучу өрткө каршы эшиктер, дарбазалар, люктар жана клапандар өрт учурунда алардын автоматтык түрдө жабылышын камсыз кылуучу түзүлүштөр менен жабдылууга тийиш.
4. Өрткө каршы бөгөттөрдөгү оюктардын жалпы аянты 25% ашпоого тийиш.
“А” жана “Б” категорияларындагы жайларын башка категориядагы жайлардан, коридорлордон, тепкич клеткалары менен лифт аянтчаларынан бөлүп турган өрткө каршы бөгөттөрдө туруктуу атайын аба үйлөгүчү бар тамбур-шлюздар каралууга тийиш. “А” жана “Б” категорияларындагы эки же андан көп жанаша жайгашкан жайлар үчүн жалпы тамбур-шлюздарды курууга жол берилбейт.
Өрткө каршы эшиктер же дарбазалар менен жабылбай турган өрткө каршы бөгөттөрдүн оюктарында “В” же “Г” жана “Д” категорияларындагы чектеш жайларды байланыштыруучу өрттү автоматтык өчүрүүчү орнотмолор менен жабдылган ачык тамбурларды куруу же өрткө каршы эшиктердин (дарбазалардын) ордуна өрткө каршы шторанын (экрандын) орнотулушу каралууга тийиш. Бул тамбурлардын калкалоочу конструкциялары өрткө каршы болууга тийиш.
5. Өрткө каршы бөгөттөрдүн оюктарын толтуруу, эгер ушул Мыйзамда башкалар каралбаган болсо, күйбөй турган материалдар менен аткарылууга тийиш.
Өрткө каршы эшиктер, дарбазалар, люктар жана клапандар бул конструкциялардын отко туруктуулук чектеринин ченемдик маанилерин камсыз кылуучу “НГ” күйүү тобундагы материалдарды же “Г1”, “Г2” жана “Г3” күйүү тобундагы материалдарды колдонуу менен аткарылууга тийиш. Өрткө каршы шторалар жана экрандар “НГ” күйүү тобундагы материалдардан жасалууга тийиш.
6. Өрткө каршы 1-типтеги дубалдар менен калканчтарды күйүүчү газдарды, чаң-аба аралашмаларын, суюктуктарды, заттар менен материалдарды ташуу үчүн каналдардын, шахталардын жана өткөрмө түтүктөрдүн кесип өтүшүнө жол берилбейт. Мындай өрткө каршы бөгөттөрдүн жогоруда көрсөтүлгөндөн айырмаланган чөйрөлөрдү ташуу үчүн каналдар, шахталар жана өткөрмө түтүктөр менен кесилишкен жерлеринде, түтүндөн коргоо системаларынын каналдарын кошпогондо, күйүүчү продуктулардын каналдар, шахталар жана өткөрмө түтүктөр боюнча таралышын алдын алуучу автоматтык түзүлүштөр каралуусу керек.
7. Лифт шахталарынын жана лифттердин (чатырда жайгашкандарды кошпогондо) машина бөлүмдөрүнүн, ошондой эле коммуникацияларды тартуу үчүн каналдар менен шахталардын тоскуч конструкциялары өрткө каршы 1-типтеги бөгөттөргө жана 3-типтеги калканчтарга коюлуучу талаптарга ылайык келүүгө тийиш. Лифт шахтасы менен лифттин машина бөлүмүнүн ортосун тосуучу конструкциялардын отко туруктуулук чеги ченемделбейт.
Лифт шахталарынын тоскучтарындагы эшик оюктары отко туруктуулук чеги “ЕI 30”дан кем болбогон жана өрт учурунда лифт шахталарынын эшик оюктарын автоматтык жапкан күйбөөчү материалдардан жасалган отко туруктуулук чеги “Е1 45”тен кем эмес экрандар менен корголууга тийиш, же болбосо имараттар менен курулмалардагы лифт шахталары коридорлордон, тепкич клеткаларынан жана башка жайлардан өрткө каршы 1-типтеги бөгөттөрү жана 3-типтеги калканчтары бар тамбурлар же холлдор менен бөлүнүп турууга тийиш.
Бийиктиги 28 метр жана андан жогору имараттардын чыга беришинде атайын аба үйлөткүчтүү тамбур-шлюздары жок лифт шахталары өрттө лифт шахтасына аба үйлөткүч системасы менен жабдылууга тийиш.
Автоматтык өрт сигнализациясы же өрт өчүрүү системалары менен жабдылган имараттарда лифттердин блокировкасы болушу керек жана өрт болгондо автоматтык түрдө 1-кабатка түшүүгө, эшиги ачылууга жана жабылбаган бойдон калууга тийиш.
8. Тепкичтер менен тепкич клеткаларынын көлөмдүк-пландоо чечилиши жана конструкциялык аткарылышы өрт болгондо адамдарды имараттардан коопсуз эвакуациялоону камсыз кылууга жана кабаттардын ортосунда өрттүн таралышына тоскоол болууга тийиш.
9. Имараттар менен курулмалардын жертөлөсүндөгү жана цоколдук кабаттарында лифтке кирүү өрт болгондо атайын аба үйлөтүлүүчү 1-типтеги тамбур-шлюздар аркылуу жүзөгө ашырылууга тийиш.
76-берене. Эвакуация жолдоруна, эвакуациялык жана авариялык чыгуу жерлерине карата өрт коопсуздугунун талаптары
1. Имараттар менен курулмалардын эвакуация жолдору жана чыгуу жерлери адамдарды коопсуз эвакуациялоону камсыз кылууга тийиш.
Эвакуациялык жолдорду жана чыгуу жерлерин эсептөө аларда колдонулган өрт өчүрүү каражаттарын эсепке албастан жүргүзүлөт.
2. Адамдар, балдар, улгайган жана ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар көп топтолгон жайлардын жайгашуусу, эвакуация жолдорунун конструкциялык элементтеринде өрт коркунучу бар курулуш материалдарын колдонуу менен жүрүү ушул Мыйзамдын талаптарына ылайык аныкталууга тийиш.
3. Имараттар менен курулмалардын эвакуациялык чыгуу жерлерине төмөнкүлөр кирет:
1) биринчи кабаттагы жайлардан сыртка төмөнкүдөй чыгуучу:
- түздөн-түз;
- коридор аркылуу;
- вестибюль (фойе) аркылуу;
- тепкич клеткасы аркылуу;
- коридор жана вестибюль (фойе) аркылуу;
- коридор жана тепкич клеткасы аркылуу;
2) 1-кабаттан башка бардык кабаттын жайларынан:
- түздөн-түз тепкич клеткасына же 3-типтеги тепкичке;
- түздөн-түз тепкич клеткасына же 3-типтеги тепкичке чыгуучу коридорго;
- түздөн-түз тепкич клеткасына же 3-типтеги тепкичке чыгуучу жери бар холлго (фойеге);
- 3- типтеги тепкичке алып баруучу пайдалануудагы үй үстүнө же үй үстүнүн атайы жабдылган бөлүгүнө;
3) ушул бөлүктүн 3-бөлүкчөсүнүн 1 жана 2-пункттарында көрсөтүлгөн чыгуу жерлери менен камсыз болгон ошол эле кабаттагы коңшу жайларга (“А” жана “Б” категорияларынын “Ф 5” классындагы жайларды кошпогондо). Туруктуу жумуш орундар жок техникалык жайлардан “А” жана “Б” категорияларындагы жайларга чыгуу, эгер техникалык жайларда өрт коркунучу бар ушул жайларды тейлөө үчүн жабдуулар жайгашкан болсо, эвакуациялык деп саналат.
Жертөлөдөгү жана цоколдук кабаттардын эвакуациялык чыгуу жерлери ушул Мыйзамда белгиленген учурларды кошпогондо, түздөн-түз сыртка алып баруучу жана башка имараттын, курулманын жалпы тепкич клеткаларынан обочолонгон болуп каралуусу керек.
Ошондой эле эвакуациялык чыгуу жерлери болуп төмөнкүлөр саналат:
- жертөлөдөн жалпы тепкич клеткалары аркылуу тамбурга чыгуу жерлери сыртка обочолонгон чыгуу менен, алар тепкич марштар менен жертөлөнүн полунан 1 жана 2-кабаттардын ортосундагы тепкич марштарынын аралык аянтчасына чейин жайгашкан 1-типтеги өрткө каршы туюк тоскуч менен тепкич клеткасынын калган бөлүгүнөн бөлүнгөн жерлери;
- “В4”, “Г” жана “Д” категорияларындагы жайлары бар жертөлөдөгү жана цоколдук кабаттардан “В4”, “Г”, “Д” категорияларындагы жайларга жана “Ф 5” классындагы имараттардын 1-кабатында жайгашкан вестибюлга чыгуу жерлери;
- “Ф 2”, “Ф 3” жана “Ф 4” класстарындагы имараттардын жертөлөдөгү жана цоколдук кабаттарында жайгашкан фойеден, кийим илүүчү жайдан, тамеки тартуу үчүн жана санитариялык түйүндөрдөн 2-типтеги өзүнчө тепкичтер боюнча 1-кабаттагы вестибюлга чыгуу жерлери;
- өрт коопсуздугу боюнча ченемдик документтерде берилген чектөөлөр аткарылган шарттарда жайлардан түздөн-түз 2-типтеги тепкичке, ушундай тепкичке алып баруучу коридорго, холлго (фойеге, вестибюлга) алып баруучу чыгуу жерлери;
- темир жол жана автомобиль транспорттору үчүн дарбазалардагы эки тарапка ачыла турган калиткалар.
4. Имараттар менен курулмалардагы авариялык чыгуу жерлерине төмөнкүдөй чыгуучу жерлер кирет:
- балкондун (лоджиянын) капталынан айнектелген оюкка (айнектелген эшикке) чейин 1,2 метрден кем эмес же балконго (лоджияга) чыгуучу айнектелген оюктун ортосу 1,6 метрден кем эмес туюк дубалчалуу балконго же лоджияга;
- балкондорду же лоджияларды кабат боюнча байланыштыруучу, сырткы тепкич менен жабдылган балконго же лоджияга;
- “Ф 1.3” классындагы имараттын чектеш секциясына же чектеш өрт отсегине алып баруучу туурасы 0,6 метрден кем эмес өткөөлгө;
- полдон -4,5 метрден кем эмес жана +5,0 метрден ашык эмес бийиктен өлчөмү 0,75 х 1,5 м терезе же эшик аркылуу, ошондой эле өлчөмү 0,6 х 0,8 м люк аркылуу жайдан түздөн-түз сыртка. Бул учурда чыгуу жерлери чуңкурчага чыккан тепкич менен, люк аркылуу чыкса, жайдагы тепкич менен жабдылууга тийиш. Бул тепкичтердин жантаюусу ченемделбейт;
- коомдук арналыштагы имараттарда (кабаттарында жана бөлмөлөрдө) биринчи кабатта жана цоколдук кабатта авариялык чыгуу жери катары пайдаланылуучу терезе оюктарында корголуучу темир торчолор болбошу керек;
- өлчөмү 0,75 х 1,5 м кем эмес терезе же эшик аркылуу, ошондой эле өлчөмү 0,6 х 0,8 м кем эмес люк аркылуу тик же жантайган тепкич менен “С0” жана “С1” класстарындагы отко туруктуулугу I, II жана III даражадагы имараттардын чатырына.
5. Эвакуациялык чыгуу жерлеринин оюктарында жылдырылма, көтөрүп-түшүрмө, айланма эшиктерди жана турникеттерди орнотууга тыюу салынат.
6. Кабаттардагы жана имараттардагы жайлардан эвакуациялык чыгуучу жерлеринин саны жана кеңдиги алар аркылуу эвакуациялануучу адамдардын мүмкүн болгон эң көп санына жана адамдардын болушу мүмкүн эң четтеги жерден (жумуш ордунан) жакынкы звакуациялык чыгуу жерине чейинки чектүү жол берилген аралыкка жараша аныкталат.
Имараттын өрткө каршы бөгөттөр менен бөлүнгөн ар кандай функциялык өрт коркунучу бар бөлүктөрү өз алдынча эвакуациялык чыгуу жерлери менен камсыздалууга тийиш.
7. Кабаттан эвакуациялык чыгуу жерлеринин саны функциялык өрт коркунучу бар төмөнкүдөй класстардагы имараттарда экиден кем эмес болууга тийиш:
1) “Ф 1.1”; “Ф 1.2”; “Ф 2.1”; “Ф 2.2”; “Ф 3”; “Ф 4”;
2) “Ф 1.3” - имараттын кабатындагы квартиралардын (секциялык типтеги имараттар үчүн секциялардын) жалпы аянты 500 м² ашык болгондо, эки тепкич клеткаларынан кем эмес;
3) “А” жана “Б” категорияларындагы “Ф 5” - иштегендердин саны эң көп сменада 5 адамдан көп, "В" категориясында - 25 адам болгондо;
4) эгерде кабатта экиден кем эмес эвакуациялык чыгуу жерлери болууга тийиш жайлар бар болсо, ар кандай класстардагы функциялык өрт коркунучу бар имараттарда;
5) жертөлөдөгү жана цоколдук кабаттардан турган, кабаттын жалпы аянты 300 м² көп, ошондой эле эгерде аларда бир мезгилде 15тен көп адамдын болушу каралган болсо, ар кандай функциялык өрт коркунучу бар имараттарда.
15 метрден бийик эмес, “Ф 1.2”; “Ф 3” жана “Ф 4.3” класстарындагы функциялык өрт коркунучу бар имараттарда кабаттан (же кабаттын башка бөлүктөрүнөн өрткө каршы бөгөттөр менен тосулган бөлүгүндө) бир эвакуациялык чыгуу жери төмөнкү шарттар бир мезгилде аткарылганда каралууга жол берилет:
- кабаттын аянты 300 м² ашпаганда;
- кабатта бир мезгилде болуучу адамдардын саны 20 кишиден ашпаганда;
- тепкич клеткасына чыгуу жерлери 2-типтеги өрткө каршы чыгуучу эшиктер менен жабдылганда.
“Ф 1.3” классындагы функциялык өрт коркунучу бар имараттарда кабатындагы квартиралардын (секциялык типтеги имараттар үчүн секциянын) жалпы аянты 500 м² кем эмес болсо жана бийиктиги 15 метрден жогору жайгашкан кабаттагы ар бир квартирадан бир эвакуациялык чыгуу жери бар болсо, андан тышкары дагы авариялык чыгуу жери каралууга тийиш.
Имараттан эвакуациялык чыгуу жерлеринин саны имараттын ар кандай кабатынан эвакуациялык чыгуу жерлеринин санынан кем болбоого тийиш.
8. Жайдын эң четинен (“Ф 5” классындагы имараттар үчүн - эң четки жумуш ордунан) эвакуация жолунун огу менен ченелүүчү эң жакынкы эвакуациялык чыгуу жерине чейинки чектүү жол берилген аралыгы жайдын жана имараттын өрт жана жарылуу өрт коркунучу боюнча функциялык өрт коркунучунун классына жана категориясына, эвакуациялануучулардын санына, жайдын жана эвакуация жолдорунун геометриялык параметрлерине, имараттын конструкциялык өрт коркунучунун классына жана отко туруктуулук даражасына жараша өрт коопсуздугу жаатындагы Кыргыз Республикасынын тийиштүү ченемдик укуктук актылары менен белгиленет.
Жайдагы 2-типтеги тепкич боюнча эвакуация жолунун узундугу анын үч эселенген бийиктигине барабар кабыл алынышы зарыл.
9. Эвакуация жолдору лифттер, эскалаторлор, ошондой эле төмөндө көрсөтүлгөн участкалар аркылуу өтпөөгө тийиш:
- эгер лифт шахталарынын тосуучу конструкциялары, лифт шахталарынын эшиктерин кошкондо, өрткө каршы бөгөттөргө коюлуучу талаптарга жооп бербесе, лифт шахталарынан коридорлорго чыгуу аркылуу, лифт холлдору жана лифттердин алдындагы тамбурлар аркылуу;
- тепкич клеткасынын аянтчасы коридордун бөлүгү болуп саналганда тепкич клеткалары аркылуу, ошондой эле 2-типтеги эвакуациялык эмес тепкич жайгашкан жай аркылуу;
- имараттардын үстү боюнча, пайдаланылуучу үйдүн үстүн же конструкция боюнча пайдалануудагы үйдүн үстүнө окшош үстүн атайын жабдылган участкасын кошпогондо;
- экиден көп кабаттарды (ярустарды) бириктирген, ошондой эле жертөлөдөгү жана цоколдук кабаттардан чыгуучу 2-типтеги тепкичтер боюнча;
- жер алдындагы жана жер үстүндөгү кабаттарды бириктирүү үчүн тепкичтер жана тепкич клеткалары боюнча.
77-берене. Өрт коопсуздугун камсыздоо органдарынын ишин камсыз кылуу
1. Имараттар менен курулмаларды долбоорлоодо төмөнкүлөр каралууга тийиш:
- имараттар менен курулмаларга атайын же функциялык өтмө жолдор жана кирме жолдор менен бириктирилген өрт техникасы өтүүчү жолдор жана кирме жолдор;
- сырткы өрт тепкичтери жана өрт коопсуздугун камсыз кылуу органдарынын күчтөрүн жана каражаттарын кабаттарга жана имарат үстүнө көтөрүү үчүн башка каражаттар, анын ичинде “өрт бөлүнүштөрүн ташуу” иш режиминдеги лифттер;
- чарбалык же атайын суусуз түтүктөрү жана өрт идиштери (резервуарларын), ал эми турак үйлөрдө квартира ичинде өрт өчүрүү үчүн - чарбалык-ичилүүчү суу түтүк тармагы менен бириктирилген өрткө каршы суу түтүгү;
- эвакуациялоо жолдорун жана имарат ичиндеги өрт коопсуздугун камсыз кылуу органдарынын күчтөрү жана каражаттары жүрүүчү жолдорду түтүндөн коргоо системасы;
- адамдарды куткаруу үчүн жеке жана жамааттык каражаттар.
2. Бийиктиги 10 метр жана андан жогору имараттарда өрт машиналары өтүүчү жолдун бетинен үй үстүнүн кырына же сырткы дубалдын үстүнө (парапетке) түздөн-түз тепкич клеткаларынан же чатыр аркылуу, болбосо 3-типтеги тепкичтер же сырткы өрт тепкичтери аркылуу чыгуу жерлери каралууга тийиш.
Чатырга чыгуу жерлеринин саны (бирден кем эмес) жана алардын жайгашуусу имараттын функциялык өрт коркунучуна жана өлчөмүнө жараша каралууга тийиш:
- “Ф 1”, “Ф 2”, “Ф 3” жана “Ф 4” классындагы имараттар үчүн ар бир толук жана толук эмес 100 метр узундугуна жана чатыры жок жабылган ар бир толук жана толук эмес 1000 м² аянтына бирден кем эмес чыгуу жери;
- “Ф 5” классындагы имараттын периметри боюнча ар бир 200 метрде өрт тепкичтери боюнча.
Төмөнкүлөр каралбашы мүмкүн:
- эгер имараттын туурасы 150 метрден ашпаса жана башкы фасадынын тушунда өрткө каршы суу түтүгү бар болсо, имараттын башкы фасадында өрт тепкичтери;
- имараттын үстүнүн аянты 100 м² ашпаса, чатырына чыгуучу жери.
3. “Ф 1.4” классындагы имараттарды кошпогондо, имараттар менен курулмалардын чатырларында өлчөмү 0,6 x 0,8 метрден кем эмес эшиктер, люктар же терезе аркылуу үй үстүнө чыгуучу стационардык тепкич менен жабдылган чыгуу жери каралууга тийиш.
Тепкич клеткаларынан үй үстүнө же чатырга чыгуу жерлери чыга бериштеги аянтчалуу тепкич марштары боюнча өлчөмү 0,75x1,5 метрден кем болбогон өрткө каршы 2-типтеги эшик аркылуу каралууга тийиш. Аталган марштар менен аянтчалар күйбөй турган материалдардан жасалууга жана жантаймасы 2:1ден ашпоого жана кенендиги 0,9 метрден кем болбоого тийиш.
Бийиктиги 15 метрге чейинки “Ф 1”, “Ф 2”, “Ф 3” жана “Ф 4” классындагы имараттарда чатырга чыга турган жолдорду тепкич торчолорунан бекитилген болот шатыча боюнча өлчөмү 0,6 x 0,8 метрден кем эмес өрткө каршы люктар аркылуу курууга жол берилет.
4. Техникалык кабаттарда, анын ичинде техникалык жертөлөлөрдө жана чатырларда жарыкка чыгуучу өтмөлөрдүн бийиктиги 1,8 метрден, бүт имараттын узундугу боюнча чатырда 1,6 метрден кем болбоого тийиш. Бул өтмөлөрдүн жазылыгы 1,2 метрден кем болбошу керек. Узундугу 2 метрден ашпаган айрым участкаларда өтмөнүн бийиктигин 1,2 метрге, туурасын 0,9 метрге чейин азайтууга жол берилет.
5. Мансардасы бар имараттарда чатырлардын ичиндеги тосмо конструкцияларда люктар каралууга тийиш.
6. Чатырдын бийиктигинин 1 метрден көп өйдө-ылдый болгон жерлеринде (анын ичинде имарат үстүнө аэрациялык жарык фонарларын алып чыгуу үчүн) өрт тепкичтери каралууга тийиш.
Чатырдын бийиктигинин 10 метрден көп өйдө-ылдый болгон жерлеринде, эгер аянты 100 м ашуун үй үстүнүн ар бир участкасы чатырга чыгуучу жери бар болсо же үй үстүнүн төмөнкү участкасынын бийиктиги 10 метрден ашпаса, өрт тепкичтери каралбашы мүмкүн.
7. 10 метрден 20 метрге чейинки бийиктикке чыгуу үчүн жана чатырдын бийиктигинин 1 метрден 20 метрге чейин өйдө-ылдый болгон жерлеринде “П1” типтеги өрт тепкичтерин колдонуу керек, ал эми 20 метрден өйдө чыгуу үчүн жана чатырдын бийиктиги 20 метрден көп өйдө-ылдый болгон жерлеринде – “П2” типтеги өрт тепкичтерин.
Өрт тепкичтери күйбөй турган материалдардан жасалууга, терезелерге 1 метрден жакын жайгашпоого жана өрттөн коргоо бөлүнүштөрүнүн өздүк курамынын аскер кийимчен жана жабдыктар менен жүрүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылган конструкциялык аткарылышта болууга тийиш.
8. Тепкич марштарынын ортосунда жана тепкич марштарынын тосмолорунун кармоочторунун ортосунда жазылыгы 75 мм кем эмес бош жер каралууга тийиш.
9. Бийиктиги 5 метрден жогору “Ф 1.1” классындагы имараттар менен курулмалардын, бийиктиги 28 метрден жогору функциялык өрт коркунучу бар бардык класстардагы имараттар менен курулмалардын ар бир өрт отсегинде өрт бөлүнүштөрүн ташуу үчүн лифттер каралууга тийиш.
10. Карнизге же сырткы дубалдын үстүңкү кырына (парапетке) чейинки бийиктиги 10 метрден жогору, чатыры 12 % га чейин жантайыңкы имараттардын, ошондой эле карнизге чейинки бийиктиги 7 метрден жогору, чатыры 12 % га чейин жантайыңкы имараттарда өрт коопсуздугу жаатындагы тийиштүү ченемдик укуктук актылардын талаптарына ылайык тосмолордун каралышы зарыл. Бул тосмолор имараттардын бийиктигине карабастан, колдонуудагы жалпак жабылган чатырларда, балкондордо, лоджияларда, сырткы галереяларда, сырткы ачык тепкичтерде, тепкич марштары менен аянтчаларда каралууга тийиш.
11. Жогорку кабаттын полунун белгиси 75 метрден жогору болгон имараттардын жабуусунда өрт вертолёту транспорттук-куткаруу кабинасы үчүн өлчөмү 5 x 5 метр болгон аянтчалар каралууга тийиш. Көрсөтүлгөн аянтчалардын үстүнө антенналарды, электр өткөрүүчү зымдарды, кабелдерди жайгаштырууга тыюу салынат.
78-берене. Имараттардын, курулмалардын жана орнотмолордун ортосундагы өрткө каршы аралыктарга (ажырымдарга) коюлуучу өрт коопсуздугунун талаптары
Имараттардын, курулмалардын жана орнотмолордун ортосундагы өрткө каршы аралыктар (ажырымдар) имараттардын жана курулмалардын отко туруктуулук даражасына, өрт жарылуу жана өрт коопсуздугунун категориясына, ошондой эле алардын функциялык арналышына жараша ушул Мыйзам, өрт коопсуздугу жаатындагы Кыргыз Республикасынын тийиштүү башка ченемдик укуктук актылары, ошондой эле курулуш ченемдери жана эрежелери менен белгиленет.
20-глава. Өрт деполорун жайгаштырууга, жолдорго,
кирүүчү (чыгуучу) жана өтмө жолдорго, өндүрүш объекттериндеги
суу менен жабдуу булактарына коюлуучу талаптар
79-берене. Өндүрүш объекттеринин аймактарына өрт деполорун жайгаштыруу
1. Өндүрүш объекттеринин аймагында өрт деполору жалпы колдонуудагы жолдорго жанаша жаткан жер участкаларында жайгашууга тийиш.
Өрт деполорунан чыгуучу жолдору чыгып бараткан өрт автомобилдери негизги транспорт агымын кесип өтпөгөндөй жайгаштырылууга тийиш.
2. Өрт деполорунун жайгашкан орундарына жана өрт деполорунун тейлөө радиустарына коюлуучу талаптар ушул Мыйзамдын 68-беренеси менен белгиленген.
80-берене. Өндүрүш объекттеринин аймагындагы жолдорго, кирүүчү (чыгуучу) жана өтмө жолдорго коюлуучу талаптар
1. Аянты 5 га жана андан ашуун өндүрүш объекттеринин экиден кем эмес кирүүчү жолу болууга тийиш, буга I жана II категориядагы мунайзат жана мунайзат продуктуларынын кампалары кирбейт, аларда аянтынын өлчөмүнө карабастан жалпы тармактагы автомобиль жолуна же кампанын, ишкананын кирүүчү жолдоруна экиден кем эмес чыгуу жолу болушу керек.
Өндүрүштүк объекттин аянтчасынын бир тарабы 1000 м жана андан ашуун болгондо жана ал көчөгө же автомобиль жолуна бойлой жайгашкан болсо, ошол жагынан аянтчага экиден кем эмес кирүүчү жолу каралуусу керек. Кирүү жолдорунун аралыгы 1500 метрден ашпоого тийиш.
Аянты 5 га жана андан ашуун өндүрүш объекттеринин аянтчаларынын ичиндеги тосулган участкалардын (ачык трансформатордук станциялар, кампалар ж.б.) экиден кем эмес кирүүчү жолу болууга тийиш.
Имараттар менен курулмаларга алардын бүт узундугу боюнча: имарат же курулманын туурасы 18 метрге чейин болсо бир жагынан, ал эми 18 м жана андан ашуун болсо, ошондой эле туюк жана жарым туюк короолор курулганда эки жагынан өрт автомобилдеринин кирип келиши камсыз кылынууга тийиш.
Курулуш аянты 10 га жана андан чоң же туурасы 100 метрден чоң болгон имараттарга бардык тараптардан өрт автомобилдеринин кирип келиши камсыз болууга тийиш.
Өндүрүш шарттары боюнча жол куруу талап кылынбаган учурларда жазылыгы 3,5 м келген, чополуу жана кумдак (чаңдуу) кыртыш ар түрдүү жергиликтүү материалдар менен бекемделип, үстүңкү суулар агып кетсин үчүн жантайыңкы кылып пландалган жер боюнча өрт автомобилдеринин кирип келүүсү каралат.
Өрт автомобилдеринин өтүшүн камсыз кылуучу жолдун өтүүчү бөлүгүнүн же пландалган жердин четинен бийиктиги 12 метрге чейинки имараттардын дубалына чейинки аралык 25 метрден, бийиктиги 12 метрден 28 метрге чейинки имараттарда 8 метрден, ал эми бийиктиги 28 метрден жогору имараттарда 10 метрден ашпоого тийиш.
2. Өрткө каршы суу менен жабдуу булагы болгон көлмөлөргө, ошондой эле градирняларга, бассейндерге жана суусу өрт өчүрүүгө пайдаланылышы мүмкүн болгон башка курулмаларга өрт автомобилдери бурула алгыдай, аларды токтотуу жана суу алуу үчүн өлчөмү 15 x 15 метр болгон аянтчалары менен кирүүчү жолдор алдын ала каралууга тийиш.
Өрт гидранттарын автомобиль жолдорун бойлото, жолдун өтүүчү бөлүгүнүн четинен 2,5 метрден ашпаган, ал эми имараттардын дубалына 5 метрден жакын эмес аралыкта жайгаштыруу керек.
Объекттердин ичиндеги темир жолду машина жана жөө адамдар өтүүчү жолдор кесип өткөн жерлер өрт автомобилдерин өткөрүү үчүн дайыма бош болууга жана рельстин кыры менен тең туташ төшөлмөсү болууга тийиш.
Өндүрүш объекттеринин аянтчасына кирүүчү автомобиль жолунун дарбазасынын кеңдиги негизги жана атайын өрт автомобилдеринин тоскоолдуксуз өтүшүн камсыз кылууга тийиш.
81-берене. Өндүрүш объекттериндеги суу менен жабдуу булактарына коюлуучу талаптар
1. Өндүрүш объекттери сырткы өрткө каршы суу менен (өрткө каршы суу түтүгү, табигый жана жасалма көлмөлөр менен) камсыз болууга тийиш. Өрт гидранттарын суу түтүктөр тармагындагы жайгаштырылышы ошол тармак тейлеген ар кандай имараттардагы, курулмалардагы, же алардын бөлүгүндөгү өрт өчүрүүнү камсыз кылууга тийиш.
2. Өрт өчүрүү үчүн суунун жасалма көлмөлөрдөгү камдыгы сырткы өрт өчүрүүгө жана өрт өчүрүүнүн узактыгына эсептелген сарпталуучу сууга жараша тийиштүү курулуш ченемдеринин жана эрежелеринин жана башка ченемдик-укуктук актыларынын талаптарына ылайык аныкталууга тийиш.
82-берене. Өндүрүш объекттеринде өрттүн таралышын чектөөгө коюлуучу талаптар
1. Имараттар менен курулмалардын, кампалардан имараттар менен курулмаларга чейинки, кампалар ортосундагы, технологиялык ачык орнотмолордун, агрегаттар менен жабдуулардын ортосундагы, ошондой эле алардан имараттар менен курулмаларга чейинки, күйүүчү газдар үчүн газгольдерлерден өндүрүш объектисинин аймагындагы имараттар менен курулмаларга чейинки аралыктар имараттардын отко туруктуулук даражасына, жарылуу жана өрт коркунучунун категориясына жана башка мүнөздөмөлөрүнө жараша өрттүн бир имараттан же курулмадан башкасына өтүү мүмкүнчүлүгүн четтетүүгө тийиш.
Өндүрүш объекттеринин резервуар паркттары же өзүнчө турган мунай продуктулар, суюлтулган газ, уулу заттар резервуарлары өндүрүш объекттеринин имараттары менен курулмаларына караганда кыйла төмөн жайгаштырылууга жана күйбөй турган материалдардан салынган туташ дубал менен же топурак жал менен (жердин рельефи эске алынуу менен) тосулууга тийиш.
Аталган курулмалар бийик жерлерде жайгашкан болсо, жер үстүндөгү резервуарларда авария болгон учурда төгүлгөн күйүүчү суюктуктардын тосуучу курулмалардын чегинен өтүп кетүү мүмкүнчүлүгүн алдын алуу үчүн кошумча чаралар каралууга тийиш.
Күйүүчү суюктуктар менен газдардын сырткы тармактарын өндүрүш объекттеринин имараттары менен курулмаларынын алдында жайгаштырууга жол берилбейт.
Идиштеги мунай продуктуларын сактоонун өндүрүштүк объекттериндеги аянтчалардын периметри боюнча туюк жал же күйбөй турган материалдардан тосмо дубал салынышы каралууга тийиш.
Мындан сырткары, туюк жал же күйбөй турган материалдардан салынган тосмо дубал жер үстүндөгү резервуарлардын ар бир тобунун периметри боюнча каралууга жана төгүлүүчү суюктуктун гидростатикалык басымына эсептелүүгө тийиш.
Жер үстүндөгү резервуарлардын бир тобунун чегинде көлөмү 20000 м³ же андан чоң ар бир кийинки резервуар же көлөмдөрүнүн жалпы суммасы 20000 м³ болгон кичине резервуарлардын тобу ички туюк жал же күйбөй турган материалдардан салынган тосмо дубал менен төмөнкүдөй бөлүнүүгө тийиш:
- май жана мазут резервуары башка мунай продукттарынын резервуарларынан;
- этил кошулган бензиндер сакталуучу резервуар топтун башка резервуарларынан.
Жал менен тосулган аймактын жалдардын жантайыңкы капталдары же тосмо дубалдар пайда кылуучу курулуш жок бош жерлеринин көлөмүн топтогу эң чоң резервуардын же өзүнчө турган резервуардын номиналдык көлөмүнө барабар төгүлүүчү суюктуктун эсептелген көлөмү боюнча аныктоо керек.
Резервуарлардын ар бир тобундагы жалдардын жана тосмо дубалдардын бийиктиги, резервуарлардын капталдарынан жалдардын ички жантайыңкы капталдарынын же тосмо дубалдардын түбүнө чейинки аралык өрт коопсуздугу жаатындагы Кыргыз Республикасынын тийиштүү ченемдик-укуктук актылары менен аныкталат.
Жер алдындагы резервуарларды жал менен тосуу ал резервуарларда мунай жана мазут сакталган учурларда гана каралат. Жалдардын ички жантайыңкы капталдарынын ортосунда пайда болуучу боштуктун көлөмү топтогу эң чоң резервуардагы суюктуктун 10% көлөмүнө барабар төгүлүүчү суюктукту кармап туруу шартына жараша аныктоо керек.
2. Күйүүчү суюктуктар жана газдар бар өткөрмө түтүктөрдүн жер үстүндөгү тармагын өндүрүш объектинин аймагында жайгаштыруу төмөнкүлөр үчүн тыюу салынат:
- күйүүчү суюктуктар жана газдар бар транзиттик ички аянтчалуу өткөрмө түтүктөрдү - эстакадалардан, күйүүчү материалдардан курулган өзүнчө турган колонналардан жана түркүктөрдөн, ошондой эле отко туруктуулугу I жана II даражадагы имараттарды кошпогондо имараттардын дубалдары менен чатырларынан;
- күйүүчү суюктуктар жана газдар бар өткөрмө түтүктөрдү - галереяларда, эгер бул продуктулардын аралашуусу жарылууну же өрттү пайда кылышы мүмкүн болсо;
- күйүүчү суюктуктар жана газдар бар өткөрмө түтүктөрдү - күйө турган жабууларынан жана дубалдарынан, “А” жана “Б” категорияларындагы жарылуу өрт жана өрт коркунучу бар имараттардын жабдуулары менен дубалдарынан;
- күйүүчү газдардын газ түтүктөрүн - күйүүчү катуу жана суюк материалдардын кампаларынын аймактарынан.
Өзүнчө таянычтарга жана эстакадаларга орнотулуучу, күйүүчү суюктуктар үчүн өткөрмө түтүктөрдүн жер үстүндөгү тармагын оюктары бар дубалдардан 3 м кем эмес, оюктары жок дубалдардан 0,5 м кем эмес аралыкта жайгаштыруу зарыл.
3. Мунай кайра иштетүүчү заводдордун, мунай базаларынын аймагында, мунай жана мунай заттарын сактоо кампаларында, ошондой эле май куюучу станциялардын аймагында өрттү өчүрүүгө тиешелүү запасы бар, көбүк түзүүчүнүн талаптагыдай запасы, суунун керектүү запасы, чагылган тоскуч жана өрттү табуучу, өчүрүүчү жана өрт учурунда муздатып туруучу автоматтык системасы каралышы керек.
V БӨЛҮМ. ӨРТ КООПСУЗДУГУНУН ӨРТ ТЕХНИКАСЫНА, ЖАБДУУЛАРЫ МЕНЕН ШАЙМАНДАРЫНА КОЮЛУУЧУ ТАЛАПТАРЫ
21- глава. Жалпы талаптар
83-берене. Өрт техникасына коюлуучу талаптар
1. Өрт техникасы ташууда, сактоодо жана иштетүүдө коопсуздукту камсыз кылган белгиленген талаптарга шайкеш келиши керек.
2. Өрт техникасында буюмдун идентификациялоосуна мүмкүндүк берүүчү маркалоосу болушу зарыл.
3. Өрт техникасынын техникалык документтери аны натыйжалуу колдонуу жана иштетүү эрежелери жана иштетүү мөөнөтү жөнүндө маалыматтарды камтууга тийиш.
4. Өрт техниканын белгиленген эксплуатациялык мүнөздөмөлөргө шайкештигин аныктоо үчүн сыноолор жүргүзүлөт. Өрт техниканын сыноо усулдары белгиленген тартипте бекитилген улуттук стандарттар менен аныкталат.
84-берене. От өчүрүүчү заттарга коюлуучу талаптар
1. От өчүрүүчү заттар өрт өчүрүүнүн тактикасына ылайык берүү мүнөздөмөлөрүнө жараша аларды көлөмдүк же үстүртөн жиберүү ыкмасы менен берүүдө өрттү өчүрүүнү камсыз кылууга тийиш.
2. От өчүрүүчү заттар күйүүчү заттар менен материалдардын физикалык-химиялык касиеттерине жараша колдонулууга тийиш.
3. От өчүрүүчү заттар ташуу жана сактоо мөөнөтүнүн убагында өрт өчүрүү үчүн зарыл болгон касиеттерин сактоого тийиш.
4. От өчүрүүчү заттар адамдардын ден соолугуна жана айлана-чөйрөгө жол берилген маанилеринен ашык зыяндуу таасир тийгизбөөгө тийиш.
5. От өчүрүүчү каражаттардын от өчүрүүчү жөндөмдүүлүгү, физикалык-химиялык касиеттери, ошондой эле алардын сапаты белгиленген тартипте бекитилген тийиштүү улуттук стандарттар белгилеген сыноолор менен аныкталат.
85-берене. Өрт сигнализациясынын автоматтык орнотмолоруна коюлуучу талаптар
1. Өрт сигнализациясынын автоматтык орнотмолорунун техникалык каражаттары бири-бири менен, ошондой эле алар менен бирдикте аракеттенүүчү башка техникалык каражаттар менен электрдик жана маалыматтык шайкештикти камсыз кылууга тийиш.
2. Өрт сигнализациясынын автоматтык орнотмолорунун техникалык каражаттарынын ортосундагы байланыш линиясы өрт болуп жатканда өрттү табуу, эвакуация жөнүндө, эвакуациянын мезгили, ошондой эле башка техникалык каражаттарды башкарууга зарыл убакыт жөнүндө сигнал берүүгө тийиштүү мезгил ичинде алардын иштешин камсыз кылууну эске алып аткарылууга тийиш.
3. Өрт сигнализациясынын автоматтык орнотмолорунун өрт жабдууларын башкаруу приборлору башкарылуучу жабдуунун тибине жана конкреттүү объекттин талаптарына ылайык башкаруу принцибин камсыз кылууга тийиш.
4. Өрт сигнализациясынын автоматтык орнотмолорунун техникалык каражаттары алар өз функциясын аткарып жаткан мезгилде электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыз болууга тийиш.
5. Өрт сигнализациясынын автоматтык орнотмолорунун техникалык каражаттары корголуучу объект үчүн мүнөздүү болгон чектүү жол берилген деңгээлдеги электр-магниттик кедергилердин таасирине туруктуу болууга тийиш. Бул учурда алар электр-магниттик кедергилер менен корголуучу объекттеги техникалык каражаттарга терс таасирин тийгизбеши керек.
6. Өрт сигнализациясынын автоматтык системаларын долбоорлоо жана монтаждоо талаптары тийиштүү курулуш ченемдерине жана эрежелерине, өрт коопсуздугу жаатындагы Кыргыз Республикасынын тийиштүү ченемдик укуктук актыларына ылайык аныкталат.
86-берене. Өрт өчүрүүнүн автоматтык орнотмолоруна коюлуучу талаптар
1. Өрт өчүрүүнүн автоматтык орнотмолору күйүү процессинин жаралышына жана күчөөсүнө тоскоол болуучу шарттарды түзүү максатында от өчүрүүчү заттарды көлөмдүк же үстүнө жиберүү ыкмасы менен өрт өчүрүүнү камсыз кылууга тийиш.
2. Өрттү көлөмдүк ыкма менен өчүрүү корголуучу жайдын (имараттардын, курулмалардын) бүткүл көлөмүндө күйүүгө өбөлгө болбой турган чөйрөнүн түзүлүшүн камсыз кылууга тийиш.
3. Өрттү үстүнө жиберүү жолу менен өчүрүү корголуучу аянтка от өчүрүүчү заттарды жиберүү жолу менен күйүү процессин жоюуну камсыз кылууга тийиш.
4. Өрт өчүрүүнүн автоматтык орнотмолорунун иштеши имараттар менен курулмалардын жайларында жана ачык аянтчаларда өрттүн пайда болушуна жана (же) күйүүчү материалдардын жарылуусуна алып келбеши керек.
5. Өрт өчүрүүнүн автоматтык орнотмолорун долбоорлоо жана монтаждоо боюнча талаптар тийиштүү курулуш ченемдери жана эрежелери, өрт коопсуздугу жаатындагы Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары менен белгиленет.
22-глава. Өрт өчүрүүнүн баштапкы каражаттарына коюлуучу талаптар
87-берене. От өчүргүчтөргө коюлуучу талаптар
1. Алып жүрмө жана жылдырма от өчүргүчтөр аларды жасап чыгарган ишкананын техникалык документтеринде көрсөтүлгөн аянттарда өрттү бир киши өчүрүүсүн камсыз кылууга тийиш.
2. Алып жүрмө жана жылдырма от өчүргүчтөрдөн чыккан от өчүрүүчү заттардын агымынын узундугу өрт өчүрүүдө адамдын коопсуздугун камсыз кылууга тийиш.
3. Алып жүрмө жана жылдырма от өчүргүчтөрдүн конструкциялык элементтеринин бекемдик мүнөздөмөсү аларды өрт өчүрүүдө коопсуз колдонуусун камсыз кылууга тийиш.
4. От өчүргүчтөрдүн техникалык параметрлери жана от өчүрүү жөндөмдүүлүгү белгиленген тартипте бекитилген тийиштүү улуттук стандарттын талаптарына ылайык лабораториялык сыноо аркылуу аныкталат.
88-берене. Өрт крандарына коюлуучу талаптар
1. Өрт крандарынын конструкциясы бекиткич түзүлүштү бир киши ачып алгыдай кылып жана өрт өчүрүүнү камсыз кылуучу суунун берилишин камсыздоого тийиш.
2. Өрт крандарынын бириктиргич бөрктөрүнүн конструкциясы аларга өрттүн алдын алуу жана өчүрүү жаатындагы мамлекеттик ыйгарым укуктуу органдын бөлүнүштөрүндө колдонуучу өрт өчүрүү түтүктөрүн бириктирүүгө мүмкүндүк бериши керек.
3. Өрт крандарындагы суунун талаптагыдай басымы жогорулатуучу насос менен, анын кошулуусу - аралыктан туташтыруу кнопкалары менен камсыз кылынат. Өрт крандарын коюу, комплектациясы жана суунун талаптагыдай сарпталышы өрт коопсуздугу жаатындагы тийиштүү ченемдик укуктук актылар, ошондой эле тиешелүү курулуш ченемдери жана эрежелери менен белгиленет.
23-глава. Өрт өчүрүүнүн мобилдүү каражаттарына коюлуучу талаптар
89-берене. Өрт автомобилдерине коюлуучу талаптар
Негизги жана атайын өрт автомобилдери төмөнкүдөй функциялардын аткарылышын камсыз кылууга тийиш:
1) өрт өчүрүү кызматынын өздүк курамын, от өчүрүүчү заттарды, өрт жабдууларын, жеке коргоо жана куткаруу каражаттарын, өрт шаймандарын өрт чыккан жерге жеткирүүнү;
2) авариялык-куткаруу иштерин жүргүзүүнү;
3) өрттүн очогуна от өчүрүүчү заттарды берүүнү;
4) өрттү өчүрүүгө байланышкан авариялык-куткаруу иштерин жүргүзүүнү;
5) өрт өчүрүү жана авариялык-куткаруу иштер жаатындагы мамлекеттик ыйгарым укуктуу органга жүктөлгөн милдеттерди аткаруунун коопсуздугун камсыз кылууну.
Негизги жана атайын өрт өчүрүүчү автомобилдерди иштетүү мөөнөтү жасап чыгарган заводдун белгиленген мөөнөтүнөн ашпоого тийиш. Иштөө мөөнөтү аларды күжүрмөн эсепке коюу убактысынан тартып саналат.
90-берене. Өрт поезддерине коюлуучу талаптар
Поезддер өрттү өчүрүүнү жүзөгө ашырууга мүмкүндүк берүүчү жабдуу менен жабдылууга тийиш.
91-берене. Өрт учактарына (вертолетторго) коюлуучу талаптар
Өрт учактары (вертолеттор) токойлордогу жана тоолордогу өрттү өчүрүүгө, бийик имараттардан чыккан өрттү өчүрүүнү жүзөгө ашырууга мүмкүндүк берүүчү, ошондой эле бийик имараттардагы авариялык куткаруу иштерин (адамдарды эвакуациялоого) жүргүзүүгө арналган жабдыктар менен жабдылууга тийиш.
92-берене. Өрт мотопомпаларына коюлуучу талаптар
1. Өрт мотопомпалары өрт өчүрүү милдетин аткарууну камсыз кылган сарпталышы жана күчү менен суу түтүктөр тармагынан, идиштерден жана (же) ачык суу булактарынан суу алууну жана өрттүн очогуна суу берүүнү камсыздоого тийиш.
2. Алып жүрмө өрт мотопомпаларынын конструкциясы аны эки оператор көтөрүп жүрүшүн жана топурак кыртышына орнотулушун камсыз кылууга тийиш.
3. Чиркелгич өрт мотопомпалары автомобиль чиркегичтерине стационардуу чиркелүүгө тийиш. Чиркегичтердин конструкциясы мотопомпаны өрт чыккан жерге коопсуз жеткирүүнү жана суу алууда жана берүүдө анын туруктуулугун камсыз кылууга тийиш.
24-глава. Өрт учурунда өрт өчүрүүчүлөрдүн жана адамдардын
жеке коргоо каражаттарына коюлуучу талаптар
93-берене. Өрт өчүрүүчүлөрдүн жеке коргоо каражаттарына коюлуучу талаптар
1. Өрт өчүрүүчүлөрдүн жеке коргоо каражаттары өрттөн коргоо бөлүмдөрүнүн өздүк курамын өрттүн коркунучтуу факторлорунун таасиринен, климаттык таасирлерден жана өрт өчүрүүдө жана авариялык-куткаруу иштерин жүргүзүүдө жаракат алуудан коргоого тийиш.
2. Өрт өчүрүүчүлөрдүн жеке коргоо каражаттары өз ара эргономикалык түрдө шайкештикке жана көрүү начар болгон шарттарда өрт өчүрүүчүлөрдү байкап турууга жана издөөгө мүмкүндүк берүүчү жарык сигналынын элементтерине ээ болууга тийиш.
94-берене. Өрт өчүрүүчүлөрдүн дем алуу жана көрүү органдарын жеке коргоо каражаттарына коюлуучу талаптар
1. Өрт өчүрүүчүлөрдүн дем алуу жана көрүү органдарын жеке коргоо каражаттары дем алууга жарамсыз жана көздүн былжыр челин дүүлүктүрүүчү чөйрөдө иштегенде өрт өчүрүүчүлөрдү коргоону камсыз кылууга тийиш.
2. Дем алуу жана көрүү органдарын жеке коргоо каражаттары механикалык жана климаттык таасирлерге туруктуулугунун талаптарына, эргономика көрсөткүчтөрүнө жооп бериши керек, алардын маанилери өрттө авариялык-куткаруу иштерин жүргүзүү, адамдарды куткаруу тактикасына жана өрт өчүрүүчүлөрдүн эмгегинин коопсуз шарттарын камсыз кылуу зарылдыгына ылайык аныкталат.
3. Кысылган абасы бар дем алуу аппараттары маска алдындагы боштукта адамдын дем алуу процессинде ашыкча басымдын кармалып турушун камсыз кылууга тийиш.
4. Кысылган абасы бар дем алуу аппараттарынын коргоо мезгили (өпкөдө абанын айлануусу 30 л/мүнөт болгондо) 1 сааттан, кычкылтектик-обочолоо аппараттардыкы 4 сааттан кем болбоого тийиш.
5. Өрт өчүрүүчүлөрдүн дем алуу органдарын жеке коргоо каражаттарынын конструкциялык аткарылышы дем алуучу аралашмасы бар баллонду жана регенерациялык патронду тез алмаштырууну (атайы аспаптарды колдонбостон) кароого тийиш.
6. Өрт өчүрүүчүлөрдүн дем алуу жана көрүү органдарын жеке коргоо каражаттарын колдонуу, техникалык тейлөө жана оңдоо өрт өчүрүүчүлөрдүн эмгегинин коопсуз шарттарын камсыз кылуу зарылдыгына ылайык жүзөгө ашырылат.
7. Өрт өчүрүүчүлөрдү коргоо үчүн дем алуу органдарынын чыпкалоочу таасириндеги жеке коргоо каражаттарды (противогаздарды) өрт өчүрүү мезгилинде колдонууга тыюу салынат.
8. Кычкылтектик дем алуу аппараттарын жогорку жылуулуктун таасиринен коргоочу атайын кийимдер жана изоляциялоочу типтеги атайын кийимдер менен бир комплектте колдонууга тыюу салынат.
95-берене. Өрт өчүрүүчүлөрдүн коргоочу атайын кийимдерине коюлуучу талаптар
1. Коргоочу (жалпы арналыштагы, жылуулуктун таасиринен коргоочу жана изоляциялоочу типтеги) атайын кийимдер өрт өчүрүүчүлөрдүн эмгегинин коопсуз шарттарын жана өрттүн кооптуу факторлорунан же башка өзгөчө кырдаалдардан коргоону камсыз кылууга тийиш.
2. Коргоочу атайын кийимдерде колдонулган материалдар жана конструкциялык аткарылышы кийимдин ичине от өчүрүүчү заттардын киришине тоскоол болууга жана кийимди шашылыш чечүү мүмкүнчүлүгүн, дем алуу аппаратынын баллонундагы басымды контролдоону жана маалыматты (добуштук, көрүнүүчү же атайын түзүлүштөрдүн жардамы менен) кабыл алууну жана берүүнү камсыз кылууга тийиш.
3. Изоляциялоочу типтеги коргоочу атайын кийимдердин материалдары жана конструкциялык аткарылышы изоляциялоочу типтеги коргоочу атайын кийим кийип иштеп жаткан өрт өчүрүүчүлөрдүн эмгегинин коопсуз шарттарын камсыз кылуучу ашыкча аба басымын кийим ичинде кармап турууга тийиш.
Кооптуу өндүрүштүк объекттердеги өрттөрдү өчүрүүдө колдонулган изоляциялоочу типтеги коргоочу атайын кийим адамдын терисин жана ички органдарын агрессиялуу жана (же) радиоактивдүү заттардан коргоону камсыз кылууга тийиш.
Радиациялык кооптуу объекттердеги өрттөрдү өчүрүүдө жана авариялык-куткаруу иштерин жүргүзүүдө колдонулган изоляциялоочу типтеги коргоочу атайын кийим мындан сырткары адамдын жашоосу үчүн маанилүү органдарын иондоштуруучу нурлануудан коргоону камсыз кылууга тийиш.
4. Изоляциялоочу типтеги коргоочу атайын кийимдин салмагы өрт өчүрүүчүлөрдүн эмгегинин коопсуз шарттарын камсыз кылууга тийиш.
96-берене. Колду, бутту жана башты коргоо каражаттарына коюлуучу талаптар
1. Колду коргоо каражаттары өрттү өчүрүүдө жана авариялык-куткаруу иштерин аткарууда адамдын колунун манжаларын жылуулук, механикалык жана химиялык таасирлерден коргоону камсыз кылууга тийиш.
2. Башты (анын ичинде каскалар, шлемдер, шлем ичинен кийилүүчү топу) жана бутту коргоо каражаттары өрттү өчүрүүдө жана авариялык-куткаруу иштерин аткарууда адамды суудан, жылуулук, механикалык жана химиялык таасирлерден, ошондой эле климаттык жагымсыз таасирлерден коргоону камсыз кылууга тийиш.
97-берене. Өрт өчүрүүчүлөрдүн өзүн куткаруу каражаттарына коюлуучу талаптар
Өрт өчүрүүчүлөрдүн өзүн куткаруу каражаттары (өрт арканы, өрт куру жана өрт карабини) 12,0 кН кем эмес статикалык жүктү көтөрө алуу, өрт өчүрүүчү бийиктикте иштеген учурда коопсуз кылуу жана бийиктиктен өрт өчүрүүчүнүн өз алдынча түшүп келүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылууга тийиш.
98-берене. Өрт учурунда жарандарды жеке коргоо жана куткаруу каражаттарына коюлуучу талаптар
1. Өрт учурунда жарандарды жеке коргоо жана куткаруу каражаттары эвакуациянын коопсуздугун же адамдардын өзүн-өзү сактап калышын камсыз кылууга тийиш. Бул учурда ушул функциялардын аткарылышынын камсыз болуу деңгээли механикалык жана климаттык таасирлерге туруктуулук көрсөткүчтөрү, өрт учурунда адамдарды түтүн каптаган жайдан эвакуациялоодо күйүүнүн уулуу продуктуларынан коргоочу жана ар кандай арналыштагы имараттар менен курулмалардын бийиктик деңгээлдеринен адамдардын куткарылышын камсыз кылуучу шарттарга жараша аныкталган эргономикалык жана коргоочу көрсөткүчтөрү менен мүнөздөлөт.
Өрт учурунда жарандарды жеке коргоо жана куткаруу каражаттарынын конструкциясы колдонууда ишенимдүү жана жөнөкөй болууга жана ким болбосун аларды алдын ала даярдыксыз колдоно алуусуна мүмкүндүк берүүгө тийиш.
2. Жеке коргоо каражаттарынын колдонуу жааты, функциялык арналышы, техникалык мүнөздөмөлөрү жана коопсуздук талаптары белгиленген тартипте бекитилген тийиштүү улуттук стандарттар менен белгиленет.
25-глава. Өрт аспабына жана өрт өчүрүүчүлөрдүн кошумча
шаймандарына коюлуучу талаптар
99-берене. Өрт аспабына коюлуучу талаптар
1. Өрт аспабы функциялык арналышына жараша төмөнкүлөрдүн аткарылышын камсыз кылууга тийиш:
- ар кыл курулуш конструкцияларын кесүү, көтөрүү, жылдыруу жана бекитүү боюнча жумуштарды;
- тешиктерди жана оюктарды жасоо, курулуш конструкцияларын жана материалдарын майдалоо боюнча жумуштарды;
- ар кыл диаметрдеги түтүктөрдүн көзөнөктөрүн тыгындоо, идиштердеги жана өткөрмө түтүктөрдөгү тешиктерди бүтөө боюнча жумуштарды.
2. Механикалаштырган кол аспабы адам денесинин бөлүктөрү жана кийими кыймыл механизмине кокус алдыруудан сактоочу түзүлүштөр менен жабдылууга тийиш.
Механикалаштырылган өрт аспабын башкаруу органдары ага киргизилген маалыматтарды арсар чечмелөөнү четтетүүчү көрсөткүчтөр менен жабдылууга тийиш.
3. Механикалаштырылган жана механикалаштырылбаган өрт аспаптарынын конструкциясы жумушчу элементтерин ылдам алмаштыруу мүмкүндүгүн камсыз кылууга тийиш.
4. Өрт аспабынын ашташкан түйүндөрүнүн конструкциясы ачкычтарды же слесардык башка аспаптарды колдонбостон, кол менен эле алардын ишенимдүү бириктирилишин камсыз кылууга тийиш.
5. Өрт аспабынын конструкциясы авариялык-куткаруу иштерин жүргүзүүдө оператордун электр коопсуздугун камсыз кылууга тийиш.
100-берене. Өрт өчүрүүчүлөрдүн кошумча шаймандарына коюлуучу талаптар
Өрт өчүрүүчүлөрдүн кошумча шаймандары (анын ичинде өрт фонарлары, жылуулук көрсөткүчтөр, радио жана добуш, жарык-добуш маяктары, кыймылсыз абалдын датчиктери) арналышына жараша өрт чыккан жерди жарык кылууну, күйүү очокторун жана түтүн каптаган ободо адамдарды издөөнү, өрт өчүрүүчүлөрдүн жайгашкан жерин белгилөөнү жана өрт өчүрүүдөгү жумуштардын башка түрлөрүн аткарууну камсыз кылууга тийиш. Бул учурда көрсөтүлгөн функциялардын аткарылышын камсыз кылуу даражасы өрт учурунда авариялык-куткаруу иштерин аткаруу үчүн зарыл болгон көрсөткүчтөр менен мүнөздөлүүгө тийиш.
26-глава. Өрт жабдууларына коюлуучу талаптар
101-берене. Өрт жабдууларына коюлуучу жалпы талаптар
Өрт жабдуулары (өрт гидранттары, колонка гидранты, колонкалар, кысуучу жана соруучу түтүктөр, найлар, гидроэлеваторлор жана соруучу торлор, түтүктүн бутактануулары, бириктиргич бөрктөр, өрт кол шатылары) жумуштарды жүргүзүү тактикасына ылайык өрт өчүрүү үчүн зарыл болгон от өчүрүүчү заттарды өрт болгон жерге талап кылынган чыгымда жана жумушчу басымда берүү мүмкүнчүлүгүн, ошондой эле өздүк курамдын имараттар менен курулмалардын жайларына киришин камсыз кылууга тийиш.
102-берене. Өрт гидранттарына жана колонкаларына коюлуучу жалпы талаптар
1. Өрт гидранттары диаметри 100мм кем эмес сырткы суу түтүк тармактарына орнотулууга жана өрт өчүрүү максаты үчүн суу берүүнү камсыз кылууга тийиш.
2. Өрт колонкалары жер алдындагы гидранттардын ачылуу (жабылуу) мүмкүндүгүн жана суу түтүк тармактарынан суу алуу жана аны өрт өчүрүү бутасына берүү үчүн өрт түтүктөрүнүн бириктирилишин камсыз кылууга тийиш.
3. Өрт колонкасынын жабуучу түзүлүштөрүн башкаруу органдарындагы механикалык күч келүүсү жумушчу басымында 150 ньютондон ашпоого тийиш.
103-берене. Өрт түтүктөрүнө жана бириктиргич бөрктөргө коюлуучу талаптар
1. Өрт түтүктөрү (соруучу, кысуучу-соруучу жана кысуучу) от өчүрүүчү заттарды өрт болгон жерге жеткирүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылууга тийиш.
2. Бириктиргич бөрктөр өрт түтүктөрүн бири-бири жана башка өрт жабдуулары менен ылдам, жылчыксыз жана бекем бириктирилишин камсыз кылууга тийиш.
3. Өрт түтүктөрүнүн жана бириктиргич бөрктөрдүн бышыктык жана эксплуатациялык мүнөздөмөлөрү өрт коопсуздугун камсыз кылуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын бөлүнүштөрүндө колдонгон гидравликалык жабдуунун техникалык параметрлерине ылайык келип, коюлган талаптарга жооп берүүгө тийиш.
104-берене. Өрт найларына, көбүк генераторлоруна жана көбүк аралаштыргычтарга коюлуучу талаптар
1. Өрт найларынын (кол жана лафеттик) конструкциясы төмөнкүлөрдү камсыз кылууга тийиш:
- чоргодон чыкканда от өчүрүүчү заттардын (анын ичинде төмөнкү бөлүштүрүлүштөгү аба-механикалык көбүктүн) туташ же чачыраган агымын калыптандырууну;
- чачыраган агым факелинин конусу боюнча от өчүрүүчү заттардын тегиз бөлүштүрүлүшүн;
- агымдын туташ түрүнөн чачыраган түрүнө чейин үзгүлтүксүз өзгөрүшүн;
- от өчүрүүчү заттарды (универсал типтеги найлар үчүн) берүүнү токтотпой туруп, алардын чыгымдалышынын өзгөрүшүн;
- найдын бышыктыгын, бириктирүүнүн жана жабуучу түзүлүштүн жумушчу басым астында жылчыксыз болушун;
- тике жайгашкан жалпак беттерде берилген бурчтар боюнча лафеттик найлардын абалын бекемдөөнү;
- тике жана туурасынан жайгашкан жалпак беттерде лафеттик найлардын буруучу механизмдерин гидроиштеткич жана электриштеткич аркылуу кол менен жана аралыктан башкаруу мүмкүндүгүн.
2. Көбүк генераторлорунун конструкциясы төмөнкүлөрдү камсыз кылууга тийиш:
- орто жана жогорку бөлүштүрүлүштөгү аба-механикалык көбүктүн агымын калыптандырууну;
- найдын бышыктыгын, бириктирүүнүн жана жабуучу түзүлүштүн жумушчу басым астында жылчыксыз болушун;
3. Көбүк аралаштыргычтар (жөндөлүүчү жана жөндөлбөөчү дозалагычы менен) аба-көбүк найларында жана көбүк генераторлорунда белгилүү бөлүнүштө көбүк алуу үчүн көбүк жаратуучудан берилген концентрациядагы суу эритмесин алууну камсыз кылууга тийиш.
105-берене. Өрт өчүрүүчү түтүктүү суу жыйнагычтарына жана өрт бутактанууларына коюлуучу талаптар
1. Өрт өчүрүүчү түтүктүү суу жыйнагычтары суунун эки же андан көп агымын өрт насосунун соруучу келте түтүгүнүн кире беришинде бириктирүүнү камсыздоого тийиш.
Өрт өчүрүүчү түтүктүү суу жыйнагычтары ар бир бириктирилген келте түтүктөн кайтарып берме клапандар менен жабдылууга тийиш.
2. Өрт бутактануулары суунун же көбүк жаратуучу эритмесинин магистралдык агымын жумушчу өрт түтүктөрүнүн линияларына бөлүштүрүүнү жана бул линияларда от өчүрүүчү заттардын чыгымдалышын жөнгө салууну камсыз кылууга тийиш.
Өрт түтүктүү бутактанууларынын жабуучу түзүлүштөрүн башкаруу органдарындагы механикалык күч келүү жумушчу басымында 100 ньютондон ашпоого тийиш.
106-берене. Өрт гидроэлеваторлоруна жана соруучу торлорго коюлуучу талаптар
1. Өрт гидроэлеваторлору суунун бети менен өрт сордургучтун жайгашуу деңгээлинин ортосундагы айырма сордургучтун эң жогорку суу соруу бийиктигинен ашык болгон ачык көлмөлөрдөн суу алууну камсыз кылууга, ошондой эле жайдан өрт өчүрүүдө төгүлгөн суунун чыгарылышын камсыз кылууга тийиш.
2. Соруучу өрт торлору ачык көлмөлөрдөн алынуучу сууну чыпкалоону жана сордургучтун иштешинин бузулушуна алып келүүчү өлчөмдөгү катуу бөлүкчөлөрдүн өтүп кетишин болтурбоону камсыз кылууга тийиш.
Соруучу өрт торлору кайтарып берме клапандар менен жабдылууга тийиш.
107-берене. Өрт кол шатыларына коюлуучу талаптар
1. Өрт кол шатылары өрт өчүрүү жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын өздүк курамына жайларга жана имараттар менен курулмалардын чатырына кирүүгө, көрсөтүлгөн жайларга от өчүрүүчү каражаттар менен заттарды берүүгө, ошондой эле ушул жайлардан эвакуация жолдоруна кайрылбастан эле, адамдарды куткарууну камсыз кылууга тийиш.
2. Өрт кол шатыларынын габариттик өлчөмдөрү жана конструкциясы аларды өрт автомобилдеринде ташуу мүмкүндүгүн берүүгө тийиш.
3. Өрт кол шатыларынын механикалык бышыктыгы, өлчөмдөрү жана эргономикалык мүнөздөмөсү бийиктик деңгээлдерден адамдарды куткаруу мүмкүндүгүн жана зарыл өрт-техникалык куралдарды жана жабдууларды өйдө чыгарууну камсыз кылууга тийиш.
27- глава. Өрттө байланыш каражаттарына коюлуучу талаптар
108-берене. Өрт учурундагы байланыш каражаттары
1. Өрттө байланыш каражаттары өрт чыккан жерден күчтөрдү жана каражаттарды так жана үзгүлтүксүз башкарууну, алардын аракеттенүүсүн жана маалымат берүүнү, камсыз кылышы керек.
2. Байланыш каражаттарына: байланыш техникасы (радиостанциялар, радио өткөргүчтөр, радиоретрансляторлор, телефондук жана үндү бийик чыгаруучу байланыш каражаты, кабарлоочу жана башка маалымат берүү, кабыл алуу жана өзгөртүү үчүн, ошондой эле байланыш каналдарын жана линияларын түзүүгө, GPS система (өрт автомобилдеринин жайгашкан жерин аныктаган навигация системасы) үчүн арналган башка техника кирет).
3. Радио байланыш гарнизондун күчтөрүн ыкчам башкарууну камсыз кылууга, өрткө каршы мамлекеттик кызматтын бөлүнүштөрү жана өрт автомобилдери менен байланышууга, өрт чыккан жерде бөлүнүштөр ортосундагы билдирүүлөр менен өз ара алмашууга, байланыштын проводдук каналдарын кайталоо (резервдөө) үчүн арналат.
4. Гарнизондогу радиостанциялар стационардык, ташып жүрүүчү жана алып жүрүүчү болуп бөлүнөт. Станционардык радиостанциялар Бирдиктүү нөөмөт-диспетчердик кызматында (мындан ары, - БНДК), бөлүктүн байланыш пунктунда (мындан ары, - ББП) орнотулат, ташып жүрүүчү радиостанциялар табелдик белгиленгендигине ылайык өрт автомобилдерине орнотулат.
109-берене. Байланыш каражаттарына коюлуучу негизги талаптар
1. Өрттөн сактоо кызматынын байланышына коюлган негизги талаптар болуп байланыш каражаттарынын оң абалда болушу, ишеничтүүлүгү, ар дайым ишке даяр болушу, жогорку тартипте тейлөө, ошондой эле GPS-кабылдагычы менен координаттарды аныктоону тездеткен системаны орнотуу эсептелет.
2. Байланыш каражаттары ар дайым оң абалда жана колдонууга даяр болуусу керек, өрттөн сактоо бөлүнүштөрдүн иш-аракеттерин ар кандай шартта ишенимдүү жана үзгүлтүксүз башкарылышын камсыз кылуусу керек.
3. GPS-кабылдагычы менен координаттарды аныктоону тездеткен система чакырган жерге минимумдук кыска мөөнөттө келиши үчүн арналат.
110-берене. Байланыш каражаттарын иштетүүнү пландаштыруу, техникалык тейлөө жана оңдоо
1. Байланыш каражаттарынын орточо жана капиталдык оңдоосун жүргүзүүнү пландаштырууда алардын техникалык абалы жана оңдоо жүргүзүүнүн зарылчылыгы каралат.
2. Байланыш каражаттарын иштетүүнү пландаштыруу, техникалык тейлөө жана оңдоо өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт: бир жылдык иштетүү ченемдерин аныктоо; техникалык тейлөө боюнча иш-чараларды; байланыш каражаттарын оңдоону; техникалык абалын контролдоону; байланыш каражаттарын сактоону; байланыш каражаттарын материалдык камсыздоону.
3. Байланыш каражаттарын өрт учурунда иштетүү мөөнөттөрү даярдоочу ишкана аныктаган мөөнөттөн ашпоого тийиш. Байланыш каражаттарын иштетүү мөөнөтү күжүрмөн эсепке койгон күндөн баштап эсептелет.
VI БӨЛҮМ. ӨРТ КООПСУЗДУГУНУН ЖАЛПЫ АРНАЛЫШТАГЫ ПРОДУКЦИЯЛАРГА КОЮЛУУЧУ ТАЛАПТАРЫ
28-глава. Өрт коопсуздугунун заттарга жана материалдарга
коюлуучу талаптары
111-берене. Заттар менен материалдардын өрт коркунучу тууралуу маалыматтарына коюлуучу талаптар
Заттар жана материалдардын жарылуу өрт жана өрт коркунучунун көрсөткүчтөрү тууралуу маалымат белгиленген тартипте бекитилген тийиштүү улуттук стандарттарга ылайык маркалоосуна шайкеш келиши керек.
112-берене. Имараттар менен курулмаларда курулуш материалдарын колдонууга өрт коопсуздугунун талаптары
1. Имараттар менен курулмаларда курулуш материалдары алардын функциялык арналышына жана өрт коркунучуна жараша колдонулат.
Имараттар менен курулмаларда курулуш материалдарын колдонуу боюнча өрт коопсуздугунун талаптары ошол материалдардын өрт коркунучунун көрсөткүчтөрүнө тиешелүү аныкталат жана белгиленген тартипте бекитилген тийиштүү улуттук стандарттар менен белгиленет.
Заттар жана материалдардын жарылуу өрт жана өрт коркунучунун көрсөткүчтөрү тууралуу маалымат белгиленген тартипте бекитилген тийиштүү улуттук стандарттарга ылайык маркалоосуна шайкеш келиши керек.
2. “А”, “Б” жана “В1” категорияларынын “Ф 5” классындагы тез от алуучу суюктуктар чыгарылуучу, колдонулуучу же сакталуучу жайлардын полу күйбөй турган материалдардан же “Г1” күйүү тобундагы материалдардан салынышы керек.
Жайлардагы же адамдарды эвакуациялоо жолдорундагы асма шыптардын каркастары күйбөй турган материалдардан гана жасалышы керек.
Турак жай жана коомдук имараттарды күйүүчү материалдар менен жасалгалоо жана жылуулатуу иштерин жүргүзүүгө тыюу салынат.
Ар кандай функциялык арналыштагы, кабаттуулуктагы жана сыйымдуулуктагы имараттарда жасалгалоо-кооздоо, каптоочу материалдардын жана эвакуация жолдорунун полуна төшөгүчтөрдүн колдонуу жааты белгиленген тартипте бекитилген улуттук стандарттары, курулуш ченемдери жана эрежелери менен аныкталат.
3. Уктоочу бөлмөлөрдө жана палаталарда, ошондой эле “Ф 1.1” классчасындагы балдар топторунун жайларында “КМ2” классынан жогорку өрт коркунучундагы жасалгалоо-кооздоо материалдарын жана полго төшөгүчтөрдү колдонууга жол берилбейт.
Мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин музыкалык жана дене тарбия залдарындагы дубалдардын жана шыптардын жасалгасы “КМ0” классындагы материалдардан жасалууга тийиш.
Физиотерапиялык процедура бөлмөлөрүндө дубалдын, шыптын жасалгасы жана асма шыптардын толтуруулары үчүн “КМ2” классынан жогорку өрт коркунучундагы материалдарды жана полго төшөө үчүн “КМ3” классынан жогорку өрт коркунучундагы материалдарды колдонууга жол берилбейт.
Диагностикалык жайларда дубалдын, шыптын жасалгасы жана асма шыптардын толтуруулары үчүн “КМ3” классынан жогорку өрт коркунучундагы материалдарды жана полго төшөө үчүн “КМ3” классынан жогорку өрт коркунучундагы материалдарды колдонууга жол берилбейт.
Операциялык жана реанимациялык жайларда дубалдын, шыптын жана асма шыптардын толтурууларынын жасалгасы үчүн “КМ2” классынан жогорку өрт коркунучундагы материалдарды жана полго төшөө үчүн “КМ3” классынан жогорку өрт коркунучундагы материалдарды колдонууга жол берилбейт.
“Ф 1.2” классчасындагы имараттардын турак жайларында дубалдын, шыптын жасалгасы жана асма шыптардын толтуруулары үчүн “КМ4” классынан жогорку өрт коркунучундагы материалдарды жана полго төшөө үчүн “КМ4” классынан жогорку өрт коркунучундагы материалдарды колдонууга жол берилбейт.
“Ф 2.12” классчасындагы имараттардын кийим чечүүчү жайларында дубалдын, шыптын жасалгасы жана асма шыптардын толтуруулары үчүн “КМ1” классынан жогорку өрт коркунучундагы материалдарды жана полго төшөө үчүн “КМ2” классынан жогорку өрт коркунучундагы материалдарды колдонууга жол берилбейт.
Окуу залдарында дубалдын, шыптын жасалгасы жана асма шыптардын толтуруулары үчүн “КМ2” классынан жогорку өрт коркунучундагы материалдарды жана полго төшөө үчүн “КМ3” классынан жогорку өрт коркунучундагы материалдарды колдонууга жол берилбейт.
Китеп сактоочу жайларда жана архивдерде, ошондой эле кызматтык каталогдордун жана дубалдарынын жана шыптарынын жасалгасы үчүн “КМ0” классындагы материалдар каралат.
“Ф 2.2” классчасындагы имараттардын демонстрациялык залдарында дубалдын, шыптын жасалгасы жана асма шыптардын толтуруулары үчүн “КМ2” классынан жогорку өрт коркунучундагы материалдарды жана полго төшөө үчүн “КМ3” классынан жогорку өрт коркунучундагы материалдарды колдонууга жол берилбейт.
Бий залдарында дубалдын, шыптын жасалгасы жана асма шыптардын толтуруулары үчүн “КМ2” классынан жогорку өрт коркунучундагы материалдарды жана полго төшөө үчүн “КМ2” классынан жогорку өрт коркунучундагы материалдарды колдонууга жол берилбейт.
“Ф 3.1” классчасындагы имараттардын жайларынынын соода залдарында дубалдын, шыптын жасалгасы жана асма шыптардын толтуруулары үчүн “КМ2” классынан жогорку өрт коркунучундагы материалдарды жана полго төшөө үчүн “КМ3” классынан жогорку өрт коркунучундагы материалдарды колдонууга жол берилбейт.
“Ф 3.3” классчасындагы имараттардын күтүү залдарында дубалдын, шыптын жасалгасы жана асма шыптардын толтуруулары үчүн “КМ0” классындагы материалдар колдонулууга тийиш.
“Ф 3.4” классчасындагы имараттардын диагностика жана процедура кабинеттеринде дубалдын, шыптын жасалгасы жана асма шыптардын толтуруулары үчүн “КМ2” классынан жогорку өрт коркунучундагы материалдарды жана полго төшөө үчүн “КМ3” классынан жогорку өрт коркунучундагы материалдарды колдонууга жол берилбейт.
113-берене. Текстиль жана булгаары материалдарын колдонууга талаптар жана алардын өрт коркунучу тууралуу маалыматы
1. Текстиль жана булгаары материалдары имараттардын, курулмалардын функциялык арналышына жана өрт коркунучуна жараша же алардан жасалуучу буюмдардын арналышына ылайык пайдаланылат.
2. Текстиль жана булгаары материалдарын колдонуу боюнча өрт коопсуздугунун талаптары ошол материалдардын өрт коркунучунун көрсөткүчтөрүнө ылайык белгиленет.
Атайын коргоочу кийимдердин материалдарынын классификациялык жалындагыч белгилерин аныктоо методдору белгиленген тартипте бекитилген тийиштүү улуттук стандарттары менен белгиленет.
3. Атайын коргоочу кийимдердин материалдары бул кийимдердин типтерине жараша 5тен 40 кВт/м² чейинки кубаттуулуктагы жылуулук агымы таасир эткенде үлгүнүн (материалдар пакетинин) аркы бетинде 500С температурага жетүү мезгили менен мүнөздөлүүчү жылуулуктан коргоону камсыз кылууга тийиш.
4. Коргоочу кийимдердин, материалдардын жылуулуктан коргоо натыйжасынын классификациялык белгилерин аныктоо методдору белгиленген тартипте бекитилген тийиштүү улуттук стандарттары менен аныкталат.
5. Атайын коргоочу кийимдердин материалдары ачык жалындын таасирине туруктуулугу боюнча үлгүгө келген жылуулук агымынын тыгыздык мааниси 80 кВт/м² болгондой кылып газ берүү жана чыгымдалышын жөндөө менен газ горелкасынын жалыны таасир эткенде температуранын 2400С жетүү мезгили менен мүнөздөлөт.
6. Атайын коргоочу кийимдердин, материалдардын ачык жалындын таасирине туруктуулугунун классификациялык белгилерин аныктоо методдору белгиленген тартипте бекитилген тийиштүү улуттук стандарттары менен белгиленет.
7. Текстиль жана булгаары материалдарынан жасалган театрдык жумшак декорациялар өрттөн коргоочу суюк зат менен терең сиңирилип иштетилүүгө тийиш.
8. Текстиль жана булгаары материалдарынын коштомо документтеринде алардын өрт коркунучу жана имараттар менен курулмаларда же ар кандай функциялык арналыштагы буюмдарда колдонулушу боюнча маалыматты көрсөтүү зарыл.
114-берене. Оттон коргоо каражаттарынын өрт коопсуздугу тууралуу маалыматтарына коюлуучу талаптар
1. Оттон коргоо каражаттарынын техникалык документтери колдонуу жаатын, өрт коркунучунун, үстүңкү бетти даярдоо ыкмаларын, топурактын түрлөрү менен маркаларын, корголуучу бетке жабуу ыкмаларын, кургатуу шарттарын, бул каражаттардын оттон коргоо натыйжалуулугун, атмосфералык таасирлерден коргоо ыкмаларын, оттон коргоочу жабууларды пайдалануу шарттарын жана мөөнөттөрүн, ошондой эле оттон коргоо жумуштарын жүргүзүүдө коопсуздук чараларын мүнөздөөчү техникалык көрсөткүчтөрдүн номенклатурасын камтууга тийиш.
2. Оттон коргоо каражаттарын оттон коргоочу катмарга көрк берүүчү же анын атмосфералык таасирлерге туруктуулугун камсыз кылуучу материалдар (кошумча жабуу) менен колдонууга жол берилет. Бул учурда оттон коргоо натыйжалуулугу белгиленген тартипте бекитилген тийиштүү улуттук стандарттары менен аныкталууга тийиш.
29-глава. Имараттар менен курулмалардын курулуш
конструкцияларынын жана инженердик жабдууларынын өрт
коопсуздугуна коюлуучу талаптар
115-берене. Курулуш конструкцияларынын өрт коопсуздугуна коюлуучу талаптар
1. Имараттардын (курулмалардын) курулуш элементтеринин конструкциялык аткарылышы күйүүнүн имарат (курулма) боюнча тымызын таралышына себеп болбошу керек.
2. Курулуш конструкцияларынын өз ара бекүү жана жалгашуу түйүндөрүнүн отко туруктуулук чектери жалгашуучу курулуш элементтеринин отко туруктуулук чектеринен кем болбоого тийиш.
3. Имараттардын (курулмалардын) залдарында полду жантайтуучу конструкциялык элементтери ошол имараттардын кабаттарынын ортосунун калкаларына коюлуучу талаптардан кем эмес отко туруктуулук чегинде болууга тийиш.
4. Курулуш конструкцияларын кабелдер, өткөрмө түтүктөр жана башка технологиялык жабдуулар кесип өткөн жерлердеги көзөнөктөр толтурулуучу материалдардын отко туруктуулук чектери ошол конструкциялар үчүн белгиленген отко туруктуулук чектеринин маанилеринен кем болбоого тийиш.
5. Калкалар менен жабуулардын отко туруктуулук чектерин жогорулатуу үчүн колдонулуучу асма шыптардын конструкциялык элементтеринин отко туруктуулук чеги жана өрт коркунучтуулук классы ошол калкалар менен жабуулардын отко туруктуулук чектерине жана өрт коркунучунун классына коюлуучу талаптарга жооп берүүгө тийиш.
6. Асма шыптуу жайлардагы өрткө каршы бөгөттөр алардын үстүндөгү жерди да бөлүүгө тийиш.
7. Чатырдагы бөлмөлөрдүн жыгач конструкциялары, (стропила, обрешетка, тирөөчтөр ж.б.) жыгач поддондор, жыгач стеллаждары оттон коргоо каражаттары менен иштетилүүгө тийиш.
8. Асма шыптардын үстүндөгү боштуктарда күйүүчү газдарды, чаң-аба аралашмаларын, суюк жана катуу материалдарын ташуу үчүн каналдар менен өткөрмө түтүктөрдү жайгаштырууга жол берилбейт.
9. Жарылуу өрт жана өрт коркунучу боюнча “А” жана “Б” категорияларындагы жайларда асма шыптарды коюуга жол берилбейт.
116-берене. Желдетүү, кондиционерлөө жана түтүндөн коргоо системаларынын конструкцияларына жана жабдууларына коюлуучу өрт коопсуздугунун талаптары
1. Ар кандай арналыштагы желдетүү системасынын каналдарынын (анын ичинде аба өткөргүчтөр, коллекторлор, шахталар) конструкциялары отко туруктуу болууга жана газ өткөргүчтүгү боюнча талап кылынган тыгыздыктагы күйбөй турган материалдардан жасалууга тийиш. Желдетүү системаларынын каналдарынын бекитүү (илинүүчү) түйүндөрү жана алардын тосуучу курулуш конструкциялары менен кесилиштери бул каналдар үчүн талап кылынган отко туруктуулук чектеринен төмөн болбоого тийиш. Түтүнгө каршы желдетүүнүн тартуучу каналдары линиялык жылуулук кеңейүүлөрүнүн конпенсаторлору менен жабдылууга тийиш.
Өрткө каршы дурус ачылган клапандар автоматтык жана аралыктан башкарылуучу иштеткичтер менен жабдылууга тийиш. Мындай иштеткичтердин курамында жылуулукту сезгич элементтерди алмаштыргыч катары гана колдонуу каралышы керек. Өрткө каршы дурус жабылган жана түтүн клапандары үчүн жылуулукту сезгич элементтери менен иштеткичти колдонууга жол берилбейт. Ар кандай типтеги өрткө каршы жана түтүн клапандарынын конструкцияларынын бири-бирине кыналуу тыгыздыгы түтүн-газдын өтүшүнө каршылык көрсөтүүнүн зарыл болгон минимумдук маанилерин камсыз кылууга тийиш.
Табигый түрткүдөн иштөөчү тартуучу желдеткичтин түтүн люктарынын механикалык жүктөмдү (анын ичинде шамалдын жана кардын) жеңүүсү үчүн тартуу күчүн камсыз кылуучу автоматтык жана аралыктан башкарылуучу иштеткичтерди (жылуулук элементтери менен коштоо мүмкүндүгү менен) колдонуу керек.
Имараттар менен курулмалардын түтүндөн коргоо системаларынын тартуучу желдеткичтери күйүүнүн жогорку температуралуу продуктуларынын орун которууларында адамдарды эвакуациялоо үчүн (эвакуация жолунда адамдарды коргоодо) зарыл болгон убакыт ичинде же өрттүн күчөө жана өчүрүү мезгилинде (адамдарды өрттөн коопсуз зоналарда коргоодо) иштөө жөндөмдүүлүгүн сактоого тийиш.
Өрткө каршы түтүн-газ өткөрбөөчү эшиктер бири-бири менен кыналуу жерлеринде талап кылынган отко туруктуулук чектеринде түтүн-газдын өтүшүнө жол бербеген зарыл минимумдук маанисин камсыз кылуучу тыгыздоо түйүндөрү менен жабдылууга тийиш.
Түтүнгө каршы экрандар (шторалар, тосмо көшөгөлөр) автоматтык жана аралыктан башкарылуучу иштеткичтер (жылуулук элементтерисиз) менен жабдылууга жана кызмат бөлүгүнүн чыгарылган узундугу өрт учурунда бөлмөдө пайда болуучу түтүн катмарынын калыңдыгынан кем болбогон күйбөй турган материалдардан жасалууга тийиш.
2. Желдетүү, кондиционерлөө жана түтүндөн коргоо системаларынын иш жүзүндөгү мааниси (анын ичинде отко туруктуулук чектери жана түтүн-газдын өтүшүнө жол бербегендиги) тийиштүү ченемдик-укуктук актылары, курулуш ченемдери жана эрежелери менен белгиленет.
117-берене. Таштанды чыгаруу системаларынын конструкцияларынын жана жабдууларынын өрт коопсуздугуна коюлуучу талаптар
1. Таштанды чыгаруу системаларынын найлары күйбөй турган материалдардан жасалууга жана талап кылынган отко туруктуулук жана түтүн-газдын өтүшүнө каршылык көрсөтүү чектерин камсыз кылууга тийиш. Таштанды чыгаруу системасынын найларынын конструкцияларынын курамына өрт учурунда жарылуу менен бузулууга жөндөмдүү материалдарды пайдаланууга жол берилбейт.
2. Таштанды чыгаруучу найлардын жүктөөчү клапандары күйбөөчү материалдардан жасалууга жана түтүн-газдын өтүшүнө жол бербеген зарыл минимумдук маанилерин камсыз кылууга тийиш.
3. Таштанды чыгаруучу найлардын таштанды жыйналуучу камераларга орнотулуучу тосмолору (шиберлер) өрт болгон учурда өзү жабылуучу иштеткич менен жабдылууга тийиш. Мындай тосмолордун (шиберлердин) талап кылынган отко туруктуулук чектери таштанды чыгаруучу найлар үчүн белгиленгенден кем болбоого тийиш.
4. Таштанды жыйналуучу камеранын бардык аянты спринклердик суу түтүктөр менен корголушу керек. Суу түтүктөрүнүн суу бөлүштүрүүчү участогу айланма түрдө болуп, имараттын чарбалык-суу ичүү системасына кошулуп, суу түтүктөрүнүн сырты күйбөй турган, жылуулукту сактоочу материал менен капталышы керек. Камерага кирүүчү эшик дагы жылуулатылган болушу керек.
118-берене. Лифттердин өрт коопсуздугуна коюлуучу талаптар
1. Автоматтык жылма эшиктери бар жана кыймылынын жүрүү ылдамдыгы 1 м/сек жана андан жогору болгон жүргүнчү лифттеринин имараттын автоматтык өрт сигнализация системасынан келген сигнал боюнча “өрт коркунуч” иштөө режими болушу керек жана кабинанын ичиндеги жүккө жана кыймылдын багытына карабастан, анын негизги түшүү аянтчасына кайтып барып, кабинанын жана шахтанын эшиктерин ачууну жана ачык бойдон кармап турууну камсыз кылууга тийиш.
Лифт шахталарындагы эшиктердин өрткө каршылыгы 2-типтен төмөн болбоого тийиш.
2. Турак жай имараттары 50 метрден бийик болгон учурда өрт кызматынын бөлүнүштөрүн ташууга арналган лифттер каралышы керек жана алардын коопсуздугу камсыз кылынып, атайын талаптарга жооп бериши зарыл.
3. Лифт жабдууларына, түзүлүштөрүнө, отко туруктуулугуна, материалдарына, ошондой эле башкаруу, сигнализация, байланыш жана энергия менен жабдуу системаларына коюлуучу талаптар тийиштүү ченемдик укуктук актылардын, курулуш ченемдеринин жана эрежелеринин талаптарына жооп берүүгө тийиш.
30- глава. Электр техникалык продукцияларынын
өрт коопсуздугуна коюлуучу талаптар
119-берене. Электр техникалык продукциянын өрт коркунучу тууралуу маалыматына коюлуучу талаптар
1. Электр техникалык продукцияны өндүрүүчү ошол продукциянын коопсуз колдонулушу үчүн зарыл маалыматтарды камтыган эксплуатациялоо документтерин иштеп чыгууга милдеттүү.
2. Электр техникалык продукциянын эксплуатациялоо документтери (анын ичинде паспорттор жана пайдалануу боюнча колдонмо ж.б.) анын өрт коркунучу тууралуу маалыматты камтууга тийиш.
3. Электр техникалык продукция коргоо деңгээлинин класстары боюнча аны колдонуу жаатына шайкеш келүүгө тийиш.
120-берене. Электр техникалык продукциянын өрт коопсуздугуна коюлуучу талаптар
1. Электр техникалык продукция тутандыруу булагы болбоого жана күйүүнүн чегинен сырткары таралуусун болтурбоого тийиш.
2. Электр техникалык продукция үчүн өрт коопсуздугунун талаптары алардын конструкциялык өзгөчөлүктөрүнө жана колдонуу жаатына жараша тийиштүү ченемдик укуктук актыларда жана белгиленген тартипте бекитилген улуттук стандарттарда белгиленет.
Электр техникалык продукцияда колдонулган конструкциялык элементтер жалындын, ысыган элементтердин, электр жааларынын, кошуучу бириктирүүлөрдөгү жана ток өткөрүүчү көпүрөчөлөрдөгү ысуунун таасирине туруктуу болууга тийиш (трекинг туруктуулук).
Электр техникалык продукция авариялык иштөө режиминде (чукул туташуу, ашыкча күч келүү) күйүүнүн келип чыгышына жана таралышына бөгөт коюуга тийиш.
Электр техникалык продукциянын кабыгын күйүүнүн ошол кабыктын чегинен тышкары таралышынан коргоо даражасы продукциянын колдонуу жааты менен аныкталышы керек.
Коргоо аппараттары авариялык иштөө режими келип чыккан учурда күйүү пайда болгонго чейин электр тизмегинин участкасын электр энергиясынын булагынан ажыратууга тийиш.
3. Электр техникалык продукциянын конкреттүү түрлөрүнө өрт коопсуздугунун талаптары белгиленген тартипте бекитилген тийиштүү улуттук стандарттары менен белгиленет.
121-берене. Электр жабдуулардын өрт коопсуздугуна коюлуучу талаптар
Электр жабдуулары күйүүнүн келип чыгышына жана таралышына туруктуу болуп, өрттүн чыгып кетүү ыктымалын жокко чыгарып, белгиленген тартипте бекитилген улуттук стандарттарга шайкеш келиши керек.
VII БӨЛҮМ. КОРГОО ОБЪЕКТТЕРИНДЕ ӨРТ КООПСУЗДУГУН
КАМСЫЗ КЫЛУУНУН НЕГИЗГИ ФОРМАЛАРЫ ЖАНА
МЕТОДДОРУ, АЛАРДЫН ӨРТ КООПСУЗДУГУНУН ТАЛАПТАРЫНА ШАЙКЕШ КЕЛҮҮСҮН АНЫКТОО
31-глава. Коргоо объекттеринде өрт коопсуздугун камсыз кылуунун
негизги формалары жана методдору, алардын өрт коопсуздугунун
талаптарына шайкеш келүүсүн аныктоо
122-берене. Коргоо объекттеринде өрт коопсуздугун камсыз кылуунун негизги формалары жана методдору, алардын өрт коопсуздугунун талаптарына шайкеш келүүсүн аныктоо
Коргоо объекттеринин, продукциянын, долбоорлоо, өндүрүш, курулуш, монтаждоо, жөнгө салуу, эксплуатациялоо, сактоо, ташуу, сатуу жана утилдештирүү процесстеринин өрт коопсуздугун камсыз кылуунун негизги формалары жана методдору жана алардын ушул Мыйзамдын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларынын, курулуш ченемдеринин жана эрежелеринин, ошондой эле белгиленген тартипте бекитилген улуттук стандарттардын талаптарына шайкештигин аныктоо болуп төмөнкүлөр саналат:
1) өрткө каршы мамлекеттик алдын алуу;
2) экспертиза;
3) мамлекеттик өрт көзөмөлү;
4) объекттерди ишке кабыл алуу жана киргизүү;
5) өндүрүштүк контролдоо;
6) шайкештигин ырастоо;
7) сыноо жана изилдөө жүргүзүү;
8) өрт коопсуздугу жаатындагы иштердин айрым түрлөрүн лицензиялоо.
123-берене. Өрткө каршы мамлекеттик алдын алуу
1. Өрткө каршы мамлекеттик алдын алуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен тартипте жүзөгө ашырылат жана төмөнкүлөрдү камтыйт:
- өрт коопсуздугу жаатындагы негизги ченемдик укуктук актыларды, шаардык жана айылдык калктуу конуштарда, ошондой эле чарбалык объекттерде өрт коопсуздугун жогорулатуу боюнча негиздүү сунуштоолорду иштеп чыгууну;
- өрт чыгып кетүү себептерин жоюуга багытталган иш-чараларды жүргүзүүнү;
- өрттүн жайылып кетүүсүн чектөө, өрт чыккан учурда адамдарды жана мүлктү ийгиликтүү эвакуациялоо үчүн шарт түзүп берүүнү;
- өрт чыкканын өз учурунда аныктоону жана өрт тууралуу адамдарга тез маалымдоону камсыз кылууну;
- өрткө каршы кызматтын бөлүнүштөрүн ыкчам чакырылышын камсыз кылууну жана өрттү ийгиликтүү өчүрүүгө шарт түзүп берүүнү.
2. Өрткө каршы мамлекеттик алдын алуу төмөнкүлөр аркылуу жүргүзүлөт:
- өрт коопсуздугу жаатында илимий изилдөөлөрдүн жүргүзүлүшүн координациялоо жана уюштуруу;
- өрттөрдү жана аларга байланыштуу кокустук учурларды териштирүү жана алгачкы текшерүү, өрттөрдү эсепке алууну, статистиканы жана тиешелүү талдоону жүргүзүү;
- окуу сабактарын, тактикалык машыгууларды өткөрүү, адистерди даярдоо, бөлүнүштөргө, ведомстволук жана ыктыярдуу өрттөн коргоо уюмдарына өрттүн алдын алуу жана ыкчам даярдык боюнча жардам көрсөтүү;
- өрт коопсуздугу жаатында үгүттөө жана пропагандалоого багытталган окуу куралдарын жана плакаттарды, буклеттерди, китепчелерди иштеп жана басып чыгаруу, видеороликтерди, фильмдерди жана анимациялык фильмдерди чыгаруу.
3. Өрткө каршы мамлекеттик алдын алуу төмөнкүдөй жүргүзүлөт:
- курулушка жер участогун бөлүп берүү, коргоо объекттерин долбоорлоо, куруу, багытын кайра өзгөртүү, кайра пландоо, реконструкциялоо, капиталдык оңдоо, техникалык жактан кайрадан жабдуу жана функциялык арналышын өзгөртүү стадиясында - “Өрткө каршы иш-чаралар” долбоордук документтер бөлүмүн милдеттүү түрдө макулдашуу жолу менен жана андан ары долбоорлоо жана куруу үчүн тиешелүү корутунду берүү менен;
- чарбалык жана турак-жай объекттерин эксплуатациялоо стадиясында жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, өлкөбүздөгү өрткө каршы кырдаал тууралуу калкты маалымдоо жолу менен;
- өрткө каршы коргоонун автоматтык системаларын долбоорлоо стадиясында долбоордук документтерди макулдашуу жолу менен, ошондой эле аларды туташтыруу жөнүндө тиешелүү актыны жана ошол системаларды сыноо протоколун түзүү жолу менен сөзсүз түрдө “101” ыкчам шашылыш кызматынын борбордук пунктуна туташтырууда.
124-берене. Экспертиза
1. Коргоо объекттерин, өрткө каршы коргоо системаларын, өрт техникасынын, өрткө каршы жабдуулардын жана өрт-техникалык куралдардын өндүрүш процесстеринин, пайдалануунун, сактоонун, ташуунун, сатып өткөрүүнүн жана утилдештирүүнүн (пайдалануудан чыгаруунун) долбоордук документтеринин экспертизасы шаардык жана айылдык калктуу конуштарды пландоодо, имараттарды, курулмаларды, жеке турак үйлөрдү жана башка коргоо объекттерин долбоорлоодо ушул Мыйзамдын жана өрт коопсуздугу жаатындагы Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын, курулуш ченемдеринин жана эрежелеринин, белгиленген тартипте бекитилген улуттук стандарттардын талаптарына шайкеш келүүсүнө жараша жүргүзүлөт.
2. Коргоо объекттерин, коргоо объекттеринин өрт коопсуздугун камсыз кылуу системаларын, өндүрүш, эксплуатациялоо, сактоо, ташуу, сатып өткөрүү жана утилдештирүү (пайдалануудан чыгаруу) процесстерин ушул Мыйзамдын жана өрт коопсуздугу Кыргыз Республикасынын жаатындагы ченемдик укуктук актыларынын, курулуш ченемдеринин жана эрежелеринин, белгиленген тартипте бекитилген улуттук стандарттардын талаптарына шайкештигин баалоо үчүн экспертизадан өткөрүү, текшерүү, изилдөө, сыноо төмөнкүлөр тарабынан жүргүзүлөт:
- өрткө каршы мамлекеттик алдын алуу органдары;
- мамлекеттик өрт көзөмөлүнүн органдары;
- өрт коопсуздугу жаатындагы аккредитациядан өткөн сыноочу лабораториялар.
3. Коргоо, улуттук коопсуздук, жаза аткаруу системасынын, мамлекеттик чек араны коргоо маселелерин караган Кыргыз Республикасынын мамлекеттик ыйгарым укуктуу органдарынын коргоо объекттерин, жер астын иштетүү объекттерин жана шахталарды, темир жол объекттерин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан эксаймактык объекттерди, жана алардын өрт коопсуздугун камсыз кылуу системаларын, өндүрүштүк, пайдалануу, сактоо, ташуу, сатып өткөрүү жана утилдештирүү процесстерин экспертизадан өткөрүү, текшерүү, изилдөө жана сыноо Кыргыз Республикасынын тиешелүү ченемдик укуктук актыларына ылайык жүргүзүлөт.
125-берене. Өрт коопсуздугунун талаптарын сактоого мамлекеттик өрт көзөмөлү
1. Өрт коопсуздугун сактоого мамлекеттик өрт көзөмөлү ушул Мыйзамдын жана өрт коопсуздугу жаатындагы башка ченемдик укуктук актылардын, улуттук сандарттардын, курулуш ченемдердин жана эрежелердин талаптарын менчиктик түрүнө карабай жеке жана юридикалык жактар, чарба объектилери тарабынан аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган тартипте жүзөгө ашырылат.
2. Мамлекеттик өрт көзөмөлү төмөнкүдөй жүргүзүлөт:
- коргоо объектин куруу, багытын кайра өзгөртүү, кайра пландоо, реконструкциялоо капиталдык оңдоо, техникалык кайра жабдуу жана функциялык арналышын өзгөртүү стадиясында - аларды ушул Мыйзамга, өрт коопсуздугу жаатындагы башка ченемдик укуктук актыларына, улуттук стандарттарга, курулуш ченемдерине жана эрежелерине ылайык келүүсүн аныктоо жолу менен, ошондой эле долбоордук документтерин жана тапшырмаларды макулдашуу боюнча корутундуларда баяндалган чараларды аткаруу аркылуу. Мамлекеттик өрт көзөмөлүн жүргүзүүдө курулуш объектилеринин долбоорлоо документтери инспекцияланат.
- коргоо объектилерин эксплуатациялоо стадиясында (турак жай фондусун кошпогондо, анын ичинде багбанчылык бирикмелерин да), ошондой эле өрт коопсуздугун камсыз кылуунун автоматтык системаларын өрт-техникалык текшерүү жолу аркылуу аларды өрттөн коопсуз жана ишке жөндөмдүү абалга келтирүү боюнча чараларды көрүү менен. Өрттөн коргоонун автоматтык системалары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте ишке киргизилет.
3. Ушул Мыйзамда, өрт коопсуздугу боюнча Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актыларында белгиленген ченемдерди бузуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кылмыш жана административдик жоопкерчиликти тартууга алып келет.
4. Өрт коопсуздугунун талаптарын сактоо үчүн төмөнкүлөр жоопкерчилик тартышат:
- долбоорлоодо - объектти түздөн-түз долбоорлогон адамдар жана долбоорлоо уюму;
- долбоорлоо документтерине мамлекеттик өрт-техникалык экспертизасын жүргүзүүдө - экспертиза жүргүзгөн адам жана экспертиза жүргүзгөн мамлекеттик органдын жетекчилиги;
- курууда - курулуш уюму, архитектуралык-курулуш жана өрт көзөмөлүн жүзөгө ашырган мамлекеттик органдары жана бул көзөмөлдү түздөн-түз жүзөгө ашыруучу адам;
- эксплуатациялоодо - жеке жак, чарбалык субъект, объектти эксплуатациялоочу адам, мамлекеттик өрт көзөмөлүн жүзөгө ашыруучу мамлекеттик орган жана бул көзөмөлдү түздөн-түз жүзөгө ашыруучу адам.
126-берене. Коргоо объектилерин эксплуатацияга кабыл алуу жана киргизүү
1. Коргоо объектилерин эксплуатацияга кабыл алуу жана киргизүү мамлекеттик комиссиянын эксплуатацияга кабыл алуу актысынын негизинде жүзөгө ашырылат, комиссиянын курамын жана иш тартибин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилейт.
2. Коргоо объектилерин эксплуатацияга кабыл алууда жана киргизүүдө ушул Мыйзамдын талаптары, ошондой эле өрт коопсуздугун камсыз кылуу боюнча мамлекеттик органдар берген корутундулардын жана тапшырмалардын аткарылышы текшерилет.
3. Коргоо объектилерин эксплуатацияга кабыл алуу жана киргизүү тартиби жана жол-жобосу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет.
127-берене. Өрт коопсуздугунун талаптарын сактоого өндүрүштүк контролдоо
1. Продукцияны өндүрүү, сактоо, ташуу жана сатып өткөрүү, жумуш аткаруу жана кызмат көрсөтүү процесстеринде ушул Мыйзамдын жана өрт коопсуздугу жаатындагы башка ченемдердин жана эрежелердин, техникалык регламенттердин талаптарынын сакталышын өндүрүштүк контролдоо жеке ишкерлер жана менчигинин түрүнө карабай, мекемелердеги, ишканалардагы, уюмдардагы жооптуу адамдар тарабынан өз алдынча жүзөгө ашырылууга тийиш.
2. Коргоо объекттеринде өндүрүштүк контролдоо төмөнкү максаттарда жүзөгө ашырылууга тийиш:
- өрт коопсуздугунун абалын баалоо;
- өрттөн коргоо системалардын, жабдуулардын жана инвентарлардын иштешин аныктоо;
- продукциянын, жумуш аткаруунун жана кызмат көрсөтүүнүн, аларды өндүрүү процесстеринин өрт коопсуздугунун талаптарына шайкештигин камсыз кылуу;
- өрт коопсуздугунун талаптарын сактоо;
- мамлекеттик өрт көзөмөлүнүн жазма буйруктарында каралган иш-чараларды аткаруу.
3. Өндүрүштүк контролдоо төмөнкүлөрдү караштырган программа боюнча жүргүзүлөт:
- уюмдарда алардын ишмердигин жүзөгө ашыруу үчүн зарыл өрт коопсуздугу жаатындагы ченемдик укуктук актылардын, расмий басып чыгарылган жана актуалдаштырылган версияларынын болушун;
- зарыл сыноолорду (лабораториялык изилдөөлөрдү) жүргүзүүнү;
- чийки заттардын, жарым фабрикаттардын, даяр продукциянын өндүрүү, сактоо, ташуу, сатып өткөрүү жана утилдештирүү процесстеринин ушул Мыйзамдын, башка ченемдик укуктук актылардын жана белгиленген тартипте бекитилген улуттук стандарттардын талаптарына шайкеш келүүсүн;
- шайкештигин баалоонун тийиштүү формаларынын натыйжалары боюнча зарыл документтердин (продукциянын катталгандыгы тууралуу күбөлүктөрдүн, сыноо протоколдорунун, шайкештик жөнүндө декларациянын, өрт коопсуздугуна декларацияларынын, сертификаттарынын жана белгилүү продукция үчүн аныкталган шайкештик тууралуу башка күбөлүктөрдүн) болушун;
- кызмат адамдарына жана жумушчуларга өрт коопсуздугунун чараларын үйрөтүүнү уюштурууну жана алардын белгиленген талаптарга жооп беришин аттестациялоону;
- эвакуациялоо боюнча, айрыкча мектепке чейинки жана билим берүү мекемелеринде, ооруканаларда, администрациялык жана коомдук ири имараттарда окуу айгайын өткөрүүнү;
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына, белгиленген тартипте бекитилген улуттук стандарттардарга ылайык өрт коопсуздугун камсыз кылуу жаатында эсеп жүргүзүүнү жана отчеттуулукту.
4. Өндүрүштүк контролду жүргүзүүчү адамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, анын өз убагында жүргүзүлүшү, толуктугу жана аныктыгы үчүн жоопкерчиликтүү болот.
128-берене. Шайкештигин ырастоо
1. Кыргыз Республикасынын аймагында коргоо объекттеринин өрт коопсуздугунун талаптарына шайкештигин ырастоо өрт коопсуздугу жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте ыктыярдуу же милдеттүү түрдө жүзөгө ашырылат.
2. Өрт коркунучу бар продукция, коргоо объекттеринин өрт коопсуздугун камсыз кылуу системалары жана каражаттары, имараттар менен курулмалардын конструкциялык жана көлөмдүк-пландык чечилиштери, өрт техникасы, жабдуулар жана өрт-техникалык куралдар өрт коопсуздугунун талаптарына шайкештигине милдеттүү түрдө ырасталууга тийиш, буларга коюлуучу талаптар ушул Мыйзам, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган эл аралык келишимдер, өрт коопсуздугу жаатында Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актылары, курулуш ченемдери жана эрежелери, ошондой эле белгиленген тартипте бекитилген улуттук стандарттар аркылуу белгиленет.
Кыргыз Республикасынын аймагында ушул берененин 2-бөлүгүндө көрсөтүлбөгөн коргоо объекттеринин өрт коопсуздугунун талаптарына шайкештигин ырастоо Кыргыз Республикасынын өрт коопсуздугу жаатындагы мыйзамдары аныктаган тартипте ыктыярдуу түрдө жүзөгө ашырылат.
3. Коргоо объекттеринин, продукциянын жана жабдыктардын шайкештигин ырастоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте жүргүзүлөт.
129-берене. Изилдөө (сыноо) жүргүзүү
Изилдөө (сыноо) жүргүзүү өрт-жарылуу коркунучу жана өрт кооптуулугу бар заттардын жана материалдардын; курулуш, текстиль жана булгаары материалдардын көрсөткүчтөрүн жана классификациясын аныктоого багытталган техникалык иш-чаралардын комплексин; курулуш конструкцияларынын, өрткө каршы бөгөттөрдүн өрт-техникалык классификациясын; өрт коопсуздугун камсыз кылуу системаларынын колдонуудагы стандарттарга жана ченемдерге шайкештигин аныктоону; ушул Мыйзамга, өрт коопсуздугу жаатында Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына жана белгиленген тартипте бекитилген улуттук стандарттарга ылайык илимий-изилдөө иштерин жүргүзүүнү өзүнө камтыйт.
130-берене. Лицензиялоо
Өрт коопсуздугу жаатындагы ишмердүүлүк процессинде өрт коопсуздугу жаатында ишмердүүлүктүн айрым түрлөрүн жана иш-аракеттерди лицензиялоо Кыргыз Республикасынын лицензиялык уруксат берүү тутуму жөнүндө мыйзамдарга ылайык жүзөгө ашырылат.
32-глава. Корутунду жоболор
131-берене. Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларынын күчүн жоготушу
Күчүн жоготту деп таанылсын:
1) 2011-жылдын 26-июлундагы №142 “Өрт коопсуздугу жөнүндө” Техникалык Регламент” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (2011-жылдын 9-августундагы № 65 “Эркин-Тоо” гезити);
2) 2014-жылдын 2-июлундагы №109 “Өрт коопсуздугу жөнүндө” Техникалык Регламент” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо жана өзгөртүү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы (2014-жылдын 11-июлундагы №54 “Эркин-Тоо” гезити).
132-берене. Ушул Мыйзамдын күчүнө кириши
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын
Президенти