Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 8-октябры № 691
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү (алкоголдук ичимдиктерди жүгүртүүгө чектөө) киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Д.Д.Бекешев, Ш.Айтматова, М.Э.Сабиров, Э.Б.Исаков, Т.М.Узакбаев, Т.В.Левина, Ж.Р.Сапарбаев, Н.В.Никитенко, Н.А.Касымбеков, М.Б.Тиленчиева, Т.Бакир уулу, Н.А.Мадалиев, М.М.Кадырбекова, Г.Садырбаева, А.Мамытов, А.А.Досалиев, Б.А.Маматов, У.К.Нуркулов, Т.З.Зулпукаров, Ч.А.Султанбекова, У.Т.Кочкоров, М.А.Расулов демилгелеген "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү (алкоголдук ичимдиктерди жүгүртүүгө чектөө) киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 8-октябрындагы № 691 токтому менен жактырылган |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Д.Д.Бекешев, Ш.Айтматова, М.Э.Сабиров, Э.Б.Исаков, Т.М.Узакбаев, Т.В.Левина, Ж.Р.Сапарбаев, Н.В.Никитенко, Н.А.Касымбеков, М.Б.Тиленчиева, Т.Бакир уулу, Н.А.Мадалиев, М.М.Кадырбекова, Г.Садырбаева, А.Мамытов, А.А.Досалиев, Б.А.Маматов, У.К.Нуркулов, Т.З.Зулпукаров, Ч.А.Султанбекова, У.Т.Кочкоров, М.А.Расулов демилгелеген "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү (алкоголдук ичимдиктерди жүгүртүүгө чектөө) киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун (мындан ары - Мыйзамдын долбоору) карап чыгып, төмөнкүдөй корутундуга келди.
Мыйзамдын долбоору "Этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына көлөмү 2 литрден ашык желим идиштерге куюлган сыраны, этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүү жана жүгүртүүгө тыюу салуу, желим идиштерге тыгындалып жасалган алкоголдук продукцияларды жүгүртүү жана өндүрүүгө тыюу салуу, көңүл ачуучу жайлар менен коомдук тамактануу жайларынан (кафе, ресторандар) башка жерлерде аракты куюп сатууга тыюу салуу, кечки 22.00дөн эртең мененки 08.00гө чейин алкоголдук продукцияны сатууга чектөө киргизүү жана Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине жана Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине ушул чөйрөдө мыйзам бузгандыгы жөнүндө жоопкерчилик чараларын күчөтүүнү киргизүүнү карайт.
Мында Мыйзамдын долбоорунун негиздеме-маалымкатына ылайык, ал калктын алкоголдук продукцияны керектөөсүн кыскартуу, калктын ден соолугуна жана адеп-ахлагына тийгизген терс таасирин азайтуу жана спирттик ичимдиктердин, анын ичинен кеңири тараган сыра менен арактын эркин жана бардык жайда жүгүртүлүүсүн чектөөчү шарттарды түзүү максатында иштелип чыккан.
Жалпысынан, Мыйзамдын долбоорунда сунушталган өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду колдоо менен төмөнкүлөрдү белгилейбиз.
Мыйзамдын долбоорунун 1-беренесинин 2 жана 3-бөлүктөрүндө каралган толуктоолорго ылайык, алкоголдук ичимдиктерди сатуучу атайын дүкөндөрдү кошпогондо, жалпы аянты 50 квадрат метрден аз болгон соода жайларында алкоголдук продукцияны сатууга, ошондой эле алкоголдук продукцияны түнкү убакта сатууга жол берилбейт.
Ушуга байланыштуу бул ченем алкоголдук продукцияны 50 квадрат метрден аз аянты бар жайларда соода кылуучу, аз калктуу пункттарда лицензиясыз "жашыруун" сатууга шарт түзөөрүн белгилей кетүү зарыл.
Түнкү саат 22.00дөн кийин алкоголдук ичимдиктерди сатууга чектөө киргизүү алкоголдук продукциянын сатылуу көлөмүнүн азайышына таасирин тийгизет. Ошону менен бирге, алкоголду камдап алуу адатына өтөт, ал эми кээ бир учурлардагы түнкү сатып алуулар алкоголдук продукцияны жалпы сатуунун көлөмүнө көп деле таасирин тийгизе албайт.
Мындан тышкары, "алкоголдуу ичимдиктерди сатуу үчүн атайын дүкөн" деген түшүнүктүн жоктугу бул чектөөнү ишке ашырууда кыйынчылык түзөт, анткени алкоголдуу продукцияны сатууга лицензиясы бар соода ишин жүргүзгөн бардык субъекттер ушундай дүкөн боло алышат.
Мыйзамдын долбоорунун 1-беренесинин 2-бөлүгүндө "Этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 13-беренесинин 2-бөлүгүн алкоголдук продукцияны интернет-дүкөндөр аркылуу, ошондой эле бардык дистанттык жол менен сатууга жол бербөө ченеми менен толуктоо сунушталат.
Ушуга байланыштуу, "Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 24-1-беренесине ылайык, Товарды чекене сатып алуу-сатуу келишими каталогдор, проспекттер, буклеттер, фотосүрөттөр, байланыш каражаттары (телеберүү, почта, радио байланыш жана башка), интернет аркылуу сатуучу сунуш кылган товарды сыпаттоо менен керектөөчүнү тааныштыруунун негизинде же мындай келишимди түзүүдө керектөөчүнүн товар же товардын үлгүсү менен түздөн-түз таанышуу мүмкүндүгү болбогон башка ыкмалар (товарды сатуунун дистанттык ыкмасы) аркылуу түзүлүшү мүмкүн.
Ушул ченемден улам, товарды сатуунун дистанттык жолуна интернет-дүкөндөр аркылуу сатуу да кирет. Ошондуктан алкоголдук продукцияны дистанттык жол менен сатууга тыюу салуучу ченемди кайра карап чыгууну сунуш кылабыз.
Ушундай эле эскертүүлөр Мыйзамдын долбоорунун 1-беренесинин 3-бөлүгүнө да тиешелүү.
Мындан тышкары, "Этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамындагы негизги түшүнүктөрдө "товарларды дистанттык жол менен сатуу", "алкоголдук продукцияны сатуу боюнча атайын магазин", "полимердик буюмдардан жасалган идиштер", "көңүл ачуу жайлары" деген түшүнүктөргө аныктама берүү максатка ылайык деп эсептейбиз, анткени алардын жоктугу алкоголдук продукциянын жүгүртүлүүсүнө контроль жүргүзүүдө жана жөнгө салууда кыйынчылык туудурат.
Ошондой эле төмөнкүдөй редакциялык өзгөртүүлөрдү эске алууну сунуш кылабыз:
- виски, вино, ликер сыяктуу алкоголдук продукцияны куюп сатууга жол бербөө үчүн Мыйзамдын долбоорунун 1-беренесинин 2-бөлүгүнүн бешинчи абзацындагы "арак" деген сөз "алкоголдук продукция" деген сөз менен алмаштырылсын;
- Мыйзамдын долбоорунун 1-беренесинин 2-бөлүгүнүн бешинчи, алтынчы абзацтарындагы жана 3-бөлүгүнүн үчүнчү абзацындагы "пункт" деген сөз "объект" деген сөз менен алмаштырылсын;
- Мыйзамдын долбоорунун 1-беренесинин 3-бөлүгүнүн экинчи абзацындагы "суусундуктар" деген сөз "продукция" деген сөз менен алмаштырылсын, анткени "Этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында "алкоголдук продукция" деген сөзгө түшүндүрмө берилген.
Кыргызстан Евразия экономикалык бирлигинин (мындан ары - ЕАЭБ) толук укуктуу мүчөсү болгондугуна байланыштуу Кыргыз Республикасынын Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге кошулуусу жөнүндө 2014-жылдын 29-майындагы келишимге ылайык, Бажы бирлигинин (мындан ары - ББ) техникалык регламенттери Кыргыз Республикасынын аймагында түздөн түз аракеттенүү күчүнө ээ.
Бажы бирлигинин Техникалык регламенттерин Кыргыз Республикасынын аймагында киргизүүнү камсыз кылуу үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 20-январындагы № 15 "Кыргыз Республикасында Бажы союзунун техникалык регламенттерин колдонуу боюнча иш-чаралардын планы жөнүндө" токтому кабыл алынган.
"Таңгактын коопсуздугу жөнүндө" (ББ ТР 005/2011) ББ Техникалык регламенти таңгактоого (тыгындоочу каражаттарга) болгон милдеттүү талаптардын аткарылуусун жана колдонулуусун аныктайт, өндүрүү, ташуу, сактоо, сатуу, пайдалануу жана утилдештирүү процессинде адамдардын өмүрүн жана ден соолугун, өсүмдүктөр жана жаныбарлар дүйнөсүн коргоо, айлана-чөйрөнү коргоо, коопсуздук жагында керектөөчүлөрдү жаңылыштыкка алып келүүчү аракеттерди эскертүү максатында колдонулат.
Ушул Техникалык регламентте колдонулуучу материалдарга, анын ичинде полимердикке карата таңгактоонун типтери каралган. Аталган Техникалык регламенттин 5-беренесине ылайык, полимердик материалдан жана пластик массанын негизинде жасалган тамак-аш продукцияларын таңгактоого багытталган таңгактар алар оролгон нерсеге жана анын айлана-чөйрөсүнө адамдын ден-соолугуна зыян келтирүүчү химиялык заттардын жол берилген чектик ченеминен ашыкча заттарды бөлүп чыгарбашы керек.
Мындан тышкары, Кыргыз Республикасы "Таңгактын коопсуздугу жөнүндө" (ББ ТР 005/2011) ББ Техникалык регламентине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө сунуштарды киргизүү укугуна ээ жана аны ЕАЭБ Комиссиясынын кароосуна берип, кабыл алынып жана жактырылгандан кийин Кыргыз Республикасы улуттук мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүгө акылуу.
Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча.
Мыйзамдын долбоорунун 2-беренесинин 2-бөлүгүндө бул Кодексти, Кыргыз Республикасынын этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө мыйзамын бузгандык үчүн жеке жана юридикалык жактарга алардын менчигинин түрүнөн карабастан, ошондой эле ишкердик менен алектенген жактарга администрациялык жоопкерчиликти караган 304-1-берене менен толуктоо сунушталып жатат.
Атап айтканда, мындай укук бузуу үчүн жарандарга жүз, кызмат адамдарына эки жүз, юридикалык жактарга - миң эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып салып алкоголдук продукцияны конфискациялоо түрүндө санкция колдонуу каралган.
Ал эми, сунушталып жаткан берененин 2-бөлүгүндө 304-1-берененин 1-бөлүгүндө каралган, администрациялык жоопкерчилик чарасы көрүлгөндөн кийин бир жыл ичинде кайталанып жасалган ошол эле иш үчүн жоопкерчилик белгиленүүдө. Мында, бул укук бузуу жарандарга - алкоголдук продукцияны конфискациялоо менен жүз, кызмат адамдарына - эки жүз эсептик көрсөткүч өлчөмүндө администрациялык айып салууга, юридикалык жактарга болсо - алкоголдук продукцияны конфискациялоо менен ишкердиктин ушул түрүндө иштөө укугунан (уруксатынан) ажыратууга кириптер кылат.
Мындай учурда таасир этүү чаралары укук бузууга жараша болуусу керек деп эсептейбиз, ушуга байланыштуу жарандарга салынуучу айыптын, өлчөмүн кайра карап чыгууну сунуш кылабыз.
Мындан тышкары, Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекстин ченемдеринде Кыргыз Республикасынын этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө мыйзамынын айрым ченемдерин бузгандык үчүн чаралар каралгандыктан, Мыйзамдын долбоорунун 2-беренесинин 2-бөлүгүнүн үчүнчү абзацын "ишкердик ишмердүүлүккө" деген сөздөрдөн кийин "алкоголдук продукцияны электрондук соода аркылуу, ошондой эле дистанттык ыкма аркылуу сатууга, алкоголдук продукцияны коомдук тамактануу объектилеринен башка жерлерде куюп сатууга, саат 22.00дөн саат 8.00гө чейин сатууга" деген сөздөр менен толуктоону сунуш кылабыз.
Мыйзамдын долбоорунун 2-беренесинин 3-бөлүгүндө каралып жаткан Кодекстин 366-беренесин баңги каражаттарын же психотроптук заттарды, спирттик ичимдиктерди көчөдө, стадиондордо, скверлерде, коомдук транспорттун бардык түрлөрүндө жана башка коомдук жайларда колдонгондук үчүн 5 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө администрациялык айып салып жазалоо каралган редакцияда берүү сунушталган.
Мында "башка коомдук жайлар" деген сөз айкашы коррупциогендик факторду түзүп, субъекттер тарабынан бул же тигил кырдаалды мыйзам тарабынан так белгиленген критерийлерге таянбастан өзү каалагандай чечмелөөгө мүмкүндүк берет. Ушуга байланыштуу Мыйзамдын долбоорунун 2-беренесинин 3-бөлүгүн кайра карап чыгууну сунуш кылабыз.
Ушундай эле сын-пикир Мыйзамдын долбоорунун 2-бөлүгүнүн бешинчи абзацына ("башка бардык дистанциондук мүмкүнчүлүктөр") да тиешелүү.
Мыйзамдын долбоорунун 2-беренесинин 4-бөлүгүндө Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекстин 508-беренесинин 1-бөлүгүндөгү "305-беренесиндеги" деген сөздү жана сандарды "304-1, 305-беренелериндеги" деген сөздөр жана сандар менен алмаштырып, ошону менен райондук, шаардык соттордун судьялары Кыргыз Республикасында этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө мыйзамды бузгандык жөнүндө администрациялык иштерди карап, жеке жактарга жана юридикалык жактарга менчигинин түрүнө карабастан администрациялык айып салуусун белгилөө сунушталган.
Мында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 16-февралындагы № 100 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы жөнүндө жобого ылайык, алкоголдук продукцияны жана этил спиртин өндүрүү жана жүгүртүү тармагындагы мыйзамдын жана лицензиялык талаптар менен техникалык регламенттерде белгиленген шарттардын сакталуусун ушул аталган кызмат контролдойт.
Ошондой эле жогоруда көрсөтүлгөн Жобонун 8-пунктунда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштерди Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген өз компетенциясынын чегинде кароого укуктуу экени айтылган.
Анын ичинде Мыйзамдын долбоорунун 2-беренесинин 4, 5 жана 6-бөлүктөрү боюнча жогоруда айтылган позицияны эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 27-беренесине ылайык бир эле укук бузуу үчүн эч ким кайра юридикалык жоопкерчиликти тартпоого тийиштигин белгилейбиз. Мыйзам долбоору менен сотторго, ички иштер органдарына жана салык кызматынын органдарына бир эле укук бузуу үчүн администрациялык ишти кароого жана айып салууга ыйгарым укук берүү коррупциянын жаралышына шарт түзөт.
Ушуга байланыштуу, Кыргыз Республикасында этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө мыйзамды бузгандык үчүн ишти кароо жана администрациялык айып салуу боюнча ыйгарым укукту салык кызматынын органдарына берүүнү сунуш кылабыз. Ошондуктан Мыйзамдын долбоорунун 2-беренесинин 4 жана 5-бөлүктөрүн алып салууну сунуш кылабыз.
Мыйзамдын долбоорунун жөнгө салуучу таасирин талдоо (мындан ары - ЖСТТ) боюнча, "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесине ылайык, ишкердик жүргүзүүнү жөнгө салууга багытталган ченемдик укуктук актылардын долбоорлорунун жөнгө салуучу таасирин талдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 30-сентябрындагы № 559 токтому менен бекитилген Ишкер субъекттердин ишине ченемдик укуктук актылардын жөнгө салуучу таасирин талдоонун методикасына ылайык жүргүзүлөт.
Жогоруда аталган Ишкер субъекттердин ишине ченемдик укуктук актылардын ЖСТТ методикасына ылайык, проблемаларды аныктоо этабында долбоордун аракети багытталган чечимге так баяндама берилүүсү керек.
Максаттарды аныктоо этабында мамлекеттик жөнгө салуунун так максаттары баяндалып, аларга жетишүүгө баа берүү үчүн максатка жетүүнүн сандык жана сапаттык индикаторлору максаттуу маанилери менен берилүүсү зарыл.
Кийинки этапта жөнгө салуунун механизминин маңызын берүү менен жөнгө салууну иштеп чыгуу жана жөнгө салуунун өзгөчөлүктөрү, жөнгө салуу инструменттери каралат.
Жөнгө салуунун таасирин сүрөттөө этабында жөнгө салуу вариантын колдонуудагы жөнгө салуудан күтүлүп жаткан маселелердин чечилүү жыйынтыгы баяндалып, индикаторлордун максатка жетүү даражасына жана кызыкчылыктардын тобуна таасир этүүсү каралат.
Ишке ашыруу тобокелдиктерин талдоо этабында каралып жаткан варианттын ишке ашырылуусунда пайда боло турган тобокелдиктерди аныктоо зарыл.
Укуктук жана башка талдоолорду жүргүзүү этабында ЖСТТ жүргүзүү процессинде жөнгө салуунун ушул вариантына болгон жыйынтыктары берилип, ошону менен бирге атаандаш ар бир альтернативдүү варианттын таасир этүүсүнө талдоо жүргүзүүнү чагылдыруу зарыл.
Коомдук талкуулоонун жыйынтыгы болуп, кызыкдар тараптардын: ишкердик субъектилеринин (бизнес-ассоциациялардын), жеке жактардын жана алардын биримдиктеринин, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын сунушталып жаткан жөнгө салуучу вариантка болгон мамилесин чагылдыруучу маалыматтар эсептелет.
Ушул этапта ЖСТТ жүргүзүүдө ачык талкуунун салымын чагылдыруу зарыл, башкача айтканда кимдин пикири канчалык деңгээлде эске алынганы жана кимдин пикири эмне үчүн эске алынбаганы чагылдырылат.
Сунушталган жөнгө салуу боюнча, жөнгө салуунун артыкчылыктуу вариантын колдоо үчүн негизги аргументтери берилет. Мында сунушталып жаткан жөнгө салуу варианты алдыга койгон маселени чече алышына карай жөнгө салуунун варианттарына салыштыруу жүргүзүлүп, андан кийин долбоордо сунушталган жөнгө салуу вариантынын негиздүүлүгү жөнүндө корутунду чыгарылып, ар бир көрсөтүлгөн жөнгө салуунун альтернативдүү варианты маалыматты чагылдыруусу зарыл.
Ушуга байланыштуу Методикада берилген сунуштардын тактыгын жана ырааттуулугун сактоо зарылдыгын белгилейбиз. Мында Методикага ылайык жыйынтыктоочу таблица түзүлбөйт.
"Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 25-беренесине ылайык, ченемдик укуктук актынын долбоорунун негиздеме-маалымкаты төмөнкүдөй маалыматтарды камтууга тийиш:
- ченемдик укуктук актыны кабыл алуунун натыйжасында жетишүү же чечүү болжолдонгон максаттар жана маселелер;
- ченемдик укуктук актынын долбоорун иштеп чыгуу учурунда колдонулуп жаткан ченемдик укуктук базага талдоо, коомдук мамилелердин ушул чөйрөсүндө колдонулган мыйзамдардын мониторинги жана аларга баа берүү жөнүндө маалыматтар;
- кабыл алынуучу ченемдик укуктук актыны колдонуудан улам келип чыгуучу социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоочулук, гендердик, экологиялык, коррупциялык натыйжалардын божомолу;
- ченемдик укуктук актынын долбоорунун мыйзамдарга ылайык келүүсүнүн талданышы;
- аны каржылоо булактарынын болушу.
Ушуга байланыштуу, Мыйзамдын долбооруна тиркелген негиздеме-маалымкат жогоруда көрсөтүлгөн Мыйзамдын талаптарына жооп бербестигин айтмакчыбыз, тактап айтканда, ченемдик укуктук актынын долбоору мыйзамдарга шайкештигин талдоо жөнүндө маалымат жок.
Жогоруда айтылгандардын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү (алкоголдук ичимдиктерди жүгүртүүгө чектөө) киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун жогоруда белгиленген эскертүүлөрдү жана сунуштарды эске алуу менен кабыл алууга мүмкүн деп эсептейт.