Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 8-октябры № 693
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары К.О.Осмоналиев, Р.К.Акназарова, Д.О.Тербишалиев, Р.Б.Жээнбеков, Н.В.Никитенко жана М.А.Султанов тарабынан демилгеленген "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 8-октябрындагы № 693 токтому менен жактырылган |
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна карата Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн КОРУТУНДУСУ
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары К.О.Осмоналиев, Р.К.Акназарова, Д.О.Тербишалиев, Р.Б.Жээнбеков, H.B.Никитенко жана М.А.Султанов тарабынан демилгеленген "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун карап чыгып, төмөнкүдөй корутундуга келди.
Мыйзамдын долбоору менен Кыргыз Республикасынын Бажы кодексине толуктоолорду киргизүү сунушталууда.
Ошону менен бирге, "Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 303-беренесине ылайык, ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып Кыргыз Республикасынын Бажы кодекси күчүн жоготту деп таанылгандыгын белгилеп кетүү керек. Өз кезегинде аталган Мыйзам 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу келишим күчүнө кирген күндөн баштап күчүнө кирди.
Мыйзамдын долбоору менен технологиялык парктарга салык преференцияларын берүү үчүн Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталууда.
Ошол эле учурда, Кыргыз Республикасынын Салык кодекси салык салууга бирдиктүү мамилени карайт жана бюджетке салыктарды төлөөнүн милдеттүүлүгү, аныкталгандыгы, салык салуунун акыйкаттуулугу, салык системасынын бирдиктүүлүгү, салыктар жөнүндө мыйзамдардын туруктуулугу жана ачык-айкындуулук принциптерине негизделет.
Салык төлөөчүлөрдүн айрым категорияларына берилүүчү ар кандай салыктык жеңилдиктер же бошотуулар салык салуунун негизги принциптеринин бири болгон - бардык субъекттер үчүн бирдей шарттарды түзүүнү жана айрым субъекттердин ортосунда акыйкаттуулук жана тең укуктуулук принциптери боюнча салык жүктөрүн бирдей бөлүштүрүү механизмдерин түзүүнү болжогон адилеттүүлүк принцибин бузууга алып келет.
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 21-январындагы № 11 Жарлыгы менен бекитилген 2013-2017-жылдардын мезгилине Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясында бул салыктык жеңилдиктердин колдонуудагы системасын оптималдаштыруу, негизсиз жеңилдиктерге жана бошотууларга тыюу салуу, ошондой эле салык салуудан четтеп кетүү мүмкүнчүлүктөрүн жоюу салык системасынын киреше потенциалын жогорулатуу жагындагы саясаттын өзүнчө багыты болуп калат деп аныкталган.
Мындан тышкары, Кыргыз Республикасы жана Эл аралык валюта фонду кол койгон, 2015-2017-жылдарга экономикалык жана финансылык саясат боюнча Меморандумдун 12-пунктунда, Кыргыз Республикасы ишкер климатты жакшыртуу жана туруктуу өсүштү колдоого жөндөмдүү атаандашууга жөндөмдүү жеке секторлорду өнүктүрүү үчүн түзүмдүк реформаларды ишке ашыруу максатында, салык саясаты чөйрөсүндө төмөнкүдөй чараларды ишке ашыруу боюнча милдеттерди өзүнө алат деп каралган:
- бошотуулардын санын кыскартуу жолу менен КНС системасын чыңдоо, анын ичинде КНС базасында кызмат көрсөтүүлөрдү импорттоо боюнча жана сатуудан салыкты акырындык менен жок кылуу;
- КНС төлөөчүлөрдү каттоо үчүн жүгүртүүсү чектик деңгээлден төмөн болгон ишканаларга салык салууну жөнөкөйлөтүү жана чакан ишканалар үчүн салыктардын санын 4төн 2ге чейин кыскартуу;
- калган салыктык бошотууларды жокко чыгаруу жана айрым секторлор жана ишкердиктин түрлөрү үчүн салык салуунун жеңилдетилген режимдерин киргизүүдөн кармануу.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 7-июлундагы № 355 токтому менен бекитилген 2015-2020-жылдарга Кыргыз Республикасынын фискалдык саясатынын концепциясында ушундай эле чаралар каралган.
Ставкаларды азайтууда, кандайдыр-бир салыктарды жокко чыгарууда же салык төлөөдөн бошотууда, алгач бюджеттин кирешелеринин түз жоготууларынын ордун толтуруу боюнча тийиштүү альтернативдүү булактарды аныктоо зарыл экендигин белгилей кетүү керек. Андай болбогон учурда бюджеттик каражаттардын чектелүү шарттарында бюджеттин киреше бөлүгүнүн азайышы экономикалык жана социалдык терс кесепеттерге алып келиши мүмкүн.
Өлкөдө учурдагы ченемдүү салык ставкаларын колдонууда технопарктардын резиденти болуп саналган субъекттер үчүн салыктык жеңилдиктерди берүү иштин бул чөйрөсүн өнүктүрүүдө аныктоочу фактор жана иштиктүү механизм болуп эсептелбейт. Дүйнөнүн көпчүлүк өлкөлөрүндө технопарктардын резиденттерин колдоо бюджеттен даректүү дотацияны берүү жолу менен жүзөгө ашырылат, бул мындай субъекттерди айрыкча иштиктүү жана натыйжалуу колдоо болуп саналат.
Ошентип, жогоруда белгиленген корутундудан улам, "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун кабыл алууну максатка ылайыксыз деп эсептейбиз.