Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 13-октябры № 706
Кыргыз Республикасында токой жайгаштыруу тартибин бекитүү жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 29-январындагы № 43 токтомунун редакциясына ылайык)
Токой чарбасын жана токой пайдаланууну сарамжалдуу жүргүзүүнү, токой фондунун, өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынын токойлорун, анын ичинде мамлекеттик токой фондуна кирбеген токойлорду натыйжалуу коргоону, сактоону жана өстүрүүнү камсыздоо, ошондой эле бул чөйрөдө бирдиктүү илимий-техникалык саясатты ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Токой кодексинин 18 жана 84-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 29-январындагы № 43 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 3-июнундагы № 335 "Кыргыз Республикасында токой-аңчылык жайгаштырууну жүргүзүү тартибин жана Кыргыз Республикасындагы токойлорго мониторинг жүргүзүү тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөрүүлөр киргизилсин:
- аталышындагы "Кыргыз Республикасында токой-аңчылык жайгаштырууну жүргүзүү тартибин жана" деген сөздөр алып салынсын;
- преамбуласы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Токойлорду натыйжалуу коргоо, сактоо, өстүрүү жана сарамжалдуу пайдалануу максатында, Кыргыз Республикасынын Токой кодексинин 82-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:".
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги ушул токтомдон келип чыгуучу чараларды көрсүн.
4. Ушул токтом 2015-жылдын 5-октябрынан тартып күчүнө кирет.
5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |