Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 3-декабрындагы № 647 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Тиркеме
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 9-октябрындагы № 702 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин экологиялык посттору жөнүндө ЖОБО
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин (мындан ары - Токой агенттиги) экологиялык посттору "Курчап турган чөйрөнү коргоо жөнүндө" жана "Атмосфералык абаны коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык кыргыз-казак чек арасында түзүлөт.
2. Экологиялык посттор Кыргыз Республикасынын аймагына чет мамлекеттердин транспорт каражаттары киргенде ыйгарым укуктуу финансы-кредиттик мекеменин акы төлөө терминалдары аркылуу курчап турган чөйрөнү булгагандыгы үчүн акынын төлөнүшүнө контролду камсыздашат.
3. Экологиялык посттор Токой агенттигинин Республикалык жаратылышты коргоо жана токой тармагын өнүктүрүү фондунун жаратылышты коргоо жана токой тармагын өнүктүрүү боюнча жергиликтүү фонддорунун түзүмдүк бөлүмдөрү болуп саналышат.
4. Өз ишинде экологиялык посттор "Курчап турган чөйрөнү коргоо жөнүндө", "Атмосфералык абаны коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын, Токой агенттигинин буйруктарын ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алышат.
2. Негизги милдеттер жана иштер
5. Экологиялык посттордун негизги милдеттери төмөнкүлөр болуп саналат:
- Кыргыз Республикасынын аймагына чет мамлекеттердин транспорт каражаттары киргенде ыйгарым укуктуу финансы-кредиттик мекеменин акы төлөө терминалдары аркылуу курчап турган чөйрөнү булгагандыгы үчүн акынын төлөнүшүнө контролду жүргүзүү;
- курчап турган чөйрөнү булгагандыгы үчүн акыны белгиленген тартипте төлөбөгөн чет мамлекеттердин транспорт каражаттарынын Кыргыз Республикасынын аймагына кирүүсүнө бөгөт коюу.
6. Негизги милдеттерине ылайык экологиялык посттордун функцияларына төмөнкүлөр кирет:
- чет мамлекеттердин транспорттук каражаттарынын ээлерине курчап турган чөйрөнү булгагандыгы үчүн төлөнгөн каражаттардын жумшалуучу максаттары жана арналышы жөнүндө түшүндүрүү иштерин жүргүзүшөт;
- Кыргыз Республикасынын аймагына чет мамлекеттердин транспорт каражаттары киргенде ыйгарым укуктуу финансы-кредиттик мекеменин акы төлөө терминалдары аркылуу курчап турган чөйрөнү булгагандыгы үчүн акынын төлөнүшүнө контролду жүргүзүшөт.
3. Негизги милдеттери
7. Экологиялык посттор төмөнкүлөргө милдеттүү:
- ыйгарым укуктуу финансы-кредиттик мекеменин акы төлөө терминалдарынын, анын ичинен алардын пломбаларынын сакталышын, бүтүндүгүн жана алардын туура пайдаланылышын камсыздоого;
- акы төлөө терминалдарынын бузулгандыгы (же жоктугу) тууралуу жетекчиликке тез арада кабарлоого жана тиешелүү акт түзүүгө;
- акы төлөө терминалдары бузулганда (же жок болсо), ошондой эле акы төлөө терминалдарынын үзгүлтүксүз ишин камсыздоого шарт болбогон учурда кириштөө кассалык ордерди пайдалануу менен төлөмдөрдү алууга. Кириштөө кассалык ордерлери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык катуу эсепке алынууга тийиш;
- курчап турган чөйрөнү булгагандыгы үчүн акыны белгиленген тартипте төлөбөгөн чет мамлекеттердин транспорт каражаттарынын Кыргыз Республикасынын аймагына кирүүсүнө тыюу салууга;
- чет мамлекеттердин транспорт каражаттарын каттоо жана эсепке алуу журналын, ошондой эле нөлдүк төлөө чениндеги чет мамлекеттердин транспорт каражаттарын каттоо жана эсепке алуу журналын жүргүзүүгө.
8. Экологиялык посттордо төмөнкүлөр болушу милдеттүү:
- өндүрүштүк жана санитардык-өрткө каршы талаптарга жооп берген керектүү имараты;
- өндүрүштүк иштерди аткаруу үчүн кызматкерлердин керектүү штаты;
- керектүү ченемдик-укуктук документация;
- номурланган кириштөө кассалык ордерлери, квитанциялар, протоколдордун жана актылардын белгиленген үлгүдөгү үлгүлөрү;
- ишти жүргүзүү үчүн кызматтык көрсөтмөлөр;
- контролдон өткөрүлгөн автотранспорт каражаттарын каттоо журналы.
4. Ишти уюштуруу
9. Экологиялык посттордун штаттык тизимин Токой чарбасы мамлекеттик агенттиги бекитет.
10. Экологиялык постторду каржылоо жаратылышты коргоо жана токой тармагын өнүктүрүү боюнча жергиликтүү фонддордун негизги ишинен түшкөн каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөт.
11. Экологиялык посттордун иши үчүн жоопкерчилик жаратылышты коргоо жана токой тармагын өнүктүрүү боюнча жергиликтүү фонддордун жетекчилерине жүктөлөт.
12. Экологиялык посттордун ишине Токой агенттиги жана Республикалык жаратылышты коргоо жана токой тармагын өнүктүрүү фонду контроль жүргүзүшөт.