Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2019-жылдын 3-декабры № 647
Курчап турган чөйрөнү коргоо жана экологиялык коопсуздук чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 9-октябрындагы № 702 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин экологиялык посттору жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомун күчүн жоготту деп таануу жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 19-ноябрындагы № 696 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чегарасында эл аралык автомобилдик, аба жана темир жол катнашы үчүн арналган өткөрүү пункттарынын жана Кыргыз Республикасынын автомобиль жолдорундагы ички стационардык посттордун иштерин тартипке салуу боюнча чаралар жөнүндө" токтомунун 1-тиркемесиндеги "Экологиялык" графасы;
2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 9-октябрындагы № 696 "Кыргыз Республикасында жаратылышты коргоо жана токой тармагын өнүктүрүүнүн республикалык жана жергиликтүү фонддорун түзүү жана каражаттарын пайдалануу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында жаратылышты коргоо жана токой тармагын өнүктүрүүнүн республикалык жана жергиликтүү фонддорун түзүү жана каражаттарын пайдалануу жөнүндө жобонун 5-пунктунун 8-абзацы;
3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 9-октябрындагы № 702 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин экологиялык посттору жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| М.Абылгазиев |