Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 12-октябры № 705
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы, "Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы, "Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы, "Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы, "Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Юстиция министри Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан аталган мыйзамдын долбоору каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |
Долбоор
Кыргыз Республикасынын Мыйзамы
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы, "Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы, "Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
1-берене.
"Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 7, 751-бер.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 18-берененин 1-бөлүгүндөгү "жыл сайын" деген сөздөр "ар бир үч жылда" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
2) 20-берене төмөнкүдөй мазмундагы 1-1-бөлүк менен толукталсын:
"1-1. Ченемдик укуктук актылардын долбоорлоруна укук коргоочулук жана коррупцияга каршы экспертиза Өкмөт тарабынан бекитилген Типтүү методикага, же Типтүү методиканын негизинде иштелип чыккан, тиешелүү ченем жаратуучу орган (кызмат адамы) бекиткен методикага ылайык жүргүзүлөт.
Укук коргоочулук жана коррупцияга каршы экспертиза жүргүзүүнүн жыйынтыктары боюнча ченемдик укуктук актынын долбоорунда коррупциялык жоболор, ошондой эле адамдын жана жарандын эркиндиктерин жана укуктарын бузган жоболор табылган учурда тиешелүү ченем жаратуучу орган (кызмат адамы) укук коргоочулук жана коррупцияга каршы экспертизанын жыйынтыктарына ылайык ченемдик укуктук актынын долбоорун жеткире иштеп чыгат.";
3) 33-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"33-берене. Ченемдик укуктук актыларды инвентаризациялоо
Ченемдик укуктук актылардагы кенемтелерди жана коллизияларды, ошондой эле коррупциялык ченемдерди табуу жана жоюу максатында ченем жаратуучу органдар (кызмат адамдары) туруктуу негизде аларга инвентаризациялоо жүргүзүшөт.
Ченемдик укуктук актыларда кенемтелер жана коллизиялар, ошондой эле коррупциялык ченемдер табылганда ченем жаратуучу органдар (кызмат адамдары) аларды жоюуга багытталган ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун белгиленген тартипте иштеп чыгышат.".
2-берене.
"Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2012-ж., № 7, 2764-берене) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
төмөнкүдөй мазмундагы 7-1-берене менен толукталсын:
"7-1-берене. Ченемдик укуктук актыларга жана алардын долбоорлоруна коррупцияга каршы экспертиза жүргүзүү
1. Ченемдик укуктук актылар жана алардын долбоорлору коррупцияга каршы экспертиза жүргүзүүдөн өтүүгө тийиш.
2. Ченемдик укуктук актылардын долбоорлоруна коррупцияга каршы экспертиза жүргүзүү "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык өткөрүлөт.
3. Колдонулуудагы ченемдик укуктук актыларга коррупцияга каршы экспертиза жүргүзүү прокуратура органдары тарабынан өткөрүлөт. Ченемдик укуктук актыга коррупцияга каршы экспертиза жүргүзүү процессинде табылган коррупциялык жоболор тиешелүү ченем жаратуучу органдар тарабынан милдеттүү түрдө жоюлууга тийиш.".
3-берене.
"Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 7, 734-берене) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
төмөнкүдөй мазмундагы 8-1-берене менен толукталсын:
"8-1-берене. Ченемдик укуктук актыларга коррупцияга каршы экспертиза жүргүзүү
Прокуратура органдары ченемдик укуктук актыларга коррупцияга каршы экспертиза жүргүзүшөт.".
4-берене.
1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
1) алты айлык мөөнөттө өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин;
2) Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын сунушу боюнча прокуратура органдарынын штаттык санынын чегин көбөйтүү жана коррупцияга каршы экспертиза жүргүзүүнү каржылоо жөнүндө маселени карасын.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|