Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 13-октябры № 707
"Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун түзүмүн жана жергиликтүү соттордун судьяларынын штаттык санын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Т.Туманов тарабынан демилгеленген "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун түзүмүн жана жергиликтүү соттордун судьяларынын штаттык санын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 13-октябрындагы № 707 токтому менен жактырылган |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун түзүмүн жана жергиликтүү соттордун судьяларынын штаттык санын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун карап чыгып, төмөнкүлөрдү белгилейт.
Мыйзамдын долбоору менен жергиликтүү соттордун судьяларынын штаттык санын 36 бирдикке көбөйтүү каралууда. Мында Мыйзамдын долбооруна карата "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22-беренесинде белгиленген талаптарга ылайык Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларынын санын көбөйтүү менен байланышкан финансы-экономикалык эсептердин берилбегенин белгилейбиз.
Муну менен бирге, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун алдындагы Сот департаментинин маалыматына ылайык жергиликтүү соттордун судьяларынын штаттык санын 36 бирдикке көбөйтүү ошол эле учурда судьялардын жардамчыларынын штаттык санын 36 бирдикке жана сот жыйынынын катчыларын 33 бирдикке көбөйтүүнү талап кылат, буга жылына кошумча 51,3 млн. сом талап кылынат.
Ушуга байланыштуу, Кыргыз Республикасынын судьяларынын санын жана ага ылайык жергиликтүү соттордун аппараттарынын мамлекеттик кызматчыларынын санын көбөйтүү кийинки жылдары мамлекеттик бюджеттин эмгек акы фондусу менен байланышкан чыгымдарынын көбөйүшүнө алып келээрин белгилейбиз.
Мында 2015-2016-жылдарга республикалык бюджеттин киреше бөлүгүнүн параметрлери жогоруда аталган каражаттарды бөлүүгө мүмкүндүк бербейт. Ошондой эле сунушталган мыйзамдын долбоорун каржылоо булагын аныктоого мүмкүн эмес.
Негиздеме-маалымкатта доо арыздарынын жана соттук иштердин түшүүлөрүнүн өсүшүнүн натыйжасында судьялардын иш көлөмүнүн нормативдеринин жогору болгондугу жөнүндө статистикалык маалыматтар келтирилген. Буга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын маалыматына ылайык, судьялардын иш көлөмүнүн нормативдеринин жогору болушуна алып келүүчү аталган жагдайлар менен бирге мындай жогорулоого өбөлгө түзүүчү башка себептер жана жагдайлар бар. Мисалы:
- соттор тарабынан актоочу өкүмдөр чыгарылган же өндүрүшү токтотулган иштерге сапатсыз жүргүзүлгөн алдын-ала иликтөө;
- жогору турган соттор тарабынан төмөн турган соттордун чечимдеринин жокко чыгарылышына байланыштуу иштердин соттор тарабынан кайра каралуусу.
Ошентип Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларынын иш көлөмү менен байланышкан маселелер. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларынын штаттык санынын жетишсиздиги менен гана байланыштуу эмес.
Жогоруда баяндалгандарды эске алуу менен, ошондой эле "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө'' Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 26-беренесине ылайык жүзөгө ашуусу мамлекеттик бюджеттен каржылоону алып келүүчү ченемдик укуктук актылар алар боюнча каржылоо булагы аныкталганга чейин кабыл алынбоого тийиш, Кыргыз Республикасынын жогоруда аталган Мыйзамынын долбоорун кабыл алуу али эрте деп эсептейбиз.