Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык  КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY

ТОКТОМ

2015-жылдын 5-октябры № 679

«Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө («Күрөө жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине, Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине)» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө («Күрөө жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине, Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине)» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.

2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.

3. Кыргыз Республикасынын Юстиция министри Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши бул мыйзамдын долбоорун караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.

 

Премьер-министр

Т.А. Сариев

 

Долбоор

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

 

Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө («Күрөө жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине, Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине)

 

1-берене

 

«Күрөө жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына («Эркин Тоо» гезити, 2005-ж.,18-март, № 23) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1. 3 - статьяда:

жетинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«Кыймылдуу мүлккө карата милдеттенмелерди аткаруу боюнча (келишим боюнча) талап кылуу укуктарын каттоо – электрондук формада жүргүзүлүүчү ыктыярдуу жол-жобо, ал аркылуу кыймылдуу мүлккө карата милдеттенмелерди аткаруу боюнча (келишим боюнча) талап кылуу укуктары кыймылдуу мүлккө талап кылуу укуктарынын бирдиктүү мамлекеттик реестринде катталат. Кыймылдуу мүлккө карата милдеттенмелерди аткаруу боюнча (келишим боюнча) талап кылуу укуктарын каттоо күрөө кармоочунун артыкчылык укуктарын аныктайт.»;

он биринчи  абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«Күрөө каттоо конторасы – ушул Мыйзамга ылайык иштөөчү мамлекеттик орган, анын милдеттери кыймылдуу мүлккө талап кылуу укуктарынын бирдиктүү мамлекеттик реестрин жүргүзүү жана кыймылдуу мүлккө талап кылуу укуктарынын бирдиктүү мамлекеттик реестринде катталган күрөө кармоочунун арызынын негизинде күрөө кабарламасына жазууларды киргизүү болуп саналат, ал кыймылдуу мүлккө талап кылуу укуктарынын бирдиктүү мамлекеттик реестринде катталат.»;

он экинчи  абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«Кыймылдуу мүлккө талап кылуу укуктарынын бирдиктүү мамлекеттик реестри - кыймылдуу мүлккө карата  милдеттенмелерди аткаруу боюнча (келишим боюнча) талап кылуулардын катталган укуктарынын бирдиктүү электрондук маалымат базасы.»;

төмөнкүдөй мазмундагы он экинчи жана он үчүнчү абзацтар менен толукталсын:

«Күрөө кабарламасы – кыймылдуу мүлккө карата милдеттенмелерди аткаруу боюнча (келишим боюнча) талап кылуу укугун каттоо, ага өзгөртүүлөрдү киргизүү жана токтотулушу жөнүндө маалыматтарды камтыган кыймылдуу мүлккө талап кылуу укуктарынын бирдиктүү мамлекеттик реестринде катталуучу электрондук формадагы жазуу.

Арыз – кыймылдуу мүлккө карата милдеттенмелерди аткаруу боюнча (келишим боюнча) талап кылуу укуктары жөнүндө негизги маалыматты камтыган, кыймылдуу мүлккө карата талап кылуу укуктарынын бирдиктүү мамлекеттик реестринде катталган, Күрөө каттоо конторасына күрөө кармоочу тарабынан берилген  белгиленген үлгүдөгү бланк. Арыз Күрөө каттоо конторасы тарабынан күрөө кабарламасына тиешелүү жазуу киргизүү үчүн негиз болуп саналат.».

2. 10-статьянын 4-пункту төмөнкүдөй мазмундагы 3 пунктчасы менен толукталсын:

«3) келишимди колдонуу мөөнөтү. Эгерде келишимде аны колдонуу мөөнөтү көрсөтүлбөсө, келишим анда аныкталган тараптардын милдеттенмелеринин аткарылышы бүткөн учурга чейин колдонулат деп таанылат;».

3. 11- статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«11-статья. Күрөөгө коюлган мүлктүн (кайрадан күрөөгө коюу) кийинки күрөөсү

1. Күрөө жөнүндөгү келишим боюнча бир милдеттенмени (мурдагы күрөө) аткарууну камсыз кылуу үчүн күрөөгө коюлган мүлк башка милдеттенмени (кийинки күрөө) аткарууну камсыз кылуу үчүн күрөөгө берилиши мүмкүн.

Күрөө кармоочулардын кезектүүлүгү кыймылдуу мүлккө талап кылуу укуктарынын бирдиктүү мамлекеттик реестриндеги жана кыймылсыз мүлккө болгон укуктарды бирдиктүү мамлекеттик каттоонун реестриндеги маалыматтардын негизинде мамлекеттик каттоо жөнүндөгү мыйзамдарга же каттоосу жок болсо, күрөө жөнүндөгү келишим түзүлгөн датага ылайык аныкталуучу күрөө пайда болгон учурдан тартып белгиленет.

2. Кийинки күрөөгө, ошол эле мүлктү күрөөгө коюу жөнүндөгү мурдагы келишимдер менен тыюу салынбаса алардын күчү күрөө жөнүндөгү кийинки келишим түзүлгөн мезгилде токтотула элек болсо, жол берилет. Эгерде күрөө жөнүндө мурдагы келишимде күрөө жөнүндө кийинки келишимдин түзүлүшү мүмкүн болгон шарттар каралса, кийинки келишим ушул шарттарды сактоо менен түзүлүшү керек.

3. Эгерде артыкчылык укугуна ээ болгон андан мурдагы күрөө кармоочу кийинки күрөө кармоочу менен жазуу жүзүндө башкача макулдашпаган болсо, кийинки күрөө кармоочунун талаптары күрөөгө коюлган предметтин наркынан мурдагы күрөө кармоочунун талаптары канааттандырылгандан кийин канааттандырылат.

4. Күрөө кармоочу ар бир кийинки күрөө кармоочуга бул мүлктүн болгон бардык күрөөлөрү жөнүндө, ошондой эле күрөөлөр менен камсыз кылынган милдеттенмелердин мүнөзү жана өлчөмү жөнүндө маалыматтарды жазуу жүзүндө кабарлоого милдеттүү жана ушул милдеттенмелерди аткарбоонун кесепетинен күрөө кармоочуларга келтирилген чыгымдардын ордун толтуруп берүүгө милдеттүү. Катталган күрөө кабарламасы болсо кыймылдуу мүлктүн болгон бардык күрөөлөрү жөнүндө маалыматтарды кийинки күрөө кармоочулар кыймылдуу мүлккө талап кылуу укуктарынын бирдиктүү мамлекеттик реестринен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте алышат.

5. Биринчи катталган күрөө күрөөгө коюлган мүлктөн канааттануу укугун камсыз кылууда кийин катталган күрөөнүн кайсынысына карата алынса да биринчи кезектеги деп эсептелет. Ар бир кийинки күрөө каттоонун датасына жана мезгилине ылайык кезектүүлүк тартибинде катталат, ошого жараша мурдагы катталган күрөөгө карата кийинки кезектеги күрөө деп эсептелет.

Эгерде ушул Мыйзамдын III бөлүмүнө ылайык жүзөгө ашырылуучу, күрөөгө коюлган мүлктү мажбурлап сатуудан түшкөн сумма, кийинки кезекте турган күрөө кармоочулардын талаптарын төлөп берүүгө жетишсиз болсо, эгерде күрөө жөнүндөгү келишимде башкача каралбаса алардын талаптары, бул талаптардын мыйзамдуулугуна карабастан, камсыз кылынбаган талап катары токтотулат.

6. Карамагында күрөөгө коюлган мүлк турган кийинки күрөө кармоочу ушул Мыйзамдын 6-главасына ылайык аны мажбурлап өндүрүп алуу жолу менен сата алат, ал эми эгерде ал биринчи кезектеги күрөө кармоочу болбосо анда ушул Мыйзамдын            58-статьясынын 1-пунктунун 4-пунктчасына жана 2-пунктуна ылайык:

1) ал күрөөнүн мурдагы келишими боюнча аны сатуу ниети бардыгы жөнүндө күрөө кармоочунун кимисине болсо да билдирүүгө милдеттүү;

2) мурдагы күрөө кармоочунун кимисинин болсо да суроо-талабы боюнча ал мурдагы күрөө кармоочунун карамагына күрөөгө коюлган мүлктү өткөрүп бериши керек;

3) эгерде күрөөгө коюлган мүлк сатылып кетсе, анын сатылышына жоопкерчиликтүү күрөө кармоочу баарынан мурун биринчи кезектеги күрөө кармоочунун (кармоочулардын) талаптарын аткарышы керек жана ушундан кийин гана өз талаптарын канааттандыруу үчүн кирешелерди пайдаланууга укуктуу.

Эгерде аталган талаптар аткарылбаса мүлктү сатып жаткан кийинки күрөө кармоочу мурдагы күрөө кармоочулардын кимисинин алдында болсо да жоопкерчилик тартат, мындай мүлк күрөөгө коюлган мүлктү ким сатып алса да аларга карата талаптары күчүн жоготпогон мурдагы күрөө кармоочулардын каттоодон өткөрүлгөн күрөөлөрүнөн эркин боло албайт.

7. Ушул Мыйзамга ылайык артыкчылыктуу канааттандыруу укугунун кезектүүлүгү күрөө кармоочулардын жазуу жүзүндөгү макулдуктары боюнча өзгөртүлүшү мүмкүн.

8. Күрөөнүн предметине күрөө берүүчүнүн мамлекеттик бюджет алдындагы карыздары боюнча төлөтүп алуу мүмкүн эмес. Салык органдарынын талабы же чыгашалардын ордун толтуруу жөнүндө соттун чечими кезектүүлүк тартибинде гана аткарылат.».

4. 14-статьянын 3-пунктунда:

«каттоо конторасына же» деген сөздөр алып салынсын;

«жиберилиши керек» деген сөздөрдөн кийин «, эгерде күрөөнүн предмети кыймылдуу мүлк болсо, анда маалымат  ушул  Мыйзамдын 21-статьясына ылайык күрөө кабарламасында чагылдырылышы керек.» деген сөздөр менен толукталсын.

5. 20-статьянын 3-пунктунда «катталышы керек» деген сөздөрдөн кийин «, ошондой эле күрөө кармоочунун каалоосу боюнча кыймылдуу мүлккө карата талап кылуу укуктарынын бирдиктүү мамлекеттик реестрине кошумча катталышы мүмкүн.» деген сөздөр менен толукталсын.

6. 21-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«21-статья. Кыймылдуу мүлккө карата милдеттенмелерди аткаруу боюнча (келишим боюнча) талап кылуу укуктарын каттоо

1. Кыймылдуу мүлккө карата милдеттенмелерди аткаруу боюнча (келишим боюнча) талап кылуу укуктарын каттоо  ыктыярдуу негизде электрондук формада ишке ашырылат, ал аркылуу кыймылдуу мүлккө карата милдеттенмелерди аткаруу боюнча (келишим боюнча) талап кылуу укуктары кыймылдуу мүлккө талап кылуу укуктарынын бирдиктүү мамлекеттик реестринде катталат.

Кыймылдуу  мүлккө талап кылуу укуктарынын бирдиктүү мамлекеттик реестринде каттоо кыймылдуу мүлккө карата милдеттенмелерди аткаруу боюнча (келишим боюнча) талап кылуу укуктары жөнүндө жоболорду камтыган жараксыз келишимге мыйзамдуу күч бербейт.

Кыймылдуу мүлккө талап кылуу укуктарынын бирдиктүү мамлекеттик реестриндеги кыймылдуу мүлккө карата милдеттенмелерди аткаруу боюнча (келишим боюнча) талап кылуунун катталбаган укук милдеттенмелерди аткарылышын талап кылуу укугун караган жарандык мыйзамдарга ылайык түзүлгөн бүтүмдөрдүн жараксыздыгына алып келбейт.

Кыймылдуу мүлккө карата милдеттенмелерди аткаруу боюнча (келишим боюнча) талап кылуу укуктарын каттоо, кыймылдуу мүлккө карата милдеттенмелерди аткаруу боюнча (келишим боюнча) талап кылуунун мурун катталган укуктары жок башка кредиторлордун алдында өзүнүн талаптарын канааттандырган артыкчылыктуу укуктарын бөлүштүрүү максатында ишке ашырылат.

Кыймылдуу мүлккө карата милдеттенмелерди аткаруу боюнча (келишим боюнча) талап кылуунун катталган же катталбаган укуктары менен күрөөнүн бир эле предметине бир нече күрөө кармоочулар болсо  кезектеги артыкчылык кыймылдуу мүлккө карата милдеттенмелерди аткаруу боюнча (келишим боюнча) талап кылуунун каттоодон өткөн укукка берилет. Кыймылдуу мүлккө карата милдеттенмелерди аткаруу боюнча (келишим боюнча) талап кылуунун каттоодон өткөн  укуктарынын артыкчылыгы күрөө катталган датасы жана убактысы боюнча аныкталат.

Күрөө катталган предметинен өндүрүп алуу жүргүзүлсө, кезектүүлүк тартибин бузган күрөө кармоочу жарандык мыйзамдарга ылайык кезектеги артыкчылыкка ээ болгон күрөө кармоочуга чыгымдардын ордун толтуруп берет.

Кыймылдуу мүлккө карата милдеттенмелерди аткаруу боюнча (келишим боюнча) талап кылуу укугун  кыймылдуу мүлккө талап кылуу укуктарынын бирдиктүү мамлекеттик реестрине каттоо күрөө кармоочу же Күрөө каттоо конторасы тарабынан жүргүзүлөт.

Күрөө кабарламасына жазуу киргизүү төмөнкүлөрдүн негизинде жүргүзүлөт:

1) жарандык мыйзамдарга ылайык күрөө кармоочунун Күрөө каттоо конторасы менен түзүлгөн келишими;

2) күрөө кармоочунун арызы.

Арызда төмөнкүлөр камтылышы керек:

а) күрөө кармоочунун маалыматтары:

- жеке жактар үчүн: аты-жөнү, паспортунун сериясы жана номери, жашаган жеринин дареги, жеке идентификациялык номери;

- юридикалык жактар үчүн: юридикалык жактын аталышы, юридикалык дареги, идентификациялык салык номери;

б) камсыздалган милдеттенменин сыпаттамасы:

- менчик укугу жөнүндө маалыматтар;

- аны идентификациялоо үчүн зарыл болгон күрөөгө коюлган кыймылдуу мүлктүн сыпаттамасы;

- камсыздалган милдеттенменин суммасы жана аны аткаруу мөөнөтү;

- күрөөнү башкаруучу (эгерде дайындалса);

- эгерде келишимде же макулдашууда кийинки күрөө кармоочулардын жазуу түрүндөгү кабарламасы каралса, күрөөгө коюлган мүлктүн кийинки күрөөсү (кайрадан күрөөгө коюу) жөнүндө маалыматтар;

- эгерде келишимде же макулдашууда кийинки күрөөсүнө (кайрадан күрөөгө коюу) тыюу салуу каралган болсо, кыймылдуу мүлктүн  кийинки күрөөсүнө (кайрадан күрөөгө коюу) тыюу салынгандыгы жөнүндө маалыматтар;

- дата жана арыз ээсинин колу.

Күрөө кабарламасы төмөнкүлөрдү камтышы керек:

а)  күрөө кармоочу же күрөөнү башкаруучу (эгерде дайындалса) жөнүндө маалыматтар, күрөө берүүчү жана милдеттенмелерди камсыздоо боюнча карызкор, эгерде ал күрөө берүүчү болбосо:

- жеке жактар үчүн: аты-жөнү, паспортунун сериясы жана номери, туруктуу жашаган жеринин дареги, жеке идентификациялык номери;

- юридикалык жактар үчүн: юридикалык жактын аталышы, юридикалык дареги, идентификациялык салык номери;

б) камсыздалган милдеттенменин сыпаттамасы:

- менчик укугу жөнүндө маалыматтар;

- аны идентификациялоо үчүн зарыл болгон күрөөгө коюлган кыймылдуу мүлктүн сыпаттамасы;

- камсыздалган милдеттенменин суммасы жана аны аткаруу мөөнөтү;

- күрөөнү башкаруучу (эгерде дайындалса);

- эгерде келишимде же макулдашууда кийинки күрөө кармоочулардын жазуу түрүндөгү кабарламасы каралган болсо, күрөөгө коюлган мүлктүн кийинки күрөөсү (кайрадан күрөөгө коюу) жөнүндө маалыматтар;

- эгерде келишимде же макулдашууда кийинки күрөөсүнө (кайрадан күрөөгө коюу) тыюу салуу каралган болсо, кыймылдуу мүлктүн  кийинки күрөөсүнө (кайрадан күрөөгө коюу) тыюу салынгандыгы жөнүндө маалыматтар.

Күрөө кабарламасына жазуу киргизилгенден кийин кыймылдуу мүлккө карата автоматтык түрдө каттоо номери берилген жана милдеттенмелерди аткаруу боюнча (келишим боюнча) талап кылуу артыкчылык укугу катталган датасы, убактысы аныкталган кыймылдуу мүлккө талап кылуу укуктарынын бирдиктүү мамлекеттик реестрине каттоо жүргүзүлөт.

Күрөөнү каттоо конторасы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте кызматтарды көрсөтөт.

2. Укугун күрөөгө коюу күрөөгө коюлган мүлктү күрөө кармоочунун же күрөө жөнүндө келишимге ылайык ал ыйгарым укук берген адамдын ээлигине берилген учурдан тартып ишке ашты деп эсептелет.

3. Предмети акча-кредиттик инструменттери, баалуу корпоративдик кагаздар болгон милдеттенмелерди аткаруу боюнча (келишим боюнча) талап кылуу укугун каттоо, мындай куралдарды жана баалуу кагаздарды кармоочулардын реестрин жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу органдын каалоосу боюнча, кыймылдуу мүлккө талап кылуу укуктарынын бирдиктүү мамлекеттик реестринде жүзөгө ашырылат.

     4. Накталай акча күрөөсү аны күрөө кармоочунун карамагына өткөрүп берүү жолу менен гана жүзөгө ашырылат. Накталай акча күрөө кармоочу тарабынан депозиттик эсепте кармалат, мында пайыздар күрөө берүүчүгө чегерилип турат.

5. Күрөө кабарламасында кыймылдуу мүлккө карата милдеттенмелерди аткаруу боюнча (келишим боюнча) талап кылуу укугуна жазууларды киргизүүнүн, өзгөртүүнүн жана токтотуунун тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.».

7. 2 - глава төмөнкүдөй мазмундагы 21-статья менен толукталсын:

«21- статья. Кыймылдуу мүлккө талап кылуу укуктарынын бирдиктүү мамлекеттик реестри

1. Кыймылдуу мүлккө талап кылуу укуктарынын бирдиктүү мамлекеттик реестри кыймылдуу мүлк милдеттенмелерин аткаруу боюнча (келишим боюнча) талап кылуу укуктарынын бирдиктүү электрондук маалымат базасын түзүү үчүн багытталган автоматташтырылган маалыматтык система болуп саналат. Кыймылдуу мүлккө талап кылуу укуктарынын бирдиктүү мамлекеттик реестрин жүргүзүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

2. Кыймылдуу мүлккө талап кылуу укуктарынын бирдиктүү мамлекеттик реестри катталган кыймылдуу мүлккө карата милдеттенмелерди аткаруу боюнча (келишим боюнча) талап кылуу укуктары жөнүндө маалыматтардын бирден-бир расмий булагы болуп саналат жана соттук же соттук эмес тартипте өндүрүп алууда кыймылдуу мүлккө талаптардын артыкчылык укуктарынын кезектүүлүгүн белгилейт.

3. Кыймылдуу мүлккө талап кылуу укуктарынын бирдиктүү мамлекеттик реестрине персонификациялаштырылган маалыматтарды жайгаштыруу жаатында кыймылдуу мүлккө карата  милдеттенмелерди аткаруу боюнча (келишим боюнча) талап кылуу укуктарын каттоодо күрөө берүүчүнүн жазуу түрүндөгү макулдугу зарыл. Күрөө берүүчүнүн жазуу түрүндөгү макулдугу кыймылдуу мүлккө карата милдеттенмелерди аткаруу боюнча (келишим боюнча) талап кылуу укуктарын токтотуу жөнүндө күрөө кабарламасына жазуу киргизүүгө чейин  күрөө кармоочуда сакталат.

4. Күрөө  кабарламасына кыймылдуу мүлккө карата милдеттенмелерди аткаруу боюнча (келишим боюнча) талап кылуу укуктарына жазууларды, өзгөртүүлөрдү киргизүү жана токтотуу бир жолку төлөм менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте, акы төлөө негизинде жүргүзүлөт.

Жүргүзүлгөн каттоо жөнүндө маалыматтар Күрөө каттоо конторасынын электрондук маалыматтар базасында сакталат.

5. Күрөө каттоо конторасы тиешелүү реестрлерди жүргүзүүнү жүзөгө ашыруучу башка мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүүнү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген бөлүгүндө жеке реестрлер менен иштөөнү ишке ашырат.

6. Күрөө каттоо конторасы расмий сайт аркылуу онлайн режиминде кыймылдуу мүлккө талап кылуу укуктарынын бирдиктүү мамлекеттик реестрине ачык жетүүнү камсыз кылат.

7. Жеке жана юридикалык жактар, алуу тартиби жекелештирилген маалыматтар жөнүндө мыйзамдарга ылайык аныкталган жекелештирилген маалыматтарга кирген маалыматтарды кошпогондо, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган тартипте Интернет тармагы аркылуу кыймылдуу мүлккө талап кылуу укуктарынын бирдиктүү мамлекеттик реестринен маалыматтарды акысыз алышат.

8. Талап кылуу укуктарынын бирдиктүү мамлекеттик реестринде камтылган маалыматтар кызыкдар адамдарга Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген тартипте акы төлөө негизинде көчүрмө түрүндө берилиши мүмкүн.

9. Кыймылдуу мүлккө талап кылуу укуктарынын бирдиктүү мамлекеттик реестринен маалыматтарды издөө салык төлөөчүнүн идентификациялык номери, күрөөнүн предмети же каттоо номери боюнча жүргүзүлөт.».

8. 22-статьянын 1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«1. Кайсы жак болбосун кыймылдуу мүлккө талап кылуу укуктарынын бирдиктүү мамлекеттик реестринен маалымат ала алат.».

9. 28-статьянын 3-пунктундагы «11-статьясынын 7-пунктунун» деген сөздөр менен цифралар алып салынсын.

10. 34-статьянын 6-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«6. Күрөө кармоочу күрөө берүүчүгө ушул Мыйзамдын 58-статьясына  ылайык өндүрүп алуу  жөнүндө билдирмени тапшырууда жана ушул Мыйзамдын 581 - статьясына ылайык өндүрүп алуу жол-жоболорунун башталгандыгы жөнүндө күрөө кабарламасына жазуу киргизгенде күрөө берүүчүгө жүгүртүүдөгү кандай товарларга болбосун ээлик кылууга тыюу салынат жана эгерде күрөө кармоочу өндүрүп алуу фактысын каттатса, жүгүртүүдөгү товарларды же аларга аралашкан, же алмашылган товарды алуучу кандай жак болбосун күрөө менен оорлотулган ушундай мүлктү алышат.».

11. 6-глава төмөнкүдөй мазмундагы 58- статья менен толукталсын:

«581 - статья. Кыймылдуу мүлккө карата милдеттенмелерди аткаруу боюнча (келишим боюнча) талап кылуу укуктарын өндүрүп алуу тартиби

1. Күрөө кабарламасында катталган учурда күрөөнүн предметине соттук же соттук эмес тартипте өндүрүп алуу жол-жоболорун козгоо үчүн, күрөө кармоочу өндүрүп алуу жол-жоболорунун башталгандыгы жөнүндө күрөө кабарламасына жазуу киргизиши керек.

2. Жазуу күрөө кабарламасына күрөө кармоочу тарабынан үч жумушчу күндүн ичинде киргизилет. Өндүрүп алуу жол-жоболорунун башталгандыгы жөнүндө күрөө кабарламасына жазуу  киргизбей туруп, ушул берененин 1-пунктунда каралган шарттар сакталбаган учурда күрөө кармоочу күрөөнүн предметин өндүрүп ала албайт.

3. Күрөө кабарламасына жазууларды киргизген учурда күрөө кармоочу 15 жумушчу  күндүн ичинде төмөнкүлөргө укуктуу:

1) соттон тышкаркы тартипте, күрөө менен камсыз кылынган анын талаптарын канааттандыруу жөнүндө күрөө берүүчү менен макулдашуу түзүүгө;

2) эгерде мүлктү өндүрүп алуунун соттон тышкаркы тартиби күрөө жөнүндө келишим менен же/ талаптарды канааттандыруу жөнүндө макулдашуу же бейтарап макулдашуу менен каралбаса, сот тартибинде күрөөнүн предметин өндүрүп алуу           жол-жоболорун жүргүзүү жана ишке ашыруу жөнүндө арызы менен сотко кайрылууга;

3) талаш-тартыш болгон учурда, сотко кайрылбастан аны жөнгө салуу боюнча чараларды көрүүгө.

4. Кыймылдуу мүлктүн күрөө предметин өндүрүп алуу процессинде катталган күрөөлүк кабарламада сот тартибинде күрөө кармоочу кыймылдуу мүлккө талап кылуу укуктарынын бирдиктүү мамлекеттик реестринен көчүрмөнү берүүгө милдеттүү. Көчүрмө сот тартибинде өндүрүп алуу жол-жоболорунун башталгандыгы  жөнүндө далил болуп саналат. Өндүрүп алуу жол-жоболорунун башталганы жөнүндө  күрөө кабарламасына жазууларды киргизүү жана көчүрмө алуу тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.».

12. 60- статьяда:

2-пункт «билдирүү түзүлгөндөн кийин» деген сөздөрдөн кийин «, ошондой эле ушул Мыйзамдын 58-статьясында каралган күрөө кабарламасына жазуу киргизгенден кийин» деген сөздөр менен толукталсын;

3-пунктунда «жибергенден кийин» деген сөздөрдөн кийин «, ошондой эле ушул Мыйзамдын 58-статьясында каралган кыймылдуу мүлккө карата милдеттенмелерди аткаруу боюнча (келишим боюнча) талап кылуу укуктары катталган учурда күрөө кабарламасына жазуу киргизгенден кийин» деген сөздөр менен толукталсын.

13. 61-статьянын 4-пункту «укугун алышат» деген сөздөрдөн кийин  «, ал эми кыймылдуу мүлккө карата милдеттенмелерди аткаруу боюнча (келишим боюнча) талап кылуу укуктарын каттоо күрөө кабарламасына жазуу киргизген учурдан тартып ушул Мыйзамдын 58- статьясына ылайык.» деген сөздөр менен толукталсын.

14. 62-статьясында:

2-пункту «, ошондой эле ушул Мыйзамдын 58-статьясында каралган шарттарды аткаргандан кийин» деген сөздөр менен толукталсын.

4-пунктунда:

- биринчи абзац төмөнкүдөй сүйлөм менен толукталсын: - «Катталган күрөө кабарламасы болгон учурда, ушул Мыйзамдын 58-статьясына ылайык күрөөнүн предметине өндүрүп алуу жөнүндө күрөө кабарламасына жазуу  киргизүү далилин күрөө кармоочу тиешелүү доо көрсөтүлүп жаткан сотко бериши керек.»;

- экинчи абзацы «далилдерди тапшырат.» деген сөздөрдөн кийин « , ал эми катталган күрөө кабарламасы болгон учурда,  ушул Мыйзамдын 58-статьясына ылайык кыймылдуу мүлккө талап кылуу укуктарынын бирдиктүү мамлекеттик реестринен көчүрмө.» деген сөздөр менен толукталсын.

15. 76-статьянын 4- пунктунун экинчи абзацындагы «бир» деген сөз  «үч» деген сөз менен алмаштырылсын.

16. 83-статьянын 2- пунктунун 3- пунктчасы  төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«3) күрөө кабарламасына 10 жумушчу күндүн ичинде жазуу киргизүүгө. Эгерде күрөө кармоочу белгиленген мөөнөттө күрөө кабарламасына күрөөнүн токтотулгандыгы жөнүндө жазуу киргизбесе, анда күрөө кармоочу мыйзамдарга ылайык жоопкерчилик тартат;».

 

2- берене

 

Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 1-бөлүгүнө (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1996-ж., № 6, 80-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1. 283-статьяда: 1-пунктундагы  «бир жылдын» деген сөздөр «үч жылдын» деген сөздөр менен алмаштырылсын, «мыйзамда башка мөөнөт белгиленбесе,» деген сөздөр  алып салынсын.

2. 324-статьяда:

2-пунктунун  экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«Ушул Кодекстин келишим түзгөндөн улам келип чыккан күрөө жөнүндөгү эрежелери, мыйзам негизинде келип чыккан күрөөгө карата да колдонулат. Ушул Кодекс менен жөнгө салынбаган, күрөөгө тийиштүү укуктук мамилелер  күрөө жөнүндөгү мыйзамдары менен жөнгө салынат.».

3-пункт күчүн жоготту деп таанылсын.

3. 326-статьянын 3- пунктунун экинчи абзацындагы «мыйзамда же» деген сөздөр алып салынсын.

4. 327-статьянын 2 - пунктундагы «мыйзамда же» деген сөздөр алып салынсын.

5. 328-статьяда:

1-пункту төмөнкүдөй мазмундагы бешинчи абзац менен толукталсын:

«- келишимди колдонуу мөөнөтү, эгерде келишимде аны колдонуунун мөөнөтү көрсөтүлбөсө, келишим тараптардын милдеттенмелеринин аткарылышы бүткөн учурга чейин колдонулат деп анда аныкталган учурга чейин жарактуу деп таанылат;»;

3- пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«3. Кыймылсыз мүлктү күрөөгө коюу жөнүндөгү келишим нотариалдык жактан ырасталууга тийиш жана жер мыйзамдарынын өзгөчөлүктөрүн эсепке алуу менен мамлекеттик каттоодон өтүүгө тийиш.

Эгерде күрөө нотариатта күбөлөндүрүүгө тийиш болгон келишим боюнча милдеттенмелерди камсыз кыла алса, ошондой эле тараптардын макулдашуусунда каралган учурларда кыймылдуу мүлктү күрөөгө коюу жөнүндөгү келишим, кыймылдуу мүлк менен байланышкан укуктар нотариалдык жактан ырасталууга тийиш.

Кыймылдуу мүлккө карата милдеттенмелерди аткаруу боюнча (келишим боюнча) талап кылуу укуктарын каттоо ыктыярдуу негизде электрондук формада  ишке ашырылат, ал аркылуу кыймылдуу мүлккө карата милдеттенмелерди аткаруу боюнча (келишим боюнча) талаптарды аткаруу укугу кыймылдуу мүлккө талап кылуу укуктарынын бирдиктүү мамлекеттик реестринде катталат.

Кыймылдуу мүлккө талап кылуу укуктарынын бирдиктүү мамлекеттик реестринде каттоо кыймылдуу мүлккө карата милдеттенмелерди аткаруу боюнча (келишим боюнча) талап кылуу укуктары жөнүндө жоболорду камтыган жараксыз келишимге мыйзамдуу күч бербейт.

Кыймылдуу мүлккө талап кылуу укуктарынын бирдиктүү мамлекеттик реестринде катталбаган кыймылдуу мүлккө карата милдеттенмелерди аткаруу боюнча (келишим боюнча) талап кылуу укуктар милдеттенмелердин аткарылышын талап кылуу укугун караган ушул Кодекске ылайык түзүлгөн бүтүмдөрдүн жараксыздыгына алып келбейт.

Кыймылдуу мүлккө карата милдеттенмелерди аткаруу боюнча (келишим боюнча) талап кылуу укуктарын каттоо күрөө кармоочунун мурда катталган кыймылдуу мүлккө карата милдеттенмелерди аткаруу боюнча (келишим боюнча) талап кылуу укуктары болбогон башка кредиторлордун алдында өзүнүн талаптарын канааттандыруунун артыкчылыктуу укуктарын бөлүп берүү максатында жүргүзүлөт.

Күрөөнүн бир эле предметине бир нече күрөө кармоочулар болгон учурда каттоодон өткөн жана өтпөгөн кыймылдуу мүлккө карата милдеттенмелерди аткаруу боюнча (келишим боюнча) талап кылуу укуктары кезектүүлүк артыкчылыгы каттоодон өткөн кыймылдуу мүлккө карата милдеттенмелерди аткаруу боюнча (келишим боюнча) талап кылуу укуктарына берилет. Каттоодон өткөн кыймылдуу мүлккө карата милдеттенмелерди аткаруу боюнча (келишим боюнча) талап кылуу укуктарынын артыкчылыгы күрөө катталган дата жана убактысы боюнча аныкталат.

Катталган күрөө предметин өндүрүп алуу жүргүзүлгөн учурда, кезектүүлүк тартибин бузган күрөө кармоочу, ушул Кодекске ылайык кезектүүлүк артыкчылыгы бар күрөө кармоочуга чыгымдардын ордун толтуруп берет.»;

5 - пункттагы  «Мыйзамда каралбагандыктан, күрөө укугу:» деген сөздөр «Күрөө укугу:» деген сөздөр менен алмаштырылсын.

6. 329- статьянын 3- пункту төмөнкүдөй сүйлөм менен  толукталсын:

«Катталган күрөө кабарламасы болсо, кийинки күрөө кармоочулар кыймылдуу мүлктүн  учурдагы бардык күрөөлөрү жөнүндө маалыматтарды кыймылдуу мүлккө талап кылуу укуктарынын бирдиктүү мамлекеттик реестринен алат.».

7. 330-статьянын 1 - пунктунун биринчи абзацындагы «мыйзамда же» деген сөздөр алып салынсын.

8. 331-статьянын 3 - пунктундагы биринчи жана экинчи  абзацындагы «мыйзамда же» деген сөздөр алып салынсын.

9. 332-статьянын 2 -пунктунун биринчи абзацындагы «мыйзамда же» деген сөздөр алып салынсын.

10. 335-статьяда:

2 - пункттун биринчи  абзацы төмөнкүдөй экинчи абзац менен толукталсын:

«Катталган күрөө кабарламасы болгон учурда,  күрөө кармоочу  нотариуска аткаруу жазуусун бүткөрүү үчүн  күрөө жөнүндө мыйзамдарына ылайык күрөө кабарламасына жазуу  киргизгенден кийин күрөө берүүчүнүн (карызкордун) күрөө кармоочу койгон талапты канааттандырам деген ниети жок болсо, күрөөнүн өндүрүп алуу предметине айландыруу жол-жобосу башталгандыгы жөнүндө кайрылууга укугу бар.».

3 - пунктунда:

биринчи  сүйлөмдөгү «мыйзамда же» деген сөздөр алып салынсын;

экинчи сүйлөмдөгү «мыйзамда» деген сөз «ушул Кодексте» деген сөздөр менен алмаштырылсын.

11. 336-статьяда:

1-пунктундагы «мыйзам менен же» деген сөздөр алып салынсын.

5 -пунктундагы «мыйзамда же» деген сөздөр алып салынсын.

 

3-берене

 

Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1999-ж., № 2, 77-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1. Кодекс төмөнкүдөй мазмундагы 67-статья менен толукталсын:

«67. Күрөө жөнүндө мыйзамдарды бузуу

Күрөөнүн токтотулушу жөнүндө күрөө кабарламасына жазууну өз убагында киргизбөө,-

жарандарга - он эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндө, юридикалык жактарга - жүз эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.

Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө каралган ошол эле аракеттер администрациялык жаза-чара колдонулгандан кийин, бир жылдын ичинде кайталанып жасалышы -

жарандарга - ондон жыйырмага чейин эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндө, юридикалык жактарга - жүздөн эки жүзгө чейин эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.».

2. 513 –статьяда:

1-бөлүгү «403» цифрасынан кийин «, 67« цифрасы менен толукталсын;

2-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы төртүнчү абзац менен толукталсын:

«671 - статья менен - Күрөө каттоо конторасынын жетекчиси укуктуу».

 

4-берене

 

1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн алты ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.

2. Ушул Мыйзамда каралган өзгөртүүлөр ушул Мыйзам күчүнө киргенге чейин пайда болгон мамилелерге жайылтылбайт.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү алты айлык мөөнөттө өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

 

Кыргыз Республикасынын

          Президенти