Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 29-июлундагы № 429 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Тиркеме
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 9-октябрындагы № 696 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун мекемелеринде кармалган адамдарга медициналык жардам көрсөтүүнүн ЭРЕЖЕЛЕРИ
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 25-декабрындагы № 617 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Тергөөдө жүргөн, соттолуучу жана эркинен ажыратууга соттолгон адамдарга медициналык жардам көрсөтүү жазык-аткаруу тутумунун мекемелеринде жана тергөө изоляторлорунда (мындан ары - мекемелер) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Эрежелерге ылайык көрсөтүлөт.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 25-декабрындагы № 617 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Тергөөдө жүргөн, соттолуучу жана эркиндигинен ажыратууга соттолгон адамдарга медициналык жардам көрсөтүү ушул максаттарда түзүлүүчү мекемелердин медициналык бөлүнүштөрү (медициналык бөлүк, дарылоочу түзөтүү мекемеси, дарылоо-профилактикалык мекеме) же болбосо Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо боюнча мамлекеттик жана муниципалдык уюмдары (мындан ары - саламаттык сактоо уюмдары) тарабынан көрсөтүлөт.
3. Мекемелердин медициналык бөлүнүштөрүндө медициналык жардам көрсөтүлүшү мүмкүн болбогон учурларда тергөөдө жүргөн, соттолуучу жана эркиндигинен ажыратууга соттолгон адамдар саламаттыкты сактоо уюмдарынан зарыл болгондой дарылана алышат.
4. Медициналык жардам Кыргыз Республикасынын жарандарына медициналык жардамды камсыздоо боюнча мамлекеттик кепилдиктердин программасында каралган көлөмдөрдө көрсөтүлөт.
Тергөөдө жүргөн, соттолуучу жана соттолгон адамдар Кыргыз Республикасынын жарандарына медициналык жардамды камсыздоо боюнча мамлекеттик кепилдиктердин программасында каралган көлөмдөрдөн ашык өздүк каражаттарынын эсебинен төлөнүүчү кошумча дарылоо-профилактикалык жардамды ала алышат. Мындай медициналык кызмат көрсөтүүлөр саламаттык сактоо уюмдарынын же мекемелердин дарылоочу түзөтүү мекемелеринин шарттарында адистер тарабынан көрсөтүлөт.
2. Медициналык жардамды уюштуруу
5. Тергөөдө жүргөн, соттолуучу жана соттолгон адамдарга медициналык жардам көрсөтүүнү уюштуруу алардын ден соолугун коргоого болгон укуктарын камсыздоого багытталган профилактикалык, дарылоо-диагностикалык иш-чаралардын комплексин өзүнө камтыйт.
6. Тергөөдө жүргөн, соттолуучу жана жатак-абактарда жазасын өтөп жаткан соттолгондор, анын ичинде жатак-абактардан сырткары жашаган соттолгондор ооруп калган учурда саламаттыкты сактоо уюмдарында жалпы негизде дарылануудан өтүшөт.
7. Медициналык бөлүктүн ишинин негизги максаты - мекемеде кармалган адамдарга алгачкы медициналык жардам көрсөтүү. Медициналык бөлүк материалдык-техникалык базасына жараша адистештирилген медициналык жардамдын айрым түрлөрүн камсыз кыла алат.
8. Мекеменин медициналык бөлүгү төмөнкүлөрдү ишке ашырат:
- ооруну аныктоо максатында тергөөдө жүргөн, соттолуучу жана соттолгон адамдарды медициналык жактан текшерүү;
- тергөөдө жүргөндөрдү, соттолуучуларды жана соттолгондорду диспансердик байкоо жана эсепке алуу;
- ооруга чалдыккан тергөөдө жүргөндөрдү, соттолуучуларды жана соттолгондорду дарылоо;
- дары жана башка медициналык каражаттарды сактоо жана аларды тергөөдө жүргөндөргө, соттолуучуларга же соттолгондорго берүү;
- акы төлөнүүчү жумуштарга тартылуучу соттолгондордун кесиптик жарамдуулугу боюнча медициналык каршы көрсөткүчтөрдү аныктоо;
- убактылуу жумушка жарамсыздыгына экспертиза жүргүзүү.
9. Медициналык бөлүк өз курамына амбулаторияны, стационарды, медициналык изоляторду, дарыкананы жана стерилизациялоочу жайды (автоклавды) камтый алат. Медициналык бөлүктүн бардык бөлмөлөрү коргоо жана көзөмөлдөөнүн инженердик-техникалык каражаттары менен жабдылат.
Медициналык бөлүктүн курамында тиги же бул функционалдык бөлүнүштөрдүн болушу, стационардагы керебеттердин саны жана медициналык персоналдын штаттык саны Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун медициналык камсыздоо кызматы тарабынан саламаттык сактоо уюмдарына жана анын лимитине карата мекеменин аймактык жайгашуу өзгөчөлүктөрүнө жараша аныкталат.
10. Медициналык бөлүктүн стационарында төмөнкүлөр аткарылат:
- стационардык текшерүү жана оорулуулардын болжолдуу 10-14 сутка болуусуна эсептелген дарылоо;
- жугуштуу оорулууларды, ошондой эле жугуштуу ооруга шектүүлөрдү жазык-аткаруу тутумунун башка медициналык мекемелерине же саламаттык сактоо уюмдарына жибергенге чейин убактылуу обочолоп кармоо;
- оорулууларды жазык-аткаруу тутумунун башка медициналык мекемелеринен чыгаргандан кийин адистердин корутундусуна ылайык калыбына келтирип дарылоо;
- транспортто жүрүүгө болбогон оорулууларды алардын абалы жакшырганга жана жазык-аткаруу тутумунун медициналык мекемелерине же саламаттык сактоо уюмдарына которгонго чейин стационарда дарылоо.
11. Медициналык бөлүктүн амбулаториясы түзөтүү мекемесиндеги тергөөдө жүргөндөргө, соттолуучуларга жана соттолгондорго амбулатордук медициналык жардам көрсөтүүгө багытталган.
12. Жазык-аткаруу тутумунун мекемелериндеги санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө "Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жүргүзүлөт.
3. Тергөө изоляторлорунун, түзөтүү мекемелеринин, тарбиялоо абагынын, түрмөлөрдүн медициналык бөлүгүндө тергөөдө жүргөн, соттолуучу жана соттолгон адамдарды дарылоо-профилактикалык камсыздоо
13. Тергөө изоляторуна келип түшкөндөргө (анын ичинде транзит менен бара жаткандарга) айланасындагылар үчүн эпидемиологиялык коркунуч туудурган адамдарды, ошондой эле кечиктирилгис жардамга муктаж болгон оорулууларды аныктоо максатында баштапкы медициналык текшерүү жүргүзүлөт. Жыныстык жол менен берилүүчү жугуштуу оорулардын, туберкулездун, АИВдин (адамдын иммундук таңсык оорусунун) болушуна лабораториялык изилдөө жүргүзүлөт.
14. Баштапкы медициналык текшерүү тергөөдө жүргөн, соттолуучу жана соттолгон адамдарды "жалпы" камераларга жибергенге чейинки кыска мөөнөттүн ичинде жүргүзүлөт. Текшерүүнү атайын жабдылган медициналык кабинетте врач же фельдшер жүргүзөт.
15. Тергөө изоляторунун медициналык кабинетинде медициналык текшерүү журналы толтурулат, ага тергөөдө жүргөн, соттолуучу жана соттолгон адамдардын текшерилгендиги жана алардын аныкталган оорулары (жаракаттары) тууралуу негизги маалыматтар катталат.
16. Тергөөдө жүргөн, соттолуучу жана соттолгон адамдардын ар бирине жазык-аткаруу тутумунун мамлекеттик органынын жетекчиси бекиткен форма боюнча амбулатордук оорулуунун медициналык картасы толтурулат.
17. Денесине жаракат алган адамды мекемеге жеткирген учурда мекеменин начальнигинин нөөмөт жардамчысынын (ыкчам нөөмөтчүнүн) демилгеси боюнча же жаракат алган адамдын арызы боюнча, ошондой эле медициналык кызматкер (врач, фельдшер) тарабынан текшерүүдө денедеги жаракаты аныкталса, жазык-аткаруу тутумунун мамлекеттик органы бекиткен формада акт түзүлөт.
18. Убактылуу кармоо изоляторунан алынып келинген жана саламаттык сактоо уюмунун стационардык шарттарында (тергөө изоляторунда дарылоонун зарыл болгон түрүн көрсөтүү мүмкүндүгү болбосо) тез медициналык жардамга муктаж болгон адамдар мекемеге кабыл алынбайт, алар бул түрдөгү жардам көрсөтүлө турган саламаттык сактоо уюмдарына жиберилет.
19. Оорулууларды жайгаштыруу медициналык кызматкердин көрсөтмөсү боюнча жүргүзүлөт. Психикалык бузулуунун белгилери бар, анын ичинде агрессияга жана автоагрессияга жакын адамдар психиатр врачтын жана психологдун сунушун эсепке алуу менен камераларга жайгаштырылат. Жугуштуу же паразитардык оорулардын болуусуна шектүү адамдар карантинге алынган камераларга жайгаштырылат. Карантиндин мөөнөтү медициналык көрсөткүчтөр менен аныкталат.
20. Оорулууну текшерүүдө врач даттанууларды түшүндүрөт, оорунун анамнезин жана жашоосун изилдейт, денесиндеги жаракаттарды, башка өзгөчө белгилерди аныктоо максатында сырткы текшерүү жүргүзөт, текшерүүнүн, пальпациянын, перкуссиянын жана аускультациянын жалпы кабыл алынган ыкмаларын колдонуу менен ар тараптуу объективдүү текшерип чыгат, оорулары болсо текшерүүнүн кошумча ыкмаларын сунуштап жазат.
21. Транзит менен бара жаткан тергөөдө жүргөн, соттолуучу же соттолгон адамдар өздүк делосундагы маалымкатка тиркелген коштомо документтерге ылайык же медициналык жардамга кайрылганда зарыл болгон дарылоону ала алышат жана текшерилишет.
22. Медициналык бөлүктүн штатында врач адистер болсо, алар тергөөдө жүргөн, соттолуучу же соттолгон адамдарды медициналык текшерүүгө тартылышат.
23. Кийин пландуу (жылына эки жолудан кем эмес) жана пландан тышкары - көрсөткүчтөр боюнча медициналык текшерүүлөр жүргүзүлүп турат.
24. Тергөөдө жүргөндөрдүн, соттолуучулардын же соттолгондордун ден соолугунун абалы начарлаганда же денесине жаракат алганда аны медициналык күбөлөндүрүү, ошондой эле медициналык жардам тергөө изоляторлорунун медицина кызматкерлери тарабынан кечиктирилбестен көрсөтүлөт. Медициналык күбөлөндүрүү өзүнө медициналык текшерүүнү, зарыл болсо - текшерүүнүн кошумча ыкмаларын жана адис врачтарды тартууну камтыйт. Алынган жыйынтыктар амбулатордук оорулуунун медициналык картасына белгиленген тартипте катталат жана күбөлөндүрүлүп жаткан адамга жеткиликтүү түрдө түшүндүрүлөт.
25. Тергөөдө жүргөндөрдүн, соттолуучулардын же соттолгондордун ден соолугуна мыйзамга каршы аракеттердин натыйжасында зыян келтирилди деп божомолдоого мүмкүндүк түзгөн маалыматтарды аныктоодо медициналык текшерүүнү жүргүзгөн медицина кызматкери бул тууралуу мекеменин жетекчисине жазуу түрүндө маалымат берет.
26. Тергөөдө жүргөн, соттолуучу же соттолгон адам ага сунушталган текшерүүдөн, дарылоодон жана башка медициналык кийлигишүүдөн баш тартса, тийиштүү жазуу менен медициналык документтерде таризделет жана өзүнүн, ошондой эле аңгемелешүүдөн кийин медицина кызматкеринин колун коюу менен бекитилет, анда тергөөдө жүргөн, соттолуучу же соттолгон адамдарга сунушталган дарылоо-диагностикалык иш-чаралардан баш тартуудан келип чыгуучу медициналык кесепеттери жеткиликтүү формада түшүндүрүлөт.
Тергөөдө жүргөн, соттолуучу же соттолгон адамдын өз колун коюудан баш тарткандыгын ырастоону каалабагандыгы медициналык документтерге жазылат.
27. Тергөө изоляторунан кетип жаткандардын бардыгына, анын ичинде транзит менен кеткендерге транспортто жүрүү шарттарына жарай тургандыгын аныктоо үчүн милдеттүү медициналык күбөлөндүрүү, ошондой эле эгерде акыркы 6 айдын ичинде флюорографиялык текшерүүдөн өткөрүлгөндүгү тууралуу маалымат болбосо, мындай текшерүү жүргүзүлөт.
Текшерүү аяктагандан кийин ар бир кетип жаткан адамдын ден соолугунун абалы жөнүндө амбулатордук оорулуунун медициналык картасында белгилөө менен корутунду берилет.
Оорулууну башка мекемеге которууда дарылоодогу биринен экинчисине өткөрүү амбулатордук оорулуунун медициналык картасын өздүк делосу менен өткөрүп берүү аркылуу камсыздалат.
28. Түзөтүү мекемелерине, тарбиялоо абактарына, түрмөгө келип түшкөн соттолгондор 10 суткага карантиндик бөлүмгө жайгаштырылат. Жугуштуу жана паразитардык ооруларды аныктоо максатында алар келип түшкөндө медициналык текшерүүдөн өтүшөт.
29. Ушул убакыттын аралыгында соттолгондор ооруларын аныктоо жана ден соолугунун абалын баалоо максатында врачтын текшерүүсүнөн өтүшөт. Текшерүүнүн жүрүшүндө врачтар мурдагы оорулары, травмалары, жасалган операциялары тууралуу медициналык амбулатордук картасында катталган анамнестикалык маалыматтарды чогултушат, зарылчылык болсо кошумча текшерүү дайындалат. Соттолгондордун ден соолугунун абалына мындан аркы медициналык көзөмөл профилактикалык медициналык текшерүүлөрдүн, медициналык бөлүккө амбулатордук кайрылуулардын, ошондой эле өнөкөт оорулары бар адамдарды диспансердик байкоо учурунда жүргүзүлөт.
30. Профилактикалык медициналык текшерүү жылына бир жолу өткөрүлөт. Түрмөлөрдө жана түзөтүү мекемелеринде камералык кармоодо жазасын өтөп жаткан соттолгондор, ошондой эле жашы жете элек соттолгондор, анын ичинде тарбиялоо абактарында жаза мөөнөтүн өтөп жаткандар жылына эки жолу медициналык текшерүүдөн өтүшөт.
31. Профилактикалык текшерүүлөрдүн графигин мекеменин начальниги бекитет. Графикке ылайык медициналык бөлүктүн начальниги медициналык бөлүктүн врачтарынын күчү менен жазык-аткаруу тутумунун дарылоо-профилактикалык жана дарылоо мекемелеринин керектүү адис врачтарды катыштыруу менен соттолгондорду текшерүүнү уюштурат. Текшерүүгө сөзсүз түрдө терапевт, стоматолог, зарыл болсо башка адис врачтар тартылат.
32. Тергөөдө жүргөн, соттолуучу же соттолгон адамдарды жазалоо жөнүндө чечим чыккандан кийин бир кишилик камерага, тергөө изоляторуна, камералык типтеги жайга киргизүү үчүн аларды жогоруда саналган жайларда кармоого болот деген врачтын (фельдшердин) жазуу жүзүндөгү корутундусу менен медициналык текшерүү жүргүзүлөт.
Жазаланган адамдарды жогорудагы жайларда кармоого мүмкүн эместиги тууралуу медициналык корутундуну чыгаруу үчүн оору, травма же кечиктирилгис медициналык жардам көрсөтүүнү талап кылган башкача абал, стационардык шарттардагы (анын ичинде медициналык бөлүктө) дарылоо же байкоо негиз боло алат.
33. Айып изоляторундо, камералык типтеги жайда, бекитилген жайларда (жаза өтөөнүн катуу шарттарында) кармалган адамдарга күн сайын медицина кызматкерлери тарабынан бул жайлардын санитардык абалы текшерилип жатканда, ошондой эле кайрылуулар болгон учурда ошол жерден медициналык текшерүү жүргүзүлөт. Аталган жайларда кармалган адамдардын ден соолугуна же өмүрүнө коркунуч туулганда медицина кызматкери ал адамды медициналык бөлүккө тез жеткирүү боюнча чара көрөт.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 25-декабрындагы № 617 токтомунун редакциясына ылайык)
34. Тергөөдө жүргөндөр, соттолуучулар жана соттолгондор мекемеден кетип жатып (которулуп кетүү, бошонуу ж.б.) эпикризди тариздөө менен жыйынтыктоочу медициналык текшерүүдөн өтүшөт.
35. Мекемелердеги тергөөдө жүргөндөрдү, соттолуучуларды жана соттолгондорду медициналык бөлүктө амбулатордук кабыл алуу үчүн убакыт тийиштүү мекеменин күн тартиби менен белгиленет.
36. Тергөө изоляторлорунда, түрмөлөрдө тергөөдө жүргөндөр, соттолуучулар жана соттолгондор күн сайын камерадагыларды текшерип жаткан учурда медициналык кызматкерге, ал эми оорусу катуу болсо каалаган кызматкерге медициналык жардам сурап кайрылышат. Тергөөдө жүргөндөр, соттолуучулар жана соттолгондор кызматкерге кайрылганда ал оорулууга медициналык жардам берүүнү уюштуруу үчүн чараларды көрүүгө милдеттүү.
Медициналык жардам алууга муктаж болгон адам медициналык текшерүү жана дарылоо иш-чаралары жүргүзүлө турган медициналык кабинетке (амбулаторияга) киргизилет. Зарылдыкка жараша фельдшер өз компетенциясынын чегинде ага тийиштүү дарыларды жазып берет же оорулууларды врачтын кабыл алуусуна келип көрүнүүгө каттайт.
37. Тергөө изоляторлорунун, түрмөлөрдүн, өзгөчө режимдеги абактардын, айыптык изоляторлордун, камералык типтеги жайлардын камераларында медицина кызматкерлеринин мекеменин режим жана көзөмөлдөө кызматынын кызматкерлери тарабынан коштоосуз жүрүшүнө тыюу салынат.
38. Тергөө изоляторлорунда, өзгөчө режимдеги түзөтүү мекемелеринде жана түрмөлөрдө врачтын (фельдшердин) кабыл алуусуна же процедураларды аткарууга оорулуулар бирден же 3-5 кишиден турган топ менен обочолотуунун талаптарын сактоо жана тиешелүү көзөмөл менен алып чыгарылат. Түзөтүү мекемелеринде соттолгондор амбулатордук кабыл алууга өз алдынча, кечиктирилгис жардамды талап кылган учурлардан башка тиешелүү мекеменин күн тартибинде белгиленген кабыл алуу убактысында гана барышат.
39. Амбулатордук кабыл алууну белгиленген саатта медициналык бөлүктүн врачтары ишке ашырат. Мекеменин штатында врач болбосо, амбулатордук кабыл алууну фельдшер жүргүзөт.
Амбулаторияда оорулууну кабыл алып жаткан учурда коопсуздукту камсыз кылуу максатында врачтын (фельдшердин) кабинетинде режим жана көзөмөлдөө кызматынын кызматкери кошо болот.
40. Оорунун даагнозун аныктоодо, дифференциациялоодо жана дарылоо тактикасын иштеп чыгууда кыйынчылыктар болсо, бейтаптар комиссиянын катышуусунда каралат же адис врачтар чакырылат, мүмкүнчүлүк болсо адис врачтарга консультацияга жиберилет.
Консультацияга башка мекемелерден адис врачтар же саламаттык сактоо органдарынын адис врачтары чакырылат. Консультация мекеменин медициналык бөлүгүндө же башка дарылоо мекемесинде өткөрүлөт.
41. Атайын бөлүнгөн медицина кызматкери амбулатордук оорулууларды каттоо журналын толтурат. Амбулатордук оорулууларды каттоо журналына врач же фельдшер диагнозду, иштен бошотуу жөнүндө корутундуну, врачка кайталап келүү күнүн так жазат.
42. Иштен, ал эми тергөө изоляторлорунда жаткан жана (же) стационардык шарттарда дарыланып жаткан адамдар үчүн сейилдөөдөн жарым-жартылай же толук бошотууга корутундуну врач, ал эми ал жок учурларда - фельдшер берет.
43. Иштен же сейилдөөдөн бошотулган адамдардын тизмеси медициналык бөлүктөн абактын башкаруучусунун нөөмөтчү жардамчысына, тергөө изоляторлорунда - анын начальнигинин нөөмөтчү жардамчысына өткөрүп берилет.
Иштен бошотулган соттолгондор убактылуу эмгекке жарамсыздыкты эсепке алуу журналына түшүрүлөт.
44. Амбулатордук оорулуунун медициналык картасы, врач жазган дарылоо белгиленген баракчалар тергөөдө жүргөн, соттолуучу жана соттолгон адамдардын колуна берилбейт, алар медициналык бөлүктө карточка системасы боюнча атайын шкафта сакталат. Алардын эсепке алынышына жана сакталышына медициналык бөлүктүн начальниги дайындаган адам жооп берет. Оорулуунун амбулатордук картасы менен амбулатордук оорулууларды каттоо журналы чогуу сакталат.
Бул жобо тергөөдө жүргөн, соттолуучу жана соттолгон адамдын ден соолугунун абалы тууралуу маалыматка ээ болуу укугунан ажыратпашы керек. Тергөөдө жүргөн, соттолуучу жана соттолгон адамдардын талабы боюнча врачтын көзүнчө анын ден соолугунун абалын чагылдырган медициналык документтер менен түздөн-түз таанышуу мүмкүнчүлүгү камсыз кылынат.
45. Оорулуу консультацияга, рентгендик, лабораториялык жана башка текшерүүгө, ошондой эле медициналык бөлүктө аткарууга мүмкүн болбогон процедураларга жиберилгенде амбулатордук оорулуунун медициналык картасы оорулууну коштоп барган кызматкердин колуна берилет. Эгер коштоп барган адам медицина кызматкери болбосо, врачтык сырды сактоо максатында медициналык документтеги маалымат менен таанышууга мүмкүн болбогондой кылып, конвертке чаптап же дагы башкача ыкманы колдонуу менен өткөрүлүп берилет.
Медициналык картада медициналык бөлүктөгү текшерүүнүн маалыматтары, болжолдонгон диагнозу жана эмне үчүн жиберилгендиги негизделип көрсөтүлөт.
46. Дары-дармектер тергөөдө жүргөн, соттолуучу жана соттолгон адамдардын колуна берилбейт, дарыларды медицина кызматкеринин көзөмөлүндө ичишет. Үзгүлтүксүз дарылоого муктаж (жүрөктүн стенокардия менен коштолгон ишемия оорусу, артериалдык басымдын туруктуу жогорулашы менен өткөн гипертониялык оору, кант диабети, эпилепсия жана башка ушул сыяктуу оорулар) оорулууларга наркотикалык дарылар, психотроптук, таасири күчтүү же уулуу заттарга кирген дары-дармектерден тышкары дарылар колуна берилет. Бул дарыларды оорулуунун колуна берүү (бир суткага эсептелген) жөнүндө маселени чечүү медициналык бөлүктүн (саламаттык сактоо пунктунун) начальниги тарабынан дарылаган врачтын дайындоолоруна ылайык жеке тартипте кабыл алынат.
Оорулуунун өтүнүчү боюнча дарылаган врач менен медициналык бөлүктүн начальнигинин макулдугу боюнча белгиленген тартипте аны дарылоо үчүн керек болгон дарыларды сатып алууга (алууга) уруксат берилиши мүмкүн.
47. Амбулатордук дарылоодогу оорулуулар медициналык бөлүккө дарыларды ичүү жана башка дарылоо-диагностикалык процедураларды аткаруу үчүн белгиленген убакытта келишет. Амбулатордук дарылоодогу ар бир оорулууга процедуралык карточка ачылат. Врачтын жазып бергендерин фельдшер (медайым) аткарат да, ал тууралуу процедуралык карточкада белгилейт. Дарыларды берер алдында фельдшер (медайым) оорулуудан ар бир белгиленген дарыны көтөрө ала тургандыгы тууралуу, ошондой эле берилип жаткан дарылардын дайындалып жазылган өлчөмүнө дал келүүсүн тактайт.
48. Медициналык бөлүктүн стационарына амбулатордук оорулуунун медициналык картасында стационардык текшерүү жана дарылоону жүргүзүүнүн зарылчылыгы бар деген врачтын корутундусу, белгиленген үлгүдөгү госпитализацияга жолдомо болгон учурда гана оорулууларды кабыл алат.
Стационарга жаңы келип түшкөн оорулуулар тууралуу маалыматтар оорулууларды кабыл алууну, чыгарууну жана госпиталдан баш тартууларды эсепке алуу журналына киргизилет.
49. Оорулуу стационарга түшкөндө зарылчылыкка жараша врачтын дайындагандары белгиленген баракча менен стационардык оорулууга медициналык карта ачылат (мындан ары - оору баяны), анда оорулуунун жалпы абалына баа берилет, даттануулар, оорунун жана жашоонун анамнези, объективдүү текшерүүнүн жыйынтыгы, аныкталган патологиясы, аткарылган лабораториялык жана функциялык изилдөөлөрдүн клиникалык баасы, алдын ала диагнозу, диагностикалык жана дарылоо белгилери так жана ырааттуу жазылат. Оору баянына оорулуунун жакынкы арада (оорулуунун ошол убактагы абалын эсепке алуу менен) зарыл болгон дарылоо-диагностикалык иш-чараларды жүргүзүүгө жазуу жүзүндөгү макулдугу киргизилет.
Клиникалык диагноз оорулуу стационарга келип түшкөн күндөн үч суткадан кечиктирбестен аныкталат; дартты аныктоого карата татаал болгон учурлар бул жерде өзгөчө болот, мында оорулуунун оору баянында дартты аныктоонун кармалып калуусунун себеби көрсөтүлөт жана дартты аныктоочу кошумча изилдөөлөр жана адистердин кеңеш берүүлөрү белгиленет.
50. Стационарга келип түшкөн бардык оорулуулар милдеттүү санитардык тазалоодон өтүшөт. Оорулуунун абалына жараша санитардык тазалоо толук же толук эмес болушу ыктымал. Зарылчылыкка жараша оорулуунун кийими дезинфекциядан өткөрүлөт. Кийими жана бут кийими стационардын атайын бөлүнгөн жайында сакталат.
51. Айланасындагылар үчүн коркунуч туудурган оорулуулар (инфекциялык, жугуштуу тери оорулары, психикалык оорулар) өзүнчө кармалат. Бул максатта медициналык бөлүктүн стационарында оорунун профили боюнча оорулууларды өзүнчө жаткыруу үчүн палаталар же бокстор караштырылган.
52. Медициналык бөлүктүн стационарында оорулууларды врач күнүгө эртең менен текшерет. Акыркы сутканын ичинде стационарга келип түшкөн оорулууларды медициналык бөлүктүн начальниги карап чыгат, ал андан ары бул оорулууларды зарылчылыкка жараша, бирок жумасына бир жолудан кем эмес жана чыгып бара жатканда гана карайт. Медициналык бөлүктүн начальнигинин оорулууларды текшергендигинин жыйынтыгы диагнозу жана сунуштары менен амбулатордук медициналык карточкага же оору баянына киргизилип, анын колу коюлат.
Врач оорунун күндөлүгүн эгерде оору жеңил өтсө, анда 2-3 күндө бир жолу жана орто жана оор өткөн учурларда күнүгө толтурат. Эртең менен жана кечинде дененин температурасы ченелет жана оору баянына жазылат.
53. Врачтын жазып бергендерин аткарууну, дененин температурасын өлчөөнү, антропометриялык текшерүүнү кезекчи фельдшер (медайым) ишке ашырат. Күн сайын ал врач дайындаган баракчадан тандап алып дайындоолорду аткарат.
Кезекчи фельдшерге (медайымга) оорулуулардын күн тартибинин аткарылышын байкоо жүктөлөт. Оорулуулар стационарда белгиленген күн тартиби менен стационарга келгенде оору баянына кол коюп таанышышат.
54. Оорулууга жатуу, жарым жартылай жатуу же жалпы эреже сунушталышы мүмкүн. Жатуу эрежеси - денесинин температурасы жогору, даана байкалган жалпы алсыроо, интоксикациянын белгилери болгондо, жарым жартылай жатуу эрежеси - кыймылдоо активдүүлүгүн чектөөнү талап кылган оорулууларга; ал эми жалпы эреже - кыймылдоо активдүүлүгүн чектөөнү талап кылбаган оорулууларга дайындалат.
55. Медициналык бөлүктүн стационарында күнү-түнү кезекчи медицина кызматкери болушу керек. Кезекчи персоналдын санын медициналык бөлүктүн начальниги аныктайт.
56. Оорулуу толук айыкканда, абалынын жакшырышы туруктуу болгондо, башка дарылоо мекемесине которулганда же күн тартибин бузганда, дарылануудан баш тартканда (оорулуунун өмүрүнө же айланасындагылардын ден соолугуна коркунучсуз болсо) стационардан чыгарылат.
Оорулууну чыгаруу медициналык бөлүктүн начальниги менен макулдашылат, чыгарылып жаткан адамга тиешелүү эпикриз таризделет, анын бир көчүрмөсү медициналык картада, ал эми оору баяны болсо - анда да калтырылат. Көчүрмө эпикризге дарылаган врач менен медициналык бөлүктүн начальниги кол коёт.
57. Мекеменин иш тартиби менен анда медициналык персоналдын болуусу каралбаган сааттарда медициналык кызматкерди же медициналык тез жардамды өз убагында чакыруу, ошондой эле оорулууну кайтаруу жана көзөмөлдөө астында транспорт менен токтоосуз эвакуациялоону камсыздоо абактын начальнигинин нөөмөт жардамчысынын жана тергөө изоляторундагы тергөө изоляторунун начальнигинин нөөмөт жардамчысынын милдети болуп саналат.
58. Оорулууларды дарылоо саламаттык сактоо уюмуна токтоосуз жөнөтүү медициналык, анын ичинде эпидемияга каршы көрсөтмөлөр боюнча, медициналык бөлүктүн начальнигинин билдирмеси жана мекеменин жетекчилигинин кат жүзүндөгү уруксаты боюнча жүргүзүлөт. Андан ары мекеменин жетекчилиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын ыкчам нөөмөтчүсүнө оорулууну саламаттык сактоо уюмуна жөнөтүү зарылчылыгы жөнүндө кабарлайт. Мекеменин жетекчисине 6 сааттын ичинде мекеменин жетекчисинин уруксат берген визасы менен медициналык бөлүктүн начальнигинин билдирмеси жиберилет.
59. Оорулууларды стационардык дарылоого шашылыш жөнөтүү оорунун профилине жараша саламаттыкты сактоо уюмдарында жүргүзүлөт. Токтоосуз ооруканага жаткырууга жолдомо катта оорулуунун абалы жөнүндө маалыматтар жана ооруканага жаткырганга чейин ага көрсөтүлгөн жардам кыскача баяндалат.
60. Оорулууну саламаттыкты сактоо уюмунун стационарына жеткирүүдө жөнөтүүчү мекеменин медициналык персоналы коштоп барат.
Оорулууну саламаттык сактоо уюмуна медициналык тез жардам бригадасы менен жаткыруу учурунда жөнөтүүчү мекеменин медициналык персоналы оорулууну коштоо үчүн тартылбайт.
61.Тергөөдө жүргөн, соттолуучу же соттолгон адамдарды саламаттыкты сактоо уюмуна узатуу жана кайтаруу үчүн мекемеден конвой бөлүнөт. Тергөөдө жүргөн, соттолуучу же соттолгон адамдарга көзөмөлдү жөнөтүүчү мекеменин режим жана көзөмөл кызматынын кызматкери жүргүзөт.
62. Оорулууну (жабырлануучуну) жеткирүү жолунда медицина кызматкери коштоп жүрүүсү керек, ал жолдо токтоосуз медициналык жардам көрсөтүү үчүн зарыл каражаттар менен камсыздалат. Жугуштуу оорулууну коштоп жүрүүдө жугуштуу оорунун мүнөзүнө ылайык оорулууга кам көрүүнүн предметтеринин (оорулуудан бөлүнүп чыккандарды топтоо жана зыянсыздандыруу үчүн чака, ичеги инфекцияларында - клеёнка, респиратордук инфекцияларда - кебез-даки респиратору) жана дезинфекция каражаттарынын болуусу зарыл. Инфекциялык оорулууну коштоп жүрүүчү медициналык кызматкер убактылуу кароолдун, режим жана көзөмөл кызматынын кызматкерлерине ооруну жугузуп алуу мүмкүндүгүнүн алдын алуу үчүн жүрүм-турумдун эрежелери жөнүндө инструктаж өткөрөт.
63. Инфекциялык оорулууну саламаттык сактоо уюмуна ташуу санитардык же мындай оорулууларды ташуу үчүн жабдылган транспорт менен жүргүзүлөт.
64. Бир транспорт каражатында ар түрдүү инфекциялар менен ооругандарды, ошондой эле инфекциялык жана соматикалык оорулууларды бир убакта ташууга жол берилбейт.
65. Кечиктирилгис квалификациялык жана адистештирилген медициналык жардамга муктаж оорулуулар саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык ооруканага шашылыш жаткырылууга тийиш.
4. Ооруканада медициналык камсыздоону уюштуруу
66. Ооруканага стационардык дарылоого пландуу түрдө жиберүү медициналык бөлүктүн начальнигинин алдын ала берген жазуу жүзүндөгү суроо-талабына ылайык жүргүзүлөт.
67. Оорулуу өзгөчө учурларда шашылыш көрсөткүчтөр боюнча саламаттык сактоо уюмунун жетекчисинин макулдугу менен алдын ала жазуу жүзүндөгү суроо-талабы жок эле ооруканага жаткырылат, бирок кийинчерээк (бир сутка ичинде) документтерин сөзсүз тапшырышы керек.
68. Зарыл болгон учурларда тергөөдө жүргөн, соттолуучу же соттолгон адамдарды саламаттык сактоо уюмдарына жаткырууга бул адамдарга карата аларды өзүнчө бөлүп кармоонун, кайтаруунун жана көзөмөлдөөнүн белгиленген талаптары милдеттүү камсыздалган шартта уруксат берилет.
Мекеменин ооруканасына жана саламаттык сактоо уюмдарына тергөөдө жүргөн, соттолуучу же соттолгон адамдарды жаткырууда өндүрүшүндө кылмыш иши турган органга же адамга кабарланат.
69. Оорулууну саламаттык сактоо уюмуна кабыл алууну мекеменин ыкчам нөөмөтчүсү кезметчи врачтын катышуусу менен ишке ашырат.
Оорулууну кабыл алаарда жогорудагы жооптуу адамдар керектүү дарылоо жана башка документтерди текшерет. Кезметчи врач бардык дарылоо документтерин кабыл алып, оорулууларды кабыл алууда аларды окуп чыгат.
Дарыланууга түшкөн оорулуулар белгиленген тартипте тинтилет, ал эми ага тиешелүү кийим-кечеси жана бут кийими зыянсыздандырылат, кезметчи врач аларды тизмектеп каттап, сактоого өткөрөт.
70. Кечиктирилгис дарылоо-диагностикалык иш-чараларына муктаж болгон оорулуу келип түшсө, алар жогоруда аталган режимдик-кайтаруу иш-аракеттерине чейин же алар менен бир убакта аткарылат.
71. Стационарга түшкөн оорулуулардын баары сөзсүз санитардык тазалоодон өтүшөт, оорукана кийимдерин же өзүндө бар таза кийимдерин кийишет жана керектүү төшөнчү менен камсыз кылынат.
72. Кезметчи врач коштомо документтерди окуп чыгып, дене боюн кылдат текшерип, оорулуунун психикалык жана бейтап абалын иликтеп, саламаттык сактоо уюмуна жаткыруу үчүн медициналык көрсөтмөлөрүнүн болушун баалайт, оорунун диагнозун алдын ала белгилейт.
Дартты алдын ала белгилегенден кийин врач керектүү дарыланууну дайындайт жана оорулууну тиешелүү бөлүмгө жөнөтөт.
Оорусу оор же олуттуу патологиясы болгон учурда жаткыруу маселеси тиешелүү бөлүмдүн начальниктеринин катышуусу аркылуу чечилет.
73. Оорулууну жаткыраарда ага оорунун баяны толтурулат, ага анамнездин, анын ичинде эпидемиологиялык, дене боюн сырткы текшерүүнүн, изилдөөнүн объективдүү жана кошумча методдорунун керектүү маалыматтары киргизилип, оорулуунун жалпы абалы бааланат.
74. Оорулууну жаткырууга жарамдуу көрсөтмөлөрү болбосо, кезметчи врач оорулууну стационарга кабыл алуудан баш тартат. Анын баш тартуу учурунун баары "Оорулууну кабыл алууну, чыгарууну жана жаткыруудан баш тартууну эсепке алган журналга" катталып, оорулууну жөнөткөн мекемеге бир сутка ичинде кабарланат. Жаткыруудан баш тарткан ар бир учурду жана көрүлгөн чараларды кезметчи врач саламаттык сактоо уюмунун жетекчисине же анын орун басарына кабарлап турат.
75. Жугуштуу дарты бар оорулууну жаткыруудан баш тартууга болбойт. Дарты биротоло аныкталганга чейин ал башка оорулуулардан бөлүнүп, атайын бөлүмдөргө же палаталарга жаткырылат. Аны андан ары дарылоо маселеси саламаттык сактоо уюмунун мүмкүнчүлүгүн эсепке алуу менен чечилет.
Өтө коркунучтуу инфекциясы менен же ал дартка шектелген оорулуулар эпидемияга каршы иш-чаралардын зарыл болгон комплексин жүргүзүү менен жеринен өзүнчө бөлүнөт. Өтө коркунучтуу инфекциянын диагнозу ырасталган оорулуулар адистештирилген стационарга которулат.
76. Психикасы жайында эмес оорулуу психикалык бөлүмгө жатуудан баш тартса, неврологиялык же соматикалык бөлүмдөрдүн биринин базасында психиатр врачтын стационардык текшерүүсүнө жана дарылоосуна жол берилет, мында профилдик жардам көрсөтүү үчүн психиатр врач тартылат.
77. Дарыланууга жиберилген оорулууда күч колдонуу мүнөзүндөгү же башкадан келип чыккан жаракаттардын белгилерин көргөндө кезметчи врач бул тууралуу саламаттык сактоо уюмунун жетекчисине билдирет. Бул жаракаттар билингенде медициналык кароо жүргүзгөн врач оорукана начальнигинин кезметчи жардамчысы (ыкчам нөөмөтчү) жана тергөөдө жүргөндөрдү, соттолуучуларды же соттолгондорду жеткирген кароол начальниги (ага конвой) менен бирдикте акт түзөт.
78. Кабыл алуу бөлүмүнүн врачтарынан же саламаттык сактоо уюмунун кезметчи врачынан тышкары бөлүмдүн врачтары иштеп жаткан маалда түшкөн оорулууларды тиешелүү бөлүмдөрдүн врачтары текшерет.
79. Ооруканага түшкөн ар бир оорулуу тууралуу ошол эле күнү тиешелүү бөлүмдүн начальнигине билдирилет.
80. Жеткирилген оорулууларга жана жабыркагандарга дартына карабай кабыл алуу бөлүмүндө же тиешелүү бөлүмдөрдө токтоосуз медициналык жардам көрсөтүлөт.
81. Оорулууну текшерүү жана дарылоо ал саламаттык сактоо уюмунун кабыл алуу бөлүмүнө түшкөндөн башталат, анда оорулуунун абалы, диагностикалык текшерүүнүн көлөмү жана ооруунун алдын ала диагнозу аныкталат. Мындай текшерүү өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт:
- кабыл алуу бөлүмүнүн врачы же кезметчи врачтын клиникалык текшерүүсү;
- зарыл болгон лабораториялык, функциялык, рентгенологиялык жана башка изилдөөлөрдү аткаруу;
- зарылдыкка жараша адис врачтардын консультацияларын жана консилиумдарын өткөрүү;
- кечиктирилгис дарылоо иш-чараларын аткаруу.
Оорулуу ооруканага түшкөндө денесинин температурасы, кан басымы, тамырдын согуусу, салмагы, бою аныкталат.
82. Оорулуунун психикалык жана соматикалык абалын изилдөөнүн натыйжалары, анамнестикалык (катамнестикалык) маалыматтар, алдын ала диагнозу, байкоо маалыматтары, диагностикалык жана дарылоо дайындоолору оорунун баянына катталып, толук, ырааттуу жана так жазылат. Оорунун баяны стационардагы оорулууга түзүлгөн негизги документ болуп саналат.
83. Саламаттык сактоо уюмунун кабыл алуу бөлүмүндө төмөнкүдөй диагностикалык жана лабораториялык изилдөөлөрдү күнү-түнү аткаруу мүмкүндүгү камсыз кылынат:
- кандын анализи: гемоглобин деңгээлин, кандагы эритроциттин тунуп калуу жагдайын, лейкоциттердин санын жана курамын, гематокриттин чоңдугун, кан агуунун жана анын уюшунун убактысын, канттын камтылышын, протромбин индексин иликтөө;
- зааранын жалпы анализи: заарада суутек иондорунун (зааранын pH) топтолушун же кычкылтек-щелочунун реакциясын, зааранын дүң салмагын (болжолдуу жыштыгын), заарадагы глюкозанын, белоктун, өттүн деңгээлин аныктоо жана зааранын калдыгын иликтөө;
- иликтөөнүн функциялык методу.
84. Зарылчылык жана тиешелүү шарттар болгон учурда саламаттык сактоо уюмунун жетекчисинин колу коюлган буйругу менен стационардык ооруканага жаткырууда жүргүзүлүүчү диагностикалык изилдөөлөрдүн спектри кеңейтилиши мүмкүн.
85. Саламаттык сактоо уюму тергөөдө жүргөндөрдү, соттолуучуларды жана соттолгондорду дарылоо-профилактикалык жактан камсыздоону өркүндөтүүнүн жана керебет фондун пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуунун иштеп жаткан механизмин камсыздоочу жазык-аткаруу тутумунун мекемелеринин медициналык бөлүктөрү менен адис врачтардын туруктуу байланышын камсыз кылат.
86. Адис врачтар мекеменин жетекчиси бекиткен график боюнча жер-жерлерге чыгып турушат. Чыгып туруунун графиги мекеменин медициналык камсыздоо кызматынын начальниги менен макулдашылат жана бардык медициналык бөлүктөрдүн начальниктерине жеткирилет.
5. Тарбиялоо абактарында дарылоо-профилактикалык иштердин өзгөчөлүктөрү
87. Тарбиялоочу абакка келгенде бардык соттолгондор милдеттүү түрдө медициналык кароодон өткөрүлөт. Мында тери, жыныстык, жугуштуу ж.б. оорулардын сырткы көрүнүштөрүнө, биттеп же котурлап кетпегендигине өзгөчө көңүл бөлүнөт.
88. Жаңы келген жашы жетпеген соттолгондорду кабыл алган комиссиянын курамына кирген медициналык бөлүктүн начальниги рационалдык жумушка жайгаштыруу, адистик жана жалпы билим берүүчү окууларга жиберүү боюнча сунуштарды берет.
Ошол эле убакта врач-психиатрда дарыланууга же психологиялык профилактикага же психологиялык жардамга муктаж болгондор аныкталат.
89. Жылына эки жолу тарбиялоо абагындагы бардык соттолгондорго антропометриялык өлчөөлөр жана лабораториялык изилдөөлөр менен тереңдетилген врачтык кароолор жүргүзүлөт.
Кургак учук оорусун эрте аныктоо максатында 6 айда бир жолу флюорографиялык текшерүү жүргүзүлөт.
Ден соолук абалынын көрсөткүчтөрүнүн негизинде (бой менен дененин массасынын шайкештиги, негизги жүрөк-кан тамыр, дем алуу, нерв системаларынын иштөөсүн көрсөткөндөр, таяныч-кыймылдаткыч аппараттын абалы, көрүү, угуу органдары ж.б. көрсөткүчтөр), ошондой эле дене бой даярдыгына жараша соттолгондор дене тарбия сабактарына катышуу үчүн: негизги, даярдоочу, атайын (ден соолугу боюнча мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар) жана майыптар деп топторго бөлүнөт. Ден соолугунун абалынын көрсөткүчтөрүнүн жакшыргандыгына жараша аларды бир топтон экинчисине которуп турушат.
Негизги топко ден соолугунун абалында олуттуу четтөөлөр жок, ошондой эле анча олуттуу эмес морфофункциялуу четтөөлөрү бар, дене бою жактан жетишерлик өсүп-жетилгендер кирет. Алар окуу программасына ылайык дене бой даярдыгы боюнча сабактардын милдеттүү түрлөрүн аткарышат, контролдук нормативдерди тапшырышат, дене тарбиялык-чыңдоочу иш-чараларга катышып, спорттук секцияларга кошумча бара алышат.
Даярдоочу топко ден соолугунда анча олуттуу эмес четтөөлөр бар, дене бой жактан жетишсиз даярдыктагылар кирет. Соттолуучулардын мындай категориясындагылар менен дене бой даярдыгы боюнча сабактар медицина кызматкерлеринин көзөмөлү менен өткөрүлөт. Алар физкультуралык-чыңдоочу иш-чараларга катышып, жалпы дене бой даярдыгы боюнча спорттук секцияларга бара алышат.
Атайын топко (ден соолугу боюнча мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар) ден соолугу боюнча мүмкүнчүлүгү чектелген жана ден соолугунда туруктуу же убактылуу мүнөздөгү олуттуу четтөөлөрү бар, окууга жана эмгектенгенге жол берилген балдар кирет. Алар менен дене бой даярдыгы боюнча сабактар оорунун мүнөзүн жана оорчулугун эске алуу менен атайын программа боюнча жүргүзүлөт жана дарылоого багытталат. Бул категориядагы адамдар үчүн сейилге чыгуулар, кыймылдуу оюндар, спорттук көңүл ачуулар көзөмөлдөө эрежелерин сактоо менен кошумча түрдө уюштурулат. Дене бой көнүгүүлөрү менен жеке сабактар врачтын сунушу менен өткөрүлөт.
90. Тарбиялоо колониясынын медициналык кызматкерлери ден соолугу боюнча медициналык байкоого, чыңдоо режимине жана күчтүү тамактанууга муктаж болгон өспүрүмдөрдү медициналык бөлүктөрдө түзүлгөн ден соолукту жакшыртуучу топторго тандайт. Мындай ден соолукту чыңдоочу топко төмөнкүдөй өспүрүмдөр жиберилет:
- дене бой жактан алсыз, салмагы нормадан төмөндөр;
- ар кандай оор түрдөгү ооруларды, жаракаттарды, хирургиялык операцияларды башынан өткөргөндөр;
- ден соолугунун абалы боюнча туруктуу мүнөздөгү четтөөлөрү болуп, атайын учетто туруп, дайыма диспансердик кароодон өтүүгө тийиш болгондор.
Медициналык бөлүктүн начальниги ден соолукту чыңдоочу топко киргизилген адамдардын тизмесин түзөт жана аны тарбиялоо абагынын начальниги бекитет.
Ден соолукту чыңдоочу топто болуу мөөнөтү врач тарабынан аныкталат жана эреже катары 30 күндөн ашпашы керек. Медициналык көрсөткүчтөр бар болсо, анда узартылышы ыктымал. Бул учурда соттолгондор медициналык бөлүктүн стационарында боло алышат. Алардын күн тартибин медициналык бөлүктүн начальниги аныктайт.
Ушул категориядагы адамдардын медициналык карталарында салмагын, күн режимин, дары-дармек жана витаминдер менен дарылоо, дарылоочу дене тарбия жана эмгектенүү өңдүү тийиштүү жазуулар жазылат.
91. Соттолуучуларга адистештирилген, кеңеш берүүчү жана стационардык медициналык жардам көрсөтүү үчүн тарбиялоо абагы саламаттык сактоо аймактык уюму менен келишим түзүп, жайгашкан жери боюнча райондук ооруканага бекитилет.
Мындай келишим тарбиялоо абагынын медициналык бөлүгүнө зарыл болгон төмөнкүдөй көмөк көрсөтүүнү караштырышы мүмкүн:
- адис-врачтар (оториноларинголог, окулист, невролог, хирург, стоматолог, психиатр) тарабынан керектүү лабораториялык жана функциялык изилдөөлөрдү аткаруу менен профилактикалык медициналык кароолорду жүргүзүүдө;
- ооруп калган адамдарга диспансердик кароону уюштуруу жана иш жүзүнө ашырууда;
- аларга керектүү дарылоочу-профилактикалык иш-чараларды өткөрүүдө практикалык жардамды берүүдө.
92. Тарбиялоо абагынын медициналык бөлүгүнүн стационарында ооруп калгандарды эки жуманын аралыгында дарылоо жүргүзүлөт. Стационардык дарылоого андан да көбүрөөк убакытты талап кылган ооруга чалдыккандар мекеменин ооруканасына же жакынкы саламаттыкты сактоо уюмуна жиберилиши керек.
6. Аялдарга медициналык жардам көрсөтүүнүн өзгөчөлүктөрү
93. Жазык-аткаруу тутумунун мекемелеринин медициналык бөлүктөрүнүн аялдарды медициналык жактан камсыз кылуудагы өзгөчө милдеттери төмөнкүлөр:
- гинекологиялык оорулардын, кош бойлуу кездеги, төрөт жана төрөттөн кийинки мезгилдеги өтүшүп кетүүлөрдүн алдын алууга багытталган профилактикалык иш-чараларды өткөрүү;
- аялдарды комплекстүү профилактикалык кароолорду жүргүзүү;
- гинекологиялык бейтаптарга, кош бойлууларга жана жаңы төрөгөндөргө диспансердик байкоо жүргүзүү;
- кош бойлуу аялдарды төрөткө психопрофилактикалык жактан даярдоо;
- "энелер мектебинин" ишин уюштуруу;
- санитардык-агартуучу иштер (анын ичинде аборттун алдын алуу боюнча);
- кош бойлууларды, жаңы төрөгөндөрдү жана гинекологиялык оорулууларды текшерүүдө жана дарылоодо мекеменин тергөө изоляторлорунун медициналык бөлүктөрү, ошондой эле саламаттык сактоонун аймактык уюмдары, анын ичинде төрөт үйлөрү (бөлүмдөрү) менен иш улантуучулукту камсыз кылуу.
94. Тергөө изоляторунда жаткан кош бойлуу аялдардын төрөтүнө жардам саламаттык сактоонун аймактык уюмдарынын төрөт үйлөрүндө көрсөтүлөт.
95. Боюнда бар экендиги аныкталган күндөн баштап кош бойлуу жана жаңы төрөгөн аялдардын баары диспансердик байкоого алынат.
96. Кош бойлуу экени билингенден баштап аялдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жеңилирээк жумушка которулат.
97. Кош бойлуулар менен төмөнкүдөй иш-чаралар өткөрүлөт:
- жеке гигиенанын, эмгек режимин жана эс алуунун эрежелерин сактоо тууралуу санитардык-агартуу иши;
- атайын көнүгүүлөрдүн комплекси боюнча топтор менен дене бой даярдыгынан өткөрүү;
- кош бойлуулугу 14-16 жума болгондон баштап "энелер мектебинде" окутуу, төрөткө карата психопрофилактикалык даярдык жүргүзүлөт.
Кош бойлуулар менен сабактар (жүрөк, кан тамыр, боюнда болгондогу токсикоз ооруларында) жеке тартипте жүргүзүлөт.
98. Кош бойлуу аялдар төмөнкү учурларда текшерүүгө жана дарыланууга жаткырылат:
- кош бойлуулуктун патологиялык түрдө жүрүшү (эрте токсикоз, шишүүлөр, протеинурия, гипертензивдик бузулуулар, преэклампсия; бойдон түшүү коркунучу; кан кетүү, резус-конфликттик кош бойлуулук; жамбаш сөөктүн өлчөмү менен түйүлдүктүн башынын дал келбеши жөнүндө коркунуч болсо; мөөнөтүнөн өтүп кеткенде, түйүлдүктүн туура эмес абалы жана жатышы; түйүлдүктүн боюнун жетишсиздиги же тескерисинче өтө эле чоңоюп кетиши, түйүлдүктүн гипоксиясы, түйүлдүктүн антенаталдык өлүмү; ыйлаакча жана башка абалдарда);
- экстрагениталдык ооруларда (жүрөктүн кемтиги, пиелонефрит, гломерулонефрит, гипертониялык оору, гипертиреоз, кант диабети, анемия, лейкоз, цистит жана башка ооруларда);
- кош бойлуулуктун кооптуу факторлору болгондо: 30 жашта же андан ашканда биринчи төрөгөндөр, көп жолу төрөгөндөр, өсүүсүндө кемтиги бар балдарды төрөгөн аялдар;
- анамнезде бойдон түшө бергенде, көп түйүлдүктүү кош бойлуулук, түйүлдүктүн көчүгү менен жатып калганында, жатында тырык болсо, жатын миомасында;
- амбулатордук шарттарда оорунун диагнозун тактаганга мүмкүн болбосо.
99.Төрөттөн кийин аялдарды кароо төмөнкү учурларда жүргүзүлөт:
- биринчи - ооруканадан чыккандан кийинки 2-3 суткада;
- экинчи - чыккандан кийин 7 сутка өткөндө;
- акыркы - төрөттөн кийин 6-8 жума өткөндө.
Операция кылынган төрөт болсо, клиникалык көрсөткүчтөрүнө жараша.
100. Түзөтүү мекемелеринде кармалган бардык аялдар жылына 1 жолу, ал эми тергөө изоляторлорунда кармалгандар жылына 2 жолу акушер-гинеколог врачынын текшерүүсүнөн өтүшү зарыл.
101. Медициналык бөлүктүн стационарында дарылоо мүмкүн болбогон гинекологиялык оорулары бар аялдар тиешелүү саламаттык сактоо уюмуна стационардык дарылоого жөнөтүлөт.
7. Айрым ооруларга карата дарылоо-профилактикалык иш-чаралар
102. Тергөөдө жүргөн, соттолуучу же соттолгон адамдардын психикалык саламаттыгын сактоо, бул адамдарды тарбиялоо жана эмгек иш-чараларынын системасына эң натыйжалуу кошуу, жасалган мыйзам бузуулардын алдын алуу максатында бул категориядагы адамдардын психикалык бузулууларын өз учурунда диагностикалоо, дарылоо жана профилактикалык иштер жүзөгө ашырылат.
103. Оорулуунун психикалык абалы өзүнө же айланасындагыларга түздөн-түз коркунуч, ошондой эле анын алсыздыгы менен шартталса, аны атайын психиатриялык мекемеге которгонго чейин мекеменин медициналык кызматкерлери тарабынан жардам көрсөтүлөт.
Оорулуунун абалына жараша, өз өмүрүнө кол салуу, аутоагрессия, башкаларга кол салуу, качуу аракеттерин жокко чыгаруу үчүн аларга байкоо жүргүзүүнүн дифференцияланган түрлөрү белгиленет, тийиштүү текшерүү жана дарылоо дайындалат.
104. Мекемеде психикалык бузулуулары бар адамдарды аныктоо үчүн төмөнкүдөй иш-чаралар өткөрүлөт:
- тергөөдө жүргөн, соттолуучу же соттолгон адамдарды медициналык күбөлөндүрүүдөн өткөрүүнүн алдында камакка алынганга чейин психикалык бузулуулары болгон, соттук-психиатриялык экспертизага жиберилген же андан өткөн адамдарды аныктоо үчүн врач алардын өздүк делосунун материалдары жана медициналык документтери менен милдеттүү түрдө таанышат;
- зарыл болгон учурларда тергөөдө жүргөн, соттолуучу же соттолгон адамдар психикалык оорусу боюнча текшерилген же стационардык дарылануудан өткөн саламаттык сактоо уюмдарынан амбулатордук оорулуунун жана (же) стационардык оорулуунун медициналык картасынан көчүрмөлөр жана соттук-психиатриялык экспертизалардын актыларынын көчүрмөлөрү суралат;
- текшерилип жаткан адамда психикалык бузулуу бар же жок экенин мекеменин же саламаттыкты сактоо уюмунун врач-психиатору аныктайт. Психикалык бузулуу болгонуна шек саналган учурларда мекеменин врачтары өздөрүнүн диагностикалык корутундуларын болжолдуу гана чыгара алышат;
- акыл-ээси жайындалыгын четке чыгарбаган психикалык бузулуу боюнча мажбурлап дарылоого алынган адам милдеттүү түрдө врач-психиатор тарабынан текшерилет;
- акыл-ээси жайындалыгын четке чыгарбаган психикалык бузулуусу бар адамдарды мажбурлап дарылоо жазык-аткаруу тутумунун психиатриялык бөлүмүндө стационардык түрдө өткөрүлөт;
- психикалык жактан туруксуз, невротикалык мүнөздөгү даттануулары менен көп кайрылган же жүрүм-турумунда чектен чыгуулар байкалган адамдар (ачуусу чукул, себепсиз кылык-жоруктарды көп жасаган, камак режимин бузган, жаңжалдуу ж.у.с.), ошондой эле психикалык бузулуулар боюнча мурда дарыланган, соттук-психиатриялык экспертиза тарабынан акыл-ээси жайында деп табылып, бирок психикалык бузулуулары бар адамдар ыктыярдуулук принцибин сактоо менен врач-психиатор тарабынан текшерилет.
Психикалык абалынын оордугунан улам өзүнө же айланадагыларга түздөн-түз коркунуч жараткан, алсыз болгон адамдарды күбөлөндүрүү же андагы психикалык бузулуу ага психиатриялык жардам көрсөтүлбөгөн учурда анын ден соолугуна олуттуу зыян тийгизиши мүмкүн болгон учурларда күбөлөндүрүү анын макулдугусуз же анын мыйзамдуу өкүлүнүн макулдугу менен өткөрүлөт.
105. Психикасы бузулган адамдар "Психиатриялык жардам жана аны көрсөтүүдөгү жарандардын укуктарынын кепилдиктери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 27 жана 28-беренелерине ылайык жазык-аткаруу тутумунун мекемесинин медициналык бөлүгүндө же стационарында амбулатордук түрдө диспансердик байкоого алынат жана дарыланат.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 25-декабрындагы № 617 токтомунун редакциясына ылайык)
106. Соттук-психиатриялык экспертиза белгиленген адамдарга карата психикалык бузулуусун аныктоого байланыштуу дарылоо иш-чаралары алардын психикалык абалына ылайык жүргүзүлөт. Соттук-психиатриялык экспертиза акыл-ээси жайында эместигин күбөлөндүргөн психикалык бузулуу жөнүндө корутунду чыгарган учурда, тергөөдө жүргөн же соттолуучу адамдын акыл-ээси жайында эмес деп табуу жөнүндө соттун чечими чыкканга чейин дарылоо иш-чаралары тергөө изоляторунун медициналык бөлүгүнүн стационарында жүргүзүлөт жана оорулуу сөзсүз түрдө башка тергөөдө жүргөндөрдөн, соттолуучулардан жана соттолгондордон бөлөк кармалат.
107. Оорулуунун акыл-ээси жайында эместиги жөнүндө сот чечими чыккандан кийин ал мекеменин адистештирилген медициналык бөлүгүнө которулганга чейинки дарылоо иш-чаралары да тергөө изоляторунун медициналык бөлүгүнүн стационарында жүргүзүлөт жана оорулуу сөзсүз түрдө башка тергөөдө жүргөндөрдөн, соттолуучулардан же соттолгондордон бөлөк кармалат.
108. Мекеменин медициналык бөлүгүнүн стационарында психикалык бузулуусу бар экендигине байланыштуу жайгаштырылган тергөөдө жүргөндөрдү, соттолуучуларды же соттолгондорду медициналык бөлүктүн начальниги же мекеменин врач-терапевти мекеменин же саламаттык сактоо уюмунун врач-психиатрынын кеп-кеңештери боюнча жумасына эки жолудан кем эмес карап турат. Кароонун жыйынтыктары стационардык оорулуунун медициналык картасына жазылат. Оорулууну стационардан чыгарууда толук эпикриз түзүлүп, ал амбулатордук оорулуунун медициналык картасына көчүрүлөт.
109. Психикалык бузулуулары болуп, стационардык дарылоого муктаж адамдарга мекеменин медициналык бөлүгүнүн шартында, ал эми оор жана узакка созулган учурларда мекеменин психиатриялык бөлүмдөрүндө же саламаттык сактоо уюмунда жардам көрсөтүлөт.
110. Соттолгон адам оорусуна байланыштуу жаза өтөө мөөнөтүнөн мурда бошотулушу жөнүндө маселени чечүүдө психикалык өнөкөт оорудан жабыр тарткан оорулууну стационарда дыкат жана ар тараптуу текшерүү милдеттүү иш-чара болуп саналат.
111. Психиатриялык ырастоо "Психиатриялык жардам жана аны көрсөтүүдөгү жарандардын укуктарынын кепилдиктери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 23-25-беренелерине ылайык жүргүзүлөт.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 25-декабрындагы № 617 токтомунун редакциясына ылайык)
112. Психикасы бузулган адамдарга карата мажбурлап дарылоо Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 118-беренесине ылайык соттун чечими менен жүргүзүлөт.
Психоактивдүү заттарга көз карандылыктан жапа чеккен адамдарга карата мажбурлап дарылоо Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесине ылайык жүргүзүлөт.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 25-декабрындагы № 617 токтомунун редакциясына ылайык)
113. Аракечтиктен жана баңгиликтен милдеттүү дарыланууга тийиш болгон соттолгон адамдар жазык-аткаруу тутумунун ооруканасынын наркологиялык бөлүмүндө кармалат жана дарылоодон өтүшөт.
114. Аракечтик жана баңгилик менен ооруган адамдарды милдеттүү дарылоо психиатор-нарколог же наркология боюнча тийиштүү даярдыгы бар врач-психиатр тарабынан жүргүзүлөт. Милдеттүү дарылоону белгилөөгө адис врачтар тарабынан комиссиянын катышуусунда чыгарган корутунду негиз болуп эсептелет.
115. Баңгиликтен дарылануунун милдеттүү курсун аяктай элек соттолгондорду мекеменин ооруканасынын наркологиялык бөлүмүнөн башкага которуу өтө зарыл учурларда гана жүргүзүлүшү мүмкүн. Бул учурда оорулуунун абалы жана өткөрүлгөн дарылоо жөнүндө толук эпикриз жазылып, дарылоону улантуу боюнча сунуштар берилет.
116. Соттолгон адамда өнөкөт аракечтик же баңгилик аныкталса, дарылоону талап кылган учурларда ага аракечтиктен жана баңгиликтен ыктыярдуу түрдө дарылоо курсунан өтүү сунушталат. Аракечтиктен жана баңгиликтен ыктыярдуу дарылоо жаза өтөгөн жери боюнча жүргүзүлөт.
Өнөкөт аракечтиги же баңгилиги бар соттолгондор ыктыярдуу макул болсо, жазык-аткаруу тутумунун мамлекеттик органдарынын чечими менен түзүлгөн реабилитациялык борборлордо медициналык эмес курстан өтөт.
117. Соттолгон адам ыктыярдуу дарылоодон баш тартса, мекеменин медициналык бөлүгүнүн начальниги, эки врач-психиатр-нарколог же врач-психиатр курамына кирген медициналык комиссия ага карата мажбурлап дарылоонун зарылдыгы жөнүндө медициналык корутунду чыгарат, анын негизинде жазык-аткаруу тутумунун мекемесинин администрациясы сотко медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чараларын колдонуу жөнүндө сунуштама киргизет.
Соттолгондорго карата медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чаралары Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексинин 152 жана 153-беренелерине ылайык аткарылат.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 25-декабрындагы № 617 токтомунун редакциясына ылайык)
118. Милдеттүү дарылоону токтотуу жөнүндө чечим комиссиялык түрдө да кабыл алынат. Дарылоо курсу аяктай электе жаза өтөө мөөнөтү аяктаган адамдар аракечтикти жана баңгиликти андан ары реабилитациялоону аларга тийиштүү кабар берүү менен жашаган жери боюнча саламаттык сактоо органдарында улантышат.
119. Аракечтиктен, баңгиликтен милдеттүү дарылоодон өткөн соттолгондор жаза өтөөдөн бошотулган бардык учурларда медициналык бөлүк бошотууга чейин бир ай мурда бошотула турган адамдын жашаган жери боюнча тандалган наркологиялык диспансерге амбулатордук оорулуунун медициналык картасынан жүргүзүлгөн дарылоо жана анын жыйынтыктары жөнүндө көчүрмөнү жөнөтөт.
Аракечтиктен жана баңгиликтен дарылоо курсун аяктаган соттолгондор тууралуу материалдар мекеменин администрациясынын корутундусу боюнча мажбурлап дарылоону токтотуу үчүн сотко жөнөтүлөт.
120. Мекеменин жетекчилиги кургак учукка каршы иш-чаралардын комплексин уюштурууну жана өткөрүүнү камсыздайт, анын ичинде кургак учуктун алдын алуу, эрте байкоо маселелери боюнча санитардык-агартуу иштери жана кургак учуктан жабыр тарткан оорулууларды көзөмөлдөп дарылоо.
121. Иштин бул башты боюнча түздөн-түз жетекчиликти, ошондой эле саламаттык сактоо уюмдары менен байланышууну жана өз ара кызматташууну мекеменин медициналык камсыздоо кызматынын фтизиатр врачы жүзөгө ашырат.
122. Кургак учукка каршы жардам көрсөтүүнүн негизги принциптери болуп төмөнкүлөр эсептелет:
- кургак учуктун жигердүү алдын алуу;
- кургак учукту эрте аныктоо (өзгөчө өпкө кургак учугунун бациллярдык формаларын) жана аларды натыйжалуу дарылоо;
- дарты аныкталган оорулууларды кургак учукка каршы медициналык уюмдарга өз учурунда жөнөтүү;
- кургак учук менен ооруган адам менен байланышта болгон адамдарды аныктоо, аларды текшерүү жана аларга диспансердик байкоо жүргүзүү;
- төмөнкүлөрдү башкалардан обочолотуп жана өзүнчө кармоо зарыл:
1) кургак учуктун активдүү формасы менен ооругандарды бул оору боюнча диспансердик учётто турбаган адамдардан;
2) кургак учуктун микобактерияларын (мындан ары - КМБ) бөлүп чыгарган оорулууларды активдүү кургак учук менен ооругандардан;
3) көптөгөн дарыларга туруктуу бактерияларды (мындан ары - КДТ) бөлүп чыгаргандарды жана полирезистенттүүлүгү бар адамдарды КМБ бөлүп чыгарган башка оорулуулардан;
- диспансердик эсепке алууну, диагностикалык иш-чараларды өткөрүү, ошондой эле кургак учук менен ооругандарды белгиленген тартипте дарылоо;
- кургак учук менен ооруган адамдардын дартын аныктоо, дарылоо жана диспансердик байкоо жүргүзүү маселелери боюнча саламаттыкты сактоо уюмдары менен иш улантуу;
- кургак учукка каршы иш-чараларды өткөрүүдөгү этаптуулук;
- милдеттүү түрдө эпидемияга каршы режимди сактоо;
- кургак учукту аныктоо боюнча бактериологиялык лабораториялар.
123. Кургак учукту аныктоо, диагноз коюу, дифференциалдык аныктоо максатында мекемеде төмөнкүдөй иш-чаралар өткөрүлөт:
- мекемеде кармалган адамдардын көкүрөк клеткасындагы органдарга рентгендик-флюорографиялык текшерүү жүргүзүү;
- төмөнкү адамдардын какырыгына кычкылдыкка туруктуу микобактерияларга (мындан ары - КТМ) үч жолку изилдөө жүргүзүү:
1) кургак учукка шек саналган оору симптомдору болсо;
2) какырыктын, кан аралашкан какырыктын бөлүнүп чыгышы, көкүрөк клеткасындагы оорулар менен коштолуп, узак убакыт жөтөлсө (3 жумадан ашык);
3) өпкөдө кургак учукка шек саналган рентгенологиялык өзгөрүүлөр болсо;
4) КМБ бөлүп чыгарган кургак учук оорусу бар адам менен байланышкандарды;
- профилактикалык жана эпидемияга каршы иш-чаралары;
- кургак учук оорусу боюнча тобокелдик топторго кирген адамдарга кошумча текшерүү жана диспансердик байкоо жүргүзүү;
- кургак учукка байланыштуу көйгөйлөр боюнча санитардык-агартуу иштери.
124. Кургак учукка шек саналууда мекеменин медициналык кызматкери бул туурасында медициналык бөлүктүн начальнигине кабарлайт жана бейтапты башкалардан обочолоого багытталган чараларды көрөт.
125. Кургак учук дартын аныктоо боюнча изилдөөлөрдүн негизги ыкмаларынын бири какырыкка жана диагностикалык башка материалга микробиологиялык изилдөө жүргүзүү болуп саналат. Изилдөө төмөнкүдөй ыкмалар менен жүргүзүлөт:
- тике микроскопия;
- люминесценттик микроскопия;
- КМБлардын белгиленген штаммдарынын кургак учукка каршы препараттарга сезгичтигин аныктоо үчүн какырыктын (башка материалдын) тунмасын азыктуу чөйрөгө чачуу жолу менен.
126. Кургак учук оорусу боюнча тобокелдик тобу оорлотуучу факторлору бар адамдардан түзүлөт, аларга карата кошумча диагностикалык иш-чаралар өткөрүлөт (кургак учукка изилдөөлөрдүн клиникалык минимумун камтыйт). Оорлотуучу факторлорго төмөнкүлөр кирет:
- 2 жумадан узак жөтөлүү;
- кан түкүрүү;
- 3 жумадан ашык калтыратма;
- дене салмагынын төмөндөшү;
- төмөнкүдөй айрым оорулар жана абалдар:
1) кант диабети; ашказандын жана он эки эли ичегинин жарасы;
2) ашказандын мурда болгон резекциялары же гастрэктомия;
3) дем алуу органдарынын спецификалык эмес өнөкөт оорулары; пневмония;
4) гематурия жана пиурия менен коштолгон заара чыгаруу-жыныс органдарынын оорулары;
5) психикалык оорулар, ошондой эле баңгилик жана аракечтик;
6) ВИЧ-инфекция оорулары;
7) кортикостероиддер жана цитостатиктер тобундагы дары препараттары менен узак убакыт дарылоо;
8) иммунодефициттик абал;
- өпкөдөгү кургак учуктан кийинки өзгөрүү.
127. Кургак учукка шек саноодо изилдөөнүн клиникалык минимуму төмөнкүлөрдү камтыйт:
- сурамжылоо жана текшерүү;
- көкүрөк клеткасындагы органдарга рентгендик-флюорографиялык изилдөө жүргүзүү;
- кургак учукка какырыктын микробиологиялык изилдөөсү (тике микроскопия ыкмасы менен үч ирет же люминесценттик микроскопия ыкмасы менен);
- кандын жалпы анализи;
- зааранын жалпы анализи.
128. Тобокелдиктин аталган факторлорунан экөө же андан ашык байкалса, аталган оорулар же симптомдор аныкталса, изилдөөлөрдүн клиникалык минимуму өткөрүлөт.
129. Кургак учук тергөөдө жүргөн, соттолуучу же соттолгон адамда аныкталса, кургак учукка каршы дарылоо кургак учук табылган тергөө изоляторунда жүргүзүлөт.
Кургак учук соттолгон адамда табылса, ал кургак учукка каршы дарылоодон өтүү үчүн саламаттык сактоонун адистештирилген уюмуна жиберилет.
130. Саламаттык сактоонун адистештирилген уюмуна дарылоого жөнөтүлөөрдө оорулуунун медициналык картасына кургак учуктук өзгөрүүлөрү табылган флюорографиялык кадрлар жана рентгендик фотосүрөттөр тиркелет.
131. Активдүү кургак учуктан жабыр тарткан тергөөдө жүргөн, соттолуучу же соттолгон адам, ошондой эле активдүү кургак учукка шектелген оорулуу (бошотулушуна байланыштуу акыркы диагноз коюла элек) камактан бошотулган учурда, анын жашаган жери боюнча жайгашкан саламаттык сактоо уюмдарына амбулатордук оорулуунун медициналык картасынан (оору баяндамасы) көчүрмө жөнөтүлөт. Амбулатордук оорулуунун медициналык картасынан көчүрмөнүн бир нускасы оорулуунун колуна берилет.
132. Оорулууларда кургак учуктун реактивациясы байкалганда алар дароо өзүнчө бөлүнүп жайгаштырылат (мекеменин медициналык бөлүгүнүн инфекциялык бөлүмүнө) жана саламаттык сактоонун адистештирилген уюмуна стационардык дарылоого жөнөтүлөт. Кургак учук менен оорулуу адам кеткенден кийин, ал жайгашкан бөлмөдө (кургак учук инфекциясынын очогу) жыйынтыктоочу дезинфекция жүргүзүлөт.
133. Кургак учук инфекциясынын очогундагы иш-чаралар санитардык эрежелердин ченемдерине жана эрежелерине ылайык жүргүзүлөт. Кургак учук инфекциясынын очогундагы иштердин жүргүзүлүшүн медициналык бөлүктүн начальниги көзөмөлдөйт. Кургак учук инфекциясынын очогу КМБ бөлүнүп чыкканына, ошондой эле оорулуу биринчи жолу аныкталганына же ооруунун рецидиви табылганына карабастан, активдүү кургак учук менен ооруган адам аныкталгандан кийин белгиленет.
134. Кургак учук инфекциясынын очогундагы иштер төмөнкүлөрдү камтыйт:
- ооруканага жөнөтүлгөнгө чейин оорулууну өз учурунда өзүнчө бөлүү (медициналык бөлүктүн изоляторуна жайгаштыруу);
- инфекциянын булагын аныктоо;
- активдүү кургак учукка чалдыккан оорулуу менен байланышта болгон адамдарды аныктоо, аларды диспансердик эсепке алуу;
- дезинфекция жүргүзүү;
- санитардык-агартуу иштерин өткөрүү (лекциялар, маектешүүлөр, санитардык бюллетендерди чыгаруу).
135. Оорулуунун оорунун очогунан кетишинин бардык учурларында (узак мөөнөткө), анын ичинде оорулуу каза болгон учурда, жыйынтыктоочу дезинфекция 24 сааттан кечиктирилбей жүргүзүлөт.
136. Жыйынтыктоочу дезинфекция кургак учукка чалдыккан оорулуулар кармалган бөлмөдө, имаратта капиталдык оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлөөрдүн алдында, ошондой эле аталган курулмалар бузуларда жүргүзүлөт.
137. Дезинфекциялык иштер өткөрүлгөндүгү жөнүндө маалымат мекеменин медициналык бөлүгүндө сакталган дезинфекциялар журналына киргизилет.
138. Кургак учук менен оорулуу тергөөдө жүргөн, соттолуучу же соттолгон адамдын жайгаштырылган жерине карабастан, ага аныкталган формадагы диеталык тамактандыруу белгиленген тартипте дайындалат.
139. Бейтаптар кургак учукка каршы препараттардан баш тарткан учурда диеталык тамактандыруу дайындалбайт.
140. Тергөөдө жүргөн, соттолуучу же соттолгон адамдардын арасында травмалардын жана уулануулардын алдын алуу боюнча иш-чараларды мекеменин бардык кызматтары өткөрүшөт. Алар максаттуу, конкреттүү болуп, мекеменин кармоо режимин камсыздоонун жана чарбалык-өндүрүш иштеринин мүнөзүнө жана милдеттерине жооп бериши керек.
141. Мекеменин медициналык бөлүктөрү (саламаттык пункттары) күтүлбөгөн кырсыктан, травмалардан, уулануулардан жабыр тарткандарга медициналык жардам көрсөтүү үчүн зарыл бардык нерселер менен жабдылып, адистештирилген медициналык жардам көрсөтүү үчүн дарылоочу. мекемелерине шашылыш жеткирүүнү камсыздоого даяр болушу керек.
142. Өндүрүш объекттерин медициналык камсыздоо төмөндөгүдөй тартипте жүргүзүлөт:
- бир катар объекттерде саламаттык пункттары уюштурулат;
- бардык цехтер, өз алдынча участоктор, устаканалар алгачкы жардам аптечкалары менен жабдылат. Цехтердин, участкалардын начальниктери, мастерлер аптечкалардын сакталышын жана өз учурунда толтурулуп турушун көзөмөлдөөгө милдеттүү. Аптечкаларды мекеменин медициналык кызматкерлери толтурат;
- алыскы участокто, цехте же бригадалардын тобунда иштеген ар бир өндүрүш бригадасына алгачкы жардам көрсөтүү үчүн соттолгондордун арасынан атайын бул багытта даярдалган бир адам бөлүнөт, аны мекеменин медициналык бөлүгү медикаменттер жана таңуучу материалдар салынган санитардык сумка менен камсыздайт;
-эгерде өндүрүштө жабыр тарткан соттолгон адам врачтык тез жардамдын көрсөтүлүшүнө муктаж болсо, аны медициналык бөлүккө же жакынкы саламаттык сактоо уюмуна жеткирүү уюштурулат;
- медициналык кызматкер жабыр тарткан адамга жардам көрсөткөндөн кийин, травманын (уулануунун) мүнөзүн, анын оордугун жана окуянын белгилүү болгон жагдайын чагылдыруу менен мекеменин жетекчилигине маалымдайт;
- травма алуунун же уулануунун ар бир учуру медициналык кызматкер тарабынан атайын журналга катталат. Күтүлбөгөн кырсыкты иликтөө боюнча комиссиянын ишине милдеттүү түрдө медициналык кызматкерлер тартылат.
143. Травмалардын жана уулануулардын алдын алуу боюнча негизги чаралар төмөндөгүдөй:
- мекеменин администрациясы жана медициналык кызматкерлери тарабынан тергөөдө жүргөн, соттолуучу же соттолгон адамдарды тийиштүү түрдө кармоону камсыздоого, алардын эмгегин туура пайдаланууга, травмалардын, уулануулардын жана күтүлбөгөн кырсыктардын алдын алуу боюнча ченемдик укуктук актылардын талаптарынын аткарылышын дайыма контролдоо;
- соттолгондордун эмгегин алардын квалификациясына жана ден соолугунун абалына жараша пайдалануу;
- техникалык инструктаж жана иштин айрым түрлөрүнө уруксат берүүнү тариздөө;
- соттолгондорго коопсуздук техникасынын негизги эрежелерин үйрөтүү, травмалардын жана уулануулардын жеке алдын алуу чаралары менен тааныштыруу жана биринчи медициналык жардамды көрсөтүүнүн ыкмаларын (өзүнө жана бири-бирине жардам көрсөтүү түрүндө) иш жүзүндө үйрөтүү боюнча сабактарды дайыма өткөрүп туруу;
- санитардык-агартуу иштери;
- ден соолугу начар өрчүгөн жана өнөкөт оорулары бар адамдарга дайыма көзөмөл жүргүзүү, аларга эмгек рекомендацияларын аныктоо жана алардын жумушка орношуусун контролдоо;
- травмалардын жана уулануулардын жагдайлары, себептери алардын алдын алуу боюнча конкреттүү иш-чараларды иштеп чыгуу менен мекеменин администрациясы тарабынан дайыма изилдениши.
144. Өндүрүштөгү күтүлбөгөн кырсыктарды иликтөө жана эсепке алуу колдонуудагы ченемдик актылардын талаптарына ылайык жүргүзүлөт.
8. Тергөөдө жүргөн, соттолуучу же соттолгон адамдардын ташуу учурундагы медициналык камсыздалышы
145. Тергөөдө жүргөн, соттолуучу же соттолгон адамдардын бардыгы мекемеден жөнөтүүнүн алдында этаптоо мүмкүнчүлүгүн аныктоо үчүн милдеттүү медициналык текшерүүдөн өтүшөт.
146. Инфекциялык оорулуулар, сифилис менен ооругандар, дарылануу курсун аяктай электер, катуу кармаган гонорея менен ооругандар сакайганга чейин мекеменин ооруканаларынан тышкары бир түзөтүүчү мекемеден же тергөө изоляторунан башкасына которулбайт.
Мындай учурларда, ошондой эле акыл-ээсин жоготпогон психикалык бузулуусу бар соттолгондор дени сак соттолгондордон бөлөк жана зарыл учурларда (жөнөтүүчү мекеменин врачынын корутундусу боюнча) медициналык кызматкердин коштоосунда көчүрүлөт.
Сифилис менен ооругандарды этаптоо дарылоо курстарынын ортосунда гана дарылоочу врачтын уруксаты менен жүргүзүлөт.
147. Медициналык коштоого муктаж соттолгондорду ташууда алар үчүн жөнөтүүчү мекеменин штатынан медициналык кызматкерлер дайындалат.
Соттолгон оорулууларды медициналык кызматкерлердин коштоосунун зарылдыгы жөнөтүүчү мекеменин медициналык бөлүгүнүн начальниги тарабынан аныкталат.
Алты айдан ашык кош бойлуу же үч жашка чейинки балдары бар аялдарды ташуу башка соттолгондордон бөлөк, медициналык кызматкерлердин коштоосунда жүргүзүлөт.
148. Соттолгондорду коштоо үчүн бөлүнгөн медициналык персонал төмөнкүлөргө милдеттүү:
- кароол соттолгондору кабыл алып жатканда катышууга, жөнөтүүнүн алдында комплекстүү санитардык тазалоонун толук жана сапаттуу өткөрүлгөндүгүн контролдоого;
- жол жүргөндө камактагыларды ташуучу автомашинанын санитардык абалын, азыктардын сакталышынын тартибин жана шартын, ичүүчү суу менен камсыздалышын контролдоого;
- белгиленген жерге келгенден кийин соттолгондорду, буюмдарды өткөрүп берүүгө жана документтерди тариздөөгө катышууга.