Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 29-июлундагы № 429 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 9-октябры № 696
Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун мекемелеринде кармалган адамдарга медициналык жардам көрсөтүүнүн эрежелерин бекитүү тууралуу
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-декабрындагы № 824, 2018-жылдын 25-декабрындагы № 617 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Жазык-аткаруу тутумунун мекемелеринде дарылоочу-профилактикалык жардам көрсөтүүнүн сапатын жакшыртуу максатында, Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексинин 101-беренесине, "Кылмыштарды жасоо жагынан шек туудурган жана айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоонун тартиби жана шарттары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 23-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-декабрындагы № 824 токтомунун редакциясына ылайык)
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тиркемеге ылайык Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун мекемелеринде кармалган адамдарга медициналык жардам көрсөтүүнүн эрежелери бекитилсин.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 25-декабрындагы № 617 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |