Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 20-октябры № 714
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 4-августундагы 421 “Жолдо жүрүүнүн эрежелерин жана Транспорт каражаттарын пайдаланууга чыгаруу боюнча жана кызмат адамдарынын жолдо жүрүүнүн коопсуздугун камсыздоодогу милдеттери боюнча Негизги жоболорду бекитүү тууралуу” токтомуна толуктоо киргизүү жөнүндө
Жүктөрдү жана жүргүнчүлөрдү ташуу боюнча ишкердик ишти башкарууну жакшыртуу максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 4-августундагы 421 “Жолдо жүрүүнүн эрежелерин жана Транспорт каражаттарын пайдаланууга чыгаруу боюнча жана кызмат адамдарынын жолдо жүрүүнүн коопсуздугун камсыздоодогу милдеттери боюнча Негизги жоболорду бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Жол кыймылынын эрежелеринин 2.1-пунктунун 2.1.1-пунктчасы төмөнкүдөй мазмундагы бешинчи абзац менен толукталсын:
“ушул транспорт каражатында жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташуу боюнча ишкердикти ишке ашыруу учурунда – жеке ишкер катары мамлекеттик каттоосу жүнүндө күбөлүктү же ыктыярдуу патентти же болбосо алардын нотариалдык күбөлөндүргөн көчүрмөлөрүн;”.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |