Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 29-августундагы № 474 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 13-октябры № 709
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 18-октябрындагы № 568 “Кыргыз Республикасынын
прокуратура органдарынын мамлекеттик кызматчыларына
эмгек акы төлөө шарттары тууралуу” токтомуна өзгөртүү
жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Прокуратура органдарынын мамлекеттик кызматчыларынын эмгегин стимулдаштыруу жана убакыт ченемдеринен ашык аткарган иштерин компенсациялоо максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 18-октябрындагы № 568 “Кыргыз Республикасынын прокуратура органдарынын мамлекеттик кызматчыларына эмгек акы төлөө шарттары тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү жана толуктоолор киргизилсин:
- 3-пунктта:
үчүнчү абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
төмөнкү мазмундагы бешинчи абзац менен толукталсын:
“- ченемделбеген жумуш күнү үчүн кызматтык маянасынын 25 пайызы өлчөмүндө пайыздык үстөк;”;
- токтом төмөнкү мазмундагы 31 жана 32-пункттар менен толукталсын:
“31. Жыл ичинде Кыргыз Республикасынын прокуратура органдарынын мамлекеттик кызматчыларына квартал сайын сыйлык берүүгө эмгек акынын төрт айлык фондусунун өлчөмүндө каражаттар жумшалаары белгиленсин.
32. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуроруна жыл ичинде эмгек акы төлөө фондунун үнөмдөлгөн каражаттарын жарым жылдык жана жылдык ишинин жыйынтыгы боюнча мамлекеттик кызматчынын эки орточо айлык эмгек акысынан ашпаган өлчөмдө ишинин жогорку жана сапаттуу натыйжасы, чыгармачылык жана кесипкөй демилгеси үчүн мамлекеттик кызматчыларга дем берүүчү төлөөлөргө жумшоо укугу берилсин.”.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
- ушул токтомду ишке ашырууга керектүү акча каражаттарын республикалык бюджеттен Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына бөлсүн;
- “Кыргыз Республикасынын 2016-жылга республикалык бюджети жана 2017-2018-жылдарга болжолу жөнүндө” мыйзамынын долбоорун иштеп чыгууда ушул токтомдон келип чыгуучу чыгымдарды эске алсын.
3. Ушул токтом расмий түрдө жарыяланууга тийиш жана 2016-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |