Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 29-августундагы № 474 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2013-жылдын 18-октябрындагы № 568
Кыргыз Республикасынын прокуратура органдарынын мамлекеттик кызматчыларына эмгек акы төлөө шарттары тууралуу
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 13-октябрындагы № 709, 2016-жылдын 27-декабрындагы № 705, 2017-жылдын 30-декабрындагы № 849, КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 21-июлундагы № 82 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Прокуратура органдарынын мамлекеттик кызматчыларынын эмгегин стимулдаштыруу максатында, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын прокуратура органдарынын мамлекеттик кызматчыларынын кызматтык маяналарынын эсеп-кысабы үчүн негиз болуп саналган, 5000 сом өлчөмүндө минималдык базалык коюм белгиленсин.
2. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Кыргыз Республикасынын прокуратура органдарынын мамлекеттик кызматчыларынын кызматтык маяналарынын өлчөмүн аныктоодо колдонулуучу кызматтык маяналарга карата эселенген коэффициенттер, 1-тиркемеге ылайык;
- Кыргыз Республикасынын прокуратура органдарынын мамлекеттик кызматчыларынын атайын класстык чендери үчүн кызматтык маяналарына кошумчалардын өлчөмдөрү, 2-тиркемеге ылайык;
- Кыргыз Республикасынын прокуратура органдарынын мамлекеттик кызматчыларынын иштеген жылдары үчүн кызматтык маяналарына пайыздык кошумчалардын өлчөмдөрү, 3-тиркемеге ылайык.
3. Кыргыз Республикасынын прокуратура органдарынын мамлекеттик кызматчыларына төмөнкүлөр:
- өргүүгө чыкканда - ден соолугун чыңдоо үчүн эки айлык эмгек акы фондунун өлчөмүндө жөлөкпул;
- (Yчγнчγ абзац КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 13-октябры № 709 токтомуна ылайык кγчγн жоготту)
- иштин жашыруун мүнөзү жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жашыруун иш кагаздарын жүргүзүү үчүн кызматтык маянасына пайыздык кошумча;
- "Аскер кызматкерлерин пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 13-статьясына ылайык пенсия алууга укугу бар жана ишин улантып жаткан прокуратура органдарынын прокурорлоруна жана тергөөчүлөрүнө негизги акчалай акы төлөө учуруна карата белгиленген пенсиянын өлчөмүнөн 50 пайыз өлчөмүндө кошумча төлөөлөр жүргүзүлөт;
- негизги акчалай акы төлөө учуруна карата белгиленген пенсиянын өлчөмүнөн 50 пайыз өлчөмүндөгү кошумча төлөөлөр өргүүгө, өргүүгө карата жөлөкпулду, квартал сайынкы сыйлыкты жана эмгек акы фондунан үнөмдөөлөрдү эсептөөдө эске алынбай тургандыгы белгиленсин.
- ченемделбеген жумуш күнү үчүн кызматтык маянасынын 25 пайызы өлчөмүндө пайыздык үстөк;
- бийик тоолуу шарттарда жана барууга кыйын алыскы зоналарда иштегендиги үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте кызматтык маянасына пайыздык кошумча төлөнөөрү белгиленсин.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 13-октябрындагы № 709, 2016-жылдын 27-декабрындагы № 705 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
31. Жыл ичинде Кыргыз Республикасынын прокуратура органдарынын мамлекеттик кызматчыларына квартал сайын сыйлык берүүгө эмгек акынын төрт айлык фондусунун өлчөмүндө каражаттар жумшалаары белгиленсин.
(КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 13-октябры № 709 токтомдун редакциясына ылайык)
3-2. (КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 30-декабрындагы № 849 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 29-июлундагы № 436 (КПҮ) токтому, эмгек акы төлөө шарттары ушул токтом менен белгиленген Кыргыз Республикасынын прокуратура органдарынын мамлекеттик кызматчыларына карата колдонулбай тургандыгы белгиленсин.
5. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги белгиленген тартипте «Кыргыз Республикасынын 2013-жылга республикалык бюджети жана 2014-2015-жылдарга болжолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына бул токтомдон келип чыккан тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу сунуштарды киргизсин.
6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет жана 2013-жылдын 1-августунан тартып колдонулат.
Премьер-министр | Ж. Сатыбалдиев |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 18-октябрындагы № 568 токтомуна 1-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын прокуратура органдарынын мамлекеттик кызматчыларынын кызматтык маяналарынын өлчөмүн аныктоодо колдонулуучу кызматтык маяналарга карата эселенген коэффициенттер
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 21-июлундагы № 82 токтомунун редакциясына ылайык)
№ | Кызматы | Кызматтык маянасы (сом менен) |
1. Башкы прокуратуранын борбордук аппараты | ||
1. | Башкы прокурор | 5,6 |
2. | Башкы прокурордун биринчи орун басары | 5,0 |
3. | Башкы прокурордун орун басары | 4,6 |
4. | Башкармалыктын начальниги, Башкы прокурордун өзгөчө тапшырмалар боюнча улук жардамчысы | 4,0 |
5. | Өз алдынча бөлүмдүн начальниги, Башкы | 3,7 |
| прокурордун жардамчысы, борбордун директору |
|
6. | Башкармалыктын начальнигинин орун басары, башкармалыктын курамындагы бөлүмдүн начальниги | 3,5 |
7. | Башкы прокурордун алдындагы өзгөчө маанилүү иштер боюнча улук тергөөчү, Башкы прокурордун алдындагы өзгөчө маанилүү иштер боюнча тергөөчү | 3,4 |
8. | Башкармалыктын, борбордун, бөлүмдүн улук прокурору, башкармалыктын, борбордун, бөлүмдүн прокурору, прокурор-криминалист | 3,3 |
9. | Башкы адис | 2,4 |
10. | Жетектөөчү адис | 2,2 |
11. | Адис | 2,0 |
2. Облустардын, Бишкек жана Ош шаарларынын прокуратура органдары | ||
12. | Облустардын, Бишкек жана Ош шаарларынын прокурору | 4,0 |
13. | Облустардын, Бишкек жана Ош шаарларынын прокурорунун орун басары | 3,5 |
14. | Облустардын, Бишкек жана Ош шаарларынын прокуратурасынын бөлүмүнүн начальниги, өзгөчө маанилүү иштер боюнча улук тергөөчү, облустардын, Бишкек жана Ош шаарларынын прокурорунун улук жардамчысы | 3,3 |
15. | Облустардын, Бишкек жана Ош шаарларынын прокуратурасынын бөлүмүнүн начальнигинин орун басары, өзгөчө маанилүү иштер боюнча тергөөчү, улук тергөөчү | 3,14 |
16. | Облустардын, Бишкек жана Ош шаарларынын прокуратурасынын бөлүмүнүн улук прокурору, бөлүмдүн прокурору, тергөөчүсү | 3,08 |
17. | Башкы адис | 2,2 |
18. | Жетектөөчү адис | 2,0 |
19. | Адис | 1,8 |
3. Райондордун (шаарлардын) прокуратура органдары | ||
20. | Шаардын, райондун, адистештирилген прокуратуранын прокурору | 3,5 |
21. | Шаардын, райондун, адистештирилген прокуратуранын прокурорунун орун басары | 3,3 |
211 | Шаардын, райондун прокуратураларынын, адистештирилген прокуратуранын улук тергөөчүсү | 2,98 |
212 | Шаардын, райондун прокуратураларынын, адистештирилген прокуратуранын тергөөчүсү | 2,93 |
22. | Шаардын, райондун, адистештирилген прокуратуранын прокурорунун улук жардамчысы | 2,7 |
23. | Шаардын, райондун, адистештирилген прокуратуранын прокурорунун жардамчысы | 2,5 |
24. | Адис | 1,8 |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 18-октябрындагы № 568 токтомуна 2-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын прокуратура органдарынын мамлекеттик кызматчыларынын атайын класстык чендер үчүн кызматтык маяналарына кошумчалардын өлчөмдөрү
№ | Атайын класстык чен | Кошумча акынын өлчөмдөрү (сом менен) |
1. | Юстициянын 1-класстагы мамлекеттик кеңешчиси | 1800 |
2. | Юстициянын 2-класстагы мамлекеттик кеңешчиси | 1700 |
3. | Юстициянын 3-класстагы мамлекеттик кеңешчиси | 1600 |
4. | Юстициянын 1 -класстагы кеңешчиси | 1400 |
5. | Юстициянын 2-класстагы кеңешчиси | 1300 |
6. | Юстициянын 3-класстагы кеңешчиси | 1200 |
7. | 1-класстагы юрист | 1000 |
8. | 2-класстагы юрист | 900 |
9. | 3-класстагы юрист | 800 |
10. | Кенже юрист | 600 |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 18-октябрындагы № 568 токтомуна 3-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын прокуратура органдарынын мамлекеттик кызматчыларынын иштеген жылдары үчүн кызматтык маяналарына пайыздык кошумчалардын өлчөмдөрү
№ | Кызмат стажысы | Кошумча акынын өлчөмдөрү (пайыз менен) |
1. | 1 ден 3 жылга чейин | 5 % |
2. | 3төн 5 жылга чейин | 10% |
3. | 5тен 10 жылга чейин | 15% |
4. | 10дон 15 жылга чейин | 20% |
5. | 15тен 20 жылга чейин | 25 % |
6. | 20дан 25 жылга чейин | 30% |
7. | 25 жылдан ашык | 40% |