Загрузка документа…
2-тиркеме
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 20-октябры № 715 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасында жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттерин атайын пайдалангандыгы үчүн акы алуу жана пайдалануу тартиби
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 1-декабрындагы № 588 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Кыргыз Республикасында жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттерин атайын пайдалангандыгы үчүн акы алуу жана пайдалануу тартиби (мындан ары – Тартип) «Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө», «Жаныбарлар дүйнөсү жөнүндө», «Аңчылык жана мергенчилик чарбасы жөнүндө» жана «Балык чарбасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иштелип чыккан.
Бул Тартип Кыргыз Республикасында жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттерин (балык, суу тоют объекттери жана сууда жашаган омурткасыздардан башка) атайын пайдалангандыгы үчүн акы алуу жана пайдалануу маселелерин жөнгө салат жана Кыргыз Республикасында жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттерин атайын пайдаланууну ишке ашырган жеке жана юридикалык жактарга жайылтылат.
2. Кыргыз Республикасында жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттерин (балык, суу тоют объекттери жана сууда жашаган омурткасыз жаныбарлардан башка) атайын пайдалангандыгы үчүн акы алуу аңчылык жана мергенчилик чарбасы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (мындан ары – ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган) тарабынан ишке ашырылат.
3. Акы алуу накталай эмес түрдө жүргүзүлөт жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын атайын эсебине топтолот.
2. Кыргыз Республикасында жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттерин атайын пайдалангандыгы үчүн акы алуу тартиби
4. Кыргыз Республикасында жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттерин атайын пайдалангандыгы үчүн акы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечиминин негизинде акы төлөө ставкасынын өлчөмү белгиленген же 0,0 сомго барабар деп эсептелгенден башка учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген акы төлөө ставкалары боюнча алынат.
Кыргыз Республикасында жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттерин (балык, суу тоют объекттери жана сууда жашаган омурткасыздардан башка) атайын пайдалангандыгы үчүн акы жаныбарлар дүйнөсүнүн объектинин аңчылык кылууга бөлүнгөн квотага ылайык жаратылыш чөйрөсүнөн жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттерин алууга документтер таризделгенге чейин ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан алынат.
Жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттерин жаратылыш чөйрөсүнөн алуу жөнүндө арызды ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берүүдө ага жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттерин атайын пайдалангандыгы үчүн акы төлөгөндүгүн тастыктаган документтер тиркелет (төлөм тапшырмасы, квитанция ж.б.).
5. Кыргыз Республикасында жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттерин атайын пайдалангандыгы үчүн акы квота бөлүштүрүү жөнүндө чечим кабыл алынган күндөн тартып 30 календардык күндөн кечиктирилбестен төлөнөт.
6. Кыргыз Республикасында жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттерин атайын пайдалангандыгы үчүн акы кайтарылып берилбейт.
3. Кыргыз Республикасында жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттерин атайын пайдалангандыгы үчүн акыны пайдалануу тартиби
7. Аңчылык жаныбарларын атайын пайдалангандыгы үчүн жыйымдын суммасы төмөнкүдөй түрдө бөлүштүрүлөт:
1) 35 пайызы жаныбарлар олжолонгон жер боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жергиликтүү бюджеттерине түшөт;
2) 65 пайызы республикалык бюджетке түшөт жана аңчылык жана мергенчилик чарбасы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аңчылык ресурстарына мониторинг, коргоо жана кайта өндүрүү, чарбалар аралык аңчылыкты жайгаштыруу боюнча иштерди жүргүзүүгө, аңчылык жана мергенчилик чарбасы чөйрөсүндөгү жөнгө салуучу, координациялоочу жана башка функцияларды жүзөгө ашырууга багытталат.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 1-декабрындагы № 588 токтомунун редакциясына ылайык)
8. Мумиялуу минералдык чийки заттарды пайдалангандыгы үчүн акынын суммасы толугу менен ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ишин каржылоого жумшалат.
9. Кыргыз Республикасында жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттерин атайын пайдалангандыгы үчүн алынган, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын атайын эсебине топтолгон сумманы бөлүштүрүү боюнча бардык жол-жоболор жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттерин пайдалангандыгы жөнүндө белгиленген отчеттор берилгенден кийин жүргүзүлөт.
10. Балыкты, суу тоют объекттерин жана сууда жашаган омурткасыздарды атайын пайдалангандыгы үчүн акы алуу жана пайдалануу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 10-мартындагы № 162 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын балык чарбасын өнүктүрүү фондунун каражаттарын түзүүнүн жана пайдалануунун тартибине ылайык жөнгө салынат.