Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 21-октябры № 719
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Т.Бакир уулу, Н.А.Мадалиев, Т.В.Левина, Н.Н.Бадыкеева, У.К.Нуркулов, О.М.Бакиров, М.И.Бакиров, А.А.Артыков жана М.М. Кадырбекова тарабынан демилгеленген "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана езгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |
| Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 21-октябры № 719 токтому менен жактырылган |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнундө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаттары Т.Бакир уулу, Н.А.Мадалиев. Т.В.Левина. Н.Н.Бадыкеева. У.К.Нуркулов. О.М.Бакиров, М.И.Бакиров. А.А.Артыков жана М.М.Кадырбекова тарабынан демилгеленген "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүулөрду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун карал чыгып. төмөнкүдөй корутундуга келди.
2012-жылы ушундай эле мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаттары Т.Бакир уулу, Ш.Айтматова жана башкалар тарабынан сунушталган.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 22-октябрындагы № 740 токтому менен "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу жактырылган.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жогоруда аталган корутундусуна кошумча катары төмөндөгүлөрдү белгилейбиз.
Сунушталып жаткан Мыйзамдын долбоорунда медициналык мүнөздөгү жаңы мажбурлоо чарасын - химиялык кастрацияны киргизүү сунушталууда.
Ушуга байланыштуу бул медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чарасын аткаруунун тартиби мыйзам долбоорунда майда-баратына чейин каралбагандыгын белгилеп кетебиз. Ошондуктан укук колдонуу практикасында аны аткаруу кыйынчылык жаратат. деп эсептейбиз. Мисалы, мыйзамдын долбоорунда кастрацияны колдонуунун мөөнөтү. бул чараны аткарууда мамлекеттик органдардын биргелешип аракеттенүүсүнүн тартиби. химиялык кастрациянын кийинки жол-жоболору кайсы мамлекеттик орган тарабынан, кайсы акттын негизинде ишке ашаары. химиялык кастрацияны колдонгон учурда соттолуучунун жана соттолгондун өмүрүнө жана ден-соолугуна коркунучтуу карама-каршы көрсөтмөлөр болгон учурда кылмыш процесстеринин жана жазаларды аткаруунун субъекттеринин иш-аракеттери жана башка маселелер так берилген эмес.
Мындан тышкары, Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо маселелерин жөнгө салуучу негизги ченемдик укуктук акт болуп эсептелген "Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында "химиялык кастрация" деген түшүнүк жок.
Ошондой эле мыйзамдын долбоорунда Кыргыз Республикасынын Кылмыш кодексинин 92-беренесин 7-бөлүк менен толуктоо сунушталат. ага ылайык Кыргыз Республикасынын Кылмыш кодексинин 129-беренесинин 2-4-бөлүктөрүндө, 130-беренесинин 2-4-бөлүктөрүндө жана 132 жана 133-беренелеринде каралган кылмыш ишин жасагандарга карата химиялык кастрация сот тарабынан дайындалышы мүмкүн.
Ошондуктан химиялык кастрация жашы жетпегендердин жыныстык кол тийбестигине каршы кылмыш жасаган адамдарга эле эмес, башкаларга да колдонуларын белгилеп кетуү керек.
Ушуга байланыштуу мыйзамдын долбоорунун концепциясына ылайык. балдардын жыныстык кол тийбестигине каршы кылмыштарды жасагандыгы үчүн кылмыш жоопкерчилигин караган кылмыштардын курамынын тизмегин тактоону сунуштайбыз.
Ошондой эле мыйзамдын долбоорунда адамдын сексуалдык каалоосунун бузулган же бузулган эместигин (педофилия) аныктоо учүн милдеттүү турдөгү экспертиза дайьгадалышы жана жүргүзүлүүсү керектигин караштыруучу ондоолор киргизилүүдө.
Ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинде "сексуалдык каалоосу бузулган" деген терминдин жок экендигин белгилейбиз.
Мындан тышкары. мажбурлап химиялык кастрация жасоону колдонуу гормоналдык каражаттарды сатып алууга. кошумча штаттык бирдиктерди киргизүүтө. бул каражаттарды колдонуунун узактыгын аныктоочу жана каражаттардын үзгүлтүксүз колдонулушун андан ары контролдоону ишке ашыруучу адистерди тартууга жана жумушуна акы төлөөгө мамлекеттин кошумча каржылоону бөлүүсүн талап кылат.
Мыйзамдын долбоорунун негиздеме-маалымкатында Мыйзамдын сунушталган долбоорун кабыл алуу үчүн кошумча каржылоону бөлүп берүү керектиги белгиленген. Мында мыйзамдын долбоорунун жоболорун ишке ашыруу үчүн каржылоо булагы аныкталган эмес.
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-берененин 3-бөлүгүнө ылайык мамлекеттик бюджеттин эсебинен жабылуучу чыгымдардын көбөйүшун кароочу мыйзамдардын долбоорлору Кыргыз Республикасынын Өкмөтү каржылоо булагын аныктагандан кийин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинде кабьш алынат.
"Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 26-беренесине ылайык ишке ашуусу мамлекеттик бюджеттен каржылана турган ченемдик укуктук актылар алар боюнча каржылоо булагы аныкталмайынча кабыл алынбайт.
Ошондой эле мыйзамдын долбоорунун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин 2015-жылдын 26-июнундагы № 5389-V токтому менен бекитилген Мыйзам чыгаруу техникасы боюнча нускамада белгиленген мыйзам чыгаруу техникасынын талаптарьша шайкеш келбестигин белгилөө зарыл.
Баяндалгандардын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөту бул корутундуда баяндалган сын сунуштарды эске алуу менен ушул мыйзамдын долбоорун кабыл алуу мүмкүн деп эсептейт.