Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 22-октябры № 727
"Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши аталган мыйзамдын долбоорун караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
"Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1997-ж., № 8, 392-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
7-статьяда:
2-бөлүгүндө:
экинчи сүйлөмдөгү "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан мыйзам менен пенсиялык камсыздандыруу иши бардык түрлөрү үчүн бирдей өлчөмдө" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
төмөнкүдөй мазмундагы үчүнчү сүйлөм менен толукталсын:
"Пенсиянын базалык бөлүгү пенсиясынын камсыздандыруу бөлүгү пенсия дайындалган датага карата пенсионердин үч жашоо минимумунун чоңдугунан (өткөн жылда иш жүзүндө түзүлгөн) ашпаган адамдарга дайындалат жана төлөнөт.";
4-бөлүгүндө:
биринчи сүйлөмүндө "пенсиянын" деген сөздөн кийин "базалык жана" деген сөздөр менен толукталсын;
төмөнкүдөй мазмундагы экинчи жана үчүнчү сүйлөмдөр менен толукталсын:
"Индексациялоодон мурдагы өткөн календардык жылда республика боюнча орточо эмгек акынын чоңдугунун көлөмүнүн көбөйүшү пенсиянын базалык бөлүгүнө индексациялоо жүргүзүү үчүн шарт болуп саналат. Пенсиянын базалык бөлүгү, эгерде пенсиянын жалпы өлчөмү пенсионердин жашоо минимумунун чоңдугунан (өткөн календардык жылда иш жүзүндө түзүлгөн) төмөн болсо индексацияланат.".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланууга тийиш жана 2016-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|
|