Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 22-октябры № 729
Ош облусунун Алай районунун Талды-Суу айыл аймагында жана Чоң-Алай районунун Чоң-Алай, Жакенди, Кашка-Суу айыл аймактарында жайгашкан жерлерди “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которуу (трансформациялоо) жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 20-беренесине, “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине, “Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесине ылайык, “Кыргызстан-Кытай” магистралдык газ түтүгүн (Д тарамы) куруу үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2015-жылдын 26-мартындагы 175-б буйругун жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2015-жылдын 7-августундагы № 03/777 өтүнүчүн көңүлгө алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Магистралдык газ түтүгүн (Д тарамы) куруу үчүн Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Алай жана Чоң-Алай райондорунун аймактарында жайгашкан 18,92 га жер которулсун, анын ичинен:
- “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына:
Алай районунун Талды-Суу айыл аймагында жайгашкан, жеке менчикте турган 0,25 га сугат айдоо жери;
Чоң-Алай районунун Жакенди айыл аймагында жайгашкан 0,27 га кайрак айдоо жери;
Чоң-Алай районунун Чоң-Алай айыл аймагында жайгашкан 1,56 га сугат айдоо жери;
Чоң-Алай районунун Кашка-Суу айыл аймагында жайгашкан 16,39 га сугат айдоо жери;
- “Суу фондунун жерлери” категориясынан “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына:
Чоң-Алай районунун Чоң-Алай айыл аймагында жайгашкан 0,45 га бадалдуу жер.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты төмөнкүлөрдү камсыз кылсын:
- жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ушул токтомдун 1-пунктунда аталган жерлердин шаар куруу документтерин иштеп чыгууну жана бекитүүнү;
- жогорку вольттуу электр берүү линияларын чыгаруу же куруу зарыл болгондо жумуштарды каржылоо булагын жана тартибин аныктоону;
- ушул токтомдун 1-пунктунда аталган жерлерди максаттуу багыты боюнча пайдаланууну;
- ушул токтомдун 1-пунктунда аталган жерлерди юридикалык жактарга берүүдө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген ченемдерге ылайык айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын ордун толтуруу наркынын суммасынын төлөнүшүн.
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
4.. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |