Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 1-августундагы № 422 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 23-октябры № 730
Ош шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын муниципалдык кызматчыларынын штаттык санынын чеги жөнүндө
Ош шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын түзүмүн жана муниципалдык кызматчыларынын штаттык санын оптималдаштыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын штаттык санынын чеги жөнүндө жана эмгегине акы төлөөнүн шарттары тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ош шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын муниципалдык кызматчыларынын штаттык санынын чеги тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 13-январындагы № 10 "Ош шаарынын мэриясынын структурасын жана штаттык санын бекитүү жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 10-сентябрындагы № 566 "Шаарлардын мэрияларына караштуу айылдардын аймактык башкармалыктарын түзүү жөнүндө" токтомунун 6-пункту;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 12-июлундагы № 383 "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу" токтомунун 7-пункту;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-августундагы № 452 "Кыргыз Республикасынын республикалык, облустук, райондук маанидеги шаарларынын шаардык кеңештеринин аппараттарынын типтүү түзүмүн жана штаттык санын бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген Республикалык маанидеги шаарлардын шаардык кеңештеринин аппараттарынын типтүү түзүмүнүн жана штаттык санынын "Ош шаары" графасы;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 22-августундагы № 478 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине толуктоо жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун 2-пункту.
3. Ош шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын муниципалдык кызматчыларынын штаттык бирдигинин өзгөргөндүгүнө байланышкан чыгымдар Ош шаарынын жергиликтүү бюджетинин каражатынын эсебинен каралары белгиленсин.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |
Тиркеме
Ош шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын муниципалдык кызматчыларынын ШТАТТЫК САНЫНЫН ЧЕГИ
№ | Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын аталышы | Штаттык бирдиктердин саны (техникалык жана тейлөө персоналысыз) |
1 | Ош шаардык кеңеши | 17 |
2 | Ош шаарынын мэриясы | 191 |
| анын ичинде: |
|
| - мэриянын аппараты | 51 |
| - түзүмдүк бөлүнүштөр | 87 |
| - аймактык бөлүнүштөр | 53 |