Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 27-октябры № 732
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 22-декабрындагы № 719 "Тамекинин зыяны жөнүндө тамеки буюмдарынын кутуларына жана таңгактарына жайгаштыруу үчүн багытталган иллюстрацияланган медициналык эскертүүлөрдүн тизмегин бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө
Техникалык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү улуттук мыйзамдарды Евразия экономикалык бирлигинин мыйзамдарына шайкеш келтирүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алып Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 22-декабрындагы № 719 "Тамекинин зыяны жөнүндө тамеки буюмдарынын кутуларына жана таңгактарына жайгаштыруу үчүн багытталган иллюстрацияланган медициналык эскертүүлөрдүн тизмегин бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү жана толуктоо киргизилсин:
- жогоруда көрсөтүлгөн токтомдун тиркемесинде расмий тилдеги "Курение во время беременности вредит Вашему будущему младенцу" иллюстрациясы ушул токтомдун тиркемесине ылайык иллюстрацияга алмаштырылсын;
- токтом төмөнкүдөй мазмундагы 3-1-пункту менен толукталсын:
"3-1. 2016-жылдын 1-январына чейин Кыргыз Республикасынын рынокторуна түшкөн бардык тамеки буюмдары, тамекинин зыяндуулугу жөнүндө ушул токтом менен бекитилген иллюстрацияланган медициналык эскертүүлөрдү тамеки кутуларына жана таңгактарына жайгаштырбастан толук сатылып бүткөнгө чейин рыноктордо болуусу мүмкүн.".
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |
Тиркеме
КР Юстиция Министрилигинин архивинде сакталат