Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 27-октябры № 737
“Кыргыз Республикасында аңчылыкка тыюу салуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу
“Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары И.И.Исаков, Ө.Абдырахманов, Р.Б.Жээнбеков тарабынан демилгеленген “Кыргыз Республикасында аңчылыкка тыюу салуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын “27” октябры № 737 токтому менен жактырылган |
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары И.И.Исаков, Ө.Абдырахманов, Р.Б.Жээнбеков тарабынан демилгеленген “Кыргыз Республикасында аңчылыкка тыюу салуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун (мындан ары - Мыйзамдын долбоору) “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү төмөнкүдөй корутундуга келди.
Сунуш кылынган Мыйзамдын долбоору менен Кыргыз Республикасынын аймагында эркин жана жарым эркин шарттагы жапайы жаныбарлардын жана куштардын баардык түрлөрүнө 2030-жылга чейин, карышкыр, түлкү жана чөөнүн санын жөнгө салуу иш-чараларынан башка аңчылыкка тыюу салуу каралган.
Мыйзамдын долбоорунун негиздеме-маалымкатына ылайык аңчылыкка тыюу салууга негизги себеп акыркы жыйырма жылда жапайы жаныбарлардын санынын кескин азайып кетиши болгон.
Ушуга байланыштуу, азыркы учурда Кыргыз Республикасында аңчылык максатында жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттери 52 (42 жеке, 9 коомдук жана 1 мамлекеттик) юридикалык жана жеке жактар тарабынан пайдаланылып жатканын белгилөө керек, аларга бекитип берилген мергенчилик кылуучу жерлердин жалпы аянты 14,4 млн га, анын ичинен мамлекеттик ыйгарым укуктуу органга - 7,2 млн га, коомдук уюмдарга - 3,2 млн га жана жеке аңчылыкты пайдалануучуларга - 4,0 млн га бекитип берилген.
Бекитип берилген жерлерде жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттерин коруу боюнча атайын иш-чаралар жүргүзүлөт, аларга Кыргыз Республикасынын Кызыл китебине киргизилген жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттерин коруунун өзгөчө режимин түзүү, атайын талаптарды жана эрежелерди белгилөө, пайдаланууга чектөөлөрдү киргизүү, ошондой эле аңчылыктын мөөнөттөрүн, аң жаныбарларынын түрлөрүн олжолоонун лимиттерин/квоталарын жана ченемдерин Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы менен макулдашуу боюнча белгилөө кирет.
Кыргыз Республикасынын жаратылышты коргоо мыйзамдарынын талаптарына ылайык аңчылыкты пайдалануучулар тарабынан жапайы жаныбарларды жана алардын жашоо чөйрөсүн жыл бою коруу, жаныбарлар дүйнөсүнүн ресурстарынын абалына терс таасир этүүчү факторлорду минималдаштыруу, аңчылык ресурстарын сактоо жана көбөйтүү камсыздалат, бул жергиликтүү мергенчилерди да, чет өлкөлүк мергенчи туристтерди да тартууга шарттарды түзөт.
Мындан тышкары кээ бир аңчылык аймактарда (Талас, Чүй облустарында, Ысык-Көл облусунун Тоң, Ак-Суу, Түп райондорунда, Нарын облусунун Ак-Талаа, Жумгал райондорунда, Ош облусунун Алай жана Чоң-Алай райондорунда) жапайы жаныбарлардын кээ бир түрлөрүнө аңчылык кылууга убактылуу тыюу салынган.
Аңчылык кылуучу жаныбарлардын негизги түрлөрүн эсепке алуунун маалыматына карасак, 2012-2014-жылдар мезгилинде жогоруда аталган жеке жана юридикалык жактарга бекитип берилген аңчылык жерлерде жапайы жаныбарлардын саны: аркардын памирлик түрү - 17599дан 18988ге чейин; тоо теке - 49146дан 48889га чейин; каман - 1632ден 1668ге чейин; элик - 5253төн 5670ке чейин болгон.
Мында чет өлкөлүк турист-аңчыларга аңчылык турларды уюштуруу жана өткөрүү үчүн Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы менен макулдашуу боюнча аркардын памирлик түрүнө 70ти атууга лимит белгиленет, бул ушул түрдүн жалпы санынын 0,5 пайызына жакынды түзөт. Мында 7 жаштан өткөн эркектерин гана атууга уруксат берилет.
Аркарды мындай өлчөмдө атуу бул түрдүн популяциясынын абалына орчундуу таасирин тийгизбейт.
Чет өлкөлүк турист-аңчыларга аңчылык тур уюштуруу жана өткөрүү үчүн тоо текени атууга ар жылдык лимит 400 башты, же жаныбарлардын бул түрүнүн эсепке алынган жалпы санынын 0,8 пайызы өлчөмүндө белгиленет.
Буга байланыштуу, жапайы жаныбарлардын санын көбөйтүү үчүн аңчылыкка тыюу салуу жалгыз ыкма эмес, анткени жаратылышта жапайы жаныбарлардын саны бир топ жаратылыштык жана техногендик факторлорго жараша болот (климаттык шарттар, тоют базасы, жырткыч жаныбарлар, тамак-ашка болгон конкуренция, айыл чарба жана иштин башка түрлөрү, жер титирөө, кар көчкү жана башкалар).
Туруктуу башкаруу жолу менен аңчылык ишти жүргүзүү жапайы жаныбарлардын санын сактоого, көбөйтүүгө жана республикалык бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүүгө, анын ичинде жергиликтүү бюджетке кыйла акча каражатынын түшүүсүнө өбөлгө болот.
Баштапкы эсептөөлөр боюнча, аңчылыкка тыюу салуу республикага 110,0 млн ашык сомдун түшүүсүн токтотот, анын ичинен 40,0 млн сом жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттерин пайдалануудан түшөт жана 70,0 млн сом – турист аңчынын Кыргыз Республикасында болуусуна байланыштуу чыгымдары.
Ошентип, жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттерин мындай пайдалануудан түшкөн каражаттын 40 млн сомго жакыны бекитип берилген жерлерде жаратылышты коргоочу жана биотехникалык иштерди жүргүзүүгө жумшалат.
Андан тышкары Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 16-январындагы № 17 “Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жапайы жаныбарларды атайын пайдалангандык үчүн акынын ставкаларын бир нече эсе көбөйтүүнү белгилеп жатат.
Буга чейин аңчылык пайдалануучу тарабынан бир аркарга - 250000 сом, тоо текеге - 36000 сом, эликке - 10000 төлөнүп келсе, эми аркарга - 450000 сом, тоо текеге - 70000 сом, эликке - 30000 сом төлөө каралып жатат, д.у.с., бул да республикалык бюджеттин киреше бөлүгүн орчундуу көбөйтөт.
Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасында бекитип берилген аңчылык жерлеринде жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттерин коруу, калыбына келтирүүчү жана биотехникалык иш-чараларды аткарууда 209 егерь иштейт, анын ичинен: 53 егерь - мамлекеттик аңчылык участокторунда, 156 егерь - коомдук уюмдарга жана жеке ишкерлерге бекитип берилген жерлерде иштешет.
Жапайы жаныбарлардын жана куштардын эсебин алуу, санын сактоо жана көбөйтүү, биотехникалык иш-чараларды жүргүзүү, карышкырлардын, чөөлөрдүн жана башка зыяндуу куштардын санын жөнгө салуу, ошондой эле жапайы жаныбарларды корууну ишке ашыруу үчүн ар бир егерге орто эсеп менен 70,0 миң га туура келет. Бул егерлердин физикалык мүмкүнчүлүктөрүнөн бир топ эле ашык болгондуктан, коруу иштерин күчтөндүрүү үчүн алардын штаттык санын көбөйтүү талап кылынат.
Республикалык бюджеттен каржылоо корголгон беренелер боюнча гана, б.а ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызматкерлеринин эмгек акысын төлөөгө жана Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна которууларга гана берилет.
Егерлерди каржылоого жылына 15047,0 миң сом бөлүнөт, анын ичинен: ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын егерлерин кармоого республикалык бюджеттен - 4452,0 миң сом, коомдук жана жеке менчик уюмдардын аңчылык пайдалануучуларынын өздүк эсептеринен - 10595,0 миң сом бөлүнөт.
Мындан тышкары коруучу-калыбына келтирүүчү жана биотехникалык иш-чараларды жүргүзүүгө (аңчылык жаныбарлардын өлүмгө дуушарланышын алдын алуу, аңчылык ресурстарды кошумча тоюттандыруу жана алардын жашаган чөйрөсүндөгү тоют шарттарын жакшыртуу, аңчылык жерлерге мелиорация жүргүзүү, аңчылык ресурстарды коргоонун жана табигый түрдө көбөйүүсүнүн шарттарын жакшыртуу, аңчылык ресурстарды бөлүштүрүп жайгаштыруу, аңчылык ресурстардын ооруларынын алдын алуу жана башка иштерге) аңчылык пайдалануучулар, анын ичинен ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган, коомдук жана жеке менчик уюмдар тарабынан алардын жеке (атайын) каражаттарынан жыл сайын 22502,4 миң сом бөлүнөт.
Ушуга байланыштуу, эгер Мыйзамдын долбоору кабыл алынса жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттерин коруу жана көбөйтүү боюнча иш-чаралардын комплексин аткаруу, егерлер курамынын материалдык-техникалык базасын жабдуу жана чыңдоо үчүн республикалык бюджеттен кошумча каржылоо зарыл болот.
Ошондой эле Мыйзамдын долбоору кабыл алынса жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары “Аңчылык жана мергенчилик чарбасы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-беренесинде каралган жергиликтүү бюджетке түшүүчү акча каражатынын түрлөрүнүн булактарынын биринен айрылышат, ал беренеде аңчылык жаныбарларды атайын пайдалангандык үчүн акынын суммасынын 25 пайызы жаныбардын олжолонгон жери боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жергиликтүү бюджеттерине бөлүнөт деп белгиленген.
Жапайы жаныбарлардын санын көбөйтүү үчүн аңчылыкка тыюу салуудан башка да зарыл иш-чаралар болуп: жапайы жаныбарлардын санына мониторинг жүргүзүү боюнча ишти күчөтүү, мында аң уулоо үчүн лимиттерди жана квоталарды илимий негизде аныктоо үчүн так жана туура маалыматтарды алуу; корууну күчөтүү; жапайы жаныбарлар жашаган тигил же бул ареалдарды экологиялык жактан жакшы эмес деп, чектөөөлөр киргизиле турган өзгөчө корголуучу жаратылыштык аймак (заказник) деп жарыялоо; мыйзамсыз аңчылык үчүн жана тийиштүү кызматтардын өздөрүнүн милдеттерин жетишсиз аткарышкандыгы үчүн жоопкерчиликти күчөтүү жана башкалар эсептелет.
Мыйзамдын долбоору боюнча жөнгө салуучу таасирди талдоого байланыштуу (мындан ары – ЖСТТ) “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесине ылайык, ишкердик жүргүзүүнү жөнгө салууга багытталган ченемдик укуктук актылардын долбоорлору Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 30-сентябрындагы № 559 токтому менен бекитилген методикага ылайык ЖСТТ алынууга тийиш.
Методикага ылайык ЖСТТ жүргүзүү үчүн жумушчу топтун курамына юриспруденция, финансы жана экономика тармагындагы, киргизилүүчү жөнгө салуу чөйрөсүндөгү адистер, ошондой эле мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, коммерциялык уюмдардын жана ишкерлердин өкүлдөрү киргизилет.
Бирок республикада белгиленген тартипте аңчылык пайдалануу ишин жүргүзүшкөн ишкердик субъекттери Мыйзамдын долбооруна ЖСТТ иштеп чыгууда жумушчу топтун курамына тартылышкан эмес.
Мындан тышкары, жогоруда аталган методикага ылайык проблемаларды аныктоо этабында аныкталган жагымсыз окуялардын баарына талдоо жүргүзүү, алардын ортосундагы байланыштарды жана келип чыгуу себептерин табуу, аныкталган байланыштардын баарын “проблемалар тактасында” чагылдыруу зарыл, б.а. жагымсыз натыйжаларга алып келген проблеманын тамырын табуу жана көрсөтүү зарыл.
Максаттарды аныктоо этабында мамлекеттик жөнгө салуунун конкреттүү максаттары топтоштурулуп жана максаттарга жетүүнүн сандык жана сапаттык индикаторлору (таасир берүү көрсөткүчү) аныкталып, максаттарга жетүүнү баалоо үчүн максаттын маанилери көрсөтүлүүгө тийиш, б.а. ченемдик укуктук актыларды кабыл алуу максатынын так баяндамасын жана мамлекеттик жөнгө салууну орчундуу өзгөртүүнү көздөгөн варианттар үчүн жетишүү индикаторлорун көрсөтүү зарыл.
Ошондой эле, берилген талдоодо проблемалардын масштабы (экономикалык, социалдык, аймактык, убакыттык жана башка өлчөмдөрдө) жана ушуга окшош проблемаларды чечүүнүн эл аралык тажрыйбасы чагылдырылган эмес.
“Кандай болсо баары ошондой калтырылсын” деген варианттан тышкары, ЖСТТ мамлекеттик жөнгө салууну өзгөртүүнү көздөгөн жөнгө салуунун 2 альтернативдик вариантын камтууга тийиш, мында ар бир вариант үчүн жөнгө салуунун ыкмасын, индикаторлордун максаттык маанилерин, ошондой эле укуктук, экономикалык жана башка талдоолордун баяндамаларын көрсөтүү зарыл. Натыйжада конкреттүү иш-аракеттердин толук баяндамасы алынып, алар максаттарга жетүү үчүн кабыл алынууга тийиш.
Жөнгө салуу вариантынын күтүлүүчү натыйжаларын аныктоо этабында ар бир категория боюнча жөнгө салуунун болжолдонгон варианттарына карата кызыкдар тараптардын: ишкердик субъекттеринин, жеке жактардын жана алардын бирикмелеринин, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын пикирлерине талдоо жүргүзүлүп жана алардын кызыкчылыктарына кандайча тиешеси бар экендигин көрсөтүү зарыл.
Ушуга байланыштуу ЖСТТда ар бир категория боюнча жөнгө салуунун сунушталган болжолдонгон варианттарына карата кызыкдар тараптардын пикирлерин көрсөтүү, ошондой эле кимдердин пикирлери эске алынганын же алынбаганын баяндоо зарыл.
Ошондой эле экономикалык талдоо жүргүзүү этабында натыйжалардын ар бирин финансылык көрүнүштө талдоо жана мамлекеттин да, ишкерлердин да коромжуларын/пайдаларын суммалык баалоону көрсөтүү зарыл.
Ишке ашыруу үчүн жөнгө салуу вариантын тандоо этабында жөнгө салуу максаттарына жетүү деңгээли боюнча жана ар түрдүү кызыкдар тараптардын кызыкчылыктарына жараша жөнгө салуунун ар бир вариантын баалоо, ошондой эле жөнгө салуу варианттарын өз ара салыштыруу жана жүргүзүлгөн талдоонун натыйжалары боюнча эң ыңгайлуу вариантты тандоо зарыл.
“Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 25-беренесине ылайык ченемдик укуктук актынын долбоорунун негиздеме-маалымкаты төмөнкүдөй маалыматтарды камтышы керек:
- ченемдик укуктук актыны кабыл алуунун натыйжасында жетишиле турган же чечилүүчү маселелер;
- ченемдик укуктук актыны даярдап жаткан учурда колдонулуудагы ченемдик укуктук базанын анализи, коомдук мамиленин ошол чөйрөсүндө колдонулуп жаткан мыйзамдарга мониторингдин жана баалоонун жыйынтыктары;
- ченемдик укуктук актыны кабыл алгандан кийинки мүмкүн болуучу социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоо, гендердик, экологиялык, коррупциялык натыйжалардын божомолдору;
- ченемдик укуктук актынын мыйзамдарга ылайыктыгынын анализи;
- аны каржылоого булактардын бар экендиги.
Ушуга байланыштуу Мыйзамдын долбооруна берилген негиздеме-маалымкатта коомдук талкуу өткөрүлгөндүгү жөнүндө маалыматтын жоктугун, бул болсо ушул беренеге жана жогоруда аталган Мыйзамдын 22-беренесине каршы келет, ал берене боюнча жарандардын жана юридикалык жактардын кызыкчылыктарына түздөн-түз тиешеси бар ченемдик укуктук актылардын долбоорлору, ошондой эле ишкердикти жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылардын долбоорлору ченем жаратуучу органдын расмий сайтына жайгаштыруу аркылуу коомдук талкуулоого алынууга тийиштигин белгилеп коюу зарыл.
Жогоруда баяндалгандардын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү “Кыргыз Республикасында аңчылыкка тыюу салуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун кабыл алууга эрте деп эсептейт.