Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 19-майындагы № 269 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 27-октябры № 739
“Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине, “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик салык кызматы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына)” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Экономика министри бул мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |
Долбоор
1-берене
Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., №2, 77-бер.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. Төмөнкүдөй мазмундагы 300¹-берене менен толукталсын:
“300¹-берене. Эсептик-контролдук маркаларды жасалмалоо, пайдалануудан чыккандарды кайрадан пайдалануу же Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагына ташып келүү, эсептик-контролдук маркалар менен маркалоого тийиш болгон товарларды эсептик-контролдук маркаларды түшүрүүсүз сактоо жана сатуу.
1. Эсептик-контролдук маркаларды жасалмалоо, пайдалануудан чыккандарды кайрадан пайдалануу, ошого тете эсептик-контролдук маркалар менен маркалоого тийиш болгон товарларды эсептик-контролдук маркаларды түшүрүүсүз сактоо жана сатуу -
жасалма же кайтадан пайдаланылган эсептик-контролдук маркасы менен товарды конфискациялоо менен жарандарга - эсептик көрсөткүчтүн жүз өлчөмүндө, кызмат адамына - эки жүз өлчөмүндө, юридикалык жакка - миң өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.
2. Эсептик-контролдук маркалар менен маркалоого тийиш болгон товарларды Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагына эсептик-контролдук маркаларды түшүрүүсүз ташып келүү -
эсептик-контролдук марка менен маркалоого тийиш болгон товарды конфискациялоо менен жарандарга - эсептик көрсөткүчтүн жүз өлчөмүндө, кызмат адамына - эки жүз өлчөмүндө, юридикалык жакка - миң өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.”.
2. 508-беренесинин 1-бөлүгү “300,” деген цифралардан кийин “300¹,” деген цифралар менен толукталсын.
3. 535-беренесинин 1-бөлүгү жана эскертүүсү “300,” деген цифралардан кийин “300¹,” деген цифралар менен толукталсын.
4. 556¹-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктунда:
- он бешинчи абзацы “289,” деген цифралардан кийин “300¹-беренесинин 2-бөлүгү менен,” деген сөздөр менен толукталсын.
- жыйырма үчүнчү абзацы “300,” деген цифралардан кийин “300¹,” деген цифралар менен толукталсын.
2-берене
Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 1998-ж., №7, 229-бер.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
199-беренесинин бүткүл тексти боюнча “акциздик маркаларды” деген сөздөрдөн кийин “жана/ же эсептик-контролдук маркаларды” деген сөздөр менен толукталсын.
3-берене
“Кыргыз Республикасынын мамлекеттик салык кызматы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., №1, 24-бер.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
1-берененин 1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“1. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик салык кызматы органдары (мындан ары - мамлекеттик салык кызматы органдары) - салык мыйзамдарынын сакталышына, салыктардын туура эсептелишине жана өз убагында төгүлүшүнө, эсептик-контролдук маркалардын туура колдонулушуна жана товарларда болушуна контролдукту камсыз кылуу, салык төлөөчүлөргө салык милдеттерин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген, жеке ишкерлер катары жеке жактарды каттоо боюнча, ошондой эле этил спиртин, алкоголдук жана курамында спирт камтылган продукцияларды импорттоону, өндүрүүнү жана жүгүртүүнү мамлекеттик жөнгө салуу жана контролдоо боюнча талаптарга ылайык аткаруу боюнча көмөк көрсөтүү функцияларын аткарууну жүзөгө ашыруучу салык органдарынын бирдиктүү системасы.”.
4-берене
Ушул Мыйзам 2016-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын
Президенти