КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 27-октябры № 742
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын
30-декабрындагы № 763 “Кыргыз Республикасынын энергия системасында таңкы жана кечки максимум күч келүүчү сааттарда электр энергиясын керектөөнү азайтуу боюнча чаралар жөнүндө” токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу
Бишкек шаары, “Көк-Жар” турак жай массиви дареги боюнча жайгашкан жаңы курулган жана курулуп жаткан объекттерди электр менен камсыздоо жана өз убагында пайдаланууга киргизүү максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 30-декабрындагы № 763 “Кыргыз Республикасынын энергия системасында таңкы жана кечки максимум күч келүүчү сааттарда электр энергиясын керектөөнү азайтуу боюнча чаралар жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:
- 4.1-пункту төмөнкүдөй мазмундагы тогузунчу абзац менен толукталсын:
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин, Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн аппараттарынын кызматкерлери үчүн курулган, Бишкек шаары, “Көк-Жар” турак жай массиви дареги боюнча жайгашкан турак үйлөрдү 2016-жылдын 1-апрелине чейинки мөөнөттө жылытуу үчүн электр энергиясын убактылуу пайдаланууну эске алып, “Электросила” жоопкерчилиги чектелген коому менен бирдикте “Көк-Жар” 35/10 кВ көмөк чордонун электр менен камсыздоого “Асанбай” көмөк чордонунан жана “Орок” көмөк чордонунан экинчи киргизүү менен техникалык шарттарды берүү жөнүндө маселени карасын;”.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |