Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 27-октябры № 748
Айдап келүүнүн тартибин бекитүү жөнүндө
Администрациялык жоопкерчиликке тартылуучу адамдарды айдап келүүнүн тартибин аныктоо максатында, Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексинин 561-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айдап келүүнүн тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги:
- өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин;
- ушул токтомдон келип чыккан иш-чараларды жүзөгө ашыруу боюнча чараларды көрсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |