Загрузка документа…
Тиркеме
КР Ѳкмѳтγнγн
2015-жылдын 27-октябры № 748
токтому менен
бекитилген
Айдап келүүнүн тартиби
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Тартип администрациялык укук бузуу жөнүндө иши каралып жаткан адамдарды айдап келүүнүн тартибин аныктайт.
2. Айдап келүү администрациялык укук бузуу жөнүндө иш боюнча өндүрүштүн мыйзамдуулугун камсыздоонун бирден-бир чаралары болуп эсептелет.
3. Айдап келүүгө администрациялык укук бузуу жөнүндө иш боюнча өздөрүнө карата өндүрүш жүргүзүлүп жаткан жеке жактар же юридикалык жактын мыйзамдуу өкүлдөрү, иши боюнча администрациялык өндүрүштү жүргүзүп жаткан адам чакырганда себепсиз келбей койгон администрациялык жоопкерчиликке тартылып жаткан жашы жете элек жактын мыйзамдуу өкүлдөрү кабылат.
4. Чакырык боюнча белгиленген мөөнөттө келүүгө тоскоолдук кылган жүйөлүү себептер жөнүндө чакырыкты алган жак администрациялык өндүрүштү жүргүзүп жаткан сотко же органга кабарлоого милдеттүү.
5. Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары тарабынан (мындан ары – ИИО) айдап келүүнүн негизи катарында ушул Тартиптин 1-тиркемесине ылайык формада администрациялык укук бузуу жөнүндө ишти карап жаткан кызмат адамынан келип түшкөн аныктама эсептелет.
6. Он алты жашка чейинки жашы жете электер, кош бойлуу аялдар, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар, өзүнүн турган жерин ден соолугунун абалы боюнча калтырып кете албагандыгы же калтырып кетүүгө болбой тургандыгы дарыгер тарабынан күбөлөндүрүлгөн оорукчан адамдар же аларды айдап келүүгө тоскоолдук кылган оорусунун ачык белгилери бар, ошондой эле администрациялык укук бузуу тууралуу ишти карап жаткан кызмат адамына келүү жөнүндө кабарламаны белгиленген тартипте албаган адамдар айдалып келүүгө тийиш эмес.
7. Айдап келүү түнкү убакта, жергиликтүү убакыт боюнча саат жыйырма экиден эртең мененки алтыга чейин жүргүзүлбөйт.
2. Администрациялык айдап келүүнүн тартиби
8. Айдап келүү жөнүндө келип түшкөн аныктаманы ички иштер органынын аймактык, линиялык же ведомствого караштуу бөлүнүштүн начальниги же тийиштүү жетекчинин ыйгарым укуктуу буйругу менен бул бөлүнүштүн кызматкери (мындан ары – ыйгарым укуктуу адам) карайт.
9. Айдап келүү жөнүндө келип түшкөн аныктаманы алганда, ыйгарым укуктуу адам айдап келине турган адам тууралуу анда көрсөтүлгөн маалыматтарды текшерет, ошондой эле анын иш жүзүндө турган жерин аныктоо чараларын көрөт. Зарыл болгон учурда айдап келине турган адам белгиленген тартипте ички иштер органдарында болгон эсепке алуу маалыматтары боюнча текшерилет.
10. Эгерде айдап келүү жөнүндө аныктамада айдап келүүгө тийиш болгон адамдын ким экендигин же анын турган жайын аныктоого мүмкүндүк бере турган айрым маалыматтар жок болсо жана аларды толуктоо мүмкүн болбосо, ыйгарым укуктуу адам бул жөнүндө айдап келүүнүн демилгечисине токтоосуз билдирет.
11. Айдап келүү жөнүндө аныктамада көрсөтүлгөн адам же анын өкүлү башка ички иштер органынын тейлөө аймагында болгон учурда, айдап келүү тапшырылган ыйгарым укуктуу адам төмөндөгү чечимдерди кабыл алат:
- андан ары айдап келүүнүн демилгечисине кабарлоо менен айдап келүү жөнүндө аныктаманы аткаруу үчүн аймактар боюнча жөнөтүү тууралуу;
- андан ары ИИОнун аталган бөлүнүшүнө кабарлама берүү менен ички иштер органынын башка бөлүнүшүнүн тейлөө аймагында айдап келүү жөнүндө.
12. Айдап келүү үчүн ыйгарым укуктуу адам айдап келүүгө тийиш болгон адам жашаган же турган административдик участоктун аймагындагы ИИОнун кызматкерине айдап келүү жөнүндө аныктаманы жөнөтөт.
13. Зарылчылыкка жараша айдап келүү үчүн ИИОнун тийиштүү бөлүнүшүнүн жетекчисинин чечими боюнча ИИОнун кызматкерлеринин тобу (наряд) жөнөтүлүшү мүмкүн, анын курамы жана саны айдап келүү жөнүндө аныктаманы аткаруу үчүн зарыл болгон айкын шарттарга негизденип аныкталат.
14. Ыйгарым укуктуу адам ИИОнун кызматкерине же ИИОнун кызматкерлеринин тобунун (нарядынын) ага кызматкерине милдеттүү түрдө инструктаж өтөт жана ага айдап келүү жөнүндө аныктаманы берет.
15. Укук тартибин коргоо боюнча коомдук түзүмдөрдүн мүчөлөрү, аткаруу бийлик органдарынын кызмат адамдары, айдалып келүүгө тийиш болгон адамдын иштеген же окуган жери боюнча ишкананын, уюмдун, мекеменин администрациясынын өкүлдөрү айдап келүүдө милиция кызматкерлерине көмөк көрсөтүү үчүн ыктыярдуу негизде тартылышат.
16. Айдап келген ИИОнун кызматкерлери айдап келүү жөнүндө аныктамада болгон маалыматтардын (аты-жөнү, туулган жылы жана жашаган жери) негизинде айдалып келе турган адамдын ким экендигин так аныктоого милдеттүү.
17. Айдалып келе турган адам аныкталгандан кийин ИИОнун кызматкери же топтун (наряддын) ага кызматкери тил кат алуу менен ага айдап келүү жөнүндө аныктаманы жарыялайт. Айдалып келе турган адам кол коюудан баш тартса, айдап келген ИИОнун кызматкери же топтун (наряддын) ага кызматкери тарабынан айдап келүү жөнүндө аныктамага тийиштүү жазуу калтырылат.
18. Айдап келген ИИОнун кызматкерлери айдалып келе турган адамдын абийирине жана аброюна шек келтире турган аракеттерди жасабашы керек. Алар айрыкча айдалып келүүчү адамды коштоп жүрүүдө, алардын чакырылган жерге келүүдөн баш тартуусун же болбосо өзүнө же айланасындагыларга кандайдыр бир зыян келтирүүсүн болтурбоо үчүн сак болууга милдеттүү.
19. Айдалып келүүчү адам айдап келүү жөнүндө аныктамада көрсөтүлгөн жайга жеткирилет жана администрациялык укук бузуу тууралуу ишти карап жаткан кызмат адамына өткөрүлүп берилет.
20. Айдап келүү жөнүндө аныктаманы аткаруу тапшырылган ИИОнун кызматкери же топтун ага кызматкери айдап келүүнүн жыйынтыктары тууралуу аныктаманы чыгарган кызмат адамына жана айдап келүүгө тапшырма берген жетекчиге ушул Тартиптин 2-тиркемесине ылайык формадагы билдирме аркылуу баяндайт.
21. Айдап келүү жөнүндө аныктамада көрсөтүлгөн мөөнөттө айдап келүүгө мүмкүн болбосо, ошондой эле айдалып келүүчү адам же анын өкүлү жок болгон учурда, аныктаманы аткаруу тапшырылган ИИОнун кызматкери же топтун (наряддын) ага кызматкери көрсөтүлгөн жагдайларды ырастаган документтердин көчүрмөлөрүн тиркөө менен айдап келүү жөнүндө аныктаманы аткарууга тоскоолдук кылган жагдайларды билдирмеде көрсөтүү аркылуу айдап келүүнүн демилгечисине бул туурасында тезинен баяндама жасайт.
Айдап келүүнүн тартибине
1-тиркеме
____________________ «____»_______________20__ж.
(толтуруу орду)
Мен,______________________________________________________________________
(органдын аталышы көрсөтүлөт,
___________________________________________________________________________
чечим кабыл алган адамдын аты-жөнү)
________________________________________________ материалдарды карап чыгып,
Белгиледим:
__________________________________________________________________________________
(алып келүүнүн кыскача фабуласы, себеби жана
__________________________________________________________________________
негиздери көрсөтүлөт)
__________________________________________________________________________________________
Баяндалгандардын негизинде, Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексинин ________________ беренесин жетекчиликке алуу менен,
Аныктадым:
1. ___________________________________________________________________
(аты-жөнү, жашаган жана иштеген жери көрсөтүлөт)
айдалып келүүгө тийиш _________________________________________________
__________________________________________________________________________________
(кызматтык бөлмөнүн №, бөлүнүштүн аталышы жана жайгашкан жери,
кызмат адамынын атайын наамы жана аты-жөнү көрсөтүлөт)
__________________________________________________________________________________________
«____»________________20______ж. ______ саат _____ мүнөт.
2. Айдап келүү жөнүндө аныктама ____________________________________
(аты-жөнү)
__________________________________________________________________________________
аткаруу үчүн жиберилет________ _____________________________________________
(органдын аталышы көрсөтүлөт)
__________________________________________________________________________________
__________________________________________________________________________ (кызмат адамынын атайын наамы, аты-жөнү жана колу)
«__»_____20___жылы _____саат ____мүнөттө алып келүү жөнүндө аныктама мага жарыяланды.
____________________________
(айдалып келген адамдын колу)
]
Айдап келүүнүн тартибине
2-тиркеме
___________________________________
___________________________________
Көчүрмө: ИИОнун начальнигине__________ __________________________
Айдап келүү жөнүндө
билдирме
1. Айдап келүү жөнүндө аныктама _____________________________
___________________________________________________________
2. Айдалып келген датасы___________________________________
3. Айдап келүү убактысы____________________________________
4. Айдалып келген адамдын аты-жөнү_________________________
5. Айдалып келген адамдын дареги____________________________
6. Айдап келгендер: ________________________________________
________________________________________________________________
________________________________________________________________
7. Төмөнкүдөй себептер боюнча алып келинген жок (айдап келбөөнүн себеби) ____________________________________________
________________________________________________________________
Айдап келген кызматкердин аты-жөнү, кызматы жана наамы ________________________________________________________________ ________________________________________________________________
«___ »____________ 2015-жыл __________________ колу
Эскертүү: Айдап келүүгө тоскоолдук кылган жагдайлар болсо, билдирмеге аталган жагдайларды ырастаган документтердин көчүрмөлөрү тиркелет.