Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-мартындагы № 150 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 27-октябры № 749
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын
7-апрелиндеги № 144 “Салыктарды башкаруу боюнча
жоболорду жана тартибин бекитүү жөнүндө” токтомуна
өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдерин Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 78 жана 79-беренелерине шайкеш келтирүү максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алып Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 7-апрелиндеги № 144 “Салыктарды башкаруу боюнча жоболорду жана тартибин бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Салыктык карызды өндүрүүнүн тартиби жөнүндө жободо:
- 121-пунктунда:
үчүнчү абзацындагы “100 000” деген цифралар “1 000 000” деген цифралар менен алмаштырылсын;
төртүнчү абзацындагы “100 000 сом жана андан” деген цифралар жана сөздөр “1 000 000 сомдон” деген цифралар жана сөз менен алмаштырылсын;
- 130-пунктундагы “30” деген цифралар “10” деген цифралар менен алмаштырылсын;
- 131-пунктундагы “3 күн” деген цифра жана сөз “үч иш күндүн” деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |