ТоктомКүчүн жоготту

КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 27-октябрындагы № 749 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 7-апрелиндеги № 144»Салыктарды башкаруу боюнча жоболорду жана тартибин бекитүү жөнүндө«токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому

Редакция27.10.2015 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-мартындагы № 150 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY

ТОКТОМ

2015-жылдын 27-октябры № 749

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын

7-апрелиндеги № 144 “Салыктарды башкаруу боюнча

жоболорду жана тартибин бекитүү жөнүндө” токтомуна

өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдерин Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 78 жана 79-беренелерине шайкеш келтирүү максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алып Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 7-апрелиндеги № 144 “Салыктарды башкаруу боюнча жоболорду жана тартибин бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Салыктык карызды өндүрүүнүн тартиби жөнүндө жободо:

- 121-пунктунда:

үчүнчү абзацындагы “100 000” деген цифралар “1 000 000” деген цифралар менен алмаштырылсын;

төртүнчү абзацындагы “100 000 сом жана андан” деген цифралар жана сөздөр “1 000 000 сомдон” деген цифралар жана сөз менен алмаштырылсын;

- 130-пунктундагы “30” деген цифралар “10” деген цифралар менен алмаштырылсын;

- 131-пунктундагы “3 күн” деген цифра жана сөз “үч иш күндүн” деген сөздөр менен алмаштырылсын.

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Премьер-министр

Т.А. Сариев