Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY

ТОКТОМ

2015-жылдын 27-октябры № 746

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоо

 киргизүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын айрым чечимдерин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына шайкеш келтирүү максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 15-мартындагы № 176 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматын (финансы полициясын) түзүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат (финансы полициясы) жөнүндө жободо:

- 11-пункттагы “токтом” деген сөз “чечимдер” деген сөз менен алмаштырылсын.

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматында (финансы полициясында) кызмат өтөө жөнүндө жободо:

- 5-пунктта:

биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“5. Финансы полициясына кызматка 35 жаштан ашпаган, өзүнүн жеке, иштиктүү, кесиптик сапаттары, билим деңгээли жана ден-соолугунун абалы боюнча кызматтык милдеттерди аткарууга жөндөмдүү, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн жана башка аскердик түзүмдөрүнүн катарында мөөнөттүү аскердик кызмат өтөгөн же болбосо запастагы офицерлер программасы боюнча аскердик даярдыктан, жогорку окуу жайынын кафедрасынан аскердик даярдыктан же үй-бүлөлүк жагдайлары боюнча альтернативдик (аскердик эмес) кызматтан өткөн Кыргыз Республикасынын жарандары кабыл алынат. Анык аскердик кызматты, альтернативдик аскердик эмес кызматты милдеттүү түрдө өтөө жана запастагы офицер наамына ээ болуу жөнүндө талаптар аялдарга карата колдонулбайт.”;

үчүнчү абзац “турган” деген сөздөн кийин  “же мурда турган” деген сөздөр менен толукталсын жана андан ары текст боюнча;

- 10-пункттун онунчу абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

“Ушул пункттун 2-пунктчасына ылайык кызматкерди ээлеген кызматынан убактылуу четтетүү учурунда анын эмгек акысы сакталат. Калган учурларда эмгек акы сакталбайт.”.

- 16-пунктта:

тогузунчу абзацтагы “үч жыл” деген сөздөр “төрт жыл” деген сөздөр менен алмаштырылсын;

онунчу абзацтагы “үч жыл” деген сөздөр “беш жыл” деген сөздөр менен алмаштырылсын;

он биринчи абзацтагы “төрт жыл” деген сөздөр “алты жыл” деген сөздөр менен алмаштырылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 12-апрелиндеги № 247 “Кыргыз Республикасынын Финансылык полиция башкармасынын жетекчи жана катардагы курамдагы кызматкерлери үчүн кызматтык кийимди кийип жүрүүнүн эрежесин, берүүнүн нормаларын жана кийип жүрүү мөөнөттөрүн, айырмалоо белгилеринин сүрөттөмөсүн, мундирдин предметтеринин, бут кийиминин жана жабдыктарынын сыпаттамасын бекитүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- 3-пункттагы “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансылык полиция мамлекеттик кызматына” деген сөздөр “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматка (финансы полициясы)” деген сөздөр менен алмаштырылсын.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 24-августундагы № 560 “Аскердик, атайын жана ведомстволук форма кийимдерди кийип жүрүүнү тартипке келтирүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кызматкерлери аскердик, атайын жана ведомстволук форма кийим кийип жүрүүгө укугу бар Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын убактылуу тизмесинде:

“Атайын форма кийими (укук коргоо органдары) бөлүмүндөгү “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы полициясы мамлекеттик кызматы” деген сөздөр “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат (финансы полициясы)” деген сөздөр менен алмаштырылсын.

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат (финансы полициясы)  өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.

5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.

6. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Премьер-министр

Т.А. Сариев