Сравнение редакций…
| 1-тиркеме |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 26-августундагы № 604 токтому менен бекитилген |
Мамлекеттик бюджеттин кирешелерин болжолдоо МЕТОДИКАСЫ
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 13-ноябрындагы № 532, 2020-жылдын 13-февралындагы № 80 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жобо
1. Ушул Методика алдыдагы пландык мезгилге мамлекеттик бюджеттин кирешелерин болжолдоо процессинин укуктук жана методологиялык негиздерин аныктайт. Методика бюджеттик жана салыктык саясаттын багыттарын эске алуу менен Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүү милдеттерине ылайык бюджеттин реалисттик жана ачыктык принциптерин ишке ашырууну жана мамлекеттик бюджеттин кирешелерин максималдуу мобилизациялоону камсыздоого багытталган.
2. Мамлекеттик бюджеттин кирешелерин болжолдоонун негизги милдети пландалган финансылык мезгилге салыктардын жана бюджетке башка милдеттүү төлөмдөрдүн түшүүлөрүнүн экономикалык жактан негизделген өлчөмдөрүн аныктоо болуп саналат.
3. Мамлекеттик бюджеттин кирешелерин болжолдоо Кыргыз Республикасынын Салык кодексине (мындан ары - Салык кодекси), Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине, Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык жүргүзүлөт.

4. Мамлекеттик бюджеттин кирешелерин болжолдоо төмөнкү принциптерге ылайык жүзөгө ашырылат:
1) үзгүлтүксүздүк принциби болжолдуу бааларды өркүндөтүү үчүн (реалдуу жагдайда мүмкүн болгон өзгөртүүлөргө байланыштуу болжолдуу бааларды тактоо), ошондой эле бюджеттин кирешелерин болжолдоо менен кирешелерди тескөө пландарын түзүүнүн ортосундагы байланышты камсыздоо үчүн болжолдоо процесстеринин туруктуулугун карайт;
2) эсептөөлөрдүн көп варианттуулугу болжолдордун ар кандай варианттарын салыштыруу жана алардын ичинен кыйла ишенимдүүлүгүн тандоо жолу менен адекваттуу болжолдуу баалоону алуу үчүн болжолдордун бир нече варианттарын иштеп чыгууну билдирет;
3) толуктук принциби бюджеттик маалыматтардын олуттуулук жана маанилүүлүк талаптарына ылайык келүүсүн эске алуу менен Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган бардык кирешелерди толук көлөмдө болжолдоону карайт;
4) бирдиктүүлүк принциби бардык административдик-аймактык бирдиктер бюджеттин кирешелери боюнча болжолдуу көрсөткүчтөрдү аныктоого карата бирдиктүү ыкманы колдонууну карайт;
5) макулдашуу принциби төмөнкүлөрдү билдирет:
- бюджеттин кирешелери боюнча болжолдуу көрсөткүчтөрдү социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн параметрлерине жана багыттарына, ошондой эле өлкөнүн бюджеттик параметрлерине шайкеш келүүсүн;
- мамлекеттик бюджеттин кирешелеринин бул же тигил түшүүлөрүн аныктоочу ченемдик укуктук актылардын негизинде бюджеттин кирешелерин болжолдоону;
6) уланмалуулук принциби бюджеттик мониторинг жүргүзүүнүн жыйынтыктарына негизделген бюджеттин кирешелерин келечектүү болжолдоону;
7) реалисттик принциби төмөнкүлөрдү карайт:
- кирешелер боюнча болжолду эсептөөлөрдүн негиздүүлүгүн;
- болжолдоодо пайдаланылуучу маалыматтардын тууралыгын жана ишенимдүүлүгүн;
8) этияттык принциби кирешелерди ашыра көтөрүүдөн, бюджеттик кирешелердин жоготууларын жана түшпөй калууларын төмөндөтүүдөн качууга мүмкүндүк берүүчү эсептөөлөрдө зарыл болгон түшүнүктөрдү калыптандыруу процессинде белгилүү бир этияттык даражасын карайт.
5. Республикалык бюджеттин кирешелерин болжолдоо, жергиликтүү бюджеттердин кирешелерин баалоо жана мамлекеттик бюджеттин кирешелери (ресурстары) боюнча болжолдорду түзүү Кыргыз Республикасынын бюджеттик классификациясынын коддору боюнча бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан ишке ашырылат. Бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан жүргүзүлгөн жергиликтүү бюджеттердин кирешелерин баалоо бюджеттик мыйзамдарда белгиленген бюджеттер аралык трансферттерди эсептөө үчүн негиз болуп саналат.
6. Бюджеттин кирешелеринин айрым түрлөрүн болжолдоо тиешелүү ыйгарым укуктуу органдар тарабынан ишке ашырылат.
7. Мамлекеттик бюджеттин кирешелери боюнча болжолдоо бюджеттин кирешелерин тескөө пландарын түзүү үчүн негиз болуп саналат.
8. Мамлекеттик бюджеттин кирешелерин болжолдоо бүтүндөй өлкөнү социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн негизги макроэкономикалык көрсөткүчтөрүн, экономиканын жана региондордун айрым тармактарын болжолдоонун, салыктык, бажылык, бюджеттик жана башка тармактык мыйзамдардагы өзгөртүүлөрдү баалоонун негизинде түзүлөт, ошондой эле салыктык тескөө жана бюджеттин башка кирешелерин тескөө деңгээлин эске алат.
9. Алдыдагы пландык мезгилге бюджеттин киреше бөлүгүн түзүүдө болжолдуу түшүүлөрдүн эсеби бюджеттин ар бир киреше булагы боюнча өзүнчө түзүлөт. Бюджеттин бардык киреше булактары боюнча болжолдуу түшүүлөрдүн суммасы бюджеттин жыйынды кирешесинин жана бюджет ресурстарынын болжолдуу маанисин түзөт.
2. Мамлекеттик бюджеттин кирешелерин болжолдоо тартиби
10. Бюджеттин кирешелеринин түшүүлөрүн болжолдоо төмөнкү натыйжаларга негизденет:
- экономиканын жана региондордун айрым тармактарын, бүтүндөй өлкөнү социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн макроэкономикалык көрсөткүчтөрүн болжолдоого;
- бюджеттин ресурстарынын администраторлору тарабынан бюджеттин айрым кирешелеринин түшүүлөрүн болжолдоого;
- бюджеттик, салыктык, бажылык жана бюджеттик кирешелердин деңгээлине таасир тийгизүүчү башка тармактык мыйзамдарды өзгөртүүлөрдүн мониторингине;
- бюджеттик мониторингге;
- бюджеттин кирешелерин талдоого;
- бюджеттик тобокелдиктерди баалоого.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 13-ноябрындагы № 532 токтомунун редакциясына ылайык)
11. Бюджеттик мониторинг төмөнкүлөрдү камтыйт:
- бюджеттик кирешелердин түшүүлөрү, өлкөнү жана региондорду социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн макроэкономикалык көрсөткүчтөрү жөнүндө маалыматтарды, башка фискалдык көрсөткүчтөр боюнча маалыматтарды жаңылоону;
- бюджеттин кирешелери (ресурстары) боюнча планды аткаруунун мониторингин жана бюджеттик классификациялардын бөлүмдөрү, категориялары, беренелери, элементтери боюнча мамлекеттик бюджеттин кирешелеринин иш жүзүндө түшүүлөрүнүн динамикасын;
- фискалдык көрсөткүчтөр боюнча маалыматтарды жалпылоону;
- түрлөрү, топтору, ай боюнча жана өсүүчү жыйынтык боюнча бюджеттик кирешелерди ай сайын кыскача талдоону;
- бюджеттин кирешелерин тескөөнүн пландарын ай сайын (квартал сайын) түзүүнү;
- бюджетке учурдагы жылда күтүлгөн түшүүлөрдү баалоону;
- бюджетти аткаруунун жүрүшүндө түшүүлөрдүн пландарын тактоону.
12. Бюджеттик кирешелерди талдоо төмөнкүлөрдү камтыйт:
- өлкөдөгү жана региондордогу экономикалык кырдаалдын өзгөрүүсүн талдоону;
- бюджеттик, салыктык, бажылык жана бюджеттик кирешелердин-деңгээлдерине таасир тийгизүүчү башка тармактык мыйзамдарга киргизилген жана пландаштырылган өзгөртүүлөрдү сандык баалоону жана сапаттык мүнөздөмө берүүнү камтыган мыйзамдык базанын өзгөрүүсүн талдоону;
- салыктык тескөөнү жана салыктарды чогултуу деңгээлинин эсебин, салык мыйзамдарын аткаруу деңгээлинин эсебин, бюджеттин түшпөй калган кирешелеринин, же бир жолку төлөмдөрүнүн көлөмдөрүн аныктоону, салыктык жана салыктык эмес төлөмдөр боюнча карыздардын абалын талдоону, салыктар боюнча ашыкча төлөөлөрдү талдоону, салыктык жеңилдиктерди (салыктын айрым түрлөрү боюнча) талдоону камтыган бюджеттин башка кирешелерин тескөөнү баалоону;
- бюджеттик тобокелдиктерди баалоону жана бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүү резервдерин табууну;
- бюджеттин кирешелерине тиешелүү мыйзамдарды өркүндөтүү боюнча сунуштарды иштеп чыгууну;
- башка факторлорду баалоону.
3. Мамлекеттик бюджеттин кирешелерин болжолдоо процессинин этаптары
13. Мамлекеттик бюджеттин кирешелеринин болжолун түзүү төмөнкүдөй ырааттуулукта жүргүзүлөт:
1) кирешелердин (жыйноо, төлөм) түрлөрү боюнча базаны аныктоо, болжолдоо үчүн параметрлердин системасын тандоо;
2) бюджетке кирешелердин түшүүсүнө таасирин тийгизүүчү факторлорду аныктоо, кирешелердин өсүүсүнө дем берүүчү же тоскоолдук кылуучу мүмкүн болгон таасирлер жөнүндө эксперттик пикирлерди айтуу;
3) баштапкы маалыматтарды жыйноо жана системалаштыруу, аларды баалоо, маалыматтардын бир тектүүлүгүн жана салыштырмалуулугун текшерүү;
4) зарыл учурларда факторлорду аныктоочу баштапкы маалыматтарды оңдоо;
5) зарыл учурларда мыйзамдарга ылайык бюджеттин кирешелери, бюджеттин жоготууларын (кошумча кирешелерин) сандык баалоо, бир жолку түшүүлөр боюнча баштапкы маалыматтарды оңдоо;
6) бюджеттик көрсөткүчтөрдүн динамикасын өзгөртүү тенденцияларын табуу, болжолдордун бир нече варианттарын иштеп чыгуу;
7) зарыл учурларда мыйзамдардын өзгөрүүсүнө, бюджеттин жоготууларын (кошумча кирешелерин) сандык баалоого, бир жолку түшүүлөргө тиешелүү акыркы маалыматтарды оңдоо;
8) кирешелердин болжолдорунун ар кандай варианттарын карап чыгуу жана кыйла мыктысын тандоо;
9) бюджеттин кирешелери (ресурстары) боюнча фискалдык көрсөткүчтөрдү жалпылоо;
10) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү (мындан ары - Өкмөт) жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши (мындан ары - Жогорку Кеңеш) тарабынан болжолду кароо үчүн материалдарды даярдоо.
4. Мамлекеттик бюджеттин кирешелерин болжолдоодо пайдаланылуучу маалыматтар
14. Мамлекеттик бюджеттин кирешелерин болжолдоо үчүн зарыл болгон маалымат булактары төмөнкүлөр болуп саналат:
1) толтурулган салыктык декларацияларга (маалыматтык эсептөөлөргө) ылайык салыктык статистиканын маалыматтары;
2) толтурулган жүк ташуу бажы декларацияларына ылайык бажы статистикасынын маалыматтары;
3) кадастр системасынын жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо маалыматтары;
4) кендердин жана пайдалуу кендердин көрүнүштөрүнүн реестринин маалыматтары, жер казынасын пайдалануу укугуна лицензиаттардын маалымат базасы;
5) тармактарга, региондорго карата социалдык-экономикалык статистиканын көрсөткүчтөрү: калктын статистикасы, эмгек рыногунун статистикасы; калктын жашоо деңгээлинин көрсөткүчтөрүнүн системасы; улуттук байлык статистикасы; социалдык статистика; товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн статистикасы; өндүрүш чыгымдарынын жана экономикалык иштердин натыйжаларынын статистикасы; финансы статистикасы; инвестициялар статистикасы; кыймылсыз мүлк рыногунун статистикасы; улуттук эсептер системасы; Кыргыз Республикасынын региондорунун жана экономикасынын негизги макроэкономикалык көрсөткүчтөрү; баа, тарифтер жана инфляция статистикасы;
6) валютанын расмий курсу тууралуу Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын маалыматы;
7) алтынды, валютанын дүйнөлүк курсунун динамикасын кошкондо, чийки затка дүйнөлүк баанын динамикасы жарыялануучу көз карандысыз маалыматтык портал;
8) этиль спиртин жана алкоголдук продукцияларды өндүрүүнүн жана жүгүртүүнүн көлөмү боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын болжолу;
9) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын - бюджеттин ресурстарынын администраторлорунун болжолу;
10) Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүү болжолун иштеп чыгуу тартибине ылайык бекитилген тизмек боюнча көрсөткүчтөргө карата макроэкономикалык кырдаалды өнүктүрүүнүн сандык көрсөткүчтөрүн жана сапаттык мүнөздөмөсүн, экономикалык түзүмдөрдү, тышкы экономикалык иштерди, өндүрүштүн жана керектөөнүн динамикасын, жашоо Деңгээлин жана сапатын, социалдык түзүмдү камтыган өлкөнү жана анын аймактарын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн болжолу;
11) бюджеттик кирешелерди талдоонун жана бюджеттик мониторингдин натыйжалары.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 13-ноябрындагы № 532 токтомунун редакциясына ылайык)
15. Кирешелер боюнча болжолду эсептөө үчүн экономикалык жана башка көрсөткүчтөрдү тандоо түшүүлөрдүн деңгээлинин ар кандай факторлордон (көз карандысыз өзгөрүүнү) жана эксперттик пикирлерден көз карандылыгын талдоонун натыйжаларын эске алуу менен салыктын (жыйым, төлөм) экономикалык маанисинин негизинде ишке ашырылат.
16. Бюджеттик кирешелерди талдоо жана болжолдоо үчүн зарыл маалыматтардын тизмеги Мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүн түзүү тартиби менен аныкталат, бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан жаңыланат.
5. Мамлекеттик бюджеттин кирешелерин болжолдоо методдору
17. Мамлекеттик бюджеттин кирешелеринин параметрлерин эсептөөдө болжолдоонун төмөнкү методдору колдонулат:
1) Салыктын тикелей эсебинин методу салык жана салыктын ставкалары боюнча берилүүчү жеңилдиктерди жана бошотууларды эске алуу менен салык базасын көбөйтүүдө турат. Салыктын тикелей эсебинин методу төмөнкү формула менен берилген:
Ү = (ТВ - L) * S,
мында::
ТВ - салыктык база;
L - салыктык мыйзамдарга ылайык берилүүчү жеңилдиктердин жана салык боюнча бошотуулардын көлөмү;
S - салыктын базалык ставкасы.
2) Бюджеттин кирешелерин индексациялоо методу макроэкономикалык көрсөткүчтөрдүн же керектөө баасынын (тармактык, региондук) индексинин өзгөрүшүнүн болжолдуу маанисине бюджеттин кирешелеринин базалык деңгээлин индексациялоодо турат. Жалпыланган түрдөгү индексация методу төмөнкү формула менен берилген:
мында:
- керектөө баасынын болжолдонуучу индекси;
- макро-көрсөткүчтүн өсүшүнүн болжолдонуучу темпи;
- кирешелердин базалык деңгээли.
Бюджеттин кирешелери боюнча алынган болжолдуу көрсөткүч бул салыкты (жыйымды, төлөмдү) салуу, аны тескөө же эксперттик пикирлер саясатындагы өзгөртүүлөрдү чагылдыруучу коэффициенттердин жардамы менен оңдолушу мүмкүн.
3) Экстраполяциялоо методу аларды өнүктүрүүнүн туруктуу динамикасын белгилөөнүн негизинде бюджеттик көрсөткүчтөрдү аныктоо менен коштолот. Болжолдуу көрсөткүчтөрдү эсептөө алардын туруктуу өсүш темпине карата көрсөткүчтөрдүн деңгээлинин базалык мезгилинде жетишилген оңдоолордун негизинде жүргүзүлөт. Экстраполяциялоо методу тренддик талдоонун натыйжаларын пайдаланууга негизденет, ал кирешелердин айрым түрлөрүнүн убакыт факторунан көз карандылыгын жана өзгөртүүлөрдүн туруктуу темпин (туруктуу өсүш темпи) же туруктуу абсолюттук өзгөртүүлөрдү табууну болжолдойт.
Жалпыланган түрдөгү экстраполяциялоо методу төмөнкү формула менен берилген:
мында:
- кирешелер деңгээлинин экстраполяциялануучу мааниси;
1 - болжолго тиешелүү учурга чейин изилденүүчү объект тууралуу акыркы статистикалык маалыматтар болгон учурдагы убакыттын бөлүгү;
- экстраполяциялоо базасы үчүн кабыл алынган деңгээл.
Эгер болжолдун негизине орточо өсүш темпи коюлса, анда кирешелердин деңгээлинин экстраполяциялануучу маанисин төмөнкү формуланын жардамы менен алууга болот:
мында:
- кирешелердин орточо өсүш темпи;
- экстраполяциялоо үчүн база катары кабыл алынган кирешелердин деңгээли.
Экстраполяциялоо методу ошондой эле салык базасынын сандык жана түзүмдүк мүнөздөмөлөрүн болжолдоо үчүн колдонулат.
4) Натыйжалуу ставкалар методу учурдагы жана алдыдагы мезгилдердеги иш жүзүндөгү маалыматтарга салыктын (жыйымдын, төлөм) натыйжалуу ставкаларын эсептөөдө жана кийинки мезгилге салык салуу базасынын болжолуна баалоо ставкаларын колдонууда турат. Салыктын натыйжалуу ставкасы (жыйым, төлөм) салыктын (жыйым, төлөм) иш жүзүндөгү түшүүлөрүнүн жана салык салуунун тийиштүү базасынын катышы катары эсептелет.
Салыктын (жыйым, төлөм) натыйжалуу ставкасы төмөнкү формула боюнча аныкталат:
мында:
ТR - салыктын (жыйымдын, төлөмдүн) иш жүзүндөгү түшүүлөрү;
ЕI - экономикалык көрсөткүчтөрдү аныктоочу иш жүзүндөгү деңгээл.
Бюджеттик көрсөткүчтөрдү эсептөө үчүн натыйжалуу ставка, ушул салыкты (жыйымды, төлөмдү) салуу саясатындагы, аны тескөөдөгү же эксперттик ой жүгүртүүдөгү өзгөртүүлөрдү чагылдырылуучу коэффициенттердин жардамы менен оңдолушу мүмкүн.
5) Кирешелердин ийкемдүүлүгүн баалоо методу бюджеттик кирешелердин деңгээлиндеги өзгөрүүлөрдү негизги макроэкономикалык көрсөткүчтөрдүн өзгөрүүлөрүнө жараша баалоодон жана пайдалануудан турат. Кирешелердин болжолу макро-көрсөткүчтүн белгилүү бир өзгөрүүсүндө бюджеттик кирешелердин көлөмүнүн өзгөрүү динамикасын талдоонун негизинде келечектеги мезгилдин макроэкономикалык көрсөткүчтөрүнүн болжолуна ийкемдүүлүктүн баалоо коэффициентин проекциялоо жолу менен эсептелет.
Салыктын (жыйымдын, төлөмдүн) ийкемдүүлүк коэффициенти төмөнкү формула боюнча аныкталат:
мында:
ВR - кирешелердин (кирешелердин, алардын топторунун же бардык жыйындысынын айрым түрлөрү) баштапкы (базалык) деңгээли;
ЕI - экономикалык көрсөткүчтү аныктоочу баштапкы (базалык) деңгээл.
Бюджеттик көрсөткүчтү эсептөө үчүн ийкемдүүлүк коэффициенти ушул салык (жыйым, төлөм) саясатындагы, аны тескөөдөгү өзгөртүүлөрдү же эксперттик пикирлерди чагылдыруучу коэффициенттердин жардамы менен оңдолушу мүмкүн.
Ийкемдүүлүктү баалоо регрессиондук талдоонун жардамы менен жүргүзүлүшү да мүмкүн.
6) Салыктардын түзүмдүк моделдери салыктык түшүүлөрдүн салыктык базанын түзүмүнөн көз карандылыгын билдирет. Түзүмдүк модель айрым жарандардын жана үй-чарбасынын чыгашаларын жана кирешелерин, юридикалык жактардын кирешелерин жана чыгашаларын текшерүү түрүндө, ошондой эле тармактар аралык баланстын таблицасы түрүндө салык декларацияларынын маалыматтарынын негизинде салык салуу базасынын конкреттүү параметрлери жөнүндө маалыматты камтыйт.
Түзүмдүк моделдер салык салуу базасын (юридикалык жактардын пайдасына салык, жеке жактардын кирешелерине салык) аныктоонун татаал системасы менен салыктарды эсептөө үчүн колдонулат.
7) Регрессиондук талдоо методу салыктын (жыйындын, төлөмдүн) конкреттүү түрүнөн түшүүлөрдүн же алардын жыйындысынын жана ар кандай макроэкономикалык өзгөрмөлөрү бар салыктардын ортосундагы функциялык өз ара байланыштарды эсептөө үчүн пайдаланылат, Бул өз ара байланышты сандык баалоону регрессиялардын же регрессиондук функциялардын теңдемелерин түзүүнүн жардамы менен жүргүзүүгө болот.
Сызыктуу регрессиянын түгөй теңдемесинин жалпы түрү төмөнкү формула менен берилген:
,
мында:
- салыктын (жыйымдын, төлөмдүн) түшүүлөрү же. көз карандысыз өзгөрмө,
- макроэкономикалык көрсөткүчтөр же көз карандысыз өзгөрмөлөр;
а, b - регрессия теңдемесинин параметрлери (коэффициенттер);
- регрессия моделинин кокус катасы.
Сызыктуу регрессиянын көптүк теңдемесинин жалпы түрү төмөнкү формула менен берилген:
мында:
m - теңдемедеги факторлордун (көз карандысыз өзгөрмөлөрдүн) саны;
- салыктын (жыйымдын, төлөмдүн) түшүүлөрү же көз карандысыз өзгөрмө,
- макроэкономикалык көрсөткүчтөр, бюджеттик көрсөткүчтөрдүн деңгээлине таасир тийгизүүчү башка факторлор же көз карандысыз өзгөрмөлөр;
- регрессия теңдемесинин параметрлери (коэффициенттери). Регрессиондук талдоонун жардамы менен кирешелерди болжолдоо регрессия теңдемесинин сапатын текшерүүнү милдеттүү түрдө жүргүзүүнү талап кылат. Регрессия теңдемесинин параметрлерин баалоо үчүн эң кичине квадраттар методу пайдаланылат. Регрессия теңдемесинин сапатын текшерүү төмөнкү багыттар боюнча жүргүзүлөт:
- регрессия коэффициенттерин же теңдеменин параметрлерин эсептөө жана алардын статистикалык маанилүүлүгүн текшерүү;
- регрессия теңдемесинин жалпы сапатын жана регрессия теңдемесинин иш жүзүндөгү маалыматтар менен адекваттуулугун текшерүү, теңдемени өркүндөтүү;
- маалыматтардын касиеттерин, теңдемелерди баалоо учурунда болжолдонгон аткарылууну текшерүү (эң кичине квадраттар методунун өбөлгөлөрүнүн аткарылышын текшерүү).
Регрессиондук талдоонун жана болжолдоонун натыйжаларынын ишенимдүүлүк критерийлерине шайкеш келүүсү үчүн төмөндөгү шарттарды аткаруу зарыл:
- талдануучу мезгилдердин саны (тандоо көлөмү) төмөнкүлөрдөн ашууга тийиш;
- түгөйлөш регрессиянын теңдемесин түзүүдө - болжолдоо мезгилинин саны эң аз дегенде үч эседен;
- көптүк регрессиянын .теңдемесин түзүүдө - регрессия теңдемесинде параметрлердин саны эң аз дегенде үч эседен;
- белгилүү көрсөткүчтөрдүн убактылуу катарын талдоодо - регрессия теңдемесинде параметрлердин саны эң аз дегенде жети эседен;
- эсептик маанилердин иш жүзүндөгүдөн орточо четтөө мааниси же аппроксимациялоонун орточо катасынын мааниси жети пайыздан ашпоого тийиш ().
Регрессиондук талдоо методдору ошондой эле салыктык базанын сандык жана түзүмдүк мүнөздөмөлөрүн болжолдоо үчүн колдонулат.
8) Учурдагы жылдагы бюджеттик түшүүлөрдүн күтүлгөн жылдын көлөмүнүн эсеби ушул бөлүмдүн 17-пунктунда белгиленген методдорду колдонуу менен катар эле, жыл ичиндеги түшүүлөрдүн циклдүүлүк, сезондуулук факторлорун эсепке алуу менен учурдагы жылдагы салыктык түшүүлөрүн жана салыктык мыйзамдарга ылайык төлөөлөрдүн мөөнөтүн талдоонун негизинде төмөнкү формуланы пайдалануу менен түзүлүшү мүмкүн:
мында:
- учурдагы жылда күтүлгөн бюджеттик түшүүлөр;
- учурдагы жылдын отчеттук мезгилиндеги бюджеттик түшүүлөр;
- өткөн жылдын тийиштүү мезгилиндеги бюджеттик түшүүлөр;
- өткөн жыл үчүн иш жүзүндөгү бюджеттик түшүүлөр;
- отчеттук мезгилдеги айлардын саны.
18. Кирешелерге жараша талдоо жүргүзүүчү мезгилде кыйла так болжолдоону эсептөө үчүн жаңы салыктарды (жыйымдарды, төлөмдөрдү) киргизүүгө же аларды жокко чыгарууга байланышкан мыйзамдар өзгөргөн учурду кошпогондо беш жылдан кем болбоого тийиш.
19. Оптималдуу чечим кабыл алуу үчүн бюджеттин кирешелерин болжолдоо эсептөөнүн бир нече методдору менен ишке ашырылышы мүмкүн же болжолдоонун айкалыштырылган методдору пайдаланылышы мүмкүн.
20. Бюджеттик кирешелердин айрым түрлөрүн болжолдоо методдорун тандоо төлөмдөрдүн бул түрү боюнча болжолдорду эсептөө үчүн зарыл болгон маалыматтардын жеткиликтүүлүк деңгээлинин жана сапатынын негизинде ишке ашырылат.
6. Мамлекеттик бюджеттин салыктык кирешелерин болжолдоонун өзгөчөлүктөрү
21. Салыктардын (жыйымдардын, төлөмдөрдүн) көпчүлүгү же алардын жыйындысы ИДПнын өзгөрүүсү менен, региондук деңгээлде РДПнын өзгөрүүсү менен байланышта болушу мүмкүн. Айрым салыктар боюнча эң жакшы корреляциялык байланыш салыктын жана салык базасынын экономикалык мазмунуна жараша башка экономикалык көрсөткүчтөр аркылуу байкалат.
22. (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 13-февралындагы № 80 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 13-февралындагы № 80 токтомунун редакциясына ылайык
§ 6.1. Салык агенти төлөөчү киреше салыгы
23. Салык агенти төлөөчү киреше салыгы боюнча болжол эсептөөлөрдүн төмөнкү варианттары менен аныкталат.
Биринчи вариант.
Салыкты эсептөө социалдык-экономикалык өнүктүрүү болжолуна ылайык учурдагы жылдагы түшүүлөрдүн күтүлгөн көлөмүн калктын акчалай кирешесинин өсүш темпине индексациялоо жолу менен түзүлөт. Салыктын болжолу төмөнкү формула менен берилген:
мында:
- салыктын болжолу;
- учурдагы жылы салыктын күтүлгөн түшүүлөрү;
- тийиштүү макроэкономикалык көрсөткүчтүн динамикасын мүнөздөөчү коэффициент;
- салыктык саясатта жана салыктык тескөөдө өзгөртүүлөрдү же эксперттик пикирлерди чагылдыруучу коэффициент;
Д - мыйзамдардын өзгөртүлүшүнө байланышкан болжолдонуучу жылы салык боюнча кошумча түшкөн (+) же түшпөй калган (-) кирешелер, ошондой эле системалуу эмес мүнөздөгү бир жолку төлөмдөр.
Эскертүү. Эсептөөнүн бул варианты боюнча болжолдоо базасы катары орточо айлык эмгек акынын көрсөткүчү пайдаланылышы мүмкүн.
Экинчи вариант.
Салыкты эсептөө социалдык-экономикалык өнүктүрүү болжолуна ылайык калктын акчалай кирешелеринин болжолдонуучу көлөмүнө, салыктын орточо натыйжалуу ставкасына негизделген жана төмөнкү формула боюнча аныкталат:
мында:
- салыктын болжолу;
- өткөн мезгилдерде салыктын иш жүзүндөгү түшүүлөрү;
- акчалай кирешелердин болжолдонуучу көлөмү;
- өткөн мезгилдер үчүн калктын акчалай кирешелери боюнча иш жүзүндөгү көрсөткүчтөр;
- талдоо жүргүзүлүүчү мезгил үчүн салыктын орточо натыйжалуу ставкасы;
- салыктык саясатта жана салыктык тескөөдөгү өзгөртүүлөрдү же эксперттик пикирлерди чагылдыруучу коэффициент;
n - талдоо жүргүзүлүүчү мезгил үчүн жылдардын саны;

Үчүнчү вариант.
Киреше салыгынын түшүүлөрүнүн болжолун эсептөө негизине пландуу мезгилге салынуучу кирешенин өлчөмү жана Салык кодексине ылайык салыктын ставкасы колдонулат.
Салык салынуучу кирешенин өлчөмү эмгек акы фондунун болжолдонгон көлөмүн жеке эсептен чыгаруу, мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча чегерүүлөрдү эсептен чыгаруу, салык төлөөчүнүн багуусундагыларга карата эсептен чыгаруу жана салык мыйзамдарына ылайык берилүүчү башка эсептен чыгаруулар жана жеңилдиктер түрүндө стандарттык эсептен чыгаруулардын өлчөмүнө азайтуу жолу менен аныкталат. Кирешелердин болжолдонуучу көлөмүн аныктоодо база катары эмгек акы фонду боюнча отчеттук статистикалык маалыматтар колдонулат, алар калктын акчалай кирешелеринин же орточо айлык эмгек акынын өзгөрүшүнүн болжолдонуучу темпин эске алуу менен оңдолот.
Ошондой эле салыктык жана/же социалдык-экономикалык статистиканын маалыматтарын талдоонун негизинде пландуу мезгилге болжолдонуучу эмгек акы фондун аныктоого башка ыкмалар пайдаланылышы мүмкүн.
мында:
- салыктын болжолу;
- эмгек акы фондунун болжолдонуучу өлчөмү;
ОГСС - болжолдонуучу ЭАФты чегерүүлөрдүн ставкасына көбөйтүү жолу менен аныкталуучу мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча чегерүүлөрдүн эсептешүү көлөмү;
ПВ - салык мыйзамдарына ылайык аныкталуучу жеке эсептен чыгаруу;
ВИ - салык мыйзамдарына ылайык аныкталуучу салык төлөөчүнүн багуусундагыларга эсептен чыгаруу;
ЧР - иштегендердин саны;
Л - жеңилдиктер жана башка эсептен чыгаруулар;
- салыктын ставкасы.
Төртүнчү вариант.
Болжолду эсептөөнүн төртүнчү варианты калктын акчалай кирешелеринин көлөмүнө карата мамилелер боюнча салыктын орточо ийкемдүүлүгүн эсептөөгө негизделген. Салык боюнча болжолдуу көрсөткүч төмөнкү формуланын негизинде аныкталат:
мында:
- салыктын болжолу;
- калктын акчалай кирешелеринин болжолдонуучу көлөмү;
- талдоо жүргүзүлүүчү мезгил үчүн салыктын орточо ийкемдүүлүгүн чагылдыруучу коэффициент;
- салык саясатындагы жана салыктык тескөөдөгү өзгөртүүлөрдү же эксперттик пикирлерди чагылдьфуучу коэффициент;
Д - болжолдонуучу жылы мыйзамдардын өзгөртүлүшүнө байланыштуу салык боюнча кошумча түшкөн (+) же түшпөй калган (-) кирешелер, ошондой эле системалуу эмес мүнөздөгү бир жолку төлөмдөр.
Эскертүү. Эсептөөнүн бул варианты боюнча болжолдоо базасы катары орточо айлык эмгек акынын көрсөткүчтөрү пайдаланылышы мүмкүн.
Бешинчи вариант.
Регрессиондук талдоо методу менен киреше салыгы боюнча түшүүлөр болжолун эсептөө. Болжолдоо үчүн база катары калктын акчалай кирешелеринин, орточо айлык эмгек акынын, айыл чарбасын жана өндүрүшкө жана импортко салынуучу таза салыктарды, ошондой эле акыркы керектөөгө жумшалуучу чыгымдарды эсепке албастан дүң кошумча нарк салыгынын көрсөткүчтөрү пайдаланылат.
§ 6.2. Пайдага салык
24. Пайдага салык боюнча түшүүлөр болжолу эсептөөлөрдүн төмөнкү варианттары менен аныкталат.
Биринчи вариант.
Салыкты эсептөө социалдык-экономикалык өнүктүрүү болжолуна ылайык Кумтөр кенин иштеткен ишканалардан түшкөндөрдү жана салык салынбаган экономика секторлорун эсепке албастан, ИДПнын номиналдуу өсүш темпине учурдагы жылдагы түшүүлөрдүн күтүлгөн көлөмүн индексациялоо жолу менен жүргүзүлөт. Салыктын болжолу төмөнкү формула менен берилген:

- салык саясатындагы жана салыктык тескөөдөгү өзгөртүүлөрдү же эксперттик пикирлерди чагылдыруучу коэффициент;

Салыкты эсептөө социалдык-экономикалык өнүктүрүү болжолуна ылайык салык салынбаган экономика тармактарын жана Кумтөр кенин иштеткен ишканалардан түшкөн кошумча наркты алып салуу менен кошумча дүң нарктын болжолдонуучу көлөмүнө, салыктын орточо натыйжалуу ставкасына негизделген жана төмөнкү формула боюнча аныкталат:
мында:
- салыктын болжолу;
- өткөн мезгилдердеги салыктын иш жүзүндө түшүүлөрү;
- кошумча дүң наркынын болжолдонуучу көлөмү;
- өткөн мезгилдер үчүн кошумча дүң нарк боюнча иш жүзүндөгү көрсөткүчтөр;
- экономиканын салык салынбаган секторлорундагы кошумча дүң нарктын жана Кумтөр кенин иштеткен ишканалардын кошумча наркынын болжолдонуучу көлөмү;
- талдоо жүргүзүлүүчү мезгилге салыктын орточо натыйжалуу ставкасы;

Эскертүү. Эсептөөнүн бул варианты боюнча болжолдоо базасы катары экономиканын реалдуу жана финансы секторлорунун ишканаларынын ишинин натыйжаларынын статистикасынын маалыматтары боюнча экономиканын салык салынуучу секторлорундагы рентабелдүү ишканалардын пайдасынын көрсөткүчү пайдаланылышы мүмкүн. Мында болжолдонуучу мезгилге пайданын көрсөткүчү инфляциянын деңгээлине базалык көрсөткүчтү индексациялоо жолу менен же убактылуу катарларды экстраполяциялоо жолу менен аныкталышы мүмкүн.
Үчүнчү вариант.
Үчүнчү вариант боюнча отчеттук мезгил үчүн салык декларацияларында камтылган жыйынды маалыматтар пайдаланылат. Жылдык киреше жыйынды (ЖКЖ) социалдык-экономикалык өнүктүрүү болжолуна ылайык экономиканын салык салынбаган тармагын жана Кумтөр кенин иштеткен ишканалардын кошумча наркын кемитүү менен отчеттук мезгилдеги ЖКЖны кошумча дүң нарктын номиналдык өзгөрүүсүнө индексациялоо жолу менен болжолдонуучу мезгилге аныкталат. Андан кийин эсептен чыгаруу түзүмүн талдоону эске алуу менен салык мыйзамдарына ылайык эсептен чыгаруунун болжолдонуучу деңгээли аныкталат. Алынган маалыматтардын базасында алдыдагы жылга салыктын өлчөмү болжолдонот.
Үчүнчү вариант боюнча салыктын болжолдуу суммасы төмөнкү формула боюнча аныкталат:
мында:
- салыктын болжолу;
- жылдык жыйынды кирешенин болжолдонуучу деңгээли;
- болжолдонуучу салыктык эсептен чыгаруулар;
- салыктын ставкасы;

Салык боюнча болжолду эсептөө үчүн ири салык төлөөчүлөргө карата пайдага салыктын эсептелген жана төлөнгөн суммасы жөнүндө маалымат, салык декларациялары боюнча жылдык эсептөөлөрдүн натыйжасы, өнбөгөн калдыктын суммасынын өзгөрүүсү пайдаланылат. Түшүүлөрдүн болжолдонуучу суммасынын эсеби төмөнкү формула боюнча аныкталат:
,
мында:
- салыктын болжолдонуучу суммасы;
- салыктын учурдагы жылы ири салык төлөөчүлөрдөн күтүлгөн түшүүлөрү;
- системалуу эмес мүнөздөгү жана өндүрүштүк иштерге көз каранды болбогон ири салык төлөөчүлөрдөн бир жолку төлөмдөр, убактылуу факторлордун (баалардын өзгөрүүсү, түзүмдүк өзгөрүүлөр) эсебинен алынган жылдык кайра эсептөөлөрдүн ири өлчөмдөрү жана документтик текшерүү актылары боюнча толук чегерилген сумма, өнбөгөн калдыктардын өзгөрүүсү ж.б.;
- бир катар иш жүзүндөгү маалыматтардан турган талдоо жүргүзүлүүчү мезгил үчүн түшүүлөрдүн жалпы көлөмүндө ири салык төлөөчүлөрдөн салыктардын түшүүлөрүнүн орточо үлүшүн чагылдыруучу коэффициент;
- социалдык-экономикалык өнүктүрүү болжолуна ылайык экономиканын салык салынбаган тармактарын жана Кумтөр кенин иштеткен ишканалардын кошумча наркын кемитүү менен кошумча дүң нарктын номиналдуу өсүш темпин чагылдыруучу коэффициент.
Бешинчи вариант.
Болжолду эсептөөнүн бешинчи варианты экономиканын салык салынбаган тармактарын жана "Кумтөр" кенин иштеткен ишканалардын кошумча наркын кемитүү менен кошумча дүң нарктын номиналдык көлөмүнө карата салыктын орточо ийкемдүүлүгүн эсептөөгө негизденген. Салык боюнча болжолдуу көрсөткүч төмөнкү формуланын негизинде аныкталат:

- экономиканын салык салынбаган секторлорундагы кошумча дүң наркынын жана Кумтөр кенин иштеткен ишканалардын кошумча наркынын болжолдонуучу көлөмү;
- талдоо жүргүзүлүүчү мезгилге салыктын орточо ийкемдүүлүгүн чагылдыруучу коэффициент;

Эскертүү. Эсептөөнүн бул варианты боюнча болжолдоо базасы катары экономиканын реалдуу жана финансы секторлорунун ишканаларынын ишинин натыйжаларынын статистикасынын маалыматтары боюнча экономиканын салык салынуучу секторлорундагы рентабелдүү ишканалардын пайдасынын көрсөткүчү пайдаланылышы мүмкүн. Мында болжолдонуучу мезгилге пайданын көрсөткүчү инфляция деңгээлине базалык көрсөткүчтү индексациялоо жолу менен же убактылуу катарларды экстраполяциялоо жолу менен аныкталышы мүмкүн.
Алтынчы вариант.
Регрессиондук талдоо методу менен пайдага салык боюнча болжолду эсептөө. Болжолдоо үчүн база катары салык мыйзамдарына ылайык берилүүчү жеңилдиктердин жана башка негизделген факторлордун деңгээлине оңдолуучу рентабелдик ишканалардын кошумча дүң наркынын жана пайдасынын көрсөткүчтөрү пайдаланылат.
§ 6.3. Алтын камтуучу кендерди, алтын камтуучу концентратты, алтындын эритмесин жана аффинаждалган алтынды казуу жана сатып өткөрүү боюнча иштерди ишке ашыруучу ишканалардын кирешелерине салык
25. Алтын камтуучу кендерди, алтын камтуучу концентратты, алтындын эритмесин жана аффинаждалган алтынды казуу жана сатып өткөрүү боюнча иштерди ишке ашыруучу ишканалардын киреше салыгы боюнча түшүүлөрдүн болжолу (мындан ары - алтын казуучу ишканалардын кирешелерине салык) эсептин төмөнкү варианттары менен аныкталат:
Биринчи вариант.
Эсептөөнүн негизинде төмөнкү көрсөткүчтөр пайдаланылат: алтын казуу тармагындагы ишканаларга карата алтынды казуу көлөмү, алтынга дүйнөлүк баа, АКШ долларына карата сомдун курсу жана салык мыйзамдарында каралган ставкалар. Эсептөө төмөнкү формула боюнча жүргүзүлөт:
- салыктын болжолу;
- алтын казуу тармагындагы ишканаларга карата алтын казуунун жана сатып өткөрүүнүн болжолу, унция менен;
- бир унция үчүн АКШ долларындагы алтынга баа;
- сомго карата АКШ долларынын болжолдонуучу курсу;
- салыктын ставкасы;
А - өткөн мезгилдердеги авансалык төлөмдөр же бир жолку төлөмдөр.
Экинчи вариант.
Салыкты эсептөө социалдык-экономикалык өнүктүрүү болжолуна ылайык алтын казуу жана кайра иштетүү боюнча тармактарда болжолдонуучу өсүш темпине учурдагы жылдагы күтүлгөн түшүүлөрдү индексациялоо жолу менен жүргүзүлөт. Салыктын болжолу төмөнкү формула менен берилген:

- тийиштүү макроэкономикалык көрсөткүчтөрдүн динамикасын мүнөздөөчү коэффициент;

Салыкты эсептөө социалдык-экономикалык өнүктүрүү болжолуна ылайык Кумтөр кенин иштеткен ишканалардын өндүрүшүн эсепке албаганда алтын өндүрүүнүн болжолдонуучу көлөмүнө негизденген жана төмөнкү формула боюнча аныкталат:

- Кумтөр кенин иштеткен ишканалардан түшүүлөрдү эсепке албаганда алтын өндүрүүнүн болжолдонуучу көлөмү;
- өткөн мезгилдер үчүн алтын өндүрүү боюнча тийиштүү иш жүзүндөгү көрсөткүчтөр;
- талдоо жүргүзүүчү мезгил үчүн салыктын орточо натыйжалуу ставкасы;

§ 6.4. Кумтөр кенин иштеткен ишканаларда түшүүлөрдүн дүң кирешесине салык
26. Кумтөр кенин иштеткен ишканаларда түшүүлөрдүн дүң кирешесине салык боюнча болжол Бишкек шаарында 2009-жылдын 24-апрелинде кол коюлган, Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 30-апрелиндеги № 142 Мыйзамы менен ратификацияланган, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, "Кыргызалтын" ачык акционердик коому, "Центерра Голд Инк." канадалык компаниясы, "Кумтөр Оперейтинг Компани" жабык акционердик коому, "Кумтөр Голд Компани" жабык акционердик коому жана "Камеко" канадалык корпорациясынын ортосундагы Кумтөр кенин иштеткен ишканалардан түшүүлөрдүн долбоору боюнча жаңы шарттар жөнүндө макулдашууда белгиленген эсептөөлөр менен аныкталат.
Эсептөөнүн негизи катары төмөнкү көрсөткүчтөр алынат: социалдык-экономикалык өнүктүрүү болжолуна ылайык Кумтөр кенин иштеткен ишканалардын алтын казуу көлөмү, алтындын дүйнөлүк баасы, АКШ долларына карата сомдун курсу жана жогоруда аталган Макулдашууда белгиленген салыктын ставкасы. Эсептөө төмөнкү формула боюнча жүргүзүлөт:
мында:
- Кумтөр кенин иштеткен ишканалардан алынган салыктын болжолу;
- Кумтөр кенин иштеткен ишканалардын алтын казып алуунун болжолу, унция менен;
- бир унция алтындын АКШ долларындагы баасы;
- АКШ долларынын сомго карата болжолдонуучу курсу;
- салыктын ставкасы;
А - өткөн мезгилдердеги авансалык төлөмдөр.
§ 6.5. Чакан ишкердик субъектилерине салыктар
27. Чакан ишкердик субъектилеринен алынуучу салыктар салыктардын төмөнкү түрлөрү менен көрсөтүлгөн:
- чакан ишкердик субъектилери үчүн бирдиктүү салык;
- милдеттүү патент негизиндеги салык;
- ыктыярдуу патент негизиндеги салык.
28. Чакан ишкердик субъектилерине салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн системасын колдонууга байланыштуу алынуучу патенттин жана бирдиктүү салыктын негизиндеги салыктарды болжолдоо эсептөөнүн төмөнкү варианттары боюнча ишке ашырылат.
Биринчи вариант.
Салыктар боюнча болжолду эсептөө социалдык-экономикалык өнүктүрүү (же инфляциянын болжолдонуучу деңгээлине) болжолуна ылайык Кумтөр кенин иштеткен ишканалардан жана айыл чарбасынан түшүүлөрдү эсепке албастан кошумча дүң наркынын болжолдонуучу өсүш темпине түшүүлөрдүн учурдагы жылы күтүлгөн көлөмүн индексациялоо жолу жүргүзүлөт. Салыктын болжолу төмөнкү формула менен берилген:

Экинчи вариант (ар бир аймакка карата патенттин негизиндеги салыктар үчүн).
Патенттин негизиндеги салыктарды болжолдоо салыктык базанын, салыктык ставканын (патенттин суммасы) жана салык статистикасынын маалыматтарынын негизиндеги төлөө мөөнөттөрүнүн негизинде төмөнкү формула боюнча ишке ашырылат:
мында:
НОП - патент негизиндеги болжолдонуучу сумма;
- милдеттүү жана ыктыярдуу патенттештирүүгө тиешелүү иштердин түрлөрү боюнча салык салынуучу объектилердин саны;
- салыктын ставкасы же бир айга патенттин базалык суммасы;
- иштин мезгилдүүлүгүнө, түрүнө жана жүргүзүлгөн ордуна жараша оңдолуучу коэффициент.
Эскертүү. Салыктардын болжолу бир нече аймактар боюнча ирилештирилген түрдө эсептелген учурда салыктын натыйжалуу ставкалары экономикалык иштердин түрлөрү боюнча орточо аныкталат.
Экинчи вариант (салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн системасы үчүн).
Бирдиктүү салыкты болжолдоо товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) сатып өткөрүүдөн түшкөн болжолдонуучу сумманын, салык статистикасынын маалыматтарынын негизинде экономикалык иштердин түрүнө жараша салыктын ставкасынын негизинде төмөнкү формула боюнча ишке ашырылат:
мында:
ЕН - бирдиктүү салыктын болжолдонуучу суммасы;
- экономикалык иштердин түрлөрү боюнча товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) сатуудан түшүүчү болжолдонуучу сумма, ал социалдык-экономикалык өнүктүрүү болжолуна ылайык тийиштүү экономика тармагындагы болжолдонуучу өсүш темпине учурдагы жылдагы дүң акчанын күтүлгөн көлөмүн индексациялоо жолу менен аныкталат*);
- салык мыйзамдарына ылайык салыктын ставкасы;
- салык саясатындагы жана салыктык тескөөдөгү өзгөртүүлөрдү же эксперттик пикирлерди чагылдыруучу коэффициент.
Эскертүү. *) - бирдиктүү салыктын болжолун эсептөө үчүн дүң эсептөө суммасы чакан жана орто ишкердик субъектилеринин иши боюнча социалдык-экономикалык статистиканын маалыматтарынын жана социалдык-экономикалык өнүктүрүү болжолунун негизинде башка ыкмалар менен аныкталышы мүмкүн.
§ 6.6. Мүлккө салык
29. Салык кодексине ылайык салык салынуучу мүлккө төмөнкү объектилер таандык:
1) 1-топ: ишкердик кылуу үчүн пайдаланылбаган туруктуу жана убактылуу жашоо үчүн арналган турак үйлөр, батирлер, дачалар;
2) 2-топ: турак үйлөр, батирлер, дача үйлөрү, пансионаттар, эс алуу үйлөрү, санаторийлер, курорттор, өндүрүштүк, административдик, өнөр жай, ошондой эле ишкердик кылууга арналган жана/же пайдаланылуучу башка капиталдык курулуштар;
3) 3-топ: ишкердик кылууга арналган жана/же пайдаланылуучу киоскалар, контейнерлер сыяктуу металл жана башка конструкциялардан жасалган убактылуу жайлар;
4) 4-топ: өзү жүрүүчү машиналарды жана механизмдерди кошкондо транспорт каражаттары.
30. Мүлккө салык боюнча болжолду аныктоодо эсептөөнүн төмөнкү варианттары колдонулат.
Биринчи вариант.
Мүлккө салык боюнча болжол бир катар жылдар үчүн түшүүлөр динамикасын талдоонун, учурдагы жыл боюнча салык салуу базасында болжолдонуучу өзгөртүүлөргө жана өлкөнү социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн макроэкономикалык көрсөткүчтөрүнүн параметрлерине карата оңдолгон түшүүлөрдү баалоонун негизинде аныкталат. Салыктын болжолу төмөнкү формулада берилген:

- тийиштүү макроэкономикалык көрсөткүчтүн динамикасын мүнөздөөчү коэффициент (курулуш көлөмдөрүн болжолдуу өзгөртүү, негизги капиталга инвестициялар, тийиштүү түрдө валютанын алмашуу курсунун өзгөрүшүнө оңдолгон транспорт каражаттарын импорттоонун көлөмү);

Мүлккө салык боюнча болжол бир катар жылдар үчүн түшүүлөрдүн динамикасын талдоонун негизинде туруктуу (орточо) өсүш темпине карата учурдагы жылдагы түшүүлөрдүн күтүлгөн деңгээлин оңдоонун негизинде аныкталат.
Салыктын болжолу төмөнкү формула менен берилген:

- талдоо жүргүзүлүүчү мезгил үчүн салыктын орточо өсүш темпин чагылдыруучу коэффициент;

Үчүнчү вариант (1-3-топтогу мүлк объектилери боюнча).
Үчүнчү вариант боюнча мүлк объектилери жана салык мыйзамдарына ылайык салык салуу түзүмүнө ылайык салык салынуучу наркы боюнча салыктык статистиканын маалыматтары пайдаланылат.
Мүлк салыгынын болжолдуу суммасы мүлк объектилеринин ар бир тобу үчүн юридикалык жана жеке жактар боюнча төмөнкү формула менен өзүнчө эсептелет:
мында:
- салыктын болжолу;
НСИ - мүлк объектисинин салык салынуучу наркы;
- салыктын тийиштүү ставкасы;
Л - мүлк салыгы боюнча жеңилдиктер;

Мында 1-3-топтогу мүлк объектилеринин салык салынуучу наркын эсептөө Салык кодексине ылайык төмөнкү формула боюнча ишке ашырылат:
мында:
НСИ - салык салынуучу нарк;
- мүлк объектисинин аянтынын бир чарчы метринин салык салынуучу наркы;
П - Салык кодексине ылайык салык салууга тиешелүү болбогон аянтка азайтылган 1-топтогу мүлк объектинин жалпы аянты же 2 же 3-топтогу мүлк объектинин жалпы аянты;
- жайгашкан жерине жараша объектинин салык салынуучу наркынын өзгөрүүсүн эсепке алуучу региондук коэффициент;
- калктуу пунктта жайгашкандыгына жараша объектинин салык салынуучу наркынын өзгөрүүсүн эсепке алуучу зоналык коэффициент;
- 2 жана 3-топтогу мүлк объектилери үчүн колдонулуучу тармактык коэффициент.
Төртүнчү вариант (4-топтогу мүлк объектилери боюнча).
4-топтогу мүлк объектилери боюнча салыктын болжолунун үчүнчү варианты боюнча транспорт каражаттарынын ээлерин эсепке алууну камсыздоочу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардан алынуучу транспорттун түрлөрү, кыймылдаткычтын көлөмү боюнча тобу, пайдалануу мөөнөтү боюнча транспорт каражаттарынын саны жөнүндө маалыматтардын негизинде тикелей эсеп боюнча эсептелет.
Транспорт каражаттарынын ар бир түрү жана тобу боюнча салыктын суммасы төмөнкү формула боюнча эсептелет:
Ошентип, салыктын болжолу ар бир түрү жана транспорт каражаттарынын топтору боюнча салыктын эсептелген суммасын жана пайдалануу мөөнөтүн көрсөтөт:
мында:
- салыктын болжолу;
ОД - кыймылдаткычтын жумушчу көлөмү;
Ч - белгилүү бир түрдөгү автотранспорт каражаттарынын саны;
С - салыктын ставкасы;
Л - салык боюнча жеңилдиктер;
- белгилүү бир түрү жана транспорттук каражаттардын тобу боюнча салыктын эсептешүү суммасы;

§ 6.7. Жер салыгы
31. Салык кодексине ылайык жер салыгы салык салуу объектине жана субъектине жараша төмөндөгү түрлөргө бөлүнөт:
- короо жанындагы жана бак-чарбак участкаларын пайдалангандык үчүн жер салыгы;
- айыл чарба жерлерин пайдалангандык үчүн жер салыгы;
- калктуу конуштардагы жерлерди жана айыл чарба багытында болбогон жерлерди пайдалангандык үчүн жер салыгы.
32. Жер салыгын болжолдоодо төмөндөгү маалыматтар пайдаланылат:
- Өкмөткө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы жана анын аймактык органдары тарабынан берилүүчү категориялар боюнча жер аянты;
- жер кыртышынын сапаты жана түрлөрү боюнча пропорционалдуу бонитет баллы менен дифференциялануучу базалык салыктык ставкалар;
- салык органдарына салык төлөөчүлөр тарабынан берилүүчү маалыматтык эсептөөлөрдө көрсөтүлгөн маалыматтар.
Жер салыгын болжолдоодо салык мыйзамдарында каралган жеңилдиктер эске алынат.
33. Жер салыгы боюнча болжолду аныктоодо эсептөөлөрдүн төмөнкү варианттары пайдаланылат.
Биринчи вариант.
Жер салыгынын болжолдуу түшүүлөрүн эсептөө:
- үй жанындагы, короо жанындагы жерлер жана бак-чарбак участоктору төмөнкү формула боюнча аныкталат:
- айыл чарба багытындагы жерлерге карата төмөнкү формула боюнча аныкталат:
- калктуу конуштардын жерлери жана айыл чарба багытында болбогон жерлер төмөнкү формула боюнча аныкталат:
мында:
П - белгилүү бир категориядагы жерлердин жалпы аянты;
Л - салык салынбаган жана ЖӨБ органдарынын өкүлдөрү тарабынан берилүүчү жеңилдиктер;
С - Салык кодексинин ченемдеринин талаптарын эске алуу менен салыктын ставкасы;
- инфляция коэффициенти;
- экономикалык-пландоочу зоналар үчүн зоналык коэффициент;
- жер участкаларын коммерциялык пайдалануу коэффициенти.
Экинчи вариант.
Жер салыгы боюнча болжол бир катар жылдар үчүн түшүүлөрдүн динамикасын талдоонун, учурдагы жыл боюнча салык салуу базасында жана инфляциянын деңгээлинде болжолдонуучу өзгөртүүлөргө карата оңдолгон түшүүлөрдү баалоонун негизинде аныкталат. Салыктын болжолу төмөнкү формула менен берилген:
мында:
- салыктын болжолу;
- учурдагы жылы салыктын күтүлгөн түшүүлөрү;
- инфляциянын деңгээлин мүнөздөөчү коэффициент;
- салык саясатындагы жана салыктык тескөөдөгү өзгөртүүлөрдү же эксперттик пикирлерди чагылдыруучу коэффициент;
Д - болжолдонуучу жылы мыйзамдардын өзгөртүлүшүнө байланыштуу салык боюнча кошумча түшкөн (+) же түшпөй калган (-) кирешелер, ошондой эле системалуу эмес мүнөздөгү бир жолку төлөмдөр.
Үчүнчү вариант.
Жер салыгы боюнча болжол бир катар жылдар үчүн түшүүлөрдүн динамикасын талдоонун негизинде туруктуу (орточо) өсүш темпине салыштырмалуу учурдагы жылы түшүүлөрдүн күтүлгөн деңгээлин оңдоонун негизинде аныкталат. Салыктын түшүүлөрүнүн болжолу төмөнкү формула менен берилген:

- талдоо жүргүзүлүүчү мезгил үчүн салыктын орточо квадраттык өсүш темпин чагылдыруучу коэффициент;

§ 6.8. Кошумча нарк салыгы
34. Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлүүчү товарларга (жумуштарга, кызмат көрсөтүүлөргө) кошумча нарк салыгы (КНС ички) боюнча түшүүлөрдүн болжолу эсептөөнүн төмөнкү варианттары менен аныкталат.
Биринчи вариант.
Салыкты эсептөө социалдык-экономикалык өнүктүрүү болжолуна ылайык Кумтөр кенин иштеткен ишканалардан түшүүлөрдү жана экономиканын салык салынбаган секторлорун эсепке албастан, ИДПнын номиналдуу өсүш темпине учурдагы жылдагы түшүүлөрдүн күтүлгөн көлөмүн индексациялоо жолу менен жүргүзүлөт. Салыктын болжолу төмөнкү формула менен көрсөтүлгөн:
мында:
- салыктын болжолу;
- учурдагы жылы салыктын күтүлгөн түшүүлөрү;
- тийиштүү макроэкономикалык көрсөткүчтөрдүн динамикасын мүнөздөөчү коэффициент;
- салык саясатындагы жана салыктык тескөөдөгү өзгөртүүлөрдү же эксперттик пикирлерди чагылдыруучу коэффициент;
Д - болжолдонуучу жылы мыйзамдардын өзгөртүлүшүнө байланыштуу салык боюнча кошумча түшкөн (+) же түшпөй калган (-) кирешелер, ошондой эле системалуу эмес мүнөздөгү бир жолку төлөмдөр.
Экинчи вариант.
Салыкты эсептөө социалдык-экономикалык өнүктүрүү болжолуна ылайык экономиканын салык салынбаган тармактарын жана Кумтөр кенин иштеткен ишканалардан кошумча наркты кемитүү менен кошумча дүң нарктын болжолдонуучу көлөмүнө, салыктын орточо натыйжалуу ставкасына негизделет жана төмөнкү формула боюнча аныкталат:
мында:
- салыктын болжолу;
- өткөн мезгилдер үчүн салыктын иш жүзүндөгү түшүүлөрү;
- кошумча дүң нарктын болжолдонуучу көлөмү;
- өткөн мезгилдер үчүн кошумча дүң нарк боюнча иш жүзүндөгү көрсөткүчтөр;
- экономиканын салык салынбаган секторлорундагы кошумча дүң нарктын жана Кумтөр кенин иштеткен ишканалардын кошумча наркынын болжолдонуучу көлөмү;
- талдоо жүргүзүлүүчү мезгил үчүн салыктын орточо натыйжалуу ставкасы;
- салык саясатындагы жана салыктык тескөөдөгү өзгөртүүлөрдү же эксперттик пикирлерди чагылдыруучу коэффициент;
Д - болжолдонуучу жылы мыйзамдардын өзгөртүлүшүнө байланыштуу салык боюнча кошумча түшкөн (+) же түшпөй калган (-) кирешелер, ошондой эле системалуу эмес мүнөздөгү бир жолку төлөмдөр.
Үчүнчү вариант.
Салык боюнча болжолду эсептөө үчүн ири салык төлөөчүлөргө карата КНСтин чегерилген жана төлөнгөн суммасы, өнбөгөн калдык жана ашыкча төлөнгөн суммалардын өзгөрүшү жөнүндө маалыматтар пайдаланылат. Түшүүлөрдүн болжолдонуучу суммасын эсептөө төмөнкү формула боюнча аныкталат:
- салыктын болжолдонуучу суммасы;
- учурдагы жылы ири салык төлөөчүлөрдөн салыктын күтүлгөн түшүүлөрү;
- системалуу эмес мүнөздөгү ири салык төлөөчүлөрдөн бир жолку төлөмдөр, документтик текшерүү актылары боюнча чегерилгенге чейинки сумма, өнбөгөн калдыктын жана башкалардын өзгөрүүсү;
- бир катар иш жүзүндөгү маалыматтардан турган талдоо жүргүзүлүүчү орточо мезгилди, түшүүлөрдүн жалпы көлөмүндө ири салык төлөөчүлөрдөн салыктардын түшүүлөрүнүн көлөмүн чагылдыруучу коэффициент;
- Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүктүрүү болжолуна ылайык экономиканын салык салынбаган тармактарын жана Кумтөр кенин иштеткен ишканалардын кошумча наркын кемитүү менен кошумча дүң нарктын номиналдуу өсүш темпин чагылдыруучу коэффициент.
Төртүнчү вариант.
Болжолду эсептөөнүн төртүнчү варианты экономиканын салык салынбаган тармактарын жана Кумтөр кенин иштеткен ишканалардын кошумча наркын кемитүү менен кошумча дүң нарктын көлөмүнө карата салыктын орточо ийкемдүүлүгүн эсептөөгө негизделген. Салык боюнча болжолдуу көрсөткүч төмөнкү формуланын негизинде аныкталат:
мында:
- салыктын болжолу;
- кошумча дүң нарктын болжолдонуучу көлөмү;
- экономиканын салык салынбаган секторлорундагы кошумча дүң нарктын жана Кумтөр кенин иштеткен ишканалардын кошумча наркынын болжолдонуучу көлөмү;
- талдоо жүргүзүлүүчү мезгил үчүн салыктын орточо ийкемдүүлүгүн чагылдыруучу коэффициент;
- салык саясатындагы жана салыктык тескөөдөгү өзгөртүүлөрдү же эксперттик пикирлерди чагылдыруучу коэффициент;
Д - болжолдонуучу жылы мыйзамдардын өзгөртүлүшүнө байланыштуу салык боюнча кошумча түшкөн (+) же түшпөй калган (-) кирешелер, ошондой эле системалуу эмес мүнөздөгү бир жолку төлөмдөр.
Бешинчи вариант.
Регрессиондук талдоо методу менен ички КНС боюнча болжолду эсептөө. Болжолдоо үчүн база катары салык мыйзамдарына ылайык берилүүчү жеңилдиктердин жана башка негизделген факторлордун деңгээлине оңдолгон кошумча дүң нарктын көрсөткүчү, ошондой эле салык статистикасынын маалыматы боюнча макроэкономикалык көрсөткүчтөрдүн өзгөрүшүнө индексацияланган жыйынды көрсөткүчтөр пайдаланылат.
35. Ички КНСти болжолдоодо отчеттук мезгил үчүн КНСтин ордун толтуруу өлчөмү жөнүндө жана экспорттоо көлөмүнүн жана алмашуу курсунун болжолдонуучу өзгөрүүлөрүн мүнөздөөчү коэффициенттерди колдонуу менен кайтарып берүүгө тиешелүү суммалардын болжолдуу өзгөрүүсү жөнүндө маалыматтардын негизинде ордун толтурууга карата КНСтин болжолдуу суммасын эсептөө зарыл.
36. Кыргыз Республикасынын аймагына импорттолуучу товарларга кошумча нарк салыгы боюнча болжол (импорттоого КНС) эсептөөнүн төмөнкү варианттары менен аныкталат.
Биринчи вариант.
Импортко КНС боюнча болжол социалдык-экономикалык өнүктүрүү болжолуна ылайык алдыдагы жылга импорттун болжолдонуучу көлөмүнүн жана талдоо жүргүзүлүүчү мезгилге келип чыккан салыктын орточо натыйжалуу ставкаларынын негизинде эсептелет.
Өлкөнү социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн болжолуна ылайык болжолдонуучу мезгилге импорттун көлөмү өткөн жылдардын иш жүзүндөгү маалыматтарынын (МБКнын отчеттору боюнча) негизинде төмөнкүдөй деңгээлде ажыратылат:
- салык салынуучу импорт;
- салык жана бажы мыйзамдарына ылайык бошотулган импорт;
- товарлардын башка салык салынбаган импорту.
Импортко КНСти эсептөө төмөнкү формула боюнча жүргүзүлөт:
мында:
- импортко КНСтин болжолу;

- бажы алымынын болжолу;
- товарлардын импорттолуучу акциздик топтору менен акциз салыгынын болжолу;
- салык салынуучу импорттун болжолдонуучу көлөмү;
- салык салынуучу импорттун иш жүзүндөгү көлөмү;
- АКШ долларындагы импорттун жалпы көлөмү;
- сомго карата доллардын болжолдонуучу курсу;
- талдоо жүргүзүлүүчү мезгил үчүн импорттун жалпы көлөмүндөгү салык салынуучу импорттун орточо үлүшүн мүнөздөөчү коэффициент;
- салык саясатында жана салыктык тескөөдө өзгөртүүлөрдү же эксперттик пикирлерди чагылдыруучу коэффициент.
Экинчи вариант.
Импортко КНС боюнча болжолду эсептөө импорттун салык салынуучу көлөмүнө карата салыктын орточо ийкемдүүлүгүн баалоого негизденген. Салык боюнча болжолдуу көрсөткүч төмөнкү формула боюнча аныкталат:

- доллардын сомго карата болжолдонуучу курсу;
- талдоо жүргүзүлүүчү мезгил үчүн импорттун жалпы көлөмүндө салык салынуучу импорттун орточо үлүшүн мүнөздөөчү коэффициент;

- салык саясатында жана салыктык тескөөдө же эсперттик пикирде өзгөртүүлөрдү чагылдыруучу коэффициент.
Үчүнчү вариант.
Регрессиондук талдоо методу менен импортко КНС боюнча болжолду эсептөө. Эсептөө үчүн база катары алмашуу курсуна коррекцияланган импорттун көлөмүнүн көрсөткүчү пайдаланылат.
§ 6.9. Сатуудан алынган салык
37. Сатуудан алынган салык боюнча болжол эсептөөнүн төмөнкү варианттары менен аныкталат.
Биринчи вариант.
Салыкты эсептөө социалдык-экономикалык өнүктүрүү болжолуна ылайык Кумтөр кенин иштеткен ишканалардан түшкөндөрдү жана экономиканын салык салынбаган секторлорун эсепке албастан, ИДПнын номиналдуу өсүш темпине учурдагы жылдагы түшүүлөрдүн күтүлгөн көлөмүн индексациялоо жолу менен жүргүзүлөт. Салыктын болжолу төмөнкү формула менен берилген:

Салыкты эсептөө социалдык-экономикалык өнүктүрүүгө ылайык экономиканын салык салынбаган тармактарын жана Кумтөр кенин иштеткен ишканалардан кошумча наркты кемитүү менен кошумча дүң нарктын болжолдонуучу көлөмүнө, салыктын орточо натыйжалуу ставкасына негизденет жана төмөнкү формула боюнча аныкталат:
мында:
- салыктын болжолу;
- n өткөн мезгилдер үчүн салыктын иш жүзүндөгү түшүүлөрү;

- n - өткөн мезгилдер үчүн кошумча дүң нарк боюнча иш жүзүндөгү көрсөткүчтөр;

Эскертүү. Бул метод боюнча болжолду эсептөө үчүн база катары салыктык жана экономикалык статистиканын жыйынды маалыматтары боюнча макроэкономикалык көрсөткүчтөрдү өзгөртүүгө индексацияланган экономиканын реалдуу жана финансылык сектордогу ишканаларынын товарларын (жумуштарын, кызмат көрсөтүүлөрүн) сатуудан түшкөн акчанын көрсөткүчтөрү пайдаланылышы мүмкүн.
Үчүнчү вариант.
Салык боюнча болжолду эсептөө үчүн ири салык төлөөчүлөргө карата сатуудан алынган салыктын эсептелген жана төлөнгөн суммасы, өнбөгөн калдыктын суммаларды өзгөртүү жөнүндө маалыматтар пайдаланылат. Түшүүлөрдүн болжолдонуучу суммасын эсептөө төмөнкү формула боюнча аныкталат:

- системалуу эмес мүнөздөгү ири салык төлөөчүлөрдөн бир жолку төлөмдөр, өнбөгөн калдыгы жана башкаларды документтик текшерүү актылары боюнча эсептелген суммалар;
- бир катар иш жүзүндөгү маалыматтардан турган талдоо жүргүзүлүүчү мезгил үчүн түшүүлөрдүн жалпы көлөмүндө ири салык төлөөчүлөрдөн түшүүчү салыктын орточо үлүшүн чагылдыруучу коэффициент;
- социалдык-экономикалык өнүктүрүү болжолуна ылайык экономиканын салык салынбаган тармактарын жана Кумтөр кенин иштеткен ишканалардын кошумча наркын кемитүү менен кошумча дүң нарктын номиналдык өсүш темпин чагылдыруучу коэффициент.

- экономиканын салык салынбаган секторундагы кошумча дүң нарктын жана Кумтөр кенин иштеткен ишканалардын кошумча наркынын болжолдонуучу көлөмү;

- салык саясатындагы жана салыктык тескөөдөгү өзгөртүүлөрдү же эксперттик пикирлерди чагьшдыруучу коэффициент;

Регрессиондук талдоо методу менен салыктын болжолун эсептөө. Салык мыйзамдарына ылайык берилген жеңилдиктердин жана башка негизделген факторлордун деңгээлдерине оңдолгон кошумча дүң нарктын, макроэкономикалык көрсөткүчтөрдү өзгөртүүгө индексацияланган экономиканын реалдуу жана финансылык сектордогу ишканаларынын товарларын (жумуштарын, кызматтарын) сатуудан түшкөн акчанын көрсөткүчтөрү жана салык отчетторун жыйынды маалыматтары боюнча товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) сатуудан индексацияланган акча пайдаланылат.
§ 6.10. Акциз салыгы
38. Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлүүчү жана сатылуучу акциздик товарларга акциздик салык боюнча түшүүлөрдүн болжолу (мындан ары - ички акциз) эсептөөнүн төмөнкү варианттары менен аныкталат.
Биринчи вариант.
Социалдык-экономикалык өнүктүрүү болжолуна ылайык акциздик товарларды өндүрүүнүн көлөмү тууралуу маалыматтар жана Салык кодексинде белгиленген ставкалар ички акциз боюнча болжолду эсептөөнүн негизи катары кабыл алынат. Этиль спиртин, алкоголдук жана спирт камтуучу продукцияларды өндүрүүнүн болжолдонуучу көлөмү этиль спиртин, алкоголдук жана спирт камтуучу продукцияларды өндүрүүнү жана жүгүртүүнү контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу органдар тарабынан иш-аракеттегилердин болуусун жана жаңы кубаттуулуктарды ишке киргизүүнү эсепке алуучу социалдык-экономикалык өнүктүрүү болжолунун макроэкономикалык көрсөткүчүнө оңдолгон акциздик продукцияларды өндүрүүнүн иш жүзүндөгү көлөмүнүн негизинде ар бир өндүрүүчү ишкана боюнча аныкталат.
Товардын ар бир түрү боюнча акциздик түшүүлөрдүн болжолдонуучу суммасы төмөнкү формула боюнча эсептелет:
мында:
- акциздик товарлар боюнча акциздин болжолдонуучу суммасы;
- акциздик продукцияларды өндүрүүнүн болжолдонуучу көлөмү;
С - акциздин ставкасы.
Экинчи вариант.
Кыргыз Республикасында өндүрүлүүчү товарларга акциздер боюнча болжолду эсептөө үчүн акциздин ставкасынын азайышы (көбөйүшү), өндүрүштү кайра профилдөө, лицензияларды кайра чакырып алуу, продукцияга суроо-талаптын деңгээли, акциздик продукцияларды өндүрүүчү ишканалардын жүгүнүн көптүгү сыяктуу мындай факторлордун таасирлерин эске алуу менен өндүрүүчү ишканалардын өндүрүштүк кубаттуулугун пайдалануунун анык мүмкүнчүлүгүн талдоо үчүн бир катар жылдарды камтыган акциздик продукцияларды өндүрүүнүн көлөмү боюнча маалыматтар пайдаланылат.
Ар бир акциздик товар боюнча акциздин түшүүлөрүнүн болжолдонуучу суммасын эсептөө төмөнкү формула боюнча эсептелет:
мында:
- акциздин болжолдонуучу суммасы;
- маалыматтарды салыштыруу максаттары үчүн өндүрүштүн көлөмү боюнча баштапкы маалыматгарды оңдоону эске алуу менен эсептелген бир катар жылдар үчүн акциздик продукцияларды өндүрүүнүн орточо көлөмү;
- жылдар боюнча өндүрүштүн көлөмү;
n - талдоо жүргүзүлүүчү мезгилдеги жылдардын саны;
С - акциздин ставкасы.
Товарлардын ар бир түрү боюнча болжолдуу көрсөткүчтөрдүн суммасы акциз салыгы боюнча жалпы болжолду түзөт.
мында:
- акциз боюнча болжолдун жалпы суммасы;
- ар бир акциздик товар боюнча акциздин болжолдонуучу суммасы.
39. Кыргыз Республикасынын аймагына импорттолуучу акциздик товарларга акциз салыгы боюнча болжол (мындан ары - импортко акциз), эсептөөнүн төмөнкү варианттары менен аныкталат.
Биринчи вариант.
Импортко акциз боюнча болжолду эсептөөнүн негизи катары социалдык-экономикалык өнүктүрүү болжолуна ылайык импорттун көлөмүнүн көрсөткүчү жана Салык кодексинде белгиленген ставкалар пайдаланылат.
Акциздик товарлардын ар бир түрү боюнча акциздердин болжолдонуучу түшүүлөрүнүн көлөмү төмөнкү формула боюнча эсептелет:

- акциздик продукцияларды импорттоонун болжолдонуучу көлөмү;
С - акциздин ставкасы.
Экинчи вариант.
Салыкты эсептөө социалдык-экономикалык өнүктүрүү болжолуна ылайык акциздик товарлардын топторун импорттоонун болжолдонуучу көлөмүнө, салыктын орточо натыйжалуу ставкасына негизденген. Акциздик товарлардын ар бир тобу боюнча импортко акциздердин болжолдонуучу түшүүлөрүнүн өлчөмү төмөнкү формула боюнча аныкталат:
мында:
- акциздик товарлардын тобу боюнча акциздин болжолдонуучу суммасы;
- акциздик товарлардын тобу боюнча акциздин иш жүзүндөгү түшүүлөрү;
- акциздик товарлардын тобу боюнча импорттун болжолдонуучу көлөмү;
- акциздик товарлардын тобу боюнча импорттун иш жүзүндөгү көлөмү;
- талдоо жүргүзүлүүчү мезгил үчүн салыктын орточо натыйжалуу ставкасы;
n - талдоо жүргүзүлүүчү мезгил үчүн жылдардын саны;
С - акциздин ставкасы.
Товарлардын ар бир түрү боюнча болжолдуу көрсөткүчтөрдүн суммасын акциз салыгы боюнча жалпы болжол түзөт.

Эсептөөнүн үчүнчү варианты боюнча социалдык-экономикалык өнүктүрүү болжолуна ылайык импорттун болжолдонуучу көлөмүнүн негизинде импортко акциздин жалпы суммасынын болжолу жана салыктын орточо натыйжалуу ставкалары аныкталат. Акциздин жалпы суммасынан талдоо жүргүзүлүүчү мезгил үчүн салыктын жалпы суммасында товарлардын иш жүзүндө орточо келип чыккан үлүшүнүн негизинде акциздик товарлардын ар бир түрү боюнча салыктын болжолу аныкталат. Мында баштапкы иш жүзүндөгү маалыматтар салыктын түшүүлөрүнө айрым факторлордун таасирин эске алуу менен оңдолот (акциздердин ставкаларынын өзгөрүүсү, эсептөөлөрдүн, башка факторлордун түзүмүнүн өзгөрүүсү).
§ 6.11. Жер казынасын пайдалангандык үчүн салык
40. Салык кодексине ылайык жер казынасын пайдалангандык үчүн салык:
1) бонустар - пайдалуу казылмаларды издөө, чалгындоо жана иштеп чыгуу максатында жер казынасын пайдалануу укугуна бир жолку төлөөлөр;
2) роялти - пайдалуу казылмаларды иштетүү жана/же жер алдындагы сууларды тандоо (жер кыртышынан чыккан) максатында жер казынасын пайдалангандыгы үчүн учурдагы төлөөлөр.
41. Бонустары болжолдоо кен чыккан жерлер жана пайдалуу казылмалардын көрүнүшү, лицензия берилген аянты жана конкурска жана аукционго коюлуучу пайдалуу казылмалардын кендери боюнча бонустардын көлөмү тууралуу (АКШ долларында) жер казынасын пайдалануу боюнча, жаратылыш кендеринин түрлөрү жана менчик ээсинин үлүшүнүн өзгөрүшү менен катышуучуну алмаштыруу учурунда эсептелген бонустардын суммасы боюнча ыйгарым укуктуу органдын маалыматтарынын негизинде жүргүзүлөт. Бонустардын болжолдонуучу суммасы социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн болжолдоруна ылайык АКШ долларына карата сомдун болжолдонуучу курсуна кайта эсептелет.
42. Роялти боюнча болжол эсептөөнүн төмөнкү варианттары менен аныкталат.
Биринчи вариант.
Салыкты эсептөө социалдык-экономикалык өнүктүрүү болжолуна ылайык макроэкономикалык көрсөткүчтүн болжолдуу өзгөрүшүнө учурдагы жылдагы түшүүлөрдүн күтүлгөн көлөмүн индексациялоо жолу менен жүргүзүлөт (өнөр жайдын кен казуучу тармагынын дүң продукцияларынын көлөмү, суу менен жабдуу ишканаларынын продукцияларын чыгаруу, пайдалуу казылмалардын айрым түрлөрүн өндүрүүнүн, минералдык суулардын көлөмү, өнөр жайдын кен казуучу жана иштетүүчү тармактарында баалардын индекстери ж.б.). Салыктын түшүүлөрүнүн болжолу төмөнкү формула менен берилген:

Эсептөөнүн бул варианты боюнча болжолдоо базасы катары пайдалуу казылмалардын түрлөрү жана адистештирилген суу менен жабдуу уюмдары боюнча салыктык отчеттордун негизинде роялтинин (жер казынасынан чыккан суулардын көлөмү, пайдалуу казылмаларды жана аларды кайра иштетүү продуктуларын сатуудан түшкөн акча, адистештирилген суу менен жабдуу уюмдарын ишке ашыруудан түшкөн акча) салыктык базасы жөнүндө жыйынды маалыматтар пайдаланылат.
Мында болжолдонуучу мезгилге роялтинин салыктык базасынын көрсөткүчтөрү социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн болжолуна ылайык макроэкономикалык көрсөткүчтөрдүн өзгөрүшүнө базалык көрсөткүчтөрдү индексациялоо жолу менен (өнөр жайдын кен казуучу тармагынын дүң продукцияларынын көлөмү, суу менен жабдуу ишканаларынын продукциясын чыгаруу, пайдалуу казылмалардын, минералдык суулардын айрым түрлөрүн өндүрүүнүн иш жүзүндөгү көлөмүнүн индекси, өнөр жайдын кен казуучу жана иштетүүчү тармактарында баалардын индекстери ж.б.) же убактылуу катарларды экстраполяциялоо жолу менен аныкталат.
Салыкты эсептөө пайдалуу казылмалардын топтору же алардын түрлөрү боюнча салыктык базасынын болжолдонуучу өзгөрүүсүнө жана пайдалуу казылмалардын топтору же алардын түрлөрү үчүн салыктын орточо натыйжалуу ставкасын аныктоого негизденген. Эсептөөнүн төмөнкү формуласы колдонулат:
мында:
- пайдалуу казылмалардын топтору же алардын түрлөрү үчүн салыктын болжолу;
- пайдалуу казылмалардын топтору же алардын түрлөрү боюнча өткөн мезгилдер үчүн салыктын иш жүзүндөгү түшүүлөрү;
- пайдалуу казылмалардын топтору же алардын түрлөрү боюнча салыктык базанын болжолдонуучу көлөмү;
- пайдалуу казылмалардын топтору же алардын түрлөрү боюнча өткөн мезгилдер үчүн салыктык базанын иш жүзүндөгү көрсөткүчтөрү;

Эскертүү. Эсептөөнүн бул варианты боюнча талдоо жана болжолдоо үчүн база катары социалдык-экономикалык өнүктүрүү болжолуна ылайык өнөр жайдын кен казуучу тармагынын продукцияларын чыгаруу көрсөткүчү пайдаланылышы мүмкүн.
§ 6.12. Эл аралык соодага жана тышкы операцияларга салыктар
43. Эл аралык соодага жана тышкы операцияларга салыктар төмөнкү төлөмдөр менен берилген:
- импорттук бажы алымы;
- бажы алымдарынын жана жыйымдарынын бирдиктүү ставка боюнча бажылык төлөм;
- бажы контролун жана бажы жол-жоболорун ишке ашыруу үчүн бажылык жыйымдар жана төлөмдөр.
44. Бажы алымдарынын жана жыйымдарынын бирдиктүү ставкасы боюнча импорттук бажы алымдарын жана бажы төлөмдөрүн болжолдоо жүк ташууга бажы декларациялары боюнча товарлардын импортунун көрсөткүчтөрүнүн негизинде бирдиктүү методика боюнча жана өлкөнү социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн болжолуна ылайык жүргүзүлөт.
Бажы төлөмдөрүн болжолдоо үчүн база катары өлкөнү социалдык-экономикалык өнүктүрүү болжолуна ылайык импорттун жана алмашуу курсунун көлөмүнүн өзгөрүшүнө индексацияланган жүк ташуу бажы декларацияларынын маалыматтары боюнча импорттун көлөмүнүн көрсөткүчтөрү пайдаланылышы мүмкүн.
Болжолдонуучу мезгилге импорттун көлөмү өткөн жылдардын (бажы кызматынын отчету боюнча) иш жүзүндөгү маалыматтарынын негизинде төмөнкүдөй деңгээлде бөлүштүрүлөт:
- салык салынуучу импорт, анын ичинде алыскы жана жакынкы чет өлкөлөрдөн салык салынуучу импорт. Бажы алымдарын эсептөө бажы мыйзамдарына ылайык алыскы чет өлкөлөрдөн импорттун көрсөткүчтөрү пайдаланылат;
- жеке жактар тарабынан ташылып келинүүчү товарлардын импорту бажы мыйзамдарына ылайык салык салуунун бирдиктүү ставкасы боюнча бажы алымдарынын жайгашуусу үчүн пайдаланылат;

45. Бажы алымдарынын жана жыйымдарынын бирдиктүү ставкасы боюнча импорттук бажы алымдарынын жана бажы төлөмдөрүнүн болжолдонуучу көлөмү эсептөөнүн төмөнкү варианттары боюнча аныкталат.
Биринчи вариант.
Эсептөө талдоо жүргүзүлүүчү мезгилге түзүлгөн салыктын натыйжалуу ставкаларын баалоо методу боюнча төмөнкү формула менен жүргүзүлөт:
мында:
- бажы алымдарынын жана жыйымдарынын бирдиктүү ставкасы боюнча импорттук бажы алымдарынын жана бажы төлөмдөрүнүн болжолдонуучу суммасы;
- бажы алымдарынын жана жыйымдарынын бирдиктүү ставкасы боюнча импорттук бажы алымдарынын жана бажылык төлөмдөрдүн иш жүзүндөгү түшүүлөрү;
- алыскы чет өлкөлөрдүн салык салынуучу импортунун же жеке жактар тарабынан ташылып келинүүчү товарлардын импортунун болжолдонуучу көлөмү, тийиштүү түрдө;
- алыскы чет өлкөлөрдүн салык салынуучу импортунун же жеке жактар тарабынан ташылып келинүүчү товарлардын импортунун иш жүзүндөгү көлөмү, тийиштүү түрдө;
- талдоо жүргүзүлүүчү мезгил үчүн орточо натыйжалуу ставкасы;

- бажы саясатындагы жана бажы төлөмдөрүн тескөөдөгү өзгөртүүлөрдү же эксперттик пикирлерди чагылдыруучу коэффициент.
Экинчи вариант.
Болжолду эсептөө тийиштүү түрдө алыскы чет өлкөлөрдөн ташып келинген товарлардын салык салынуучу импортунун же жеке жактар тарабынан ташылып келинген товарлардын импортунун көлөмүнө карата бажы алымдарынын жана жыйымдарынын бирдиктүү ставкасы боюнча импорттук бажы алымдарынын жана бажы төлөмдөрүнүн орточо ийкемдүүлүгүн баалоого негизденген. Бажы алымдары боюнча болжолдуу көрсөткүч төмөнкү формуланын негизинде аныкталат:

- тийиштүү түрдө эсептөө алыскы чет өлкөлөрдөн ташып келинген товарлардын салык салынуучу импортунун же жеке жактар тарабынан ташып келинген товарлардын импортунун болжолдонуучу көлөмү;

- бажы саясатына жана бажы төлөмдөрүн тескөөгө өзгөртүүлөрдү же эксперттик пикирлерди чагылдыруучу коэффициент.
Үчүнчү вариант.
Бажы алымдарынын жана жыйымдарынын бирдиктүү ставкасы боюнча импорттук бажы алымдары жана бажы төлөмдөрү боюнча болжолду регрессиондук талдоо методу менен эсептөө. Болжолду эсептөө үчүн база катары алмашуу курсуна оңдолгон импорттун көлөмүнүн көрсөткүчү пайдаланылат.
46. Евразия экономикалык бирлигинин (мындан ары - ЕЭБ) шарттарында импорттук бажы алымын болжолдоо ЕЭБдин мүчө өлкөлөрүнүн ортосундагы бажы алымдарын бөлүштүрүү механизмдерин эске алуу менен ишке ашырылат.
47. Бажы контролун жана бажы жол-жоболорун ишке ашыруудан жыйымдардын жана төлөмдөрдүн түшүүлөрүн болжолдоодо салык салынуучу база катары тышкы соода жүгүртүүнүн көлөмү кабыл алынат.
Бажы контролун жана бажы жол-жоболорун ишке ашыруудан түшүүчү жыйымдарды жана төлөмдөрдү болжолдоо учурдагы жыл үчүн бажы контролун жана бажы жол-жоболорун ишке ашыруудан күтүлгөн түшүүлөрдүн жана социалдык-экономикалык өнүктүрүү болжолунун макроэкономикалык көрсөткүчтөрүнүн базасында жүргүзүлөт. Учурдагы жыл үчүн бажы контролун жана бажы жол-жоболорун ишке ашыруудан күтүлгөн түшүүлөрдү баалоо бир катар жылдар үчүн жана учурдагы жыл боюнча түшүүлөрдүн динамикасынын негизинде жүргүзүлөт.
Бажы контролун жана бажы жол-жоболорун ишке ашыруудан түшүүчү жыйымдардын жана төлөмдөрдүн болжолун эсептөө тышкы соода жүгүртүү көлөмүнүн болжолдонуучу өсүш темпине учурдагы жылдагы түшүүлөрдүн күтүлгөн деңгээлин индексациялоо жолу менен ишке ашырылат.
7. Мамлекеттик бюджеттин салыктык эмес кирешелерин болжолдоонун өзгөчөлүктөрү
48. Салыктык эмес түшүүлөрдү болжолдоо ченемдик укуктук актыларга негизденет, аларга ылайык салыктык эмес жыйымдар жана төлөмдөр төлөнөт.
49. Орто мөөнөттүү мезгилге фискалдык саясаттын негизги багыттарын, алдыдагы пландык мезгилге бюджеттин долбоорун иштеп чыгууда, бюджеттин салыктык эмес кирешелеринин жана ресурстарынын айрым түрлөрү боюнча учурдагы жылы бюджетти тактоодо аткаруу бийлиги системасындагы мамлекеттик органдар, алардын аймактык бөлүнүштөрү же башка мамлекеттик органдар тарабынан берилген болжолдуу маалыматтар пайдаланылат.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 13-ноябрындагы № 532 токтомунун редакциясына ылайык)
50. Калган салыктык эмес түшүүлөр боюнча болжол бир катар жылдар үчүн салыктык эмес түшүүлөрдүн ар бир түрү боюнча динамиканы талдоонун, болжолдонуучу жылы инфляциянын деңгээлине карата оңдолгон учурдагы жылдын күтүлгөн түшүүлөрүн баалоонун негизинде же Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн болжолунун башка макроэкономикалык көрсөткүчтөрүн эске алуу менен аныкталат.
51. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык салынуучу административдик айыптарды, туумдарды, санкцияларды жана башка айыптарды жана конфискацияларды болжолдоо республикалык бюджеттен каржылануучу ыйгарым укуктуу органдар тарабынан ишке ашырылбайт.
| 1-тиркеме |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 26-августундагы № 604 токтому менен бекитилген |
Мамлекеттик бюджеттин кирешелерин болжолдоо МЕТОДИКАСЫ
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 13-ноябрындагы № 532, 2020-жылдын 13-февралындагы № 80, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 21-августундагы № 417 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жобо
1. Ушул Методика алдыдагы пландык мезгилге мамлекеттик бюджеттин кирешелерин болжолдоо процессинин укуктук жана методологиялык негиздерин аныктайт. Методика бюджеттик жана салыктык саясаттын багыттарын эске алуу менен Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүү милдеттерине ылайык бюджеттин реалисттик жана ачыктык принциптерин ишке ашырууну жана мамлекеттик бюджеттин кирешелерин максималдуу мобилизациялоону камсыздоого багытталган.
2. Мамлекеттик бюджеттин кирешелерин болжолдоонун негизги милдети пландалган финансылык мезгилге салыктардын жана бюджетке башка милдеттүү төлөмдөрдүн түшүүлөрүнүн экономикалык жактан негизделген өлчөмдөрүн аныктоо болуп саналат.
3. Мамлекеттик бюджеттин кирешелерин болжолдоо Кыргыз Республикасынын Салык кодексине (мындан ары - Салык кодекси), Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине, Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык жүргүзүлөт.
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 13-ноябрындагы № 532, 2020-жылдын 13-февралындагы № 80 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
4. Мамлекеттик бюджеттин кирешелерин болжолдоо төмөнкү принциптерге ылайык жүзөгө ашырылат:
1) үзгүлтүксүздүк принциби болжолдуу бааларды өркүндөтүү үчүн (реалдуу жагдайда мүмкүн болгон өзгөртүүлөргө байланыштуу болжолдуу бааларды тактоо), ошондой эле бюджеттин кирешелерин болжолдоо менен кирешелерди тескөө пландарын түзүүнүн ортосундагы байланышты камсыздоо үчүн болжолдоо процесстеринин туруктуулугун карайт;
2) эсептөөлөрдүн көп варианттуулугу болжолдордун ар кандай варианттарын салыштыруу жана алардын ичинен кыйла ишенимдүүлүгүн тандоо жолу менен адекваттуу болжолдуу баалоону алуу үчүн болжолдордун бир нече варианттарын иштеп чыгууну билдирет;
3) толуктук принциби бюджеттик маалыматтардын олуттуулук жана маанилүүлүк талаптарына ылайык келүүсүн эске алуу менен Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган бардык кирешелерди толук көлөмдө болжолдоону карайт;
4) бирдиктүүлүк принциби бардык административдик-аймактык бирдиктер бюджеттин кирешелери боюнча болжолдуу көрсөткүчтөрдү аныктоого карата бирдиктүү ыкманы колдонууну карайт;
5) макулдашуу принциби төмөнкүлөрдү билдирет:
- бюджеттин кирешелери боюнча болжолдуу көрсөткүчтөрдү социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн параметрлерине жана багыттарына, ошондой эле өлкөнүн бюджеттик параметрлерине шайкеш келүүсүн;
- мамлекеттик бюджеттин кирешелеринин бул же тигил түшүүлөрүн аныктоочу ченемдик укуктук актылардын негизинде бюджеттин кирешелерин болжолдоону;
6) уланмалуулук принциби бюджеттик мониторинг жүргүзүүнүн жыйынтыктарына негизделген бюджеттин кирешелерин келечектүү болжолдоону;
7) реалисттик принциби төмөнкүлөрдү карайт:
- кирешелер боюнча болжолду эсептөөлөрдүн негиздүүлүгүн;
- болжолдоодо пайдаланылуучу маалыматтардын тууралыгын жана ишенимдүүлүгүн;
8) этияттык принциби кирешелерди ашыра көтөрүүдөн, бюджеттик кирешелердин жоготууларын жана түшпөй калууларын төмөндөтүүдөн качууга мүмкүндүк берүүчү эсептөөлөрдө зарыл болгон түшүнүктөрдү калыптандыруу процессинде белгилүү бир этияттык даражасын карайт.
9) өз ара көз карандылык принциби кирешелердин бир түрүнүн болжолундагы өзгөрүүлөрдүн кирешелердин башка түрлөрү боюнча болжолдорунун өзгөрүшүнө таасирин карайт.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 21-августундагы № 417 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Республикалык бюджеттин кирешелерин болжолдоо, жергиликтүү бюджеттердин кирешелерин баалоо жана мамлекеттик бюджеттин кирешелери (ресурстары) боюнча болжолдорду түзүү Кыргыз Республикасынын бюджеттик классификациясынын коддору боюнча бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан ишке ашырылат. Бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан жүргүзүлгөн жергиликтүү бюджеттердин кирешелерин баалоо бюджеттик мыйзамдарда белгиленген бюджеттер аралык трансферттерди эсептөө үчүн негиз болуп саналат.
6. Бюджеттин кирешелеринин айрым түрлөрүн болжолдоо тиешелүү ыйгарым укуктуу органдар тарабынан ишке ашырылат.
7. Мамлекеттик бюджеттин кирешелери боюнча болжолдоо бюджеттин кирешелерин тескөө пландарын түзүү үчүн негиз болуп саналат.
8. Мамлекеттик бюджеттин кирешелерин болжолдоо бүтүндөй өлкөнү социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн негизги макроэкономикалык көрсөткүчтөрүн, экономиканын жана региондордун айрым тармактарын болжолдоонун, салыктык, бажылык, бюджеттик жана башка тармактык мыйзамдардагы өзгөртүүлөрдү баалоонун негизинде түзүлөт, ошондой эле салыктык тескөө жана бюджеттин башка кирешелерин тескөө деңгээлин эске алат.
9. Алдыдагы пландык мезгилге бюджеттин киреше бөлүгүн түзүүдө болжолдуу түшүүлөрдүн эсеби бюджеттин ар бир киреше булагы боюнча өзүнчө түзүлөт. Бюджеттин бардык киреше булактары боюнча болжолдуу түшүүлөрдүн суммасы бюджеттин жыйынды кирешесинин жана бюджет ресурстарынын болжолдуу маанисин түзөт.
2. Мамлекеттик бюджеттин кирешелерин болжолдоо тартиби
10. Бюджеттин кирешелеринин түшүүлөрүн болжолдоо төмөнкү натыйжаларга негизденет:
- экономиканын жана региондордун айрым тармактарын, бүтүндөй өлкөнү социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн макроэкономикалык көрсөткүчтөрүн болжолдоого;
- бюджеттин ресурстарынын администраторлору тарабынан бюджеттин айрым кирешелеринин түшүүлөрүн болжолдоого;
- бюджеттик, салыктык, бажылык жана бюджеттик кирешелердин деңгээлине таасир тийгизүүчү башка тармактык мыйзамдарды өзгөртүүлөрдүн мониторингине;
- бюджеттик мониторингге;
- бюджеттин кирешелерин талдоого;
- бюджеттик тобокелдиктерди баалоого.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 13-ноябрындагы № 532 токтомунун редакциясына ылайык)
11. Бюджеттик мониторинг төмөнкүлөрдү камтыйт:
- бюджеттик кирешелердин түшүүлөрү, өлкөнү жана региондорду социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн макроэкономикалык көрсөткүчтөрү жөнүндө маалыматтарды, башка фискалдык көрсөткүчтөр боюнча маалыматтарды жаңылоону;
- бюджеттин кирешелери (ресурстары) боюнча планды аткаруунун мониторингин жана бюджеттик классификациялардын бөлүмдөрү, категориялары, беренелери, элементтери боюнча мамлекеттик бюджеттин кирешелеринин иш жүзүндө түшүүлөрүнүн динамикасын;
- фискалдык көрсөткүчтөр боюнча маалыматтарды жалпылоону;
- түрлөрү, топтору, ай боюнча жана өсүүчү жыйынтык боюнча бюджеттик кирешелерди ай сайын кыскача талдоону;
- бюджеттин кирешелерин тескөөнүн пландарын ай сайын (квартал сайын) түзүүнү;
- бюджетке учурдагы жылда күтүлгөн түшүүлөрдү баалоону;
- бюджетти аткаруунун жүрүшүндө түшүүлөрдүн пландарын тактоону.
12. Бюджеттик кирешелерди талдоо төмөнкүлөрдү камтыйт:
- өлкөдөгү жана региондордогу экономикалык кырдаалдын өзгөрүүсүн талдоону;
- бюджеттик, салыктык, бажылык жана бюджеттик кирешелердин-деңгээлдерине таасир тийгизүүчү башка тармактык мыйзамдарга киргизилген жана пландаштырылган өзгөртүүлөрдү сандык баалоону жана сапаттык мүнөздөмө берүүнү камтыган мыйзамдык базанын өзгөрүүсүн талдоону;
- салыктык тескөөнү жана салыктарды чогултуу деңгээлинин эсебин, салык мыйзамдарын аткаруу деңгээлинин эсебин, бюджеттин түшпөй калган кирешелеринин, же бир жолку төлөмдөрүнүн көлөмдөрүн аныктоону, салыктык жана салыктык эмес төлөмдөр боюнча карыздардын абалын талдоону, салыктар боюнча ашыкча төлөөлөрдү талдоону, салыктык жеңилдиктерди (салыктын айрым түрлөрү боюнча) талдоону камтыган бюджеттин башка кирешелерин тескөөнү баалоону;
- бюджеттик тобокелдиктерди баалоону жана бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүү резервдерин табууну;
- бюджеттин кирешелерине тиешелүү мыйзамдарды өркүндөтүү боюнча сунуштарды иштеп чыгууну;
- башка факторлорду баалоону.
3. Мамлекеттик бюджеттин кирешелерин болжолдоо процессинин этаптары
13. Мамлекеттик бюджеттин кирешелеринин болжолун түзүү төмөнкүдөй ырааттуулукта жүргүзүлөт:
1) кирешелердин (жыйноо, төлөм) түрлөрү боюнча базаны аныктоо, болжолдоо үчүн параметрлердин системасын тандоо;
2) бюджетке кирешелердин түшүүсүнө таасирин тийгизүүчү факторлорду аныктоо, кирешелердин өсүүсүнө дем берүүчү же тоскоолдук кылуучу мүмкүн болгон таасирлер жөнүндө эксперттик пикирлерди айтуу;
3) баштапкы маалыматтарды жыйноо жана системалаштыруу, аларды баалоо, маалыматтардын бир тектүүлүгүн жана салыштырмалуулугун текшерүү;
4) зарыл учурларда факторлорду аныктоочу баштапкы маалыматтарды оңдоо;
5) зарыл учурларда мыйзамдарга ылайык бюджеттин кирешелери, бюджеттин жоготууларын (кошумча кирешелерин) сандык баалоо, бир жолку түшүүлөр боюнча баштапкы маалыматтарды оңдоо;
6) бюджеттик көрсөткүчтөрдүн динамикасын өзгөртүү тенденцияларын табуу, болжолдордун бир нече варианттарын иштеп чыгуу;
61) спецификацияны аткаруу жана эконометрикалык моделдеги өзгөрмөлөрдү жана теңдемелерди тестирлөөнүн эсебинен гипотезаларды текшерүү;
7) зарыл учурларда мыйзамдардын өзгөрүүсүнө, бюджеттин жоготууларын (кошумча кирешелерин) сандык баалоого, бир жолку түшүүлөргө тиешелүү акыркы маалыматтарды оңдоо;
8) кирешелердин болжолдорунун ар кандай варианттарын карап чыгуу жана кыйла мыктысын тандоо;
9) бюджеттин кирешелери (ресурстары) боюнча фискалдык көрсөткүчтөрдү жалпылоо;
10) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети (мындан ары - Министрлер Кабинети) жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши (мындан ары - Жогорку Кеңеш) тарабынан болжолду кароо үчүн материалдарды даярдоо.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 21-августундагы № 417 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Мамлекеттик бюджеттин кирешелерин болжолдоодо пайдаланылуучу маалыматтар
14. Мамлекеттик бюджеттин кирешелерин болжолдоо үчүн зарыл болгон маалымат булактары төмөнкүлөр болуп саналат:
1) толтурулган салыктык декларацияларга (маалыматтык эсептөөлөргө) ылайык салыктык статистиканын маалыматтары;
2) толтурулган жүк ташуу бажы декларацияларына ылайык бажы статистикасынын маалыматтары;
3) кадастр системасынын жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо маалыматтары;
4) кендердин жана пайдалуу кендердин көрүнүштөрүнүн реестринин маалыматтары, жер казынасын пайдалануу укугуна лицензиаттардын маалымат базасы;
5) тармактарга, региондорго карата социалдык-экономикалык статистиканын көрсөткүчтөрү: калктын статистикасы, эмгек рыногунун статистикасы; калктын жашоо деңгээлинин көрсөткүчтөрүнүн системасы; улуттук байлык статистикасы; социалдык статистика; товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн статистикасы; өндүрүш чыгымдарынын жана экономикалык иштердин натыйжаларынын статистикасы; финансы статистикасы; инвестициялар статистикасы; кыймылсыз мүлк рыногунун статистикасы; улуттук эсептер системасы; Кыргыз Республикасынын региондорунун жана экономикасынын негизги макроэкономикалык көрсөткүчтөрү; баа, тарифтер жана инфляция статистикасы;
6) валютанын расмий курсу тууралуу Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын маалыматы;
7) алтынды, валютанын дүйнөлүк курсунун динамикасын кошкондо, чийки затка дүйнөлүк баанын динамикасы жарыялануучу көз карандысыз маалыматтык портал;
8) этиль спиртин жана алкоголдук продукцияларды өндүрүүнүн жана жүгүртүүнүн көлөмү боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын болжолу;
9) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын - бюджеттин ресурстарынын администраторлорунун болжолу;
10) Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүү болжолун иштеп чыгуу тартибине ылайык бекитилген тизмек боюнча көрсөткүчтөргө карата макроэкономикалык кырдаалды өнүктүрүүнүн сандык көрсөткүчтөрүн жана сапаттык мүнөздөмөсүн, экономикалык түзүмдөрдү, тышкы экономикалык иштерди, өндүрүштүн жана керектөөнүн динамикасын, жашоо Деңгээлин жана сапатын, социалдык түзүмдү камтыган өлкөнү жана анын аймактарын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн болжолу;
11) бюджеттик кирешелерди талдоонун жана бюджеттик мониторингдин натыйжалары.
12) финансылык программалоонун натыйжалары.
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 13-ноябрындагы № 532, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 21-августундагы № 417 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
15. Кирешелер боюнча болжолду эсептөө үчүн экономикалык жана башка көрсөткүчтөрдү тандоо түшүүлөрдүн деңгээлинин ар кандай факторлордон (көз карандысыз өзгөрүүнү) жана эксперттик пикирлерден көз карандылыгын талдоонун натыйжаларын эске алуу менен салыктын (жыйым, төлөм) экономикалык маанисинин негизинде ишке ашырылат.
16. Бюджеттик кирешелерди талдоо жана болжолдоо үчүн зарыл маалыматтардын тизмеги Мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүн түзүү тартиби менен аныкталат, бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан жаңыланат.
5. Мамлекеттик бюджеттин кирешелерин болжолдоо методдору
17. Мамлекеттик бюджеттин кирешелеринин параметрлерин эсептөөдө болжолдоонун төмөнкү методдору колдонулат:
1) Салыктын тикелей эсебинин методу салык жана салыктын ставкалары боюнча берилүүчү жеңилдиктерди жана бошотууларды эске алуу менен салык базасын көбөйтүүдө турат. Салыктын тикелей эсебинин методу төмөнкү формула менен берилген:
Ү = (ТВ - L) * S,
мында::
ТВ - салыктык база;
L - салыктык мыйзамдарга ылайык берилүүчү жеңилдиктердин жана салык боюнча бошотуулардын көлөмү;
S - салыктын базалык ставкасы.
2) Бюджеттин кирешелерин индексациялоо методу макроэкономикалык көрсөткүчтөрдүн же керектөө баасынын (тармактык, региондук) индексинин өзгөрүшүнүн болжолдуу маанисине бюджеттин кирешелеринин базалык деңгээлин индексациялоодо турат. Жалпыланган түрдөгү индексация методу төмөнкү формула менен берилген:
мында:
- керектөө баасынын болжолдонуучу индекси;
- макро-көрсөткүчтүн өсүшүнүн болжолдонуучу темпи;
- кирешелердин базалык деңгээли.
Бюджеттин кирешелери боюнча алынган болжолдуу көрсөткүч бул салыкты (жыйымды, төлөмдү) салуу, аны тескөө же эксперттик пикирлер саясатындагы өзгөртүүлөрдү чагылдыруучу коэффициенттердин жардамы менен оңдолушу мүмкүн.
3) Экстраполяциялоо методу аларды өнүктүрүүнүн туруктуу динамикасын белгилөөнүн негизинде бюджеттик көрсөткүчтөрдү аныктоо менен коштолот. Болжолдуу көрсөткүчтөрдү эсептөө алардын туруктуу өсүш темпине карата көрсөткүчтөрдүн деңгээлинин базалык мезгилинде жетишилген оңдоолордун негизинде жүргүзүлөт. Экстраполяциялоо методу тренддик талдоонун натыйжаларын пайдаланууга негизденет, ал кирешелердин айрым түрлөрүнүн убакыт факторунан көз карандылыгын жана өзгөртүүлөрдүн туруктуу темпин (туруктуу өсүш темпи) же туруктуу абсолюттук өзгөртүүлөрдү табууну болжолдойт.
Жалпыланган түрдөгү экстраполяциялоо методу төмөнкү формула менен берилген:
мында:
- кирешелер деңгээлинин экстраполяциялануучу мааниси;
1 - болжолго тиешелүү учурга чейин изилденүүчү объект тууралуу акыркы статистикалык маалыматтар болгон учурдагы убакыттын бөлүгү;
- экстраполяциялоо базасы үчүн кабыл алынган деңгээл.
Эгер болжолдун негизине орточо өсүш темпи коюлса, анда кирешелердин деңгээлинин экстраполяциялануучу маанисин төмөнкү формуланын жардамы менен алууга болот:
мында:
- кирешелердин орточо өсүш темпи;
- экстраполяциялоо үчүн база катары кабыл алынган кирешелердин деңгээли.
Экстраполяциялоо методу ошондой эле салык базасынын сандык жана түзүмдүк мүнөздөмөлөрүн болжолдоо үчүн колдонулат.
4) Натыйжалуу ставкалар методу учурдагы жана алдыдагы мезгилдердеги иш жүзүндөгү маалыматтарга салыктын (жыйымдын, төлөм) натыйжалуу ставкаларын эсептөөдө жана кийинки мезгилге салык салуу базасынын болжолуна баалоо ставкаларын колдонууда турат. Салыктын натыйжалуу ставкасы (жыйым, төлөм) салыктын (жыйым, төлөм) иш жүзүндөгү түшүүлөрүнүн жана салык салуунун тийиштүү базасынын катышы катары эсептелет.
Салыктын (жыйым, төлөм) натыйжалуу ставкасы төмөнкү формула боюнча аныкталат:
мында:
ТR - салыктын (жыйымдын, төлөмдүн) иш жүзүндөгү түшүүлөрү;
ЕI - экономикалык көрсөткүчтөрдү аныктоочу иш жүзүндөгү деңгээл.
Бюджеттик көрсөткүчтөрдү эсептөө үчүн натыйжалуу ставка, ушул салыкты (жыйымды, төлөмдү) салуу саясатындагы, аны тескөөдөгү же эксперттик ой жүгүртүүдөгү өзгөртүүлөрдү чагылдырылуучу коэффициенттердин жардамы менен оңдолушу мүмкүн.
5) Кирешелердин ийкемдүүлүгүн баалоо методу бюджеттик кирешелердин деңгээлиндеги өзгөрүүлөрдү негизги макроэкономикалык көрсөткүчтөрдүн өзгөрүүлөрүнө жараша баалоодон жана пайдалануудан турат. Кирешелердин болжолу макро-көрсөткүчтүн белгилүү бир өзгөрүүсүндө бюджеттик кирешелердин көлөмүнүн өзгөрүү динамикасын талдоонун негизинде келечектеги мезгилдин макроэкономикалык көрсөткүчтөрүнүн болжолуна ийкемдүүлүктүн баалоо коэффициентин проекциялоо жолу менен эсептелет.
Салыктын (жыйымдын, төлөмдүн) ийкемдүүлүк коэффициенти төмөнкү формула боюнча аныкталат:
мында:
ВR - кирешелердин (кирешелердин, алардын топторунун же бардык жыйындысынын айрым түрлөрү) баштапкы (базалык) деңгээли;
ЕI - экономикалык көрсөткүчтү аныктоочу баштапкы (базалык) деңгээл.
Бюджеттик көрсөткүчтү эсептөө үчүн ийкемдүүлүк коэффициенти ушул салык (жыйым, төлөм) саясатындагы, аны тескөөдөгү өзгөртүүлөрдү же эксперттик пикирлерди чагылдыруучу коэффициенттердин жардамы менен оңдолушу мүмкүн.
Ийкемдүүлүктү баалоо регрессиондук талдоонун жардамы менен жүргүзүлүшү да мүмкүн.
6) Салыктардын түзүмдүк моделдери салыктык түшүүлөрдүн салыктык базанын түзүмүнөн көз карандылыгын билдирет. Түзүмдүк модель айрым жарандардын жана үй-чарбасынын чыгашаларын жана кирешелерин, юридикалык жактардын кирешелерин жана чыгашаларын текшерүү түрүндө, ошондой эле тармактар аралык баланстын таблицасы түрүндө салык декларацияларынын маалыматтарынын негизинде салык салуу базасынын конкреттүү параметрлери жөнүндө маалыматты камтыйт.
Түзүмдүк моделдер салык салуу базасын (юридикалык жактардын пайдасына салык, жеке жактардын кирешелерине салык) аныктоонун татаал системасы менен салыктарды эсептөө үчүн колдонулат.
7) Регрессиондук талдоо методу салыктын (жыйындын, төлөмдүн) конкреттүү түрүнөн түшүүлөрдүн же алардын жыйындысынын жана ар кандай макроэкономикалык өзгөрмөлөрү бар салыктардын ортосундагы функциялык өз ара байланыштарды эсептөө үчүн пайдаланылат, Бул өз ара байланышты сандык баалоону регрессиялардын же регрессиондук функциялардын теңдемелерин түзүүнүн жардамы менен жүргүзүүгө болот.
Сызыктуу регрессиянын түгөй теңдемесинин жалпы түрү төмөнкү формула менен берилген:
,
мында:
- салыктын (жыйымдын, төлөмдүн) түшүүлөрү же. көз карандысыз өзгөрмө,
- макроэкономикалык көрсөткүчтөр же көз карандысыз өзгөрмөлөр;
а, b - регрессия теңдемесинин параметрлери (коэффициенттер);
- регрессия моделинин кокус катасы.
Сызыктуу регрессиянын көптүк теңдемесинин жалпы түрү төмөнкү формула менен берилген:
мында:
m - теңдемедеги факторлордун (көз карандысыз өзгөрмөлөрдүн) саны;
- салыктын (жыйымдын, төлөмдүн) түшүүлөрү же көз карандысыз өзгөрмө,
- макроэкономикалык көрсөткүчтөр, бюджеттик көрсөткүчтөрдүн деңгээлине таасир тийгизүүчү башка факторлор же көз карандысыз өзгөрмөлөр;
- регрессия теңдемесинин параметрлери (коэффициенттери). Регрессиондук талдоонун жардамы менен кирешелерди болжолдоо регрессия теңдемесинин сапатын текшерүүнү милдеттүү түрдө жүргүзүүнү талап кылат. Регрессия теңдемесинин параметрлерин баалоо үчүн эң кичине квадраттар методу пайдаланылат. Регрессия теңдемесинин сапатын текшерүү төмөнкү багыттар боюнча жүргүзүлөт:
- регрессия коэффициенттерин же теңдеменин параметрлерин эсептөө жана алардын статистикалык маанилүүлүгүн текшерүү;
- регрессия теңдемесинин жалпы сапатын жана регрессия теңдемесинин иш жүзүндөгү маалыматтар менен адекваттуулугун текшерүү, теңдемени өркүндөтүү;
- маалыматтардын касиеттерин, теңдемелерди баалоо учурунда болжолдонгон аткарылууну текшерүү (эң кичине квадраттар методунун өбөлгөлөрүнүн аткарылышын текшерүү).
Регрессиондук талдоонун жана болжолдоонун натыйжаларынын ишенимдүүлүк критерийлерине шайкеш келүүсү үчүн төмөндөгү шарттарды аткаруу зарыл:
- талдануучу мезгилдердин саны (тандоо көлөмү) төмөнкүлөрдөн ашууга тийиш;
- түгөйлөш регрессиянын теңдемесин түзүүдө - болжолдоо мезгилинин саны эң аз дегенде үч эседен;
- көптүк регрессиянын .теңдемесин түзүүдө - регрессия теңдемесинде параметрлердин саны эң аз дегенде үч эседен;
- белгилүү көрсөткүчтөрдүн убактылуу катарын талдоодо - регрессия теңдемесинде параметрлердин саны эң аз дегенде жети эседен;
- эсептик маанилердин иш жүзүндөгүдөн орточо четтөө мааниси же аппроксимациялоонун орточо катасынын мааниси жети пайыздан ашпоого тийиш ().
Регрессиондук талдоо методдору ошондой эле салыктык базанын сандык жана түзүмдүк мүнөздөмөлөрүн болжолдоо үчүн колдонулат.
8) Учурдагы жылдагы бюджеттик түшүүлөрдүн күтүлгөн жылдын көлөмүнүн эсеби ушул бөлүмдүн 17-пунктунда белгиленген методдорду колдонуу менен катар эле, жыл ичиндеги түшүүлөрдүн циклдүүлүк, сезондуулук факторлорун эсепке алуу менен учурдагы жылдагы салыктык түшүүлөрүн жана салыктык мыйзамдарга ылайык төлөөлөрдүн мөөнөтүн талдоонун негизинде төмөнкү формуланы пайдалануу менен түзүлүшү мүмкүн:
мында:
- учурдагы жылда күтүлгөн бюджеттик түшүүлөр;
- учурдагы жылдын отчеттук мезгилиндеги бюджеттик түшүүлөр;
- өткөн жылдын тийиштүү мезгилиндеги бюджеттик түшүүлөр;
- өткөн жыл үчүн иш жүзүндөгү бюджеттик түшүүлөр;
- отчеттук мезгилдеги айлардын саны.
18. Кирешелерге жараша талдоо жүргүзүүчү мезгилде кыйла так болжолдоону эсептөө үчүн жаңы салыктарды (жыйымдарды, төлөмдөрдү) киргизүүгө же аларды жокко чыгарууга байланышкан мыйзамдар өзгөргөн учурду кошпогондо беш жылдан кем болбоого тийиш.
19. Оптималдуу чечим кабыл алуу үчүн бюджеттин кирешелерин болжолдоо эсептөөнүн бир нече методдору менен ишке ашырылышы мүмкүн же болжолдоонун айкалыштырылган методдору пайдаланылышы мүмкүн.
20. Бюджеттик кирешелердин айрым түрлөрүн болжолдоо методдорун тандоо төлөмдөрдүн бул түрү боюнча болжолдорду эсептөө үчүн зарыл болгон маалыматтардын жеткиликтүүлүк деңгээлинин жана сапатынын негизинде ишке ашырылат.
201. Көрсөтүлгөн методдордун ордуна же аларга кошумча (кыйла так натыйжаларды алуу үчүн) бюджеттин кирешелерин узак мөөнөттүү, орто мөөнөттүү жана кыска мөөнөттүү болжолдоонун эконометрикалык модели колдонулушу мүмкүн.
Мамлекеттик бюджеттин кирешелерин моделдөө жана болжолдоо жана жергиликтүү бюджеттин кирешелерин болжолдоо методологиясы ушул Методиканын 1, 2-тиркемелерине ылайык кадамдык колдонмо боюнча ишке ашырылат.";
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 21-августундагы № 417 токтомунун редакциясына ылайык)
6. Мамлекеттик бюджеттин салыктык кирешелерин болжолдоонун өзгөчөлүктөрү
21. Салыктардын (жыйымдардын, төлөмдөрдүн) көпчүлүгү же алардын жыйындысы ИДПнын өзгөрүүсү менен, региондук деңгээлде РДПнын өзгөрүүсү менен байланышта болушу мүмкүн. Айрым салыктар боюнча эң жакшы корреляциялык байланыш салыктын жана салык базасынын экономикалык мазмунуна жараша башка экономикалык көрсөткүчтөр аркылуу байкалат.
22. (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 13-февралындагы № 80 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 13-февралындагы № 80 токтомунун редакциясына ылайык
§ 6.1. Салык агенти төлөөчү киреше салыгы
23. Салык агенти төлөөчү киреше салыгы боюнча болжол эсептөөлөрдүн төмөнкү варианттары менен аныкталат.
Биринчи вариант.
Салыкты эсептөө социалдык-экономикалык өнүктүрүү болжолуна ылайык учурдагы жылдагы түшүүлөрдүн күтүлгөн көлөмүн калктын акчалай кирешесинин өсүш темпине индексациялоо жолу менен түзүлөт. Салыктын болжолу төмөнкү формула менен берилген:
мында:
- салыктын болжолу;
- учурдагы жылы салыктын күтүлгөн түшүүлөрү;
- тийиштүү макроэкономикалык көрсөткүчтүн динамикасын мүнөздөөчү коэффициент;
- салыктык саясатта жана салыктык тескөөдө өзгөртүүлөрдү же эксперттик пикирлерди чагылдыруучу коэффициент;
Д - мыйзамдардын өзгөртүлүшүнө байланышкан болжолдонуучу жылы салык боюнча кошумча түшкөн (+) же түшпөй калган (-) кирешелер, ошондой эле системалуу эмес мүнөздөгү бир жолку төлөмдөр.
Эскертүү. Эсептөөнүн бул варианты боюнча болжолдоо базасы катары орточо айлык эмгек акынын көрсөткүчү пайдаланылышы мүмкүн.
Экинчи вариант.
Салыкты эсептөө социалдык-экономикалык өнүктүрүү болжолуна ылайык калктын акчалай кирешелеринин болжолдонуучу көлөмүнө, салыктын орточо натыйжалуу ставкасына негизделген жана төмөнкү формула боюнча аныкталат:
мында:
- салыктын болжолу;
- өткөн мезгилдерде салыктын иш жүзүндөгү түшүүлөрү;
- акчалай кирешелердин болжолдонуучу көлөмү;
- өткөн мезгилдер үчүн калктын акчалай кирешелери боюнча иш жүзүндөгү көрсөткүчтөр;
- талдоо жүргүзүлүүчү мезгил үчүн салыктын орточо натыйжалуу ставкасы;
- салыктык саясатта жана салыктык тескөөдөгү өзгөртүүлөрдү же эксперттик пикирлерди чагылдыруучу коэффициент;
n - талдоо жүргүзүлүүчү мезгил үчүн жылдардын саны;
Д - мыйзамдардын өзгөртүлүшүнө байланышкан болжолдонуучу жылы салык боюнча кошумча түшкөн (+) же түшпөй калган (-) кирешелер, ошондой эле системалуу эмес мүнөздөгү бир жолку төлөмдөр.
Үчүнчү вариант.
Киреше салыгынын түшүүлөрүнүн болжолун эсептөө негизине пландуу мезгилге салынуучу кирешенин өлчөмү жана Салык кодексине ылайык салыктын ставкасы колдонулат.
Салык салынуучу кирешенин өлчөмү эмгек акы фондунун болжолдонгон көлөмүн жеке эсептен чыгаруу, мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча чегерүүлөрдү эсептен чыгаруу, салык төлөөчүнүн багуусундагыларга карата эсептен чыгаруу жана салык мыйзамдарына ылайык берилүүчү башка эсептен чыгаруулар жана жеңилдиктер түрүндө стандарттык эсептен чыгаруулардын өлчөмүнө азайтуу жолу менен аныкталат. Кирешелердин болжолдонуучу көлөмүн аныктоодо база катары эмгек акы фонду боюнча отчеттук статистикалык маалыматтар колдонулат, алар калктын акчалай кирешелеринин же орточо айлык эмгек акынын өзгөрүшүнүн болжолдонуучу темпин эске алуу менен оңдолот.
Ошондой эле салыктык жана/же социалдык-экономикалык статистиканын маалыматтарын талдоонун негизинде пландуу мезгилге болжолдонуучу эмгек акы фондун аныктоого башка ыкмалар пайдаланылышы мүмкүн.
мында:
- салыктын болжолу;
- эмгек акы фондунун болжолдонуучу өлчөмү;
ОГСС - болжолдонуучу ЭАФты чегерүүлөрдүн ставкасына көбөйтүү жолу менен аныкталуучу мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча чегерүүлөрдүн эсептешүү көлөмү;
ПВ - салык мыйзамдарына ылайык аныкталуучу жеке эсептен чыгаруу;
ВИ - салык мыйзамдарына ылайык аныкталуучу салык төлөөчүнүн багуусундагыларга эсептен чыгаруу;
ЧР - иштегендердин саны;
Л - жеңилдиктер жана башка эсептен чыгаруулар;
- салыктын ставкасы.
Төртүнчү вариант.
Болжолду эсептөөнүн төртүнчү варианты калктын акчалай кирешелеринин көлөмүнө карата мамилелер боюнча салыктын орточо ийкемдүүлүгүн эсептөөгө негизделген. Салык боюнча болжолдуу көрсөткүч төмөнкү формуланын негизинде аныкталат:
мында:
- салыктын болжолу;
- калктын акчалай кирешелеринин болжолдонуучу көлөмү;
- талдоо жүргүзүлүүчү мезгил үчүн салыктын орточо ийкемдүүлүгүн чагылдыруучу коэффициент;
- салык саясатындагы жана салыктык тескөөдөгү өзгөртүүлөрдү же эксперттик пикирлерди чагылдьфуучу коэффициент;
Д - болжолдонуучу жылы мыйзамдардын өзгөртүлүшүнө байланыштуу салык боюнча кошумча түшкөн (+) же түшпөй калган (-) кирешелер, ошондой эле системалуу эмес мүнөздөгү бир жолку төлөмдөр.
Эскертүү. Эсептөөнүн бул варианты боюнча болжолдоо базасы катары орточо айлык эмгек акынын көрсөткүчтөрү пайдаланылышы мүмкүн.
Бешинчи вариант.
Регрессиондук талдоо методу менен киреше салыгы боюнча түшүүлөр болжолун эсептөө. Болжолдоо үчүн база катары калктын акчалай кирешелеринин, орточо айлык эмгек акынын, айыл чарбасын жана өндүрүшкө жана импортко салынуучу таза салыктарды, ошондой эле акыркы керектөөгө жумшалуучу чыгымдарды эсепке албастан дүң кошумча нарк салыгынын көрсөткүчтөрү пайдаланылат.
§ 6.2. Пайдага салык
24. Пайдага салык боюнча түшүүлөр болжолу эсептөөлөрдүн төмөнкү варианттары менен аныкталат.
Биринчи вариант.
Салыкты эсептөө социалдык-экономикалык өнүктүрүү болжолуна ылайык Кумтөр кенин иштеткен ишканалардан түшкөндөрдү жана салык салынбаган экономика секторлорун эсепке албастан, ИДПнын номиналдуу өсүш темпине учурдагы жылдагы түшүүлөрдүн күтүлгөн көлөмүн индексациялоо жолу менен жүргүзүлөт. Салыктын болжолу төмөнкү формула менен берилген:
мында:
- салыктын болжолу;
- учурдагы жылы салыктын күтүлгөн түшүүлөрү;
- тийиштүү макроэкономикалык көрсөткүчтүн динамикасын мүнөздөөчү коэффициент;
- салык саясатындагы жана салыктык тескөөдөгү өзгөртүүлөрдү же эксперттик пикирлерди чагылдыруучу коэффициент;
Д - болжолдонуучу жылы мыйзамдардын өзгөртүлүшүнө байланыштуу салык боюнча кошумча түшкөн (+) же түшпөй калган (-) кирешелер, ошондой эле системалуу эмес мүнөздөгү бир жолку төлөмдөр.
Экинчи вариант.
Салыкты эсептөө социалдык-экономикалык өнүктүрүү болжолуна ылайык салык салынбаган экономика тармактарын жана Кумтөр кенин иштеткен ишканалардан түшкөн кошумча наркты алып салуу менен кошумча дүң нарктын болжолдонуучу көлөмүнө, салыктын орточо натыйжалуу ставкасына негизделген жана төмөнкү формула боюнча аныкталат:
мында:
- салыктын болжолу;
- өткөн мезгилдердеги салыктын иш жүзүндө түшүүлөрү;
- кошумча дүң наркынын болжолдонуучу көлөмү;
- өткөн мезгилдер үчүн кошумча дүң нарк боюнча иш жүзүндөгү көрсөткүчтөр;
- экономиканын салык салынбаган секторлорундагы кошумча дүң нарктын жана Кумтөр кенин иштеткен ишканалардын кошумча наркынын болжолдонуучу көлөмү;
- талдоо жүргүзүлүүчү мезгилге салыктын орточо натыйжалуу ставкасы;
- салык саясатындагы жана салыктык тескөөдөгү өзгөртүүлөрдү же эксперттик пикирлерди чагылдыруучу коэффициент;
Д - мыйзамдардын өзгөртүлүшүнө байланышкан болжолдонуучу жылы салык боюнча кошумча түшкөн (+) же түшпөй калган (-) кирешелер, ошондой эле системалуу эмес мүнөздөгү бир жолку төлөмдөр.
Эскертүү. Эсептөөнүн бул варианты боюнча болжолдоо базасы катары экономиканын реалдуу жана финансы секторлорунун ишканаларынын ишинин натыйжаларынын статистикасынын маалыматтары боюнча экономиканын салык салынуучу секторлорундагы рентабелдүү ишканалардын пайдасынын көрсөткүчү пайдаланылышы мүмкүн. Мында болжолдонуучу мезгилге пайданын көрсөткүчү инфляциянын деңгээлине базалык көрсөткүчтү индексациялоо жолу менен же убактылуу катарларды экстраполяциялоо жолу менен аныкталышы мүмкүн.
Үчүнчү вариант.
Үчүнчү вариант боюнча отчеттук мезгил үчүн салык декларацияларында камтылган жыйынды маалыматтар пайдаланылат. Жылдык киреше жыйынды (ЖКЖ) социалдык-экономикалык өнүктүрүү болжолуна ылайык экономиканын салык салынбаган тармагын жана Кумтөр кенин иштеткен ишканалардын кошумча наркын кемитүү менен отчеттук мезгилдеги ЖКЖны кошумча дүң нарктын номиналдык өзгөрүүсүнө индексациялоо жолу менен болжолдонуучу мезгилге аныкталат. Андан кийин эсептен чыгаруу түзүмүн талдоону эске алуу менен салык мыйзамдарына ылайык эсептен чыгаруунун болжолдонуучу деңгээли аныкталат. Алынган маалыматтардын базасында алдыдагы жылга салыктын өлчөмү болжолдонот.
Үчүнчү вариант боюнча салыктын болжолдуу суммасы төмөнкү формула боюнча аныкталат:
мында:
- салыктын болжолу;
- жылдык жыйынды кирешенин болжолдонуучу деңгээли;
- болжолдонуучу салыктык эсептен чыгаруулар;
- салыктын ставкасы;
Д - болжолдонуучу жылы мыйзамдардын өзгөртүлүшүнө байланыштуу салык боюнча кошумча түшкөн (+) же түшпөй калган (-) кирешелер, ошондой эле системалуу эмес мүнөздөгү бир жолку төлөмдөр.
Төртүнчү вариант.
Салык боюнча болжолду эсептөө үчүн ири салык төлөөчүлөргө карата пайдага салыктын эсептелген жана төлөнгөн суммасы жөнүндө маалымат, салык декларациялары боюнча жылдык эсептөөлөрдүн натыйжасы, өнбөгөн калдыктын суммасынын өзгөрүүсү пайдаланылат. Түшүүлөрдүн болжолдонуучу суммасынын эсеби төмөнкү формула боюнча аныкталат:
,
мында:
- салыктын болжолдонуучу суммасы;
- салыктын учурдагы жылы ири салык төлөөчүлөрдөн күтүлгөн түшүүлөрү;
- системалуу эмес мүнөздөгү жана өндүрүштүк иштерге көз каранды болбогон ири салык төлөөчүлөрдөн бир жолку төлөмдөр, убактылуу факторлордун (баалардын өзгөрүүсү, түзүмдүк өзгөрүүлөр) эсебинен алынган жылдык кайра эсептөөлөрдүн ири өлчөмдөрү жана документтик текшерүү актылары боюнча толук чегерилген сумма, өнбөгөн калдыктардын өзгөрүүсү ж.б.;
- бир катар иш жүзүндөгү маалыматтардан турган талдоо жүргүзүлүүчү мезгил үчүн түшүүлөрдүн жалпы көлөмүндө ири салык төлөөчүлөрдөн салыктардын түшүүлөрүнүн орточо үлүшүн чагылдыруучу коэффициент;
- социалдык-экономикалык өнүктүрүү болжолуна ылайык экономиканын салык салынбаган тармактарын жана Кумтөр кенин иштеткен ишканалардын кошумча наркын кемитүү менен кошумча дүң нарктын номиналдуу өсүш темпин чагылдыруучу коэффициент.
Бешинчи вариант.
Болжолду эсептөөнүн бешинчи варианты экономиканын салык салынбаган тармактарын жана "Кумтөр" кенин иштеткен ишканалардын кошумча наркын кемитүү менен кошумча дүң нарктын номиналдык көлөмүнө карата салыктын орточо ийкемдүүлүгүн эсептөөгө негизденген. Салык боюнча болжолдуу көрсөткүч төмөнкү формуланын негизинде аныкталат:
мында:
- салыктын болжолу;
- кошумча дүң наркынын болжолдонуучу көлөмү;
- экономиканын салык салынбаган секторлорундагы кошумча дүң наркынын жана Кумтөр кенин иштеткен ишканалардын кошумча наркынын болжолдонуучу көлөмү;
- талдоо жүргүзүлүүчү мезгилге салыктын орточо ийкемдүүлүгүн чагылдыруучу коэффициент;
- салык саясатындагы жана салыктык тескөөдөгү өзгөртүүлөрдү же эксперттик пикирлерди чагылдыруучу коэффициент;
Д - болжолдонуучу жылы мыйзамдардын өзгөртүлүшүнө байланыштуу салык боюнча кошумча түшкөн (+) же түшпөй калган (-) кирешелер, ошондой эле системалуу эмес мүнөздөгү бир жолку төлөмдөр.
Эскертүү. Эсептөөнүн бул варианты боюнча болжолдоо базасы катары экономиканын реалдуу жана финансы секторлорунун ишканаларынын ишинин натыйжаларынын статистикасынын маалыматтары боюнча экономиканын салык салынуучу секторлорундагы рентабелдүү ишканалардын пайдасынын көрсөткүчү пайдаланылышы мүмкүн. Мында болжолдонуучу мезгилге пайданын көрсөткүчү инфляция деңгээлине базалык көрсөткүчтү индексациялоо жолу менен же убактылуу катарларды экстраполяциялоо жолу менен аныкталышы мүмкүн.
Алтынчы вариант.
Регрессиондук талдоо методу менен пайдага салык боюнча болжолду эсептөө. Болжолдоо үчүн база катары салык мыйзамдарына ылайык берилүүчү жеңилдиктердин жана башка негизделген факторлордун деңгээлине оңдолуучу рентабелдик ишканалардын кошумча дүң наркынын жана пайдасынын көрсөткүчтөрү пайдаланылат.
§ 6.3. Алтын камтуучу кендерди, алтын камтуучу концентратты, алтындын эритмесин жана аффинаждалган алтынды казуу жана сатып өткөрүү боюнча иштерди ишке ашыруучу ишканалардын кирешелерине салык
25. Алтын камтуучу кендерди, алтын камтуучу концентратты, алтындын эритмесин жана аффинаждалган алтынды казуу жана сатып өткөрүү боюнча иштерди ишке ашыруучу ишканалардын киреше салыгы боюнча түшүүлөрдүн болжолу (мындан ары - алтын казуучу ишканалардын кирешелерине салык) эсептин төмөнкү варианттары менен аныкталат:
Биринчи вариант.
Эсептөөнүн негизинде төмөнкү көрсөткүчтөр пайдаланылат: алтын казуу тармагындагы ишканаларга карата алтынды казуу көлөмү, алтынга дүйнөлүк баа, АКШ долларына карата сомдун курсу жана салык мыйзамдарында каралган ставкалар. Эсептөө төмөнкү формула боюнча жүргүзүлөт:
- салыктын болжолу;
- алтын казуу тармагындагы ишканаларга карата алтын казуунун жана сатып өткөрүүнүн болжолу, унция менен;
- бир унция үчүн АКШ долларындагы алтынга баа;
- сомго карата АКШ долларынын болжолдонуучу курсу;
- салыктын ставкасы;
А - өткөн мезгилдердеги авансалык төлөмдөр же бир жолку төлөмдөр.
Экинчи вариант.
Салыкты эсептөө социалдык-экономикалык өнүктүрүү болжолуна ылайык алтын казуу жана кайра иштетүү боюнча тармактарда болжолдонуучу өсүш темпине учурдагы жылдагы күтүлгөн түшүүлөрдү индексациялоо жолу менен жүргүзүлөт. Салыктын болжолу төмөнкү формула менен берилген:
,
мында:
- салыктын болжолу;
- учурдагы жылы салыктын күтүлгөн түшүүлөрү;
- тийиштүү макроэкономикалык көрсөткүчтөрдүн динамикасын мүнөздөөчү коэффициент;
- салык саясатындагы жана салыктык тескөөдөгү өзгөртүүлөрдү же эксперттик пикирлерди чагылдыруучу коэффициент;
Д - болжолдонуучу жылы мыйзамдардын өзгөртүлүшүнө байланыштуу салык боюнча кошумча түшкөн (+) же түшпөй калган (-) кирешелер, ошондой эле системалуу эмес мүнөздөгү бир жолку төлөмдөр.
Үчүнчү вариант.
Салыкты эсептөө социалдык-экономикалык өнүктүрүү болжолуна ылайык Кумтөр кенин иштеткен ишканалардын өндүрүшүн эсепке албаганда алтын өндүрүүнүн болжолдонуучу көлөмүнө негизденген жана төмөнкү формула боюнча аныкталат:
мында:
- салыктын болжолу;
- өткөн мезгилдерде салыктын иш жүзүндөгү түшүүлөрү;
- Кумтөр кенин иштеткен ишканалардан түшүүлөрдү эсепке албаганда алтын өндүрүүнүн болжолдонуучу көлөмү;
- өткөн мезгилдер үчүн алтын өндүрүү боюнча тийиштүү иш жүзүндөгү көрсөткүчтөр;
- талдоо жүргүзүүчү мезгил үчүн салыктын орточо натыйжалуу ставкасы;
- салык саясатындагы жана салыктык тескөөдөгү өзгөртүүлөрдү же эксперттик пикирлерди чагылдыруучу коэффициент;
Д - болжолдонуучу жылы мыйзамдардын өзгөртүлүшүнө байланыштуу салык боюнча кошумча түшкөн (+) же түшпөй калган (-) кирешелер, ошондой эле системалуу эмес мүнөздөгү бир жолку төлөмдөр.
§ 6.4. Кумтөр кенин иштеткен ишканаларда түшүүлөрдүн дүң кирешесине салык
26. Кумтөр кенин иштеткен ишканаларда түшүүлөрдүн дүң кирешесине салык боюнча болжол Бишкек шаарында 2009-жылдын 24-апрелинде кол коюлган, Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 30-апрелиндеги № 142 Мыйзамы менен ратификацияланган, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, "Кыргызалтын" ачык акционердик коому, "Центерра Голд Инк." канадалык компаниясы, "Кумтөр Оперейтинг Компани" жабык акционердик коому, "Кумтөр Голд Компани" жабык акционердик коому жана "Камеко" канадалык корпорациясынын ортосундагы Кумтөр кенин иштеткен ишканалардан түшүүлөрдүн долбоору боюнча жаңы шарттар жөнүндө макулдашууда белгиленген эсептөөлөр менен аныкталат.
Эсептөөнүн негизи катары төмөнкү көрсөткүчтөр алынат: социалдык-экономикалык өнүктүрүү болжолуна ылайык Кумтөр кенин иштеткен ишканалардын алтын казуу көлөмү, алтындын дүйнөлүк баасы, АКШ долларына карата сомдун курсу жана жогоруда аталган Макулдашууда белгиленген салыктын ставкасы. Эсептөө төмөнкү формула боюнча жүргүзүлөт:
мында:
- Кумтөр кенин иштеткен ишканалардан алынган салыктын болжолу;
- Кумтөр кенин иштеткен ишканалардын алтын казып алуунун болжолу, унция менен;
- бир унция алтындын АКШ долларындагы баасы;
- АКШ долларынын сомго карата болжолдонуучу курсу;
- салыктын ставкасы;
А - өткөн мезгилдердеги авансалык төлөмдөр.
§ 6.5. Чакан ишкердик субъектилерине салыктар
27. Чакан ишкердик субъектилеринен алынуучу салыктар салыктардын төмөнкү түрлөрү менен көрсөтүлгөн:
- чакан ишкердик субъектилери үчүн бирдиктүү салык;
- милдеттүү патент негизиндеги салык;
- ыктыярдуу патент негизиндеги салык.
28. Чакан ишкердик субъектилерине салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн системасын колдонууга байланыштуу алынуучу патенттин жана бирдиктүү салыктын негизиндеги салыктарды болжолдоо эсептөөнүн төмөнкү варианттары боюнча ишке ашырылат.
Биринчи вариант.
Салыктар боюнча болжолду эсептөө социалдык-экономикалык өнүктүрүү (же инфляциянын болжолдонуучу деңгээлине) болжолуна ылайык Кумтөр кенин иштеткен ишканалардан жана айыл чарбасынан түшүүлөрдү эсепке албастан кошумча дүң наркынын болжолдонуучу өсүш темпине түшүүлөрдүн учурдагы жылы күтүлгөн көлөмүн индексациялоо жолу жүргүзүлөт. Салыктын болжолу төмөнкү формула менен берилген:
мында:
- салыктын болжолу;
- учурдагы жылы салыктын күтүлгөн түшүүлөрү;
- тийиштүү макроэкономикалык көрсөткүчтөрдүн динамикасын мүнөздөөчү коэффициент;
- салык саясатындагы жана салыктык тескөөдөгү өзгөртүүлөрдү же эксперттик пикирлерди чагылдыруучу коэффициент;
Д - болжолдонуучу жылы мыйзамдардын өзгөртүлүшүнө байланыштуу салык боюнча кошумча түшкөн (+) же түшпөй калган (-) кирешелер, ошондой эле системалуу эмес мүнөздөгү бир жолку төлөмдөр.
Экинчи вариант (ар бир аймакка карата патенттин негизиндеги салыктар үчүн).
Патенттин негизиндеги салыктарды болжолдоо салыктык базанын, салыктык ставканын (патенттин суммасы) жана салык статистикасынын маалыматтарынын негизиндеги төлөө мөөнөттөрүнүн негизинде төмөнкү формула боюнча ишке ашырылат:
мында:
НОП - патент негизиндеги болжолдонуучу сумма;
- милдеттүү жана ыктыярдуу патенттештирүүгө тиешелүү иштердин түрлөрү боюнча салык салынуучу объектилердин саны;
- салыктын ставкасы же бир айга патенттин базалык суммасы;
- иштин мезгилдүүлүгүнө, түрүнө жана жүргүзүлгөн ордуна жараша оңдолуучу коэффициент.
Эскертүү. Салыктардын болжолу бир нече аймактар боюнча ирилештирилген түрдө эсептелген учурда салыктын натыйжалуу ставкалары экономикалык иштердин түрлөрү боюнча орточо аныкталат.
Экинчи вариант (салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн системасы үчүн).
Бирдиктүү салыкты болжолдоо товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) сатып өткөрүүдөн түшкөн болжолдонуучу сумманын, салык статистикасынын маалыматтарынын негизинде экономикалык иштердин түрүнө жараша салыктын ставкасынын негизинде төмөнкү формула боюнча ишке ашырылат:
мында:
ЕН - бирдиктүү салыктын болжолдонуучу суммасы;
- экономикалык иштердин түрлөрү боюнча товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) сатуудан түшүүчү болжолдонуучу сумма, ал социалдык-экономикалык өнүктүрүү болжолуна ылайык тийиштүү экономика тармагындагы болжолдонуучу өсүш темпине учурдагы жылдагы дүң акчанын күтүлгөн көлөмүн индексациялоо жолу менен аныкталат*);
- салык мыйзамдарына ылайык салыктын ставкасы;
- салык саясатындагы жана салыктык тескөөдөгү өзгөртүүлөрдү же эксперттик пикирлерди чагылдыруучу коэффициент.
Эскертүү. *) - бирдиктүү салыктын болжолун эсептөө үчүн дүң эсептөө суммасы чакан жана орто ишкердик субъектилеринин иши боюнча социалдык-экономикалык статистиканын маалыматтарынын жана социалдык-экономикалык өнүктүрүү болжолунун негизинде башка ыкмалар менен аныкталышы мүмкүн.
§ 6.6. Мүлккө салык
29. Салык кодексине ылайык салык салынуучу мүлккө төмөнкү объектилер таандык:
1) 1-топ: ишкердик кылуу үчүн пайдаланылбаган туруктуу жана убактылуу жашоо үчүн арналган турак үйлөр, батирлер, дачалар;
2) 2-топ: турак үйлөр, батирлер, дача үйлөрү, пансионаттар, эс алуу үйлөрү, санаторийлер, курорттор, өндүрүштүк, административдик, өнөр жай, ошондой эле ишкердик кылууга арналган жана/же пайдаланылуучу башка капиталдык курулуштар;
3) 3-топ: ишкердик кылууга арналган жана/же пайдаланылуучу киоскалар, контейнерлер сыяктуу металл жана башка конструкциялардан жасалган убактылуу жайлар;
4) 4-топ: өзү жүрүүчү машиналарды жана механизмдерди кошкондо транспорт каражаттары.
30. Мүлккө салык боюнча болжолду аныктоодо эсептөөнүн төмөнкү варианттары колдонулат.
Биринчи вариант.
Мүлккө салык боюнча болжол бир катар жылдар үчүн түшүүлөр динамикасын талдоонун, учурдагы жыл боюнча салык салуу базасында болжолдонуучу өзгөртүүлөргө жана өлкөнү социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн макроэкономикалык көрсөткүчтөрүнүн параметрлерине карата оңдолгон түшүүлөрдү баалоонун негизинде аныкталат. Салыктын болжолу төмөнкү формулада берилген:
мында:
- салыктын болжолу;
- учурдагы жылы салыктын күтүлгөн түшүүлөрү;
- тийиштүү макроэкономикалык көрсөткүчтүн динамикасын мүнөздөөчү коэффициент (курулуш көлөмдөрүн болжолдуу өзгөртүү, негизги капиталга инвестициялар, тийиштүү түрдө валютанын алмашуу курсунун өзгөрүшүнө оңдолгон транспорт каражаттарын импорттоонун көлөмү);
- салык саясатындагы жана салыктык тескөөдөгү өзгөртүүлөрдү же эксперттик пикирлерди чагылдыруучу коэффициент;
Д - болжолдонуучу жылы мыйзамдардын өзгөртүлүшүнө байланыштуу салык боюнча кошумча түшкөн (+) же түшпөй калган (-) кирешелер, ошондой эле системалуу эмес мүнөздөгү бир жолку төлөмдөр.
Экинчи вариант.
Мүлккө салык боюнча болжол бир катар жылдар үчүн түшүүлөрдүн динамикасын талдоонун негизинде туруктуу (орточо) өсүш темпине карата учурдагы жылдагы түшүүлөрдүн күтүлгөн деңгээлин оңдоонун негизинде аныкталат.
Салыктын болжолу төмөнкү формула менен берилген:
мында:
- салыктын болжолу;
- учурдагы жылы салыктын күтүлгөн түшүүлөрү;
- талдоо жүргүзүлүүчү мезгил үчүн салыктын орточо өсүш темпин чагылдыруучу коэффициент;
- салык саясатындагы жана салыктык тескөөдөгү өзгөртүүлөрдү же эксперттик пикирлерди чагылдыруучу коэффициент;
Д - болжолдонуучу жылы мыйзамдардын өзгөртүлүшүнө байланыштуу салык боюнча кошумча түшкөн (+) же түшпөй калган (-) кирешелер, ошондой эле системалуу эмес мүнөздөгү бир жолку төлөмдөр.
Үчүнчү вариант (1-3-топтогу мүлк объектилери боюнча).
Үчүнчү вариант боюнча мүлк объектилери жана салык мыйзамдарына ылайык салык салуу түзүмүнө ылайык салык салынуучу наркы боюнча салыктык статистиканын маалыматтары пайдаланылат.
Мүлк салыгынын болжолдуу суммасы мүлк объектилеринин ар бир тобу үчүн юридикалык жана жеке жактар боюнча төмөнкү формула менен өзүнчө эсептелет:
мында:
- салыктын болжолу;
НСИ - мүлк объектисинин салык салынуучу наркы;
- салыктын тийиштүү ставкасы;
Л - мүлк салыгы боюнча жеңилдиктер;
- салык саясатындагы жана салыктык тескөөдөгү өзгөртүүлөрдү же эксперттик пикирлерди чагылдыруучу коэффициент;
Д - болжолдонуучу жылы мыйзамдардын өзгөртүлүшүнө байланыштуу салык боюнча кошумча түшкөн (+) же түшпөй калган (-) кирешелер, ошондой эле системалуу эмес мүнөздөгү бир жолку төлөмдөр.
Мында 1-3-топтогу мүлк объектилеринин салык салынуучу наркын эсептөө Салык кодексине ылайык төмөнкү формула боюнча ишке ашырылат:
мында:
НСИ - салык салынуучу нарк;
- мүлк объектисинин аянтынын бир чарчы метринин салык салынуучу наркы;
П - Салык кодексине ылайык салык салууга тиешелүү болбогон аянтка азайтылган 1-топтогу мүлк объектинин жалпы аянты же 2 же 3-топтогу мүлк объектинин жалпы аянты;
- жайгашкан жерине жараша объектинин салык салынуучу наркынын өзгөрүүсүн эсепке алуучу региондук коэффициент;
- калктуу пунктта жайгашкандыгына жараша объектинин салык салынуучу наркынын өзгөрүүсүн эсепке алуучу зоналык коэффициент;
- 2 жана 3-топтогу мүлк объектилери үчүн колдонулуучу тармактык коэффициент.
Төртүнчү вариант (4-топтогу мүлк объектилери боюнча).
4-топтогу мүлк объектилери боюнча салыктын болжолунун үчүнчү варианты боюнча транспорт каражаттарынын ээлерин эсепке алууну камсыздоочу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардан алынуучу транспорттун түрлөрү, кыймылдаткычтын көлөмү боюнча тобу, пайдалануу мөөнөтү боюнча транспорт каражаттарынын саны жөнүндө маалыматтардын негизинде тикелей эсеп боюнча эсептелет.
Транспорт каражаттарынын ар бир түрү жана тобу боюнча салыктын суммасы төмөнкү формула боюнча эсептелет:
Ошентип, салыктын болжолу ар бир түрү жана транспорт каражаттарынын топтору боюнча салыктын эсептелген суммасын жана пайдалануу мөөнөтүн көрсөтөт:
мында:
- салыктын болжолу;
ОД - кыймылдаткычтын жумушчу көлөмү;
Ч - белгилүү бир түрдөгү автотранспорт каражаттарынын саны;
С - салыктын ставкасы;
Л - салык боюнча жеңилдиктер;
- белгилүү бир түрү жана транспорттук каражаттардын тобу боюнча салыктын эсептешүү суммасы;
- салык саясатындагы жана салыктык тескөөдөгү өзгөртүүлөрдү же эксперттик пикирлерди чагылдыруучу коэффициент;
Д - болжолдонуучу жылы мыйзамдардын өзгөртүлүшүнө байланыштуу салык боюнча кошумча түшкөн (+) же түшпөй калган (-) кирешелер, ошондой эле системалуу эмес мүнөздөгү бир жолку төлөмдөр.
§ 6.7. Жер салыгы
31. Салык кодексине ылайык жер салыгы салык салуу объектине жана субъектине жараша төмөндөгү түрлөргө бөлүнөт:
- короо жанындагы жана бак-чарбак участкаларын пайдалангандык үчүн жер салыгы;
- айыл чарба жерлерин пайдалангандык үчүн жер салыгы;
- калктуу конуштардагы жерлерди жана айыл чарба багытында болбогон жерлерди пайдалангандык үчүн жер салыгы.
32. Жер салыгын болжолдоодо төмөндөгү маалыматтар пайдаланылат:
- Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Жер ресурстары кызматы жана анын аймактык бөлүмдөрү тарабынан берилүүчү категориялар боюнча жерлердин аянты;
- жер кыртышынын сапаты жана түрлөрү боюнча пропорционалдуу бонитет баллы менен дифференциялануучу базалык салыктык ставкалар;
- салык органдарына салык төлөөчүлөр тарабынан берилүүчү маалыматтык эсептөөлөрдө көрсөтүлгөн маалыматтар.
Жер салыгын болжолдоодо салык мыйзамдарында каралган жеңилдиктер эске алынат.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 21-августундагы № 417 токтомунун редакциясына ылайык)
33. Жер салыгы боюнча болжолду аныктоодо эсептөөлөрдүн төмөнкү варианттары пайдаланылат.
Биринчи вариант.
Жер салыгынын болжолдуу түшүүлөрүн эсептөө:
- үй жанындагы, короо жанындагы жерлер жана бак-чарбак участоктору төмөнкү формула боюнча аныкталат:
- айыл чарба багытындагы жерлерге карата төмөнкү формула боюнча аныкталат:
- калктуу конуштардын жерлери жана айыл чарба багытында болбогон жерлер төмөнкү формула боюнча аныкталат:
мында:
П - белгилүү бир категориядагы жерлердин жалпы аянты;
Л - салык салынбаган жана ЖӨБ органдарынын өкүлдөрү тарабынан берилүүчү жеңилдиктер;
С - Салык кодексинин ченемдеринин талаптарын эске алуу менен салыктын ставкасы;
- инфляция коэффициенти;
- экономикалык-пландоочу зоналар үчүн зоналык коэффициент;
- жер участкаларын коммерциялык пайдалануу коэффициенти.
Экинчи вариант.
Жер салыгы боюнча болжол бир катар жылдар үчүн түшүүлөрдүн динамикасын талдоонун, учурдагы жыл боюнча салык салуу базасында жана инфляциянын деңгээлинде болжолдонуучу өзгөртүүлөргө карата оңдолгон түшүүлөрдү баалоонун негизинде аныкталат. Салыктын болжолу төмөнкү формула менен берилген:
мында:
- салыктын болжолу;
- учурдагы жылы салыктын күтүлгөн түшүүлөрү;
- инфляциянын деңгээлин мүнөздөөчү коэффициент;
- салык саясатындагы жана салыктык тескөөдөгү өзгөртүүлөрдү же эксперттик пикирлерди чагылдыруучу коэффициент;
Д - болжолдонуучу жылы мыйзамдардын өзгөртүлүшүнө байланыштуу салык боюнча кошумча түшкөн (+) же түшпөй калган (-) кирешелер, ошондой эле системалуу эмес мүнөздөгү бир жолку төлөмдөр.
Үчүнчү вариант.
Жер салыгы боюнча болжол бир катар жылдар үчүн түшүүлөрдүн динамикасын талдоонун негизинде туруктуу (орточо) өсүш темпине салыштырмалуу учурдагы жылы түшүүлөрдүн күтүлгөн деңгээлин оңдоонун негизинде аныкталат. Салыктын түшүүлөрүнүн болжолу төмөнкү формула менен берилген:
мында:
- салыктын болжолу;
- учурдагы жылы салыктын күтүлгөн түшүүлөрү;
- талдоо жүргүзүлүүчү мезгил үчүн салыктын орточо квадраттык өсүш темпин чагылдыруучу коэффициент;
- салык саясатындагы жана салыктык тескөөдөгү өзгөртүүлөрдү же эксперттик пикирлерди чагылдыруучу коэффициент;
Д - болжолдонуучу жылы мыйзамдардын өзгөртүлүшүнө байланыштуу салык боюнча кошумча түшкөн (+) же түшпөй калган (-) кирешелер, ошондой эле системалуу эмес мүнөздөгү бир жолку төлөмдөр.
§ 6.8. Кошумча нарк салыгы
34. Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлүүчү товарларга (жумуштарга, кызмат көрсөтүүлөргө) кошумча нарк салыгы (КНС ички) боюнча түшүүлөрдүн болжолу эсептөөнүн төмөнкү варианттары менен аныкталат.
Биринчи вариант.
Салыкты эсептөө социалдык-экономикалык өнүктүрүү болжолуна ылайык Кумтөр кенин иштеткен ишканалардан түшүүлөрдү жана экономиканын салык салынбаган секторлорун эсепке албастан, ИДПнын номиналдуу өсүш темпине учурдагы жылдагы түшүүлөрдүн күтүлгөн көлөмүн индексациялоо жолу менен жүргүзүлөт. Салыктын болжолу төмөнкү формула менен көрсөтүлгөн:
мында:
- салыктын болжолу;
- учурдагы жылы салыктын күтүлгөн түшүүлөрү;
- тийиштүү макроэкономикалык көрсөткүчтөрдүн динамикасын мүнөздөөчү коэффициент;
- салык саясатындагы жана салыктык тескөөдөгү өзгөртүүлөрдү же эксперттик пикирлерди чагылдыруучу коэффициент;
Д - болжолдонуучу жылы мыйзамдардын өзгөртүлүшүнө байланыштуу салык боюнча кошумча түшкөн (+) же түшпөй калган (-) кирешелер, ошондой эле системалуу эмес мүнөздөгү бир жолку төлөмдөр.
Экинчи вариант.
Салыкты эсептөө социалдык-экономикалык өнүктүрүү болжолуна ылайык экономиканын салык салынбаган тармактарын жана Кумтөр кенин иштеткен ишканалардан кошумча наркты кемитүү менен кошумча дүң нарктын болжолдонуучу көлөмүнө, салыктын орточо натыйжалуу ставкасына негизделет жана төмөнкү формула боюнча аныкталат:
мында:
- салыктын болжолу;
- өткөн мезгилдер үчүн салыктын иш жүзүндөгү түшүүлөрү;
- кошумча дүң нарктын болжолдонуучу көлөмү;
- өткөн мезгилдер үчүн кошумча дүң нарк боюнча иш жүзүндөгү көрсөткүчтөр;
- экономиканын салык салынбаган секторлорундагы кошумча дүң нарктын жана Кумтөр кенин иштеткен ишканалардын кошумча наркынын болжолдонуучу көлөмү;
- талдоо жүргүзүлүүчү мезгил үчүн салыктын орточо натыйжалуу ставкасы;
- салык саясатындагы жана салыктык тескөөдөгү өзгөртүүлөрдү же эксперттик пикирлерди чагылдыруучу коэффициент;
Д - болжолдонуучу жылы мыйзамдардын өзгөртүлүшүнө байланыштуу салык боюнча кошумча түшкөн (+) же түшпөй калган (-) кирешелер, ошондой эле системалуу эмес мүнөздөгү бир жолку төлөмдөр.
Үчүнчү вариант.
Салык боюнча болжолду эсептөө үчүн ири салык төлөөчүлөргө карата КНСтин чегерилген жана төлөнгөн суммасы, өнбөгөн калдык жана ашыкча төлөнгөн суммалардын өзгөрүшү жөнүндө маалыматтар пайдаланылат. Түшүүлөрдүн болжолдонуучу суммасын эсептөө төмөнкү формула боюнча аныкталат:
- салыктын болжолдонуучу суммасы;
- учурдагы жылы ири салык төлөөчүлөрдөн салыктын күтүлгөн түшүүлөрү;
- системалуу эмес мүнөздөгү ири салык төлөөчүлөрдөн бир жолку төлөмдөр, документтик текшерүү актылары боюнча чегерилгенге чейинки сумма, өнбөгөн калдыктын жана башкалардын өзгөрүүсү;
- бир катар иш жүзүндөгү маалыматтардан турган талдоо жүргүзүлүүчү орточо мезгилди, түшүүлөрдүн жалпы көлөмүндө ири салык төлөөчүлөрдөн салыктардын түшүүлөрүнүн көлөмүн чагылдыруучу коэффициент;
- Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүктүрүү болжолуна ылайык экономиканын салык салынбаган тармактарын жана Кумтөр кенин иштеткен ишканалардын кошумча наркын кемитүү менен кошумча дүң нарктын номиналдуу өсүш темпин чагылдыруучу коэффициент.
Төртүнчү вариант.
Болжолду эсептөөнүн төртүнчү варианты экономиканын салык салынбаган тармактарын жана Кумтөр кенин иштеткен ишканалардын кошумча наркын кемитүү менен кошумча дүң нарктын көлөмүнө карата салыктын орточо ийкемдүүлүгүн эсептөөгө негизделген. Салык боюнча болжолдуу көрсөткүч төмөнкү формуланын негизинде аныкталат:
мында:
- салыктын болжолу;
- кошумча дүң нарктын болжолдонуучу көлөмү;
- экономиканын салык салынбаган секторлорундагы кошумча дүң нарктын жана Кумтөр кенин иштеткен ишканалардын кошумча наркынын болжолдонуучу көлөмү;
- талдоо жүргүзүлүүчү мезгил үчүн салыктын орточо ийкемдүүлүгүн чагылдыруучу коэффициент;
- салык саясатындагы жана салыктык тескөөдөгү өзгөртүүлөрдү же эксперттик пикирлерди чагылдыруучу коэффициент;
Д - болжолдонуучу жылы мыйзамдардын өзгөртүлүшүнө байланыштуу салык боюнча кошумча түшкөн (+) же түшпөй калган (-) кирешелер, ошондой эле системалуу эмес мүнөздөгү бир жолку төлөмдөр.
Бешинчи вариант.
Регрессиондук талдоо методу менен ички КНС боюнча болжолду эсептөө. Болжолдоо үчүн база катары салык мыйзамдарына ылайык берилүүчү жеңилдиктердин жана башка негизделген факторлордун деңгээлине оңдолгон кошумча дүң нарктын көрсөткүчү, ошондой эле салык статистикасынын маалыматы боюнча макроэкономикалык көрсөткүчтөрдүн өзгөрүшүнө индексацияланган жыйынды көрсөткүчтөр пайдаланылат.
35. Ички КНСти болжолдоодо отчеттук мезгил үчүн КНСтин ордун толтуруу өлчөмү жөнүндө жана экспорттоо көлөмүнүн жана алмашуу курсунун болжолдонуучу өзгөрүүлөрүн мүнөздөөчү коэффициенттерди колдонуу менен кайтарып берүүгө тиешелүү суммалардын болжолдуу өзгөрүүсү жөнүндө маалыматтардын негизинде ордун толтурууга карата КНСтин болжолдуу суммасын эсептөө зарыл.
36. Кыргыз Республикасынын аймагына импорттолуучу товарларга кошумча нарк салыгы боюнча болжол (импорттоого КНС) эсептөөнүн төмөнкү варианттары менен аныкталат.
Биринчи вариант.
Импортко КНС боюнча болжол социалдык-экономикалык өнүктүрүү болжолуна ылайык алдыдагы жылга импорттун болжолдонуучу көлөмүнүн жана талдоо жүргүзүлүүчү мезгилге келип чыккан салыктын орточо натыйжалуу ставкаларынын негизинде эсептелет.
Өлкөнү социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн болжолуна ылайык болжолдонуучу мезгилге импорттун көлөмү өткөн жылдардын иш жүзүндөгү маалыматтарынын (МБКнын отчеттору боюнча) негизинде төмөнкүдөй деңгээлде ажыратылат:
- салык салынуучу импорт;
- салык жана бажы мыйзамдарына ылайык бошотулган импорт;
- товарлардын башка салык салынбаган импорту.
Импортко КНСти эсептөө төмөнкү формула боюнча жүргүзүлөт:
мында:
- импортко КНСтин болжолу;
- талдоо жүргүзүлүүчү мезгил үчүн салыктын орточо натыйжалуу ставкасы;
- бажы алымынын болжолу;
- товарлардын импорттолуучу акциздик топтору менен акциз салыгынын болжолу;
- салык салынуучу импорттун болжолдонуучу көлөмү;
- салык салынуучу импорттун иш жүзүндөгү көлөмү;
- АКШ долларындагы импорттун жалпы көлөмү;
- сомго карата доллардын болжолдонуучу курсу;
- талдоо жүргүзүлүүчү мезгил үчүн импорттун жалпы көлөмүндөгү салык салынуучу импорттун орточо үлүшүн мүнөздөөчү коэффициент;
- салык саясатында жана салыктык тескөөдө өзгөртүүлөрдү же эксперттик пикирлерди чагылдыруучу коэффициент.
Экинчи вариант.
Импортко КНС боюнча болжолду эсептөө импорттун салык салынуучу көлөмүнө карата салыктын орточо ийкемдүүлүгүн баалоого негизденген. Салык боюнча болжолдуу көрсөткүч төмөнкү формула боюнча аныкталат:
мында:
- импортко КНСтин болжолу;
- салык салынуучу импорттун болжолдонуучу көлөмү;
- салык салынуучу импорттун иш жүзүндөгү көлөмү;
- АКШ долларындагы импорттун жалпы көлөмү;
- доллардын сомго карата болжолдонуучу курсу;
- талдоо жүргүзүлүүчү мезгил үчүн импорттун жалпы көлөмүндө салык салынуучу импорттун орточо үлүшүн мүнөздөөчү коэффициент;
- талдоо жүргүзүлүүчү мезгил үчүн салыктын орточо ийкемдүүлүгүн чагылдыруучу коэффициент;
- салык саясатында жана салыктык тескөөдө же эсперттик пикирде өзгөртүүлөрдү чагылдыруучу коэффициент.
Үчүнчү вариант.
Регрессиондук талдоо методу менен импортко КНС боюнча болжолду эсептөө. Эсептөө үчүн база катары алмашуу курсуна коррекцияланган импорттун көлөмүнүн көрсөткүчү пайдаланылат.
§ 6.9. Сатуудан алынган салык
37. Сатуудан алынган салык боюнча болжол эсептөөнүн төмөнкү варианттары менен аныкталат.
Биринчи вариант.
Салыкты эсептөө социалдык-экономикалык өнүктүрүү болжолуна ылайык Кумтөр кенин иштеткен ишканалардан түшкөндөрдү жана экономиканын салык салынбаган секторлорун эсепке албастан, ИДПнын номиналдуу өсүш темпине учурдагы жылдагы түшүүлөрдүн күтүлгөн көлөмүн индексациялоо жолу менен жүргүзүлөт. Салыктын болжолу төмөнкү формула менен берилген:
мында:
- салыктын болжолу;
- учурдагы жылы салыктын күтүлгөн түшүүлөрү;
- тийиштүү макроэкономикалык көрсөткүчтөрдүн динамикасын мүнөздөөчү коэффициент;
- салык саясатындагы жана салыктык тескөөдөгү өзгөртүүлөрдү же эксперттик пикирлерди чагылдыруучу коэффициент;
Д - болжолдонуучу жылы мыйзамдардын өзгөртүлүшүнө байланыштуу салык боюнча кошумча түшкөн (+) же түшпөй калган (-) кирешелер, ошондой эле системалуу эмес мүнөздөгү бир жолку төлөмдөр.
Экинчи вариант.
Салыкты эсептөө социалдык-экономикалык өнүктүрүүгө ылайык экономиканын салык салынбаган тармактарын жана Кумтөр кенин иштеткен ишканалардан кошумча наркты кемитүү менен кошумча дүң нарктын болжолдонуучу көлөмүнө, салыктын орточо натыйжалуу ставкасына негизденет жана төмөнкү формула боюнча аныкталат:
мында:
- салыктын болжолу;
- n өткөн мезгилдер үчүн салыктын иш жүзүндөгү түшүүлөрү;
- кошумча дүң нарктын болжолдонуучу көлөмү;
- n - өткөн мезгилдер үчүн кошумча дүң нарк боюнча иш жүзүндөгү көрсөткүчтөр;
- экономиканын салык салынбаган секторлорундагы кошумча дүң нарктын жана Кумтөр кенин иштеткен ишканалардын кошумча наркынын болжолдонуучу көлөмү;
- талдоо жүргүзүлүүчү мезгил үчүн салыктын орточо натыйжалуу ставкасы;
- салык саясатындагы жана салыктык тескөөдөгү өзгөртүүлөрдү же эксперттик пикирлерди чагылдыруучу коэффициент;
Д - болжолдонуучу жылы мыйзамдардын өзгөртүлүшүнө байланыштуу салык боюнча кошумча түшкөн (+) же түшпөй калган (-) кирешелер, ошондой эле системалуу эмес мүнөздөгү бир жолку төлөмдөр.
Эскертүү. Бул метод боюнча болжолду эсептөө үчүн база катары салыктык жана экономикалык статистиканын жыйынды маалыматтары боюнча макроэкономикалык көрсөткүчтөрдү өзгөртүүгө индексацияланган экономиканын реалдуу жана финансылык сектордогу ишканаларынын товарларын (жумуштарын, кызмат көрсөтүүлөрүн) сатуудан түшкөн акчанын көрсөткүчтөрү пайдаланылышы мүмкүн.
Үчүнчү вариант.
Салык боюнча болжолду эсептөө үчүн ири салык төлөөчүлөргө карата сатуудан алынган салыктын эсептелген жана төлөнгөн суммасы, өнбөгөн калдыктын суммаларды өзгөртүү жөнүндө маалыматтар пайдаланылат. Түшүүлөрдүн болжолдонуучу суммасын эсептөө төмөнкү формула боюнча аныкталат:
мында:
- салыктын болжолу;
- учурдагы жылы ири салык төлөөчүлөрдөн салыктын күтүлгөн түшүүлөрү;
- системалуу эмес мүнөздөгү ири салык төлөөчүлөрдөн бир жолку төлөмдөр, өнбөгөн калдыгы жана башкаларды документтик текшерүү актылары боюнча эсептелген суммалар;
- бир катар иш жүзүндөгү маалыматтардан турган талдоо жүргүзүлүүчү мезгил үчүн түшүүлөрдүн жалпы көлөмүндө ири салык төлөөчүлөрдөн түшүүчү салыктын орточо үлүшүн чагылдыруучу коэффициент;
- социалдык-экономикалык өнүктүрүү болжолуна ылайык экономиканын салык салынбаган тармактарын жана Кумтөр кенин иштеткен ишканалардын кошумча наркын кемитүү менен кошумча дүң нарктын номиналдык өсүш темпин чагылдыруучу коэффициент.
Төртүнчү вариант.
Болжолду эсептөөнүн төртүнчү варианты экономиканын салык салынбаган тармактарын жана Кумтөр кенин иштеткен ишканалардын кошумча наркын кемитүү менен кошумча дүң нарктын көлөмүнө карата салыктын орточо ийкемдүүлүгүн эсептөөгө негизделген. Салык боюнча болжолдуу көрсөткүч төмөнкү формуланын негизинде аныкталат:
мында:
- салыктын болжолу;
- кошумча дүң нарктын болжолдонуучу көлөмү;
- экономиканын салык салынбаган секторундагы кошумча дүң нарктын жана Кумтөр кенин иштеткен ишканалардын кошумча наркынын болжолдонуучу көлөмү;
- талдоо жүргүзүлүүчү мезгил үчүн салыктын орточо ийкемдүүлүгүн чагылдыруучу коэффициент;
- салык саясатындагы жана салыктык тескөөдөгү өзгөртүүлөрдү же эксперттик пикирлерди чагьшдыруучу коэффициент;
Д - болжолдонуучу жылы мыйзамдардын өзгөртүлүшүнө байланыштуу салык боюнча кошумча түшкөн (+) же түшпөй калган (-) кирешелер, ошондой эле системалуу эмес мүнөздөгү бир жолку төлөмдөр.
Эскертүү. Бул метод боюнча болжолду эсептөө үчүн база катары салыктык жана экономикалык статистиканын жыйынды маалыматтары боюнча макроэкономикалык көрсөткүчтөрдү өзгөртүүгө индексацияланган экономиканын реалдуу жана финансылык сектордогу ишканаларынын товарларын (жумуштарын, кызмат көрсөтүүлөрүн) сатуудан түшкөн акчанын көрсөткүчтөрү пайдаланылышы мүмкүн.
Бешинчи вариант.
Регрессиондук талдоо методу менен салыктын болжолун эсептөө. Салык мыйзамдарына ылайык берилген жеңилдиктердин жана башка негизделген факторлордун деңгээлдерине оңдолгон кошумча дүң нарктын, макроэкономикалык көрсөткүчтөрдү өзгөртүүгө индексацияланган экономиканын реалдуу жана финансылык сектордогу ишканаларынын товарларын (жумуштарын, кызматтарын) сатуудан түшкөн акчанын көрсөткүчтөрү жана салык отчетторун жыйынды маалыматтары боюнча товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) сатуудан индексацияланган акча пайдаланылат.
§ 6.10. Акциз салыгы
38. Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлүүчү жана сатылуучу акциздик товарларга акциздик салык боюнча түшүүлөрдүн болжолу (мындан ары - ички акциз) эсептөөнүн төмөнкү варианттары менен аныкталат.
Биринчи вариант.
Социалдык-экономикалык өнүктүрүү болжолуна ылайык акциздик товарларды өндүрүүнүн көлөмү тууралуу маалыматтар жана Салык кодексинде белгиленген ставкалар ички акциз боюнча болжолду эсептөөнүн негизи катары кабыл алынат. Этиль спиртин, алкоголдук жана спирт камтуучу продукцияларды өндүрүүнүн болжолдонуучу көлөмү этиль спиртин, алкоголдук жана спирт камтуучу продукцияларды өндүрүүнү жана жүгүртүүнү контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу органдар тарабынан иш-аракеттегилердин болуусун жана жаңы кубаттуулуктарды ишке киргизүүнү эсепке алуучу социалдык-экономикалык өнүктүрүү болжолунун макроэкономикалык көрсөткүчүнө оңдолгон акциздик продукцияларды өндүрүүнүн иш жүзүндөгү көлөмүнүн негизинде ар бир өндүрүүчү ишкана боюнча аныкталат.
Товардын ар бир түрү боюнча акциздик түшүүлөрдүн болжолдонуучу суммасы төмөнкү формула боюнча эсептелет:
мында:
- акциздик товарлар боюнча акциздин болжолдонуучу суммасы;
- акциздик продукцияларды өндүрүүнүн болжолдонуучу көлөмү;
С - акциздин ставкасы.
Экинчи вариант.
Кыргыз Республикасында өндүрүлүүчү товарларга акциздер боюнча болжолду эсептөө үчүн акциздин ставкасынын азайышы (көбөйүшү), өндүрүштү кайра профилдөө, лицензияларды кайра чакырып алуу, продукцияга суроо-талаптын деңгээли, акциздик продукцияларды өндүрүүчү ишканалардын жүгүнүн көптүгү сыяктуу мындай факторлордун таасирлерин эске алуу менен өндүрүүчү ишканалардын өндүрүштүк кубаттуулугун пайдалануунун анык мүмкүнчүлүгүн талдоо үчүн бир катар жылдарды камтыган акциздик продукцияларды өндүрүүнүн көлөмү боюнча маалыматтар пайдаланылат.
Ар бир акциздик товар боюнча акциздин түшүүлөрүнүн болжолдонуучу суммасын эсептөө төмөнкү формула боюнча эсептелет:
мында:
- акциздин болжолдонуучу суммасы;
- маалыматтарды салыштыруу максаттары үчүн өндүрүштүн көлөмү боюнча баштапкы маалыматгарды оңдоону эске алуу менен эсептелген бир катар жылдар үчүн акциздик продукцияларды өндүрүүнүн орточо көлөмү;
- жылдар боюнча өндүрүштүн көлөмү;
n - талдоо жүргүзүлүүчү мезгилдеги жылдардын саны;
С - акциздин ставкасы.
Товарлардын ар бир түрү боюнча болжолдуу көрсөткүчтөрдүн суммасы акциз салыгы боюнча жалпы болжолду түзөт.
мында:
- акциз боюнча болжолдун жалпы суммасы;
- ар бир акциздик товар боюнча акциздин болжолдонуучу суммасы.
39. Кыргыз Республикасынын аймагына импорттолуучу акциздик товарларга акциз салыгы боюнча болжол (мындан ары - импортко акциз), эсептөөнүн төмөнкү варианттары менен аныкталат.
Биринчи вариант.
Импортко акциз боюнча болжолду эсептөөнүн негизи катары социалдык-экономикалык өнүктүрүү болжолуна ылайык импорттун көлөмүнүн көрсөткүчү жана Салык кодексинде белгиленген ставкалар пайдаланылат.
Акциздик товарлардын ар бир түрү боюнча акциздердин болжолдонуучу түшүүлөрүнүн көлөмү төмөнкү формула боюнча эсептелет:
мында:
- акциздик товарлар боюнча акциздин болжолдонуучу суммасы;
- акциздик продукцияларды импорттоонун болжолдонуучу көлөмү;
С - акциздин ставкасы.
Экинчи вариант.
Салыкты эсептөө социалдык-экономикалык өнүктүрүү болжолуна ылайык акциздик товарлардын топторун импорттоонун болжолдонуучу көлөмүнө, салыктын орточо натыйжалуу ставкасына негизденген. Акциздик товарлардын ар бир тобу боюнча импортко акциздердин болжолдонуучу түшүүлөрүнүн өлчөмү төмөнкү формула боюнча аныкталат:
мында:
- акциздик товарлардын тобу боюнча акциздин болжолдонуучу суммасы;
- акциздик товарлардын тобу боюнча акциздин иш жүзүндөгү түшүүлөрү;
- акциздик товарлардын тобу боюнча импорттун болжолдонуучу көлөмү;
- акциздик товарлардын тобу боюнча импорттун иш жүзүндөгү көлөмү;
- талдоо жүргүзүлүүчү мезгил үчүн салыктын орточо натыйжалуу ставкасы;
n - талдоо жүргүзүлүүчү мезгил үчүн жылдардын саны;
С - акциздин ставкасы.
Товарлардын ар бир түрү боюнча болжолдуу көрсөткүчтөрдүн суммасын акциз салыгы боюнча жалпы болжол түзөт.
мында:
- акциз боюнча болжолдун жалпы суммасы;
- ар бир акциздик товар боюнча акциздин болжолдонуучу суммасы.
Үчүнчү вариант.
Эсептөөнүн үчүнчү варианты боюнча социалдык-экономикалык өнүктүрүү болжолуна ылайык импорттун болжолдонуучу көлөмүнүн негизинде импортко акциздин жалпы суммасынын болжолу жана салыктын орточо натыйжалуу ставкалары аныкталат. Акциздин жалпы суммасынан талдоо жүргүзүлүүчү мезгил үчүн салыктын жалпы суммасында товарлардын иш жүзүндө орточо келип чыккан үлүшүнүн негизинде акциздик товарлардын ар бир түрү боюнча салыктын болжолу аныкталат. Мында баштапкы иш жүзүндөгү маалыматтар салыктын түшүүлөрүнө айрым факторлордун таасирин эске алуу менен оңдолот (акциздердин ставкаларынын өзгөрүүсү, эсептөөлөрдүн, башка факторлордун түзүмүнүн өзгөрүүсү).
§ 6.11. Жер казынасын пайдалангандык үчүн салык
40. Салык кодексине ылайык жер казынасын пайдалангандык үчүн салык:
1) бонустар - пайдалуу казылмаларды издөө, чалгындоо жана иштеп чыгуу максатында жер казынасын пайдалануу укугуна бир жолку төлөөлөр;
2) роялти - пайдалуу казылмаларды иштетүү жана/же жер алдындагы сууларды тандоо (жер кыртышынан чыккан) максатында жер казынасын пайдалангандыгы үчүн учурдагы төлөөлөр.
41. Бонустары болжолдоо кен чыккан жерлер жана пайдалуу казылмалардын көрүнүшү, лицензия берилген аянты жана конкурска жана аукционго коюлуучу пайдалуу казылмалардын кендери боюнча бонустардын көлөмү тууралуу (АКШ долларында) жер казынасын пайдалануу боюнча, жаратылыш кендеринин түрлөрү жана менчик ээсинин үлүшүнүн өзгөрүшү менен катышуучуну алмаштыруу учурунда эсептелген бонустардын суммасы боюнча ыйгарым укуктуу органдын маалыматтарынын негизинде жүргүзүлөт. Бонустардын болжолдонуучу суммасы социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн болжолдоруна ылайык АКШ долларына карата сомдун болжолдонуучу курсуна кайта эсептелет.
42. Роялти боюнча болжол эсептөөнүн төмөнкү варианттары менен аныкталат.
Биринчи вариант.
Салыкты эсептөө социалдык-экономикалык өнүктүрүү болжолуна ылайык макроэкономикалык көрсөткүчтүн болжолдуу өзгөрүшүнө учурдагы жылдагы түшүүлөрдүн күтүлгөн көлөмүн индексациялоо жолу менен жүргүзүлөт (өнөр жайдын кен казуучу тармагынын дүң продукцияларынын көлөмү, суу менен жабдуу ишканаларынын продукцияларын чыгаруу, пайдалуу казылмалардын айрым түрлөрүн өндүрүүнүн, минералдык суулардын көлөмү, өнөр жайдын кен казуучу жана иштетүүчү тармактарында баалардын индекстери ж.б.). Салыктын түшүүлөрүнүн болжолу төмөнкү формула менен берилген:
мында:
- салыктын болжолу;
- учурдагы жылы салыктын күтүлгөн түшүүлөрү;
- тийиштүү макроэкономикалык көрсөткүчтөрдүн динамикасын мүнөздөөчү коэффициент;
Д - болжолдонуучу жылы мыйзамдардын өзгөртүлүшүнө байланыштуу салык боюнча кошумча түшкөн (+) же түшпөй калган (-) кирешелер, ошондой эле системалуу эмес мүнөздөгү бир жолку төлөмдөр.
Экинчи вариант.
Эсептөөнүн бул варианты боюнча болжолдоо базасы катары пайдалуу казылмалардын түрлөрү жана адистештирилген суу менен жабдуу уюмдары боюнча салыктык отчеттордун негизинде роялтинин (жер казынасынан чыккан суулардын көлөмү, пайдалуу казылмаларды жана аларды кайра иштетүү продуктуларын сатуудан түшкөн акча, адистештирилген суу менен жабдуу уюмдарын ишке ашыруудан түшкөн акча) салыктык базасы жөнүндө жыйынды маалыматтар пайдаланылат.
Мында болжолдонуучу мезгилге роялтинин салыктык базасынын көрсөткүчтөрү социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн болжолуна ылайык макроэкономикалык көрсөткүчтөрдүн өзгөрүшүнө базалык көрсөткүчтөрдү индексациялоо жолу менен (өнөр жайдын кен казуучу тармагынын дүң продукцияларынын көлөмү, суу менен жабдуу ишканаларынын продукциясын чыгаруу, пайдалуу казылмалардын, минералдык суулардын айрым түрлөрүн өндүрүүнүн иш жүзүндөгү көлөмүнүн индекси, өнөр жайдын кен казуучу жана иштетүүчү тармактарында баалардын индекстери ж.б.) же убактылуу катарларды экстраполяциялоо жолу менен аныкталат.
Салыкты эсептөө пайдалуу казылмалардын топтору же алардын түрлөрү боюнча салыктык базасынын болжолдонуучу өзгөрүүсүнө жана пайдалуу казылмалардын топтору же алардын түрлөрү үчүн салыктын орточо натыйжалуу ставкасын аныктоого негизденген. Эсептөөнүн төмөнкү формуласы колдонулат:
мында:
- пайдалуу казылмалардын топтору же алардын түрлөрү үчүн салыктын болжолу;
- пайдалуу казылмалардын топтору же алардын түрлөрү боюнча өткөн мезгилдер үчүн салыктын иш жүзүндөгү түшүүлөрү;
- пайдалуу казылмалардын топтору же алардын түрлөрү боюнча салыктык базанын болжолдонуучу көлөмү;
- пайдалуу казылмалардын топтору же алардын түрлөрү боюнча өткөн мезгилдер үчүн салыктык базанын иш жүзүндөгү көрсөткүчтөрү;
- талдоо жүргүзүлүүчү мезгил үчүн салыктын орточо натыйжалуу ставкасы;
Д - болжолдонуучу жылы мыйзамдардын өзгөртүлүшүнө байланыштуу салык боюнча кошумча түшкөн (+) же түшпөй калган (-) кирешелер, ошондой эле системалуу эмес мүнөздөгү бир жолку төлөмдөр.
Эскертүү. Эсептөөнүн бул варианты боюнча талдоо жана болжолдоо үчүн база катары социалдык-экономикалык өнүктүрүү болжолуна ылайык өнөр жайдын кен казуучу тармагынын продукцияларын чыгаруу көрсөткүчү пайдаланылышы мүмкүн.
§ 6.12. Эл аралык соодага жана тышкы операцияларга салыктар
43. Эл аралык соодага жана тышкы операцияларга салыктар төмөнкү төлөмдөр менен берилген:
- импорттук бажы алымы;
- бажы алымдарынын жана жыйымдарынын бирдиктүү ставка боюнча бажылык төлөм;
- бажы контролун жана бажы жол-жоболорун ишке ашыруу үчүн бажылык жыйымдар жана төлөмдөр.
44. Бажы алымдарынын жана жыйымдарынын бирдиктүү ставкасы боюнча импорттук бажы алымдарын жана бажы төлөмдөрүн болжолдоо жүк ташууга бажы декларациялары боюнча товарлардын импортунун көрсөткүчтөрүнүн негизинде бирдиктүү методика боюнча жана өлкөнү социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн болжолуна ылайык жүргүзүлөт.
Бажы төлөмдөрүн болжолдоо үчүн база катары өлкөнү социалдык-экономикалык өнүктүрүү болжолуна ылайык импорттун жана алмашуу курсунун көлөмүнүн өзгөрүшүнө индексацияланган жүк ташуу бажы декларацияларынын маалыматтары боюнча импорттун көлөмүнүн көрсөткүчтөрү пайдаланылышы мүмкүн.
Болжолдонуучу мезгилге импорттун көлөмү өткөн жылдардын (бажы кызматынын отчету боюнча) иш жүзүндөгү маалыматтарынын негизинде төмөнкүдөй деңгээлде бөлүштүрүлөт:
- салык салынуучу импорт, анын ичинде алыскы жана жакынкы чет өлкөлөрдөн салык салынуучу импорт. Бажы алымдарын эсептөө бажы мыйзамдарына ылайык алыскы чет өлкөлөрдөн импорттун көрсөткүчтөрү пайдаланылат;
- жеке жактар тарабынан ташылып келинүүчү товарлардын импорту бажы мыйзамдарына ылайык салык салуунун бирдиктүү ставкасы боюнча бажы алымдарынын жайгашуусу үчүн пайдаланылат;
- салык жана бажы мыйзамдарына ылайык бошотулган импорт;
- товарлардын башка салык салынбаган импорту.
45. Бажы алымдарынын жана жыйымдарынын бирдиктүү ставкасы боюнча импорттук бажы алымдарынын жана бажы төлөмдөрүнүн болжолдонуучу көлөмү эсептөөнүн төмөнкү варианттары боюнча аныкталат.
Биринчи вариант.
Эсептөө талдоо жүргүзүлүүчү мезгилге түзүлгөн салыктын натыйжалуу ставкаларын баалоо методу боюнча төмөнкү формула менен жүргүзүлөт:
мында:
- бажы алымдарынын жана жыйымдарынын бирдиктүү ставкасы боюнча импорттук бажы алымдарынын жана бажы төлөмдөрүнүн болжолдонуучу суммасы;
- бажы алымдарынын жана жыйымдарынын бирдиктүү ставкасы боюнча импорттук бажы алымдарынын жана бажылык төлөмдөрдүн иш жүзүндөгү түшүүлөрү;
- алыскы чет өлкөлөрдүн салык салынуучу импортунун же жеке жактар тарабынан ташылып келинүүчү товарлардын импортунун болжолдонуучу көлөмү, тийиштүү түрдө;
- алыскы чет өлкөлөрдүн салык салынуучу импортунун же жеке жактар тарабынан ташылып келинүүчү товарлардын импортунун иш жүзүндөгү көлөмү, тийиштүү түрдө;
- талдоо жүргүзүлүүчү мезгил үчүн орточо натыйжалуу ставкасы;
n - талдоо жүргүзүлүүчү мезгил үчүн жылдардын саны;
- бажы саясатындагы жана бажы төлөмдөрүн тескөөдөгү өзгөртүүлөрдү же эксперттик пикирлерди чагылдыруучу коэффициент.
Экинчи вариант.
Болжолду эсептөө тийиштүү түрдө алыскы чет өлкөлөрдөн ташып келинген товарлардын салык салынуучу импортунун же жеке жактар тарабынан ташылып келинген товарлардын импортунун көлөмүнө карата бажы алымдарынын жана жыйымдарынын бирдиктүү ставкасы боюнча импорттук бажы алымдарынын жана бажы төлөмдөрүнүн орточо ийкемдүүлүгүн баалоого негизденген. Бажы алымдары боюнча болжолдуу көрсөткүч төмөнкү формуланын негизинде аныкталат:
мында:
- бажы алымдарынын жана жыйымдарынын бирдиктүү ставкасы боюнча импорттук бажы алымдарынын жана бажы төлөмдөрүнүн болжолдонуучу суммасы;
- тийиштүү түрдө эсептөө алыскы чет өлкөлөрдөн ташып келинген товарлардын салык салынуучу импортунун же жеке жактар тарабынан ташып келинген товарлардын импортунун болжолдонуучу көлөмү;
- талдоо жүргүзүлүүчү мезгил үчүн салыктын орточо ийкемдүүлүгүн чагылдыруучу коэффициент;
- бажы саясатына жана бажы төлөмдөрүн тескөөгө өзгөртүүлөрдү же эксперттик пикирлерди чагылдыруучу коэффициент.
Үчүнчү вариант.
Бажы алымдарынын жана жыйымдарынын бирдиктүү ставкасы боюнча импорттук бажы алымдары жана бажы төлөмдөрү боюнча болжолду регрессиондук талдоо методу менен эсептөө. Болжолду эсептөө үчүн база катары алмашуу курсуна оңдолгон импорттун көлөмүнүн көрсөткүчү пайдаланылат.
46. Евразия экономикалык бирлигинин (мындан ары - ЕЭБ) шарттарында импорттук бажы алымын болжолдоо ЕЭБдин мүчө өлкөлөрүнүн ортосундагы бажы алымдарын бөлүштүрүү механизмдерин эске алуу менен ишке ашырылат.
47. Бажы контролун жана бажы жол-жоболорун ишке ашыруудан жыйымдардын жана төлөмдөрдүн түшүүлөрүн болжолдоодо салык салынуучу база катары тышкы соода жүгүртүүнүн көлөмү кабыл алынат.
Бажы контролун жана бажы жол-жоболорун ишке ашыруудан түшүүчү жыйымдарды жана төлөмдөрдү болжолдоо учурдагы жыл үчүн бажы контролун жана бажы жол-жоболорун ишке ашыруудан күтүлгөн түшүүлөрдүн жана социалдык-экономикалык өнүктүрүү болжолунун макроэкономикалык көрсөткүчтөрүнүн базасында жүргүзүлөт. Учурдагы жыл үчүн бажы контролун жана бажы жол-жоболорун ишке ашыруудан күтүлгөн түшүүлөрдү баалоо бир катар жылдар үчүн жана учурдагы жыл боюнча түшүүлөрдүн динамикасынын негизинде жүргүзүлөт.
Бажы контролун жана бажы жол-жоболорун ишке ашыруудан түшүүчү жыйымдардын жана төлөмдөрдүн болжолун эсептөө тышкы соода жүгүртүү көлөмүнүн болжолдонуучу өсүш темпине учурдагы жылдагы түшүүлөрдүн күтүлгөн деңгээлин индексациялоо жолу менен ишке ашырылат.
7. Мамлекеттик бюджеттин салыктык эмес кирешелерин болжолдоонун өзгөчөлүктөрү
48. Салыктык эмес түшүүлөрдү болжолдоо ченемдик укуктук актыларга негизденет, аларга ылайык салыктык эмес жыйымдар жана төлөмдөр төлөнөт.
49. Орто мөөнөттүү мезгилге фискалдык саясаттын негизги багыттарын, алдыдагы пландык мезгилге бюджеттин долбоорун иштеп чыгууда, бюджеттин салыктык эмес кирешелеринин жана ресурстарынын айрым түрлөрү боюнча учурдагы жылы бюджетти тактоодо аткаруу бийлиги системасындагы мамлекеттик органдар, алардын аймактык бөлүнүштөрү же башка мамлекеттик органдар тарабынан берилген болжолдуу маалыматтар пайдаланылат.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 13-ноябрындагы № 532 токтомунун редакциясына ылайык)
50. Калган салыктык эмес түшүүлөр боюнча болжол бир катар жылдар үчүн салыктык эмес түшүүлөрдүн ар бир түрү боюнча динамиканы талдоонун, болжолдонуучу жылы инфляциянын деңгээлине карата оңдолгон учурдагы жылдын күтүлгөн түшүүлөрүн баалоонун негизинде же Кыргыз Республикасын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн болжолунун башка макроэкономикалык көрсөткүчтөрүн эске алуу менен аныкталат.
51. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык салынуучу административдик айыптарды, туумдарды, санкцияларды жана башка айыптарды жана конфискацияларды болжолдоо республикалык бюджеттен каржылануучу ыйгарым укуктуу органдар тарабынан ишке ашырылбайт.
| Мамлекеттик бюджеттин кирешелерин болжолдоо методикасына |
Мамлекеттик кирешелерди моделдөө жана болжолдоо боюнча
колдонуучулар үчүн колдонмо (борбордук деңгээл)
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 21-августундагы № 417 токтомунун редакциясына ылайык)
| "Мамлекеттик бюджеттин кирешелерин болжолдоо методикасына |
Мамлекеттик кирешелерди моделдөө жана болжолдоо боюнча
колдонуучулар үчүн колдонмо (Жергиликтүү деңгээл)