Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 31-июлундагы № 384 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
1-тиркеме
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 4-сентябрындагы № 618 токтому менен бекитилген |
2015-2017-жылдарга Кыргыз Республикасында тамак-аш жана азык-түлүк коопсуздугунун ПРОГРАММАСЫ
1. Кыргыз Республикасында тамак-аш жана азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуунун жалпы көрүнүшү
Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугу жалпысынан алганда өлкөнүн улуттук жана экономикалык коопсуздугунун ажырагыс компоненти болуп саналат, анткени азык-түлүк коопсуздугунун маселелери өлкөнү социалдык жана экономикалык өнүктүрүүнүн жалпы процесси менен тыгыз байланышта.
Азыркы учурда Кыргыз Республикасы азык-түлүктүн негизги түрлөрү менен өзүн-өзү камсыздоонун жетиштүү деңгээлине чыга элек, бул импортко болгон көз карандылыктын жогорку деңгээлине алып келүүдө. 2014-жылы 9 аталыштагы азык-түлүк коопсуздугунун продуктуларын ички өндүрүүнүн эсебинен өзүн-өзү толук камсыздоо азык-түлүктүн салттуу үч гана түрү боюнча: картөшкө - 149,0%га; жашылчалар жана жемиштер - 140,6%га жана сүт жана сүт азыктары - 110,6%га жетишилген.
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 21-январындагы № 11 Жарлыгы менен бекитилген 2013-2017-жылдардын мезгилине Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылга чейин туруктуу өнүктүрүүгө өтүү боюнча программасын жана планын ишке ашыруунун алкагында иштелип чыккан ушул 2015-2017-жылдарга тамак-аш жана азык-түлүк коопсуздугунун ушул программасы (мындан ары - Программа) алгачкы сектордук программалык документтердин бири болуп эсептелет.
Тамак-аш жана азык-түлүк коопсуздугунун маселелери өлкөнү туруктуу өнүктүрүүнүн саясий багыты менен ажырагыс байланышкан. Туруктуу өнүктүрүүгө өтүү жалпысынан алганда адамдык баалуулуктардын жана жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануунун өңүтүнөн экономикалык өсүштү кароону сунуштайт.
Программаны иштеп чыгуунун максаты: өлкөдө тамак-аш жана азык-түлүк менен камсыздоонун маселелерин башкаруунун салттуу каражаттарынан четтөө; тамак-аштын сапатын жогорулатууга жана өлкөнүн калкынын саламаттыгын жакшыртууга багытталган азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуунун максаттуу багыттарын кеңейтүү; тамак-аш жана азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу маселелерин дүйнөлүк тажрыйбада кеңири колдонулуучу азык-түлүк коопсуздугунун концепциясы менен шайкеш келтирүүгө умтулуу, анын негизине төрт компонент киргизилген: азык-түлүктүн болушу; жеткиликтүүлүгү; колдонуу жана туруктуулук.
Өлкөнүн кызыкчылыктарынан, агрардык сектордун өнүгүү өзгөчөлүктөрүнөн, өлкөдөгү азык-түлүк коопсуздугунун абалынын тышкы рынокторго көз карандылыгынын жогорку деңгээлде болушунан улам, ошондой эле дүйнөлүк тажрыйбада пайдаланылган концептуалдуу ыкмаларды эске алганда Программа төмөнкүдөй максаттуу төрт багытка негизделген:
1. Өлкөдө азык-түлүктүн болушун камсыздоо.
2. Азык-түлүктүн табигый жана экономикалык жеткиликтүүлүгүн камсыздоо.
3. Тамак-аштын сапатын, ар түрдүүлүгүн жана калориялуулугун камсыздоо.
4. Тамак-аштын коопсуздугуна контролду жана көзөмөлдү камсыздоо.
1. Азык-түлүктүн болушу мезгилдин ар кандай учуруна азык-түлүктүн саны жана сапаты жагынан табигый коопсуз жана жеткиликтүү болушун билдирет.
Бул аныктамадан улам ушул бөлүмдө өлкөдө азык-түлүктүн болушун талдоо жана камсыз кылуу маселелери төмөнкүдөй компоненттерди айкаштыруу аркылуу чагылдырылган: өздүк өндүрүш; азык-түлүк запастары; экспорт жана импорт; азык-түлүк жардамы.
Ошол эле учурда ички өндүрүштүн маселелери жаратылыш ресурстарынын (жер, жайыттар, сугат сууга жеткиликтүүлүк) абалын баалоо менен өз ара байланышта чагылдырылган. Запастарды толтуруу милдетин чечүү бул максаттарга бөлүнгөн мамлекеттик финансыны башкаруу менен байланыштырылган.
Азык-түлүк бөлүгүндөгү тышкы соода саясаты экспортту диферсификациялоого жана ун менен данды ташып келүүнүн туруктуулугуна багытталган.
2. Жеткиликтүүлүк - бул баардык үй чарбалары керектүү азык-түлүктү алуу жана талаптагыдай тамак-ашты камсыз кылуу үчүн жетиштүү каражаттары бар дегенди түшүндүрөт. Жеткиликтүүлүк үй чарбасынын деңгээлиндеги ресурстардын деңгээлине (каражаттардын, жумуш менен билимдердин болушуна) жана ошондой эле азык-түлүккө болгон бааларга көз каранды.
Аталган бөлүмдө аналитикалык сереп, проблемалар жана азык-түлүккө жетишүүнү жакшыртуу боюнча маселелер мамлекеттик жөнгө салуунун макроэкономикалык саясат, монополияга каршы жөнгө салуу, калкты социалдык коргоо саясаты сыяктуу багыттарга топтолгон.
Азык-түлүккө жетишүү үй чарбаларынын кирешелеринин деңгээли менен түздөн-түз байланышта экендигин эске алып, ушул көз караштан өлкөнүн эмгек рыногу талдоого алынган. Мындан тышкары азык-түлүккө жетишүү, климаттын өзгөрүшү жана жаратылыш ресурстарынын азайышы сыяктуу факторлор эске алынган.
3. Аталган Программада тамак-аштын ар түрдүүлүгү, туура рациону жана калориялуулук маселелери чагылдырылган, анткени алардын актуалдуулугу барган сайын өсүп бара жатат. Бул багыттагы аналитикалык сереп жана артыкчылыктар тамак-аштын тең салмактуулугуна жана анын ар түрдүүлүгүнө багытталган.
4. Программа тамак-аш коопсуздугун камсыз кылуунун, аларды өндүрүүдөн түздөн-түз керектөөгө чейинки маселелерин камтыйт. Азык-түлүктү импорттук ташып келүүлөрдүн коопсуздугун камсыз кылуу үчүн мамлекеттик көзөмөлдүн абалына өзүнчө талдоо берилген. Ошол эле учурда маалымат алууга жеткиликтүүлүктү камсыздоону талдоого өзгөчө роль берилген. Лабораториялардын инфратүзүмүнүн абалына, сертификациялоо системасына жана тамак-аш продуктуларына техникалык регламенттерди даярдоого талдоо жүргүзүлгөн.
2. Тамак-аш жана азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо саясаты: максаттар, артыкчылыктар жана милдеттер
2.1. Азык-түлүктүн болушун камсыздоо
Учурдагы абалды талдоо жана баалоо
"Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык азык-түлүк коопсуздугуна жетишүү Кыргыз Республикасынын агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү менен камсыздалат.
Тамак-аш продуктуларын ата мекендик өндүрүү негизги жаратылыш ресурстарынын абалына, өндүрүш процессинин деңгээлине жана уюштурулушуна көз каранды.
Жалпысынан алганда Кыргыз Республикасынын жаратылыш-климаттык шарттары дээрлик бардык региондордо мезгил-мезгили менен кургакчылык жылдар же эрте үшүк жүрүүлөр менен айыл чарба өндүрүшүн иштин тобокелдүү түрүнө киргизүүгө мүмкүндүк берет. Жер кыртышын коргоонун натыйжалуу методун колдонуу, ири күнөскана чарбаларын түзүү заманбап жабдуулардын наркынын жогору болушу, ошондой эле өндүрүш өскөн учурда салык жүгүнүн өсүшү менен токтоп турат.
Кыргыз Республикасында климаттын өзгөрүшүн алдын-ала болжолдоолорго ылайык алгач температуранын жогорулашынын кесепетинен (2050-ж. чейин) өзөндөрдөгү суулардын деңгээли көбөйөт же тескери процесс - суунун азайышы башталат.
Кыргыз Республикасы суу ресурстарынын олуттуу запасына ээ. Суулардын көп жылдык орточо агымынын табигый суммасынын жылдык агымы 47,2 км3, анын ичинен вегетациялык мезгилде - 35 км3 (74%). Жыл мезгилдери жана аймактар боюнча суу ресурстарынын текши эмес бөлүштүрүлүшү, суулардын өзгөрүлмө гидрографиялык мүнөздөмөлөрү гидроресурстарды натыйжалуу пайдалануу үчүн табигый тоскоолдуктарды жаратат.
Ошол эле учурда ирригациялык системаны өнүктүрүү жана анын иштешин кармап туруу зарылдыгы каржылоонун жетишсиздигине учурап жатат. Натыйжада азыркы учурда ирригациялык системалар керектүү көлөмдө сугат жерлерди сугат суу менен баарынан мурда вегетациялык мезгилде камсыз кыла алышпайт. Бул өзгөчө кайра-кайра кайталанган кургакчылык жылдары өндүрүш үчүн олуттуу тобокелдиктерди түзөт.
Айдоо жерлеринин жалпы өлчөмү 1201,0 миң гектарды түзөт, алардын ичинен 798,9 миң гектары - сугат жерлери. Жердин түшүмдүүлүгүн сактап калуу жана калыбына келтирүү, реабилитациялоо иштерин жүргүзүү, чара көрүү, кыртыштын кээри кетүүсүн болтурбоо боюнча мамлекет жыл сайын каражат бөлгөндүгүнө карабастан кырдаалды жакшыртууга мүмкүндүк болбой келет. Жыл сайын ар кандай себептер менен айыл чарба өндүрүшү үчүн 100-110 миң гектардын тегерегиндеги айдоо аянттары пайдаланылбай калат. Суу жана шамал эрозиясына кабылган жерлердин аянты 5 млн. гектарды же айыл чарба жерлеринин жалпы аянтынын 45,7% түзөт. Кыргыз Республикасынын табигый жайыттарынын жалпы аянты 9,1 млн. гектарды түзөт. Ошол эле учурда жалпы алганда жайыттардын 49%ы ар кандай даражада начарлап кеткен.
Тыюу салуу мүнөзүндөгү көрүлгөн чараларга карабастан айдоо жерлерин трансформациялоонун улантылып жатышы жер иштетүү үчүн негизги ресурс болуп саналган айдоолордун жалпы аянтын кыскартууда. 2005-2012-жылдардын аралыгында айдоо аянты - 37,9 миң гектарга, анын ичинен сугат жерлер 16,5 миң гектарга кыскарган. Бир кишиге (туруктуу калкка) айдоо жер менен камсыз кылуу - 0,25 гектардан (2003-ж.) 0,22 гектарга (2012-ж.), сугат жер менен - 0,16 гектардан 0,14 гектарга чейин жетти. Кыргыз Республикасы киши башына айдоо жер менен камсыздоонун көрсөткүчү төмөн өлкөлөрдүн катарына кирет.
Азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуунун факторлору ата мекендик тамак-аш продуктуларын өндүрүүнүн көлөмдөрү жана туруктуулугу болуп саналат. Айыл чарбасынын натыйжалуулугу, продукцияга күтүлгөн суроо-талап жана мамлекет тарабынан айыл чарба өндүрүшүн колдоо өндүрүштүн көлөмүнө жана туруктуулугуна олуттуу таасирин тийгизет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 3-мартындагы № 138 "Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугунун мониторинги жана индикаторлору жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна ылайык азык-түлүк коопсуздугунун деңгээлин баалоо үчүн өсүмдүк өстүрүүчүлүктүн базалык продуктулары болуп төмөнкү 6 түрү аныкталган: нан жана нан азыктары; картөшкө; мөмө жана жер-жемиштер; жашылча жана бакча өсүмдүктөрү; кант; өсүмдүк майы.
2014-жылы өсүмдүк өстүрүүчүлүктүн дүң өндүрүүсү 98354,4 млн. сомду же бардык айыл чарба өндүрүшүнүн 50,6% түздү. 2003-2012-жылдардын аралыгында Кыргыз Республикасында жылына орто эсеп менен: буудай (иштеткенден кийинки салмагында) - 846,8 миң тонна, кант кызылчасы - 286,5 миң тонна, май алынуучу өсүмдүктөр - 72,9 миң тонна, картөшкө - 1320,0 миң тонна, жашылчалар - 786,2 миң тонна, бакча өсүмдүктөрү - 124,0 миң тонна, мөмө жана жер жемиштер - 184,8 миң тонна өндүрүлгөн.
Картөшкө менен жашылчалар салыштырмалуу көлөмү боюнча жылдан жылга туруктуу өндүрүлөт (өндүрүүнүн орточо жылдык көлөмүнөн жылдык четтөө 15%га чейинкини түзөт).
Буудай, мөмө жана жер жемиштерди, май чыгуучу өсүмдүктөрдү, бакча өсүмдүктөрүн өндүрүүнүн көлөмү анча туруктуу эмес (өндүрүштүн орточо жылдык көлөмүнөн жылдык четтөө 50%га чейинкини түзөт). Кант кызылчасын өндүрүүнүн көлөмдөрү айрыкча туруксуз (өндүрүштүн орточо жылдык көлөмүнөн жылдык четтөө 100%дан ашык болгон).
Өсүмдүк өстүрүүчүлүктүн базалык продуктуларынын түшүмдүүлүгүнүн көрсөткүчтөрү Кыргыз Республикасында 2003-2012-жылдар аралыгында жылына орто эсеп менен төмөнкүдөй болгон: буудай (иштетилгенден кийинки салмагында) - гектарынан 21,7 центнерден, кант кызылчасы - гектарынан 190,8 центнерден, май алынуучу өсүмдүктөр-гектарынан 10,5 центнерден, картөшкө - гектарынан 156,4 центнерден, жашылчалар - гектарынан 178,6 центнерден, бакча өсүмдүктөрү гектарынан - 201,1 центнерден, мөмө жана жер жемиштер-гектарынан 42,8 центнерден. Түшүмдүүлүктүн көрсөткүчү өзгөчө буудай жана кант кызылчасы сыяктуу маанилүү продуктулар боюнча төмөн болуп саналат. Буудайдын максималдуу түшүмдүүлүгү дүйнөдө гектарынан 98 центнерге чейин жетет, Кыргыз Республикасында гектарынан - 26,3 центнерди, кант кызылчасы: максималдуу түшүмдүүлүгү дүйнөдө гектарынан 927,5 центнерге чейин жетсе, Кыргыз Республикасында гектарынан 190,8 центнерди түзөт.
Май алынуучу өсүмдүктөрдү, картөшкөнү, жашылчаларды, бакча өсүмдүктөрүн, мөмө жана жер жемиштерин өндүрүүдө айрыкча туруктуу түшүмдүүлүккө жетишилди (орточо жылдык түшүмдүүлүктөн жылдык четтөө 10%дан кем эмесин түзгөн). Буудай менен кант кызылчасынын түшүмдүүлүгү бир топ олку-солку - жылдык четтөөлөр тиешесине жараша орточо жылдык түшүмдүүлүктүн 25% жана 40%га чейинкини түзөт. Мында 2003-2012-жылдарда буудай жана кант кызылчасынын түшүмдүүлүк динамикасы төмөндөгөн, башка өсүмдүктөр боюнча анча көп эмес өскөн.
Азык-түлүк коопсуздугунун деңгээлин баалоо үчүн мал чарбасынын базалык продуктуларынын катарына продуктулардын 3 түрү киргизилген: сүт жана сүт азыктары; эт жана эт азыктары; жумуртка. 2014-жылы мал чарбасынын продукцияларын дүң өндүрүү айыл чарбасынын баардык өндүрүшүнүн 47,5%ын түзгөн. Кыргыз Республикасында 2003-2012-жылдарда жылына орто эсеп менен 187,0 миң тонна эт (союлган салмагында), 1271,5 миң тонна чийки сүт, 352,2 млн. даана жумуртка өндүрүлгөн.
Этти (союлган салмагында), чийки сүттү өндүрүүнүн көлөмдөрү туруктуу - өндүрүштүн орточо жылдык көлөмүнөн жылдык четтөөлөр 10%дан азыраакты түзгөн. Жумуртка өндүрүү анча туруктуу эмес - өндүрүштүн орточо жылдык көлөмүнөн жылдык четтөөлөр 25%га чейинкини түзгөн.
2003-2012-жылдарда уйлардын сүттүүлүгүнүн орточо өндүрүмдүүлүгүнүн көрсөткүчтөрү туруктуу (мезгил аралыгында орточо көрсөткүчтөн четтөөлөр 4%дан азыраак), ал эми тооктордун жумуртка туушу анча туруктуу эмес (орточо өндүрүмдүүлүктөн четтөө 18%га чейин жетет). 2003-2012-жылдарда ушул эки көрсөткүчтүн тең динамикасы терс.
Өндүрүштүн көлөмүнүн көрсөткүчтөрү, өсүмдүк өстүрүүчүлүктөгү түшүмдүүлүк жана мал чарбасындагы өнүмдүүлүк айыл чарба өндүрүшүнүн туруктуулугунун жогору эмес экендигин жана начар өнүгүп жаткандыгын күбөлөндүрөт. Айрым жылдарда жагымсыз аба-ырайынын шарттары, тышкы терс таасир, өндүрүшкө тартылган ресурстардын кыскарышы пайда болгондо өнүгүүнүн мындай жолу өндүрүштүн кескин төмөндөшүнө жана ага ылайык азык-түлүк коопсуздугунун деңгээлинин төмөндөшүнө алып келиши мүмкүн.
Кайра иштетүү өнөр жайы сүт жана сүт азыктарын, эт, жашылча, мөмө, жер жемиштерди кайра иштетүү боюнча ишканаларды, ата мекендик жана импорттолуучу чийки затка багытталган ун тартуучу тармакты камтыйт. Азыркы учурда өлкөдө өндүрүлгөн сүттүн үчтөн биринен азыраагы, жашылча, мөмө, жер жемиштерди өндүрүүнүн жалпы көлөмүнөн 15%га чейинкиси, эт өндүрүүнүн жалпы көлөмүнөн 5%нан азы кайра иштетилет. Өсүмдүк өстүрүүчүлүктүн продукцияларын кайра иштетүү көлөмүнүн төмөн болушунун себеби алынган түшүмдүн көбүнүн жоготууга учурашынан болуп келүүдө, түшүмдүн жартысы көп учурда талааларда калат же базарда сатууга мүмкүн болбогондуктан түшүм сактоого ыңгайлаштырылбаган жайларда бузулуп кетет. Жалпысынан алганда кайра иштетүүнүн көлөмүнүн аз болушу айыл чарба өндүрүшүнүн өсүшү үчүн экономикалык стимулдарды азайтат.
Азык-түлүктү импорттоо Кыргыз Республикасында азык-түлүк коопсуздугун камсыздоонун маанилүү компоненти. Өлкөдө 2003-2012-жылдары жылына орто эсеп менен төмөнкүлөр импорттолгон: 45 миң тонна эт жана эт субпродуктулары, 6,5 миң тонна сүт жана сүт азыктары, 264,2 миң тонна буудай, 25,5 миң тонна күрүч, 64,8 миң тонна буудай уну, 25,2 миң тонна өсүмдүк майы, 64,0 миң тонна кант импорттолгон. Кыргызстандын аштык буудайга туруктуу түзүмдүк жетишсиздиги бар. Жакынкы мезгилде аны импорттоодон башка жол жок.
Бул мезгилде төмөнкүлөр жылына орточо: 5,0 миң баш бодо мал, 336,7 тонна эт жана субпродуктулар, 28,9 миң тонна сүт жана сүт азыктары, 151,5 миң тонна жашылчалар, 60,6 миң тонна мөмө жемиштер, 13,0 тонна кант экспорттолду.
Азык-түлүк товарларын импорттоонун жана экспорттоонун динамикасы өтө эле туруксуз жана эң алды менен бул товарларга болгон ички жана тышкы рыноктордогу суроо-талапка көз каранды. Жалпы алганда күрүчтөн башка бардык продуктулар боюнча импорттун өсүшү орун алууда. Жаныбарлар менен этти, ошондой эле жашылчаларды импорттоо өсүүдө.
Сүт азыктарын жана мөмө жемиштерди экспорттоо азаюуда. Жалпысынан мындай динамика Кыргызстандын азык-түлүктү импорттоого болгон көз карандылыгы өсүп жаткандыгын күбөлөндүрөт.
Кыргыз Республикасы 1998-жылдын 20-декабрынан тартып Дүйнөлүк соода уюмунун мүчөсү, ошондой эле өлкө КМШга мүчө өлкөлөрдүн эркин соода жүргүзүү жөнүндө макулдашуусунун катышуучусу.
Бирок артыкчылыктар менен катар эле Кыргызстанга тамак-аш продуктуларын агрессивдүү экспорттоодо ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн кызыкчылыктарына зыян келтирген проблемалар да жаралды.
Өздүк өндүрүштүн болгон көлөмүн жана түзүмүн, калыптанып калган азык-түлүктү импорттоону жана экспорттоону эске алуу менен (2007-2012-жылдардын аралыгында базалык продуктуларды өндүрүүнүн жана импорттоонун орточо көрсөткүчтөрү боюнча баалоо) 2007-2012-жылдардын аралыгында белгиленген критерийлерге ылайык азык-түлүк коопсуздугунун деңгээли төмөнкүдөй болгон: оптималдык (жетиштүү) деңгээлге шайкеш келгендер: жаңы картөшкө; жаңы жашылчалар жана бакча өсүмдүктөрү, сүт жана сүткө кайра эсептегендеги сүт азыктары; жумуртка. Аталган деңгээлге мөмө жана жер жемиштер боюнча импорттун 20%дан жогорку көрсөткүчү туура келбейт, бирок ички рынокто продуктуну өздүк өндүрүүнүн үлүшү жогору.
Данга кайра эсептегендеги нан азыктарынын; буудай жана данга кайра эсептегенде буудайды кайра иштетүүнүн продуктулары - жетишсиз деңгээлде. Өсүмдүк майлары; кант жана кантка кайра эсептегендеги кант жана кондитердик продуктулар - кескин аз деңгээлде.
Проблемалар
Айыл чарба өндүрүшү үчүн Кыргыз Республикасы негизги жаратылыш факторлорунун, дыйканчылык жана мал багуунун тажрыйбасынын жана көндүмдөрүнүн, азык-түлүккө өсүп жаткан суроо-талаптардын, мамлекеттин жана донордук уюмдардын туруктуу жана өсүп жаткан колдоосунун бар экендигине байланышкан бир топ жагымдуу мүмкүнчүлүктөргө ээ. Ошону менен бирге, азыркы абалды талдоо азык-түлүк коопсуздугу үчүн тобокелдиктерди жаратуучу төмөнкүдөй проблемаларды аныктоого мүмкүндүк берди.
1. Тамак-аш продуктуларын өндүрүүнүн туруксуздугу үчүн өбөлгө болуучу жаратылыш ресурстарын адаптациялоо жана натыйжалуу пайдалануу: айыл чарба өндүрүшү климаттын узакка созулган өзгөрүшүнө жана туруксуздугуна жетиштүү ыңгайлаштырылган эмес; сугат системаларын өнүктүрүүнү жана иштөө мүмкүнчүлүктөрүн жетиштүү деңгээлде кармап турууну жетишсиз каржылоо бай суу ресурстарын пайдаланууга тоскоол болууда; айдоо жерлерин трансформациялоонун токтобогондугу, аларды пайдалануунун натыйжасыздыгы, айыл чарба багытындагы жерлерди калыбына келтирүү боюнча чараларды жетишсиз каржылоо айыл чарба өндүрүшү үчүн негизги жаратылыш ресурсу катары саналган жерлердин азаюу коркунучунун өсүшүнө алып келүүдө.
2. Тамак-аш продуктуларын өндүрүүнүн туруксуздугу үчүн өбөлгө түзүүчү айыл чарба өндүрүшүн жана кайра иштетүүнү уюштуруу жана ишке ашыруу проблемалары: өндүрүштүн чакан масштабдары, алардын кирешелеринин туруксуздугу менен байланышкан дыйкан (фермердик) чарбалардын өндүрүштүк төмөн потенциалы; айыл чарба өндүрүүчүлөрүнүн өндүрүштүк деңгээлди аныктоочу товарларга жана кызмат көрсөтүүлөргө: насыя ресурстарына, айыл чарба техникасына, өсүмдүктөрдү жана жаныбарларды сактоо боюнча кызмат көрсөтүүлөргө, жогорку сорттогу себүү материалына жана жогорку продуктулуу асыл тукум малдарга жана сапаттуу асыл тукум продуктуларына, толук жана сиңимдүү тоюттарга ж.б. жетүүлөрүнүн чектелиши; продуктуларды сертификациялоонун натыйжасыз системасына, маркетингдик колдоонун жетишсиздигине ж.б. байланыштуу продукцияларды сатуудагы проблемалар; айыл чарба продуктуларын өндүрүүчүлөрдүн көпчүлүк бөлүгү менен кайра иштетүүчү ишканалардын ортосунда өз ара пайдалуу жана узак мөөнөттүү кызматташууну болжогон туруктуу чарбалык байланыштардын жоктугу, байытылган тамак-аш продуктуларын (байытылган унду жана андан жасалган продуктуларды, йоддолгон тузду, тамак-аш кошулмаларын) өндүрүү үчүн керектүү стимулдардын жоктугу; айыл чарба өндүрүшүн башкарууда жөнгө салуучу жана бөлүштүрүүчү функцияларды натыйжасыз аткарууга, өндүрүштүн натыйжалуулугунун өсүшү үчүн жетиштүү стимулдарды калыптандырууга байланышкан бир топ проблемалар бар.
3. Тамак-аш продуктуларынын импортун жана экспортун башкаруу жана өлкөдө тамак-аш продуктуларынын болушу: ата мекендик азык-түлүк импорттоочуларга каршы экспорттоочу өлкөлөрдө продуктулук проблемалар курчуган убакта продуктуларды ташып чыгууга тыюу салуу практикасы; ички рынокко зыян келтирүү менен Кыргыз Республикасынан тамак-аштын эң баалуу продуктуларын - эт жана эт азыктарын, балыкты экспорттоо тенденциясынын жаралышы; өздүк өндүрүшкө зыян келтирүү менен төмөнкү баада тамак-аштын импорттук продуктулардын ташылып келишине тийиштүү контролдун жоктугу.
Бул проблемаларды чечүү бирин-бири толуктап турган азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо саясатына дагы, айыл чарбаны өнүктүрүү саясатына дагы тиешелүү. Ошол эле учурда тамак-аш продуктуларынын болушун камсыздоо жагында азык-түлүк коопсуздугу боюнча саясат жана чаралар азык-түлүк коопсуздугунун деңгээлин аныктоочу конкреттүү продуктулардын түзүмүнө жана өндүрүү көлөмдөрүнүн маселелерине ылайык түзүлөт.
Ошону менен бирге эле жалпы айыл чарба өндүрүшүн өнүктүрүү жана өстүрүү, ошондой эле аны иштин кирешелүү түрүнө айлашуу маселелери айыл чарбасын өнүктүрүү саясатынын артыкчылыгы болуп саналат.
Азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо саясатынын артыкчылыктары, милдеттери жана чаралары жогоруда аталган критерийден улам аныкталат.
Максат. Кыргыз Республикасында белгиленген ченемдерге ылайык азык-түлүктөрдүн негизги түрлөрүнүн болушун камсыз кылуу жана өлкөнүн калкын тамак-аш продуктулары менен камсыз кылуунун туруктуулугун арттыруу.
Белгиленген проблемаларды чечүү жана коюлган максатка жетүү үчүн артыкчылыктуу багыттар төмөнкүлөр болуп саналат:
- азык-түлүк коопсуздугу үчүн өтө маанилүү тамак-аштын байытылган продуктуларын өндүрүүдө агроөнөр жай комплексинин секторлорун колдоо;
- өлкөнү азык-түлүк менен камсыз кылуу жана Кыргыз Республикасынын азык-түлүк товарларынын ички рыногун коргоо үчүн азык-түлүктүн импортун жана экспортун жөнгө салуу;
- тамак-аш продуктуларынын запастарын жетиштүү деңгээлде түзүү, азык-түлүктүн резервдерин сактоо үчүн кубаттуулуктарды модернизациялоо/түзүү.
Биринчи артыкчылыктуу багыттын алкагында төмөнкүдөй механизмдер зарыл.
Баардык айыл чарба өндүрүүчүлөрү эки топко бөлүнөт. Биринчи топ - азык-түлүк коопсуздугу үчүн маанилүү азык-түлүк продуктуларын өндүрүүчүлөр.
Экинчи топ - биринчи топко киргизилбеген баардык айыл чарба өндүрүүчүлөрү.
Айыл чарбасын мамлекеттик колдоонун жалпы суммасы "Айыл чарбасын каржылоо" долбоорлору боюнча биринчи жана экинчи топтогу айыл чарба өндүрүүчүлөрүн каржылоо үчүн тиешелүү түрдө эки бөлүккө бөлүнөт.
Айыл чарба товарларын өндүрүүчүлөрдөн тышкары, кайра иштетүү өнөр жайынын ишканалары каржыланат.
Бир эле учурда азык-түлүк коопсуздугу үчүн маанилүү болгон продуктуларды айыл чарбалык өндүрүүнү интенсификациялоонун механизми колдонулат. Бул айыл чарба өндүрүшү үчүн товарлардын көлөмүн көбөйтүүгө жана кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жакшыртууга, илимий-техникалык прогресстин жетишкендиктерин кеңири жайылтууга, өндүрүштүн өзүн уюштурууну өркүндөтүүгө көмөк көрсөтүүгө мүмкүндүк берет.
Айыл чарба өндүрүшүн мамлекеттик колдоонун алкагында негизги таасир өндүрүштүн төмөнкүдөй маанилүү факторлоруна: ички чарбалык сугат тармагын кошкондо, ирригация системасына; өсүмдүктөрдү жана жаныбарларды коргоого; үрөөнчүлүккө жана асыл тукум мал чарбачылыгына; продукцияларды кайра иштетүү өндүрүшүнүн көлөмүн өстүрүүгө; өндүрүштүк процесстин финансылык туруктуулугуна багытталат.
Аталган артыкчылыктуу багыттар боюнча төмөнкүдөй милдеттер коюлган:
- азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуунун контекстинде айыл чарба товарларын өндүрүүчүлөрдү колдоо, алардын институттук потенциалын өнүктүрүү. Аталган милдетти чечүү тийиштүү укуктук базаны түзүү боюнча чараларды, мамлекеттик колдоонун жалпы суммасын эки бөлүккө бөлүүнүн методикасын түзүүнү, аларды топко бөлүштүрүү жана коррупциялык тобокелдиктерди азайтуу үчүн тийиштүү механизмди түзүү процессин катуу регламенттештирүүнү; азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууда кызмат көрсөткөн мамлекеттик жана менчик уюмдарды колдоодо артыкчылыктуу маселелердин тизмегине киргизилген айыл чарба товарларын өндүрүүчүлөрдү даректүү колдоо боюнча чараларды өзүнө камтыйт. Бул өндүрүштүн маанилүү факторлорун түзүүчү багыттарга карата айыл чарба өндүрүшүн колдоо боюнча чараларды ишке ашырууну; маалыматтык камсыздоону жана маалыматка жетүүнү жакшыртууну болжолдойт. Милдеттерди чечүү биринчи топтогу айыл чарба өндүрүүчүлөрүнүн маалыматтарга, консультацияларга жетишүүсүн кеңейтүү боюнча чараларды камтыйт, бул өндүрүштүн туруктуулугун арттырууга, өндүрүштүк тобокелдиктерди жана жоготууларды азайтууга мүмкүндүк берет. Бул чаралар кошумча нарктын чынжырчасын түзүүнү; байытылган тамак-аш продуктуларын өндүрүүнү колдоону камтыйт.
Азык-түлүктүн импортун жана экспортун жөнгө салууну өркүндөтүү боюнча экинчи артыкчылыктуу багыттын алкагында мамлекеттер аралык эки тараптуу мамилелердин механизмин жана негизги стратегиялык өнөктөштөр менен экономикалык интеграциянын алкагында өз ара аракеттенүү механизмин колдонуу зарыл. Бул Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги менен Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинен өнөктөш-өлкөлөрдүн тийиштүү мамлекеттик органдарындагы өнөктөштөр менен биргелешкен аракеттерди, ошондой эле эл аралык аренада Кыргыз Республикасынын экономикалык кызыкчылыктарын жигердүү илгерилетүүнү талап кылат.
Бул артыкчылыктуу багыт боюнча төмөнкү милдеттер коюлган:
- буудайдын болуусун камсыз кылуу. Тобокелдиктерди баалоо, буудай рыногунда интервенциялоонун инструменттерин колдонуу, ички рынокту коргоо үчүн тарифтик эмес жөнгө салуунун чараларын колдонуу аркылуу негизги продуктуларды экспорттоону жана импорттоону башкаруунун механизмдерин иштеп чыгуу боюнча чаралар ишке ашырылат.
Үчүнчү артыкчылыктуу багыттын алкагында милдеттерди чечүү тамак-аш продуктуларынын запасынын жетиштүү деңгээлин түзүүгө, азык-түлүк резервин сактоо үчүн кубаттуулуктарды модернизациялоого жана түзүүгө топтолот. Азык-түлүктү сактоо потенциалын түзүүнү экономикалык жүйөлөштүрүү жана Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун потенциалын өстүрүүнү каржылоо бул милдеттин механизмдери болуп калат. Аталган артыкчылыктуу багыт төмөнкүдөй милдеттерди камтыйт: фермердик чарбаларда, кайра иштетүүчү ишканаларда жана соода-логистикалык комплекстерде азык-түлүктү сактоонун шарттарын түзүүнү колдоо. Бул милдетти чечүү сактоо жайларын куруу жана модернизациялоо менен байланышкан инвестициялык долбоорлордун портфелин түзүү боюнча чараларды камтыйт. Колдоо механизми пайыздык чыгымдарды субсидиялоону; азык-түлүктүн стратегиялык резервдерин сактоо жана мониторинг жүргүзүү боюнча мамлекеттик материалдык резервдин потенциалын чыңдоону болжолдойт. Бул мамлекеттик материалдык резервдердин мекемелеринин жана уюмдарынын өндүрүштүк-техникалык потенциалын модернизациялоону, тамак-аш резервдерин башкаруу методикасын жана мониторинг системасын өркүндөтүүнү, мамлекеттик материалдык резервдер системасынын адистерин окутууну болжолдойт.
2.2. Азык-түлүктүн жеткиликтүүлүгү
Учурдагы абалды талдоо жана баалоо. Калктын азык-түлүккө жетишүү деңгээлине көптөгөн төмөнкүдөй факторлор: ар кандай экономикалык, жаратылыштык жана азык-түлүккө баалардын жогорулашы сыяктуу социалдык соккулар, климаттын өзгөрүшү, табигый кырсыктар жана социалдык толкундоолор таасир этет.
Глобалдык азык-түлүк ресурстарын түзүүнүн учурдагы этабы азык-түлүккө туруктуу жетишүү үчүн коркунуч жараткан дүйнөлүк рыноктун системалык кризиси менен мүнөздөлөт. Акыркы жылдары азык-түлүктүн дүйнөлүк, рыногу өтө эле туруксуздугу менен мүнөздөлөт. 2005-2010-жылдарда эле азык-түлүккө болгон баалар 2 эсе (ФАОнун маалыматтары боюнча), ал эми продукциялардын айрым түрлөрүнө (күрүч, кант, нак кургак сүт, май алынуучу өсүмдүктөр, өсүмдүк майы) баалар 2,5-3 эсеге кымбаттаган.
Тийиштүү эл аралык уюмдардын акыркы болжолдоолору 2020-жылга чейин азык-түлүккө болгон баалар жылына орто эсеп менен 3-4%га кыйшаюусуз өсүп тураарын көрсөтүүдө. Бул тенденция энергия алып жүрүүчүлөрдүн кымбатташы жана экономикалардын тез өсүшүнүн аркасында күчөй бериши болжолдонууда. Жогоруда аталган эл аралык уюмдардын эксперттик баалоолору боюнча дан өсүмдүктөрүнө болгон баалар 1997-2006-жылдардагы орточо деңгээлге салыштырмалуу реалдуу түрдө 15-40%га өсөт. Өсүмдүк майы, эт жана сүт азыктары 40%дан да ашыгыраак кымбаттайт.
Дүйнөлүк экономиканы жагымдуу шарттарда болжолдоодо буудайга болгон баанын өсүшү жылына орто эсеп менен 4%ды түзүп, 2030-жылга карата буудайдын тоннасы 500 АКШ долларынын деңгээлине жетет, Айрым жылдары данга болгон баалардын эң көп өсүүсү аба-ырайынын факторуна жана финансы рынокторунун конъюнктурасына жараша бир топ айырмаланышы мүмкүн (Россия Федерациясынын Экономика министрлигинин 2030-жылга чейин болжолдоолору).
Кыргызстанда дан, ун жана нан азыктарынын рыногу бул топтогу азыктардын импортуна өтө жогору көз карандылыгынан улам дүйнөлүк баалардын өзгөрүшүнө өтө сезимтал келет.
Тамак-аштын базалык продуктуларына, өзгөчө дан менен унга болгон баалардын өсүшү мультипликативдик натыйжага ээ, анткени тамак-аштын ушул продуктуларына жетишүүнүн начарлашына түздөн-түз таасир этүүдөн тышкары керектөө себетинин бардык товарларына жана кызмат көрсөтүүлөрүнө баалар кымбаттайт. Мындай учурларда, 2008-2010-жылдары Кыргыз Республикасында болгондой инфляциянын өсүшү башкарылбай калат, ал мамлекеттик жөнгө салуу инструменттеринин натыйжалуулугуна жараша кыска мөөнөттүү же узак убакытка созулушу мүмкүн. Атап айтканда дүйнөлүк финансылык жетишсиздиктин кесепеттерин чагылдырып 2008-жылы ун менен данга болгон баалардын, 2010 жана 2012-жылдары кургакчылыктан улам Казакстан менен Россияда буудайга экспорттук баалардын олуттуу өсүшү байкалган.
Бүгүнкү күндө Кыргызстанда керектөө бааларынын индекси жалпысынан монетардык эмес факторлордун таасири астында калыптанат, алардын салымы төмөнкүлөрдү кошо алганда 70%дан ашыгыраак деп бааланат: дан жана унду кошкондо азык-түлүккө болгон дүйнөлүк баалардын өзгөрүп турушу; алардын ички керектөө бааларына тийгизген таасири; ички рыноктун 60%га дан менен ундун импортуна көз карандылыгы; айыл чарба өндүрүшүнүн туруксуздугу жана азык-түлүк менен өзүн-өзү камсыздоонун төмөн деңгээли; Казакстандан дан эгиндерин импорттоо үчүн тоскоолдуктардын пайда болуп турушу.
Негизги соода өнөктөштөр (Россия, Казакстан) өз рынокторун толтуруу үчүн азык-түлүккө болгон баалар өсүп жаткан мезгилде айрым учурда азык-түлүк товарларын экспорттоого мораторийди колдонушат. Атап айтканда 2010-жылдын жайында Россия менен Казакстан кургакчылыктын айынан Кыргызстан үчүн мындай чектөөлөрдү киргизгенде нан азыктарынын рыногунда баалардын өсүшү ошол замат байкалган.
Калктын азык-түлүккө жетүүсүнө таасир этүүчү факторлорду талдоо алардын эң маанилүүлөрү төмөнкүлөр экендигин көрсөткөн: инфляциянын деңгээли жана азык-түлүктүн өзүнүн наркы; тобокелдиктин социалдык топтору үчүн мамлекеттик кепилдиктер системасы; үй чарбаларынын жыйынды кирешелеринин деңгээли.
Өлкөнүн аймактарына карата жашоо минимумунун өлчөмүнө салыштырганда тамак-ашка кеткен чыгымдардын салыштырма салмагы 63%дан 71%га чейин өзгөрүп турат. Тамак-ашка кеткен чыгымдардын мындай көлөмүн (2937,6 сом) киши башына орточо кирешелеринин өлчөмү жашоо үчүн зарыл болгон каражаттардын минимумунан дагы төмөн аялуу үй чарбаларынын категориялары, көп балалуу үй-бүлөлөр, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар, жалгыз кары-картаң адамдар, пенсиялары минималдуу өлчөмдөгү (2013-жылы 1678 сом) пенсионерлер көтөрө албайт (1-3-квинтилдик топтор).
Калктын беш квинтилдик тобуна карата 2011-2012-жылдар үчүн маалыматтарды талдоо калктын кирешеси эң аз (2012-жылы айына 1174 сом) 20%ынын өкүлдөрү болгон биринчи квинтилдик топтун тамак-ашка кеткен чыгымдарынын деңгээли эң жогору экендигин көрсөткөн.
Калктын бул тобунун жан башынын тамак-ашына кеткен чыгымдарынын деңгээли эң жогору жана жан башына орточо кирешелердин 63%ын түзөт, ошол эле учурда өлкө боюнча бул көрсөткүч 38%ды түзөт, ал эми калктын 20%ы - эң көп кирешелүү бешинчи квинтилдик топ үчүн бул көрсөткүч эң төмөн жана 28%ды түзөт.
Азык-түлүк коопсуздугунун 9 базалык продуктуларынын ичинен орточо физиологиялык керектөөдөн (9,6 кг) факт жүзүндөгү керектөө (калктын киши башына айына 16,1 кг) бир топ ашып кеткендиги нан боюнча гана (67,5%) орун алган. Картөшкө боюнча бул көрсөткүч 2,3%ды түзөт. Азык-түлүк коопсуздугунун калган 7 продуктусу боюнча иш жүзүндөгү керектөөнүн деңгээли орточо физиологиялык ченемдерден бир топ төмөн. Иш жүзүндөгү керектөөнүн жетишсиздиги 22%дан 90%га чейин өзгөрүп турушу, анын ичинде эт боюнча - 35,4%, сүт жана сүт азыктары боюнча - 25,3%ды түзөт.
Азык-түлүктүн жетиштүү санына жетишүү үчүн өз алдынча киреше ала албаган калктын аялуу топтору көпчүлүк учурда - социалдык жөлөкпулдарга жана пенсияларга, аз даражада - жалданып иштөөдөн алган кирешелерге көз каранды. Бул фактор мамлекеттин бул максаттарга социалдык дотациялардын системасынын маанилүүлүгүн күчөтөт.
Мамлекеттик социалдык жөлөкпулдарды алуучулардын баардык саны: АКҮАЖП (Аз камсыздалган үй-бүлөлөргө ай сайын берилчү жөлөкпул) жана АЖП (Ай сайын берилчү жөлөкпул) 429,3 миң кишини же өлкөнүн туруктуу калкынын 7,5%ын түзөт. АКҮАЖП жана АЖПны алуучулар - булар мыйзам деңгээлинде бекитилген ченемдердин деңгээлинде азык-түлүккө жетишүүнү камсыздоодо мамлекет тарабынан колдоого муктаж болгон калктын бөлүгү.
Андыктан аз камсыздалган үй-бүлөлөрдө киши башына орточо кирешени өстүрүүнүн жолун өз алдынча издөөгө кызыктыруу калктын аялуу катмарынын азык-түлүккө жетишүүсүн жакшыртуу боюнча саясаттын артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп калышы керек.
Азык-түлүккө жетиштүүлүк менен туруктуу абалды, өзгөчө айыл жергесинде туруктуу абалды камсыздоочу жумушка орношуудагы чектелген мүмкүнчүлүктөр аялуу үй чарбаларынын жыйынды кирешелерин көбөйтүүдөгү жана азык-түлүккө жетишүүсүн жакшыртуудагы тоскоолдуктардын бири болуп калууда.
Жумушсуздар үчүн жумушка орношуу мүмкүнчүлүктөрү чектелген, ал эми кесиптик техникалык билим берүү системасы калктын аялуу топторунун кирешелерин өстүрүү үчүн кеңири билим берүү демилгелерине азырынча даяр эмес.
Айыл жергесиндеги жумуштуулуктун жогорку көрсөткүчтөрүнө карабастан айыл жашоочулары шаар жашоочуларынын кирешелерине теңдеш кирешелерди ала алышпайт. Чакан фермердик чарбалардын категориясы дагы алардын үй-бүлөлөрүнүн азык-түлүккө туруктуу жетишүүсү боюнча, өзгөчө инфляциялык соккулардын мезгилинде коркунуч туудурган аялуу топтордун бири болуп саналат.
Проблемалар
Калктын аз камсыздалган топторунун азык-түлүккө жетүүсүн камсыздоодогу негизги проблемалар төмөнкүлөр: кирешеси эң аз калктын (биринчи квинтилдик топ) тамак-ашка кеткен чыгымдарынын жогорку деңгээли (киши башына орточо кирешеден 63%) болуп саналат.
Азык-түлүккө жетишүүнү жакшыртуу үчүн калкты социалдык коргоонун жана кирешелерди жогорулатуунун белгиленген проблемалары төмөнкүлөргө келип такалат: кирешелери чектелүү үй чарбаларынын азык-түлүккө жетишүүсүн жакшыртуу; социалдык дотациялардын мамлекеттик системасына жетишүү.
Мамлекеттик азык-түлүк жардамын бөлүштүрүүнүн колдонуудагы механизминин олуттуу кемчилиги азык-түлүк жардамы АКҮАЖП алуучуларга гана көрсөтүлгөндүгүндө, бирок Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлигинин системасынын эсебинде баккан адамынан айрылган балдар, ДМЧАлар, жалгыз бой улгайган жарандар жана ай сайын берилчү жөлөкпул алуучулар же үйүнө барып социалдык жактан тейленүүчүлөр, жеңилдиктердин ордуна акчалай компенсация алуучулар болуп саналган жарандардын айрым категориялары катары эсепте тургандар бар, мүмкүн алар дагы азык-түлүк жардамын алууга муктаж болушу мүмкүн. Мындан тышкары, азык-түлүк жардамын алуучулардын категориясына пенсиясы эң аз өлчөмдөгү (Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2013-жыл үчүн маалыматы боюнча 1678 сом) пенсионерлер кирген эмес.
Максат. Калктын аялуу тобунун азык-түлүккө туруктуу жетишүүсүн камсыз кылуу жана аларды азык-түлүккө болгон жогорку баалардын таасиринен коргоо.
Артыкчылыктуу багыттар. Коюлган милдеттерге жана белгиленген проблемаларга жараша коюлган милдеттерге жетишүү үчүн артыкчылыктуу багыттар төмөнкүлөр болуп саналат:
- ички керектөөчүлүк рыноктун туруктуулугун камсыздоо;
- калктын аялуу катмарынын кирешелеринин өсүшүн мамлекеттик колдоо.
Мамлекеттик башкаруу системасынын натыйжалуулугун жакшыртууга багытталган биринчи артыкчылыктуу багыттын алкагында төмөнкүдөй милдеттерди чечүү зарыл:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун туруктуу ишин камсыздоо;
- азык-түлүккө жетишүүгө климаттык өзгөрүүлөрдүн далилдүү базасын түзүү;
- азык-түлүккө жетишүүгө климаттык тобокелдиктердин таасирин жеңилдетүү боюнча механизмдерди түзүү;
- азык-түлүк жана тамак-аш коопсуздугу маселелерин башкаруу боюнча кадрларды окутуунун квалификацияларын жогорулатуунун ийкемдүү системасын түзүү;
- азык-түлүк жана тамак-аш коопсуздугу боюнча маалыматтарга жетишүүнү жакшыртуу.
Ички керектөө бааларын турукташтырууга багытталган экинчи артыкчылык төмөнкүдөй милдеттерди чечүүнү болжолдойт:
- ички рынокто азык-түлүккө болгон баалардын өзгөрүшүн мамлекеттик жөнгө салуунун натыйжалуулугун жогорулатуу;
- азык-түлүккө баанын өсүшүн күн мурунтан алдын алуунун мамлекеттик системасын түзүү.
Калктын аялуу катмарына мамлекеттик азык-түлүк жардамын көрсөтүүнүн натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган үчүнчү артыкчылык төмөнкүлөр сыяктуу милдеттерди чечүүнү камтыйт:
- азык-түлүк жардамы үчүн муктаждыкты аныктоо максатында азык-түлүк коопсуздугунун абалын баалоо;
- азык-түлүккө баалар жогорулаган учурда мамлекеттик колдоо көрсөтүүнүн механизми;
- азык-түлүк жардамын көрсөтүү механизминин ачык-айкындыгын камсыздоо.
Төртүнчү артыкчылык төмөнкүдөй милдеттерди чечүүнү камтыйт:
- азык-түлүккө жетишүүнү жакшыртуу үчүн калктын аялуу катмарынын кирешелеринин өсүшүнө дем берүү;
- айыл калкын кошо алганда кошумча киреше алуунун көндүмдөрүн жакшыртуу;
- Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министрлигине караштуу Кесиптик-техникалык билим берүү боюнча агенттикти калктын аялуу катмарын кошумча киреше алуунун көндүмдөрүнө окутуу процессине тартуу.
2.3. Азык-түлүктү пайдалануу жана тең салмакталган тамак-аш
Учурдагы абалды талдоо жана баалоо. Өндүрүштүн көлөмдөрүнүн кыскарышы жана калктын кирешелеринин төмөндөшү бир адамга эсептегенде тамак-аш продуктуларын керектөөнүн түрдүүлүгүнө терс таасирин тийгизген. 1990-жылга салыштырганда 2012-жылы Кыргызстанда этти керектөө - 16 килограммга (29,3%га), сүттү керектөө - 51 килограммга (19,2%га), жумуртканы - 73 даанага (47,5%), балыкты жана балык продуктуларын керектөө - 5 килограммга (71,4%), кантты - 17 килограммга (45,9%) кыскарган. Бул продуктулардын жетишсиздиги физиологиялык ченемдер менен алдын-ала каралган керектөө деңгээлинен нан булочка продуктуларын - 64,3%га, жашылча жана бакча өсүмдүктөрдү - 32,8%га, өсүмдүк майын - 20%га жана сүттү - 7,4%га керектөөнүн эсебинен бир топ ашып түшүү менен толукталган.
Үй чарбаларын тандап изилдөөнүн жыйынтыктарына ылайык тамак-аштын энергетикалык баалуулугу терс энергетикалык баланста болгон Баткен облусунун калкын кошпогондо, тамак-аштын энергетикалык баалуулугун керектөө (калктын киши башына күнүнө/ккал) 2012-жылы жана 2013-жылдын 1-жарым жылдыгында оң баланста болгон. Калктын айрыкча жогорку кирешелүү категориясынан (Кыргыз Республикасынын Улуттук статистикалык комитетинин маалыматтары боюнча бешинчи квинтилдик топ) башкаларда калктын киши башына күнүнө белокторду жана майларды жетишсиз керектөө дээрлик бардык региондордо белгиленген.
Эгерде физиологиялык ченемдерге ылайык энергетикалык баалуулукту керектөөнү бааласак иш жүзүндө калктын баардык топтору бардык жерлерде калорияларды жетишсиз пайдаланышат.
1ден 17 жашка чейинки курактагы балдар арасында азыктарларды жетишсиз пайдалануу өзгөчө чочулоону туудурат, өзгөчө 1-3 жаштагы балдардын арасында калорияларды, белокторду жана майларды керектөөнүн жетишсиздиги сунушталган суткалык керектөөнүн 1/3ин түзөт.
Калориялардын жетишсиздигинен да витаминдерди жана ар кандай микроэлементтерди жетишсиз керектөө көбүрөөк мааниге ээ. Жатындагы өнүгүү жана ымыркай кезинде жетишсиз тамактануу дене-боюнун өсүүсү жана интеллектуалдык өнүгүүсү токтоп калуунун, ден-соолугу начар жана өлүмдүн көбөйүшү жана чоңойгондо өнөкөт оорулардын: жүрөк-кан тамыр ооруларынын, рактын айрым түрлөрүнүн, диабеттин, аз кандуулуктун жана башка оорулардын пайда болушунун себеби болуп саналат.
Кыргыз Республикасында негизги азыктандыруучу заттарды жана калорияларды жетишсиз керектөөдөн улам жетишсиз тамактануу менен шартталган балдар жана чоңдор арасында төмөнкүдөй оорулар кеңири таралууда: темирдин жетишсиздигинен аз кандуулук (кош бойлуу аялдардын 37,8% жана кош бойлуу эмес аялдардын 34,2%, өмүрүнүн алгачкы 5 жылдыгындагы балдардын 42,6%, темирдин билинбеген жетишсиздиги (аялдардын 41%), фолаттардын жетишсиздиги (кош бойлуу эмес аялдардын 42%), йоддун жетишсиздигинен келип чыккан оорулар (кош бойлуу аялдардын 61,6% жана мектеп курагындагы балдардын 43,1% жана өмүрүнүн алгачкы 5 жылдыгындагы балдардын кыска бойлуулугу (өнөкөт чала тамактануудан) (17,7%), денесинин ашыкча салмагы жана семиздик (өмүрүнүн алгачкы 5 жылдыгындагы балдардын 9%, аялдардын 35,7%) жана аялдар арасында денесинин жетишсиз салмагы (7,3%).
Аялдардын радионундагы азыктандыруучу заттардын жетишсиздиги менен белгилүү деңгээлде балдардын өнүгүүсүндөгү тубаса кемчиликтердин көбөйүшүн да түшүндүрсө болот, алар балдардын өлүмүнүн себептеринин арасында үчүнчү орунда турат (12,6%), ал эми кош бойлуу аялдардын организминде фолаттардын жетишсиздиги негизги себеп болгон ымыркайлардын нерв түтүгүнүн аномалиялары өнүгүүнүн кемчиликтеринин арасында биринчи орунда турат.
Калктын ар кандай топтору үчүн тамак-аштын сунушталган ченемдерин, минималдык керектөө себетин, ар түрдүү ооруларда дарылоо тамак-аштын ченемин иштеп чыгуу Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын гигиеналык сабактар кафедрасына жүктөлгөн. Ал эми тамак-аш продуктуларынын сапатын жана коопсуздугун контролдоо Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Оорулардын алдын-алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаментине (мындан ары Департамент) жүктөлгөн, ал ташылып келүүчү, чыгарылуучу жана республикада сатылуучу тамак-аш тузунун жана ундун сапатына мониторинг жүргүзүүнү ишке ашырат, анын алкагында йод менен темирдин коопсуздугу жана курамынын көрсөткүчтөрү боюнча шайкештигин баалоону ишке ашырат.
Калктын тамак-ашынын сапатын жакшыртуу үчүн "Йоддун жетишсиздигинен болуучу оорулардын алдын алуу жөнүндө" Кыргыз, Республикасынын Мыйзамы, "Иоддолгон аш туздун коопсуздугу жөнүндө", "Нан унун байытуу жөнүндө", "Байытылган ундун коопсуздугу жөнүндө" жана "Балдарды эмчек эмизип багууну коргоо жана балдарды жасалма тамактандыруу азыктарынын жана каражаттарынын маркетингин жөнгө салуу жөнүндө" техникалык регламенттер кабыл алынган.
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан тамак-аш тузун универсалдуу йоддоштурууга жетишүү, унду байытуунун сапатын ички жана тышкы контролдоо системасын жөнгө салуу, тегирмендерди керектүү жабдуулар менен жабдуу, бардык тегирмендердеги лабораториялардын кызматкерлерин жана технологдорду окутуу, премиксти борборлоштуруп сатып алуу жана бөлүштүрүү, 6-24 айлык балдардын үй тамагын витаминдик-минералдык комплекс менен байытуу, башталгыч класстардын балдарын акысыз мектеп тамак-ашы менен камсыздоо, саламаттыкты сактоо системасы жана жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу тамак-аш маселелери боюнча калкка маалымдоо боюнча бир катар чаралар көрүлүүдө.
Маалыматты таратуунун ар кандай каналдарынын ортосунда координациялоону жана өз ара күчтөндүрүү натыйжасын пайда кылууну болжолдогон түрлөнтүп тамактануунун пайдасы, ден соолукту сактоо жана чыңдоо үчүн микронутриенттердин ролу жөнүндө маалыматтарды үзгүлтүксүз таратуунун стратегиясы сергек жашоо мүнөзүнүн тамырлап кетиши, тамак-аш продуктуларынын коопсуздугун жана азык-түлүк менен туруктуу камсыздоо үчүн зор мааниге ээ.
Калкка маалымдоо боюнча мамлекеттик саясаттын маанилүү компоненти калктын өзүндө тамактанууга карата аң-сезимдүү мамилесин калыптандыруу, рационалдуу тамактануу үчүн шарттарды түзүүгө даярдык көрүү, таза тамактануу принциптерин жана тамактануу маданиятын калыптандыруу болуп саналат.
Проблемалар
Тамак-аш проблемаларын башкаруу жаатында учурдагы кырдаалды талдоо бир катар проблемаларды белгиледи.
Алардан бири көмүр-суу-кычкылтектин органикалык кошулмасы болгон рациондо тамак-аштын маанилүү компоненттерин, биринчи кезекте толук баалуу белокторду, алмаштырылгыс майлуу кислоталарды жана микронутриенттерди жетишсиз керектөө, тамактануунун бузулушу менен шартталган оорулардын көп жайылышы болуп саналат.
Тамак-аштын абалына мониторинг жүргүзүүнүн, микронутриенттерди керектөөнү кошо алганда, балдарды эмчек эмизип багуунун жайылтылышынын деңгээлин жана эрте жаштан баштап балдарды тамактандыруунун адекваттуу практикасын жана башка индикаторлорду баалоонун улуттук системасын кайра карап чыгуу көйгөйүн кийинкиге калтырбастан чечүү талап кылынат.
Максат. Ар бир жаранга толук аш болумдуу тамактарды керектөө үчүн жагымдуу чөйрөнү камсыз кылуу жана тамактануунун бузулушуна/чала тоюуга жол бербөө жана аларга байланыштуу оорулардын таралышын азайтуу.
Белгиленген проблемалардан улам коюлган милдеттерге жетүү боюнча артыкчылыктуу багыттар төмөнкүлөр болуп саналат:
- тамак-аш рационунун түрдүүлүгүн, микронутриенттерди туура керектөөнү жана тамактануунун бузулушун, анын ичинде чала тоюуну жана ага байланышкан ооруларды, өзгөчө калктын аялуу топторунун (төрөт курагындагы аялдар, балдар, кары-картаңдар жана аз камсыздалган үй-бүлөлөр) арасында жоюу үчүн тамак-аштын жашоо үчүн маанилүү башка компоненттерин камсыздоо;
- ден соолукту сактоо жана чыңдоо үчүн тамак-аш рационун туура түрлөнтүү, микронутриенттердин маанилүүлүгү жана башка эң маанилүү тамак-аш компоненттери жөнүндө толук маалымат берүү жолу менен калктын сапаттуу тамак-аш продуктуларына туруктуу суроо-талабын калыптандыруу;
- сапат жана балансташтырылган тамак-аш боюнча индикаторлорун байкоо системасын жакшыртуу.
Биринчи артыкчылыктуу багыттын алкагында тамак-аш жаатында мамлекеттик башкарууну институционалдаштыруу боюнча төмөнкү милдеттерди чечүү кошо каралган:
- балансташтырылган тамак-аш маселелерин жөнгө салуу боюнча секторлор аралык координациялоонун механизмин түзүү;
- тамак-аш жаатындагы мыйзамдар базасын өркүндөтүү;
- тамак-аш маселелери боюнча кадрларды даярдоону жана кайра даярдоону колдонуудагы системага интеграциялоо.
Тамак-аш рационун түрлөнтүүнү, тамактануунун бузулушун, анын ичинде чала тоюуну жана ага байланышкан ооруларды жоюу үчүн микронутриенттерди жана башка эң зарыл тамак-аш компоненттерин туура керектөөнү камсыздоого багытталган экинчи артыкчылык төмөнкү маселелерди чечүүнү болжолдойт:
- микронутриенттик жетишсиздикти (аз кандуулукту) азайтуу максатында 0дөн 5 жашка чейинки курактагы балдардын тамактануусун жакшыртууга максаттуу колдоо көрсөтүү;
- мектеп жашындагы балдардын тамактануусун жакшыртууга максаттуу колдоо көрсөтүү;
- азык-түлүк коопсуздугу төмөн деңгээлдеги райондордо мектепте толук аш болумдуу жана сапаттуу тамактандырууну камсыздоо;
- аз кандуулуктун жана фолаттардын жетишсиздигинин таралышын азайтуу максатында төрөт курагындагы аялдардын, кош бойлуу аялдардын тамактануусун жакшыртууга максаттуу колдоо көрсөтүү.
Ден соолукту сактоо жана чыңдоо үчүн тамак-аш рационун туура түрлөнтүү, микронутриенттердин маанилүүлүгү жана башка эң маанилүү тамак-аш компоненттери жөнүндө толук маалымат берүү жолу менен калктын сапаттуу тамак-аш продуктуларына туруктуу суроо-талабын калыптандырууга багытталган үчүнчү артыкчылык төмөнкүлөр сыяктуу милдеттерди чечүүнү камтыйт:
- тамак-аш продуктуларынын жоопкерчиликтүү маркетингин жайылтуу;
- өлкө калкынын байытылган унга жана тузга болгон керектөө суроо-талаптарын калыптандыруу;
- калкты сапаттуу тамак-аш маселелерин чечүүгө жигердүү тартуу.
Төртүнчү артыкчылык тамактануунун түзүмүн толугураак мүнөздөө үчүн индикаторлорду байкоо системасын жакшыртууга багытталган, ага төмөнкү маселелерди чечүү кирет:
- тамак-аш жана азык-түлүк коопсуздугунун статистикалык көрсөткүчтөрүнүн чөйрөсүн эл аралык индикаторлорго ылайык кеңейтүү;
- чала тоюучу калктын санын баалоонун жана калктын тамактануу түзүмү жөнүндө статистикалык маалыматтарды талдоонун методологиясын өркүндөтүү;
- байытылган ун менен тузду чыгаруу жана керектөө процесстерине натыйжалуу мониторинг жүргүзүүнү камсыздоо;
- калктын темирдин жетишсиздигинен келип чыккан аз кандуулук жана йоддун жетишсиздигинен болгон оорулар менен алгачкы оорусуна жана алардын таралуусуна эпидемиологиялык көзөмөлдөө системасын түзүү;
- пилоттук облуста нерв түтүгүнүн тубаса жетишсиздигине көзөмөл жүргүзүү системасын түзүү.
2.4. Тамак-аштын коопсуздугу
Учурдагы абалды талдоо жана баалоо. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тамак-аш коопсуздугунун объекттери (пайдаланылган пестициддер, мал үчүн дары-дармек каражаттары, тоют жана тоюттук кошулмалар, тирүү жаныбарлар, азык-түлүк чийки заттары, тамак кошулмалары, тамак-аш продуктулары менен байланышта болгон материалдар, пайдаланууга даяр тамак-аш продуктулары, ошондой эле өндүрүү, жыйноо, ташуу, сактоо, сатуу, утилдештирүүнүн технологиялык процесстери) Кыргыз Республикасынын санитардык жана ветеринардык чаралар жаатындагы техникалык регламенттеринин жана башка ченемдик укуктук актыларынын талаптарына шайкеш келиши керек.
Акыркы жылдары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан тамак-аш продуктуларына карата техникалык регламенттерди иштеп чыгуу жана кабыл алуу боюнча интенсивдүү иштер жүргүзүлүүдө. Кыргыз Республикасында 18 техникалык регламент колдонулууда.
Көпчүлүк учурларда ченемдик укуктук актылардын мазмуну тар тармактык же ведомстволук мүнөздө же айрым гана фрагменттерди чагылдырат. Алсак, кабыл алынган регламенттерде байкоо жүргүзүүнү камсыз кылуу боюнча талаптар белгиленген эмес, бул тамак-аш продуктуларынын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн тобокелдиктерди көбөйтөт.
Тамак-аш продуктуларын алгачкы өндүрүүнүн деңгээлинде коркунучтун өзгөчө жогору тобокелдиги төмөнкүдөй баскычтарда байкалат.
Пестициддерди колдонуу
Тирүү жаныбарлардын организмдеринин, азык-түлүк чийки заттарынын, тоюттардын, даяр тамак-аш продуктуларынын пестициддердин калдыктары менен булганышын контролдоо тамак-аш продуктуларынын коопсуздугун камсыздоо системасынын маанилүү курамдык бөлүгү болуп саналат.
Пестициддерди өндүрүүнү, алып кирүүнү, жүгүртүүнү жана колдонууну мамлекеттик жөнгө салуу "Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу жана коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен, ошондой эле Туруктуу органикалык булгагычтар жөнүндө Стокгольм конвенциясынын жоболору жана башка эл аралык документтер менен белгиленген. Кыргыз Республикасында пестициддерди жана агрохимикаттарды чыгаруу боюнча өзүнүн индустриясы жок. Алар импорт боюнча ташылып келет.
Өсүмдүк өстүрүүчүлүк продукцияларын, анын ичинде тоют өсүмдүктөрүн өндүрүү менен иштеген тамак-аш бизнесинин операторлору химиялаштыруу жана өсүмдүктөрдү коргоо боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан каттоого алынган жана Кыргыз Республикасынын аймагында пайдаланууга уруксат берилген пестициддердин жана агрохимикаттардын мамлекеттик каталогуна киргизилген пестициддерди пайдаланышы керек.
Кыргыз Республикасында азыркы учурда пайда болушу белгисиз химиялык кошулмаларды пестициддер катары мамлекеттик каттоонун тажрыйбасы жана пестициддерди тандоо жана жүгүртүү боюнча ("Пестициддерге жана агрохимикаттарга талаптар" Бажы бирлигинин Комиссиясынын 2010-жылдын 28-майындагы № 299 чечими менен бекитилген санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөнүүгө (контролдонууга) тийиш болгон товарларга ББнын Бирдиктүү санитардык-эпидемиологиялык жана гигиеналык талаптарынын II главасы) эл аралык эрежелерден жана ченемдерден четтөөлөр орун алууда. Эл аралык тажрыйбага ылайык импорттук пестициддер алар чыгарылган өлкөнүн алдын-ала макулдугу/каттоосу болгон учурда гана катталат жана пайдаланууга уруксат берилет.
Жаныбарлар үчүн дары-дармек каражаттарын пайдалануу
Жаныбарлардын ылаңдарынын алдын алуу жана дарылоо үчүн колдонулуучу дары-дармек каражаттарын контролдоо, ошондой эле чийки азык-түлүктө жана даяр тамак-аш продуктуларында алардын калдыктарын контролдоо тамак-аш продуктуларынын коопсуздугун камсыздоо системасынын ажырагыс бөлүгү болуп саналат.
Кыргыз Республикасында жаныбарлар үчүн дары-дармек каражаттарын чыгарууну, алып кирүүнү жана пайдаланууну мамлекеттик жөнгө салуу "Ветеринария жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы жана "Ветеринардык дары каражаттарынын коопсуздугу жөнүндө" Техникалык регламент менен белгиленген.
Кыргыз Республикасында колдонууга уруксат берилген дары-дармектердин саны Россия Федерациясынан дээрлик 10 эсе аз, бул көптөгөн натыйжалуу ветеринардык дары-дармектерге мыйзамдуу жетишүүгө терс таасирин тийгизүүдө.
Жаныбарлардын жашоо чөйрө факторлорунун гигиенасы
Бул багытта Департаменттин аккредитацияланган 18 санитардык-гигиеналык лабораториясы чөйрөнүн объекттеринин жана факторлорунун (суу, топурак, имарат, жабдуу) органолептикалык, физикалык-химиялык, токсикологиялык-гигиеналык көрсөткүчтөрү боюнча изилдөөлөрдү жүргүзүшөт.
Тоютту жана тоют кошулмаларын пайдалануу
Эл аралык тажрыйбада малдардан алынган тамак-аш продуктуларынын коопсуздугун камсыздоо системасында тоюттарга жана тоют кошулмаларына өзгөчө көңүл бурулат.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын Ветеринардык дарт аныктоо жана экспертизалоо республикалык борборунун (мындан ары - ВДАЭРБ) бөлүмдөрү тарабынан тоюттардын юридикалык таанылбаган ченемдерине ылайык келүүсүнө ветеринардык-санитардык экспертизалоо жүргүзүлөт, мында экспертизанын жыйынтыктары менен тоюттарды жана тоют кошулмаларын пайдалануунун ортосундагы тийиштүү өз ара байланыш жана байкоо жүргүзүү жок.
Жаныбарлардын саламаттыгын камсыздоо
Эл аралык эрежелерге жана ченемдерге ылайык малдан алынган тамак-аш продуктуларын өндүрүү үчүн чийки азыктын булагы болуп дени сак жаныбарлар болушу керек.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан жаныбарлардын саламаттыгын, жаныбарлардын ылаңдарынын келип чыгышынын, таралышынын алдын алууну жана жоюуну, адам жана жаныбарлар үчүн жалпы илдеттерден калкты коргоону, республиканын аймагына жаныбарлардын жугуштуу ооруларынын кирип кетишинен сактоону, жаныбарларды ветеринардык тейлөөнү, аймактын ветеринардык бейпилдигин камсыздоо боюнча программалык иштердин комплекси жүргүзүлүүдө.
Ошону менен бирге, бул багытта системалык мүнөздөгү бир катар олуттуу проблемалар бар. Кыргыз Республикасында айыл деңгээлинде ветеринардык кызмат көрсөтүү боюнча системалуу жумуш дээрлик жок; эпизоотияга каршы иш-чараларды жүргүзүү үчүн жетишсиз каржылоо орун алып келүүдө; финансылык жана уюштуруучулук планда "Жаныбарларды идентификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу жөнүндө маселе турат; жаныбарлардын ылаңдарынын алдын алуу же жок кылуу максатында сойгон учурда малчылар үчүн компенсациялоонун системасы жок; жаныбарлардын ылаңдарын аныктоо жана ветеринария объекттерине ветеринардык-санитардык экспертиза жүргүзүү боюнча лабораториялык камсыздоо жетишсиз.
Алтынчы багыт боюнча ВДАЭРБдын 28 аймактык лабораториялык бөлүмдөрү патологоанатомиялык, органолептикалык, бактериологиялык, вирусологиялык, биологиялык серология изилдөөлөрүн жүргүзүшөт. Лейкоз, бодо малдын күйдүргүсү өңдүү өтө коркунучтуу ылаңдарды аныктоо боюнча камтуу начар. Республикада бодо малдын губка сымал энцефалопатиясын, контагиоздук плевропневмониясынын, везикулярдык оозулдун, блутанганын, бодо малдын кара тумоосунун (чума), паратуберкулездун бар экендигине лабораториялык изилдөөлөр жүргүзүлбөйт.
Финансылык каражаттардын жоктугунан тест-топтомдорун сатып алууга ВДАЭРБ тарабынан лабораториялык жабдуунун бар экенине карабастан дарт аныктоонун өтө натыйжалуу жана өтө так методдору (иммундук-ферменттик анализдөө (ИФА)) жана полимераздык-чынжырдык реакция (ИЧР) колдонулбайт.
ВДАЭРБдын бөлүмдөрү тыюу салынган жана зыяндуу заттардын тирүү жаныбарлардын организмдериндеги калдыктарына лабораториялык мониторинг жүргүзө албайт, аларды жүргүзүүнү ЭЭБдин жана Бажы бирлигинин эрежелери талап кылат.
Азык-түлүк чийки заттарын өндүрүү, сактоо жана ташуу стадиясында тамак-аш продуктуларынын коопсуздугу үчүн бардык булактардан потенциалдуу микробиологиялык булгоочулар айрыкча жогорку тобокелдикти жаратат.
Ошону менен "Ветеринария жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесинде белгиленген эт жана эт азыктарын өндүрүү үчүн малды союу адистешкен аттестациядан өткөн ишканаларда гана ишке ашыруу талаптары аткарылбайт.
Малдан алынган азык-түлүк чийки заттарынын шайкештигин баалоо чөйрөсүндө дагы проблемалар орун алып келүүдө. "Сүттүн жана аны кайра иштетүү азыктарынын коопсуздугу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Техникалык регламентине ылайык чийки сүт ветеринардык-санитардык экспертизадан өтүүгө тийиш. Ветеринардык-санитардык экспертиза жүргүзүү максатында ВДАЭРБнын лабораториялары бруцеллез жана маститке шакекче реакциясынын классикалык методун колдонуу менен чийки сүттү баалоону ишке ашырат, ошол эле учурда Техникалык регламентке ылайык коопсуздук көрсөткүчүнүн 12 тобу боюнча изилдөөлөрдү жүргүзүү зарыл. ВДАЭРБнын борбордук офисинде чийки сүттүн курамында гормоналдык дары-дармектердин жана антибиотиктердин калдыктарынын калышын изилдөө үчүн иммунофермердик анализ жүргүзүү методун колдонуунун техникалык мүмкүнчүлүгү бар. ВДАЭРБнын бир дагы бөлүмүндө чийки сүттүн курамында уулуу элементтерди, пестициддерди, диоксинди, меламинди аныктоо үчүн лабораториялык жабдуу жок.
Даяр тамак-аш продуктуларын чыгаруу
Тамак-аш продуктуларына Кыргыз Республикасынын жаңы кабыл алынган техникалык регламенттерине ылайык аларды республиканын ички рыногуна ташып жеткирүү милдеттүү сертификациялоонун ордуна киргизилген шайкештикти декларациялоо жолу менен ишке ашырылат. Өндүрүүчүлөр тарабынан шайкештик декларациясын кабыл алуунун негизги шарты - бул аккредитацияланган лабораторияларда бардык милдеттүү көрсөткүчтөр боюнча сыноолорду жүргүзүүнү камтыган ХАССП системасынын негизинде өндүрүштүк контроль жүргүзүү. Бул Кыргыз Республикасындагы эң көйгөйлүү маселе болуп саналат.
Кыргыз Республикасында тамак-аш ишканаларынын көпчүлүгү ХАССП системасын пайдаланууга төмөнкү себептер боюнча даяр эмес.
Биринчиден, тамак-аш бизнесинин операторлору бул система жөнүндө үстүртөн кабардар. Ушул мезгилге чейин алардын ХАССПты пайдалануудагы билимдерин жана көндүмдөрүн жогорулатууда системалуулук жок.
Экинчиден ишканалардын ХАССПтын негизинде өндүрүштүк контроль жүргүзүү үчүн өзүнүн жеке лабораториялары жок жана үчүнчү жактардан системалуу лабораториялык кызмат көрсөтүүлөрдү алууга мүмкүнчүлүгү жок. Республикада Департаменттин 20 лабораториясы, Стандартташтыруу жана метрология борборунун (мындан ары - СМБ) аймактык сыноо жана тастыктоо борборлорунун 3 лабораториясы аккредитацияланган. Бирок бул лабораториялар аккредитациянын өтө чектелген жагына ээ. Алсак, Кыргыз Республикасында эң мыкты жабдылган лабораториялардын, Департаменттин борбордук офисинин жана Бишкек СМБсынын техникалык компетенттүүлүгүнүн деңгээли 30%га жакынды түзөт. Бул тамак-аш тармагынын ишканаларына Кыргыз Республикасынын лабораторияларында гана жүргүзүлгөн сыноолордун негизинде шайкештик жөнүндө декларацияларды кабыл алууга мүмкүндүк бербейт.
Тамак-аш коопсуздугунун объекттерин импорттоо
Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан жергиликтүү өндүрүштүн жана импорт боюнча ташылып келинген тамак-аш коопсуздугунун объекттерине (тирүү жаныбарларга, азык-түлүк чийки заттарына, тамак-аш продуктуларына, тамак кошулмаларына жана функционалдуу зарыл болгон тамак-аш компоненттерине) карата бирдей талаптарды алдын ала караштырган улуттук режим бекитилген.
Коомдук тамактануу системасы
Коомдук тамактануу - тамактануунун коопсуздугунун маанилүү объекттеринин бири. Коомдук тамактануу уюмдарын мамлекеттик көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы жана Департамент тарабынан жүргүзүлөт.
Максат. Адамдардын ден соолугу үчүн тамак-аш продуктуларынын керектүү деңгээлдеги коопсуздугуна жетүү жана кармап туруу.
Артыкчылыктуу багыттар
Белгиленген проблемалардан улам тамак-аш продуктуларынын коопсуздугу жаатындагы коюлган максаттарга жетүү боюнча артыкчылыктуу багыттар төмөнкүлөр болуп саналат:
- тамак-аш продуктуларынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкаруунун бирдиктүү натыйжалуу системасын түзүү;
- санитардык жана ветеринардык чараларды техникалык жактан жөнгө салуу жана колдонуу чөйрөсүндөгү мыйзамдарды өркүндөтүү;
- Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан лабораторияларда толук көлөмдө тамак-аш продуктуларына контролдук сыноолорду жүргүзүүнү камсыздоо; ХАССПнын системасынын негизинде өндүрүштүк контролдоону киргизүү боюнча тамак-аш бизнесинин операторуна көмөк көрсөтүү;
- зарыл болгон санитардык-ветеринардык чараларды көрүү.
Башкаруунун натыйжалуу системасын жогорулатууга багытталган биринчи артыкчылыктуу багыт боюнча төмөнкүдөй милдеттерди чечүү зарыл: мамлекеттик башкаруу органдарынын ишин оптималдаштыруу; тамак-аш продуктуларынын коопсуздугу үчүн мамлекеттик контролдоо жана көзөмөлдөө системасын өркүндөтүү; жеке ветеринардык практиканы өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү.
Аталган артыкчылыктуу багыт боюнча чараларды ишке ашырууда 2008-жылы Саламаттык сактоонун дүйнөлүк уюмунун мүчөлөрүнүн жогорку деңгээлдеги эл аралык форумунда кабыл алынган тамак-аш продуктуларынын коопсуздугу боюнча Пекин декларациясынын, Европалык Парламенттин жана Европа бирлигинин Кеңешинин № 178/2002 "Тамак-аш продуктуларынын коопсуздугу боюнча европа органы уюштуруучу жана тамак-аш продуктуларынын коопсуздугуна тийиштүү жол-жоболорду баяндоочу тамак-аш мыйзамынын жалпы принциптери жана талаптары" токтомунун жоболору, мамлекеттик система жаатындагы башка өлкөлөрдүн практикасы колдонулат.
Экинчи артыкчылыктуу багыттын алкагында тамак-аш продуктуларына жана тамак-аш коопсуздугунун башка объекттерине милдеттүү талаптарга карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарындагы боштуктарды жана коллизияларды четтетүү пландалган.
Контролдук лабораториялык сыноолорду толук көлөмдө жүргүзүүгө багытталган үчүнчү артыкчылыктуу багыттан алкагында төмөнкүдөй милдеттерди чечүү каралган: өндүрүүчүлөр тарабынан шайкештик декларациясын кабыл алуу максаттары үчүн Стандартташтыруу жана метрологиянын Бишкек жана Ош борборлорунун тамак-аш лабораторияларынын жетиштүү техникалык компетенттүүлүгүнө жетишүү; ВДАЭРБнын борбордук офисинин лабораторияларынын зарыл жана жетиштүү техникалык компетенттүүлүгүнө жетишүү; тамак-аш продуктуларынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча жеке лабораториялык кызмат көрсөтүүлөрдүн системасын өнүктүрүүнү стимулдаштыруу.
Биринчи этапта жаныбарлардын ылаңдарын аныктоо, азык-түлүк чийки заттарына, тоютка жана тоют кошулмаларына ветеринардык-санитардык экспертиза жүргүзүү, ошондой эле Кыргыз Республикасында коммерциялык лабораториялык кызмат көрсөтүүлөрдүн системасын өнүктүрүүнүн шарттарын түзүү үчүн изилдөөлөрдүн бардык спектрин жүргүзүүгө техникалык регламенттердин жана ВДАЭРБнын борбордук офисинин бардык милдеттүү талаптарына тамак-аш продуктуларынын шайкештигин тастыктоо максаттары үчүн Стандартташтыруу жана метрология борборунун иштеп жаткан аккредитацияланган лабораторияларын модернизациялоо көбүнчө максатка ылайыктуу болуп саналат.
Тамак-аш бизнесинин операторлоруна ХАССП системасынын негизинде өндүрүштүк контролду киргизүү боюнча көмөк көрсөтүүгө арналган төртүнчү артыкчылыктуу багыт төмөнкүдөй милдеттерди чечет:
ХАССПнын системасынын негизинде өндүрүштүк контролду киргизүү боюнча тамак-аш бизнесинин операторлоруна милдеттүү талаптарды этап боюнча киргизүүнү камсыздоо; тамак-аш продуктуларынын коопсуздугун башкаруу жатында тамак-аш тармагынын ишканаларынын маалымдуулугун жогорулатуу, ХАССП системасы боюнча студенттерди окутуу жана тамак-аш тармагынын адистерин-технологдорду кайра даярдоо; ХАССП системасынын негизинде өндүрүштүк контролду киргизүү жана жүргүзүү боюнча коммерциялык кызмат көрсөтүүлөрдү өнүктүрүүнү стимулдаштыруу.
Бешинчи артыкчылыктуу багыттын алкагында төмөнкүдөй милдеттерди чечүү пландалган: тамак-аш коопсуздугунун объекттеринин импортуна санитардык жана ветеринардык-санитардык контролду ишке ашыруу; Кыргыз Республикасында ылаңсыз ветеринардык зоналарды жана компартименттерди (бодо малга карата) түзүү.
Бул багытта ушул Программа жаныбарлардын ылаңдарынан эркин зоналарды жана чарбаларды түзүүдөгү, малдан алынуучу азык-түлүк чийки заттарын кайра иштетүүчүлөр менен өз ара мамилелеринин эл аралык тажрыйбасына жана МЭБдин сунуштамаларына таянат, бул тамак-аш коопсуздугунун объекттеринин импортун натыйжалуу контролдоо бөлүгүндө, "Жаныбарларды идентификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын, ошондой эле ДСУнун Санитардык жана ветеринардык чаралар боюнча макулдашуусунун жана башка эл аралык документтердин жоболорун практикалык ишке ашыруунун бир бөлүгү болуп саналат.
3. Ишке ашыруу процесси
3.1. Процессти башкаруу
Программа 2015-2017-жылдары Кыргыз Республикасында тамак-аш жана азык-түлүк коопсуздугу программасын ишке ашыруу боюнча Иш-чаралардын планын ишке ашыруу аркылуу аткарылат.
Программаны ишке ашыруу процессин башкаруу төмөнкүлөрдү караштырат: Программаны аткаруудагы прогресстерге жараша чечимдерди кабыл алуу үчүн жылдык пландарды ишке ашырууга системалуу талдоону жана баалоону; Программанын чараларын жана долбоорлорун ишке ашырууга керектүү чыгымдардын негизделгендигин; Программанын чараларын жана инвестициялык долбоорлорун ишке ашырууга мүмкүн болгон каржылоонун кошумча булактарын аныктоону; чараларды ишке ашыруу жана коюлган милдеттерди чечүү үчүн керектүү шарттарды түзүүнү; Программаны жана Планды ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн керектүү жөнгө салуучу - башкаруучу чөйрөнү түзүүнү; мониторинг жүргүзүү жана баалоо системасын ишке киргизүүнү, белгиленген максаттардан жана маселелерден четтөөлөрдү аныктоону, керектүү оңдоолорду киргизүүнүн себептерин талдоону жана киргизүүнү.
Жалпысынан Программаны ишке ашыруу боюнча бардык кызыкдар тараптардын аракеттеринин макулдашылгандыгы Кыргыз Республикасында Азык-түлүк коопсуздугу боюнча кеңештин төрагасы - Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министринин жалпы координациялоосу алдында камсыздалат.
Программанын конкреттүү маселелерин чечүүгө жооптуу болгон аткаруу бийлигинин органдарынын негизги милдеттери төмөнкүлөр болот: керектүү бюджеттик каражаттарды мобилизациялоо; финансы каражаттарын тартууну координациялоо; аткаруу бийлигинин органдарынын аракеттерин макулдашуу; Программаны ишке ашырууга катышуу боюнча жеке сектор жана жарандык коом үчүн институттук шарттарды түзүү.
3.2. Каржылоонун көлөмү жана булактары
Программанын максаттарына жетүү үчүн каржылоонун бардык жеткиликтүү булактары мобилизацияланат. Республикалык жергиликтүү бюджеттердин каражаттары каржылоонун негизги булаш болот, алар орто мөөнөттүү келечекте белгиленген артыкчылыктардын алкагында конкреттүү чараларды жана долбоорлорду аткарууга багытталат.
Программанын артыкчылыктарын жана милдеттерин натыйжалуу ишке ашыруу каражаттарды натыйжалуу сарптоого көз каранды болот. Программанын иш-чараларын жүзөгө ашыруу прогрессине мониторинг жүргүзүү жана баалоо каржылоого жараша милдеттерди чечүүнүн деңгээлин баалоого мүмкүндүк берет.
Финансылык каражаттардын башка маанилүү булагы бул программалык кредиттер жана эл аралык донордук уюмдардын гранттары, Кыргыз Республикасындагы азык-түлүк коопсуздугун камсыздоону колдоого арналган эл аралык уюмдардын техникалык жардамдары саналат.
Мындан тышкары Программаны ишке ашыруу жергиликтүү бюджеттер, ошондой эле жеке инвестициялар тарабынан колдоого алынат.
Программанын бюджетинде эл аралык донордук уюмдар менен өз ара аракеттенүүнүн предмети болуп калышы мүмкүн болгон жетишпеген каржылоонун көлөмү- "финансылык үзгүлтүктүн" көлөмү да бааланган.
Программанын чараларын жана милдеттерин каржылоодогу жалпы муктаждык 2289,8 млн. сомду түзөт. Мүмкүнчүлүк жалпысынан 1266,1 млн. сомдун деңгээлинде бааланат. Каржылоо менен жабылбай калган бөлүгү 1023,7 млн. сомду же 44,7% түзөт.
Ошол эле учурда, ички булактардан каражаттарга муктаждык (мамлекеттик бюджет) - 51,7 млн. сомду, анын ичинде республикалык бюджеттен 41,0 млн. сомду жана жергиликтүү бюджеттердин каражаттарынан 10,6 млн. сомду түзөт. Бюджеттен тышкаркы булактардын каражаттарына муктаждык 2238,2 млн. сомдун деңгээлинде түзүлдү.
Программанын иш-чараларын тастыкталган каржылоо жалпы алганда 1266,1 млн. сомду, анын ичинде республикалык бюджеттин каражаттарынан 22,94 млн. сомду (жалпы мүмкүнчүлүктүн 1,8%) жана жергиликтүү бюджеттердин каражаттарынан 10,63 млн. сомду (жалпы мүмкүнчүлүктүн 0,8%) түзөт. Мында мамлекеттик бюджеттин каражаттарынан тастыкталган каржылоонун жалпы көлөмү бекитилген бюджеттин чегинде (33,6 млн. сом) берилет.
Программанын артыкчылыктарын жана милдеттерин ишке ашыруу үчүн финансылык ресурстардын негизги көлөмү ар кандай донор уюмдар тарабынан берилет. Алсак, донор коомчулугу жана жеке инвесторлор 1232,5 млн. сом суммасындагы (жалпы мүмкүнчүлүктөн 97,3%) каражатта беришет.
Маанилүү артыкчылыктарга карата бюджеттөөнүн көрсөткүчтөрү төмөнкүдөй болду:
1) Азык-түлүктүн болушун камсыздоо үчүн каржылоонун керектүү көлөмү 83,1 млн. сомго бааланат. Мамлекеттик бюджеттин жана каржылоонун башка булактарынын мүмкүнчүлүгү 5,6 млн. сомду түзөт. Демек, бул артыкчылык керектөөнүн 6,8%на каржыланышын жабат, ал эми 77,5 млн. сом суммасындагы каражаттын калган бөлүгүн табуу талап кылынат.
2) Азык-түлүктүн жеткиликтүүлүгүн камсыздоого багытталган артыкчылыктарды каржылоого 1276,1 млн. сом керектелет. Тастыкталган мүмкүнчүлүктөр 913,5 млн. сомду же муктаждыктын 71,6%ын түзөт. 362,6 млн. сомго жакын (28,4%) муктаж болгон финансылык ресурсту табуу зарыл.
3) "Продуктуларды пайдалануу: тамак-аш рационунун туура ар түрдүүлүгү жана жетиштүү калориялуулугу" бөлүмүнүн артыкчылыктарын жана милдеттерин каржылоодогу муктаждык 653,6 млн. сомду түзгөн, анын жарымынан ашык тастыкталган финансылык ресурстар менен - 344,6 млн. сомго же муктаждыктын 52,7%на камсыздалган.
4) Тамак-аш продуктуларынын коопсуздугу боюнча бөлүмдү финансылык ресурстар менен камсыздоодо өзгөчө татаал кырдаал түзүлгөн. Тамак-аш продуктуларынын коопсуздугу боюнча иш-чараларга жана артыкчылыктарга 277,0 млн. сом керек, алардын ичинен 1%нын гана (2,3 млн. сом) каржылоонун тастыкталган булагы бар. Мында тастыкталган каржылоонун баардык көлөмү (жалпы мүмкүнчүлүктүн 91%) мамлекеттик бюджеттен бөлүнүп берилет. Керектелүүчү сумманын 99%нан көбүн (274,8 млн. сом) мамлекеттик бюджеттин, жеке инвестициялардын жана эл аралык донордук уюмдардын каражаттарынан бөлүп берүү зарыл.
Ошентип, 2015-2017-жылдарга Кыргыз Республикасында тамак-аш жана азык-түлүк коопсуздугу программасынын артыкчылыктарын, милдеттерин жана чараларын ишке ашыруу жалпы суммасы 2289,8 млн. сомдук финансылык каражаттарды талап кылат, алардын ичинен 55,3% же 1266,1 млн. сому тастыкталган каржылоо менен камсыздалган.
3.3. Мониторинг жана баалоо
Программанын аткарылышына дайыма мониторинг жүргүзүү жана баалоо аны ишке ашыруудагы прогресске көз салып туруунун натыйжалуу инструменти, ал ушул Программаны ишке ашыруунун планына оңдоолорду киргизүү менен өз убагында чечимдерди кабыл алууга мүмкүндүк берет.
2015-2017-жылдарга Программанын бардык төрт максаттуу багыттары боюнча азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуунун милдеттерин чечүүдө прогресске мониторинг жүргүзүү жана баалоо бардык кызыкдар тараптар менен макулдашылган, индикаторлордун системасы камтылган Программаны ишке ашыруунун жылдык пландарынын (2015-2017-жж.) ажырагыс бөлүгү болуп саналат. 2015-2017-жылдарга Планды жана чаралардын/аракеттердин жылдык пландарына мониторинг жүргүзүүнүн жана баалоонун индикаторлору сапаттык жана сандык мүнөздө болот.
Мониторингдин маалыматтарынын негизинде Программаны ишке ашыруунун натыйжалуулугу мезгил-мезгили менен бааланат. Бул баалоонун жүрүшүндө жетишилген прогресс терең талданат, Программанын иш-чараларын жана долбоорун аткаруудагы "начар жерлер" жана кемчиликтер аныкталат. Алынган жыйынтыктардын негизинде Программанын пландарын ишке ашыруудагы кийинки кадамдар үчүн альтернативдүү мүмкүнчүлүктү тандоо, ресурстарды кайра бөлүштүрүү жана аларды оптималдуу пайдалануу боюнча, донордук коомчулук менен күч-аракеттерди координациялоону жакшыртуу, коомдун күтүүлөрүн айрыкча толук канааттандыруу боюнча чечимдер кабыл алынат.
Бардык кызыкдар тараптар менен макулдашылган индикаторлордун системасы бар Программаны ишке ашыруунун жылдык планы 2015-2017-жылдарга Кыргыз Республикасында тамак-аш жана азык-түлүк коопсуздугунун Программасынын алкагында 2017-жылга чейин белгиленген артыкчылыктарды илгерилетүүдө прогресске мониторинг жүргүзүүнүн жана баалоонун ажырагыс бөлүгү болуп калат.