Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 6-октябры № 686
"Согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери жана оруктагы эмгекчилер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Т.Бакир уулу тарабынан демилгеленген "Согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери жана оруктагы эмгекчилер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 6-октябрындагы № 686 токтому менен жактырылган |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Т.Бакир уулу тарабынан демилгеленген "Согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери жана оруктагы эмгекчилер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун карап чыгып, төмөнкүлөрдү белгилейт.
Мыйзамдын долбоору менен "Согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери жана оруктагы эмгекчилер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ушул Мыйзамдын колдонулушуна туура келген адамдардын чөйрөсүн кеңейтүү бөлүгүндө жаңы жоболор менен толуктоо сунушталууда.
Бул толуктоолор жана өзгөртүү "Согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери жана оруктагы эмгекчилер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17-беренесинде каралган социалдык кепилдиктерди (жеңилдиктерди) башка мамлекеттердин аймагындагы согуштук аракеттердин катышуучуларына жайылтууну болжолдойт.
Ушуга байланыштуу, мындай сунуштар 2000 жана 2004-жылдары мурда эки жолу демилгеленгенин жана четке кагылганын белгилей кетүү керек.
2011-2012-жылдары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан 1999-2000-жылдардагы Баткен окуяларына катышкан адамдарды социалдык колдоо маселеси каралган. Жүргүзүлгөн талдоо 1999-2000-жылдардагы согуштук аракеттерге катышкан аскер кызматчыларынын басымдуу көпчүлүгү азыркы учурда активдүү эмгекке жөндөмдүү куракта экендигин көрсөткөн.
Мындан тышкары төмөнкүлөр белгиленет:
- биринчиден, Ата Мекенди коргоо Кыргыз Республикасынын ар бир жаранынын ыйык парзы болуп саналат;
- экинчиден, 1999-2000-жылдардагы окуялар алардын масштабы, узактыгы жана мүнөзү (согуштук аракеттер иш жүзүндө жүргүзүлгөн мезгилдер, түздөн-түз согуштук аракеттерге Куралдуу Күчтөрдүн жана башка аскердик түзүлүштөрдүн иш жүзүндө тартылгандыгы) боюнча Улуу Ата Мекендик согуштун, Афганистандагы согуштун убагында болгон согуштук аракеттерге жана башка мамлекеттердеги (региондордогу, жер-жерлердеги) мурдагы СССРдин Куралдуу Күчтөрү катышкан башка согуштук аракеттерге окшош эмес;
- үчүнчүдөн, бүгүнкү күндө сунушталган мыйзам долбоору кабыл алынган учурда аны ишке ашыруу үчүн каржылоо булагы жок.
Азыркы учурда 1999-2000-жылдардагы Баткен окуяларына катышкан адамдарга төмөнкүдөй социалдык кепилдиктер белгиленгендигин көрсөтө кетүү керек:
1) Баткен окуяларынын катышуучуларынын ишкердик иш-аракеттеринен алынган кирешелеринен башка кирешелери, Кыргыз Республикасынын банктарындагы аманаттар боюнча Баткен окуяларынын катышуучулары алуучу пайыздар, анын ичинде алардын пенсиялары, жөлөкпулдары жана компенсациялары киреше салыгы салынбаган кирешелер болуп саналат (Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 167-беренеси);
2) "Аскер кызматкерлерин пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык пенсиялар:
а) аскердик кызмат өтөө мезгилинде жарадар болуунун, жаракат, контузия алуунун же оорууга дуушар болуунун натыйжасында майыптуулук белгиленген адамдарга 300 сом өлчөмүндө кошумча төлөө белгилөө менен майыптыгы боюнча пенсия каралган:
- I жана II топтогу майыптарга иштеп тапканынын - 55 пайызы, III топтогуларга - 30 пайызы өлчөмүндө дайындалат;
- майыптыгы боюнча пенсиялардын эң төмөнкү өлчөмдөрү мөөнөттүү кызматтын старшиналарынын, сержанттарынын, ефрейторлорунун ичинен майыптарга - 110 пайыз өлчөмүндө, прапорщиктердин, мөөнөттөн ашык кызматтагы аскер кызматчыларынын, ички иштер органдарынын жетекчи жана катардагы курамындагы адамдардын ичинен майыптарга - 120 пайыз, ал эми офицердик курамдын жана жетекчи курамдын (кенже курамдан бөлөк) ичиндеги майып адамдарга - мөөнөттүү кызматтагы солдаттардын жана матростордун ичинен майыптар үчүн пенсиялардын тийиштүү эң аз өлчөмүнүн 130 пайызы каралган;
б) аскердик кызмат өтөө мезгилинде жарадар болуунун, жаракат, контузия алуунун же ооруга дуушар болуунун натыйжасында каза болгон адамдардын үй-бүлөлөрүнүн эмгекке жөндөмсүз мүчөлөрүнө үй-бүлөсүнүн ар бир эмгекке жарамсыз мүчөсүнө багуучунун иштеп тапканынын 40 пайызы өлчөмүндө баккан адамынан айрылгандыгы боюнча төлөнүүчү пенсия каралган;
3) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 13-ноябры № 511 "Энергия булактарына тариф саясатынын өзгөрүшүнө байланыштуу жарандардын айрым категорияларына акчалай компенсацияларды төлөп берүү жөнүндө" Жарлыгына ылайык жеңилдиктердин ордуна ай сайын төлөнүүчү акчалай компенсациялар төмөнкүлөргө төлөнөт:
- аскер кызматынын милдеттерин аткарууда майып болгон аскер кызматчыларынын ичинен адамдарга - 7000 сом өлчөмүндө;
- аскер кызматынын милдеттерин аткарууда курман болгон аскер кызматчыларынын үй-бүлөлөрүнө - 1000 сом өлчөмүндө.
Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бир нече жолу бир жолку жөлөкпулдар төлөнгөн:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 22-февралындагы № 73-б буйругу менен төмөнкүлөргө бир жолку жөлөкпулдар төлөнгөн:
а) курман болгон аскер кызматчыларынын үй-бүлөлөрүнө - 50 миң сом өлчөмүндө;
б) жаракат алуунун натыйжасында майып болуп калган аскер кызматчыларына жана аскерге милдеттүүлөргө:
- II топтогу майыптарга - 20 миң сом өлчөмүндө;
- III топтогу майыптарга - 15 миң сом өлчөмүндө;
в) жарадар болгон (майып эмес) аскер кызматчыларына, аскерге милдеттүүлөргө жана ички иштер органдарынын кызматкерлерине - 10 миң сом өлчөмүндө;
2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 9-февралындагы № 65-б буйругу менен төмөнкүлөргө бир жолку жөлөкпулдар төлөнгөн:
а) ички иштер органдарынын курман болгон аскер кызматчыларынын жана кызматкерлеринин үй-бүлөлөрүнө - 25 миң сом өлчөмүндө;
б) жаракат алуунун натыйжасында майып болгон аскер кызматчыларына жана аскерге милдеттүүлөргө:
- I топтогу майыптарга - 20 миң сом өлчөмүндө;
- II топтогу майыптарга - 15 миң сом өлчөмүндө;
- III топтогу майыптарга - 10 мин сом өлчөмүндө.
"Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 26-беренесине ылайык жүзөгө ашуусу мамлекеттик бюджеттен каржылоого алып келүүчү ченемдик укуктук актылар алар боюнча каржылоо булагы аныкталганга чейин кабыл алынбайт.
Жогоруда баяндалгандардын негизинде жана мындай сунуштардын мурда эки жолу четке кагылганын жана бюджеттин мүмкүнчүлүктөрү жок экендигинен ишке ашырылбай калганын, ошондой эле алардын максатка ылайыксыз деп таанылганын көңүлгө алып, бюджеттик каражаттардын чектелүүлүгүн жана республикалык бюджеттен кошумча каржылоо мүмкүнчүлүгүнүн жоктугун эске алуу менен, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бул мыйзамдын долбоорун кабыл алуу максатка ылайыксыз деп эсептейт.