Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 6-октябры № 687
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты К.С.Бокоев тарабынан демилгеленген "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 6-октябрындагы № 687 токтому менен жактырылган |
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн КОРУТУНДУСУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты К.С.Бокоев демилгелеген "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" ("Коргоо жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун карап чыгып, төмөнкүлөрдү белгилейт.
Сунушталган мыйзамдын долбоору менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына мамлекеттик ыйгарым укуктар берилген учурда коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктарды жана аскердик милдетке тиешелүү мамилелерди алардын аткаруусун караштыруучу "Коргоо жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталууда.
Мыйзамдын долбоорунун 2-беренесинин 1-бөлүгү менен коргоо жана билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын ыйгарым укуктарын аныктоо сунушталат.
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10-беренесине ылайык Өкмөт министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, административдик ведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жоболорун, башкаруу схемаларын жана чектик штаттык санын бекитет.
Мындан сырткары, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 11-беренесинде ушул конституциялык Мыйзамда аталган ыйгарым укуктарга негизденүү менен Өкмөт аларды ишке ашыруу боюнча милдеттерди министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, административдик ведомстволордун жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын ортосунда бөлүштүрөрү белгиленген.
Ушуга байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө баш ийген аткаруу бийлик органдарынын ишине, ыйгарым укуктарына, функцияларына тийиштүү кандайдыр бир ченемдерди мыйзам чыгаруу деңгээлинде бекитүү Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 87-беренесине жана "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 11-беренелерине карама-каршы келерин белгилейбиз.
Мыйзамдын долбоорунун 2-беренесинин 8-бөлүгүнүн төртүнчү абзацы менен "Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 41-беренесинин 2-бөлүгүнүн жаңы редакциясы сунушталууда, ага ылайык аскердик-эсепке алуу персоналын республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен каржылоо каралган, ошол эле учурда "Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-беренесине ылайык мамлекеттин финансылык милдеттенмелерин өзгөртүү жөнүндө мыйзамдардын долбоорлору, мамлекеттик бюджеттин эсебинен жабылуучу чыгымдарды көбөйтүүнү караган мыйзамдардын башка долбоорлору Өкмөттүн макулдугу менен гана кабыл алынат.
"Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 26-беренесине ылайык ишке ашуусу мамлекеттик бюджеттен каржылануучу ченемдик укуктук актылар алар боюнча каржылоо булагы аныкталганга чейин кабыл алынбоого тийиш.
Мындан тышкары, "Муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык муниципалдык кызмат - бул жарандардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарындагы шайлануучу болуп саналбаган, жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен акы төлөөнүн негизинде жүзөгө ашырылуучу кесиптик иши.
Ушуга байланыштуу, мыйзамдын долбоорунун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын аскердик-эсепке алуу персоналын республикалык бюджеттин эсебинен каржылоо ченемдерин белгилөөчү 2-беренесинин 8-бөлүгүнүн экинчи жана үчүнчү абзацтарын алып салууну сунуштайбыз.
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын финансылык-экономикалык негиздерине карата Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 110-беренесинде жергиликтүү өз алдынча башкарууну каржылоо тиешелүү жергиликтүү, ошондой эле республикалык бюджеттен камсыздалаарын белгилейбиз. Ошону менен бирге, бул беренеде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын аларга берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруусу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын республикалык бюджеттен каржылоо үчүн шарт катары каралган эмес.
Андан ары, "Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө" жана "Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансылык-экономикалык негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткаруусу түздөн-түз республикалык бюджеттен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын каржылоо үчүн бирден бир шарт болуп эсептелбейт.
Ошондой эле "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 24-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык эгерде ченемдик укуктук актыны колдонуу үчүн башка ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү зарыл болсо, ченемдик укуктук актынын киргизилүүчү долбооруна аталган өзгөртүүлөр жана толуктоолор менен башка ченемдик укуктук актылардын долбоорлору тиркелүүгө тийиш экендигин белгилейбиз. Негиздеме-маалымкатта мыйзамдын долбоорун кабыл алууга байланыштуу шайкеш келтирүүгө тийиш болгон Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ченемдик укуктук актылары жөнүндө маалымат жок. Ушуга байланыштуу, Мыйзам долбоорунун 3-беренесинин 2-бөлүгүн карап чыгууну сунуштайбыз.
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 113-беренесине ылайык, мамлекеттик ыйгарым укуктар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына мыйзамдын же келишимдин негизинде берилиши мүмкүн экендигин белгилей кетүү керек. Ушуга байланыштуу, укуктук жөнгө салуу жетиштүү болгондуктан, башкача айтканда мыйзам менен ыйгарым укуктар берилгендиктен, мыйзамдын долбоорунун 1-беренесиндеги "аларга мамлекеттик ыйгарым укуктар берилген учурда" деген сөздөрдү алып салууну сунуштайбыз.
Ушуга окшош сын пикирлер долбоордун бардык тексти боюнча.
Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 3 жана 14-беренелерине ылайык:
- Кыргыз Республикасында мамлекеттик бийлик негизделген принциптердин катарына мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын элдин алдында ачыктыгы, жоопкерчилиги жана алардын өзүнүн ыйгарым укуктарын элдин кызыкчылыгы үчүн жүзөгө ашыруусу кирет;
- Кыргыз Республикасы экспансиялык, агрессиялык максаттарды жана аскердик күч менен чечилүүчү аймактык дооматтарды көздөбөйт, мамлекеттик турмушту милитаризациялоону, мамлекетти, анын ишин согуш жүргүзүү милдеттерине баш ийдирүүнү четке кагат. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү өзүн-өзү коргоо жана жетиштүү коргоого алуу принциптерине ылайык куралат.
"Согуштук абал жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамында аймактык коргонуунун күчтөрү жана каражаттары болуп - Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн кошуундары, бөлүктөрү, мекемелери, мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, Кыргыз Республикасынын аймагындагы калкты, объектилерди жана коммуникацияларды душмандын аракеттеринен, диверсиялык же террордук актылардан коргоо үчүн, ошондой эле согуштук абалды киргизүү жана кармап туруу үчүн дайындалган укук коргоо органдарынын бөлүнүштөрү эсептелери белгиленген.
Өз кезегинде, Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңешинин 2013-жылдын 5-июлундагы № 3 чечими менен жактырылган жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 15-июлундагы № 16 Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Аскердик доктринасына ылайык ал Кыргыз Республикасынын улуттук кызыкчылыктарын куралдуу коргоо үчүн аскердик курулушта, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүн жана башка аскердик түзүлүштөрдү даярдоодо жана колдонууда расмий кабыл алынган көз караштардын системасын түшүндүрөт:
- Кыргыз Республикасынын аскердик коопсуздугу - аскер күчүн колдонуу же аны колдонуу коркунучу, же болбосо анын каршы туруу жөндөмдүүлүгү менен байланышкан тышкы жана ички коркунучтардан инсандын, коомдун жана мамлекеттин жашоого маанилүү кызыкчылыктарынын корголгон абалы;
- коргоого жетекчилик кылуу тынчтык жана согуш мезгилинде мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун коргоо чөйрөсүндөгү биргелешкен ишин координациялоону камтыйт.
Жогоруда баяндалгандардын негизинде Кыргыз Республикасында тынчтык жана согуш мезгилинде аскердик коопсуздукту жана коргонууну камсыздоого багытталган иш-чаралар мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен бирге аткарылууга тийиш, анткени алар мамлекетти күч колдонуудан сактоого, Кыргыз Республикасынын кол тийбестигин жана аймактык бүтүндүгүн камсыздоого багытталган, бул Кыргыз Республикасынын элинин турмуштук кызыкчылыктарынын бири болуп саналат. Башкача айтканда, аталган иш-чараларга байланыштуу функциялар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына берүү мүмкүнчүлүгү менен мамлекеттик органдардын аткаруусуна гана тийиштүү болуп кабыл алынбашы керек, алар мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары үчүн да милдеттүү болуп эсептелет.
Бул жагдай мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын милдеттерин жана ыйгарым укуктарын айырмалап бөлгөндө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 3-беренесине ылайык мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын биргелешип жүргүзгөн функцияларын жана ыйгарым укуктарын бөлүү керектигин күбөлөндүрүп турат, аларга коргоо чөйрөсүндөгү функциялар кирет.
Кыргыз Республикасынын коргоо, мобилизациялоо жана аскердик милдет чөйрөсүндөгү мыйзамдары бул жагдайды ырастайт, аларда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын аталган чөйрөлөрдөгү ыйгарым укуктары каралган жана алар 2003-жылдан бери, Кыргыз Республикасынын негизги мыйзамы - Конституцияга жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү мүмкүнчүлүгү жөнүндө ченемдерди киргизген учурдан тартып өзгөргөн эмес.
Мындан тышкары, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесине ылайык жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына берүүгө тыюу салынган ыйгарым укуктардын ичине Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бүтүндүгү жана коопсуздугу менен байланышкан мамлекеттик ыйгарым укуктар кирет.
Жогоруда баяндалгандардын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Мыйзамдын бул долбоорун кабыл алуу максатка ылайыксыз деп эсептейт.