Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 27-октябры № 734
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 19-ноябрындагы № 556 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чегарасында эл аралык автомобилдик, аба жана темир жол катнашы үчүн арналган өткөрүү пункттарынын жана Кыргыз Республикасынын автомобиль жолдорундагы ички стационардык посттордун иштерин тартипке салуу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин 2014-жылдын 29-майындагы № 74 чечими менен бекитилген Беларусь Республикасынын, Казакстан Республикасынын жана Россия Федерациясынын Бажы союзуна Кыргыз Республикасынын кошулуусу боюнча Иш-чаралар планын ("Жол картасын") ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 19-ноябрындагы № 556 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чегарасында эл аралык автомобилдик, аба жана темир жол катнашы үчүн арналган өткөрүү пункттарынын жана Кыргыз Республикасынын автомобиль жолдорундагы ички стационардык посттордун иштерин тартипке салуу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 4-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы менен бирге Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрүү пункттарынын жана Кыргыз Республикасынын ички автомобиль жолдорундагы ички стационардык посттордун талаптагыдай иштөөсү үчүн зарыл болгон шарттарды камсыз кылсын.";
- жогоруда аталган токтомдун 4-тиркемесинин 14-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"
14 | Кара-Суу темир жолу | Ош облусу, Кара-Суу айылы | Көп тараптуу, күнү-түнү | + | + | - | + | + | + | + |
";
- жогоруда аталган токтомдун 5-тиркемесинин 4 жана 5-пункттары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"
4 | Каракол аэропорту | Ысык-Көл облусу, Каракол ш., "Каракол" эл аралык аэропорту | Көп тараптуу, күнү-түнү | + | + | - | + | + |
|
5 | Баткен аэропорту | Баткен облусу, Баткен ш., "Баткен" эл аралык аэропорту | Көп тараптуу, күнү-түнү | + | + | - | + | + | + |
".
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |