Загрузка документа…
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 27-октябры, № 736
2020-жылга чейин маданият чөйрөсүн өнүктүрүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
программасын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 21-январындагы № 11 Жарлыгы менен бекитилген 2013-2017-жылдардын мезгилине Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясын ишке ашыруу максатында, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2020-жылга чейин маданият чөйрөсүн өнүктүрүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн программасы (мындан ары – Программа) тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги:
- эки айлык мөөнөттө Программаны ишке ашыруу боюнча Иш-чаралар планын иштеп чыксын жана бекитсин;
- ар бир кварталдын жыйынтыгы боюнча отчеттук мезгилден кийинки айдын 20сынан кечиктирбей Иш-чаралар планын ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө маалыматты Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына берип турсун.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |