Загрузка документа…
КР Ѳкмѳтγнγн
2015-жылдын 27-октябры № 736
токтому менен
бекитилген
2020-жылга чейин маданият чөйрөсүн өнүктүрүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн программасы
Бүгүн Кыргыз Республикасында рыноктук өнүктүрүү жолунда турган көпчүлүк башка өлкөлөрдөй эле, басымдуу иш чөйрөсүндө материалдык баалуулуктарды рухий-адептик баалуулуктардан жогору турган, ар бир адамда төрөлгөндөн баштап орун алган «акча» идеологиясы үстөмдүк кылууда (1-сүрөт).
1-сүрөт. Жашоонун учурдагы үлгүсү
Мындай кырдаал бүгүн коомдун аң-сезиминде маданият саясатты эмес, саясат маданиятты аныктай турган абалга алып келүүдө. Бул болсо өз кезегинде маданият тилинин бардык зор мүмкүнчүлүктөрүн бүтүндөй өлкөнү жана ар бир жаранды өзүнчө динамикалык жана алдыга өнүктүрүү максатында өлкөнүн жарандарын баш коштуруу үчүн адамдын жүрөгүн ээлеп алууга мүмкүндүк бербейт. Бул үчүн Кыргыз Республикасында бардык мүмкүнчүлүктөр бар, анткени Кыргызстандыктардын көпчүлүгү өзүнүн реалдуу бакытын акча аркылуу эмес, жүрөгү менен сезет. Аны «Алдыга жылдыруу жана өнүктүрүү борбору» коомдук уюму жана «М-вектор» консалтинг компаниясы тарабынан 2013-жылы өткөрүлгөн региондор боюнча бакыт[1] индексин ченөө боюнча социалдык сурамжылоонун жыйынтыгы айгинелеп турат.
2-сүрөт. Кыргыз Республикасынын региондору боюнча бакыт индекси
Кыргыз Республикасынын аталган мүнөздөмөсү дүйнөлүк бакыт рейтинги менен дагы тастыкталат. Мисалы, дүйнөдөгү 152 өлкөнүн ичинен Дүйнөлүк бакыт индекси[2] боюнча өтө жакшы рейтинг Кыргыз Республикасында 2006-жылы болгон, анда ал 19-орунду ээлеген. Ошол убакта, жалпы кабыл алынган финансылык-экономикалык көрсөткүчтөр боюнча өлкө өнүгүп жаткан өлкөлөрдүн арасына кирген.
Ошол учурдагы идеологиялык сырткы чөйрөгө дайыма каршы келген өлкөнүн көпчүлүк жарандарынын бул ички аурасы тийиштүү чыгармачылык мүмкүнчүлүктөр пайда болгондо гана өзүнүн позитивдүү дараметин ачып көрсөтөт. Бул тууралуу мурда Кыргыз Республикасын сырткары жакта атагын чыгарган өлкөнүн маданий чөйрөдөгү көпчүлүк алдыңкы инсандары күбөлөндүрүп турат. Тилекке каршы, азыркы убакта, алардын айрымдары жөнүндө эстелик учурдагы акча ата мекендик «сом» валютасынын түрдүү номиналдарында гана сакталып калды.
Ошондой эле азыркы учурда, түрдүү эл аралык чыгармачылык аянттарга катышуу мүмкүнчүлүктөрү ачылганда, биздин заманбап бийчилердин, ырчылардын, актерлордун, режиссерлордун, сүрөтчүлөрдүн, дизайнерлердин жана башка маданий өкүлдөрүнүн таланты ачылып, алар өзүнүн өлкөсүнүн кадыр-баркын ийгиликтүү көтөрүп жатышат.
Алар көз ирмемде ата мекендик жаштар үчүн кумир болуп калат, алар дагы ошондой болууга умтулуп, өзүнүн ата мекендештери үчүн сыймыктанышат. Эл аралык аренадагы мындай чыгармачылык жеңиштер улутту бириктирип, азыркы жана келечек муундар үчүн, ошондой эле биздин өлкөнүн даңкын чыгарган ата-бабалар үчүн өлкөнү өзгөртүүгө болгон ишенимди бекемдейт.
2004-жылдан тартып маданий чөйрөдөгү мамлекеттик саясатты иштеп чыгууга жооп берген мамлекеттик орган түрдүү статуска ээ болуп келген: агенттик, комиссия, министрлик. Ошону менен бирге эле, анын ишине маалымат, туризм жана мамлекеттик тил сыяктуу чөйрөлөрдөгү түрдүү функциялар кошулуп жана/же алынып келген. Бул мамлекеттик органдын ишинин мындай туруксуздугу жыл сайын анын жетекчилигинин алмашуусу менен тереңдеген. Ар бир жаңы келген жетекчи мамлекеттик башкаруу тутумун түзүүнүн заманбап принциптерин сактабастан, өзүнүн жеке ою жана кароосу боюнча министрликтин уюштуруучу түзүмүн алмаштырган. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин (мындан ары - ММТМ) акыркы башкаруу схемасы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 3-майындагы № 236 «Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин маселелери жөнүндө» токтому менен бекитилген.
«Алдыга жылдыруу жана өнүктүрүү борбору» коомдук уюму тарабынан жүргүзүлгөн министрликтин ишинин диагностикасы бүгүнкү күндө, жогоруда турган органдардын көпчүлүк өкүлдөрү ММТМ маданият боюнча ишин жүргүзүлүп жаткан мамлекеттик саясаттын сапатына карап эмес, түрдүү мамлекеттик жана чыгармачылык ишмерлердин мааракелерине арналып өткөрүлгөн иш-чаралардын санына, мамлекеттик деңгээлдеги расмий визиттердин жана кабыл алуулардын концерттик коштолушуна карата баалаганын көрсөттү. Ошондуктан, азыркы учурда бул министрликтин ишинин 80 %ы анын статусуна жана миссиясына ылайык келген негизги функцияларды аткаруу менен эмес, ушундай сыяктуу иштин түрлөрүн аткаруу менен байланышкан.
Бул болсо, маданий чөйрөдө музей жана китепканалык иш, киноиндустрия жана театралдык искусство ж.б. сыяктуу анын өзүнчө секторлорун өнүктүрүү үчүн артыкчылыктарды, жагымдуу чөйрөнү жана практикалык механизмдерди түзүүчү өзүнчө стратегиялык документтер, мыйзамдар жана укук колдонуу актылары ушул убакка чейин кабыл алынбагандыгына алып келди. Мисалы, мамлекеттик эмес ресурстарды тартуу үчүн кызыктыруучу шарттар алигече түзүлгөн эмес. Ошондуктан, республиканын маданий чөйрөдө бизнес коомчулугу жактан меценаттык өнүккөн эмес жана гранттык ресурстарды тартуу өнүккөн эмес.
Иштин жыйынтыгы боюнча башкаруу жана программалык бюджеттөөгө мүмкүндүк түзгөн принциптер:
- өнүктүрүү артыкчылыктарына бөлүнгөн финансы каражаттарын бөлүштүрүүдө мамлекеттик органдарга көбүрөөк ыйгарым укуктарды берүүгө;
- алардын алдына коюлган максаттарына жетүүдө алардын жетекчилеринин жеке жоопкерчилигин көтөрүүгө;
- ченөө критерийлери боюнча алардын ишин объективдүү баалоо жүргүзүүгө.
Иштин жыйынтыгы боюнча башкаруу жана программалык бюджеттөөгө мүмкүндүк түзгөн принциптер 2014-жылы гана киргизиле баштады жана практикада дагы деле колдонула элек. Алсак, 2015-жылдагы республикалык бюджет мамлекеттик башкаруунун жогоруда аталган заманбап ыкмаларын өзгөчө эске албастан, эскиче кабыл алынган.
Аткаруу бийлигинин деңгээлиндеги көптөгөн процесстер так регламенттелген эмес, бул маданий чөйрөдө мамлекеттик чечимдерди кабыл алуу процессине жасалма тоскоолдуктарды түзөт. Мисалы, бүгүнкү күнгө чейин аймактык маданият органдарынын жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына кош баш ийүүчүлүк жагы бар. Көпчүлүк жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары маданият тармагын өнүктүрүү маселелерин чечүүгө катышпайт.
Натыйжада, региондук деңгээлдеги маданият мекемелери бүгүнкү күндө башкаруу жана финансылык мамлекеттик механизмдерден ажыратылган жана өлкөнүн гуманитардык коопсуздугун камсыздаган бирдиктүү маданий саясатынан сырткары турат.
Мамлекеттик органдардын ортосундагы өз ара аракеттенүү эрежелеринин так эместиги экономикадагы инфляциянын деңгээлине караганда тез өскөн маданий чөйрөнү башкаруудагы ири чыгымдарга алып келет. Натыйжада, бир катар мекемелердин иши, чыгармачылык жамааттардын жана артисттердин белгилүү эл аралык маданий аянттарына катышуусу, ошондой эле республикалык масштабдагы айрым пландалган чыгармачылык иш-чаралар токтотулууда.
Маданий чөйрөдөгү чыгармачылык иштерге натыйжалуу мамлекеттик дем берүүнүн жоктугу бюджеттик маданияттын начар атаандаштык жөндөмүн, искусствонун жаңы чыгармаларынын аз санын, мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн төмөн сапатын жана бирдей жеткиликтүү эместигин түзөт. Маданий чөйрөдөгү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрин бекитүү алкагында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы № 85 «Аткаруу бийлигинин органдары, алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрү жана ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрин (тизмегин) бекитүү жөнүндө» токтому менен мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн 30 түрү белгиленгенине карабастан, алигече тийиштүү сапаттык стандарттар иштелип чыккан эмес. Бул болсо толук жана натыйжалуу кызмат көрсөтүүнүн сакталышын контролдоого мүмкүндүк бербейт. Ошондуктан көпчүлүк мамлекеттик маданий мекемелери сапаттуу жана суралган мамлекеттик кызматтарды дайыма эле көрсөтө алышпайт, ал эми айрымдарынын иши таптакыр эле токтоп калган.
Маданий чөйрөгө болгон мамлекеттин мамилеси мурункудай эле, калдык принциби боюнча жүргүзүлүүдө. Тийиштүү финансылык жылга³ республикалык бюджеттин чыгымдар бөлүгүнүн үч пайызынан кем эмес өлчөмүндө маданий чөйрөнү жыл сайын каржылоо жөнүндөгү мыйзамдар[3] дагы деле аткарылбай келет. Бүгүнкү күндө, ММТМди каржылоонун фактылык көлөмү бир пайыздын тегерегин түзөт. Ошону менен бирге аталган сумма министрликке бекитилген маалыматтык саясат жана туризм чөйрөсүндөгү саясат боюнча функцияларды дагы каржылоону өзүнө камтыйт. Натыйжада, маданий чөйрөнү жыл сайын реалдуу финансылык колдоо андан дагы аз суммада.
1-таблица.
Жыл | 2008 | 2009 | 2010 | 2011 | 2012 | 2013 | 2014 | 2015 |
% | 0,8 | 0,9 | 0,7 | 0,9 | 1,0 | 1,1 | 1,3 | 1,1 |
Бүгүнкү күндө республикалык бюджеттин 85-86%ы негизинен корголгон беренелер боюнча колдонулат, каражаттардын 13-14% гана маданий чөйрөнү өнүктүрүүгө колдонулат.
Кесиптик искусство субъекттерин кошуу менен бардыгыбыз үчүн жалпы көйгөй болуп эмгек мыйзамдарына жана чыгармачылык иштин өзгөчөлүгүнө байланышкан маселелердин чечилбегендиги саналат. Бул болсо бардык маданий мекемелердин деңгээлинде адамдык ресурстарды башкаруунун заманбап ыкмаларын киргизүүгө мүмкүндүк бербейт, мисалы, персонал менен контракттык негизде иштөө механизми сыяктуу. Мындай абал кесипкөй менеджерлерди жана жаш таланттуу артисттерди ишке тартууга мүмкүндүк бербейт. Маданият чөйрөсүндө таланттарды жашынан аныктоо тутуму, квалификацияны жогорулатуу жана аттестация өткөрүү тутуму, ошондой эле квалификациялык стандарттар жок.
Азыркы маданий инфратүзүмү республиканын жарандарын жайгаштырууну мейкиндик уюштуруунун баскычтык үлгүсүнө ылайык мурда долбоорлонгон жана түзүлгөн.
Азыркы учурда расмий статистика боюнча Кыргыз Республикасынын 5.5 млн. калкынын 2/3си айыл жерлеринде жашайт. 15 шаарда калктын 1/3и (34.1 %) жашайт, анын ичинен эки шаарга (Бишкек, Ош) өлкөнүн калкынын жалпы санынын 19.7 %ы (же шаардыктардын санынын 61.8 %ы) туура келет. Айылдын жана шаардын калкынын жогоруда аталган пропорциясы (2/3 жана 1/3) реалдуу кырдаалдан айырмаланып турат, анткени ички жана сырткы эмгек миграция процессинин жыйынтыгында бул катыш чоң түзөтүүлөргө дуушар болду. Ошентип, маданий тейлөө тармагы өлкөнүн реалдуу орундаштыруу түзүмүнө жана динамикасына дал келбейт. Ошону менен бирге эле аймактарды маданий мекемелер менен камсыздоонун адекваттуу мамлекеттик стандарттары жок.
Андан сырткары, республиканын учурдагы инфратүзүмү дүйнөлүк стандарттардын заманбап керектөөлөрүнө ыңгайлаштырылган эмес. Мисалы, бүгүнкү күндө республикада маданий чөйрөдөгү түрдүү эл аралык конкурстарды жана фестивалдарды өткөрүү үчүн орточо масштабдагы тийиштүү концерттик аянттар жок. Мындай иш-чараларды өткөрүүгө ылайыктуу мындай деңгээлдеги залдар өз убагында менчиктештирилип кеткен жана багыты өзгөртүлгөн, ошондуктан алар азыр кызмат көрсөтүү чөйрөсүндөгү мекеме катары иштейт.
Маданий мекемелердин бардык тармагы эскирген материалдык-техникалык базага ээ, ал имараттардын авариялык абалы, жогорку чыгымдуу коммуналдык камсыздоо, театралдык кийимдерди жана маалым даректерди сактоо үчүн шарттардын жоктугу, эскирген жабдуулар ж.б. менен мүнөздөлөт.
Оор кырдаалга карабастан, жаңы башкаруу ыкмаларын киргизүүнүн, колдонуунун эсебинен өзүнүн ишин өнүктүрүүгө жана кошумча ресурстарды тартууга аракет кылган айрым маданий мекемелердин активдүү ишин белгилеп кетсе болот. Маданий чөйрөдөгү азыркы расмий статистика болгону 28 көрсөткүчтү камтыйт, эсепти кошуу менен, жана Билим берүү, илим жана маданият маселелери боюнча Бириккен Улуттар Уюму (мындан ары – ЮНЕСКО) тарабынан сунушталган (2009-ж.) маданий статистиканын көрсөткүчтөрү менен координацияланган эмес.
Укук колдонуу практикасынын жоктугунан бүгүн маданий чөйрөнүн абалын мүнөздөөчү көптөгөн көрсөткүчтөр объективдүү эмес жана таптакыр өлчөнбөйт. Алсак, улуттук деңгээлде жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу деңгээлинде маданий чөйрөдөгү инвестициялар жана капиталдык курулуш боюнча маалымат жок. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, бизнес, эл аралык гуманитардык уюмдар тарабынан маданий чөйрөнү каржылоо көлөмү боюнча маалымат жок. Тармактык статистиканын салттуу көрсөткүчтөрү калктын керектөөсүнүн түзүмү жана динамикасы жөнүндө, маданий мекемелеринин ишинин натыйжалуулугунун жыйынтыгы жөнүндө түшүнүк бере албайт.
Толук кандуу тармактык статистиканын жоктугу чечим кабыл алуу үчүн түрдүү деңгээлдеги мамлекеттик башкармалыктардын арасында негизделген түшүнүк алуу үчүн маданий чөйрөнүн реалдуу абалына сапаттуу талдоо жүргүзүүгө, маданий чөйрөнү динамикалык өнүктүрүүгө мүмкүндүк бербейт.
§ 1.3. Маданий чөйрө
Кыргыз Республикасында тарыхый-маданий мурастык (мындан ары - ТММ) объекттерди сактоо, коргоо жана пайдалануу мамлекеттин конституциялык кепилдиги болуп саналат (Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 49-беренеси, 2-пункту, 2-абзацы).
Аларды аткаруу үчүн эгемендүүлүк жылдарында мамлекет тарабынан тарыхый-маданий мурасты сактоо боюнча түрдүү ченемдик укуктук актылар кабыл алынган. Ошондой эле бул чөйрөдө айрым эл аралык макулдашууларга, тактап айтканда ЮНЕСКОнун конвенциясына[4] кол коюлуп, ратификацияланды.
Ата мекендик тарыхый-маданий мурастык айрым объекттер бүтүндөй адамзаттын энчи деп таанылган жана кийинки муундарга өткөрүп берүү максатында өзгөртүлбөгөн жана бүтүн абалында ишенимдүү сакталууга тийиш болгон алдыңкы маданий жана табигый эстеликтер катарында ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк мурасынын объекттеринин түрдүү тизмелерине кирген.
Кыргыз Республикасынын катышуусу менен «ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурасынын» репрезентативдик тизмесине төмөнкүдөй сунуштар киргизилген:
- 2003-жылы «Акындардын, кыргыз эпосторун айтуучулардын искусствосу» улуттук табыштамасы;
- 2009-жылы «Ноорузду майрамдоо» көп улуттук табыштама;
- 2012-жылы «Ала-кийиз жана Шырдак» кыргыз салттуу кийиз килемдерин жасоо искусствосу» улуттук табыштамасы;
- 2013-жылы «Манас» эпосунун трилогиясы;
- 2014-жылы Казакстан менен бирдикте «Боз үйдү жасоо боюнча салттуу билим жана көндүмдөр».
Ал эми «ЮНЕСКОнун дүйнөлүк маданий жана табигый мурасы» тизмесине 2009-жылы «Сулайман-Тоо тоосу» улуттук табыштама киргизилген. 2014-жылы Красная речка (Невакет), Ак-Бешим (Суяб) жана Бурана (Баласагын) эски шаарлары киргизилген - бул «Жибек жолу» сериялык трансулуттук номинациясынын биринчи этабы.
Бүгүн «ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурасы» тизмегине Казакстан менен бирдикте Кыргыз Республикасы тарабынан 2013-жылдын 28-мартында киргизилген «Айтыш, Айтыс - төкмө искусствосу» номинациясын дагы киргизүү күтүлүүдө.
Андан сырткары, азыркы учурда Казакстан жана Кытай менен бирдикте «ЮНЕСКОнун дүйнөлүк маданий жана табигый мурасы» тизмесине «Жибек жолу: Тянь-Шань коридорунун баштапкы участогу жана каттамдар тармагы» (экинчи этап) сериялык трансулуттук номинациясын киргизүү боюнча документтерди даярдоо боюнча биргелешкен иштер жүргүзүлүүдө.
ТММди пропагандалоо жана популярдаштыруу үчүн төмөнкүдөй фестивалдар жана конкурстар дайыма өткөрүлүп турат:
- Дүйнө элинин эпосторунун бүткүл дүйнөлүк фестивалы (2006, 2011-жж.);
- «Оймо» кол өнөрчүлүк боюнча эл аралык фестивалы (2006-жылдан тартып жыл сайын);
- «Айтыш» төкмө акындардын эл аралык фестивалы;
- «Ысык-Көл-2012» түрк тилдүү өлкөлөрдүн эл аралык фестиваль-конкурсу,
- «Эл ичи – өнөр кенчи» конкурсу (2005-жылдан тартып жыл сайын).
- «Сармерден» конкурсу (2014-жылы).
Бирок, мамлекет тарабынан көрүлгөн чараларга карабастан, тарыхый-маданий мурас жөнүндөгү конституциялык кепилдиктерди камсыздоо боюнча мамлекеттин иши жетишсиз, анткени азыркы күндө ТММдин көпчүлүк объекттерин жоготуп алуу коркунучу бар.
Азыркы учурда ТММ объекттерин аныктоону жана изилдөөнү, алардын тарыхый, илимий, көркөм же башка маданий баалуулуктарын аныктоону, белгилөөнү жана үйрөнүүнү, эсепке алуу документтерин түзүүнү өзүнө камтыган ТММ объекттерин мамлекеттик эсепке алуу процесси иштелип чыккан эмес, системалаштырылган эмес жана ченемдик укуктук жана мыйзам актылары менен бекитилген эмес.
Тарыхый жана маданий эстеликтерди мамлекеттик эсепке алуунун жана коргоонун негизги документи болуп Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 20-августундагы № 568 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын республикалык маанидеги тарыхый жана маданий эстеликтеринин мамлекеттик тизмеси саналат жана ал 10 жылдан бери такталган эмес жана жаңыланган эмес.
Андан сырткары, Кыргыз Республикасынын республикалык маанидеги тарыхый жана маданий эстеликтеринин мамлекеттик тизмеси маданий жана тарыхый кыймылсыз объекттерин гана камтыйт жана азыркы учурда бардыгы болуп 583 эстелик бар, анын 349да паспорт жок.
Алардын көпчүлүгүнө калыбына келтирүү-консервативдик иштер жүргүзүлбөйт. Ошону менен бирге эле 2000ден ашык эстеликтер изилденген эмес жана эсепке алынган эмес, ошондой эле айрым эстеликтердин тарыхый, маданий жана башка баалуулуктарын жоготуу мүмкүндүгүнө карата тарыхый жана маданий объекттеринин маанилүүлүгүн кайра карап чыгуу зарыл.
ТММ кыймылсыз объекттерин эсепке алуу көйгөйү региондордо ачык көрсөтүлгөн, эгер шаарларда эстеликтерди эсепке алуу жүргүзүлсө, өлкөнүн айрым райондорунда эстелик деген кандайдыр бир түшүнүк жок, эсепке алуу, коргоо жана сактоо чаралары көрүлбөйт. Азыркы учурда жергиликтүү маанидеги 1269 эстелик бар. Эсепке алуу саясатынын жана жергиликтүү маанидеги тарыхый жана маданий эстеликтеринин тизмесинин жана анын электрондук базасынын жоктугу жер-жерлердеги эстеликтердин жоголушуна алып келет. Жер-жерлерде квалификациялуу кадрлардын болбогондугу жана жергиликтүү бийлик органдарынын жетиштүү көңүл бурбагандыгы эстеликтердин жок болушуна алып келет.
Материалдык эмес мурастарды эсепке алуу тартиби «Материалдык эмес мурас жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жүргүзүлөт. Материалдык эмес мурастын улуттук тизмеги бекитилген. Ошону менен бирге эле, аны түзүү тартиби аныкталган эмес, материалдык эмес мурастын электрондук тизмеси жана эсепке алуу, инвентаризациялоо усулу жок.
Тактап айтканда, тарыхый-маданий мурастын кыймылдуу объекттерин эсепке алуу мамлекеттик музейлердин карамагында турат. Алар колдонгон усул маданий баалуулуктар жөнүндө толук маалымат бербейт, бул болсо маданий баалуулуктардын саны жана сапаты жөнүндө жалпы түшүнүктүн жоктугуна алып келет. Электрондук мамлекеттик каталогдун жоктугу Кыргыз Республикасына таандык болгон маданий баалуулуктардан айрылуу, жоголуу, уурдоо фактыларына дуушар кылат. Музей баалуулуктарынын сакталышын камсыздоо боюнча иштерди уюштуруу жана жоопкерчиликти бекитүү тартибин жөнгө салган азыркы ченемдер чачыранды, бирдиктүү ички ченемдик укуктук акт жок. Экспозициялык залдарды материалдык-техникалык жактан жабдуу музей предметтеринин сакталышын камсыздай албайт. Залдарда сигнализация жана видео көзөмөлдөө системалары жок, музейлердин жабдуулары моралдык жактан эскирген. Республиканын бир дагы музейинде калыбына келтирүүчү лаборатория жок, бул болсо тийиштүү кадрлардын жетишсиздиги жана материалдык-техникалык базанын жоктугу менен шартталган.
Республикада эч качан адистештирилген музыкалык басма болгон эмес, натыйжада ноталык материалдар жетишкен эмес, партитуралар кол менен, сапатсыз жазылган, ошондуктан кыргыз классикалык чыгармалардын клавирлери жана партитуралары жоголуу алдында турат.
Сейрек жана баалуу нускаларды санариптөө боюнча иштер жүргүзүлүп жатканына карабастан, сактоочу жайлардын критикалык абалынын, китепканалардын аянттарынын жана жабдуулардын жетишсиздигинин натыйжасында эскирген жана бузулган китептердин жана документтердин көлөмү жогорулоодо. Илимий, маданий жана тарыхый баалуулуктагы болжол менен 1,5 млн басылмалар өзүнүн биологиялык жана башка мүнөздөмөсү боюнча китепканалардын кызматкерлеринин жана окурмандарынын ден-соолугуна коркунуч туудурат. Музейлердин жана китепканалардын ишин өнүктүрүү боюнча каржылоо токтотулгандыктан маданий баалуулуктардын сакталышын камсыздоо өтө оор абалда калды.
Өлкөнүн археологиялык жана тарыхый-маданий мурастарын сактоо чоң көйгөйдү туудурат, анткени практикада алардын коопсуздугу боюнча зарыл болгон коргоо чаралары көрүлбөйт.
Алсак, археологиялык жана тарыхый-маданий эстеликтер жайгашкан жерлер тийиштүү юридикалык жактан таризделбегендиктен, кырдаал археология эстеликтерин сактоодо терс таасирин тийгизип, жүргүзүлгөн чарба ишинин натыйжасы алардын системалуу түрдө бузулушуна алып келүүдө. Айыл чарбасын өнүктүрүү, шаар куруу жана турак жай курулушу, пайдалуу кендерди казуу, капиталдык курулуш, жол курулмаларынын айынан жоготуулар болууда. Мисалы, республиканын аймагында чарба жана башка иштерди жүргүзүүнүн натыйжасында табылган археологиялык эстеликтердин 80 %дан ашыгы бузулууга дуушар болууда. Эгер эстеликтер ээлеген жер участокторунун статусу боюнча маселе чечилбесе, анда мындай эстеликтердин көп бөлүгү жакынкы 5-10 жылда толугу менен же көпчүлүгү жоголот.
ТММ эстеликтеринин коргоо чөлкөмдөрүн аныктоонун татаалданган жана жөнгө салынбаган тартиби архитектура эстеликтеринин өзгөрүшүнө жана эскирген курулма катары жөн эле сүзүп салууга алып келет. Көпчүлүк учурда бийликтин жергиликтүү аткаруучу органдары эстеликтердин коргоо чөлкөмдөрүнө, аларды сактоо маселесин эске албастан, курулушка уруксат беришет.
Мындай көйгөйлөр тигил же бул аймакта эстеликтин болушу жөнүндөгү тиешелүү маалыматтын жоктугунан дагы болуп жатат. Топографиялык карталар ТММ объекттеринин болушу жана жайгашканы жөнүндөгү тиешелүү белгилерди камтыбайт.
ТММди сактоо боюнча иштер мамлекеттик органдар менен катар эле коомдук жана эл аралык уюмдар, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы башында турган илимий коомдоштуктар тарабынан жүргүзүлүүдө. Кыргыз Республикасында Улуттук илимдер академиясы аркылуу уруксат берүү, казууларды жүргүзүү жана отчет берүү мурунку практикасы сакталып калган жалгыз өлкө болуп саналат. ТММ объекттерин контролдоо боюнча бардык жооптуу тараптардын макулдашып иш жүргүзбөгөнү алардын жоголушуна жана чыгып кетүүсүнө алып келет.
Эгер 1991-жылга чейин музей фонддору жана коллекциялар 300-400 бирдикке толтурулса, азыркы учурда бирин-экин гана сатып алынат. Мисалы, Г.Айтиев атындагы Кыргыз улуттук сүрөт искусство музейиндеги акыркы сүрөт 2003-жылы сатып алынган.
Музейлерде жана китепканаларда сакталган маданий баалуулуктардын коопсуздук жана коргоо системасы совет мезгилинде коюлгандыктан, жаңылоону талап кылат.
ТММ объекттерин коргоо боюнча жарандык активдүүлүк бирди-жарым мүнөзгө ээ. Тарыхый жана маданий эстеликтер объекттерин коргоого коомдук уюмдарды тартуу жана дем берүү боюнча механизмдер мамлекет тарабынан киргизилген эмес.
ТММ объекттери мамлекеттин башка иш чөйрөлөрүндө, мисалы туристтик тармакта толугу менен колдонулбайт:
- барууну өзүнө камтыган туристтик каттамдар киргизилген эмес.
- көпчүлүк музейлердин иши туристтерге ылайыкталган эмес.
- туристтердин ТММ объекттерине кызыгуусун туудурган маданий бренддер жок.
Андан сырткары, мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары республиканын жана анын региондорунун жагымдуулугун көтөрүүдө ТММдин мүмкүнчүлүгүн эске алышпайт.
Искусствону кесиптик жана кесиптик эмес деп бөлүү жалпы кабыл алынып калган. Бул түшүнүктөр бир дагы ченемдик укуктук акт менен расмий бекитилген эмес. Ошондой эле алигиче чейин төмөнкүдөй эсептелет:
- кесиптик искусство театралдык, музыкалык, сүрөт, цирк искусствосунан жана кино искусствосунан турат;
- кесиптик эмес искусство ышкыбоздору чыгармачылыгынын түрлөрүн өзүнө камтыйт.
Рыноктук шарттарга өтүү кесиптик искусствону өнүктүрүүдө ансыз деле мындай өзгөртүүлөргө даяр эмес мамлекеттин ролун жана колдоосун алсыратты. Ошол убакта креативдүү адамдардын жеке демилгесинин эсебинен ышкыбоздор чыгармачылыгы өз алдынча өнүгө баштады жана искусствонун жаңы түрлөрү кирди, алар айрым эл аралык конкурстардагы[5] жетишкен ийгилиги жана ата мекендик жаштар арасында кеңири популярдуулугу аркылуу өзүнүн кесипкөйлүгүн далилдеди. Ошондуктан азыркы искусство классификациясы келечекте көрүүчүнүн заманбап керектөөсүнө ылайыкталган аны өнүктүрүү жагдайы менен түзөтүүлөргө дуушар болот.
Кыргыз Республикасында кесиптик искусствону өнүктүрүү 61 мамлекеттик маданий мекемелери менен (23 ТЗУ жана 38 кинотеатр) институционалдык байланышкан, алардын кызматкерлеринин штаттык саны - 3177 адам, негизги персоналды (2376 адам - 75 %), кичи (325 - 10 %) жана техникалык (476 - 15 %) тейлөө персоналын кошуу менен.
Азыркы мамлекеттик башкаруу тутумунун жогоруда сүрөттөлгөн иш чөйрөсүнүн көпчүлүк кемчиликтери бардык кесиптик искусство объекттери үчүн негизги себеп болду. Алсак:
- начар каржылоодон - репертуар жаңыртылбайт, өлкөнүн ичине жана чет өлкөгө гастролдоп чыгуу жок, материалдык-техникалык база жараксыз абалга келген, жаңы жабдуулар жана маалыматтык технологиялар киргизилбейт;
- чыгармачылык продуктыларга мамлекеттик табыштамалар механизмин киргизүү жана аларды өндүрүүгө демилге берүү боюнча укук колдонуучу практиканын жоктугу - театралдык, музыкалык, сүрөт жана цирк искусствосунун жаңы чыгармалары түзүлбөйт, ошондой эле бул мекемелердин кесиптик-көркөм дарамети азаюуда же таптакыр жоголууда;
- чыгармачылык ишмерлердин өз ара аракеттенүүсү жана тажрыйба алмашуусу үчүн коммуникативдик аянттардын, ошондой эле заманбап көрсөтмө аянттардын өнүкпөгөнү - кесиптик искусствонун ата мекендик өкүлдөрү эл аралык маданий процесстерге начар интеграцияланган;
- маданий чөйрөдөгү эмгек мыйзамдарын, чыгармачылык иштин өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен, эмгек жана иш менен камсыздоо рыногунун динамикасына ыңгайлаштыруу боюнча маселелердин чечилбегени - кызматкерлердин умтулуусу төмөн деңгээлде, кесиптик искусство квалификациялуу кадрларга: режиссерлорго, продюсерлерге, республикада жана чет өлкөдө гастролдук концерттик жана театралдык менеджерлерге, ошондой эле техникалык адистерге өтө муктаж;
- жергиликтүү бийлик органдарынын чыгармачыл кызматкерлердин эмгегин жана статусун расмий тааныбаганы - регионалдык маданий мекемелеринде квалификациялуу кадрлар жетишпейт;
- искусствонун тарыхын түзүүнү колдоого начар көңүл буруу искусство таануу, искусство илими, культурология, маданий антропология ж.б. сыяктуу колдонмо искусство илими өнүкпөй жатат.
Акыркы жылдарда кесиптик искусство негизинен искусство ишмерлеринин өздөрүнүн жана чыгармачылык жамааттардын күчү менен өнүгүп келди. Бүгүнкү күндө мамлекет Кинематографисттер союзу жана Сүрөтчүлөр союзу сыяктуу айрым чыгармачылык союздар жана ассоциациялар менен ийгиликтүү иш жүргүзүүдө. Ал эми башкалары менен, анын ичинен Жазуучулар союзу, Композиторлор союзу, Театралдык ишмерлер союзу менен өз ара аракеттенүү формалдык деңгээлде жүргүзүлүүдө. Бюджеттик маданий чөйрөдөгү мындай кырдаал анын атаандаштык жөндөмүнүн төмөн деңгээлинин түзүлүшүнө алып келет.
Акыркы 5 жылдын ичинде жарандардын өздүк ишинин өсүшүн, жаңы чыгармачыл жамааттардын жана бирикмелердин пайда болгонун байкоого болот. Өзгөчө кол өнөрчүлүк искусствосу өнүгүүдө, анын өкүлдөрү базар экономикасына бардыгынан мурда ыңгайлашкан жана маданиятка туура мамиле кылууда ал кирешелүү болуп, кеңири керектөөнүн үлгүсү болуп саналаары далилденди.
Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик билим берүү стандарттарынын алкагында маданият жана искусство жаатындагы кошумча же альтернативдүү билим берүү программалары пайда болду, алар ыктыярдуу негизде мектептен сырткаркы, мектепке чейинки билим берүү уюмдарында, мектептерде жана башка уюмдарда ишке ашырылууда. Бүгүнкү күндө зээндүү жана билимге умтулган балдарды билим берүү мекемелерине тапшыруусуна даярдоону балдар музыкалык мектептери (69), балдар көркөм мектептери (5), балдар искусство мектептери (16) сыяктуу адистештирилген мектептер камсыздайт. Бул чөйрөдө иштеген өкмөттүк эмес түзүмдөрдүн саны өсүүдө, бул маданият чөйрөсүндө көрсөтүлүүчү билим берүү кызматтарынын спектрин кеңейтет.
Бирок, буга карабастан, ышкыбоздук чыгармачылыктын бардык мекемелери үчүн төмөнкү көйгөйлөр мүнөздүү:
- финансылык ресурстардын жетишсиздиги, бул зарыл аспаптарды жана жабдууларды сатып алууга мүмкүндүк бербейт;
- таланттуу балдарды издөө, тандоо жана окутуу үчүн социалдык лифттердин функцияларын аткарбай калышты.
Маданият, маданияттын тарыхы, искусство, культурология жөнүндө фундаменталдык жана колдонмо искусствосу мамлекет тарабынан начар колдоого алынат жана өнүктүрүлөт. Азыркыга чейин төмөнкүлөр жок:
- өлкөнүн маданий мурасына маани берүү жана башкалардын ээлеп алуусунан коргоо үчүн искусство таануу, культурология боюнча илимий мектеп ;
- маданий чөйрөдөгү башкаруучу чечимдерди усулдук коштоо, анткени илимий-усулдук борбор жок;
- искусствонун заманбап формаларын изилдеген изилдөөлөр;
- заманбап Кыргыз Республикасынын искусство жана маданий тарыхы боюнча окуу китептер;
- искусство таанууда жана культурологияда орун алган кыргыз терминологиясы;
- маданий чөйрөдөгү маданий журналистиканы жана сындоо институтун өнүктүрүү;
- республиканын илимий мекемелери үчүн маданий чөйрөдөгү мамлекеттик табыштамалар.
Акыркы он жылда маданиятка болгон кызыгуунун төмөндөшү бош убакытты үйдө өткөрүү жагдайынын өсүшүнө алып келди. Батир, үй чарба ишинин борбору болуп калды, анда эмгек, бош убакыт жана эс алуу айкалышып турат. Үй-бүлөнү интенсивдүү нуклеаризациялоо, ички жана сырткы эмгек миграциясынын жогорку деңгээли, социумда дайыма жана тыгыз пикир алышуунун кыскарышы өзүн-өзү уюштуруу жана өз алдынча башкаруу көндүмдөрүнүн жоголушуна алып келет жана улуу туугандардын катышуусуз пайда болгон өзүн-өзү тейлөө көйгөйлөрү маданий мекемелерге баруу убактысын кыскартат.
Калкты, өзгөчө балдарды жана жаштарды искусствого жана чыгармачылыкка тартуунун ачык үлгүлөрүн дайыма пропагандалоо жүргүзүлбөгөндүктөн кырдаал татаалданууда. Керектөөчүнүн (угуучунун, окурмандын, көрүүчүнүн) эстетикалык сезимин, даярдыгын тарбиялоо жана түзүү боюнча пландык иштер жүргүзүлбөйт, муну кесиптик искусство мекемелерине баруунун начардыгы далилдеп турат (4-сүрөт).
4-сүрөт. 2014-жылда кесиптик искусство мекемелерине баруу
Маданий мекемелердин потенциалдуу аудиториясынын кызыкчылыктарына жана себептерине дайыма мониторинг жүргүзүү тутуму жок. Натыйжада, кеңири аудиториянын маданий «продуктуларга» кызыгуусунун жетишсиздиги маданий мекемелер жактан чыгармачылык сунуштардын кризисине алып келет.
Кыргыз Республикасынын эл аралык деңгээлдеги кадыр-баркын түзүүдө маданият күчтүү курал болуп саналат жана мында активдүү эл аралык кызматташтык маанилүү ролду ойнойт.
Көп жактуу маданий кызматташтыкты өнүктүрүү Бириккен Улуттар Уюму (БУУ), Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештиги (КМШ), Түрк маданиятынын эл аралык уюму (ТҮРКСОЙ), Шанхай кызматташтык уюму (ШКУ), Ислам кызматташтык уюму (ИКУ), ЮНЕСКО, Дүйнөлүк соода уюму (ДСУ) жана башка эл аралык уюмдардын алкагында жүрүп жатат. Ошондой эле маданият жана туризм чөйрөсүндө мамилелерди бекемдөө жана кеңейтүү Кытай, Россия, Турция, Корея, Казакстан, Өзбекстан, Таджикстан ж.б. сыяктуу өлкөлөр менен эки жактуу эл аралык макулдашуулардын алкагында өнүгүүдө.
Андан сырткары, эл аралык кызматташтыктын укуктук негизи болуп төмөнкүлөр сыяктуу ратификацияланган эл аралык Конвенция саналат:
- «Куралдуу кагылыштар болгон учурда маданий баалуулуктарды коргоо жөнүндө» конвенциясы (Гаага, 1954);
- «Дүйнөлүк маданий жана табигый мурастарды коргоо жөнүндө» конвенциясы (Париж, 1972);
- Маданий баалуулуктарды мыйзамсыз алып кирүүгө, алып чыгууга жана менчик укугун өткөрүп берүүгө тыюу салууга жана алдын алууга багытталган чаралар жөнүндө» (Париж, 1970).
Ошондой эле маданият боюнча сырткы байланыштарды өнүктүрүүдө ЮНЕСКОнун жана ЮНЕСКОнун алдындагы (Музейлердин эл аралык кеңеши (ИКОМ), Эстеликтерди жана ажайып жайларды сактоо боюнча эл аралык кеңеш (ИКОМОС) жана Маданий баалуулуктарды сактоо жана калыбына келтирүү боюнча эл аралык изилдөө борбору (ИККРОМ) маданий баалуулуктарды коргоо боюнча маселелердин кеңири спектри менен иштеген эл аралык уюмдардын иштеп чыгуулары жана сунуштары колдонулат.
Жалпысынан, эгемендүүлүк жылдарда Кыргыз Республикасы тарабынан маданий кызматташтык жөнүндө көпчүлүк макулдашууларга кол коюлган, бирок бул макулдашуулар боюнча милдеттенмелерди кыргыз тарап дайыма эле аткара бербейт, бул макулдашуулардын алкагындагы кызматташтык көпчүлүк учурда ишке ашырылбайт. Андан сырткары маданий чөйрөдөгү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн эл аралык милдеттенмелерине талдоо жүргүзүлгөн эмес жана эл аралык макулдашуулардан алынган пайданы сапаттык жактан баалоо жок.
Кыргыз Республикасы көптөгөн эл аралык фестивалдарды жана конкурстарды уюштурууда жана катышууда. Бирок тажрыйба алмашуу, мастер-класстарды көрсөтүү боюнча билим берүү чөйрөсүндөгү эл аралык кызматташуу жана маданият менен искусствонун белгилүү ишмерлерин Кыргыз Республикасына тартуу менен эл аралык гастролдорду уюштуруу жетиштүү эмес.
Мындай кырдаал Кыргыз Республикасынын жагымдуулугун жана таанымалдыгын жогорулатуу үчүн маданий чөйрөдө башка өлкөлөр менен дүйнөлүк коомчулукта маданий-тарыхый жактан керектүү деңгээлде эл аралык кызматташууга мүмкүндүк бербейт. Мунун жана тийиштүү ченемдик негиздин болбогондугу маданиятты өнүктүрүү үчүн жеке инвестицияларды жана жаңы технологияларды тартууга мүмкүндүк бербейт.
Маданий чөйрөдөгү билим берүү тутуму 59 балдар музыкалык мектебинде, 5 бала көркөм мектептеринде, 11 бала искусство мектебинде, 8 орточо адистештирилген профессионалдык уюмдарда (оапу) жана 2 жогорку окуу жайында (жож) негизделет. Бул чөйрөдө 15,0 миңден ашык студент жана окуучу окуйт, 2,0 миңден ашык окутуучу эмгектенет.
Республикада көркөм билим берүү тутуму өзүнө салттуу жана заманбап усулду дагы камтыйт. Акыркы жылдарда көркөм билим берүүнүн маанилүү компоненти болуп кеңири эстетикалык жана этикалык мүмкүнчүлүктү өзү менен алып жүргөн байыркы номаддардын (музыкалык, жомок айтуучу, декоративдик-прикладдык) салттуу искусствосу болуп калды. Академиялык чөйрөдө кыргыздын салттуу искусствосу кесиптик искусствонун европалык түрүндөй эле статусу боюнча классикалык болуп саналат деген ишеним бар.
Көркөм билим берүү жаатындагы кесиптик чыгармачыл кадрларды жана педагогдорду даярдоону төмөнкү жождор ишке ашырат:
- К.Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерватория - музыкалык аткаруу, композитордук искусство жана музыкалык педагогика;
- Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институту - музыкалык искусство, арт-менеджмент, телекөрсөтүү, киноискусство;
- Т.Садыков атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук сүрөтчүлөр академиясы - көркөм искусствосу;
- Н.Исанов атындагы Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университети - көркөм искусство, архитектура;
- Б.Н.Ельцин атындагы Кыргыз-Россиялык Славян университети - көркөм дизайн;
- «Манас» Кыргыз-түрк университети - массалык коммуникациялар, музыкалык эстрада жана салттуу музыка;
- И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети - музыкалык педагогика жана көркөм искусствого окутуу;
- Бишкек Гуманитардык Университети - китепканачылар.
Кесиптик искусство жаатындагы негизги кесиптик билим берүү программаларын маданият жана искусство боюнча төмөнкү орто атайын кесиптик мекемелер жүргүзөт:
- М.Күрөңкеев атындагы Кыргыз мамлекеттик музыкалык окуу жайы;
- Ниязаалы атындагы Ош музыкалык окуу жайы;
- Ы.Туманов атындагы Каракол музыкалык окуу жайы;
- Республикалык маданият колледжи;
- Т.Эрматов атындагы Бишкек музыкалык-педагогикалык колледжи;
- С.Чуйков атындагы Бишкек көркөм училищасы;
- Кыргыз Республикасынын Сүрөтчүлөр академиясынын алдындагы көркөм окуу жайы;
- Ч.Базарбаев атындагы Бишкек хореографиялык окуу жайы;
- М.Абдраев атындагы республикалык орто атайын музыкалык мектеп-интернаты.
Эки деңгээлдүү окутуу тутумуна өтүүгө байланышкан билим берүү чөйрөсүндө жүргүзүлүп жаткан реформага карабастан, маданий чөйрөдө үзгүлтүксүз кесиптик билим берүүнүн азыркы тутумун сактап кала алдык[6], бул маданияттагы билим берүү өзгөчөлүгүн эске алганда оң фактор болуп саналат.
Бирок, буга карабастан, азыркы учурда, учурдагы билим берүү тутуму музей кызматкерлери, реставраторлор, көркөм декораторлор, театралдык сынчылар, арт-менеджерлер сыяктуу кадрлардын жетишсиздигин жабууга жөндөмдүү эмес, анткени республиканын вуздарында бул багыттар боюнча адистер даярдалбайт. Режиссерлор, операторлор, искусство адистери, балет артисттери, үн операторлору, жарык берүүчүлөр жана гримерлор сыяктуу адистерди даярдоо деңгээли жетишсиз.
Андан сырткары, маданий окуу жайларында бардыгы үчүн төмөнкүдөй жалпы көйгөйлөр бар:
- начар материалдык-техникалык база;
- музыкалык аспаптар менен жетишсиз жабдуу;
- ноталык басылмалардын, китептердин жана окуу колдонмолорунун жетишсиздиги;
- окутуунун жаңы усулдарынын жоктугу, бул билим берүү сапатына таасирин тийгизет.
ММТМдин учурдагы иши төмөнкү негизги ченемдик-укуктук актылар менен жөнгө салынат:
- «Маданият жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
- «Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
- «Китепкана иши жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
- «Кыргыз Республикасынын музейлери жана Музей фонду жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
- «Кыргыз Республикасынын кинематографиясын мамлекеттик колдоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
- «Манас» эпосу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
- «Кыргыз Республикасынын материалдык эмес маданий мурасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
- «Документтердин милдеттүү нускасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
- «Фонограммалар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы.
Жогоруда белгиленгендей, ММТМдин бүгүнкү иши маданият чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты иштеп чыгууга эмес, негизинен мамлекеттик деңгээлде мааракелик иш-чараларды өткөрүүгө багытталган.
Маданий чөйрөнү каржылоо тутумунун негизинде сметалык каржылоо принциби турат. Каржылоонун негизги булагы болуп түрдүү деңгээлдеги бюджеттердин эсебинен жүргүзүлгөн мамлекеттик каржылоо саналат.
Республикалык жана райондук маанидеги маданий мекемелер (саны - 332) республикалык бюджеттен каржыланат, шаардык жана айылдык маданий мекемелер (саны - 1600дөй) жергиликтүү бюджеттен каржыланат.
Маданий мекемелердин негизги саны айыл жерлеринде жайгашкан жана жергиликтүү бюджеттердин эсебинен каржыланат. Ошону менен бирге эле, жергиликтүү деңгээлде маданий чөйрөнү каржылоону аныктоо мүмкүн эмес, анткени тийиштүү маалыматтар жана көрсөткүчтөр жок, жергиликтүү бюджеттен маданиятты каржылоо боюнча эсеп жүргүзүлбөйт.
Маданий чөйрөгө мамлекеттик чыгымдардын кыскарышы маданий мекемелердин аларды пайдалануусунун төмөн натыйжалуулугу менен түшүндүрүлөт. Маданий уюмдарды колдоого бөлүнгөн бюджеттик каражаттарды ММТМ тарабынан бөлүштүрүү аларды пайдалануунун натыйжалуулугуна контролсуз жүргүзүлөт.
Маданият тармагын каржылоонун азыркы тутуму аны заманбап өнүктүрүүнүн максаттарына жана милдеттерине жооп бербейт.
Бай тарыхый-маданий мурасын, адамдын турмушу жана анын жашоо чөйрөсү жөнүндөгү баа жеткис салттуу билим дараметин, ошондой эле глобалдаштыруунун заманбап процесстеринин таасири менен социум түзүлүшүнүн бат өзгөрүүлөрүн мүнөздөгөн кичи өлкө катарында Кыргыз Республикасындагы маданияттын келечеги өнүктүрүүдө өзүнө комплекстүү жана фундаменталдык мамилени талап кылат. Буга негиз болуп бүгүнкү күндөгү «маданият» түшүнүгүнүн аныктамалары ири санда киргизилген, бардыгы ал ар бир адамдын жана ар бир коомдун жашоосунда негиз салуучу база болуп саналат деген ой бар. Тактап айтканда, ЮНЕСКОнун деңгээлинде БУУнун мүчө өлкөлөрүнүн арасында жалпы кабыл алынган аныктама бул жөнүндө күбөлөп турат.
Ошондуктан, маданият «искусство жана адабият» деген аталыштагы адамдын өзүнчө иш чөйрөсү катарында гана эмес, бир топ фундаменталдуу жана артыкчылыктуу-маанилүү катарында каралууга тийиш, анткени ал социумдун жашоо эрежелерин аныктоого жана анын инсан катарында түзүлүшүнө түздөн-түз таасир берет.
Ушул жагынан маданият бүгүнкү күндө адамдын каалаган иш чөйрөсүн, идеологиялык, рухий, саясый, башкаруу, бизнес, жарандык ж.б. кошуу менен, өнүктүрүүнүн баалуу өзөгүндө жана багытында чечүүчү ролду ойнойт.
Ошондуктан, «Саясат маданиятты эмес, маданият саясатты аныктоого тийиш» деген ураан аны өнүктүрүү боюнча саясаттын максаттарын, милдеттерин жана чараларын аныктоодо негиз салуучу болууга тийиш жана анын чыныгы статусуна жана ролуна шайкеш келиши керек.
Рухий жана адептик баалуулуктардын базасындагы маданият заманбап цивилизациянын жаңы жетишкендиктери менен айкалышта Кыргыз Республикасына башка өлкөлөрдөн айырмаланган өзүнүн өнүгүүсүн табууга жардам берет. Ал биздин өлкөбүздү дүйнөгө таанымал кылган бөтөнчөлүктү, өзгөчө колоритти жана жагымдуулукту берет. Бул Кыргыз Республикасында өлкөнүн демилгелүү жана креативдүү адамдарынын эл аралык деңгээлдеги жеңишке жетишүүлөрүнө жана Кыргыз Республикасынын кадыр-баркын көтөрүү жагдайларын күчөтүүгө жана бекемдөөгө мүмкүндүк берет.
Маданияттын тили мамлекеттик бардык иш чөйрөдө жүргүзүлүп жаткан кайра жаңыланууларды коомдук колдоону жана ишенимди камсыздоо, ошондой эле аларды ишке ашырууга активдүү жана баамдап катышуу үчүн өлкөнүн ар бир жаранынын жүрөгүнөн орун алган чыныгы жеңишке жетишүүгө мүмкүндүк берет.
Ушул стратегиялык документтин миссиясы жөнөкөй маданият түшүнүгүнүн стереотиптерин Кыргыз Республикасынын жарандарынын жашоосундагы анын чыныгы багытын өзгөртүүдө турат. Бул жөнөкөй багыт эмес, аны ишке ашыруу төмөнкү зарыл шарттарды аткарууга көз каранды.
Бул стратегиялык документтин башкы максаты, улуттун чыгармачылык мүмкүнчүлүгүн өнүктүрүүнү, өсүп келе жаткан муунду рухий өнүктүрүү жана патриоттук тарбиялоо ресурсу катарында элдин маданий баалуулуктарын, каада-салттарын жана мурасын сактоону, ошондой эле дүйнөлүк маданиятка катышууну камсыздоо. Ошону менен бирге эле маданий чөйрөдөгү саясатты калктын искусство чыгармаларын реалдуу керектөөсүнө багыттоо, анын базалык кызмат көрсөтүүлөрүнө калктын жеткиликтүүлүгүн камсыздоо, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жарандарынын арасында өлкөнүн кадыр-баркын жана жагымдуулугун көтөрүүдө маданияттын фундаменталдык мааниси жана ролу жөнүндөгү түшүнүктү көтөрүү зарыл.
Башкы максат боюнча алдыга жылуу прогрессинин критерийлери болуп практикада конкреттүү булактар менен дайыма ченелүүчү индикаторлор саналат:
№ | Индикаторлор | Ченөө булагы | Ченөө бирдиги |
И1ГЦ[7] | Маданият жана искусство мекемелерине баруу деңгээли | Улуттук статком | миң адам |
И2ГЦ | ММТМга болгон ишеним индекси | Улуттук статком | % |
Негизги максатка жетүү үчүн төмөнкү маселелерди чечүү зарыл:
1) маданияттын тили менен аны материалдык баалуулуктардан рухий-адептик жаңычылдыкка өнүктүрүүнүн идеологиялык чөйрөсүн өзгөртүүгө таасир берүү. Ал үчүн төмөнкүлөргө жетишүү зарыл:
- социумдун жана адамдын инсан катарында жашоо эрежелерин түзүүнүн фундаменталдуу жана артыкчылыктуу маанилүү негизи катарында маданий чөйрөгө өзгөчө мамлекеттин жана коомдун көңүлүн бурдуруу;
- калктын бакыт энергетикасын жогорулатуу үчүн маданий долбоорлорду Кыргыз Республикасынын мамлекеттик иш чөйрөсүнө киргизүү.
Бул максатка жетүү үчүн негизги индикаторлор төмөнкүлөр болот:
- дүйнөдөгү 152 өлкөнүн арасында «New Economic Foundation» изилдөө борборунун аналитиктери тарабынан үч жылда бир жолу ченелүүчү дүйнө мамлекеттери үчүн Happy Planet Index (Бакыттын дүйнөлүк индекси). Аны аныктоодо материалдык факторлор эске алынбаганын белгилеп кетүү зарыл;
- Кыргыз Республикасынын эл аралык деңгээлдеги чыгармачылык жеңиштеринин саны, ал азырынча расмий ченелбейт жана Кыргыз Республикасынын Улуттук статистикалык комитетинин статистикалык иштеринин жылдык планына киргизүүнү талап кылат.
№ | Индикаторлор
| Ченөө булагы | Ченөө бирдиги |
И1Ц1[8] | Бакыттын дүйнөлүк индекси | «New Economic Foundation» Британиялык изилдөө борбору | 152 өлкөнүн ичинде Кыргыз Республикасынын орду |
И2Ц1 | Кыргыз Республикасынын эл аралык деңгээлдеги чыгармачылык жеңиштеринин саны | Улуттук статком |
|
2) ата мекендик маданиятты активдүү жана алдыга карай өнүктүрүү үчүн ыңгайлуу иш чөйрөсүнө жетишүү. Бул үчүн милдеттүү түрдө төмөнкүлөр зарыл:
- мамлекеттик башкаруунун бардык тутумунун деңгээлинде аналитикалык негизделген, маданият саясатында башкаруунун туруктуулугун жана улантуучулугун кепилдеген катуу талаптарды жана чектөөлөрдү бекитүү;
- маданий чөйрөдөгү саясатты иштеп чыгууга ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ишине, анын статусуна, миссиясына жана функционалдык ыйгарым укуктарына ылайык келбеген сырткы оордуктан иш жүзүндө арылуу үчүн расмий «чыпкаларды» коюу. Мындай «чыпкалар» төмөнкүлөр болушу мүмкүн:
кайсы бир адамдар үчүн улуттук деңгээлде, ал эми кайсы бир адамдар үчүн тийиштүү чыгармачылык союздардын жана башка коомдук бирикмелердин алкагында маараке өткөрүү мүмкүндүгүн аныктаган ченемдик укуктук деңгээлде негизделген жана ачык критерийлерди бекитүү;
ММТМдин жетекчилигинин алдында мааракелик иш-чараларды өткөрүүгө мораторий жарыялоо.
- маданий чөйрөдөгү мамлекеттик органдардын биргелешкен ишин конкреттүү коомдук-кабыл алуу жыйынтыктарына багыттоо үчүн алардын өз ара аракеттенүүсүнүн так регламентин киргизүү. Бул үчүн маданий чөйрөдөгү документтерди даярдоо сапатынын стандарттарын киргизүү менен мамлекеттик башкаруунун бардык деңгээлинде мамлекеттик чечимдерди макулдашуу жана кабыл алуу жол-жоболорун оптималдаштыруу боюнча сунуштар иштелип чыгат.
- маданий кызматкерлердин ишине дем берүүчү прогрессивдүү ченемдик укуктук база түзүү. Мисалы, чыгармачылык иштин өзгөчөлүгүн эске алуу менен искусство кызматкерлерин жалдоонун контракттык тутумун киргизүү үчүн мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө багытталган Эмгек кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү аркылуу. Бул маданий чөйрөдө адамдык ресурстарды заманбап башкаруу механизмин ар бир чыгармачылык жамаатка башкаруучу аудит[9] жүргүзүүнүн жыйынтыгы боюнча 10 пилоттук негизде киргизүү зарыл.
- бардык маданий субъекттерин жыйынтык боюнча башкаруу жана программалык бюджеттөө принциптерине өткөрүү аркылуу маданий чөйрөнү жалпы мамлекеттик чыгымдардын 3 %на чейин мыйзамга ылайык каржылоону камсыздоо;
- Кыргыз Республикасынын Улуттук статистикалык комитетинин статистикалык иштеринин жылдык планына бардык маданий секторлордун ишинин натыйжалуулугун көзөмөлдөгөн индикаторлорду ченөөнү киргизүү. Тактап айтканда төмөнкүлөр зарыл:
- маданият иши жөнүндө толук кандуу сүрөт алуу үчүн маданий чөйрөдө статистикалык маалымат чогултуу, иштеп чыгуу тутумун оптималдаштырууга көмөк көрсөтүү;
- алардын бюджеттик классификациясына ылайык статистикалык отчеттуулук, алардын ишин баалоонун объективдүү критерийлери, өзгөчө аймактардын деңгээлинде маданий керектөөлөргө талдоо жүргүзүү боюнча маданий мекемелердин негизги иш көрсөткүчтөрүн иштеп чыгуу;
- улуттук статистиканы ЮНЕСКОнун сунуштарына ылайык келтирүү;
- ведомстволук деңгээлдеги көрсөткүчтөр тутумун жаңылоону жана толуктоону камсыздоо, мисалы, тарыхый-маданий мурас жана чыгармачылык индустрия боюнча.
Бул максатка жетүүнүн жүрүшүн ченөө үчүн төмөнкү индикаторлор колдонулат (алардын айрымдарын биринчи ченөө зарыл):
№ | Индикаторлор |
И1Ц2 | Маданиятты өнүктүрүү боюнча бул стратегиялык документти ишке ашыруу убагында министрлердин алмашкан саны |
И2Ц2 | Маданиятты өнүктүрүү боюнча бул стратегиялык документти ишке ашыруу убагында министрлердин орун басарларынын алмашкан саны |
И3Ц2 | Маданиятты өнүктүрүү боюнча бул стратегиялык документти ишке ашыруу убагында статс-катчылардын алмашкан саны |
И4Ц2 | ММТМдин жетекчилигинин алдында өткөрүлгөн мааракелик иш-чаралардын саны |
И5Ц2 | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты тарабынан ММТМге жеткире иштеп чыгуу үчүн кайтарылып берилген документтердин саны |
И6Ц2 | Жыйынтык боюнча башкаруу принциптерин жана бюджеттик программалоо принциптерин өзүнүн ишине киргизген субъекттердин саны |
И7Ц2 | Контракттык негизге өткөн маданий мекемелеринин саны |
И8Ц2 | Мамлекеттик чыгымдардын жалпы көлөмүндө ММТМ чөйрөсүн каржылоо үлүшү |
И9Ц2 | Улуттук статкомдун жылдык планына киргизилген маданият боюнча индикаторлордун саны |
3) маданиятты мамлекеттик башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу аркылуу ата мекендик көрүүчүлөрдүн искусствого жана улуттун чыгармачылык дараметине көңүлүн буруу үчүн жагымдуу маданий чөйрөнү түзүү. Бул үчүн төмөнкүлөр зарыл:
3.1) практикалык деңгээлде иштеген маданий чөйрөнү стратегиялык пландоо жана практикалык жыйынтыктарга багытталган өнүктүрүүнүн заманбап шарттарына укуктук ыңгайлаштыруу механизмдерин киргизүү. Бул үчүн «стратегиялык пландоо» жана «ЧУАны иштеп чыгуу» процесстерин аткаруу боюнча маданий чөйрөдөгү саясатты иштеп чыгууга ММТМдин мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү.
Ушул максаттын чечилишинин жүрүшүн өлчөө үчүн төмөнкү индикаторлор колдонулат:
№ | Индикаторлор |
И1Ц3.1 | Маданий чөйрөдө кабыл алынган стратегиялык документтердин пландаштырылган документтердин жалпы санына карата салыштырма салмагы |
И2Ц3.1 | Маданий чөйрөдө кабыл алынган ЧУАнын пландаштырылган ЧУАнын жалпы санына карата салыштырма салмагы |
3.2) маданий чөйрөдөгү мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жана жеткиликтүүлүгүн өзгөчө айыл жеринде жогорулатуу. Ал үчүн төмөнкүлөр талап кылынат:
- кызмат көрсөтүүлөр сапатынын стандарттарын маданият мекемелеринин ишине киргизүү,
- өлкөнүн жарандарынын реалдуу орундашуусунун түзүмүнө жана динамикасына ылайык маданий инфратүзүмүн өнүктүрүүнү жана модернизациялоону камсыздоо. Ушул максаттын чечилишинин жүрүшүн өлчөө үчүн төмөнкү индикаторлор колдонулат:
№ | Индикаторлор |
И1Ц3.2 | Маданияттын инфратүзүмүнүн мамлекеттик жана муниципалдык объекттеринин паспортуна кирген маданий мекемелердин саны |
И2Ц3.2 | Оңдолгон маданий мекемелердин саны |
И3Ц3.2 | Жабдуулары жаңыртылган маданий мекемелердин саны |
И4Ц3.2 | Маданий чөйрөдө мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр боюнча киргизилген сапаттык стандарттардын саны |
3.3) маданий мурасты ишенимдүү сактоо, кепилдик менен коргоо, үнөмдүү пайдалануу жана коомдук популярдаштыруу, ошондой эле эл аралык алдыга жылдыруу тутумун жолго коюу. Буга байланыштуу төмөнкүлөр зарыл:
- ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк маданий жана табигый мурасынын тизмесине ата мекендик ТММ объекттерин киргизүү аркылуу алардын баалуулугун дүйнөлүк таануу;
- эл аралык талаптарга шайкеш келген ТММдин ченемдик укуктук базасын түзүү;
- ТММ объекттерине республикалык деңгээлде ревизия жүргүзүү, картографиялоо жана санарип паспорттоштуруу;
- ТММ объекттерин калыбына келтирүү боюнча практикалык пландарды ишке ашыруу;
- маданий туризмди өнүктүрүү үчүн бирдиктүү географиялык карта түзүү аркылуу туристтик каттамдарды ТММ объекттеринин каттамдары менен интеграциялоо. Ушул максаттын чечилишинин жүрүшүн өлчөө үчүн төмөнкү индикаторлор колдонулат:
№ | Индикаторлор |
И1Ц3.3 | Өлкөнүн республикалык маанидеги тарыхый жана маданий эстеликтеринин мамлекеттик тизмесине киргизилген тарыхый-маданий мурасынын объекттеринин саны |
И2Ц3.3 | Өлкөнүн республикалык маанидеги тарыхый жана маданий эстеликтеринин мамлекеттик тизмесине киргизилген, паспорту бар тарыхый-маданий мурасынын объекттеринин саны |
И3Ц3.3 | ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк маданий жана табигый мурасынын тизмесине киргизилген маданий мурасынын объекттеринин саны |
И4Ц3.3 | ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк маданий жана табигый мурасынын тизмесине киргизүү үчүн берилген маданий мурасынын объекттеринин саны |
И5Ц3.3 | Материалдык эмес мурастардын элементтеринин улуттук тизмегине киргизилген материалдык эмес маданий мурасынын элементтеринин жалпы саны |
И6Ц3.3 | ЮНЕСКОнун Адамзаттын материалдык эмес маданий мурасынын репрезентативдик тизмесине киргизилген материалдык эмес маданий мурасынын элементтеринин саны |
И7Ц3.3 | ТММ объекттери менен байланышкан, расмий бекитилген туристтик каттамдардын саны |
3.4.) өлкөнүн тарыхын сактоодо жана түзүүдө, өсүп келе жаткан муунду тарбиялоодо музейлердин мамлекеттик маанисин жана ролун жогорулатуу менен музейлерди калыбына келтирүүгө жана орун алышына жетишүү. Бул үчүн төмөнкүлөр талап кылынат:
- ченемдик укуктук чөйрөнү музей ишин уюштуруунун дүйнөлүк стандарттарына шайкеш келтирүү;
- өлкөнүн жарандарынын жана чет өлкөлүк туристтердин суроо-талабынын спектрине багытталган музейлерди башкаруунун заманбап усулдарын киргизүү;
- илимий, фонддук, маданий-билим берүү иши боюнча музейлердин иш стандарттарын (ченемдерин) киргизүү;
- ТММ объекттерин бузган ишке тыюу салууну, зарыл заманбап жабдууларды коюуну ж.б. кошуу менен, коопсуздук стандарттарын киргизүү. Ошону менен бирге эле музейлик предметтер жөнүндө маалыматтарды сактоонун бирдиктүү тутумун түзүү зарыл, ал бул маалыматтардын сакталышына кепилдик берет.
- ТММдин коллекцияларын мамлекеттик деңгээлде камсыздандыруу жана камсыздандыруучу баалоо механизмин иштеп чыгуу;
- музейлик коллекцияларды билим берүү, эл аралык кызматташтык, туризм ж.б. мамлекеттин айрым иш чөйрөлөрүнө өз ара пайдалуу интеграциялоо;
- өлкөнүн бардык типтеги музейлеринин бирдиктүү регистрин жана музейлик баалуулуктарды эсепке алуунун электрондук базасын түзүү, бардык коллекцияларды санариптөөнү кошуу менен;
- өлкөнүн музейлерин өнүктүрүүнүн жана инфратүзүмүн реконструкциялоонун, техникалык жабдуусун модернизациялоонун, ошондой эле фонддорун жаңылоонун практикалык планын ишке ашыруу;
- бюджеттик жана бюджеттик эмес каражаттарды тартуу, көркөм искусство азыктарына мамлекеттик табыштамаларды түзүү жана алардын мыктысына конкурс өткөрүү ж.б. аркылуу музейлик фонддорду комплектөө механизмдерин иштеп чыгуу;
- музей ишинин адистерин даярдоого мамлекеттик табыштаманы киргизүү;
- музейлерди өлкөнүн туристтик каттамдарына интеграциялоо;
- мамлекеттик кызыкчылыктарда Илимдер академиясы менен музейлердин өз ара аракеттенүүсүн бир маанилүү тартипке келтирүү;
- калкты жана туристтерди Кыргыз Республикасынын тарыхы менен тааныштырууда музей ишинин маанисин кеңири пропагандалоону камсыздоо. Ушул максаттын чечилишинин жүрүшүн өлчөө үчүн төмөнкү индикаторлор колдонулат:
№ | Индикаторлор |
И1Ц3.4 | Музейлерге баргандардын саны |
И2Ц3.4 | Бирдиктүү регистрге кирген өлкөнүн музейлеринин үлүшү |
И3Ц3.4 | Бирдиктүү маалыматтар базасына музейлик баалуулуктары толук кирген музейлердин үлүшү |
И4Ц3.4 | Музей фондусун жаңыртууга бөлүнгөн бардык финансылык каражаттардын көлөмү |
И5Ц3.4 | Жабдуулар менен камсыздалган музейлердин саны |
И6Ц3.4 | Өлкөнүн реконструкцияланган музейлеринин саны |
И7Ц3.4 | Өлкөнүн музейлеринде кадрлардын келип-кетүү деңгээли |
И8Ц3.4 | Барууга музейлер киргизилген расмий туристтик каттамдардын саны |
И9Ц3.4 | Кыргыз Республикасынын Илимдер академиясы тарабынан республиканын музейлерине расмий өткөрүп берилген ТММ объекттеринин саны |
И10Ц3.4 | Санариптелген музейлик коллекциялардын саны |
3.5) өлкөнүн калкын, өзгөчө өсүп келе жаткан муунду агартууда китепканалардын ролун жана мамлекеттик маанисин жогорулатуу үчүн Кыргыз Республикасынын жарандарынын ата мекендик жана дүйнөлүк деңгээлдеги билим берүү, илимий, маалыматтык ресурстарга эркин жетүүсүн кеңейтүү. Бул үчүн төмөнкүлөр зарыл:
- ченемдик укуктук чөйрөнү китепканалык ишти уюштуруунун дүйнөлүк стандарттарына шайкеш келтирүү. Биринчи кезекте, «Китепканалык иш жөнүндө», «Документтердин милдеттүү нускасы жөнүндө», «Автордук укук жөнүндө», «Басма иши жөнүндө», «Меценаттык жана кайрымдуулук ишмердиги жөнүндө» ж.б. сыяктуу мыйзамдар;
- ата мекендик окурмандардын суроо-талабынын спектрине багытталган китепканаларды башкаруунун заманбап усулдарын киргизүү;
- бюджеттик жана бюджеттик эмес каражаттарды тартуу, мамлекеттик табыштамаларды түзүү ж.б. аркылуу китепканалык фонддорду кыргыз тилиндеги адабияттар менен комплектөө механизмдерин иштеп чыгуу;
- өлкөнүн элдик китепканаларынын жана алардын фонддорунун бирдиктүү электрондук реестрин жаңыртуу;
- бардык кызыкдар жактарды тартуу менен китепканаларды куруу, реконструкциялоо жана модернизациялоо боюнча орто мөөнөттүү план иштеп чыгуу;
- китепканалык иш адистерин даярдоого жана алардын квалификациясын жогорулатууга мамлекеттик табыштамаларды киргизүү;
- окурманды китепканага тартуунун жаңычыл форматтарын киргизүү;
- муниципалдык китепканалардын ишинин квалификациялык стандарттарын иштеп чыгуу. Ушул максаттын чечилишинин жүрүшүн өлчөө үчүн төмөнкү индикаторлор колдонулат:
№ | Индикаторлор |
И1Ц3.5 | Китепканаларга баргандардын саны |
И2Ц3.5 | Китепканалык иш жөнүндө пландалган ЧУАнын кабыл алынгандарынын саны |
И3Ц3.5 | Бирдиктүү регистрге кирген өлкөнүн китепканаларынын үлүшү |
И4Ц3.5 | Китепкана фондун жаңылоого бөлүнгөн бардык финансылык каражаттардын көлөмү |
И5Ц3.5 | Жаңы жабдуулар менен камсыздалган китепканалардын саны |
И6Ц3.5 | Өлкөнүн реконструкцияланган китепканаларынын саны |
И7Ц3.5 | Өлкөнүн китепканаларында кадрлардын келип-кетүү деңгээли |
3.6.) маданият үйлөрүн айылдагы маданий өсүүнүн түйүнү кылуу. Бул үчүн төмөнкүлөр зарыл:
- ата мекендик окурмандардын суроо-талабынын спектрине багытталган маданият үйлөрүн башкаруунун заманбап усулдарын киргизүү;
- мамлекеттик жана жергиликтүү башкаруу органдарынын айыл өкмөтүнүн деңгээлинде маданият үйлөрүн башкаруу ыйгарым укуктарын так бөлүштүрүү;
- маданият үйлөрүнүн ишине милдеттүү талаптарды жана чектөөлөрдү коюу менен алардын иши боюнча ченемдик укуктук чөйрөнү киргизүү;
- өлкөнүн бардык маданият үйлөрүнүн жана алардын фонддорунун бирдиктүү электрондук реестрин киргизүү;
- маданият үйлөрүнүн инфратүзүмүн калыбына келтирүүнү, модернизациялоону жана өнүктүрүүнү камсыздоо;
- маданият үйлөрүнүн кызматкерлерин окутуу жана даярдоо программасын киргизүү;
- маданият үйлөрүн региондор боюнча искусство артисттеринин концерттик каттамдары менен интеграциялоо. Ушул максаттын чечилишинин жүрүшүн өлчөө үчүн төмөнкү индикаторлор колдонулат:
№ | Индикаторлор |
И1Ц3.6 | Бирдиктүү регистрге кирген маданият үйлөрүнүн саны |
И2Ц3.6 | Калыбына келтирилген, реконструкцияланган жана курулган маданият үйлөрүнүн саны |
И3Ц3.6 | «Социалдык-маданий ишмердигинин менеджери» адистиги боюнча окуу жайларынын бүтүрүүчүлөрүнүн саны |
И4Ц3.6 | ММТМ мекемелери тарабынан айылдык маданият үйлөрү боюнча уюштурулган концерттик регионалдык каттамдардын саны |
И5Ц3.6 | Өлкөнүн маданият үйлөрүндө кадрлардын келип-кетүү деңгээли |
3.7) ата мекендик кесиптик искусствосун активдүү өнүктүрүү жана өлкөнүн калкын анын чыгармаларына кызыктыруу үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү. Буга байланыштуу төмөнкүлөр талап кылынат:
- калктын арасында рухий жана маданий баалуулуктарды пропагандалоо объекттери катарында театрларды өнүктүрүүгө дем берген ченемдик укуктук чөйрөнү киргизүү;
- театрлардын репертуарын көрүүчүлөрдүн керектөөсүнө багыттоо, мамлекеттик табыштамаларды кошуу менен;
- театралдык искусствонун ата мекендик артисттерин ата мекендик жана эл аралык фестивалдарга жана конкурстарга катышуусун колдоо;
- театралдык мекемелерди модернизациялоонун практикалык планын ишке ашыруу;
- театралдык, музыкалык мекемелердин жана чыгармачылык жамааттардын жетекчилик жана кадр иштерин бекитилген критерийлер боюнча дайыма объективдүү баалоо аркылуу аларга адамдык ресурстарды башкаруунун заманбап усулдарын киргизүү;
- коомдук-кабыл алуу жыйынтыгы боюнча театралдык мекемелерди программалык бюджеттөө принциптерине которуунун практикалык планын ишке ашыруу;
- бүтүрүүчү комиссиянын багыттамасы боюнча маданий жогорку окуу жайларынын бүтүрүүчү-бюджетниктерин милдеттүү иштетүү үчүн мыйзам базасын иштеп чыгууну демилгелөө;
- «Чыгармачылык союздар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун иштеп чыгуу аркылуу мамлекеттин чыгармачылык союздар менен кызматташуусунун өнөктөштүк принциптерин киргизүү. Ушул максаттын чечилишинин жүрүшүн өлчөө үчүн төмөнкү индикаторлор колдонулат:
№ | Индикаторлор |
И1Ц3.7 | Театралдык - оюн-зоок мекемелерине баруу деңгээли |
| Спектаклдердин коюлган премьераларынын саны |
И2Ц3.7 | Театралдык искусствонун ата мекендик артисттеринин эл аралык конкурстарда ээлеген байгелик орундарынын саны |
И3Ц3.7 | Капиталдык оңдоодон өткөн театралдык мекемелердин саны |
И4Ц3.7 | Амортизациялоонун мөөнөтү өткөн ченемдери менен театралдык жабдуулары жаңыртылган театралдык мекемелердин саны |
И5Ц3.7 | Кепилдик мөөнөтүн бузуу менен театралдык кийимдери жаңыртылган театралдык мекемелердин саны |
И6Ц3.7 | Контракттык иштөө тутумуна өткөн театралдык мекемелердин саны |
И7Ц3.7 | ММТМдин алдындагы комиссия тарабынан баалоо жүргүзүлгөн ТОМ мекемелеринин саны |
И8Ц3.7 | Өлкөнүн ТОМ мекемелеринде кадрлардын келип-кетүү деңгээли |
3.8) кыргыз кинематографиясынын дараметинин жана мүмкүнчүлүгүнүн, ошондой эле көрүүчүлүк популярдуулугунун прогрессивдүү өсүү динамикасын камсыздоо. Ошону менен бирге эле төмөнкүлөр зарыл:
- коомдук-кабыл алуу жыйынтыгына багытталган ата мекендик киноиндустрияны заманбап башкарууну киргизүү;
- заманбап фильмдерди тартуу үчүн «Кыргызфильм» УКнын заманбап технологиялык базасын түзүү (заманбап үн-залдар, кино тартуу павильону, тартуу камерасын, кинооптика, оператордук кран, атайын автотранспорт, лицензиялык компьютердик программаларды жана жарык берүү үчүн жабдууларды ж.б. сатып алуу) ;
- улуттук жана жогорку көркөм маанилүү кино чыгармаларын тартууга жылдык мамлекеттик табыштамаларды түзүү, балдар киносун жана анимациялык фильмдерди кошуу менен ;
- өлкөнүн жарандарынын түрдүү категорияларынын арасында кыргыз киносун дайыма даректик жана жеткиликтүү пропагандалоо, түрдүү номинациялар боюнча мыкты ата мекендик кинопродукциясын аныктоо үчүн кинофестиваль өткөрүүнү кошуу менен;
- эл аралык кинофестивалдарда байгелик орундарды ийгиликтүү ээлөөгө татыктуу кинодолбоорлордун сапатын, ошондой эле сапаттык стандарттарды киргизүү аркылуу дүйнөлүк кинорынокторунда көрүүчүлөрдүн популярдуулугун жогорулатуу;
- ата мекендик киноиндустриянын реалдуу керектөөлөрүнө ылайык кино чөйрөсүндө квалификациялуу жана кесиптик кадрларды даярдоо;
- регионалдык кинотеатрлардын жана маданият үйлөрүнүн инфратүзүмүн өнүктүрүү жана модернизациялоо, техникалык жабдуу, ошондой эле көчмө кинонун мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү аркылуу айыл калкын тейлөөнүн сапатын жогорулатуу;
- кинематография чөйрөсүндөгү МЖӨ (мамлекеттик-жеке өнөктөштүгү) долбоорлорун иштеп чыгуу;
- чечимдерди кабыл алуу процессинде тазалыкты, коллегиалдуулукту жана кесиптик этиканы камсыздоо аркылуу мамлекеттик жана көз карандысыз кино уюмдарын бириктирүүчү бирдиктүү коомдук аянт түзүү;
- өсүп келе жаткан муунду рухий өнүктүрүү жана тарбиялоо, «Кыргызфильм» улуттук киностудиясынын алтын фондун сактоо үчүн кинону, фото жана фоно материалдарын инвентаризациялоону, санариптөөнү, архивдештирүүнү жүргүзүү;
- фильмдерди тартууну кошумча бюджеттик эмес каржылоо үчүн эл аралык тажрыйбаны изилдөө базасында кино чыгарууну колдоонун альтернативдүү механизмдерин иштеп чыгуу. Ушул максаттын чечилишинин жүрүшүн өлчөө үчүн төмөнкү индикаторлор колдонулат:
№ | Индикаторлор |
И1Ц3.8 | Кинотеатрларга баруу деңгээли |
И2Ц3.8 | Көрсөтүлгөн фильмдердин саны |
И3Ц3.8 | Кыска метраждуу фильмдердин саны |
И4Ц3.8 | Документалдуу фильмдердин саны |
И5Ц3.8 | Автокөчмө кино түзүлүштөрүнүн саны |
И6Ц3.8 | Автокөчмө кино түзүлүштөрү аркылуу көрсөтүлгөн фильмдердин саны |
И7Ц3.8 | Автокөчмө кино түзүлүштөрү аркылуу тейленген көрүүчүлөрдүн саны |
И8Ц3.8 | кинематография чөйрөсүндө иштелип чыккан МЖӨ долбоорлорунун саны |
И9Ц3.8 | Мамлекеттик табыштамаларды республикалык бюджеттен каржылоонун жалпы көлөмү |
И10Ц3.8 | Өлкөнүн кинематография мекемелеринде кадрлардын келип-кетүү деңгээли |
3.9) маданий чөйрөдө билим берүү жана кадрларды иш менен камсыздоо саясатын искусство мекемелеринин реалдуу керектөөлөрүнө багыттоо. Бул үчүн төмөнкүлөр зарыл:
- маданий мекемелердин бардык талап кылынган адистиктер боюнча кадрларга болгон суроо-талап спектринин масштабын жана түрдүүлүгүн жыл сайын аныктоо;
- маданий чөйрөдөгү квалификациялуу адистерди даярдоодо ата мекендик билим берүү тутуму үчүн мамлекеттик табыштамалар механизмдерин киргизүү;
- эл аралык макулдашууларга кол коюу аркылуу маданий чөйрөдөгү кадрларды чет өлкөдө даярдоо үчүн квотага жетишүү;
- прогрессивдүү эл аралык тажрыйбага таянган кайра даярдоонун заманбап курстары аркылуу окутуучулук курамдын мүмкүнчүлүгүн жогорулатуу;
- музыкалык окуу жайларынын инфратүзүмүн реконструкциялоонун, ошондой эле аларды музыкалык аспаптар жана колдонмолор менен жабдуунун практикалык планын ишке ашыруу;
- ишти баалоонун так критерийлерин иштеп чыгуу аркылуу түрдүү номинациялар боюнча маданият чөйрөсүндөгү мыкты билим берүү мекемесине дайыма конкурс өткөрүү;
- квалификациялык талаптарды бекитүү жана аттестациялык комиссия түзүү аркылуу маданий чөйрөдөгү баштапкы жана орто билим берүү мекемелеринин окутуучулук курамына дайыма аттестация өткөрүү;
- орто-атайын окуу жайларынын бюджеттик бүтүрүүчүлөрүнүн жогорку кесиптик музыкалык билим алууга кызыкдар болушу үчүн кызыктыруу тутумун иштеп чыгуу ;
- республиканын билим берүү мүмкүнчүлүгүн тартуу менен өзгөчө зээндүү жаш таланттарды эл аралык аренага даярдоонун жана алдыга жылдыруунун билим берүү программасын мамлекеттик деңгээлде иштеп чыгуу;
- маданий чөйрөдөгү адистерди даярдоо жана кайра квалификациялоо боюнча жогорку курстарды ачууну демилгелөө;
- эл аралык тажрыйбага ылайык музыкант-аткаруучулар жана музыка изилдөөчү аспирантура үчүн ассистентура-стажировка институтун киргизүү боюнча ченемдик укуктук негизди иштеп чыгуу;
- Абдраев атындагы республикалык орто атайын музыкалык мектеп-интернатына келечекте окутуу үчүн региондордо таланттуу балдарды тандоону жыл сайын, чыгармачылык жамааттардын көчмө гастролдорун кошуу менен жүргүзүү. Ушул максаттын чечилишинин жүрүшүн өлчөө үчүн төмөнкү индикаторлор колдонулат:
№ | Индикаторлор |
И1Ц3.9 | Маданий чөйрөдөгү ата мекендик билим берүү мекемелеринин жождорунун бүтүрүүчүлөрүнүн саны |
И2Ц3.9 | Маданий чөйрөдөгү ата мекендик билим берүү мекемелеринин орто-атайын окуу жайларынын бүтүрүүчүлөрүнүн саны |
И3Ц3.9 | Маданий чөйрөдөгү чет өлкөлүк билим берүү мекемелеринин бүтүрүүчүлөрүнүн саны |
И4Ц3.9 | Маданий чөйрөдөгү билим берүү мекемелеринин адистиги боюнча ата мекендик рынокко ишке орношкон бүтүрүүчүлөрүнүн саны |
И5Ц3.9 | Реконструкцияланган музыкалык мектептердин саны |
И6Ц3.9 | Жаңы музыкалык аспаптар менен жабдылган БММ, БКМ, БИМ саны |
И7Ц3.9 | Маданий чөйрөдөгү билим берүү мекемелеринин кайра даярдоодон өткөн окутуучуларынын саны |
И8Ц3.9 | Өлкөнүн маданий чөйрөдөгү жогорку окуу жайларында кадрлардын келип-кетүү деңгээли |
И9Ц3.9 | Өлкөнүн маданий чөйрөдөгү орто-атайын окуу жайларында кадрлардын келип-кетүү деңгээли |
3.10) маданият саясатында башкаруучу чечимдерди илимий-усулдук кабыл алууну камсыздоо. Бул үчүн төмөнкүлөр зарыл:
- илимий-усулдук борборду калыбына келтирүү;
- маданият боюнча изилдөө иштерин жүргүзүүгө тематикалык пландарды дайыма бекитүү;
- маданий чөйрөдөгү илимий иштеп чыгуулардын тематикалык пландарын аткарууну туруктуу финансылык коштоо үчүн мамлекеттик табыштама механизмин киргизүү. Ушул максаттын чечилишинин жүрүшүн өлчөө үчүн төмөнкү индикаторлор колдонулат:
№ | Индикаторлор |
И1Ц3.10 | Маданий чөйрөдө жүргүзүлгөн илимий изилдөөлөрдүн жалпы саны |
И2Ц3.10 | Мамлекеттик табыштама боюнча маданий чөйрөдө жүргүзүлгөн илимий изилдөөлөрдүн жалпы саны |
3.11) маданиятты дүйнөлүк деңгээлде пропагандалоо жана популярдаштыруу, ошондой эле эл аралык кызматташтыкты кеңейтүү жана активдештирүү аркылуу Кыргыз Республикасынын кадыр-баркын жаратуу. Ошону менен бирге эле төмөнкүлөр талап кылынат:
- маданий чөйрөдө башка өлкөлөр менен эл аралык байланышты өнүктүрүүнү жана бекемдөөнү камсыздоо;
- маданий чөйрөдө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн эл аралык милдеттенмелерине инвентаризация жүргүзүү жана баалоо;
- Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү элчиликтеринин кыргыз маданиятын алдыга жылдырууга катышуусунун расмий жол-жоболорун тартипке келтирүү;
- Кыргыз Республикасына маданий чөйрөдө көмөк көрсөткөн эл аралык уюмдар жана донор-өлкөлөр менен туруктуу жана өз ара пайдалуу кызматташтыкты жолго коюу. Ушул максаттын чечилишинин жүрүшүн өлчөө үчүн төмөнкү индикаторлор колдонулат:
№ | Индикаторлор |
И1Ц3.11 | Маданий чөйрөдө кол коюлган көп жактуу эл аралык макулдашуулардын саны |
И2Ц3.11 | Маданий чөйрөдө кол коюлган эки жактуу эл аралык макулдашуулардын саны |
И3Ц3.11 | Маданий чөйрөдө аткарылган эл аралык милдеттенмелердин жалпы санынын салыштырма салмагы |
И4Ц3.11 | Эл аралык макулдашуулардын алкагында ишке ашырылган долбоорлордун саны |
3.12) маданий чөйрөнү өнүктүрүүдө өлкөнүн бардык кызыкдар жактары менен өнөктөштүк кызматташууну жолго коюу. Ушуга байланыштуу төмөнкүлөр талап кылынат:
- бизнес коомчулуктун арасында маданий чөйрөдөгү меценаттыкты жана демөөрчүлүктү өнүктүрүү үчүн ыңгайлуу ченемдик укуктук шарттарды түзүү;
- бардык чыгармачылык коомдук уюмдарды министрликтин ишине катыштыруу үчүн туруктуу иштеген коммуникациялык аянттарды ишке тартуу;
- таасирдүү институционалдык механизмдер аркылуу маданий чөйрөдөгү волонтерлукту өнүктүрүүгө дем берүү;
- мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын арасында маданиятты популярдаштыруу;
- ар бир жарандын жашоосунда маданиятты популярдаштыруу боюнча даректик жана калктын ар бир категориясы үчүн түшүнүктүү болгон PR-кампания жүргүзүү. Ушул максаттын чечилишинин жүрүшүн өлчөө үчүн төмөнкү индикаторлор колдонулат:
№ | Индикаторлор |
И1Ц3.12 | Министрлик тарабынан өткөрүлгөн маданият боюнча PR продуктулардын саны |
И2Ц3.12 | Эл аралык уюмдар жана донор-өлкөлөр менен бирдикте ишке ашырылган долбоорлордун саны |
И3Ц3.12 | Чет өлкөдөгү Кыргыз Республикасынын элчиликтери менен бирдикте ишке ашырылган долбоорлордун саны |
И4Ц3.12 | ММТМ тарабынан коомдук уюмдар менен бирдикте өткөрүлгөн маданий чөйрөдөгү иш-чаралардын саны |
И5Ц3.12 | Мамлекеттик органдар жана ЖӨБ органдарынын арасында ММТМ тарабынан өткөрүлгөн маданий чөйрөдөгү конкурстардын саны |
3.13) реалдуу абалды объективдүү чагылдыруу үчүн маданият чөйрөсүндө статистикалык көрсөткүчтөрдү жаңылатуу:
- реалдуу кырдаалды объективдүү чагылдыруу үчүн маданий чөйрөдөгү расмий статистикалык көрсөткүчтөрдү жаңыртуу;
- тармактык жана улуттук статистикалык отчеттуулук үчүн маданий мекемелердин ишинин натыйжалуулугунун негизги индикаторлорун киргизүү;
- булактарды жана жооптуу адамдарды аныктоо менен маданий чөйрөдө түрдүү деңгээлдеги стратегиялык документтерди ишке ашыруу мониторинги жана баалоо тутумунун индикаторлорун дайыма ченөөгө жетишүү;
- маданий чөйрөдө зарыл жаңы индикаторлорду Улуттук статистикалык комитеттин статистикалык иштеринин жылдык планына кошуу боюнча сунуш киргизүү. Ушул максаттын чечилишинин жүрүшүн өлчөө үчүн төмөнкү индикаторлор колдонулат:
№ | Индикаторлор |
И1Ц3.13 | Туруктуу негизде расмий ченелбеген маданиятты өнүктүрүү мониторингинин жана баалоонун жалпы тутумунда индикаторлордун үлүшү |
4) маданиятты өнүктүрүү боюнча стратегиялык документти ишке ашырууда шайкеш институционалдык колдоону камсыздоо. Ошону менен бирге эле төмөнкүлөр милдеттүү зарыл:
4.1) ар бир башкаруу субъектке так ченелүүчү стратегиялык максаттарды коюу менен, аларга жетүүдө жоопкерчиликти жеке бөлүштүрүү менен, маданиятты мамлекеттик башкаруу тутумунун ар бир деңгээлинде жыйынтыктар боюнча башкаруу принциптерин киргизүү;
4.2) маданиятты мамлекеттик башкаруунун бардык тутумунун иш үлгүсүн коюлган стратегиялык максаттарга баш ийдирүү, төмөнкүлөр аркылуу:
- маданиятты мамлекеттик башкаруунун бардык тутумунун күнүмдүк ишине башкаруучу аудит (диагностика) жүргүзүү;
- бардык бизнес-процесстерди формалдаштыруунун жана типтештирүүнүн бирдиктүү стандарттарына келтирүү;
- маданиятты өнүктүрүүгө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, анын түзүмдүк жана ведомстволук бөлүнүштөрүнүн жоболорунда бардык бизнес процесстерди расмий бекитүү;
- бекитилген бизнес-процесстердин тизмесин ишке ашырууда түрдүү деңгээлдеги жетекчилердин арасында башкаруучу ролду бир маанилүү бөлүштүрүү;
- ар бир этапты аткаруунун логикалык ырааттуулугун, конкреттүү мөөнөттөрүн жана жеке жоопкерчиликти, ошондой эле мамлекеттик документтерди техникалык, сапаттык жана юридикалык экспертизалоо боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Регламентине ылайык келген милдеттүү талаптарды аныктоо менен бардык бизнес процесстерди так регламенттөө.
4.3) башкаруу тутумун долбоорлоонун заманбап принциптерине ылайык маданиятты өнүктүрүүгө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ишин жаңы жүктөөнү камсыздоо. Ошону менен бирге эле төмөнкүлөр зарыл:
- жаңыланууларды даярдоонун бирдиктүү «Негизги борборун» түзүү;
- бардык башкаруу деңгээлинде жана бардык кызыкдар жактардын арасында алдыдагы жаңыланууларды колдоонун зарыл «критикалык массасына» жетишүү;
- азыркы учурда каалаган типтеги мамлекеттик органдарды түзүү үчүн милдеттүү нускама болуп саналган башкаруу тутумун долбоорлоонун заманбап стандарттарынын базасында гана бардык өзгөртүүлөрдү жүргүзүү. Ушул максаттын чечилишинин жүрүшүн өлчөө үчүн төмөнкү индикаторлор колдонулат:
№ | Индикаторлор |
И1Ц4 | Министрликтин жогорку деңгээлдеги максаттарынын саны |
И2Ц4 | Жогорку деңгээлдеги бизнес процесстердин (функциялардын) саны |
И3Ц4 | Маданиятты өнүктүрүүгө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын түзүмүндө жогорку деңгээлдеги уюштуруучу бирдиктердин саны |
И4Ц4 | Маданиятты өнүктүрүүгө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын борбордук аппаратынын жалпы штаттык санына карата жогорку деңгээлдеги жетекчилердин үлүшү |
И5Ц4 | Маданиятты өнүктүрүүгө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын борбордук аппаратынын жалпы штаттык санына карата орто деңгээлдеги жетекчилердин үлүшү |
И6Ц4 | Маданиятты өнүктүрүүгө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын борбордук аппаратынын жалпы штаттык санына карата кызматкерлердин үлүшү |
И7Ц4 | Карьера жактан өскөн кызматкерлердин саны |
5) маданиятты мамлекеттик башкаруу тутумунда адамдык ресурстарды башкаруунун заманбап усулдарын киргизүү. Буга байланыштуу төмөнкүлөр талап кылынат:
5.1) конкурстук негизде кадрларды жалдоону жүргүзүү;
5.2) ар бир кызматкердин конкреттүү укуктары менен милдеттерин аныктоо;
5.3) бекитилген критерийлердин базасында кадрларды объективдүү баалоону жүргүзүү;
5.4) кызматкерлерге өз убагында жана сапаттуу иштөөгө дем берген кызыктыруучу тутумду иштеп чыгуу;
5.5) кадрларды даректик жана кесиптик даярдоону жана кайра даярдоону жүргүзүү. Ушул максаттын чечилишинин жүрүшүн өлчөө үчүн төмөнкү индикаторлор колдонулат:
№ | Индикаторлор |
И1Ц5 | Кадрлардын келип-кетүү деңгээли |
И2Ц5 | Бош орундардын саны |
И3Ц5 | Даярдоодон жана кайра даярдоодон өткөн кызматкерлердин саны |
И4Ц5 | Баалоонун жыйынтыгы боюнча кызматынан бошотулган кызматкерлердин саны |
И5Ц5 | Кызматы боюнча көтөрүлгөн кызматкерлердин саны |
И6Ц5 | Конкурс боюнча өткөн кызматкерлердин саны |
6) Акча каражаттарынын түшүү булактарын диверсификациялоо аркылуу маданий чөйрөнү каржылоону көбөйтүүгө жетишүү. Бул үчүн төмөнкүлөр зарыл:
6.1) ММТМди жана анын ведомстволук жана аймактык мекемелерин программалык негизде каржылоого өтүү;
6.2) Гранттарды алууга эл аралык уюмдарга жана донор-өлкөлөргө берүү үчүн долбоорлордун техникалык тапшырмаларын иштеп чыгуу;
6.3) Меценаттардан жана демөөрчүлөрдөн түшкөн каражаттарды чогултуунун, чыгымдоонун жана контролдоонун таза механизмин иштеп чыгуу;
6.4) Бюджеттик каражаттарды натыйжалуу пайдаланууну камсыздоо. Ушул максаттын чечилишинин жүрүшүн өлчөө үчүн төмөнкү индикаторлор колдонулат:
№ | Индикаторлор |
И1Ц6 | Республикалык бюджеттин чыгымдарынын жалпы көлөмүнөн маданий чөйрөнү каржылоо үлүшү |
И1Ц6 | Эл аралык донорлордон маданий чөйрөгө тартылган гранттардын көлөмү |
И1Ц7 | Меценаттардан жана демөөрчүлөрдөн маданий чөйрөгө тартылган каражаттардын көлөмү |
Жогоруда аталган максаттарга жетүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн деңгээлинде да жана маданий чөйрөдөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын деңгээлинде да жылдык иш-чаралар пландарын иштеп чыгуунун эсебинен камсыздалат.
Аталган Программаны ишке ашыруу үчүн республикалык бюджеттен тиешелүү 2016-2019-жылдарга карата божомолдонгон 8506117,1 миң сом керектелет, анын ичине 2020-жылды кошо эсептегенде. Ошону менен бирге белгилей кетчү нерсе 2020-жылга Кыргыз Республикасынын «Маданият жөнүндө» Мыйзамында каралган тиешелүү финансылык жылга республикалык бюджеттин чыгаша бөлүгүнүн үч пайызынан кем эмес өлчөмдө каражат кароо пландалган.
Маданиятты өнүктүрүү боюнча бул стратегиялык документтин мониторинги жана баалоо тутуму жогоруда аталган индикаторлордун базасында жүргүзүлөт, алардын ар бири төмөнкүдөй таблица түрүндө формалдаштырылат:
№ | Индикаторлор | Ченөө булагы | Ченөө мезгилдүүлүгү | Ченөө бирдиги |
|
|
|
|
|
Бул таблицанын ар бир бөлүгү алардын ар бирин аныктоо боюнча бардык суроолорго жооп берүүгө мүмкүндүк берет, тактап айтканда:
1. Бул индикатор кайсы максатты ченейт.
2. Мониторинг жана баалоо субъекти.
3. Мониторинг жана баалоонун мезгили.
4. Ченөө бирдиги.
Жогорку деңгээлдеги максаттарды ченөөчү индикаторлор улуттук деңгээлде өлкөнүн өнүктүрүүнүн стратегиялык документтерин ишке ашыруу мониторинги жана баалоо тутуму менен интеграцияланган, мисалы, 2013-2017-жылдардын мезгилине Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясы.
Маданиятты мамлекеттик башкаруу тутумунун ичинде маданиятты өнүктүрүүгө ММТМдин жана анын түзүмдүк жана ведомстволук бөлүнүштөрүнүн деңгээлинде төмөнкү деңгээлдеги индикаторлор колдонулат. Ушуга байланыштуу алар боюнча башкаруунун ар бир деңгээлинде тиешелүү статистикалык отчеттуулук уюштурулат. Бул үчүн отчеттуулуктун бирдиктүү форматы жана стандарттары, мөөнөттөрү жана мезгилдүүлүгү киргизилет.
Айрым индикаторлорду биринчи жолу ченөөгө туура келет, бул үчүн алар Улуттук статкомдун статистикалык иштеринин жылдык планына киргизилиши керек же алар боюнча тийиштүү методологиялык колдонмолорду иштеп чыгуу менен маалымат чогултуу боюнча иштер башталат.
Жылдын жыйынтыгы боюнча бул стратегиялык документти ишке ашыруу тажрыйбасын жана сырткы чөйрөдө өзгөргөн шарттарды эске алуу менен аны түзөтүү боюнча чаралар көрүлөт.
[1] Бакыт деген түшүнүк ден соолук, билим, үй-бүлөлүк абал, жакындардын мамилеси, экология, иштин түрү, жашаган жери, курагы ж.б. сыяктуу факторлор аркылуу аныкталган.
[2] Happy Planet Index (Дүйнөлүк бакыт индекси) рейтингин дүйнөнүн мамлекеттери үчүн New Economic Foundation британиялык изилдөө борборунун аналитиктери түзөт.
[3] “Маданият жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 35-беренеси
[4] ЮНЕСКОнун төмөнкү конвенциялары жөнүндө сөз болуп жатат:
“Дүйнөлүк маданият жана жаратылыш мурасын сактоо жөнүндө” конвенциясы;
“Материалдык эмес маданият мурасын сактоо жөнүндө” конвенциясы
[5] «Эл аралык искусство конкурстарындагы ата мекендик жеңиштердин саны» индикатору туруктуу негизде текшерилбейт
6 2010-жылдын июлунда Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин коллегиясында эки деңгээлдүү окутуу тутумуна (бакалавр-магистр) өтүү бекитилген.
[7] И1ГЦ – башкы максаттын 1-индикаторун билдирет
[8] И1Ц1 – биринчи максаттын 1-индикаторун билдирет
9 Башкаруучу аудит – бул мамлекеттик органдын бүтүн башкаруу тутуму катарында анын алдына коюлган стратегиялык максаттарды жана милдеттерди натыйжалуу аткарууга анын даярдык баскычын баалоо үчүн мамлекеттик органдын учурдагы иш үлгүсүнүн комплекстик диагностикасы.