Загрузка документа…
ПРАВИТЕЛЬСТВО КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ
ПОСТАНОВЛЕНИЕ
2015-жылдын 27-октябры № 757
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 26-октябрындагы № 637 "Акы төлөтүүчү кызмат көрсөтүүлөргө (иштерге) тарифтерди (баа) түзүүнүн методикасы жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
"Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына шайкеш келтирүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 26-октябрындагы № 637 "Акы төлөтүүчү кызмат көрсөтүүлөргө (иштерге) тарифтерди (баа) түзүүнүн методикасы жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
- аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүү (иштерди) үчүн акы төлөөнүн өлчөмүн аныктоо тартибин бекитүү жөнүндө";
- 1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Тиркелген: Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүү (иштерди) үчүн акы төлөөнүн өлчөмүн аныктоо тартиби бекитилсин.";
- 3-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Аткаруу бийлигинин органдарына жана алардын түзүмдүк жана аймактык бөлүктөрүнө, мамлекеттик жана муниципалдык мекемелерге функционалдык милдеттерин аткаруу үчүн акы алууга тыюу салынсын.";
- мамлекеттик тилдеги бүткүл тексти боюнча ар кандай жөндөмөдөгү "төлөтүүчү" деген сөз тийиштүү жөндөмөдө "төлөнүүчү" деген сөз менен алмаштырылсын;
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Акы төлөтүүчү кызмат көрсөтүүлөргө (иштерге) тарифтерди (баа) түзүүнүн методикасы жөнүндө жободо:
- жобонун аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүү (иштерди) үчүн акы төлөөнүн өлчөмүн аныктоо тартиби";
- бүткүл тексти боюнча ар кандай жөндөмөдөгү "Жобо" деген сөз тиешелүү жөндөмөдө "Тартип" деген сөз менен алмаштырылсын.;
- мамлекеттик тилдеги бүткүл тексти боюнча:
ар кандай жөндөмөдөгү "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы саясат боюнча мамлекеттик комиссиясы", "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Атаандаштыкты коргоо жана өнүктүрүү боюнча Кыргыз Республикасынын улуттук комиссиясы", "Атаандаштыкты коргоо жана өнүктүрүү боюнча улуттук комиссиясы" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдө "Кыргыз Республикасынын монополияга каршы мамлекеттик органы" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
ар кандай жөндөмөдөгү "төлөтүүчү" деген сөз тийиштүү жөндөмөдө "төлөнүүчү" деген сөз менен алмаштырылсын;
1. 1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1.1. Ушул Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүү (иштерди) үчүн акы төлөөнүн өлчөмүн аныктоо тартиби (мындан ары - Тартип) аткаруу бийлигинин органдары, алардын түзүмдүк бөлүктөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан көрсөтүлүүчү Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрине (тизмегине), Муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн базалык реестрине (мындан ары - мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн реестри) жана уруксат берүүчү документтердин реестрине киргизилген мамлекеттик органдар, алардын түзүмдүк жана аймактык бөлүктөрү, мамлекеттик жана муниципалдык мекемелер тарабынан көрсөтүлүүчү мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөргө (мындан ары - акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөр) (иштерге) тарифтерди (бааларды) түзүү боюнча бирдиктүү көрсөтмө болуп саналат.";
- 2.2-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;
- 2.3-пункту "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекитет" деген сөздөрдөн кийин ", эгерде мындай бекитүү мыйзамдарда каралган болсо, ал эми калган учурларда мамлекеттик органдын жетекчиси бекитет" деген сөздөр менен толукталсын;
- 2.4-пунктунда:
биринчи абзацындагы "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы саясат боюнча мамлекеттик комиссиясы, анын аймактык органдары" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын монополияга каршы мамлекеттик органынын аймактык бөлүктөрү" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Муниципалдык мекемелер тарабынан көрсөтүлгөн акы төлөнүүчү кызматтарга тарифтер (баалар) Кыргыз Республикасынын монополияга каршы мамлекеттик органынын аймактык бөлүктөрү менен макулдашуу боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдары тарабынан бекитилет.";
- 2.6 жана 4.2-пункттарында:
"ведомстволук" деген сөз "түзүмдүк" деген сөз менен, "мекемелер" деген сөз "мамлекеттик жана муниципалдык мекемелер" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
"Мамлекеттик акы төлөмө кызмат көрсөтүүлөрдүн системаланган бирдиктүү реестрине (тизмесине) жана уруксат берүүчү документтердин реестрине" деген сөздөр "Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн реестрине" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 3.1-пунктунда:
биринчи абзацындагы "органдарына" деген сөз "бөлүктөрүнө" деген сөз менен алмаштырылсын;
бешинчи абзацынын экинчи сүйлөмү алып салынсын;
онунчу абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
- 5.1-пунктунда:
он төртүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык эсептелген, иш жүзүндө аткарылган жумуш үчүн эмгек акыны төлөө. Кызмат көрсөтүүлөрдүн (иштердин) өздүк наркына өзүн-өзү каржылаган мамлекеттик жана муниципалдык органдардын, алардын ведомстволук жана аймактык бөлүктөрүнүн, кызматкерлерине эмгек акы атайын каражаттардын эсебинен штаттык ырааттама менен каралган түзүмдөрдүн гана эмгек акы төлөөгө кеткен чыгымдар кирет.";
жыйырма төртүнчү абзацы "наркына" деген сөздөн кийин "бюджеттик эмес (атайын) каражаттардын эсебинен алынган" деген сөздөр менен толукталсын;
- 5.2-пункту төмөнкүдөй мазмундагы он жетинчи абзац менен толукталсын:
"- бюджеттик каражаттардан каржылануучу негизги персоналдын эмгек акысы.";
- 7.1-пунктунда:
биринчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Кыргыз Республикасынын монополияга каршы мамлекеттик органы, анын аймактык бөлүктөрү акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөргө (иштерге) тарифтердин (баалардын) берилген долбоорлорун карашат жана ушул Тартипте каралган бардык эсеп-кысап жана маалымат материалдар толук көлөмдө келип түшкөн күндөн тартып 20 жумуш күндөн кечиктирбеген мөөнөттө макулдашат.";
экинчи жана үчүнчү абзацтагы "учурдан" деген сөз "күндөн" деген сөз менен алмаштырылсын;
- 8.1 жана 9.2-пункттардагы ар кандай жөндөмөдөгү "аймактык органдары" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдө "аймактык бөлүктөрү" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 1-мартындагы № 112 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Антимонополиялык саясат боюнча мамлекеттик комиссиянын ишмердигинин маселелери боюнча айрым чечимдерине өзгөртүү киргизүү жана күчүн жоготкондугун таануу жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 17-июлундагы № 356 "Ишкердик тармагында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү, толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомунун 3-пункту.
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |