Загрузка документа…
Тиркеме
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 6-ноябрындагы № 761 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын эркин экономикалык зоналарында өндүрүлгөн товарлардын чыккан өлкөсүн аныктоонун ТАРТИБИ
1. Кыргыз Республикасынын эркин экономикалык зоналарында өндүрүлгөн товарлар үчүн чыккан өлкөсү Кыргыз Республикасы болуп саналат, эгерде алар Кыргыз Республикасынын эркин экономикалык зоналарынын аймактарында (мындан ары - ЭЭЗ) толугу менен өндүрүлсө же жетиштүү кайра иштетүүгө дуушар болсо.
2. Төмөндө саналган продукциядан гана өндүрүлгөн төмөнкүдөй товарлар толугу менен ЭЭЗде өндүрүлгөн деп эсептелет:
а) Кыргыз Республикасынын жер казынасынан, анын аймагында же анын аймактык көлмөсүнөн же анын түбүнөн казып алынган, же Кыргыз Республикасынын аймагындагы атмосфералык абадан алынган жаратылыш ресурстарынан (пайдалуу казындылардан жана минералдык продукттардан, суу, жер ресурстарынан, атмосфералык абанын ресурстарынан);
б) Кыргыз Республикасында өстүрүлгөн жана/же чогултулган өсүмдүктөн алынган продукциялардан;
в) Кыргыз Республикасында туулган жана багылган тирүү жаныбарлардан;
г) Кыргыз Республикасында багылган жаныбарлардан алынган продукциялардан;
д) Кыргыз Республикасында мергенчиликтин жана балык улоонун натыйжасында алынган продукциядан;
е) Кыргыз Республикасынын же ал ижарага алган (камсыздандырган) кемесинде деңизде балык улоонун продукциясынан жана деңиздеги өндүрүштөн алынган башка продукциядан;
ж) ушул пункттун "е" пунктчасында көрсөтүлгөн продукциядан гана, Кыргыз Республикасынын кайра иштетүүчү кемесинин бортунда алынган продукциядан;
з) Кыргыз Республикасы ушул деңиз түбүн же ушул деңиз жер казыналарын иштетүүгө өзгөчө укуктарга ээ болгон шарттарда, Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары деңиз түбүнөн же деңиз жер казынасынан алынган продукциядан;
и) өндүрүштүк же кайра иштетүү боюнча башка операциялардын натыйжасында алынган, ошондой эле мурда колдонууда болгон, Кыргыз Республикасында чогултулган жана сырьёго кайра иштетүү үчүн гана жарактуу калдыктардан жана сыныктардан (экинчи сырьё);
к) Кыргыз Республикасына таандык же ал ижарага алган (камсыздандырган) космостук кемелерде ачык космосто алынган жогорку технологиянын продукцияларынан;
л) ушул пункттун "а" - "к" пунктчаларында көрсөтүлгөн продукциядан Кыргыз Республикасында өндүрүлгөн товарлардан.
3. Товарды өндүрүүгө бир же андан ашык өлкөлөр катышса, товардын чыккан өлкөсү жетиштүү кайра иштетүү критерийлерине ылайык аныкталат.
4. Жетиштүү кайра иштетүүнүн критерийлери болуп төмөнкүлөр саналат:
а) биринчи төрт белгилеринин жок дегенде биринин деңгээлинде тышкы экономикалык иштин товардык номенклатурасы (мындан ары - ТЭИ ТН) боюнча товардык позициянын өзгөрүшү;
б) өндүрүштүк жана технологиялык операциялардын шарттарынын аткарылышы (ушул Тартиптин 1-тиркемесинде көрсөтүлгөн технологиялык жана өндүрүштүк операцияларды аткаруу аналогиясы боюнча);
в) аларды иштетүү/кайра иштетүүнүн кошумча наркынын чоңдугу жеткирилүүчү товардын франко-заводдун шарттарындагы баа боюнча 30 пайыздан кем эмесин түзөт (ушул Тартиптин 1-тиркемесине киргизилбеген товарлар үчүн).
5. Эгерде "адвалордук үлүштүн" эрежеси колдонулса, нарктык көрсөткүчтөр төмөнкүдөй эсептелет:
а) импорттук материалдар үчүн - Кыргыз Республикасынын эркин экономикалык зонасына аларды ташып келүүдө ушул материалдардын бажылык наркы боюнча же өндүрүлгөн акыркы товардын документалдык ырасталган биринчи сатуу баасы боюнча;
б) акыркы товар үчүн - "франко-завод" шарттарындагы баа боюнча.
6. Товарды иштетүүнүн/кайра иштетүүнүн кошумчаланган наркынын чоңдугу жеткирилүүчү товардын франко-завод баасында пайыздарда төмөнкүдөй формула боюнча эсептелет:
Сд % = (Сд : Цфз) х 100%, мында:
Сд - товарды иштетүү/кайра иштетүүнүн кошумчаланган наркы жеткирилүүчү товардын франко-завод шарттарындагы баасы менен колдонулган материалдардын импорттук наркынын ортосундагы айырма катары билдирилет, башкача айтканда:
Сд = Цфз - С им
Цфз - франко-завод баасы - анын ишканасында акыркы иштетүү/кайра иштетүү жүргүзүлгөн өндүрүүчүгө төлөнгөн баа, мындай баа продукцияны экспортко коюуда кайтарылган ички салыктардан тышкары, өндүрүштө колдонулган иштетүүнүн/кайра иштетүүнүн чыгымдарын жана материалдардын бардыгын камтыган шарттарда.
С им - импорттолуучу материалдардын наркы колдонулуучу импорттук материалдарды ташып келүү учурунда бажылык наркы катары аныкталат, башкача айтканда иш жүзүндө төлөнгөн же ал Кыргыз Республикасынын бажы чек арасынан өтүү учурунда Кыргыз Республикасына экспортко аны сатуудан ташылып келүүчү товар үчүн төлөөгө тийиш болгон баа.
7. Конкреттүү товарларга же конкреттүү өлкөгө карата чыккандыгы жөнүндө критерийлери өзгөчө сүйлөшүлбөсө, жалпы эреже колдонулат, ага ылайык товар жетиштүү кайра иштетилген болуп саналат, эгерде биринчи төрт белгинин каалаганынын деңгээлинде ТЭИ ТН товардык позиция (товардын классификациялык коду) өзгөрсө.
Мында, жетиштүү кайра иштетүүнүн критерийлерине жооп бербеген болуп төмөнкүлөр саналат:
а) сактоо же транспорттоо мезгилинде товардын сактыгын камсыздоо боюнча операциялар;
б) товарды сатууга жана транспорттоого даярдоо боюнча операциялар (партияларды бөлүү, жөнөтүүнү түзүү, сорттоо, кайра таңгактоо), таңгакты бузуу жана чогултуу боюнча операциялар;
в) жуу, тазалоо, чаңынан арылтуу, кычкыл, май же башка заттар менен каптоо;
г) текстилди үтүктөө же пресстөө (буланын жана жиптин түрлөрүнүн каалаганы, буланын жана жиптин түрлөрүнүн каалаганынан токулган материалдар жана алардан жасалган буюмдар);
д) боёо же жылтыратуу боюнча операциялар;
е) дандарды жана күрүчтү кабыгынан ажыратуу, жарым-жартылай же толугу менен агартуу, жылмалоо, жылтыратуу;
ж) кантты боёо же чакмак кантты жасоо боюнча операциялар;
з) кабыгын алуу, данын алып салуу жана жашылчаларды, жемиштерди жана жаңгактарды бөлүү;
и) алынган компоненттердин баштапкы товардан олуттуу айырмаланышына алып келбеген учтоо, майдалоо же кесүү;
к) элек же калбыр аркылуу элөө, сорттоо, классификациялоо, тандоо (анын ичинде буюмдардын топтомун түзүү);
л) банкаларга, флакондорго куюу, ящиктерге, коробкаларга салуу жана таңгактоо боюнча башка жөнөкөй операциялар;
м) жөнөкөй чогултуу операциялары же товарды бөлүктөргө бөлүү;
н) продуктуну алынган компоненттердин баштапкы товардан олуттуу айырмаланышына алып келбеген компоненттерге бөлүү;
о) продуктуларды (компоненттерди) алынган компоненттердин баштапкы товардан олуттуу айырмаланышына алып келбегендей аралаштыруу;
п) жаныбарларды союу, этти бөлүү (сорттоо);
р) жогоруда белгиленген эки же андан көп операциялардын комбинациясы.
8. Товардын ЭЭЗде өндүрүлгөнүн же жетиштүү кайра иштетилгенин ырастоочу документ, ЭЭЗ аймагынан тышкары алып чыгуучу товарларды тариздөөдө экспортер тарабынан бажы органына берилүүчү, товардын чыккандыгы жөнүндө сертификат болуп саналат.
Товардын чыккандыгы жөнүндө сертификат Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасы тарабынан бир контракт боюнча жана бир дарекке жүктөлгөн өндүрүштүк партияга товарлардын туруктуу номенклатурасын чыгарган ЭЭЗ субъектине бир жылга чейинки мөөнөткө берилиши мүмкүн.
9. ЭЭЗде өндүрүлгөн продукцияны Евразиялык экономикалык бирликтин (мындан ары - ЕАЭБ) чегинен тышкары экспорттоодо, ЭЭЗдин ушул продукциясы ЕАЭБ бажы аймагында өндүрүлгөн продукция болуп саналат.
ЕАЭБ чегинен тышкары товарларды жеткирүүдө, товарлар ЭЭЗде өндүрүлгөн же жетиштүү иштетилген болуп саналат, эгерде аларды иштетүүнүн (кайра иштетүүнүн) кошумча наркынын чоңдугу жеткирилүүчү товардын франко-завод шарттарындагы баа боюнча 30 пайыздан кем эмесин түзсө, ушул Тартиптин 1-тиркемесине ылайык аларды аткарууда товар Кыргыз Республикасынан чыккан болуп саналган шарттардын, өндүрүштүк жана технологиялык операциялардын тизмесинде (мындан ары - тизме) көрсөтүлгөн товарлардан тышкары.
Товарларды ЕАЭБдин чегинде жеткирүүдө, Тизменин 1-графасында көрсөтүлгөн товарлар ЭЭЗ өндүрүлгөн же жетиштүү кайра иштетүүгө дуушар болгон деп эсептелет, эгерде Тизменин үчүнчү графасында көрсөтүлгөн шарттар, өндүрүштүк жана технологиялык операциялар аткарылса, аларды аткарууда товарлар Кыргыз Республикасында өндүрүлгөн болуп саналат.
Товарларды ЕАЭБ жана КМШ чегинде жеткирүүдө, товарлардын чыккан өлкөсү ушул Тартиптин 2-тиркемесине ылайык СТ-1 формасындагы сертификат менен ырасталат.
|
| Кыргыз Республикасынын эркин экономикалык зоналарында өндүрүлгөн товарлардын чыккан өлкөсүн аныктоонун тартибине 1-тиркеме |
Аларды аткарганда товар Кыргыз Республикасынан чыккан болуп эсептелген шарттардын, өндүрүштүк жана технологиялык операциялардын ТИЗМЕСИ
Товардын коду | Товардын аталышы | Өндүрүштө үчүнчү өлкөлөрдүн товарларын колдонууда товарга чыккандыгынын статусун берүү үчүн зарыл болгон шарттар, өндүрүштүк жана технологиялык операциялар |
1 | 2 | 3 |
Чай | ||
0902 | Жыпар жыттуу кошулмасы менен же аларсыз чай | Рецептураны жана купаждык аралашманы түзүү боюнча технологиялык операцияларды аткаруу шарттарында 0902 позициясындагы материалдардан жасалган, бирок колдонулган бардык материалдардын наркы акыркы продукциянын баасынын 50% ашпашы керек |
Пластмассалар жана алардан жасалган буюмдар | ||
3901-3915(1) ден | Биринчи формасындагы полимерлер, пластмасса калдыктары, кесиндилери жана скрап: - полибирикме продуктулары | Бардык колдонулган материалдардын наркы акыркы продукциянын баасынын 50% ашпашы керек болгон өндүрүү. Бирок, 39-топтогу бардык колдонулган материалдардын наркы акыркы продукциянын баасынын 20% ашпашы керек; же иштетүүнүн (кайра иштетүүнүн) кошумчаланган наркынын чоңдугу жеткирилүүчү товардын франко-завод баасында 50% кем болбошу керек |
3916-3919ден | Полуфабрикаттар же пластмассадан буюмдар: - жалпак, үстүңкү бетинен айырмаланып иштетилген же чарчы же тик бурчтук түрүнөн башкача бычылган буюмдар; - үстүңкү бетинен айырмаланып иштетилген полуфабрикаттар | Бардык колдонулган материалдардын наркы акыркы продукциянын баасынын 50% ашпашы керек болгон өндүрүү. Бирок, 39-топтогу бардык колдонулган материалдардын наркы акыркы продукциянын баасынын 20% ашпашы керек; же иштетүүнүн (кайра иштетүүнүн) кошумчаланган наркынын чоңдугу жеткирилүүчү товардын франко-завод баасында 50% кем болбошу керек |
392010250ден | Салыштырмалуу салмагы 0,94 кем эмес полиэтиленден, калыңдыгы 0,125 мм ашык эмес плёнка жана тилкелер же ленталар, басылган сүрөтү жана тексти менен, рулондо | Каалаган позициядагы материалдардан өндүрүү. Бирок, даяр продукт сыяктуу эле ошол позициядагы колдонулган материалдардын наркы акыркы продукциянын баасынын 20% ашпашы керек; же иштетүүнүн (кайра иштетүүнүн) кошумчаланган наркынын чоңдугу жеткирилүүчү товардын франко-завод баасында 50% кем болбошу керек |
(1) Эгер продукт бир эле учурда 3901-3906 жана 3907-3911 позицияларга кирген материалдардан жасалса, бул Жобо жасалган товарда салмак жагынан басымдуу болгон продуктулардын категориясына гана колдонулат.
392010280ден | Салыштырмалуу салмагы 0,94 же андан ашык болгон полиэтиленден, калыңдыгы 0,125 мм ашык эмес плёнка жана тилкелер же ленталар, басылган сүрөтү жана тексти менен, рулондо | Каалаган позициядагы материалдардан өндүрүү. Бирок, даяр продукт сыяктуу эле ошол позициядагы колдонулган материалдардын наркы акыркы продукциянын баасынын 20% ашпашы керек; же иштетүүнүн (кайра иштетүүнүн) кошумчаланган наркынын чоңдугу жеткирилүүчү товардын франко-завод баасында 50% кем болбошу керек |
392010890 | Калыңдыгы 0,125 мм ашкан этилен полимеринен плиталар, такталар, плёнкалар жана тилкелер же ленталар, тешиктери жок, армирленбеген, катталбаган, окшош ыкма менен башка материалдарга бириктирилбеген | Каалаган позициядагы материалдардан өндүрүү. Бирок, "полимер материалдары, пластмасса жана андан жасалган буюмдар" 39-топтогу материалдардын наркы акыркы продукциянын баасынын 20% ашпашы керек; же иштетүүнүн (кайра иштетүүнүн) кошумчаланган наркынын чоңдугу жеткирилүүчү товардын франко-завод баасында 50% кем болбошу керек |
392020210дон | Калыңдыгы 0,10 мм ашпаган пропилендин полимеринен пленкалар жана тилкелер же ленталар, биаксалдык-ориентирленген, рулондо | Каалаган позициядагы материалдардан өндүрүү. Бирок, даяр продукт сыяктуу эле ошол позициядагы колдонулган материалдардын наркы акыркы продукциянын баасынын 20% ашпашы керек; же иштетүүнүн (кайра иштетүүнүн) кошумчаланган наркынын чоңдугу жеткирилүүчү товардын франко-завод баасында 50% кем болбошу керек |
392190600 | Полибирикмелерден плиталар, такталар, пленкалар жана тилкелер же ленталар, башкалар | Каалаган позициядагы материалдардан өндүрүү. Бирок, "полимер материалдары, пластмасса жана андан жасалган буюмдар" 39-топтогу материалдардын наркы акыркы продукциянын баасынын 20% ашпашы керек; же иштетүүнүн (кайра иштетүүнүн) кошумчаланган наркынын чоңдугу жеткирилүүчү товардын франко-завод баасында 50% кем болбошу керек |
ЕАЭБ ТЭИ ТН 3901-3921 товардык позицияларында классификацияланган, бирок Тизмеге киргизилбеген калган товарларга карата жетиштүү иштетүүнүн критерийлери болуп төмөнкүлөр саналат: товарды кайра иштетүүнүн натыйжасында биринчи төрт белгилеринин каалаганынын деңгээлинде тышкы экономикалык иштин товардык номенклатурасы (ТЭИ ТН) боюнча товардык позициянын (товардын классификациялык кодунун) өзгөрүшү же иштетүүнүн (кайра иштетүүнүн) кошумчаланган наркынын чоңдугу жеткирилүүчү товардын франко-завод баасында 50% кем эмесин түзүшү керек.
Жыгач жана андан жасалган буюмдар | ||
4403 | Иштетилбеген, кабыгы бөлүнгөн же бөлүнбөгөн же одоно кырдалган же кырдалбаган жыгач материалдары | Иштетилбеген, кабыгы бөлүнгөн же жөн эле сыйрылган жыгач материалдарынан өндүрүү |
4407 | Тилинген же узунунан жарылган, катмарга бөлүнгөн же кабыгынан ажыратылган, жонулган же жонулбаган, жылмаланган же жылмаланбаган, торцтук бирикмелүү же бирикмесиз жыгач материалдары, калыңдыгы 6 мм ашкан | Тилүү, жонуу, жылмалоо, шипке бириктирүү |
4408 | Каптоо үчүн такталар (катмардуу сөңгөктүү бөлүүдөн алынгандарды кошкондо), желимденген фанера же башка ушуга окшош катмардуу сөңгөк үчүн жана тилинген же узунунан жарылган, катмарга бөлүнгөн же кабыгынан ажыратылган, жонулган же жонулбаган, жылмаланган же жылмаланбаган, торцтук бирикмелүү же бирикмесиз башка жыгач материалдары, калыңдыгы 6 мм ашкан | Бириктирүү (желимдөө), жонуу, жылмалоо |
4409 | Тилинген жыгач материалдар (планкалар жана полду паркет менен жабуу үчүн фризерди кошкондо, чогултулбаган), профилденген погонаж түрүндө (калактар, учу чаап жонулган, ара сандуу, тегеректелген же буларга окшош) түрдүү тактайдын узатасынан, торц же жалпактыктар, жонулган же жонулбаган, жылмаланган же жылмаланбаган, торцтук бирикмелүү же бирикмесиз | Фрезердөө же профилдөө, жылмалоо же шипке бириктирүү, аралоо |
441400 | Сүрөттөр, күзгүлөр же окшош предметтер үчүн жыгач рамалары | Профилдөө, фрезердөө, чогултуу |
441600000 | Бочкалар, кичинекей бочкалар, чандар, жыгач челектер жана жыгачтан башка челек буюмдары жана алардын бөлүктөрү, челектин ар бир тактайын кошкондо | Эки негизги капталынан тилинсе да, ушундай жасалган тилкелерден жасалган |
4418ден | Жыгач усталык, жыгач, курулуш буюмдары | Жыгач материалдарынан өндүрүлгөн, мында колдонулган материалдар продуктунун позициясынан айырмаланган позицияда классификацияланышы керек. Бирок, жыгачтан, гонттон, дранктан ячейкалуу панелдер колдонулушу мүмкүн |
4421ден | Ширеңке талдары, бут кийим үчүн жыгач мыктар | Каалаган позициядагы жыгачтардан өндүрүү, 4409 позициясындагы хольцдраттан тышкары |
ЕАЭБ ТЭИ ТН 44-тобунда классификацияланган, бирок Тизмеге киргизилбеген жыгач жана андан жасалган калган товарларга карата жетиштүү кайра иштетүү критерийи болуп товарды кайра иштетүүнүн натыйжасында биринчи төрт белгилеринин каалаганынын деңгээлинде тышкы экономикалык иштин товардык номенклатурасы (ТЭИ ТН) боюнча товардык позициянын (товардын классификациялык кодунун) өзгөрүшү саналат
Текстиль материалдары жана текстиль буюмдары, бут кийим жана анын бөлүктөрү | ||
5402ден | Кураштырылган, пневмобириктирилген жиптер | Каалаган позициядагы материалдардан өндүрүү. Бирок, даяр продукт сыяктуу эле ошол позициядагы колдонулган материалдардын наркы акыркы продукциянын баасынын 50% ашпашы керек |
5701ден | Түйүндүү килемдер жана башка жерге төшөлүүчү текстиль төшөөлөр, даяр же даяр эместер | Токуу, полотнону кыркуу, аппретирлөө, буюмдун четтерин тигүү. Бирок колдонулган материалдар 5702, 5703, 5704, 5705 00 позицияларынан айырмаланган позицияларда классификацияланышы керек |
5702 | Токулган килемдер жана башка жерге төшөлүүчү текстиль төшөөлөр, тафталуу эмес же флокирленбеген, даяр же даяр эместер, "килем", "сумах", "кермандар" жана ушуга окшош колго согулган килемдер | Токуу, полотнону кыркуу, аппретирлөө, буюмдун четтерин тигүү. Бирок колдонулган материалдар 5701, 5703, 5704, 5705 00 позицияларынан айырмаланган позицияларда классификацияланышы керек |
5704төн | Жерге төшөлүүчү даяр текстиль төшөөлөрү: даараткана жана ванна бөлмөсү үчүн, автомобилдик, универсалдуу килемчелер | Лекала боюнча заготовкаларды бычуу, тигүү операцияларын аткаруу. Мында 5704-позициянын колдонулган материалдарынын наркы акыркы продукциянын баасынын 30% ашпашы керек |
570500 | Килемдер жана башка жерге төшөлүүчү текстиль төшөөлөрү, даяр же даяр эместер | Токуу, полотнону кыркуу, аппретирлөө, буюмдун четтерин тигүү. Мында колдонулган материалдар 5701, 5702, 5703, 5704 позицияларынан айырмаланган позицияларда классификацияланышы керек |
ЕАЭБ ТЭИ ТН 51-63 товардык топторунда классификацияланган, калган текстиль материалдарына жана текстиль буюмдарына, ЕАЭБ ТЭИ ТН 64 товардык тобунда классификацияланган, бирок Тизмеге киргизилбеген бут кийим жана анын бөлүктөрүнө карата жетиштүү кайра иштетүү критерийи болуп товарды кайра иштетүүнүн натыйжасында биринчи төрт белгилеринин каалаганынын деңгээлинде тышкы экономикалык иштин товардык номенклатурасы (ТЭИ ТН) боюнча товардык позициянын (товардын классификациялык кодунун) өзгөрүшү саналат.
| ЕАЭБ ТЭИ ТН 8415, 8418, 8421 жана 8422 товардык позицияларында классификацияланган жабдуулар жана механикалык орнотмолор жана алардын бөлүктөрү, ЕАЭБ ТЭИ ТН 8508, 8509, 8510, 8512, 8513, 8516 жана 8528 товардык позицияларында классификацияланган электр машиналары жана жабдуулар жана алардын бөлүктөрү, үн жазуучу жана үн чыгаруучу аппаратура жана анын бөлүктөрү, теле көрсөтүүнү жазуу жана көрсөтүү үчүн аппаратура жана анын бөлүктөрү |
|
8415 | Кыймылдаткычы бар желдеткич жана температураны жана абанын нымдуулугун өзгөртүү үчүн аспаптар менен жабдылган абаны кондиционерлөөчү түзүлүштөр, нымдуулук өзүнчө жөнгө салынбай турган кондиционерлерди кошкондо | Төмөнкүдөй технологиялык операцияларды аткаруу шарттарында каалаган позициядагы материалдардан өндүрүү: - корпусун жасоо, электр өткөргүчтөрдүн элементтерин жасоо; - блокторду чогултуу жана монтаждоо; - хладагентти куюу (хладагентти куюу конструкцияда каралбаган жана/же куюу монтаждоо учурунда жүргүзүлө турган учурлардан тышкары); - параметрлерин жөнгө салуу жана контролдоо; же иштетүүнүн (кайра иштетүүнүн) кошумчаланган наркынын чоңдугу жеткирилүүчү товардын франко-завод баасында 40% кем эмесин түзүшү керек |
8418 | Муздаткычтар, тоңдургучтар жана башка муздатуучу же тоңдуруучу электрдик же башка типтеги жабдуулар; жылуулук насостору, 8415-товардык позициясындагы абаны кондиционирлөөчү түзүлүштөрдөн тышкары | Колдонулган бардык материалдардын наркы акыркы продукциянын баасынын 50% ашпаган өндүрүү. Продукт сыяктуу эле ошол эле позицияда классификацияланган материалдардын жогоруда белгиленген чегинде акыркы продукциянын баасынын 5% чегиндеги суммага чейин гана колдонулушу мүмкүн; же иштетүүнүн (кайра иштетүүнүн) кошумчаланган наркынын чоңдугу жеткирилүүчү товардын франко-завод баасында 40% кем эмесин түзүшү керек |
8421 | Центрифугалар, борборчет кургаткычтары мененкилерди кошкондо; суюктуктарды жана газдарды чыпкалоо жана тазалоо үчүн жабдуулар жана орнотмолор | Колдонулган бардык материалдардын наркы акыркы продукциянын баасынын 50% ашпаган өндүрүү. Продукт сыяктуу эле ошол эле позицияда классификацияланган материалдардын жогоруда белгиленген чегинде акыркы продукциянын баасынын 5% чегиндеги суммага чейин гана колдонулушу мүмкүн; же иштетүүнүн (кайра иштетүүнүн) кошумчаланган наркынын чоңдугу жеткирилүүчү товардын франко-завод баасында 40% кем эмесин түзүшү керек |
8422 | Идиш жуучу машиналар; бөтөлкөлөрдү же башка идиштерди жууш же кургатуу үчүн жабдуу, бөтөлкөлөрдү, банкаларды толтуруу, бекитүү үчүн, ящиктерди, мүшөктөрдү; же башка сыйымдуулуктарды жабуу үчүн, аларга мөөр басуу же этикетка чаптоо үчүн жабдуу; бөтөлкөлөрдү, банкаларды, тубдарды жана окшош идиштерди капкакчалар же капкак менен герметикалык бекитүү үчүн жабдуу; таңгактоо же ороо үчүн башка жабдуу (таңгактоочу материалдын термокиргизүүсү менен товарды ороочу жабдуу менен кошо); суусундуктарды газдаштыруу үчүн жабдуу: | Колдонулган бардык материалдардын наркы акыркы продукциянын баасынын 50% ашпаган өндүрүү. Продукт сыяктуу эле ошол эле позицияда классификацияланган материалдардын жогоруда белгиленген чегинде акыркы продукциянын баасынын 5% чегиндеги суммага чейин гана колдонулушу мүмкүн; же иштетүүнүн (кайра иштетүүнүн) кошумчаланган наркынын чоңдугу жеткирилүүчү товардын франко-завод баасында 40% кем эмесин түзүшү керек |
8508 | Чаң соргучтар | Төмөнкүдөй технологиялык операцияларды аткаруу шарттарында каалаган позициядагы материалдардан өндүрүү: - корпусун жасоо, электр өткөргүчтөрдүн элементтерин жасоо; - блокторду чогултуу жана монтаждоо; - параметрлерин жөнгө салуу жана контролдоо; же иштетүүнүн (кайра иштетүүнүн) кошумчаланган наркынын чоңдугу жеткирилүүчү товардын франко-завод баасында 40% кем эмесин түзүшү керек |
8509 | Кыналган электр кыймылдаткычтары бар тиричиликтеги электромеханикалык машиналар, 8508-товардык позициясындагы чаң соргучтардан тышкары | Колдонулган бардык материалдардын наркы акыркы продукциянын баасынын 50% ашпаган өндүрүү. Продукт сыяктуу эле ошол эле позицияда классификацияланган материалдардын жогоруда белгиленген чегинде акыркы продукциянын баасынын 10% чегиндеги суммага чейин гана колдонулушу мүмкүн; же иштетүүнүн (кайра иштетүүнүн) кошумчаланган наркынын чоңдугу жеткирилүүчү товардын франко-завод баасында 40% кем эмесин түзүшү керек |
8510 | Электр устаралары, чач кыркуу үчүн машинкалар жана кыналган электр кыймылдаткычы бар чач алып салуу үчүн шаймандар | Колдонулган бардык материалдардын наркы акыркы продукциянын баасынын 50% ашпаган өндүрүү. Продукт сыяктуу эле ошол эле позицияда классификацияланган материалдардын жогоруда белгиленген чегинде акыркы продукциянын баасынын 10% чегиндеги суммага чейин гана колдонулушу мүмкүн же иштетүүнүн (кайра иштетүүнүн) кошумчаланган наркынын чоңдугу жеткирилүүчү товардын франко-завод баасында 40% кем эмесин түзүшү керек |
8512 | Велосипеддерде же мотордук транспорттук каражаттарда колдонулуучу электр жарык берүүчү же сигнализациялык жабдуу (8539 товардык позициясынын буюмдарынан башка), айнек тазалагычтар жана буу басууга жана муз тоңууга каршы каражаттар | Колдонулган бардык материалдардын наркы акыркы продукциянын баасынын 50% ашпаган өндүрүү. Продукт сыяктуу эле ошол эле позицияда классификацияланган материалдардын жогоруда белгиленген чегинде акыркы продукциянын баасынын 10% чегиндеги суммага чейин гана колдонулушу мүмкүн; же иштетүүнүн (кайра иштетүүнүн) кошумчаланган наркынын чоңдугу жеткирилүүчү товардын франко-завод баасында 40% кем эмесин түзүшү керек |
8513 | Энергиянын өздүк булагынан иштөөчү алып жүрүүгө боло турган электр фонарлары (мисалы, кургак элементтердин, аккумуляторлордун, магнетолордун батарейкалары), 8512-товардык позициясынын жарык кылуучу жабдуусунан тышкары | Колдонулган бардык материалдардын наркы акыркы продукциянын баасынын 50% ашпаган өндүрүү. Продукт сыяктуу эле ошол эле позицияда классификацияланган материалдардын жогоруда белгиленген чегинде акыркы продукциянын баасынын 10% чегиндеги суммага чейин гана колдонулушу мүмкүн; же иштетүүнүн (кайра иштетүүнүн) кошумчаланган наркынын чоңдугу жеткирилүүчү товардын франко-завод баасында 40% кем эмесин түзүшү керек |
8516 | Агуучу же топтоочу (сыйымдуулук) электр суу ысыткычтары, чөмүлүүчү электрдик ысыткычтары; мейкиндикти ысыткыч жана топуракты ысыткыч электр жабдуулары, чачты кароо үчүн электротермикалык аппараттар (мисалы, чач кургаткычтар, бигуди, ысык тармалдоо) жана колду кургаткычтар; электр үтүктөрү; тиричиликтеги электр менен ысытуучу башка аспаптар; электрдик ысытуу каршылыктары, 8545-товардык позициясында көрсөтүлгөндөн тышкары | Колдонулган бардык материалдардын наркы акыркы продукциянын баасынын 50% ашпаган өндүрүү. Продукт сыяктуу эле ошол эле позицияда классификацияланган материалдардын жогоруда белгиленген чегинде акыркы продукциянын баасынын 10% чегиндеги суммага чейин гана колдонулушу мүмкүн; же иштетүүнүн (кайра иштетүүнүн) кошумчаланган наркынын чоңдугу жеткирилүүчү товардын франко-завод баасында 40% кем эмесин түзүшү керек |
8516дан | Микротолкундуу мештер ТЭИ ТН коду 8516 50 000 | Төмөнкүдөй технологиялык операцияларды аткаруу шарттарында каалаган позициядагы материалдардан өндүрүү: - корпусун жасоо, электр өткөргүчтөрдүн элементтерин жасоо; - блокторду чогултуу жана монтаждоо; - параметрлерин жөнгө салуу жана контролдоо; же иштетүүнүн (кайра иштетүүнүн) кошумчаланган наркынын чоңдугу жеткирилүүчү товардын франко-завод баасында 40% кем эмесин түзүшү керек |
8528 | Өзүнүн курамына кабыл алуучу теле көрсөтүүчү аппаратураны кошпогон мониторлор жана проекторлор; өзүнүн курамына радио кабыл алгычты же үндү же сүрөттү жазуучу же кайта берүүчү аппаратураны камтыган же камтыбаган телекөрсөтүү байланышы үчүн кабыл алуучу аппаратура | Төмөнкүдөй технологиялык операцияларды аткаруу шарттарында каалаган позициядагы материалдардан өндүрүү: - шассини жасоо (радио-элементтерин даярдоо, SDM-монтаждоо, бардык радио элементтерди басма платтарына орнотуу, каңдоо, диагностика, жөнгө салуу, контролдоо); - корпустук деталдарды жасоо (телевизордун корпустук деталдарын басымдын алдында куюу, боё жана армирлөө); - акыркы чогултуу жана жөнгө салуу (акыркы продукцияны чогултуу, монтаждоо, жөнгө салуу, контролдоо, сыноо комплекси (регламенттердин); же иштетүүнүн (кайра иштетүүнүн) кошумчаланган наркынын чоңдугу жеткирилүүчү товардын франко-завод баасында 40% кем эмесин түзүшү керек |
8528ден | Суюк кристаллдуу мониторлор | Төмөнкүдөй технологиялык операцияларды аткаруу шарттарында каалаган позициядагы материалдардан өндүрүү: - корпусун жасоо, электр өткөргүчтөрдүн элементтерин жасоо; - блокторду чогултуу жана монтаждоо; - параметрлерин жөнгө салуу жана контролдоо; же иштетүүнүн (кайра иштетүүнүн) кошумчаланган наркынын чоңдугу жеткирилүүчү товардын франко-завод баасында 40 пайыздан кем эмесин түзүшү керек |
Жыгачтан жасалган эмеректер жана анын бөлүктөрү | ||
9401 | Керебеттерге айландырылуучу же айландырылбаган отуруу үчүн эмерек (9402 товардык позицияда көрсөтүлгөндөн тышкары) жана анын бөлүктөрү | Колдонулган бардык материалдардын наркы акыркы продукциянын баасынын 50% ашпаган өндүрүү |
9403 | Башка эмерек жана анын бөлүктөрү | Колдонулган бардык материалдардын наркы акыркы продукциянын баасынын 50% ашпаган өндүрүү |
Тизменин үчүнчү графасында көрсөтүлгөн талаптар, жыгачтан жасалган эмеректерге жана анын бөлүктөрүнө карата гана колдонулат.
Эскертүүлөр:
1-эскертүү
Ушул Тизменин биринчи эки графасында материалдарды иштетүүнүн/кайра иштетүүнүн натыйжасында алынган продукт жөнүндө маалыматтар көрсөтүлөт. Тизменин биринчи графасында ТЭИ ТН коду келтирилет, экинчисинде - биринчи графада көрсөтүлгөн кодго ылайык продукттун баяндамасы берилет. Биринчи эки графада сүрөттөлгөн конкреттүү продукттун ар бири үчүн, анын чыкканын аныктоочу шарттар, өндүрүштүк же технологиялык операциялар (мындан ары - шарттар жана операциялар) үчүнчү графада көрсөтүлгөн.
Ушул Тизмедеги товарлар ТЭИ ТН боюнча товардын коду менен гана аныкталат; товардын аталышы колдонуунун ыңгайлуулугу үчүн гана келтирилген.
Эгерде, ТЭИ ТН боюнча товардын кодуна "ден" деген мүчө уланса, бул үчүнчү графадагы шарттар жана операциялар ушул товардык позицияда классификацияланган жана экинчи графада көрсөтүлгөн товарларга тийиштүү экендигин көрсөтөт. Бул учурда товардын аталышын дагы жетекчиликке алуу керек.
2-эскертүү
2.1. Ушул Тизменин үчүнчү графасында көрсөтүлгөн шарттар жана операциялар, чет өлкөдөн чыккан (2009-жылдын 20-ноябрындагы "Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинде товарлардын чыккан өлкөсүн аныктоо эрежелери жөнүндө" макулдашууга мүчө-мамлекеттерден чыкпаган) материалдардан жасалган продукттар үчүн колдонулгандарга карата гана жүзөгө ашырылышы керек. Үчүнчү графадагы шарттар жана операциялар менен аныкталган чектөөлөр продукттарды өндүрүүдө колдонулган чет өлкөдөн чыккан материалдарга карата гана таркалат.
2.2. Эгерде шарттар жана операциялар менен продуктту өндүрүүдө каалаган товардык позициялардын материалдары колдонулушу мүмкүн деп белгиленген болсо, бул продукт сыяктуу ошол эле товардык позицияда классификацияланган материалдар өзгөчө чектөөлөрдү сактоо шарттарында колдонулушу мүмкүн, алар шарттар жана операциялар менен аныкталышы мүмкүн.
2.3. Эгерде чет өлкөдө чыккан материалдардан жасалган продукт 2009-жылдын 20-ноябрындагы "Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинде товарлардын чыккан өлкөсүн аныктоо эрежелери жөнүндө" макулдашууга катышуучу-өлкөдөн чыккан статусуна ээ болсо, мында товардык позициясы өзгөргөндүктөн же Тизмеге ылайык ага тийиштүү өзгөчө шарттын же операциянын натыйжасында аны иштетүү ошол өлкөдө жүргүзүлсө жана андан кийин башка продуктту өндүрүү үчүн материал катары колдонулса, продуктту өндүрүүдө колдонулган шарттар жана операциялар ага карата колдонулбайт.
2.4. Элементтердин тобунан же бир катар бөлүктөрдөн турган жана бирдиктүү товар катары ТЭИ ТН боюнча товарларды классификациялоо эрежелерине ылайык классификацияланган продукт шарттарды жана операцияларды канааттандыруучу катары каралышы керек, эгерде анын бардык түзүүчүлөрү мындан шарттарды жана операцияларды канааттандырса.
Эгерде ушул продукттун түзүүчүсүнүн бөлүгү канааттандырса, ал эми бир бөлүгү шарттарды жана операцияларды канааттандырбаса же акыркы продукт менен бирдей товардык позицияга ээ болсо, мындай продукт шарттарды жана операцияларды канааттандырбаган же акыркы продукт менен бирдей товардык позицияга ээ болгон түзүүчүлөрдүн наркы акыркы продукттун франко-заводдун баасынын 15% ашпаган учурда шарттарды жана операцияларды канааттандыруучу болуп саналат.
Бул эреже ушул Тизмеде башка шарттар белгиленген товарлардан тышкары, бардык учурларда колдонулушу мүмкүн.
2.5. Ушул Тизменин үчүнчү графасында келтирилген шарттар жана операциялар өндүрүштүк жана технологиялык шарттарды аткаруунун минималдуу көлөмүн белгилешет. Белгиленген өндүрүштүк же технологиялык операцияларды аз көлөмдө аткаруу продукттун чыккандыгын аныктабайт.
2.6. Ушул Тизмеде келтирилген шарттар жана операциялар менен продукт бирден ашык материалдардан өндүрүлүшү мүмкүн деп белгиленсе, бул бир же андан көп материал колдонулушу мүмкүн дегенди билдирет. Мында баардык материалдардын колдонулушу милдеттүү эмес.
Бирок, бир шарттын же операциянын алкагында бир материалга карата белгиленген кандайдыр бир чектөө бар болсо, жана ушуну менен бирге башка материалдарга карата башка дагы чектөөлөр бар болсо, бул чектөөлөр продуктту өндүрүүдө иш жүзүндө колдонулган материалдарга карата гана колдонулат.
2.7. Эгерде, Тизмеде келтирилген шарттар жана операциялар менен продукт белгилүү бир материалдан жасалышы керек деп белгиленсе, бул ушул шарт өзүнүн табияты боюнча ушул шартты же операциянын жоболорун бузбаган башка материалдарды колдонуу үчүн жолтоо болуп саналбашын билдирет. (Мисалы: эгерде шарттар жана операциялар менен дан өсүмдүктөрүн колдонуу өзгөчө сүйлөшүлсө, бул минералдык туздарды, химиялык жана дан азыктарынан алынбаган башка кошулмаларды колдонууга жолтоо болбойт.).
1, 2-тиркеме Тизмеге киргизилген гана товарларга карата колдонулат.
|
| Кыргыз Республикасынын эркин экономикалык зоналарында өндүрүлгөн товарлардын чыккан өлкөсүн аныктоо тартибине 2-тиркеме |
СТ-1 ФОРМАСЫ
1. Жүк жөнөтүүчү/экспортёр (аталышы жана дареги) | 4. № ________ Товардын чыккандыгы жөнүндө сертификат СТ-1 формасы | |||||
2. Жүктү алуучу/импортер (аталышы жана дареги) | ___________________________________ берилди (өлкөнүн аталышы)
_________________________________ берүү үчүн (өлкөнүн аталышы) | |||||
3. Транспорт каражаты жана жүрүү маршруту (канчалык белгилүү болсо) | 5. Кызматтык белгилер үчүн | |||||
6. № | 7. Орундардын саны жана таңгактын түрү | 8. Товарды сүрөттөө | 9. Чыккан критерийлери | 10. Товардын саны | 11. Счет-фактуранын номери жана датасы | |
|
|
|
|
|
| |
12. Күбөлүк Ушуну менен арыз берүүчүнүн декларациясы чындыкка шайкеш келе тургандыгы күбөлөндүрүлүүдө | 13. Арыз берүүчүнүн декларациясы Төмөндө кол койгон, жогоруда келтирилген маалыматтар чындыкка шайкеш келет деп билдирет: товарлар толугу менен ___________________________________________ (өлкөнүн аталышы) өндүрүлгөн же жетиштүү кайра иштетилген жана алар мындай товарларга карата белгиленген, чыгышынын талаптарына жооп беришет | |||||
Колу | Датасы | Мөөрү | Колу | Датасы | Мөөрү | |