Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 21-сентябры № 652
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 3-октябрындагы № 523, КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 3-декабрындагы № 774 токтомдорунун редакциясына ылайык )
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин "Патент мыйзамы" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына шайкеш келтирүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. (КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 3-декабрындагы № 774 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2. (КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 3-октябрындагы № 523 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 24-декабрындагы № 862 "Өнөр жай менчигинин объектисине мажбурлоо лицензиясын берүүнүн жана аны пайдалануунун шарттары жана тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй толуктоо жана өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Өнөр жай менчигинин объектисине мажбурлоо лицензиясын берүүнүн жана аны пайдалануунун шарттары жана тартиби жөнүндө жободо:
- 2-пункттун "б" пунктчасы "ири авариялар" деген сөздөрдөн кийин ", эпидемиялар" деген сөз менен толукталсын;
- 4-пункттун экинчи абзацындагы "ошол өлчөмдөгү компенсацияны" деген сөздөр "ошол өлчөмдөгү сыйакыны" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 5-пункттун "в" пунктчасындагы жана 6-пунктунун экинчи абзацындагы "коммерциялык" деген сөз алып салынсын;
- 9-пункттагы "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Илим жана интеллектуалдык менчик боюнча мамлекеттик агенттикке" деген сөздөр "интеллектуалдык менчик жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-январындагы № 7 "Фармацевтикага тийиштүү болгон ойлоп табууга берилген Кыргыз Республикасынын патентинин колдонуу мөөнөтүн узартуунун эрежелерин, Пайдалуу моделге берилген Кыргыз Республикасынын патентинин колдонуу мөөнөтүн узартуунун эрежелерин, Өнөр жай үлгүсүнө берилген Кыргыз Республикасынын патентинин колдонуу мөөнөтүн узартуунун эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
- 1-пункттун экинчи абзацы;
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Фармацевтикага тийиштүү болгон ойлоп табууга берилген Кыргыз Республикасынын патентинин колдонуу мөөнөтүн узартуунун эрежелери.
5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |