Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 12-ноябры № 766
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Бакир уулу Турсунбай тарабынан демилгеленген "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 12-ноябрындагы № 766 токтому менен жактырылган |
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн КОРУТУНДУСУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Бакир уулу Турсунбай тарабынан демилгеленген "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун карап чыгып, төмөнкүлөрдү белгилейт.
Мыйзамдын долбоору менен "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө", "Автомобиль транспорту жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине толуктоолорду жана өзгөртүү киргизүү сунушталат, ага ылайык эгерде лицензия алууга берилген арыздардын саны жеңил таксилердин максималдык санынан ашып кетсе аукцион өткөрүү каралат.
Бул түзөтүүлөр менчигинин түрүнө карабастан, бардык жеке жана юридикалык жактар, аңын ичинде чет өлкөлүк жеке жана юридикалык жактар үчүн лицензия жана (же) уруксат берүүнүн бирдей негиздери жана шарттары белгиленген "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесинде каралган лицензиялоонун принциптеринин бирине каршы келе тургандыгын белгилейбиз.
Ошондой эле жогоруда аталган. Мыйзамдын 1-беренесине ылайык иштин, аракеттердин жана операциялардын айрым түрлөрүн лицензиялоо адамдардын өмүрүнө, ден соолугуна, айлана-чөйрөгө, менчикке, коомдук жана мамлекеттик коопсуздукка зыян келтирүүнүн алдын алуу, ошондой эле чектелген мамлекеттик ресурстарды башкаруу максатында жүзөгө ашырылат.
Ошону менен бирге Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексинин долбоорунун 3-беренесинин 3-пунктун алып салууну сунуштайбыз, анткени лицензиясы жок транспорт каражаттарын эксплуатациялоого байланышкан ишкердик иш менен алектенүү үчүн администрациялык жоопкерчилик Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексинин 231-беренесинде каралган.
Мында "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-беренесине ылайык адамдардын аныкталбаган чөйрөсүнө жана көп ирет колдонууга эсептелген жалпыга милдеттүү жүрүм-турум эрежелери ченемдик укуктук актыларда камтылганын белгилеп кетүү керек. Тиешелүү түрдө администрациялык жоопкерчилик ченемдик укуктук актыларда каралган конкреттүү талаптардын бузулушуна карата каралууга тийиш.
Мыйзамдын долбоорунун 1-беренеси менен "Автомобиль транспорту жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 24-беренесин 11 жана 12-бөлүктөр менен толуктоо сунушталууда, ага ылайык жеңил такси менен жүргүнчүлөрдү жана жол жүгүн ташуу процессинде лицензиялоо аткаруу бийлигинин ыйгарым укуктуу органы тарабынан жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу жаатындагы мамлекеттик контролдоонун жана көзөмөлдөөнүн алкагында жүзөгө ашырылат.
Ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө баш ийген аткаруу бийлигинин органдарынын ишине, ыйгарым укуктарына, функцияларына тиешелүү кандайдыр бир ченемдерди мыйзамдык деңгээлде бекитүү "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 11-беренелерине каршы келе тургандыгын белгилейбиз.
Ушундай эле эскертүү Мыйзамдын долбоорунун 1-беренесинде баяндалган "Автомобиль транспорту жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 24-беренесинин 15-пункту боюнча да айтылат.
Мыйзамдын долбоорунун 1-беренесинде баяндалган "Автомобиль транспорту жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 24-беренесинин 16-пункту менен аукционду уюштуруу, өткөрүү жана жыйынтыгын чыгаруу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырыла тургандыгын белгилөө сунушталууда.
"Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-беренесине ылайык мыйзамдар болуп коомдук мамилелерди жөнгө салуучу ченемдик укуктук актылардын жыйындысы, ал эми ченемдик укуктук акт болуп - ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын компетенциясынын чегинде же болбосо референдум аркылуу кабыл алынган, укук ченемдерин белгилөөгө, өзгөртүүгө же жокко чыгарууга багытталган, аныкталган формадагы расмий документ саналат.
Ушуга байланыштуу, ошондой эле "мыйзамдар" түшүнүгү жалпылоочу түшүнүк болуп саналганын жана кеңири чечмелөөгө мүмкүндүк берген так эмес мүнөзгө ээ экендигин көңүлгө алып, келечектеги ченемдик укуктук актылардын предметтерин талдоону жана аны кабыл алууга тийиш конкреттүү субъектти көрсөтүүнү, ал эми корутундунун жоболорунда аны аткаруу мөөнөттөрүн көрсөтүү менен ченем чыгаруучу органга тапшырманын каралышы максатка ылайык деп эсептейбиз.
Ошондой эле Мыйзамдын долбоорунун аталышын Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 26-июнундагы № 5389-V токтому менен бекитилген Мыйзам чыгаруу техникасы боюнча нускаманын жоболоруна ылайык толуктап иштеп чыгууну сунуштайбыз.
Жогоруда баяндалгандын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Мыйзамдын долбоорун сунушталган редакциясында кабыл алууну максатка ылайыксыз деп эсептейт.