Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 17-ноябры № 777
«Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмѳтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу жѳнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ѳзгѳртүү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Экономика министри жана Кыргыз Республикасынын Өкмѳтүнѳ караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин директору бул мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмѳтүнүн расмий ѳкүлдѳрү болуп дайындалышсын.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |
Долбоор
1 -берене
«Жергиликтγγ аз алдынча башкаруу жөнγндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республнкасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2011-ж.. № 7, 1004-бер.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
20-берененин 6-бөлүгүнүн 12-пункту төмѳнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«12) Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына ылайык салыктык укук мамилелер чөйрөсундөгү ыйгарым укуктар;».
2-берене
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин кγчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын
Президенти