Редакцияот 17.11.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY

ТОКТОМ

2015-жылдын 17-ноябры № 774

Акциялардын мамлекеттик пакеттерин баалуу кагаздардын рыногунда сооданы уюштуруу аркылуу сатуу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу

"Кыргыз Республикасында мамлекеттик менчикти менчиктештирүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 14-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Тиркелген: Акциялардын мамлекеттик пакеттерин баалуу кагаздардын рыногунда сооданы уюштуруу аркылуу сатуу жөнүндө жобо бекитилсин.

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Премьер-министр

Т.А. Сариев